islamd...@gmail.com |
Кабыр суроосу баарынан суралабы
Суроо: Кабыр суроосу баарынан суралабы жана кичине жашта өлгөн балдарга да кабыр суроосу болобу? ЖООП: Бул тууралуу Сираж китебинде мындай делген: «Бүткүл адамдардан кабыр суроосу сурала тургандыгын Ахли сүннөт аалымдары сөз бирдиги менен билдирүүдө. Наристе кезде өлгөн балага болсо Аллаху таала жооп берүүнү илхам кылат.» Ибни Абдул-Барр жана Имам Суюту хазреттери дагы: «Момун жана мунафык болгон ахли кыбылага сурак бар», - деп буюрушкан. Хазрети Омарга кабыр суроосу болгондугу жана берген жоопту билдирген кабарлар китептерде бар.
Өлүү кабырга коюлган кезде
Суроо: Бир киши өлүп кабырга коюлганда аны эмнелер күтүүдө жана ал жерде каршылаша турчу биринчи нерсе эмне? ЖООП: Имам Газали хазреттери Дурра-тул Фахира фи-кашф-и улум-ил-ахыра делген китебинде бул тууралуу мындай деген: «Өлүү кабырга коюлган кезде, үстүнө топурак ташталганда кабыр мейитке минтип айтат: «Менин үстүмдө жүргөндө рахаттуу элең. Азыр астымда капалуу болосуң. Менин үстүмдө тамактарды жечү элең. Азыр болсо сени менин астымда курттар жешет.» Кабыр толуп, топурак менен үстү жабылганга чейин ушундай ачуу сөздөрдү айтат. Асхабы кирамдан Ибни Месуд хазреттери айтып берген. Бир күнү өзү Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан: - Йа Расулаллах, өлүү кабырга коюлганда биринчи болуп кезигише турчу нерсе эмне? – деп сураганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп буюрду: - Эй Ибни Месуд, муну сенден башка эч ким менден сурабады. Өлүү кабырга коюлган кезде алгач бир периште үн катат. Ал периштенин ысымы Руман. Кабырлардын арасына кирет. Анан айтат: «Эй Абдаллах, амалыңды жаз!» Ал киши айтат: «Менин бул жерде жазгыдай кагазым да, калемим да жок, эмнени жазайын?» Ал периште айтат: «Бул сөзүң кабыл кылынбайт. Сенин кепениң кагазың, түкүрүгүң сыяң, манжаларың калемиң. Периште кепенинен бир бөлүк кесип берет. Ал пенде дүнүйөдө канчалык жазганды билбесе да ал жерде сообун, күнөөсүн бир күндө кылган сыяктуу жазат. Мындан кийин периште ал жазган кепендин бөлүгүн түрүп, ал өлүүнүн мойнуна асат. Мындан кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Ар бир адамдын кылган иштерин көрсөткөн барактарды биз мойнунда кылдык» деген маанидеги Исра сүрөсүнүн 13-аяти каримасын окуду.
Суроо: Өлүү кабырга коюлган кезде эмнеге туш болот? ЖООП: Бир хадиси шарифте бул абал мындайча түшүндүрүлгөн: «Өлүү кабырга коюлганда артынан келгендердин буттарынын добуштарын угат. Мазардан башка аны менен сүйлөшкөн эч ким болбойт. Мазар мындай дейт: - Менин кандай болгонуман жана мендеги коркуу жана азаптан сага айтылгандар аз, мен үчүн эмне даярдадың? - Убал болсун сага эй адам баласы! Мен бар турганда эмнеге менменсиндиң? Менин азаптуу, караңгы, жалгыз жана курт-кумурскалар менен толо бир жер экендигимди билчү эмес белең? - Үстүмдө басып баратканда бир бутуң артта, бир бутуң алдыда адашып турганыңда эмнеге алдандың? Эгер ал киши салихтерден болсо бир үн мындай дейт:
- Эй мазар, эмнелерди айтып жатасың, ал туура киши эле? Амри маруф, нахйи мункар кылчу эле. Ага албетте жашыл бакчаларды даярдадым. Кийин анын денеси нурга айлантылат да руху асманга чыгарылат.» |
www.islamdini.kg |