islamd...@gmail.com |
Кабырдан туруу Суроо: Ар бир адам кабырдан азыркы дене менен турабы? ЖООП: Ооба, ар бир адам кабырдан дүнүйөдөгү сыяктуу турат. Бейишке жана Тозокко кире турган кезде башка формада болушат. Бейиштиктер жаш, сулуу жана көрктүү болот. Үч хадиси шарифтин мааниси: "Бейиш ээлери сакалсыз, кирпиктери кара болот.” [Тирмизи] "Бейиш ээлери сүрмө тартылган, сакалсыз жана Юсуф алейхиссаламдын сулуулугунда болот.” [Ибни Асакир] "Бейиште баары жаш болот.” [Тирмизи] Тозокко кирген капырлар болсо абдан түрү суук болот. Көп азап тартуулары үчүн алардын денелери да өтө чоң болот. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө: "Эгер кимдир-бирөө тозоктон дүнүйөгө келсе, анын коркунучтуу көрүнүшүнөн жана анын сасык жытынан баары өлүп калат.” [Ибни Аби-д-дунйа] "Капырдын бир тиши Ухуд тоосундай чоң болот.” [Муслим] "Капырдын эки далысынын ортосундагы аралык ат менен үч күндүк жолдун узундугундай болот.” [Бухари] |
www.islamdini.kg |