Жума мубарек болсун!

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
May 9, 2025, 2:26:54 AM5/9/25
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Ахли сүннөт акыйдасы өтө баалуу казына

 

Ким дүйнөдө бири-бирин жакшы көрсө, бирге болсо, акыретте да бирге болот. Акыретте кимдер менен бирге болууну, кайда болууну кааласак муну дүнүйөдө тандап, ошого карап чечим чыгаруу керек. Тактап айтканда, ким болгонубуз эмес кимдер менен бирге болгонубуз маанилүү.

Бир жакшылыктын аткарылуусуна себепчи болуу ал жакшылыкты аткарган менен бирдей болот. Бир адамдын хидаятына (ыйман келтирүүсүнө) себепчи болуу, бир адамга көмөкчү болуу эң баалуу ибадат. Кээ бир адамдарга Аллаху таала өзгөчө жөндөм берген. Аларды өзгөчө милдет менен жараткан. Бул адамдар жылуу жүз, жылуу сөз менен башка адамдардын хидаятына (туура жолду табуусуна) себепкер болот, элге дин улуктарын, аалымдарды таанытат...  Алар түбөлүк оттон бир адамды болсо да кантип куткара алабыз” деп аракеттенишет, элге ахли сүннөттү үйрөтүүгө аракеттенишет, кимди жакшы көрүү керек экенин, кимди жаман көрүү керек экендигин айтышат, миңдеген мусулмандардын Силсилеи алиййа” деп аталган улуу улама, олуялардын жолун таанууларына себепчи болушат. Көптөгөн мусулмандардын акыйкатты көрүүлөрүнө  себепкер болушат.

Дин аалымдары мындай дешкен: Ахли сүннөт акыйдасы өтө баалуу казына. Аллаху таала бул баалуу казынаны таштандыга таштабайт... Бир гана кадырлуу көңүлдөргө орнотот. Ошондуктан, ушундай баалуу казынага ээ болгон мусулмандар өтө баалуу болушат.

Аллаху тааланын динине кызмат кылууга умтулуу ар бир мусулмандын моюнунда милдеттүү түрдө болуусу керек. Эгер андай болбосо ыйманында кемчилик бар дегенди билдирет. Анткени, ыймандын толук болуусу же болбоосу аны башкаларга жеткирүүгө байланыштуу. Мисалы, Абу Бакр Сыддык "радыйаллаху анх” ыйман келтирип оозунан чыккан алгачкы сөзү «Йа, Расулаллах, менин дагы алты досум бар, алып келейин алар да мусулман болушсун» деген сөз болгон. Адам эмнеден ырахат алса башкалардын да ошол ырахатты алуусун каалайт. Адам эмнени жакшы көрсө башкалардын да ошону жакшы көрүүсүн каалайт. Шексиз, Аллаху таала бизге мубарек адамдарды жана ахли сүннөт аалымдарын жакшы көрүүнү насип кылды. Биздин да жакшы көргөн динибизге кызмат кылуубуз жана динибизди башкаларга да жакшы көрсөтүүбүз негизги милдетибиз болот. Булардын сообун өлчөө мүмкүн эмес...

Мусулманга эң биринчи керек болгон нерсе – ыйман. Ыймандан кийинки керек нерсе – илим. Илим үйрөнүү - аял-эркек бардык мусулмандарга парз. Адамдардын өзүн куткара ала тургандай өлчөмдө илим үйрөнүүсү парз. Үйрөнгөндөн кийин үйрөнгөндөрүн башкаларга үйрөтүү да парз, ошону менен катар үйрөнгөнү боюнча амал кылуу да парз. Бир мусулман бир ибадатты кылбаса күнөөгө кирет, ал эми ошол ибадаттын кандай кылына турганын билбесе экинчи күнөөгө дагы кирет. Илим үйрөнбөө балээ, үйрөтпөө да балээ, илим менен амал кылбаган болсо эң чоң балээ.

Дин аалымдары айтышат: «Динге байланыштуу бир маселени үйрөтүү же үйрөтүүгө себепчи болуу жүз жолу умра кылуунун сообунан да көп. Ахли сүннөт акыйдасы жазылган бир китепти (мисалы, сайтыбыздагы намаз китебин) алып башкаларга берүү өтө баалуу иш. Китеп окуганда да өтө кылдат болуубуз керек. Китептин ичиндеги маалыматтардан мурда китептин жазуучусу маанилүү. Көңүлдөн чыккан нерселер көңүлгө таасир берет. Акыйдасы бузук адамдардын жазган китептерин окуган адамдардын жазуучудан таасирленип, акыйдасы бузулуусу мүмкүн. Дин аалымдары: Кир кудуктан шыпаа келбейт”, - дешкен. Денебизге кирген тамактын таза болуусуна маани бергенибиз сыяктуу рухубуздун да азыгына этият болуубуз керек, жада калса, жеген тамактан да бетер сак болуубуз керек. Рухтун азыгы  - илим, дин, ибадат. Денеге бузулган тамак берген убакта дене өлүүсү мүмкүн, бирок, рухуна бузулган азык кирген адам ыйманын жоготот. Тамактардын тазалыгына кандай маани берип жүргөн болсок дал ошол сыяктуу окуган китептерибизди да жакшы тандообуз керек. Мындай болгон соң, ар түрдүү королдуктардын этегин өөп жүргөн акыр заман шейхтери менен мазхабсыз эки жүздүүлөрдүн сандырактарын ислам китеби экен деп окуп алданып калбоого аракеттенүү керек.




www.islamdini.kg

islamdini kg

unread,
May 16, 2025, 2:19:47 AM5/16/25
to islamd...@googlegroups.com
 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Ар-намыссыздыктын себеби

 

Азыркы тапта батыш элдеринде зина, сафизм (лесбиандык), ливата (гомосексуализм) сыяктуу намыссыздык, адамгерчиликке туура келбеген катнаштар кеңири жайылууда. Ал эми мындай эссиздиктин келип чыгышынын эң башкы себеби - аял менен эркектердин бири-бири менен чексиз, контролсуз түрдө кездешүүлөрү. Мына ушунун натыйжасында батышта өмүрүн зина кылбай өткөргөн эркектер менен аялдар өтө аз кездешет.

Эркек менен аялдын эч уялбастан бирге отуруулары, ачык сүйлөшүүлөрү жана кездешүүлөрү менен аялдарга урмат көрсөтүүдөбүз, алардын укуктарын орундап жатабыз деп отуруп, аларды ушундай коркунучтарга өздөрү түртүшүүдө жана аялдарды кордоп соода товары сыяктуу колдонушууда.

Ал эми мусулман аялдары ар-намыстуу жана уяттуу болгондуктан, күйөөлөрүнүн жанында жана бардык жерде дагы урматтуу, кадырлуу болгондуктан күйөөлөрү аларды мындай коркунучтуу жагдайларга жана кордуктарга жолотушпайт.

Ар адам өтө жакшы көргөн жана баалуу нерселерин өзү үчүн коргогондугу сыяктуу мусулмандар дагы өздөрүнө бардык нерседен кадырлуу, кымбаттуу жана урматтуу деп билген аялдарын жана күйөөлөрүн учуп бараткан куштан дагы коргошот. Ал эми бул махабатынын көптүгүнөн боло турган дүнүйө.

Европалыктар мындай ахлак жана намыс сезиминен куру калышкан. Ал жакта эркектин өзүнүн аялын же аялдын өзүнүн күйөөсүн кызгануусу өтө күлкүлүү жана акмактык деп саналат. Мисалы, бир жерде баланча кызганчаак экен делсе тарбиясыз, акмак деп эсептелинет. Бул - жаңылыш түшүнүк.

 

Тектүүлүктүн мааниси

 

Тектүүлүк башка өзгөчөлүктөр менен бирге болсо гана маанилүү болот. Адамдардын баары Адам алейхиссаламдан тарашкан. Ар жакшынын балдары жакшы, ар жамандын балдары да жаман деген эреже жок.

Хазрети Адам жана Хазрети Нухтун уулдарынын бири капыр болгон. Нух алейхиссалам жана Лут алейхиссаламдын аялдары капыр болгон. Аллаху таала жамандан жакшы, жакшыдан жаманды жаратат. Курани каримдин бир канча жеринде: "Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат”, -деп билдирилген. (Аали-Имран сүрөсү, 27)

Ислам аалымдары бул аятты чечмелеген кезде: "Капырдан мусулманды, мусулмандан капырды жаратат”, - дешкен. Ошондуктан, тегинде жамандардын болуусу өзүнүн да жаман экенин көрсөтпөйт. Баарыбыз Адам алейхиссаламдан келдик. Динибизде тектүүлүк жагынан үстөмдүк жок. Аллахтын алдында үстөмдүк бир гана такыбаада. "Аллахтын назарында силердин эң үстөмүңөр – такыбаалуураак болгонуңар”, - деп билдирилген. (Хужурат сүрөсү, 13)

(Такыбаалык Аллахтан коркуп, диндин буйруктарына моюн сунуу жана тыюуларынан сактануу дегенди билдирет.)

 

Жакшы мүнөз дагы тектүүлүккө жатат

 

Ишеничтүү болбогон, жаңылыш бир китепте мындай деген негизсиз пикир жазылган:

"Тектүүлүксүз берилген тарбия таасирлүү болбойт. Жезди канчалык жылтыратып сүртсөң деле үч күндөн кийин кайра карарат. Жасалма жылтырак аз убакытка жетет. Алтынды эч качан дат баспайт. Жылтыратып сүртпөсөң деле жылтырагын жоготпойт. Бул мисал тектүүлүктүн канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.”

Китеп ишеничтүү болбогондугу сыяктуу эле бул пикир Курани карим менен хадиси шарифтерге дагы каршы.

Бир адам теги чоң үй-бүлөдөн чыкпаса дагы жакшы мүнөздүү, диндар болсо, ал адамдын көркөм мүнөзү менен диндарлыгы тектүүлүктөн дагы жакшыраак болуп саналат. Хадиси шарифте мындай делген:

"Жакшы мүнөздөй тектүүлүк болбойт.”(Ибн Мажа)

"Аялды же байлыгы үчүн же сулуулугу үчүн же болбосо диндарлыгы үчүн алат. Силер диндарын алгыла! Материалдык жана руханий ниматтарга ээ болосуңар!” (Бухари)

Насаат аркылуу тексиз адамды дагы тарбиялоого болот. Ошондуктан, Курани каримде: "Насаат айткыла! Насаат момундарга албетте пайда берет”, -деп билдирилген. (Зариат сүрөсү, 55)

Тексиз адамды тарбиялоо мүмкүн болбогондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Мүнөзүңөрдү жакшырткыла!» -деп айтмак беле? (Ибн Лал)

Хазрети Лукмандан мындай деп суралат:

Адеп, тектүүлүк, мал-мүлк менен илимдин кайсы бири жогору?

Адеп тектүүлүктөн, илим мал-мүлктөн кайырлуу.

Хазрети Лукмандан уулу мындай деп сурайт:

- Эң жакшы касиет эмне?

- Диндар болуу.

- Макул, ата. Эгер бул касиет экөө болсочу?

- Диндарлык менен мал-мүлк ээси болуу.

- Үчөө болсочу?

- Диндарлык, мал-мүлк жана уяттуулук.

- Төртөө болсочу?

- Диндарлык, мал-мүлк ээси болуу, уяттуулук жана көркөм мүнөз.

- Бешөө болсочу?

- Диндарлык, мал-мүлк ээси болуу, уяттуулук, көркөм мүнөз жана жоомарттык.

- Алтоо болсочу?

- Балам, ушул беш мүнөз кимде бар болсо ал адам такыбаа ээси, Аллаху тааланын досу, шайтандан узак, таза адам болуп саналат.




www.islamdini.kg

islamdini kg

unread,
May 23, 2025, 3:00:38 AM5/23/25
to islamd...@googlegroups.com
 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Таттуу нематтар ачуу дарылар менен капталган

 

Ар бир жакшылык, ар немат Аллаху таалага ихлас менен баш ийип жана ибадат кылуудан, ар жамандык жана кыйынчылык болсо күнөө кылуудан пайда болот. Ар кимге дарт жана балээ күнөө жолдон, рахаттык жана тынчтык да баш ийүү жолу менен келет. Аллаху тааланын адаты ушундай. Аллаху таала эч кимге себепсиз балээ жибербейт. Курани каримде мындай деп буюрулду:

"Бир коом өзүн бузбаганча Аллаху таала алардын абалын өзгөртпөйт.”   [Рад, 11]

"Эгер Аллаху таала адамдарды куфур жана күнөөлөрүнөн улам дүнүйөдө жазаландыра турган болгондо, жер жүзүндө бир да жандык калмак эмес.”   [Нахл, 61]

Демек, бизге келүү керек болгон балээлердин баары келсе жер бетинде адам калбайт. Кылган ар бир күнөөлөрүбүздүн жазасын дүнүйөдө көрбөйбүз. Демек, эгер тартуубуз керек болгон балээлердин бардыгы келгенде жер беринде адам калбайт. Кылган ар жамандыгыбыздын жазасын дүнүйөдө тартпайбыз. Көбүн болсо Аллаху таала кечирет. Адамдарга балээ эки себептен улам келет. Кылган күнөөлөрүнөн улам, же болбосо, күнөөсүз болсо дагы даражасынын жогорулоосу үчүн. Хадиси шарифте айтылды: 

"Чоң-кичине ар бир кыйынчылык кечириле турчу бир күнөө же жете турчу бир даража үчүн болот.”   [Абу Нуайм]

Имам Раббани хазреттери буюрду:

"Дүнүйө акырет менен салыштырганда деңиздин жанындагы бир тамчы сууга да татыбайт. Дүнүйөдө бир канча күн дарт жана балээ тартылбаса Жаннаттын чексиз ниматтарынын баасы билинбей калат, чексиз саламаттык жана афияттын баасы билинмек эмес. Курсагы ачпаган адам тамактын даамын түшүнө албайт, оорубаган адам саламаттыктын кадырын билбейт. Дүнүйө көз ачып-жумганчалык түш сыяктуу. 

Түшүбүздө колубузга көп нерсе тийсе, ойгонгондо колубуздан эч нерсе жок болсо, анда анын кандай баасы болмок эле? Түшүңдө бираз кыйынчылык тартсаң, ойгонгондо өмүр бою рахат жашайсың деп айтышса, ушундай аз кыйынчылыкка чыдаса болбойбу?

Кыйынчылыктар өтө оор сезилсе дагы булардын немат экендиги унутулбоосу керек. Ошондуктан, сүйүктүүлөргө дарт жана балээ жамгыры кем болбойт. Бул таттуу нематтар ачуу дары менен капталган. Акылы бар адам мунун ичиндеги таттуу нематтарды көрөт. Үстүн каптаган ачуу нематтарды да таттуу көрүп кошо чайнайт. Ачуулардан да даам алат. Оорулуу адам анын даамын сезе албайт. Оору деген нерсе Андан башкага көңүлүн бургандык болуп саналат. Дайым татуу тамакка көнүп калган адам шыпаа боло турчу ачуу дарыдан качат. Хадиси шарифте буюурулду:

"Нематка жетүү үчүң адамга кайгы келет.”  [Бухари]

"Аллаху таала жакшылыгын мурат кылган пенде балээлерге учурайт жана алектене турчу мал-оокаты, баласы калбайт.”  [Таберани]

"Кайгы-кыйынчылыктар жүздөр карарган күндө ээсинин жүзүн агартат.” [Таберани]

"Ооруган адамдын күнөөлөрү дарактын жалбырактары күбүлгөндөй күбүлөт.”  [Ибни Хиббан]

"Аллаху таала буюрду: "Жиберилген балээге сабыр кылган адам нематка шүгүр кылган сыддыктар менен бирге болот. Буларды аткарбаган адам өзүнө башка Кудай издесин!" [Т. Гафилин]

"Аллах жолунда момунга келген ар бир чарчоо, оору, кыйынчылык, кайгы-капа, атүгүл бутуна кирген тикен күнөөлөрүнө каффарат болот.”  [Бухари]

"Балээни немат, молдук жана рахаттыкты кайгы деп санабаган адам кемел момун эмес. Себеби, балээден кийин молдук, молдуктан кийин балээ келет.  [Таберани]

"Эң оор балээ анбия, олуя жана аларга окшогондорго келет. Адам ыйманы канчалык болсо ошончолук балээге туш болот. Ыйманы бекем болсо келген балээ оор, ыйманы алсыз болсо балээ жеңил болот.”  [Тирмизи]

"Киши дайыма сыххат жана саламатта болгондо бул экөө анын куруусу үчүн жетиштүү болмок.”  [И.Асакир] 

"Баш оорусу же кандайдыр бир оорусу себеби менен момун адамдын Ухуд тоосундай күнөөсү болсо да баары кечирилет.”  [Таберани]

"Хак таала буюрду: "Иззат жана жалалымдын акысы үчүн каалаган кулумдун малына тардык, денесине оору берип кечирбегенче дүнүйөдөн чыгарбайм."  [Рузейн]

"Момундун күнөөлөрү кечирилгенге чейин балээ жана оору келет.” [Хаким]

"Хак таала буюрду: "Денесине, баласына же малына кандайдыр бир зыян келген адам аны сабр-ы жемил менен тозуп ала турган болсо, Кыяматта андан эсеп суроодон тартынам.”  [Хаким]

"Шектүү болгон алтынды от менен текшеришкендей эле, Аллаху таала адамдарды дарт менен, балээ менен сынайт.”  [Таберани]

"Афийетте болгон (эч кыйналбаган) адам кыяматта балээлерге дуушар болгондорго берилген сооптордун көптүгүн көргөндө: "Дүнүйөдө жашап жатканда терибиз кайчы менен кесилгенде кана", - деп айтышат.”  [Тирмизи]

"Пенде үчүн Аллаху тааланын алдында амалы менен жете албай турган даража болот. Балээге учураганда ошол даражага жетет.”   [Абу Нуайм] 




www.islamdini.kg

islamdini kg

unread,
May 30, 2025, 2:50:59 AM5/30/25
to islamd...@googlegroups.com
 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Билип жана ыкылас менен кылынган ибадат

 

Билип жана ыкылас менен (ихлас менен) кылынган ибадат адамды дүнүйөдө куфурдан, күнөөдөн куткарат жана кадырлуу кылат. Ал эми акыретте тозоктун азабынан куткара турганын Аллаху таала Маида сүрөсүнүн тогузунчу аятында жана Аср сүрөсүндө убада кылган. Анкебут сүрөсүнүн 45-аятында: «Туура окулган намаз адамды фахшадан (чоң күнөөлөрдөн) жана мүнкардан (каршы чыгуудан)сөзсүз түрдө алыстатат», - деп айтылган.

Адамды жамандыктардан алыстатпаган намаз туура намаз эмес, көрүнү гана намаз. Намаз ибадатынын туура болуусу үчүн алгач намазга тийиштүү өкүмдөрдү үйрөнүү керек жана аларды билип, аткаруу керек. Шарттарына ылайык окулган намаз адамды бардык жамандыктардан алыстатат. Анткени, бул - Раббибиздин убадасы. Пайгамбарыбыз: «Билип кылынган аз ибадат билбей кылынган көп ибадаттан да пайдалуу!» - деп билдирген.

Хазрети Имам Газали мындай деген:

«Көп даарат алгандар бар, бирок, дааратын туура алышпайт жана көп намаз окугандар бар, сурабаса да элге намазын айтып жар салышат. Намазын хушу менен окубайт. (хушу: ыкылас менен, кемчиликсиз, башка нерсени ойлобой, берилип окуу). Эгер намазда кумурска тиштеп алса, намаздарын таштап кумурска менен убара болот. Ал эми Аллаху тааланын улуулугун билип, тааныгандардын колу-буттарын кесип алса да кебелбейт. Анткени, алардын ибадаттары Аллаху таала үчүн. Аллаху тааланын алдында турган адам Анын сүрүн, улуулугун билгениндей, таффаккур кылганындай хушу кылат, коркот. Бир падышынын алдында турган кишини чаян чагып алат, ал сабыр кылып, эч кимге билдирбейт. Падышага болгон урматын, адебин көрсөтөт. Ал эми Аллаху тааланын алдында турган адам албетте андан да ашыгы менен хушу ичинде болууга милдеттүү.»

Аллаху таалага жакын болуу үчүн же Анын сүйүүсүнө жетүү үчүн ыкылас менен Исламга моюн сунуу керек. Исламга моюн сунуу алгач Ахли сүннөт аалымдары билдиришкендей ыйман келтирүү, андан соң харамдардан качуу жана парз болгон ибадаттарды ыкылас менен аткаруу дегенди билдирет.

Бардык ибадаттардын кабыл болуусу адал тамактанууга байланыштуу. Хазрети Ахмед бин Абдуллах Исфахани мындай деген: «Дин улууларынын көбү мындай дешкен: "Ибадаттар он бөлүктөн турат, тогузу халал жол менен тамак табуу, калган бир бөлүгү бардык ибадаттарды аткаруу болуп саналат.»

Ошол себептен адал тамак табууга тырышуу керек. Харамдардан жана күмөндүү нерселерден узак болуу керек. Пайгамбарыбыз: «Аллаху таалага ант беремин, бир үзүм арам тамак жеген адамдын кырк күн ибадаттары кабыл болбойт», - деп айткан.

Хазрети Суфйан Саври мындай дейт:

«Харам акча менен жакшылык, кайрымдуулук кылуу – кирди заара менен жууп тазалаган менен бирдей.»

Хазрети Абу Хурайра мындай дейт:

Расулуллах алейхиссаламдан уктум:

«Аллаху таала адеми. Адеми ибадаттарды гана кабыл кылат. Аллаху таала пайгамбарларына буйрук кылганын момундарга да буйрук кылды жана мындай деп айтты: "Эй пайгамбарларым! Адал тамак менен тамактангыла жана салих, жакшы амалдарды кылгыла!” Момундарга да буйрук кылып мындай деди: "Эй ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскылардын халал болгондорун гана жегиле!” Расулуллах алейхиссалам сөзүн улап мындай деди: "Узак жолдон келген, чачы, сакалы уйпаланган, жүзүн чаң баскан адам колдорун көккө көтөрүп дуба кылат. Йа Раббим! деп жалбарат. А бирок, жеген-ичкени харам, азыгынын баары харам. Анын дубасы кантип кабыл болот?» Тактап айтканда, харам жеген адамдын дубасы кабыл болбойт деп айтты.

Ошондуктан, харамды, халалды, кумөндүү нерселерди жана пайызды билбеген адам, буларды бири-биринен ажырата албаган адам харамдардан кутула албай кылган ибадаттары текке кетет.

Исламдын буйруктарына баш ийип, тыйууларынан сактанган адамга сооп, ал эми буйруктарын аткарбай, тыйууларынан сактанбагандарга азап бар. Ыйман ниматына ээ болгон адамга ибадат кылуу буйрук кылынган. Ибадат – Аллаху тааланын бар экенин, Анын пайгамбарларын жана акыреттеги ниматтарды жана азаптарды кабыл кылуу менен жана ишенүү менен башталат. Буларга ишенип, ибадаттарды аткаруу менен үч нерсе пайда болот:

Биринчиси, адам шахватына багынуудан кутулат. Көңүлү, руху тазарат. Ачуулануудан тыйылат. Анткени, шахват менен ачуулануу жаратканды эске алууга кедерги болот.

Экинчиси, адамда материалар менен кылынган тажрыйбалар жана сезүү мүчөлөрү менен ээ болгон билимдерине байланышы болбогон башка руханий илимдер, өздөштүрүүлөр пайда болот.

Үчүнчүсү, жакшылыктарга ниматтар, жамандык кылгандарга азап бериле турганын ойлогондо адамдар арасында адилеттик орнойт.

Көңүлдүн напсиге алданып жаман мүнөздүү болбоосу үчүн көңүлдү кубаттандыруу жана напсини алсыратуу керек. Акылдын кубаттануусу Ислам илимдерин окуп үйрөнүү менен ишке ашканы сыяктуу көңүлдүн күбаттануусу, тактап айтканда, тазаруусу да Исламга баш ийүүсү менен ишке ашат. Исламга баш ийүү үчүн ыкылас керек. Ыкылас – иштерди, ибадаттарды Аллаху таала буйрук кылганы үчүн кылуу, башка эч кандай пайданы ойлобоо дегенди билдирет.

Парздарды аткарбай калтыруу (таштоо) чоң күнөө. Бул күнөөлөрдөн кутулуу үчүн ибадаттарды шарттарына ылайык кылып жана ыкылас менен аткаруу керек. Билип жана ыкылас менен кылынган ибадат адамды дүнүйөдө куфурдан жана күнөөдөн коргоп даражасын жогорулаткандай эле акыретте да түбөлүк бакытка жетүүгө себепчи болот. Ал эми ибадат кылбастан Жаннатка кирүү үчүн дуба кылуу күнөө болот. Хадиси шарифте: «Акылдуу адам напсин ээрчибейт жана ибадатын аткарат. Акмак адам напсин ээрчип, анан Аллахтын мээримин күтөт», - деп айтылган.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages