Кыяматтын кичи белгилери (3)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Feb 5, 2026, 2:03:30 AM (6 days ago) Feb 5
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Кыяматтын кичи белгилери (3)

 

Хадиси шарифтер менен билдирилген кыяматтын калган белгилеринин кээ бирлери мындайча:

1-Аманатка сактык жоюлат.

2-Зинадан туулгандар көбөйөт.

3-Ичимдик көп ичилет.

4-Зекет берилбейт.

5-Аялынын сөзүн угуп, энеге каршы чыгылат.

6-Эркектер жибек кийишет.

7-Зыянынан сактаныш үчүн адамдарга мудара кылынат.

8-Жаштар фасык болушат (ачыктан ачык күнөө кылышат.)

9-Мурда жашап өткөн аалымдар жахил болушкан деп күнөөлөнөт.

10-Cүткорлук ашкере болот.

11-Билимдүү же аалым делгендерде кымындай да ыйман болбойт.

12-Исламга моюн сунуу айып деп эсептелет.

13-Баарына жакшылык кылган мусулман адам акмак деп эсептелет.

14-Исламга моюн сунуу отту колдо кармоо сыяктуу кыйын болот.

15-Мечиттерде, жыйналыштарда фасыктардын добушу бийик чыгат.

16-Бидаттар жайылат.

17-Күнөө кылууга үндөөлөр, чакырыктар көбөйөт.

18-Жакшылыкка тоскоолдук кылынат.

19-Амри маруф жана нахй-и анил мункар жоюлат.

20-Кошуналар бири-бирин жамандайт.

21-Мечиттерде Курани карим теганни (обон) менен окулат.

22-Пас адамдар сөз ээси болот.

23-Зыянынан сактаныш үчүн адамдарга сый көрсөтүлөт.

24-Музыкалык аспаптар көбөйөт.

25-Анархия (башаламандык) көбөйөт.

26-Адам өлтүрүү көбөйөт.

27-Динге баш ийүү, көркөм ахлактуу болуу уят болуп саналат.

28-Жансыздар дагы сүйлөйт.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages