Фикх илимин үйрөнүү

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jul 2, 2025, 3:43:10 AMJul 2
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Фикх илимин үйрөнүү

 

Үйрөнүлүүсү парз же важиб болгон фикх илимдерин үйрөнбөгөндүк күнөө болуп эсептелет. 

Курани каримден намаз окуй тургандай жаттоо парз.  Муну үйрөнгөндөн соң фикх билиминен фарз-ы айн,  башкача айтканда, ар бир мусулмандын билүүсү шарт болгондорду  үйрөнүү Курани каримдин көбүн жаттоодон жакшыраак амал. Ибадаттар жана соода-сатык үчүн керектүү  болгон фикх илимин үйрөнүү парз. Ар кимдин ишине  карата керектүү болгон нерселер фарз-ы айн болуп  эсептелет. 

Фикх билимин таштап, тафсир менен алпурушуу туура эмес. Себеби, тафсирден вааз жана кысса үйрөнүлөт. Фикх үйрөнүлбөйт. Ошондуктан, фикх  билимин үйрөнүп, харам эмне, халал эмне экендигин  жакшылап билип алуу зарыл. Ашыкча фикх билимин  үйрөнүү да нафил ибадат кылуудан дагы сооптуураак.  Буларды үйрөнүп жатып тасаввуф билимин жана  олуялардын өмүр баянын окуп үйрөнүү да мустахаб  болот. Буларды окуп үйрөнүү жүрөктүн ихласын  арттырат. 

Фикх аалымдары терең фикх билимдерин Курани  каримдин аяттарынан жана хадиси шарифтерден  чыгарышкан, аларды даярдашып фикх китептерине  жазышкан. 

Фикх китептерин таштап динди тафсир китептеринен  үйрөнүүгө аракеттенүү жаиз эмес (туура эмес). Ансыз  да мужтахид болбогон адамдардын фикх билимдерин  Курани каримден жана тафсирлерден үйрөнүүлөрү  мүмкүн эмес. Тозокко кире тургандыктары билдирилген  72 бузук фырканын аалымдары аятттардан туура эмес,  жаңылыш маани чыгарышкандыктан улам жолдон  адашышкан.  

Хадиси шарифте: «Курани каримди өз көз карашы  менен тафсир кылган адам ыйманын жоготот», -  делген.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages