Акыйдасы жаңылыш болгондордун жагдайы

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Apr 13, 2026, 6:32:45 AM (6 days ago) Apr 13
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Акыйдасы жаңылыш болгондордун жагдайы

Суроо: Акыйдасында, ыйманында жаңылыштык бар болгондор четке кагып ишенбегендер сыяктуу Тозокто түбөлүк калышабы?

Жооп: Бул маселеге байланыштуу Имам Раббани хазреттери Мектубат китебинде айтат:

"Хадиси шарифте бул үммөттүн 73 топко бөлүнө турганы, алардын 72 тобунун Тозокко кете тургандыктары билдирилди. Бул хадиси шариф 72 топтун Тозок отунда азап көрө турганын билдирүүдө. Тозокто түбөлүк калат деп билдирген эмес. Тозок отунда түбөлүк азапта калуу ыймансыздар (капырлар) үчүн. 72 топ акыйдасы бузук болгондугу үчүн Тозоккоо кирет  жана акыйдасындагы бузуктукка жараша калат. 73-болгон бир топтун акыйдасы туура болгондуктан Тозок отунан кутулат. Бул топто болгон адамдардын арасында жаман иш кылгандар бар болсо жана ал жаман иштерине тообо жана истигфар кылбаган болсо же шапаат менен кечирилбеген болсо, алардын да күнөөлөрүнө жараша Тозокто калуулары жаиз. 72 топтон болгондордун бардыгы Тозокко кирет. Бирок, эч бири түбөлүк калбайт. Бир топто болгондордун бардыгы Тозокко кирбейт. Булардан жалгыз жаман иш кылгандар гана Тозокко кирет. Тозокко кире тургандыгы билдирилген 72 бидат топтору Ахли кыбыла болгондугу үчүн алардын баарына ыймансыз деп айтпаш керек. Деген менен булардын динде ишенүү зарыл болгон нерселерге ишенбегендери жана Ислам өкүмдөрүнөн бардык мусулмандар уккан, билген нерселердин тавилин билбестен четке каккандары ыймансыз болот. Ахли сүннөт аалымдары билдиришет: "Бир мусулмандын бир сөзүнөн же бир ишинен жүз нерсе түшүнүлсө, булардын токсон тогузу ыймансыздыкка себеп болсо жана бирөөсү гана мусулман экенин көрсөтсө, бул бир нерсени түшүнүү, аны ыймансыздыктан куткаруу керек”. Бардык нерсенин туурасын Аллаху таала гана билет. Эң бекем сөз – Анын сөзү.”



www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages