Кыяматтын кичи белгилери (2)

4 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jan 28, 2026, 4:41:45 AM (14 days ago) Jan 28
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Кыяматтын кичи белгилери (2)

 

Кыямат жакындаганда мына булардын да боло тургандыгы билдирилген:

«Адамдар тазалыкта ашыкча дыкат болот, васваса кылып, динде чегинен ашышат». (Абу Давуд)

«Ар түрдүү ат менен шараптар чыгат, халал болуп эсептелет». (И. Ахмед)

«Ит багуу бала багуудан дагы тартымдуу болот». (Хаким)

«Жаман аялдар көбөйүп, сойкулук бир коом ичинде жайылса калк мурда көрбөгөн  жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Тараза өлчөмдө куулук кылынат жана жашоо кыйынчылыгы көрүнөт». (Байхаки)

«Музыкалык аспап ар тарапка жайылып, коопсуздук күчтөрү көбөйөт». (Байхаки)

«Иштер ал иштин ээси-адиси болбогондорго берилет». (Бухари)

«Бул дин башындагыдай эле акырында да карып болот». (Тирмизи)

«Куран (радио, ТВ сыяктуу) музыкалык аспаптардан окулат». (Таргиб-ус-салат)

«Бир гана тааныштарга салам берилет жана жазуучулар көбөйөт». (Хаким)

«Байга мал-оокаты үчүн таазим кылынат, сойкулук жайылат, никесиз туулган балдар көбөйөт. Улууга урмат, кичүүлөргө мээримдүүлүк кылынбайт. Карышкырлар кой терисин кийинет». (Хаким)  

«Тахыййат-ул масжид намазы окулбай турган болот». (Таберани)

«Илим жоюлуп, сабатсыздык, анархия жана өлүм көбөйөт». (Ибни Маже)

«Аалымдар эл кандай кааласа ошол тарапка фатва берип, халалды харам, харамды халал дешет, Куранды соодага, жеке пайдага куралга айлантышат». (Дайлами)

«Адамдар бир гана мал-оокаттын, акчанын келүүсүн ойлоп, халалын жана харамын ойлошпойт». (Р. Насыхин)

«Бир мечитте миңден көп адам намаз окуйт, бирок, ичинде бир дагы момун болбойт». (Дайлами)

«Уруксатсыз соода кылынбайт». (Муслим)

«Жапайы айбандар адамдар менен сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». (Тирмизи)

«Кыяматтын белгилери бир жиптеги мончоктордун тизилип түшкөнү сыяктуу биринен кийин бири жүзөгө ашат».  (И.Ахмед, Таберани)

«Кыямат Жума күнү болот». (Бухари)

(Уландысы бар...)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages