Илимден бир тамчы - Орозо кармоо үчүн жеңилдиктер

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Apr 9, 2022, 2:13:36 AM4/9/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Орозо кармоо үчүн жеңилдиктер

 

Суроо: Орозо кармоо үчүн төмөндөгү жеңилдиктерден пайдалануу жаизби?

1- Суусаганда чаңкоону азайтуу үчүн оозду суу менен чайкоо, сериндөө үчүн башка муздак суу төгүү, муздак суу менен жуунуу.

2- Тамекиге муктаждык сезген кезде тамеки пластырын жабыштыруу.

3- Оорута турган, ревматизм бар жерлерге спрей себүү же мазь сүртүү, жүрөк оорусунда көөдөнгө коюла турчу дары, пластырь колдонуу.

4- Ачкалык сезген кезде эмдөөдө колдонула турган ийнелерди батырып ачкалык сезимин кетирүү же ачкалык лентасын колдонуу (булар ачкалык сезимди дагы кетирет, ары салмак таштоого көмөктөшөт.)

5- Рамазанды аксатпоо, толук кандуу кармоо максаты менен хайзды кечиктирүү үчүн дары колдонуу.

ЖООП: Булардын бардыгы жаиз. Бирок, биринчи болуп саналган жагдай Имам азамдын өкүмүнө карата танзихан макрух, себеби, мындай аракет ибадаттын кыйнагандыгын көрсөтүшү мүмкүн. Имам Абу Юсуфка карата мунун зыяны жок, себеби, мындай кылуу менен ибадатка жардам кылынып, кыйынчылык бир өлчөмдө азайган болот. Имам Абу Юсуфтун кавлына уюлуп, жогорудагылардын бардыгын кылууга болот.


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн: 
 

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages