Ата каргышын алган жигит Кымбаттуу окурмандарыбыз! Касиеттүү үч айлар башталып отурат, баарыбыздын үй-бүлөбүз, жалпы эли-журтубуз үчүн мубарек болсун. Мубарек күндөр, айлар жана түндөр адамдар үчүн өтө чоң табыштарга себепчи болгон мүмкүнчүлүктөр болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа «саллаллаху алейхи ва саллам» хадиси шарифинде мындай деген: «Кимдир бирөө Аллаху тааланын айы болгон Ражаб айында бир момун боордошун кам жана кайгысынан куткарса Аллаху таала ага Фирдауста көрө алганчалык чоң кооз сарай ихсан кылат. Ойгонгула, өзүңөргө келгиле жана Ражаб айына урмат жана икрам кылгыла, Аллаху таала да силерге икрам жана ихсан кылсын». Дин улуулары мындай дешкен: «Жыл бак сыяктуу. Ражаб айы бактын жалбырак ачкан, Шабан мөмө байлаган, Рамазан болсо ал мөмөлөрдү жыйноо мезгили сыяктуу. Ражаб Аллаху тааладан магфират, Шабан шапаат, Рамазан сооптордун эселеп көбөйгөн айы». Зүннун Мысри хазреттери мындай деген: «Ражаб – урук себүү, Шабан – сугаруу, Рамазан болсо – жыйноо айы. Б.а, эгип, сугарган эгинди жыйнай турчу ай. Ар ким эмне эксе ошону орот. Амалынын, ибадаттарынын жообун алат. Урук экпеген жыйым-терим мезгили келгенде өкүнүчтө калат.» *** Хазрети Хусейин «радыйаллаху анх» мындайча бир окуяны айтып берген: «Каабаны таваф кылып жатканда жалбарыңкы үн менен дуба кылып жаткан бирөөнүн үнүн уктук. Атам мага ал жигитти чакыруумду буюрду. Оң тарабы шал болуп калган бирөө эле. Ага мындай дедим: -Сен кимсиң, сага эмне болду? -Мен Меназил бин Лахыкмын. Музыкалык аспап чертүү менен, ыр ырдоо менен атагы чыккан, «Арабстандын артисти» деп таанылган кишимин. Дайыма напсимдин каалоолорунун артынан жүгүрчү элем. Ражаб жана Шабан айларында дагы бул күнөөлөрдү уланта берчү элем. Атам мени бул күнөөлөрдөн куткарууга аракет кылды. Бирок, мен анын насаатына эч чыдай албай, атамды урдум. Ал сынган көңүлү менен: -Бул айларда орозо кармап, түндөрү ибадат кыламын. Байтуллахка барып жамандыгыңан коргонуу үчүн Аллаху таалага дуба кыламын», - деди. Бир апта орозо кармап, Каабага барып: «Эй, Раббим, уулуман менин акымды ал, аны шал кыл», - деп дуба кылды. Дубасы бүтө электе эле дароо оң тарабым шал болду. Муну көргөндөр мени «Атанын каргышына калган киши» дешет. -Макул, атаң сенин бул абалыңа кийин эмне деди? -Атаман кечирим сурап жалбардым. Анын аталык мээрими келип мени кечирди. Бирок, мага баддуба кылган жерден (мени каргаган жерден) менин шыпаа табуу үчүн Байтуллахка (Каабага) келе жатканда жолдо кайтыш болду. А мен азыр чарасыз абалда калдым... Хазрети Хусейин мындай деди: -Атам бул жаш жигитке дуба кылды. Ражаб айында кылган бул дубанын беркеси менен Аллаху таала ага шыпаа берди... |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |
Көңүл оорутуу жүззам болуудан да жаман Калб (көңүл) – бул көкүрөгүбүздүн сол тарабындагы эт бөлүгү эмес. Ал жүрөк деп аталат. Жүрөк айбанда да, өлгөндөрдө да болот. Көңүл болсо адамга таандык. Көңүл - бул бир кубат, көзгө көрүнбөйт. Таасирлери жана өзүнөн пайда болгон нерселер менен таанылат. Имам Раббани (куддисе сиррух) мындай деген: Көңүл – Аллаху тааланын коңшусу. Аллаху таалага көңүлдүн жакын болгонундай эч бир нерсе жакын эмес. Момун болсун, аси болсун, эч бир адамдын көңүлүн сындырбоо керек. Себеби, аси болгон коңшуну да коргош керек. Сактангыла! Сактангыла! Көңүл оорутуудан өтө сактангыла! Аллаху тааланы эң көп таарынткан куфурдан кийин көңүл сындыруудай башка чоң күнөө жок. Себеби, Аллаху таалага жеткен нерселердин эң жакын болгону – көңүл. Адамдардын бардыгы – Аллаху тааланын кулдары. Кимдин кулуна кол көтөрүлсө, таарынтылса Ал кулдун кожоюну да албетте таарынат. Бүткүл жаратылгандардын бир гана малики, кожоюну болгон заттын улуктугун ойлонуу керек. Анын макулуктары Ал канчалык уруксат берген болсо, канчалык буюрган болсо ошончолук гана колдонула алат. Калб, б.а., көңүл макулуктардын эң жогорусу, эң кадырлуусу. Көңүл – бардык дененин падышасы. Аллаху тааланы таануу, Анын жамалын ойлонуу – анын сыпаты. Раббибиз ага буйрук берет, ага кайрылат, аны жоопкер кылат. Раббибизди таануунун, билүүнүн ачкычы...» Мына ушунчалык кадырлуу болгон, баалуу болгон көңүлдү сындыруунун күнөөсү дагы албетте өтө чоң болот. Улуу Ислам аалымдарынан Абдулваххаб Шарани куддисе сиррух мындай деген: «Бир күнү биз жашаган жерге бир жүззам (лепра, пес) оорусу менен ооруган бирөө келди. Бүт жерин жара басып кеткен экен. Эч ким жанына жакындагысы келген жок... Чоң атам ал кишинин колунант кармап, биздин үйгө алып келди, бирге отуруп тамак жешти. Дагы бир кызык нерсе, чоң атам ага сүт сунду. Тиги конок сүттүн баарын иче алган жок, андан артканын чоң атам ичти. Оорулуу киши ушунчалык ыраазы болгондуктан сүйүнүчү жүзүнөн белгилүү болуп турду. Чөнтөгүнө да сарптоо үчүн бир нече тыйын-тыпыр салып ал конокту узатты... Атам чыдай албай чоң атаман сурады: -Ата, ал оорулуу кишиге ушунчалык жакындык көрсөттүңүз, андан артканын ичүүдөн да тартынган жоксуз! Жүззам – бул жугуштуу оору. Сиздин бул кылганыңыздын хикматын түшүнө алган жокмун? -Балам! Көңүл оорутуу жүззам болуудан да жаман. Бул оорулуу кишини көргөндөр андан жийиркенип алысташты. Элдердин ага болгон бул мамилелери аны абдан капаланткан эле. Ал бечаранын бул абалы өз колунда эмес да. Ким эле жүззам болгусу келсин? Илахи тагдыр ага ушундай болгон эле. Ооруган киши биздин тууганыбыз, кыйынчылыктары да көп, көңүлү да сынык эле, аны сүйүнтүү үчүн мына ушундай кылдым... Аллаху таала үчүн кылынган бир иштин соңунда кыйынчылык болбойт. Иншаллах, биз да бир кыйынчылык көрбөйбүз – деди. Ал айткандай эле кыйынчылык көргөн жок.» |
НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ 20 – Пайгамбарыбыз (алейхиссалату вассалам) мындай деген: «Үйүңөрдү чиркөөгө айлантпагыла! Намаз менен кооздогула!» Башка бир хадиси шарифте: «Менин мечитимде [Мединадагы] эки рекет намаз окуу башка мечиттерде окулган миң рекет намаздан кайырлуураак», - деген. Ошондой эле: «Кимде-ким багымдат намазынын сүннөтүн үйүндө окуса менин мечитимде окугандан жакшыраак.» БАГЫМДАТ НАМАЗЫ 21- Намазды баштаган кезиңде Аллаху тааланы көрүп тургандай жана Пайгамбарыбызды алдыңда көрүп жаткандай камил адеп менен намазды башта, намазың чыныгы намаз болсун! Эгер денең намазда, көңүлүң башка жерде болсо ал намаз кабыл болуучу намаз эмес. Мындай жагдайда алгач «Калима-и тамжид» оку. Тактап айтканда, «Ла хавла вала куввата илла биллахил алийил азыйм» деп айт. Анан намазды башта. «Ниет кылдым бүгүнкү багымдат намазынын сүннөтүн окууга» деп көңүлүңдөн өткөрүп, эки колуңду жогору көтөрүп, баш бармактарыңды кулактын жумшак жерине тийгизесиң. (Аял ниет кылганда алакандарынын ичин кыбылага каратып, ийиндин тушуна чейин көтөрүп такбир алып, көкүрөгүнө коёт) Ниетти көңүл менен аткаруу парз болуп саналат. Эгер имамга уюп жаткан болсоң «Ниет кылдым бүгүнкү күндүн багымдат намазынын парзын окууга, уйдум имамга» деп ниет кыл! «Аллаху акбар» деп колдоруңду кулактан киндиктин астына түшүр. Оң колду сол билектин үстүнө байла! (Аял көкүрөгүнө оң колду сол колдун үстүнө коёт.) Такбир алып, намазга киргенден кийин тик турган кезиңде көздөрүңдү сажда кылучу жерден айрыба. Эки бутуңдун арасын чоң ачпа. Ортосунда төрт элидей аралык болсун. «Субханака...»-ны окуп башта. «Субханака...»-ны окуп бүткөндөн кийин «Аузу-Бисмиллах» жана Фатиханы толук окуган соң «Бисмиллах» айтпай бир сүрө же үч аят көлөмүндө бир аят же үч аят оку! Буларды бүтүргөндөн кийин «Аллаху акбар» деп рукуга ийилесин. Тизелериңди колдоруң менен каптап карма. Ушул убакта жонуң түз жана башың менен жонуң бир деңгээлде түз болуп туруусу керек. Хазрети Айша (радыйаллаху анха) мындай деген: «Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) намазда рукуга ийилген кезинде жонунун түздүгү ушунчалык, эгер жонуна суу толтурулган бир кесе турса төгүлүүсү мүмкүн болбогондой эле.» Бирок, аялдардын рукуда жону түз болбоосу керек. Ушул айырмачылыктын диний мааниси болуу менен катар ден-соолук турумунан да мааниси бар. Ансыз да биз аткарган бардык ибататтарыбызда [динибиз буйрук кылганындай аткарылган ибадаттарда] көптөгөн медициналык жана коомдук пайдалары жана хикматтары бар. Рукуда эки буттун арасын кароо керек. Рукуда үч жолу «Субхана раббиял азыйм» дегенден кийин, «Семиаллаху лиман хамидах» деп түздөлүп тик турган кезиңде: «Раббана лакал хамд» де, андан соң «Аллаху акбар» деп саждага бар. «Тадили эркан» - рукудан турган кезде тик туруу деген сөз. Дал ушул сыяктуу, саждадан көтөрүлгөндө эркин отуруп, андан кийин экинчи саждага баруу деген сөз. Ушундай тик туруу жана тик отуруу «тадили эркан» деп айтылат. Саждага барарда биринчи эки тизеңди, кийин колдоруңду жерге кой. Мурун менен чекеңдин экөөсү тең жерге тийип туруусу керек. Эгер мурун жерге тийип, маңдайың тийбесе же маңдайың тийип, мурунуң тийбесе Имам Юсуфтун жана Мухаммеддин (рахима-хуллаху таала) өкүмдөрү боюнча намаз сахих болбойт. Экөөнүн тең жерге тийүүлөрү тийиш.Чыканактарыңды жерге төшөбө (аялдардын чыканактары жерге төшөлүүсү керек.) Ичиң сандарыңдан ажырап турсун (аялдар ажыратышпайт). Жерге тактай, таш төшөп, үстүнө үзүрсүз сажда кылуу жаиз эмес. [Булардын бийиктиги жыйырма беш сантиметрден жогору болсо намаз сахих болбойт. Андан төмөн болсо макрух болот.] Саждада да үч жолу «Субхана раббиял а-ла» деп айт жана «Аллаху акбар» деп башыңды көтөр, оң бутуңду тик коюп, тизелеп отур. Бул учурда оң бутуңдун манжалары кыбылага карап турсун. Эркин отургандан кийин кайрадан саждага барып мурдагы саждадагыдай үч жолу тасбих айт. Андан кийин «Аллаху акбар» деп алгач башыңды, анан колдоруңду, андан соң тизелериңди жерден көтөр. (Кары же үзүрлүү адамдардан тышкары). Эки колуңду мурдагыдай киндигиңдин астына байла. [Аялдар көкүрөк тушуна коюшат.] Болгону «Бисмиллах...» менен Фатиха сүрөсүн жана зам сүрөнү [Фатихадан кийин окулуучу үч аят же үч аят көлөмүнө барабар бир аят зам сүрө деп аталат] толук окуп, байланган колдоруңду коё бер. «Аллаху акбар» деп рукуга, андан кийин саждага бар жана дал биринчи рекеттегидей тасбихтерди оку. Саждага эки жолу баруу керектигин унутпа. Рукуга ийилерде, саждага барарда, саждадан көтөрүлүп отурчу кезде жана экинчи жолу саждага барарда «Аллаху акбар» деп айтууну унутпа. Эң соңунда саждадан турганда эки колуңду эки тизеңдин үстүнө кой жана манжаларыңды тизелериңдин үстүнө өз эрки менен кыбылага каратып коюп эч бирин кыймылдатпа. Колдоруңду ичиңе жабыштырба. Көздөрүңдү эки колуңдун үстүнөн айрыба. «Аттахийат...» жана салаваттарды окугандан кийин кааласаң дагы кыска дуба окуп, алгач оң, анан сол жагыңа башыңды буруп, ийиндериңдин учуна карап бир жолудан «Ассаламу алейкум ва рахматуллах» деп айт. Андан кийин бул дубаны оку: «Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа залжалали вал икрам.» Мындан кийин окулуучу нерселер 251- бетте жазылган. Ар убак дуба кылаарда «Йа Аллах йа Аллах йа хаййу йа каййуму йа залжалали вал икрам, ас-алука ан тухиййа калби би нури марифатика абадан йа Аллах йа Аллах» дубасын окуу керек. Аныктама: Мындай дубаларды багымдат намазынын сүннөтүнөн мурда же парзынан кийин окуу жакшыраак болот. Анткени, Ибн Абидиндин Мысырдагы Булак басмасындагы басылышынын үч жүз элүү алтынчы жана төрт жүз элүү жетинчи беттеринде мындай деп жазылган: «Сүннөт менен парздын арасында сүйлөө менен же, дуба, зикир айтуу менен сүннөт намазы бузулбайт, бирок, сүннөттүн сообу азаят. Сүннөттөн кийин болгону “Аллахумма антассалам... икрам” деп айтылат. Мындан ашык бир нерсе окулса сүннөт намазы сүннөт болгон ордунда окулбаган болот. Кээ бир аалымдар “Сүннөт намазы бузулат, кайрадан окуу керек болот” дешкен. Парздан кийинки (соңку) сүннөттү “Аллахумма антассалам...” дегенден кийин кечиктирүү макрух болот. Имам Муслимдин жана Тирмизинин Хазрети Айшадан (радыйаллаху анха) кабар бергени боюнча Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам) парздан кийин “Аллахумма антассалам...” дегенчелик убакыт отуруп, дароо соңку сүннөт намазын баштачу эле. Хадиси шарифтерде намаздардан кийин окулуусу керек болгон «Арад»-дын (дайыма жана туруктуу окулуп туруучу дубанын) соңку сүннөттөрдөн мурда окула тургандыгын көрсөтүүчү эч кандай ишарат жок. Ал тургай, булардын соңкү сүннөттөн кийин окулуусу керектиги ачыкталууда. Анткени, сүннөт намаздар парздардын уландысы. Ушу себептен соңку сүннөттөрдөн кийин окууну парздан кийин окуу деп айтылат. Ошондуктан «Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам) ар парз намаздан кийин тасбих, тахмид, такбир жана тахлил окуучу эле» деген кабардан “соңку сүннөттөрдөн кийин окуучу эле” деген маани түшүндүрүлөт. Шамсул аимма Халвани: «Парз менен сүннөт арасында кыска дубалар окулса зыяны болбойт, бирок, соңку сүннөттөн кийин окуу жакшыраак болот», - деген. Ибн Абидинден котормо аяктады. 22 – Аныктама: Даарат алууда, нажисти тазалоодо, ниет кылууда жана намаз окууда «Васваса» болбоо керек. Васваса зыяндуу болгон күмөн дегенди билдирет. «Хадика» жана «Барика» китептеринин соңунда васвасанын зыяндары кенен жазылган. Кыскача өзөгү мындай: Хадиси шарифте: «Васваса шайтандан. Даарат алганда, гусул алганда жана нажисти тазалаганда шайтандын васвасасынан сактангыла!» - деп айтылган. Васваса кылуу күнөө болот. Васваса кылган имамга уюп намаз окуу макрух болуп саналат. Аны имамдыктан алуу важип болот. Васваса сууну ысырап кылууга себеп болот. Ал эми ысырап харам болуп саналат. Васваса намазды кечиктирүүгө, жамаатты, ал тургай намаз убакытын өткөрүп алууга себеп болот. Убакытты, өмүрдү бошко кетирүүгө себеп болот. Үстүмө нажис тийбесин деген убайым менен атайын фартук, кумган, жайнамаз колдонуу сыяктуу бидат жасоого себеп болот. Башка бирөөнүн кийиминен, тамагынан нажис бар болуусунан күмөндөнөт, мусулмандарга су-и зан келтирүү (жаман ойдо болуу) харам болуп саналат. Өзүн кылдат деп санап, текебер болот. Бир нерсеге себеп болуучу амалды кылуу да ошол нерсени кылган сыяктуу болот. Даараттын, тазалануунун жана намаздын шарттарын, сүннөттөрүн, макрухтарын билбеген адам васваса оорусуна чалдыгат. Буларды билип аткарган кезде күмөнгө тушпөө керек, жакшы жана толук аткарганына ишенүү керек. Ушундай ишенүү кылдаттык болот. Күмөнгө түшүү васваса болот. Васваса кылган адам уруксаттар менен амал кылуусу керек. Көчөлөр, жердеги топурак таза. Үстүндө нажис көрүнбөгөн бардык нерсе таза деп кабыл кылынат. Күмөндөнүү менен нажис болуп эсептелбейт. Өтө катуу күмөнү болсо муну колдонуу сахих, жаиз болсо да танзихан макрух болот. Капырдын, фасыктын колдонгон кийими, идиштери жана кир көчө ушундай. Капырдын (китептүү капырдын) сойгон малдарын изилдеп отурбастан жей берүү халал болот. Жүрөктү жаман мүнөздөн тазалоодо, кул акыларына сак болууда жана харамдардан сактанууда катуу маани берүү, тыкан болуу васваса болбойт. Варъа (күмөндөн сактануу) жана такыбаа болот.
|
Эртең боло турчу касиеттүү Мираж түнүңүз мубарек болсун Ражаб айынын 27-түнү, б.а., 3-Майдан 4-Майга караган түн касиеттүү Мираж түнү болуп саналат. Мираж "тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам" асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн. Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле. Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан рахмат болуп келген улуу элчи "үммөтү” тарабынан таш баран кылынган. Алардан үмүтүн үзүп, чарчап, көңүлү ооруп кайра кайтып келе жатканда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын буту жаракат алат. Зейддин башы кан болуп кетет. Ысык талаада, күч-кубатсыз абалда экөө жолдун четине барып отурушат. Ошол жердеги бактын ээси Рабиа уулдары бай Утба жана Шайба деген ага-ини Аддас деген кулу аркылуу аларга жүзүм берип жиберет. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) жүзүмдү жеп жатып "бисмиллах” деп айтат. Аддас (радиаллаху анх) ал кезде христиан эле. Аны угуп таң калат. "Канча жылдан бери бул жердемин, эч кимден мындай сөздү уккан жок элем. Бул кандай сөз?” - деп сурайт. Расулуллах: "Сен кайдан болосуң?” - дейт, Аддас: "Ниневаданмын”, - деп жооп берет. Расулуллах: "Юнус алейхиссаламдын элинен турбайсыңбы?” - дейт. Аддас: "Сен Юнусту кайдан тааныйсың? Аны бул жерде эч ким билбейт”, - дейт. Расулуллах: "Ал менин бир боорум. Ал да мен сыяктуу пайгамбар болгон”, - дейт. Аддас: "Бул жылуу жүздүү, таттуу сөздүү адамдын калп айтуусу мүмкүн эмес. Мен сенин Аллахтын Расулу экендигиңе ишендим”, - деп мусулман болот. Анан: "Эй, Расулуллах! Канчалаган жылдар бою мына бул заалымдарга, жалганчыларга кулчулук кылып келем. Кожоюндарым элдин акысын жеп, аларды алдайт. Эч кандай жакшы касиеттери жок. Дүнүйөлүк жыйноо, кумарларын кандыруу үчүн эч кандай жамандыктан кайтышпайт. Аларды жек көрөм. Сиз менен бирге кетип, сизге кызмат кылып, акмактардын сизге карата урматсыздыктарына көкүрөгүмдү тоскум жана сизди жахилдердин зыяндарынан коргогум келет”, - дейт. Расулуллах жылмайып: "Азырынча кожоюндарыңдын жанында кала тур! Көп убакыт өтпөй ысымымды ар жерде уга баштайсың. Ошол кезде жаныма кел”, - деп айтат. Кийин бир аз тыныгып, жаракаттарын таңат. Меккеге карай Зейд менен бирге жолго түшөт. Караңгы түшкөндө шаарга кирип барышат. Ошол кездерде бир нече ай Меккеде мусулмандар үчүн эң оор замандар башталып, туш тарап душмандарга толгон эле. Бара турган жерлери да жок болчу. Ааламдарга рахмат кылып жиберилген Пайгамбар алейхиссалам агасы Абуталибдин кызы Умму-Ханинин үйүнө барат. Умму-Хани ал кездерде ыйманга келе элек болчу. - Бул ким? - деп сурайт Умму-Хани. - Агаңдын баласы Мухаммедмин (саллаллаху алейхи ва саллам). Конок болуп келдим,- дейт Расулуллах. - Сиз сыяктуу туура сөздүү, ишенимдүү асыл конок үчүн жаныбыз курман болсун. Бирок, келе тургандыгыңызды алдын ала кабар бергениңизде бир нерсе бышырып коёр элем. Азыр бере турган эч нерсем жок - дейт Умму-Хани. - Көңүлүмө эч нерсе чаппай турат, эч нерсе ичпейм. Раббиме ибадат кылууга, жалбарууга бир орун болсо жетет, - дейт Расулуллах. Умму-Хани Расулуллахты ичкери киргизип, ага төшөк, чылапчын жана кумган берет. Келген конокту сыйлоо, аны душмандардан коргоо араптар үчүн эң жогорку милдет эле. Үйүндөгү конокко зыян тийсе үй ээси үчүн бул өтө чоң уят, шерменделик деп саналчу эле. Умму-Хани: "Мунун Меккеде душмандары көп, жада калса, өлтүрөйүн деп жүргөндөр да бар. Аны коргоо үчүн таңга чейин үйдүн тегерегин көзөмөлдөп, кайтарайын”, - деп ойлоп, атасынын кылычын колго алып үйдүн айланасын тынымсыз көзөмөлдөйт. Расулуллахтын ошол күнү көңүлү өтө ооруган эле. Даарат алып, Раббине жалбарып, кечирим сурап, кулдарынын ыйман келтирүүсү, түбөлүк бакытка ээ болуулары үчүн дубаларды окуй баштайт. Өтө чарчаган, курсагы ачка, кайгылуу эле. Төшөктүн үстүнө жатып, уктап калат. Ошол кезде Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Сүйүктүү Пайгамбарымды катуу таарынттым. Ушуга карабай, дагы да Мага жалбарып жатат. Менден башка эч нерсени ойлобойт. Бар, сүйүктүүмдү алып кел! Бейишти, Тозокту көрсөт. Анын өзүнө жана аны сүйгөндөргө даярдалган ниматтарымды көрсүн, ага ишенбегендерге, аны таарынткандарга даярдалган азаптарымды көрсүн. Анын көңүлүн көтөрөмүн. Анын назик көңүлүнүн жарасын мен айыктырам”, - дейт. Жабраил алейхиссалам бир заматта Расулуллахтын жанына келет. Ал таттуу уйкуда жаткан эле. Түртүп ойготууга батына албады. Ал адам сүрөтүндө келген эле. Расулуллахтын бутунун астын өөп ойготот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” Жабраил алейхиссаламды таанып: "Эй, Жабраил бир боорум! Беймезгил убакытта эмнеге келдиң? Же болбосо, ката кетирип, Раббимди таарынттымбы? Мага жаман кабар алып келдиңби?” - деп сурайт. Жабраил: "Эй, бардык жаратылгандардын эң жогорусу! Раббиң сага саламын жолдоду. Эч бир пайгамбарына бербеген ниматын сага берди. Ал сени чакырды, тур, кетебиз”, - дейт. Ошентип, экөө Каабанын жанына барышты. Ошол жерде бирөө келип, Пайгамбарыбыздын көкүрөгүн жарып, жүрөгүн чыгарды. Аны замзам суусу менен жууп, кайра ордуна койду. Анан Бейиштен келген Бурак деп аталган ак түстүү жаныбарга минип, бир заматта Кудустагы (Иеруссалим) Масжиди Аксага келди. Жабраил алейхиссалам чоң ташты бармагы менен тешип, Буракты ошол жерге байлады. Өткөн пайгамбарлардын кээ бирлеринин рухтары адам сүрөтүндө ошол жерге жыйналышкан болчу. Жамаат болуп намаз окуу үчүн Адам, Нух, Ибрахим пайгамбарлардан имам болууларын кезек менен сурады. Алардын эч бирөөсү кабыл кылбады, кечирим сурап, айыптуу экендиктерин айтышты. Жабраил алейхиссалам Аллахтын сүйүктүүсүн алдыга тартты: "Сен бар кезде башка адам имам боло албайт”, - деп айтты. Намаздан кийин мечиттен чыгып, белгизиз бир Мираж (көтөрүлүү) менен бир заматта жети кат асмандан өттү. Ар бир кат асманда бир улуу пайгамбарды көрдү. Жабраил алейхиссалам Сидрада калды: "Эми илгери жүрсөм күйүп, жок боломун”, - дейт. Сидратул Мунтаха – алтынчы кат асмандагы чоң дарак. Расулуллах Бейишти, Тозокту, дагы башка жерлерди көрүп, "рафраф” деген Бейиштин килемине отуруп, күрсү, арш жана рух ааламдарынан өтүп, айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир абалда Аллаху таала каалаган бийиктиктирге көтөрүлдү. Мекенсиз, убакытсыз, багытсыз, сыпатсыз түрдө Аллаху тааланы көрдү. Көзсүз, кулаксыз, багытсыз, ортоксуз Рабби менен сүйлөштү. Анан бир заматта Кудуска, ал жерден Меккеге Умму-Ханинин үйүнө келди. Жаткан жери дагы эле жылуу, идиштеги даарат суусу дагы эле кыймылдап турган эле. Сыртта жүргөн Умму-Хани уктап калган болчу. Ал эч нерсени сезген жок эле. Эртең менен туруп, Каабанын жанына барып, Мираж тууралуу айтып берет. Аны уккан капырлар аны мазакташып: "Мухаммед акылынан адашыптыр”, - деп айтышты. Мусулман болууга ниеттенип жүргөндөр да бул ниеттеринен кайтышты. Капырлардан кээ бирлери кубанып, Абу Бакр Сыддыктын (радиаллаху анх) үйүнө барышты. Анткени, анын акылдуу, тажрыйбалуу жана абройлуу соодагер экенин билишчү эле. Алар: "Эй, Абу Бакр! Сен Кудуска көп барасың. Меккеден Кудуска барып келүү үчүн канча убакыт керек?” - деп сурашат. Абу Бакр: "Бир айдан көп”, - дейт. Капырлар кубанып: "Акылдуу адамдын сөзү мына ушундай болот”, - дешет. "Сенин досуң Кудуска бир түндө барып келдим дейт”, - деп, Абу Бакрга урмат көрсөтүшөт. Абу Бакр (радиаллаху анх) Расулуллахтын атын угар замат: "Ал айткан болсо, туура айткан, мен ага ишенемин! Бир заматта барып келген!” - деп жумушун уланта берет. Капырлар эмне болгонун түшүнбөй калышат. Анан: "Эй, Мухаммед, кандай гана сыйкырчысың, Абу Бакрды да сыйкырлап салыптырсың”, - дешет. Абу Бакр дароо эле кийинип, Расулуллахтын жанына барат. Калың элдин арасында туруп: "Эй, Расулуллах! Миражыңыз куттуу болсун! Аллаху таалага чексиз шүкүр. Бизге сиз сыяктуу улуу Пайгамбарга кызмат кылууну насип кылды. Сиздин нурдуу жүзүңүздү көрүүнү жана көңүлдү ала турган сөздөрүңүздү угууну насип кылды. Эй, Расулуллах, сиздин бардык сөзүңүз чын, акыйкат. Мен ишенемин. Жаным сиз үчүн курман болсун”, - дейт. Абу Бакрдын сөзүнө капырлар таң калышат. Айтууга сөз таппай, тарай башташат. Күмөнү бар, ыйманы начар адамдардын жүрөгүнө ишеним жайгашты. Расулуллах ошол күнү Абу Бакрга "Сыддык” деген ысым берди. Капырлар бул жагдайдан улам аябай жинденишет. Момундардын күчтүү ыйманына, Пайгамбардын бардык сөзүнө дароо эле ишенгендигине чыдап туралбаган капырлар Расулуллахты жеңүү үчүн аны сынап, суроо сурай башташты: "Эй, Мухаммед (алейхиссалам)! Кудуска бардым деп айтып жатасың. Айтчы, мечиттин канча эшиги, канча терезеси бар?”. Ал бардык суроолорго жооп берип турганда Хазрети Абу Бакр: "Ооба ушунадай, эй, Расулуллах”, - деп тастыктап турду. Ал эми, Расулуллахтын адептүүлүгү ушунчалык эле алдындагы адамдын бетине тике карачу эмес. Кийин өздөрү бир хадиси шарифинде: "Мечит Аксада айланамды караган эмес элем. Алардын сураган нерсесин көргөн эмесмин. Ошол кезде Жабраил Масжиди Аксаны көзүмүн алдына алып келди. Ошону көрүп, санап, суралгандарга жооп бердим”, - деген. Анан ал жолдо төөлөр менен жолчуларды көргөнүн, бир төөнүн коркуп кетип кулаганы тууралуу айтып: "Иншаллах, Шаршемби күнү келип калышаар”, - дейт. Шаршенби күнү күн батарда кербен Меккеге кирип келет. Алар катуу добул ургандай болгонун, чынында эле бир төөнүн кулаганын айтышат. Бул абал мусулмандардын ыйманын күчтөндүрдү. Капырлардын душмандыгын көбөйттү. "Рух-ул-байан” тафсиринде "Тафсири Хусейни” ден алынган бөлүмдө жана "Бахр” китебинде имамдык тууралуу айтылган бөлүмдө "Расулуллахтын Меккеден Байтул-Мукаддаска (Иеруссалимдеги Масжид-ул-Акса) алып барылганына ишенбеген адам капыр болот. Асмандарга жана бизге белгисиз болгон жерлерге алып барылгандыгына ишенбеген адам болсо бидатчы болот”, - деп билдирилген. Суроо: Мираж түнүн кантип өткөрүү керек ЖООП Мираж түнүн ибадат менен, күндүзүн болсо орозо менен өткөрүү керек. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай: "Мираж түнү жакшы амал кылганүчүн жүз жылдык сыйлык бар.”[И.Газали] "Ражабдын 27.күнү орозо кармаганга 60 жылдык орозо сообу берилет.” [И.Газали] Жума күнү жалгыз кылып бир күн орозо кармоо кээ бир аалымдардын пикиринче махрух. Ишемби күнүорозо кармоо болсо бардык аалымдардын пикирлери боюнча макрух болгондуктан бул мубарек күн Жумага туш келгенде орозону Бейшемби же Ишемби күндөрү менен бирге кармоо жакшы болот. Ишемби күнүнө дал келип кала турган болсо Жума менен Ишемби же Ишемби менен Жекшемби күнүн кошуп кармоо керек. Бул түнү каза намаздарды окуу керек, Курани карим окуп, дуба, тообо истигфар кылып, садага берип мусулмандарды кубантып, булардын соопторун өлгөндөрүнө багыштоо керек! Дайыма туура ыйман ээси болууга, фарздарды аткарып, харамдардан качууга, тообо кылып, фарз карыздарын өтөөгө аракет кылуу керек! Булардын бардыгын аткаруу илим үйрөнүү менен болот. Илмихал маалыматтары эң баалуу илим болуп эсептелет. Хадиси шарифте айтылды: "Түнү бир маал илим менен алектенүү түнү бою таңга чейин ибадат кылуудан баалуу.” [Абу Нуайм] |
|
Бүгүн касиеттүү Мираж түнү Бүгүн Ражаб айынын 27.чи түнү, б.а., 3-Май Шейшембиден 4-Май Шаршембиге караган түн - Мираж түнү. Бардык мусулмандардын бул касиеттүү Мираж түнүн куттуктайбыз. Суроо: Мираж деген сөз эмнени түшүндүрөт, бул түндүн мааниси кандай? «Мираж» тепкич, басамак дегенди түшүндүрөт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын асмандарга чыгарылган, бизге билинбеген жерлерге алып барылган түн. Ражаб айынын 27.чи түнү. Исра сүрөсүнүн биринчи аяти каримасында Мираж билдирилүүдө. Мутазила фыркасы Расулуллахтын «алейхиссалам» бир заматта Жаннатты, Жаханнамды жана бир канча жерлерди кыдырып келгендигине акылдарын жеткире албай «Миражды кабылдоо Аллахка мекен таңуулоо болот» деп Миражды четке кагышкан. Аллаху таала Хазрети Муса менен Тур тоосунда сүйлөшкөн. Андай болсо Тур тоосу Аллаху тааланын мекениби? Албетте, андай эмес. Жаннатка кирген момундар дагы Аллаху тааланы көрүшөт. Жаннат дагы Аллаху тааланын мекени эмес. Аллаху таала мекенден мунеззех. Кавс-ул-фасл китебинде жазылган: Исра сүрөсүнүн биринчи аятында Аллаху таала кудурет жана азаметинен канчалаган иштерден кээ бирлерин көрсөтүү үчүн Мухаммед алейхиссаламды Меккеден Кудуска алып баргандыгын билдирүүдө. Исра сөзү түш көрүү деген сөз үчүн колдонулбайт. Ойгоо кезде түнү басуу деген мааниде колдонулат. «Сага [Миражда] көрсөткөн көрүнүштү адамдар үчүн бир фитна кылдык» деген аятындагы «фитна» сыноо дегенди билдирет. Сыноо болсо ойгоо кезде болот. Пайгамбарыбыз айтып берген нерсе түш болгондо аны эч ким кызык кабылдамак эмес. Хазрети Абу Бакр тастыктап, бийик даражаларга жетмек эмес. Расулуллах Меккеден Кудуска алып барылгандыгына ишенбеген жолдон адашкан болот. (Бахр) Бир канча секундда Меккеден Кудуска алып барган Аллаху таала эмне үчүн дагы да узактарга алып бара албасын? Аллахтын кудуретинен бир гана капырлар күмөндөнүшөт. Пайгамбарыбыз миражын кыскача мындайча баяндайт: Берилген Буракка минип Байт-ул-Макдиске келдим. Аны мурдагы Пайгамбарлар байлаган халкага байладым, кийин Мечитке кирип ал жерде эки рекет намаз окуп чыктым. Жабраил бир кап шарап, бир кап сүт алып келди. Мен сүттү тандадым. Жабраил: «Жаратылышка ылайык болгонду тантадың» - деди. Кийин бизди биринчи асманга чыгарды. Асмандын эшигинен «Сен кимсиң?» деген үн угулду. «Мен Жабраилмин» - деди. «Жаныңдагы ким?» - делди. «Мухаммед алейхиссалам» - деди. «Ал Пайгамбар кылып жиберилдиби?» - делди. Жабраил: «Ооба» - деди. Асман эшиги ачылды.Хазрети Адам менен көрүштүм. Мага «Мархаба» деп кайыр дуба кылды.2.асманга чыктык. Ал жерде дагы ушундай сүйлөшүүлөр болду. Асмандын эшиги ачылды. Бул жерде эки таеже уулу Иса жана Яхйа менен көрүштүм. Алар дагы мага «Мархаба» деп, дуба кылышты. 3.асманга чыктык. Бул эшикте да ушул сүйлөшүүлөр болуп өттү. Асмандын эшиги ачылды. Ал жерде Хазрети Юсуфту көрдүм. Ал дагы дуба кылды. 4.асманга чыктык. Ушул сүйлөшүүлөр болду. Эшик ачылды. Хазрети Идристи көрдүм. Ал да дуба кылды. 5.асманга чыктык. Дагы ушул сүйлөшүүлөр болду. Эшик ачылды. Хазрети Харунду көрдүм. Ал да дуба кылды. 6.асмангачыктык. Дагы ушул сүйлөшүүлөр болуп, эшик ачылды. Хазрети Мусаны көрдүм. Мархаба деп, дуба кылды. 7.асманга чыктык. Дагы ушул сүйлөшүүлөр болуп, эшик ачылды. Аркасын Байт-ул-Мамурга таяган Хазрети Ибрахимди көрдүм. Ал да дуба кылды. Байт-ул-Мамурду көрдүм. Кийин Жабраил мени Сидрат-ул-Мунтахага алып барды. Аллах күндө элүү убакыт намазды парз кылды. Мусанын жанына келип айттым. «Раббиңден азайтуусун сура! Үммөтүңдүн буга алы келбейт. Тажрыйбам бар», - деди. Бир канча жолу Раббим менен көрүшүүнү уланттым. Акыры Раббим: «Беш убак намазды парз кылдым. Ар убак үчүн он сооп бар. Ушундайча элүү убакыт намаз болот», - деп буюрду. (Муслим) Мираж – акылдын бүткөн, ыймандын башталган жери. Даанышман заттар мындай дешкен: Бир иш канчалык кыйын болгон болсо ошончолук узун өмүрлүү болот. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Эң көп кыйынчылыкты мен тарттым», - деген. Андай болсо хак болгон дини дагы кыяматка чейин уланат. Адам алейхиссалам купкургак дүнүйө жүзүнө келди, жүз жылдап кыйынчылык тартты. Кийин Пайгамбарыбыздын жүзү урматына дуба кылды. «Раббана залемна анфусена» дубасын дайым окучу. Кийин эки баласынын бири капыр болду жана Мусулман болгон экинчи бир тууганын өлтүрдү. Бир ата үчүн бул кандай гана кыйын! Нух алейхиссалам 950 жыл алек болду, ишенишпеди, көп азап чектиришти. Кол көтөрүштү, ар жолкусунда өлдү деп таштап кетишчү. Жабраил алейхиссалам келип жараларын таңчу, кайрадан адамдарды Аллаху таалага чакырды. Кийин Аллаху таала Ага кеме жасоосун буйрук кылды. Ибрахим алейхиссаламды Аллаху тааланын халили болсо дагы отко ыргытышты, уулун сойуусу үчүн буйрук берилди. Муса алейхиссалам да көп кыйынчылык тартты, ал дүнүйөгө келген жылы Фараон бүткүл эркек балдарды өлтүрдү. Жылдар бою чабандык кылды. Кайтып жатканда аялынын боюнда бар, капкараңгы түн, чарасыз... Бир жарыкты көрдү, ага карай барды. Ал жерде Аллаху таала Аны менен сүйлөштү. Бул мираж эмес эле, мираж бир гана Мухаммед алейхиссаламга берилди. Аййуб алейхиссаламдын денесинде курттабаган жер калбаган эле. Аййуб алейхиссаламдын жараларынын курттагандыгын улуу аалым Алааддин Аттар хазреттери да билдирүүдө. (С.Эбедиййе) Якуб алейхиссалам ыйлоодон улам көздөрүн жоготту. Юсуф алейхиссалам кудукка, зынданга ташталды. Зекерия алейхиссалам бактын ичине салынып, бак менен кошо арааланды. Иса алейхиссалам бир канча кишини ишендирүү үчүн эмнелерди тартпады. Өлтүрүүгө аракет кылышты. Булардын бардыгы пайгамбарлар эле. Эмнеликтен мынчалык азап тартышты? Ла илаха иллаллах дегендиктери үчүн... Пайгамбарыбыз «алейхиссалам»: «Мен тартканды эч бир Пайгамбар тартпады», - деген. Хазрети Абу Бакр да эмнелерди тартпады, канча жолу сабашты! Баарынан мурда ыйман келтирди, малы-жанын курман кылды. Ар ким кылган бүткүл ибадаттардын сооптору эселенип Хазрети Абу Бакрга, кийин дагы да эселенип Пайгамбарыбызга берилүүдө. Каинат (аалам) да Анын урматына жаратылган, ар кимдин сообу да Ага берилүүдө. Хазрети Омар намаз окуп жатканда, Хазрети Осман Курани карим тилават кылып жатканда шейит кылынды. Хазрети Алинин тарткандары, өзгөчө Хазрети Хусейиндин башына түшкөндөр... Натыйжада Пайгамбарыбыздын мурасчылары дагы көп кыйынчылык тартышты. Эмне үчүн? Ла илаха иллаллах, Мухаммедун Расулуллах дегендиктери үчүн. Ошондуктан, ыйман, ишенүү өтө кыйын, ишендирүү андан да кыйын. Аллаху тааланын кулдарына ихсан кылган өзгөчө жакшылыгы. Ыйманы барлардын сүйүнүчтөн улам ойносо да орду бар... Аллаху таала дүнүйөнү бергенине акыретти бербейт. Хадиси кудсиде:«Эки коркууну бир көңүлдө бириктирбейм», - делүүдө. Дүнүйөдө Аллаху тааладан корккондор акыретте коркушпасын, дүнүйөдө коркпогондор акыретте коркушсун. Пайгамбарыбыз Уммиханиге Миражды айтканда: «Эч кимге айта көрбө, эч ким ишенбейт, ишенгендер да баш тартышат», - деди. Пайгамбарыбыз болсо: «Айтышым керек, ишенбей турчулар кийин да баш тартышат, чирик таштын үстүнө там курулбайт, айрыла турчулар азыр айрылсын, бекемдери калсын», - деди. Акыл токтоду, заман токтоду, бүткүл нерсе токтоду, ыйман башталды. Пайгамбарыбыздын эч качан жалган сүйлөбөстүгүн мушриктер да билишчү. «Жаннатты, Жаханнамды барып көргөн барбы?» - дегендер болууда. Ооба, бар. Өмүрүндө эч жалган сүйлөбөгөн Мухаммед алейхиссалам бар. |
Суроо:Мираж түнүн кантип өткөрүү керек ЖООП Мираж түнүн ибадат менен, күндүзүн болсо орозо менен өткөрүү керек. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай: |
"Мираж түнү жакшы амал кылган үчүн жүз жылдык сыйлык бар.”[И.Газали] |
"Ражабдын 27.күнү орозо кармаганга 60 жылдык орозо сообу берилет.” [И.Газали] Жума күнү жалгыз кылып бир күн орозо кармоо кээ бир аалымдардын пикиринче махрух. Ишемби күнүорозо кармоо болсо бардык аалымдардын пикирлери боюнча макрух болгондуктан бул мубарек күн Жумага туш келгенде орозону Бейшемби же Ишемби күндөрү менен бирге кармоо жакшы болот. Ишемби күнүнө дал келип кала турган болсо Жума менен Ишемби же Ишемби менен Жекшемби күнүн кошуп кармоо керек. Бул түнү каза намаздарды окуу керек, Курани карим окуп, дуба, тообо истигфар кылып, садага берип мусулмандарды кубантып, булардын соопторун өлгөндөрүнө багыштоо керек! Дайыма туура ыйман ээси болууга, фарздарды аткарып, харамдардан качууга, тообо кылып, фарз карыздарын өтөөгө аракет кылуу керек! Булардын бардыгын аткаруу илим үйрөнүү менен болот. Илмихал маалыматтары эң баалуу илим болуп эсептелет. Хадиси шарифте айтылды: "Түнү бир маал илим менен алектенүү түнү бою таңга чейин ибадат кылуудан баалуу.” [Абу Нуайм] |
Илим жана адеп Даанышман заттар айтышат: Адам баласынын бул дүнүйөдө касиети илим жана адеби менен болот. Мал-мүлктө, бийликте жана укум-тукумда эмес. Кадырлуу адам – адебин сактаган жана дининин буйруктарына баш ийген адам. Адеп болсо өз чегин билүү болуп саналат. Жумушта, үй-бүлөдө ар жерде ар кимдин өзүнүн чеги бар. Ошол чектин ичинде болгон кезде дүнүйө Жаннат сыяктуу болот. Бардык кайгылар, кыйынчылыктар, уруш-талаштар дайым өз чегинен чыгуудан туулат. Эгер үйдөгү аялзат өз чегин билсе, адебин сактаса Жаннат аялы сыяктуу болот. Бир эркек дагы өз чегин билсе ошол чектин ичинде сүйлөсө, ушул чектин ичинде кыймылдаса ошол жер Жаннат болот. Анда бул «чек» деген эмне? Муну илим аркылуу гана үйрөнүүгө болот. Илим үйрөнбөгөн адам чегин билбейт. Хазрети Али: «Мага бир сөз, б.а., динибизге тийиштүү бир маселе үйрөткөн адамдын кулу болом», - деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дагы айткан: «Бир шакирт динден бир маселе үйрөнүү үчүн үйүнөн чыгып устазынын үйүнө чейин басса «Бул кадырлуу кул менин үстүмө бассын деп периштелер канаттарын анын буттарынын алдына төшөйт. Асмандагы бардык куштар, жердеги бардык айбандар, деңиздеги бардык бардык балыктар бул кул үчүн «Йа, Рабби, бул Сенин диниңди үйрөнүү үчүн жолго чыкты, кечир муну» деп истигфар жана дуба кылышат.» Бул бир гана үйрөнүү максатында бара жаткан адамга бериле турчу сыйлык. Үйрөтүү үчүн барган адам мындан да көп сыйлык алат. Эгер бир жерде Аллаху тааланын динине кызмат бар болсо ар мусулмандын үстүнө мына бул үч нерседен бирин кылуу фарз. Үчөөнү тең кылбай турган болсо акыретте мунун өтө чоң кыйынчылыгын тартат. Эгер биздин ата-бабалар, бизден мурункулар бул үч шатты орундашпаганда азыр биз балким мусулман эмес динсиз адамдын балдары болор элек. Себеби, Исламият бизге эмгек аркылуу келген. Ошондуктан, эмгеги сиңгендердин биздин үстүбүздөгү акылары өтө чоң. Үч фарздан биринчиси –
жеке өзү денеси менен кызмат кылуу. Чындыгында Асхабы кирам тээ Меккеден
Мединага, Африкага, Стамбулга чейин барышты. Эмне үчүн барышкан? Жердүү болоюн,
байлык табайын деген максатта эмес, Аллаху тааланын динин кулдарына жеткирүү
үчүн келишти. Бул дагы мүмкүн болбосо үчүнчү фарз – колун ачып дуба кылуу. (Аллахым, мен жеке өзүм бул кызматтарга кошула албадым, алсызмын, оорулуумун, кыйынчылыгым көп, малы-мүлкүм жок. Бирок, Ислам динине кызмат кылган мусулмандарга жардам бер, аларды ар түрдүү жамандыктардан корго, иштерин жүргүз, адамдар динин, адебин үйрөнүп кутулушсун, динсиз-ыймансыз жашашпасын) деп дуба кылса дагы бул шартты орундаган болот. |