islamd...@gmail.com |
Тахажжуд намазы (1)
Суроо: Тахажжуд намазын окуу үчүн алгач уктап, кийин туруу шартпы? Каза намаздары бар адам тахажжуд окуй алабы? Түнү туруп намаз окуунун мааниси кандай? ЖООП: Тахажжуд намазы – түндүн үчтө экиси өткөндөн кийин имсак (фаджр) убактысына чейин окулган нафил намаз. Тахажжуд деген сөз «уйкуну таштоо» дегенди түшүндүрөт. Тахажжуд окуу үчүн уктап, кийин туруунун шарт экендигин билдиргендер бар болгон. (Шира шархы) Нафил намаздарды түнү окуу дагы да пазилеттүү. Себеби, түнү уктоо кыйын. Хадиси шарифте: «Эң баалуу ибадат кыйынчылыктуу болгону», - деп буюрулду. (М.Фалах, Ибни Асир, Нихая) Тахажжуд намазы күндүз окулган миң рекеттен да пазилеттүү. Бир саат илим үйрөнүү [мисалы илмихал окуу] түндү ибадат менен өткөрүүдөн да көп сооп. (Дурр-уль-мухтар) «Амалдардын баалуусу – аз болсо да үзгүлтүксүз дайыма кылынганы» хадиси шарифи кыйынчылыктуу ибадатты анда-санда кылгандын ордуна кыйынчылыгы аз болгонду үзгүлтүксүз кылуунун андан да пайдалуу болгондугун билдирүүдө. (Байхаки) Хадиси шарифтерде мындай делген: «Түнү соордо окулган эки рекет намаз дүнүйөдөн жана ичиндегилерден да баалуу. Эгер кыйын келбей тургандыгын билгенимде түнкү намазды үммөтүмө парз кылмакмын.» [Муслим] «Парздардан кийин эң пазилеттүү намаз – түнкү намаз.» [Муслим] «Күндүз кайлула кылып тахажжудга, соорго туруп болсо да орозого жардам кылгыла!» [Ибни Мажа] «Жаннатта ошондой көрктүү сарайлар бар, булар таттуу тилдүү болгон, саламды жайган, тамак жедирген, көп орозо кармаган жана түнкү намазды окугандарга берилет.» [Ибни Наср] «Түндүн акырында окулган эки рекет намаз дүнүйөдөн жана дүнүйөдөгүлөрдөн кайырлуу. Үммөтүмө кыйын келбей тургандыгын билгенимде аларга тахажжудду мажбур кылмакмын.» [Муслим] «Жамаат менен намаздарын окуган адам түнкү намазга тургандай сооп алат.» [Тирмизи] «Куптан же багымдат намазын жамаат менен окуган адам түнкү намаз окугандай соопко жетет.» [Хатиб] Түнкү намазды окууну уланткыла! Бул силерден мурдагы салихтердин адаты. Түнкү намаз – Аллахка жакындатуучу, күнөөлөрдөн алыстатуучу жана аларга кафарат. Денеге да саламаттык.» [Хаким] «Жабраил алейхиссалам түнкү намазды ушунчалык сунуштады, өтө аз уктагандардын үммөтүмүн кайырлуулары болгондугун түшүндүм.» [Дайлами] «Рамазанда ишенип жана сообун үмүттөнүп түнкү намазын окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.» [Бухари] (Таравих намазын окуган адам дагы түнкү намазды окуган болот.) «Төө же кой саам убактысынчалык болсо да түнкү намазды окуу керек. Куптандан кийин жатардан мурда окулган намаз түнкү намаз болуп саналат.» [Абу Нуайм] «Тахажжуд окуу адаты болуп туруп уктап калган адамга Аллаху таала окугандай сооп берет, уйкусу болсо өзү үчүн бир садага болот.» [Насаи] «Саламды жайып, ачкаларды тойгузуп, сыла-и рахим кылып, түндөрү баары уктап жатканда намаз окусаңар саламатта Жаннатка киресиңер.» [Тирмизи] «Момундун кадыры түнкү намазын окууда.» [Хатиб] «Тахажжуд күнөөлөрдү кечиртет жана ооруларга шыпаа берет.» [Тирмизи] «Түнкү намазын окугандардын жүзү сулуу болот.» [Рыяд-ун Насыхин]
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |