islamd...@gmail.com |
Бейиш жана Тозок (4) Хадиси шарифте: "Адамдар кыямат күнү жылаңач бойдон жыйналышат”, - деп билдирилген. Айша энебиз муну угуп: "Алар бири-бирин карашпайбы? – деп сурайт. Пайгамбарыбыз "Ал күнү бардык адамдын жагдайы оор, ар ким бир гана өзү менен алек болот” деген маанидеги "Абаса” сүрөсүнүн 37-аятын окуду. Адамдар бул кезде бир жерге жыйналышат. Алардын үстүнө бир кара булут келет. Ал булут адамдардын үстүнө амал дептерлерин жаадырат. Барактар учуп түшөт. Барактар адамдардын оң же сол жагына түшөт. Бул адамдын каалоосу менен болбойт. Аллаху таала "Исра” сүрөсүнүн 13-аятында: "Кыямат күнү анын китебин ачык түрдө жиберебиз”, - деп билдирет. Кээ бир мусулмандар оор эсепке тартылбастан эле Бейишке кирет. Аларга тараза курулбайт. Алар дептерлерин алышпайт. Аларга бериле турган барактарга "Лаа илааха иллаллах, Мухаммадун расулуллах. Бул баланчанын уулу баланчанын Бейишке кире тургандыгына күбөлүк”, - деп жазылган болот. Бир кулдун күнөөлөрү кечирилсе, бир периште аны Арасат аянтына алып барат. "Бул баланчанын баласы баланча, Аллаху таала анын күнөөлөрүн кечирди. Эми ал шаки (күнөөкөр) болбойт, саид (акырет бактылуусу) болуп, Бейишке кирет”, - деп айтат. Ошол кезде адамга бул кабардан да сүйүнүчтүү башка кабар болбойт. Кыямат күнү Расулдар минбарлардын үстүндө болушат. Ар бир Расулдун минбары өзүнүн даражасына байланыштуу болот. Ахли сүннөт иненимин карманган жана амалдарды орундаган аалымдар нурдан жасалган орундарда болушат. Аллаху тааланын динин коргоо жана таратуу үчүн шейит болгондор менен салихтер, башкача айтканда, Ислам динине моюн сунган адамдар, Курани каримди урмат менен тажвидге ылайык окуган каарылар, азанды сүннөткө ылайык окуган азанчылар жыпар жыттуу жерлерде болушат. Исламдын өкүмдөрүнө моюн сунуп, жакшы амалдарды кылгандыктары үчүн аларга Адам алейхиссаламдан баштап пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга чейин келген бардык пайгамбарлардан кийин шапаат кылууга уруксат берилет. Хадиси шарифте: "Курани карим Кыямат күнү жылуу жүздүү, көркөм мүнөздүү адам сүрөтүндө келет. Андан шапаат кылуу суралат. Ал шапат кылат. Өзүн музыкалык аспаптар менен окуп, көңүл ачуу максатында жана акча табуу үчүн окугандардын үстүнөн арызданат. Андай адамдардан өз акысын талап кылат. Ыраазы болгон адамдарды Бейишке алып кирет”, - деп билдирилген. Ал эми, дүнүйө (башкача айтканда, кулчулук кылууга тоскоол болгон, харам иштерди кылууга себеп болгон нерселер жана адамдар) болсо картаң, ак чачтуу, жийиркеничтүү аял сүрөтүндө көрүнөт. Адамдардан: "Силер муну тааныйсыңарбы?” – деп суралат. Алар: "Биз андан тартынып, Аллаху таалага сыйынабыз”, - деп айтышат. "Силер ага жетүү үчүн бири-бириңер менен урушуп, бири-бириңерди жек көрчү элеңер”, - деп айтылат. Жума күнү болсо сүйкүмдүү адам сүрөтүндө көрүнөт. Ыймандуулар ага суктанып карашат. Жума намазын окуган момундардын үстүндө нур болот. Баары ага карап суктанат. Жума күнүнө көрсөткөн урматтарына байланыштуу Бейишке жиберилет.
Мусулман боордошум! Аллаху тааланын ырайымдуулугуна, Курани каримдин, Исламдын жоомарттыгына назар сал! Курани каримдин жолундагылардын намаз, орозо, зекет, сабырдуулук жана көркөм мүнөздөн турган Исламдын канчалык кадырлуу экенин эсиңде тут. |
www.islamdini.kg |