| |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |
Пайыз тууралуу кээ бир суроо-жооптор Пайыз чоң күнөө. Бирок, пайыз тууралуу сүйлөгөн көп адам пайыздын эмне экендигин билбейт. Болгону пайыздын бир-эки түрүн билет. Бирок, пайыз түрү көп. Хадиси шарифтерде буюрулду: «Пайыз жетимиш үч түрдө болот.» [Хаким] «Пайыз жалпысынан алганда бөлүп төлөөдө болот.» [Муслим] «Бир заман келет, адамдар арамды-адалды ойлонушпайт, бир гана акчанын келүүсүн ойлонушат.» [Р.Насыхин] Карызда дагы пайыз боло тургандыгын көп адам билбейт. Мисалы, эки айдан кийин берем деп бир сом алуу пайыз болот. Хамза Эфендинин Бей жана Шира рисаласынын шархында: «Карыз берип жатканда убакытты белгилөө пайыз болот», - деген. Пайыздан кутулуу үчүн алышуу-беришүү, соода-сатык маалыматтарын үйрөнүш керек. Суроо: Үйүмдү бир досума бердим. Мага карызга 5000 сом берди. Мен ага: «Үйүмөн ижара акча албайм, сен дагы акчаңан пайыз алба. Акчаң менде канча жыл турса ошончо жыл үйдө ижара акысыз жаша», - дедим. Б.а., акча пайызсыз, үй ижара акысыз болууда. Динибизде мунун зыяны барбы? ЖООП Ооба. Ачыктан ачык пайыз. Үйдө акчанын пайызына жараша турууда. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Пайда алып келген карыз - пайыз», - деп айткан. Сизге берген карыз үчүн үйдө жашоодо. Досуңуз сизге карыз бербегенде ижара акысыз жаша деп айтмак белеңиз? Айтсаңыз деле бул формада келишим – пайыз. Пайыз болсо – чоң күнөө. Суроо: Пайыз адал, риба арам деп жатышат, туурасы кандай? ЖООП Пайыз менен риба экөө бир нерсе. Пайыз – жети чоң күнөөнүн бири.(Бухари) Курани каримде дагы пайыздын арам экендиги билдирилген. (Бакара 275-279) Пайыздын арам болгондугун билдирген бир канча хадиси шарифтерден бири мындай: «Мираж түнү курсактары үйдөй, ичтери жылан толгон адамдарды көрдүм. Булардын ким экендиктерин Жабраил алейхиссаламдан сурадым. Пайыз жегендер экендиктерин билдирди.» [Ибни Маже] Пайыздуу соода—сатыкта дыкат болуу Суроо: Пайыз боло турчу соода-сатыктарга бир несе мисал бере аласызбы? ЖООП Соода-сатыкта пайыз көбүнчө салмак жана көлөм менен өлчөнгөн бир түрдөн болгон малдын бири-бири менен алмаштырылуусунда болот. Пайыз болгон жана болбогон соода-сатыктан бир нече мисал берели: Пайыз болот: Бир чака буудайды бир чака буудайга бөлүп төлөөгө сатуу пайыз болот. Буудайлардан биринин сапаттуу, ал эми экинчисинин сапатсыз болуусу маанилүү эмес. Бири бир чакадан аз же көп болсо накталай сатуу дагы пайыз болот. Пайыз болбойт: Эки шарттан бири болуп, бири болбосо түрдүү өлчөмдө накталай сатуу жаиз болуп, тең өлчөмдө болсо дагы бөлүп төлөөгө сатуу дагы эле пайыз болот. Бир чака буудайды эки чака буудайга накталай сатуу жаиз болот. Беш жумуртканы алты жумурткага накталай сатуу жаиз болот. Акча майдалатуу, мисалы, 100 сом берип эки 50 сом алуу жаиз болот. Пайыз болот: Беш метр кездемени беш метр кездемеге бөлүп төлөөгө сатуу пайыз болот. Үч жумуртканы бөлүп төлөөгө үч жумурткага сатуу дагы пайыз болот. Майдалатуу үчүн 100 сом берилсе майдалаган киши 50 сомун азыр берсе, калган 50 лирасын бөлүп берсе пайыз болот. Пайыз болбойт: Жарым алтын берип, жарым алтын салмагында эки чейрек берилсе сатыш жаиз болот. Алтын жана күмүш салмак менен өлчөнөт. Басылган алтындын салмагы белгилүү болгондугу үчүн булардын сан менен колдонуу дагы жаиз болот. Бирок, колдонуп жатканда салмактарын ойлонуу керек. Пайыз болот: 5 грамм 18 пробалык алтынды 4 грамм 22 проба алтынга сатуу пайыз болот. Пайыз болбойт: Кагаз акча менен алтынды накталай да, бөлүп төлөөгө да сатып алуу пайыз болбойт. Пайыз болот: Алтын жана күмүштү айрылуудан мурда алуу жана берүү шарт. Б.а., бири-биринин колуна берүү керек. Айрылгандан кийин эки мүнөттөн кийин берсе сатыш сахих болбойт. Пайыз болбойт: «Бул бир чака буудайды бир чака үрөндүк буудайга саттым. Бул бир чака буудайды бир чака таза арпага саттым» деп келишүү жаиз болот. Бирок, келишим ордунан кете электе үрөндүк буудайды же таза арпаны өткөрүп алуу керек. Пайыз болот: Алтын жана күмүштөн башка металдарда кол өнөрчүлүк, ишчилик айырмасы болуусу мүмкүн. Бир жез самоорду андан да оор жез самоорго сатуу жаиз болот. Себеби, алтындан жана күмүштөн башка металдар үстүнө иштетилгендиктен кол өнөрчүлүк жагы менен оорлук өлчөмүнөн чыгып чекене жана дүң түрдө сатылса болот. Бирок, буларды салмагы менен сатуу адат болгон жерлерде салмак айырмасы пайыз болот. Пайыз болбойт: Эски жезди жаңы жез менен бир салмакта жана накталай алмашуу жаиз болот. Жаңы жез жеңил болсо мунун менен аз өлчөмдө башка товар же акча да накталай берилгенде жаиз болот, пайыз болбойт. Пайыз болот: Буудайды будайга накталай сатып жатканда биринин көлөмү көп болсо пайыз болот. Көлөмдөрү тең, бирок, бири бөлүп берүүгө берилсе анда дагы пайыз болот. Пайыз болбойт: Арпаны буудайга сатып жатканда көлөмдөрү тең болсо да бөлүп төлөөгө сатуу пайыз болуп, көлөмдөрү ар кандай болсо экөө тең накталай жаиз. Пайыз болот: Салмактары тең, бирок, бири бөлүп төлөөгө болсо пайыз болот. Салмак же көлөмдөрү тең болбогон накталай сатышта пайыздан кутулуу үчүн салмак же көлөмү аз болгон товардын жанына ошол эле түрдөн болбогон башка аз бир нерсени кошуп, экөө чоогу турганда соодалашып алынуусу керек. Ушундайча пайыз болбосо да кошулган нерсенин баасы аз болсо тахриман макрух болот. Пайыз болбойт: Бир нече адам арасына кошулган адам өлчөм же салмак менен өлчөнгөн бир товарды өлчөбөстөн бөлүшүү пайыз болот. Бирок, ар бири башкаларына бир дептер, экинчиси бир жүзаарчы, калем сыяктуу нерселерди дагы берип адалдаша турган болсо жаиз болот. Бербей туруп адалдашуу менен жаиз болбойт. Мисалы, үч кишинин он килодой орток буудайлары болсо болжол менен үчкө бөлүшсө пайыз болот. Көз божомолу менен бөлгөндөн кийин биринчи орток экинчи ортокко бир калем берсе, экинчи орток үчүнчүгө бир жүзаарчы берсе жаиз болот. Пайыз болот: Салмак менен жана киле менен өлчөнгөн жана өлчөнбөгөн ар нерсе өз түрүнө бөлүп төлөөгө сатылса өлчөмү бирдей болсо да пайыз болот. Пайыз болбойт: Материалы же колдонулуу жерлери окшош болбогон же адамдар тарабынан сыпаттары өзгөртүлгөн нерселер бир түрдөн эмес. Мисалы, алма сиркеси менен жүзүм сиркеси, кой эти менен уй эти, буудай менен нан бир түрдөн эмес. Пайыз болот: Өлчөмү бирдей болсо да көлөм менен же алмак менен өлчөнгөн бир нерсени өз түрүнө өлчөбөстөн дүң сатуу пайыз болот. Себеби, мындай нерселердин сатышында сөз кесилип жатканда өлчөө менен өлчөмдөрүнүн бирдей экендигин билүү соода-сатыктын сахих болуусу үчүн шарт. Пайыз болбойт: Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча нанды чекене жана салмак менен карызга берүү пайыз болбойт. Пайыз болот: Буудайды буудай унуна бирдей көлөмдө дагы сатуу пайыз болот. Себеби, буудайдан бирдей көлөмдө ун чыкпайт. Пайыз болбойт: Унду жана буудайды нанга сатуу пайыз болбойт. Себеби, нан башка түрдөн болууда жана сан менен өлчөнөт. Пайыз болот: Көлөм менен же салмак менен өлчөнгөн бир товарды өлчөбөстөн карызга берүү же алуу пайыз болот. Карыз берилген нерсе белек катары берилсе мындай коркунуч болбойт. Пайыз болбойт: Сусам, зейтун сыяктуу май чыгарылган нерселер өз майларына сатылганда май ошол нерседеги майдын өлчөмүнөн көп болсо жаиз болот жана майдын бирдей өлчөмү май каршылыгында болуп, артыгы тунма каршылыгында болот. Көп эмес болсо, аз же тең болсо же белгисиз болсо пайыз болот. Пайыз болот: Бир товарды он сомго сатып кардарга тапшырып бергенден кийин акчаны өткөрүп албай туруп товарды кардардан тогуз сомго кайра сатып алуу пайыз болот. Акчаны толук алганда сатып алса болот. Бир товарды саткандан кийин акчасынын бардыгын толук албастан ал товар менен бирге башка бир нерсени ошол эле баада кайра сатып алуу пайыз болот. Пайыз болбойт: Эки кишинин ижарага берген орток бир үйү болсо ижара акчасын ар ай тең бөлүшүп алышса пайыз болбойт. Бирок, бир ай бири, экинчи ай бири алса пайыз болот. Пайыз болот: Эки кишинин орток бир уюу болсо сүтүн бир күнү бири, бир күнү экинчиси саап алса пайыз болот. Ар күнү саалган сүттү бөлүшүүлөрү керек. Эки киши, мисалы, бир машинаны ар күн айдоо үчүн белгилүү бир убакка алмашышса пайыз болот. |