![]() |
Өзүңдөн төмөндөргө кара Адам напсине багынган сайын эч нерсеге канааттанбайт, эч нерсеге ыраазы да болбойт. Анткени, адамдын напси кудай болууга умтулат. Өзү менен тең даражалуу адамдын болуусун да көтөрө албайт. Ошол үчүн колдогу бар нерсеге канаат кыла албайт. Көзү ар качан өзгөнүн мал-мүлкү менен мансабында болот. Дүнүйө-мүлк, мансап, даражасы боюнча өзүнөн жогоруларды көрүп-көрө албоочулуктун айынан кыжыры кайнайт. Аларды кызганып, жамандап, ушак кылат. Каталык артынан каталык кетирет. Өзүнүн да өзгөнүн да жанына тынчтык бербейт. Бул туурасында Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам» мындай деп айткан: «Динде (дин иштеринде) өзүңдөн төмөн болгон адамга караба, анткени, менменсинип өзүңдү курутасың. Дин жагынан өзүңдөн жогору болгон адамга кара, анткени, ал сенден да кайырлуу. Дүнүйө-мүлкү көп болгон адамга караба, Аллаху тааланын берген насибине нааразылык кылган болосуң. Азыгын кыйналып, маңдай тери менен таап жүргөн адамга кара, ошондо Аллаху тааланын сага берген ниматына шүгүр кыласың.» Динибиздин аалымдары шакирттерине ар дайым мындай деп насыят айтышкан: «Дүнүйө-мүлкү силердикинен аз, абалы төмөн болгондорго карагыла. Ошондо колуңардагыга жана ушул абалыңарга шүгүр кыласыңар. Ал эми акырет үчүн буга тескерисинче жасагыла. Акырет үчүн мээнет кылып бергенине шүгүр кылуу менен бирге андан да көбүн тилегиле. Акырети бизден жогору, үстөм болгондорго карап ошолор сыяктуу болууга тырышкыла. Алар (акырети жогору болгондор) – Ахли сүннөт аалымдары. Ушундай кылганда өзүнөрдү менменсинүүдөн куткарып текеберликке түшпөйсүнөр жана да туура жолдогулардын изи менен жүргөн болосунар.» Мал-мүлктүн, акчанын көп болуусу, даражанын, мансаптын жогору болуусу адамды бакытка алып барбайт. Түбөлүк азаптан куткарбайт. Булар Аллаху тааланын ыраазылыгына жараша колдонулса эсеби болот, болбосо азабы болот. Анткени, Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам»: «Дүнүйөсү тынч болгон адамдын дининде кемтиги болот», - деген. Ислам аалымдары бул хадиси шарифти: «Дүнүйө лаззаттарына жетишүү үчүн Исламдын чегинен сыртка чыккан адам акырет лаззатына жете албайт», - деп түшүндүрүшкөн. Хазрети Абдуррахман бин Махди: «Кимде ким илим жагынан өзүнөн жогору адам менен кезиксе муну бир олжо деп билүүсү керек. Анткени, анын илиминен пайдаланат. Өзү менен илими тең адам менен кезиксе, билгендерин бири-бирине үйрөтүп, бири-биринен пайдаланышат. Өзүнөн илими төмөн болгон адам менен кезиксе карапайымдыгын көрсөтүп, билгендерин ага үйрөтөт», - деп, адамдын ар-кандай абалдан пайдалана ала тургандыгын жана ушундайча бакытка жетише ала турганын билдирген. Хазрети Вахб бин Мунаббих: «Бул үч нерсе зулумдук болуп саналат: Өзүнөн жогору адамдарга каршы чыгып, буйруктарын орундабоосу. Өзүнөн төмөндөргө күчүн колдонуп акыларын тебелөө. Заалымдарга жардам кылуу», - деген. Хазрети Абу Бакир ВарракХазрети Абу Сулейман Дарани: «Дүнүйөнү кууган адамдан дүнүйө качат, андан качкан адамды кууйт. Качкан адамды кармап алса жаралайт. Дүнүйөнү каалап ага байланган адамды өлтүрөт. Анткени, дүнүйө менен күрөшүүгө болбойт. Күрөшкөн адамды жеңет, далысын жерге тийгизет. Дүнүйөгө байлануу – Аллаху тааланын ыраазылыгына жетүүгө кедерги боло турган парда. Ал эми акыретти ойлоо көңүлдүн жандануусуна себеп болот. Дүнүйө махабаты орун алган көңүлдөн акырет ойу көчүп кетет», - деген. Дүнүйөгө кол жеткизүү үчүн динин берүү акылдуу адамдын жасай турган иши эмес. Дин аалымдарыбыз: «Сухбати агниядан, тактап айтканда, дүнүйөгө берилген адамдын кеп-сөзүнөн качуу керек», - дешкен. Андай болгон соң аларга окшошуп өзүн бактысыз кылуу акылдуу адамдын иши эмес. Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Акыретти ойлоо акылдуулуктун жана көңүлдүн тирүү экендигинин белгиси. Аял, бала-чака, мал-мүлк сыяктуу айланадагылардын кайсы-бири сени Аллаху таааланы эске алуудан алаксыта турган болсо ал кайырсыз (жакшы эмес). Аллаху тааланы таанып билгенден кийин башкага моюн сунбагыла!» - деп буюрган. Хазрети Жалаледдин Давани жүрүм-турум адептерин жана адамдардын арасында орундалуусу керек болгон адептерди түшүндүрүп жатып: «Бир жыйынга барганда өзүнөн төмөн же жогору болгондордун ордуна отурбоо керек. Бирок, ал жыйналыштагылардын эң улуусу болсо каалаган жерине отурса болот. Бул орундарга байкабай отуруп алган болсо эсине түшкөн кезде ыңгайлуу бир орунга алмашып алуусу керек. Ал жерде бош орун болбосо, эч кимди ынгайсыз абалга калтырбай артка кайтуусу керек», - дейт. Хазрети Мухуммед бин Алийан: «Жоомарт адам өзүнүн жоомарттыгын төмөн деп санамайынча жана өзүн кабылдап жаткан адамды жогору деп санамайынча сопу боло албайт», - деп жасагандарыбызды көп деп билүүнүн жана өзгөлөрдүн мал-мүлкүнө, мансабына көзү тигүүнүн жаман нерсе экендигин түшүндүрүүдө жана жан ырахатынын, чыныгы бакыттын кайда экендигин бизге көрсөтүүдө. Хазрети Имам Шафии мындай деген: «Илим үйрөнүүнү өзүн жогору саноо үчүн каалагандардын эч кимиси кутулган эмес. Бирок, илим үйрөнүүнү карапайымдык үчүн жана адамдарга кызмат кылуу үчүн каалагандар албетте кутулат.» |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |
![]() |
Эртең Тарвийа күнү Зилхижжа айынын 8-чи күнү Тарвийа күнү деп аталат. Б.а., эртең 02.10.2014 Тарвийа күнү. Ал күнү ажылар Меккеден Минага чыгышат. Тарвийа деп айтылуусунун себеби ажылар ал күнү Замзам суусунан көп ичип канууларынан болуп саналат. Тарвийа тафаккур (ойго батуу) деген мааниде дагы колдонулат. Ибрахим алейхиссалам Зилхижжа айынын 8-чи түнү түшүндө "Өз уулун мууздап жаткан абалда” көрөт. Таң атканда "Түш шайтанданбы же Аллах тарабынанбы” деп тарвийа жана тафаккурга чөмүлүп, ал күндү тафаккур менени өткөрөт. Арафа түнү болгондо өзүнө: "Буйрук кылынган нерсеңди орунда!” – деп буюрулганда Аллаху таала тарабынан экендигин билет. Билгендиги үчүн ал күн "билүү” деген маанидеги Арафадеп аталып калат. Арафа - Зилхижжа айынын 9-чу күнү. Башка күндөр Арафа деп аталбайт. Хадиси шарифтерде айтылды: "Бир мусулман Тарвийа күнү (Арафа күнүнөн мурдагы күн) орозо кармаса жана күнөө сөз сүйлөбөсө Аллаху таала аны, албетте, Жаннатка киргизет.” "Ырайым эшиктери 4 түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба, тообо артка кайтарылбайт. Рамазан жана Курман айттын 1-чи түндөрү, Берат түнү жана Арафа түнү.” Суроо: Курмандык чалуунун мааниси кандай? ЖООП Курмандык нисабына ээ болгон адамдын эч себепсиз курмандык сойбоосу күнөө болот. Курмандык чалуусу важиб болуп турса дагы ичинде жашап жаткан адамдар курмандык сойбогон үй кайгы менен ээсин каргап (баддуба кылып): "Курмандык сойбогонуңдай Жанабы Аллах дагы сага жакшылык жасоону насип кылбасын!” – дейт. Ал үй ошол жылы балээлерге дуушар болот. Курмандык сойгон адамдын үйү болсо ыраазы болот, ээсине жакшы дуба кылат. Бул жагынан алып караганда курмандык чалууну нимат деп билүү керек! Курмандык сойгон мусулман өзүн Жаханнамдан азат кылган болот. Хадиси шарифтерде айтылган: "Сараңдардын эң жаманы - [важиб болгонуна карабай] курмандык сойбогону.” [С.Эбейдиййе] "Алы-жагдайы болуп туруп курмандык сойбогон адам биз намаз окуган жерге келбесин!” [Хаким] "Сооп үмүтү менен курмандык сойгон адам Жаханнамдан сактанат.” [Таберани] Миң Ихлас окууда Суроо:Хадиси шарифте:"Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубалары кабыл болот”, - деп айтылган. Муну окуп жатканда зарылчылык менен ортодо сүйлөсө же башка бир иш кылгандан кийин окууну улантса зыяны жокпу? ЖООП Жок, эч нерсе болбойт. Арты артынан окуу шарт эмес. Мисалы, бир бөлүгү таңдан кийин, бир бөлүгү бешимден же асырдын кийин да окулса болот. |
![]() |
Арафа күнү - Курман айттын биринчи күнүнөн мурдагы күн. Б.а., эртең 03.10.2014 Арафа күнү. Арафа түнү болсо - Арафа күнү менен Курман айттын биринчи күнүнүн арасындагы түн. Ар ыйык түнгө болгон сыяктуу бул түнгө дагы урмат көрсөтүү зарыл. Хадиси шарифтерде айтылды: "Арафа күнүн урматтагыла! Себеби, Арафа Аллах тарабынан баркталган күн.” "Арафа күнү орозо кармагандардын эки жылдык күнөөлөрү кечирилет. Биринчиси өткөн жылдын, экинчиси келерки жылдын күнөөлөрү.” "Арафа күнү 1000 Ихлас окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана дубасы кабыл болот.” (Баарын Бисмиллах менен окуу керек.) "Арафа түнү ибадат кылгандар Тозоктон азат болот.”
Ташрик такбирлери Арафа күнү багымдат намазынан баштап Курман айттын төртүнчү күнү аср намазынын аягына чейин 23 убакытта эркек жана аялдардын (аялдар акырын окушат) фарз намаздардан кийин салам берип "Аллахумма антассалам...” деп айтуудан мурда такбир-и ташрикти окуулары важиб. Такбир-и ташрик төмөндөгүдөй: "Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд” Фарз намаздардан башка айт күндөрү жана айт күндөрүнө дал келген жума намаздардан кийин дагы окулат. Мечиттен чыккандан кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин окуу зарыл эмес.
Арафа күнү кылына турган иштердин айрымдары төмөндөгүдөй: 1 – Арафа күнү багымдат намазынан баштап Курман айттын төртүнчү күнү аср намазына чейин эркек-аял ар ким жамаат менен окусун же жалгыз окусун, 23 убакыт фарз намаздардан кийин салам берип "Аллхумма антассалам...” деп айтуудан мурда бир жолу важиб болгон ташрик такбирин айтуусу керек. Б.а., "Аллаху акбар, Аллаху Акбар, Ла илаха иллаллаху, Валлаху акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил-хамд” деп айтылат. Мечиттен чыккандан кийин же башка нерсе сүйлөгөндөн кийин ташрик такбирин окуу зарыл эмес. (Халаби) 2 – Зилхижжа айынын 9чу күнү орозо кармоо өтө сооп. Бирок, Арафа күнү кармаса андан да көп сооп болот. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды: "Арафа күнү орозо кармаган адамга Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.” [Р. Насыхин] "Арафа күнү орозо кармаган адамга Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.”[Р. Насыхин] "Арафа күнү кармалган орозо миң күн [нафил] орозого барабар.” [Табарани] "Арафа күнү кармалган орозо эки миң кулду азат кылууга, эки миң төөнү курмандыкка чалууга жана Аллахтын жолунда жихад үчүн берилген эки миң атка барабар.” [Т. Гафилин] "Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх] "Арафа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки жылдын күнөөлөрүнө кафарат болот.” [Муслим] "Шайтан Арафа күнүнөн башка заманда андан да жаман, маскара, пас жана кектүү көрүнбөйт.” [И. Малик] "Аллаху таала Арафа күнү кулдарына назар салат. Кымындай ыйманы бар адамды кечирет.” [Гунйа] "Арафа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.” [С. Абадиййа] (Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.) "Дубанын пайдалуусу - Арафа күнү кылынган дуба.” [Байхаки] "Арафа күнүн урматтагыла! Арафа Аллах тарабынан баркталган күн.” [Дайлами] "Арафа күнү кулагына, көзүнө жана тилине ээ болгон адам кечирилет.” [Табарани] Кулагына ээ болуу – ушак, музыка сыяктуу харам болгон нерселерди тыңдабоо. Өзү каалабай кулагына угулуп калса күнөө болбойт. Көзүнө ээ болуу – харам болгон нерселерди карабоо жана караган мубах нерселерден сабак алуу. Тилине ээ болуу болсо – жалган сүйлөбөө, ушак айтпоо, сөз ташыбоо, жаман сөз айтпоо, жада калса, пайдасыз нерселерди сүйлөбөө, эч кимди таарынтпоо. Буларды сактаган адам Арафа күнүн орундаган болот. |