islamd...@gmail.com |
Тагдырга ишенүү кандай болот? (2)
Күйгүзүүчү, күйүү реакциясын жүзөгө ашыруучу от эмес. Кислород да эмес. Ысыктык да эмес, электрондордун аралашуусу да эмес. Күйгүзгөн - бир гана Аллаху таала. Ал булардын бардыгын күйүүнүн себептери кылып жараткан. Илими жок адам "от күйгүзөт” деп эсептейт. Илим илгерилеген сайын себеп деп эсептелген нерселердин аркы жагында башка канча деген себептердин бар экендиги аныкталууда, илимдердин сырын билген, акыйкатты толук көргөн пайгамбарлар жана алардын жолундагы илим дарыясынан ичип канган Ислам аалымдары азыркы кезде көпчүлүктүн күйгүзүүчү, бар кылуучу же болбосо жаратуучу деп ойлогон нерселердин алсыз, бир фактор, себептер экенин; чыныгы Жаратуучунун Аллаху таала экенин айтышууда. Күйгүзө турган – Аллаху таала. Ал отсуз деле күйгүзө алат. От менен күйгүзүү – адаты. Күйүүсүн каалабаса, от ичинде да күйбөйт. Ибрахим алейхиссаламды от ичинде да күйгүзгөн жок. Аны өтө жакшы көргөндүктөн адатын бузду. Ал оттун күйгүзүү аракетинин алдын ала турган нерселерди да жараткан. Аларды химиктер табууда. Аллаху таала кааласа, бардык нерсени себепсиз, адатсыз да жаратмак. Отсуз күйгүзөр эле, тамаксыз тойгузар эле, учаксыз эле учурар эле, радиосуз да алыстан угузар эле. Ал эми, пенделерине жакшылык кылып, бардык нерсени бир себеп менен байланыштырды. Белгилүү бир нерселерди белгилүү бир куралдар менен эрежелер менен жаратууну каалады. Өэүнүн күчүн, аракеттерин эрежелер жана себептердин ичине жашырган. Анын бир нерсени жаратуусун каалаган адам ошол нерсенин себебине жармашып, тилегине жетет. Башы ооруган адам даары ичет, Бейишке кирүүнү каалаган адам Исламга моюн сунат, өзүн пистолет менен аткан, уу ичкен адам өлөт, тердеп туруп суу ичкен адам ооруйт, күнөөгө батып куфур кылып ыйманынан айрылган адам Тозокко кетет. Ким кандай себепке жармашса, ошол себеп аркылуу натыйжага ээ болот. Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуган адам Исламды үйрөнүп, сүйүп, мусулманчылыкты кабыл кылат. Динсиздердин арасында чоңойгон, алардын сөздөрүн тыңдаган адам динден алыс болот. Алардын көпчүлүгү ыймансыз болушат. Адам кайсы багыттын унаасына түшсө ошол багытка карай кетет. Аллаху таала өз иштерин эрежелер менен, себептер менен жаратпаганда эч ким эч кимге муктаж болмок эмес. Ар ким керек болгон нерсесин Аллахтан сурап, эч бир чара көрмөк эмес. Андай кезде адамдар арасында башчы, кызматкер, жумушчу, өнөрпоз, шакирт, устаз сыяктуу адамдар арасындагы мамилелер жоюлуп, дүйнө жана акыреттин тартиби бузулмак. Сулуу менен көрксүз, жакшы менен жаман, күнөөсүз менен күнөөкөр арасында айырмачылык калмак эле. Аллаху таала кааласа эрежелерин башка түрдүү да жасамак. Мисалы, кааласа ыйман келтирбегендерди, өз кызыкчылыгынан башка эч кимди ойлобой турган, башкалардын жанынын, мүлкүнүн, намысынын эсебинен күн көргөндөрдү Бейишке жиберер эле. Ыймандууларды, ибадат, жакшылык кылгындарды Тозокко жиберер эле. Бирок, аяттар менен хадистер муну каалабагандыгын көрсөтүп турат.
(Уландысы бар ...) |
www.islamdini.kg |