"Эй, уулум" илмихалы

853 views
Skip to first unread message

Ислам Дини

unread,
Aug 12, 2016, 12:33:22 AM8/12/16
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Мусулман эркектин өз жубайынан жана өз күңүнөн башка мусулман болсо да болбосо да бир аял менен Дар-ул-исламда да, Дар-ул-харбда да, б.а., дүнүйөнүн бардык жеринде зина кылуусу арам жана чоң күнөө. Башка бирөөнүн күңүнүн башын, колдорун, буттарын кароо жаиз болсо да алар менен зина кылуу арам. Азыркы кезде дүнүйөнүн эч бир жеринде динге ылайык күң жок. Ошондуктан, “түбөлүк махрам” болгон, б.а., никелешүү түбөлүк арам болгон “махрам тууган”, б..а., он сегиз аялдан башка мусулман болсо да, капыр болсо да бардык аялдардын эч бир жерде колдору менен беттеринен башка жерлерин шахватсыз дагы кароо арам. Аялдардын чоочун эркектерге көрүнүүлөрү, бир жерде отуруулары, достошуулары арам. Аялынын, кызынын зина кыла турганын билип туруп тоскоолдук кылбаган эркек “Даййус” деп аталат.

“Дуррул мухтар” китебинин үчүнчү томунда мустамин бөлүмүндө, мындай делген: “Дар-ул-харбда болгон мусулман туткундун жана мустаминдин мусулман эмес аялдардын намысына кол салуусу, алар менен зина калуусу жаиз эмес.” Жубайынан жана Дар-ул-исламда ээлиги болгон күңүнөн башка аял менен жима (жыныстык катнаш) кылуу адал эмес. Дар-ул-исламда жашаган эч бир аялды күң катары колдонууга болбойт. Дар-ул-харбдагы мусулман эмес аялдар да Дар-ул исламга алынып келингенге чейин күң боло албайт.

“Дурр-ул мухтар” китебинде аял менен ажырашууну баяндаган жеринде мындай деп айтылат: Төрт мазхабга тең ылайык сахих болгон никеден кийин экөө кошулбаган болсо да, үч жолу талак берген же биринчисинде “Үч жолу талак бердим” деген адам ошол аялын кайрадан никесине ала алуусу үчүн ал аялдын башка бир эркектин никесине туруп, жыныстык катнашта болуусу жана ошол эркек менен ажырашуусу керек. Бул “Хулла” кылуу деп аталат. Бул экинчи эркектин ал аял менен ажырашууну шарт кылып никелешүүсү арам. Бул эркекти ал аял менен ажырашууга эч ким мажбурлай албайт. Бул эркектин көңүлүндө ажырашуу ниети менен жанагы аялды никесине алуусу арам болбойт. Жада калса, сооп болот. Аял эркектин талак берүүсүнө ишенсе нике кыйыларда алгач аялдын “Мени аялың катары ал!” деп айтуусу, анан эркектин “Сени жубайым катары алдым. Мисалы, үчтөн артык жима (жыныстык катнаш) кылсам, баин катары бош бол!” деп айтуусу жакшы болот. Же болбосо, аялдын жооп катары “Өз эмирим өзүмдө болуу (ажырашууга өз укугум болуу) шарты менен өзүмдү сага никеледим (сага турмушка чыктым)” деп айтып, никеден жана жимадан кийин өз-өзүн бошотуусу (талак кылуусу) жаиз болот. Биринчи адамдын алгачкы никеси төрт мазхабга тең ылайык сахих болсо, анда Хулла жасатуу шарт болот. Ал эми, мисалы, никеде вали катышпаган болсо же нике ордуна хибе деп айтылган болсо же никенин эки күбөсү күнөөкөр болсо, үч жолу талак берген соң хулла жасабай кайра никелеше алуу үчүн Шафии имамга кайрылат. Шафии имам Шафии мазхабына ылайык шарттары толук болбогондуктан никенин азыр жана ошол сааттан кийин убакыттары бузула тургандыгын, өткөн убакытта никенин туура экендигин, бул аял менен Шафии мазхабына ылайык жаңыдан нике кыйууну билдирет.

Ибн Абидин (рахима-хуллаху таала) мындай деген: Күнөөсү көрүнүп турган, айкын болгон күнөөкөрдүн күбөлүгү менен кыйылган нике жана валинин уруксатысыз кыйылган нике Шафии мазхабында сахих (туура) болбойт. Шафии аалымдарынан Ибн Хажар Мекки (рахима-хуллаху таала) “Тухфат-ул-мухтаж” китебинде мындай дейт: “Сот хулланын зарылдыгын жоюу үчүн алгачкы никенин ката болгондугуна чечим чыгара албайт. Экөөнүн арасын ажыратат. Бирок, муфтийге, сотко барбай өздөрү Шафиини таклид кылып, жаңыдан кыйдыруусу жаиз болот.” Ибн Касым (рахима-хуллаху таала) Тухфа китебинин хашиясында мындай дейт: “Шафиини таклид кылып жаңыдан нике кыят. Хулла кажет болбойт.” Биринчи никенин өткөн убакытта сахих болушу, бир ханафи адамдын ниет кылбай даарат алып, бешим намазын окуусу жана асыр намазынан кийин Шафии болуусуна окшойт. Анын бешим намазы сахих. Ал эми асыр намазына жаңыдан ниет кылып, даарат алуусу кажет. Талак санынын эң көбү – үч. Үчтөн ашуун айтылгандары да үч болуп саналат. Мисалы, тогуз жолу “Бош бол” (Талаксың) деп айтуу үч жолу “Бош бол” деген сөз.

“Эмали касыйдасы” түшүндүрмөсүндө мындай делген: “Мас кезде билбей куфурга себеп боло турган бир сөз айткан адамдын ыйманы кетпейт. Муртад болбойт. Мас кезде аялына талак берүү, соода-сатык кылуу сахих болот.” Жубайына “Сага үч талак бердим” деген адам муртад кезинде айткан же жазган болсо ыйманын жана никесин жаңылайт. Анткени, муртад болуу менен никеси да бузулат. Никеси жок болгон адамдын айткан талагы сахих болбойт. Жубайына үч талак берген мусулмандын никеси кыйылган кезде өз мазхабынын шарттарына ылайык кыйылбаган болсо бул талагы сахих болбойт. Жаңыдан шарттарына ылайык нике кийдыруулары жана тообо кылуулары керек болот. Никеси өз мазхабына ылайык, бирок, башка үч мазхабдын бирине ылайык кыйылбаган болсо, ошол мазхабга ылайык кылбастан жаңыдан нике кыят. Хулла жасатуудан кутулуу үчүн ошол үч чаранын бирин колдонуу “Хиле-и шарийа” (шариятка ылайык айла) кылуу деп аталат.

Аллаху таала талак сөзүн айтууга уруксат бергени менен айтылуусун жактырбайт. Соңу өкүнүү болгон бул сөздү тамашалап айтуу курч кылыч менен ойноого окшойт. Үй-бүлөлүк бактылуулукту жок кыла турчу бул зыяндуу сөздү оозго албоо үчүн Аллаху таала эркектерге хулла жасатуу жамандыгын, кыйынчылыгын берген. Эркек хулла жасатуу азабын ойлоп талак сөзүн оозуна ала албайт.

[Ажырашкан аялга атасы, атасы жок болсо түбөлүк махрам болгон туугандарынан бай болгону кароого тийиш. Карабай турган болсо өкмөт алардан керектүү каражатты мажбурлап алып, аялга берет. Туугандары жок болсо аялга ар ай сайын Бейт-ул-малдан (казынадан) айлык берилет. Ислам дининде эч бир аял иштеп акча табууга мажбур калтырылган эмес. Керектүү бардык нерселер ага алып келинүүгө тийиш.]

“Нимат ислам” китебинин соңунда мындай деп айтылат: Кожоюнунан бала төрөгөн күң “Умму валад” деп аталат. “Умму валад” сатылбайт жана хиба (белек) болбойт. Кожоюну кайтыш болгондо күң азат болот, бирок, жубайы сыяктуу мураскор боло албайт. Ал эми баласы мураскор жана эркин болот. Бир күң кожоюнунун уруксаты менен никеге тура алат. Күйөөсүнөн болгон баласы күңдүн кожоюнунун мүлкү болот. Бирок, кожоюну аны сата албайт. Кожоюну кайтыш болгондо энеси менен бирге азат болот. Бала асырап алган адамга бул бала өз перзенти болбойт. Махрамы, тууганы да болбойт. Нафакасын таап берүү ага милдет болбойт. Бала эркек болсо чоңойгондо асырап алган аялды өз никесине ала алат. Кыз болсо асырап алган эркек чоңойгондо аны өз никесине алса болот. Асыранды балдар ал адамга мураскор боло албайт. Сүт перзенттери да сүт эне-атага мураскор боло албаганы менен аларга махрам болот.   


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg+unsub...@googlegroups.com

Ислам Дини

unread,
Aug 21, 2016, 8:39:04 AM8/21/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

СҮТ БИР ТУУГАНДЫК


Түрк тилинде жазылган “Нимати ислам” китебинде мындай деп айтылат: Жашы эки же эки жарым жаштан кичине наристенин бир аялдан бир жолу сүт эмүүсү “Рида’” деп аталат. Наристе бөтөн аялдан сүт эмген күндөн баштап аял ал наристенин сүт энеси, ал эми ошол аялдын күйөөсү наристенин сүт атасы болот. Бул бала ошол адамдарга жана алардын кан (тек) жана рида’ аркылуу тууган болгон махрамдарына түбөлүк үйлөнө албайт. Өзүнүн теги жагынан махрамдарын (туугандарын) карагандай, аларды да караса болот. Бирок, бири-бирине мураскор боло албайт. Сүтүн упчудан эмген болсо да рида’ болот. Кашык менен, оозуна, мурдуна куйган жагдайда да сүт ээси болгон аял баланын сүт энесине айланат. Максат - сүттүн ашказанга баруусу. Эки жаштан кичүү болгон эки наристе бир аялдан сүт эмген жагдайда экөө бири-бирине сүт бир тууган болот. Бири-бирине үйлөнө алышпайт. Бир наристе бир аялдын сүтүн эмген кезде бул сүттүн пайда болуусуна себепкер болгон адам жанагы баланын сүт атасы болгондой, бул адамдын атасы да сүт чоң атасы, энеси да сүт чоң энеси, бир туугандары да сүт агасы же сүт эжеси болот. Сүт эненин ошол рида’дан мурун же кийин башка эркектен да, кан аркылуу же рида’ аркылуу тууган болгон балдары жана сүт атасынын башка аялдан болгон жана боло турган, кан аркылуу же рида’ аркылуу болгон балдарынын бардыгы ошол баланын сүт бир туугандары болот. бул бала ошол сүт бир туугандарынын эч бирине үйлөнө албайт. Ал эми алардын ар бири анын кан бир туугандарына үйлөнө алат. Бир адамдын эки аялы болсо, экөө тең андан бала көргөн болсо, экөө тең бөтөн жерден бирден баланы эмизишсе, эмген балдар эки жактан бири-бирине сүт бир тууган болот жана чоңойгондо бири-бирине үйлөнө алышпайт. Экөө тең кыз болсо бир адам экөөнү тең бирдей никесине ала албайт. Рида’да “Хурмети мусахара” да болот. Ошондуктан, бир кишинин сүт баласынын ажырашкан аялы менен же сүт энесинин сүт кызынын күйөөсү менен никелешүүсү түбөлүк арам болот. Бир адам аялынын сүт кызын да шахват менен кармай турган болсо хурмети мусахара пайда болуп, өз аялы менен ажырашкан болот. Зинадан болгон рида’ да никеден болгон рида’ сыяктуу. “Сүт төмөнгө агат, жогоруга акпайт” деген сөз Ислам динине ылайык эмес. Бир аялдан эмбеген эркек менен кыз бири-бирине үйлөнө алат. Буга мисал катары, бир адамдын өз энесинен эмген сүт бир туугандарынын эжеси же карындашына үйлөнүүнүн жаиз экендиги жогоруда билдирилген. Бөтөн эки аял бири-биринин балдарын эмизген соң ошол аялдардын биринде эркек, экинчисинде кыз төрөлсө, алар бир эмчектен эмбесе экөө бири-бирине үйлөнө алат. Бул жерде эркек бала өз энесинен эмген сүт бир туугандарынын кыз бир туугандарын алган болот. Сүт эненин жана жубайынын кан аркылуу жана рида’дан болгон туугандарынын бардыгын сүт баласынын тууганы боло тургандыгын жогоруда билдирген элек. Сүт баласынын тууганы сүт энеси менен күйөөсүнүн тууганы эмес. Сүт эненин эркек бир тууганы сүт баласынын кан аркылуу кыз бир туугандарына үйлөнө алат.

Бир адамдын өз энесинен эмген сүт бир туугандарынын энесине же сүт баласынын кан аркылуу эркек бир тууганына үйлөнүүсү адал. Ал эми бир адамдын кан аркылуу ата жактан бир тууганынын энесине, б.а., өгөй энесине же баласынын ата жактан бир тууганына, б.а., өгөй баласына үйлөнүүсү түбөлүк арам.

Эки адамдын арасында рида’ болгонун далилдөө бирөөнөн аласа мүлк бар экенин далилдөө сыяктуу. Башкача айтканда, “Икрар” кылуу менен же “Байина” аркылуу түшүнүлөт. Икрар – эркектин “Сен менин сүт бир тууганымсың!” деп кабар берүүсү. Эркек икрар кылган кезде никелери бузулат. Аялы икрар кылган жагдайда күйөөсүнүн тастыктоосу кажет болот. Бир аял “Бул экөө менин сүт балдарым” десе икрар болбойт. Күйөөсү тастыктабаса үйлөнүүлөрү жаиз болот. Байина – адилеттүү болгон эки эркек же бир эркек менен эки аялдын күбө болуусу деген сөз. Эки аялдын же бир эркек менен бир аялдын күбө болуусу байина болбойт. Рида’нын бар болгондугун маалымдаган адам байинаны кабыл кылса сотто далилденүү жана соттун чечими менен ажырашуулары керек болот.


Ислам Дини

unread,
Aug 22, 2016, 5:23:13 AM8/22/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Аялдар зарыл абал болмоюнча башка бирөөнүн баласын эмизбөөлөрү керек. Эмизген баланы эсинде сактап калып, атын жазып алуусу керек.

Эки аялдын сүттөрү аралаштырылып бир наристеге берилсе экөө тең сүт энеси болот. Сууга, дарыга же жаныбардын сүтүнө аралаштырылган жагдайда аралашманын жартысынан аз болсо сүт энеси болбойт. Тамак менен аралаштырылган болсо эч качан сүт энеси болбойт. Аялдын сүтүнөн айран, сыр жасалса муну жеген адам сүт баласы болбойт. Ооз жана мурундан башка жол менен берилген сүт аркылуу да сүт энеси болбойт. [Наристени ботко жей ала турган жагдайга келгенге чейин эмизүү важип, андан кийин эки жашына чейин эмизүү мустахаб, ал эми эки жарым жашка чейин эмизүү жаиз (уруксат). (Ибн Абидин)] Эки жарым жаштан өткөн чоң баланы зарылчылыксыз эмизүү арам.

Зинадан болгон баласы бар аялды рида’ үчүн жалдоонун жана мусулман эмес аялды жалдоонун зыяны жок. “Зыяны жок” делген нерсени кылбаган жакшыраак болот.

Тогуз жашка толгон бойдок кызда сүт пайда болсо эмизген баласы анын сүт баласы болот.

Бир аял үч жаштагы эркек баланы жана бир жаштагы кыз баланы эмизсе бул экөө  бири-бирине үйлөнө алышат. Бир адам сүт кыз бир тууганынын кызын ала албагандай сүт кыз бир тууганынын сүт кызын да ала албайт.

Өз энесинен болгон сүт бир тууганынын энесин алуу жаиз.

Энесинин сүт бир тууганын алуу жаиз эмес.

Уулунун сүт энесин алуу жаиз. Байкесинин (атасынын ага-инисинин) кызын алуу жаиз болгондой байкесинин сүт кызын алуу да жаиз.

Кан аркылуу бир тууганынын сүт энесин жана сүт кыз бир тууганын алууга болот.

Бир адам энесинин энесин эмизген аялды ала албайт.

Кыз бир тууганынын кызын эмизген аялдын кызын алууга болот.

Уулунун сүт энесинин кызын алуу жаиз.

Сүт бир тууганынын сүт кызын алуу жаиз эмес.

Эркек же кыз бир тууганынын сүт кызын ала албайт.

Сүт уулунун же сүт кызынын кыз бир тууганын алууга болот.

Бир аялды сүт атасынын башка аялынан болгон уулу ала албайт.

Бир аялды сүт энесинин сүтү өзүнөн болбогон башка күйөөсүнүн бир тууганы ала алат.

Энесинин же кыз бир тууганынын эмизген баласынын кыз бир тууганын жана сүт кыз бир тууганын ала алат. Ханафиде бир жутум эмген эки бала сүт бир тууган болот. Шафииде сүт бир тууган боло алуу үчүн тойгончо беш жолу эмүүлөрү керек.


Ислам Дини

unread,
Aug 23, 2016, 2:46:03 AM8/23/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

158 – Мусулман эместин жана муртаддын берген анты кадырсыз.

Эй, мусулман! Уулуң динин үйрөнүп, намазын окуп баштагандан кийин аны бир кесипке бер же соода кылууну үйрөт! Кесип менен сооданы үйрөнүү үчүн мусулман, намазын окуган, адептүү, жакшы мүнөздүү бир устаз адиске жибер! Баланын өтө бай болуусун эмес адептүү, жакшы мүнөздүү, намаз окуган жана арамдардан сактанган болуусун көздө жана ошону тиле! Динибиз кесип үйрөнүүнү жана сооданы буйрук кылгандай азыркы тапта бүткүл дүйнөдөгү элдер ушул экөөнө чоң маани берүүдө жана ушул жолдо балдарын кичинесинен тарта тарбиялап өстүрүшүүдө. Адвокат, фармацевтика сыяктуу кажеттүү кызматтардын ар бири бөлөк-бөлөк кесип. Сен дагы балаңдын арамга түшүп калбоосу үчүн ага кесип жана соода-сатыкка байланыштуу Ислам дининин буйруктарын үйрөт!


Ислам Дини

unread,
Aug 24, 2016, 1:30:32 AM8/24/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

КОШУНА БӨЛҮМҮ


159 – Эй, уулум! Кошунаңды көргөндө ал-ахвалын сура! Ооруп калганда көңүлүн сурап бар. Кошунаңдын үйүнө барганда уруксатсыз кирбе! Колуңан келсе кошунаңдын муктаждыктарын камсыз кылууга жардам бер! Кошуна акысы өтө маанилүү. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: “Кошунанын мурас сыяктуу акысы бар, ал – кошуна болуу акысы. Эгер мусулман болсо сенде эки акысы бар: бири - кошуна акысы, экинчиси - мусулман акысы.”

Кошунаңдын жегенге тамагы болбосо сен колундагы тамагыңды жей албайсың. Анткени, анын сенин колундагы тамагыңда да акысы бар. Ар бир тамак жеген сайын “Кошуналарымдын арасында тамаксыз калган адам бар болду бекен?” деп ойлонууга тийишсиң.

Ар бир мусулмандын, өзгөчө жаңы үй-бүлөлөрдүн, мусулман көчөдө, ахли сүннөт болгон жана арамдардан сактанган, ибадаттарын орундаган салих мусулмандардын арасында үй издөөсү керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылды: “Үй сатып алуудан мурун кошуналардын кандай экенин караштыргыла! Жолго чыгуудан мурда жолдошуңарды тандагыла!” Бир хадиси шарифте: “Кошунаны, эне-атаны урматтагандай урматтоо керек”, - деп айтылган. Кошунаны урматтоо – аны менен жакшы мамиледе болуу деген сөз. Аны таарынта турган сөздөрдү айтпоо жана иш-аракеттерди кылбоо деген сөз. Ар тараптан бирден, экиден жана акыры кыркка чейин үйлөр кошуналык акысына ээ болот. Кошунанын мал-мүлк акылары “Межеллекитебинин 1192-чи жана кийинки бөлүмдөрүндө жазылган.


Ислам Дини

unread,
Aug 25, 2016, 1:36:15 AM8/25/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

КӨЧӨ АДЕБИ ТУУРАЛУУ БӨЛҮМ


160 – Зарыл бир ишиң болбосо адамдар көп жыйнала турган жыйындарга кирбе! Ичкилик, кумар оюндары, музыкалык аспаптар бар болгон, эркектер менен аялдар бирге аралаш отурган жерлерге барба жана аялыңды, бала-чакаңды жибербе! Мындай жерлер “Фыск мажилиси” (күнөө кылынган жыйын) деп аталат. Жамынган болсо да, ачык болсо да бөтөн аялдар менен кыздарды караба! Бир кызга көзү түшкөндө арам болгондуктан андан көзүн алып качкан, аны карабаган адамдарга шейит сообу берилет. Сен жашаган көчөдө бара жаткан кезиңде терезелерди караба! Бир аялды көрсөң ага жакын баспа! Биринчи көзүң түшкөндө сенин жакының эмес экенин түшүнгөндө кийин экинчи жолу караба! Алгач караганда күнөө жазылбайт. Кароону улантканда же кайра караганда күнөө жазылат. Хазрети Али (каррамаллаху важхах): “Өмүрүмдө бир жолу болсо да аялдарды шахват менен (кумардануу менен) караган эмесмин”, – деген. Шахват назары менен аялдарды кароо – көздүн зинасы. Буга тооба кылуу керек. Тиешеси жок ар ишке кийлигише бербе, антпесе, бир балээге жолугасың же бир балээ-жалаага дуушар болосуң.”


Ислам Дини

unread,
Aug 26, 2016, 4:52:10 AM8/26/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ЖУМА АДЕБИ ТУУРАЛУУ


161 – Түшүндүрмө: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Жума – кедейлердин ажылыгы, момундардын майрамы, асмандагылардын майрамы жана Бейиште да майрам күнү. Күндөрдүн эң жакшысы, эң урматтуусу – Жума.” Дагы бир хадиси шарифте: “Жума күнү – жакшылыктардын казынасы жана жакшы нерселердин башаты”, - делген. Башка бир хадиси шарифте: “Муса алейхиссалам: “Йа, Раббим! Мага ишемби күнүн бердиң, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө кайсы күндү бересиң?” - деп сурады. “Аларга жума күнүн беремин” деген жооп берилди. “Аллахым! Жума күнүнүн артыкчылыгы менен сообу кандай?” - деп сурады. “Эй, Муса! Жума күнү жасалган бир ибадатка Ишемби күнү жасалган жүз миң ибадаттын сообу берилет” деген жооп берилди. Ошондо Муса алейхиссалам: “Йа, Раббим! Мени Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнөн кыла көр!” - деп дуба кылды.” Курани каримде Жума күнү тууралуу айтылган аяти кариманы алып келгенде Жабраил алейхиссалам мындай деди: “Йа, Мухаммед (алейхиссалату вассалам)! Эгер Муса алейхиссаламдын үммөтү Жума күнүнүн баркын билгенде музоого сыйынуудан, яхуди болуудан кутулмак. Эгер Иса алейхиссаламдын үммөтү да билгенде христиан болуудан коргонгон болмок.” Жума күнүнүн артыкчылыгын билдирген хадиси шарифтер “Сеадет-и Эбедиййекитебинин биринчи бөлүмү, 71-чи тармагынын соңунда кеңири баяндалган.

Бир хадиси шарифте мындай деп айтылат: “Жума күнү келгенине кубанган бир момунга Кыяматка чейин күн сайын ушунчалык көп сооп берилет; санын жалгыз Аллаху таала гана билет.” Бир хадиси шарифте: “Жума күнү кайтыш болгон момундарга шейит сообу берилет жана кабыр азабынан аны коргойт”, - деп айтылган. “Таргиб-ус-салат” китебинин 123-чү бетиндеги хадиси шарифте: “Жума күнү багымдат намазынан мурун үч жолу “Астагфируллахал азыйм аллази ла илаха илла хув ал-хаййал-каййума ва атувбу илейх” калимасын окуган адамдын жана эне-атасынын бардык күнөөлөрү кечирилет”, - делген.


Ислам Дини

unread,
Aug 30, 2016, 2:29:06 AM8/30/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Жума күнүнүн 20 сүннөтү менен адеби бар. Мухаммед алейхиссаламды (саллаллаху алейхи васаллам) жакшы көргөндөр ушуларды орундоого тийиш:

1)      Жуманы Бейшемби күнү тосуу. Мисалы, жаңы жана таза кийимдерин даярдоо керек, бардык жумуштарын бүтүрүп, Жуманы ибадат менен өткөрүүгө аракет кылуу керек. Бейшемби күнү аср намазынан кийин тасбих жана истигфар айтуу керек. Жума түнү жубайы менен гусул алуу керек. Экөөнө тең кул азат кылгандай сооп берилет.

2)      Жума күнү жума намазына гусул алуу керек. Ушул гусул тууралуу көптөгөн хадиси шарифтер бар болгондуктан парз деген аалымдар да бар.

3)      Чач кырктыруу керек. Сакалдын бир уучтан ашыгын кесүү, тырмактарды алуу керек жана ак кийим кийүү керек. [Сакалдын бир уучтан кыска болуусу бидат болуп, мунун чоң күнөө экендиги “Барика” китебинде жазылган.]

Аалымдардын көпчүлүгүнүн өкүмүнө ылайык сакал өстүрүү - сүннөт. “Сахибайн” деп аталган эки баалуу хадис китебинин бири болгон “Муслим” китебинде жазылган, Хазрети Аиша “радыйаллаху анха” жеткирген хадиси шарифте: “Он нерсе фытраттан: мурутту кызкартуу, сакал өстүрүү, мисвак, мазмаза (оозду чайкоо), истиншак (мурунду чайкоо), тырмак алуу, манжалардын арасын жуу, колтук менен аврат жерлерин тазалоо, кичине дааратта истибра кылуу”, - делген. Бул хадиси шарифти Ибн Нужайм “рахима-хуллаху таала” “Бахрур-раик” китебинде жана имам Зайлаи “рахима-хуллаху таала” “Табйинул-хакайик” китебинде, гусулдун парздарын баяндаган жеринде жазган жана мындагы “фытрат” сөзүнүн “сүннөт” деген маанини билдире тургандыгын маалымдаган. Бул хадиси шариф сакал коюу башка пайгамбарлардын да сүннөтү экендигин, Мухаммед алейхиссаламдын дининин белгиси эмес экендигин, ошондуктан, “Суннет-и заваид” экендигин айкын билдирүүдө. Бул сүннөттөр “Ширатул ислам” китебинде да жазылган. Сакалдын түрлөрү бар. Яхуди сакалы, христиан сакалы, шии сакалы, ваххаби сакалы, коммунист сакалы жана Ислам сакалы. Жалгыз Ислам сакалин коюу гана сүннөт болуп саналат. Бул да – узундугу бир ууч болгон, беттин бардык жеринде болгон сакал. Мындай болбогон сакал сүннөт эмес, бидат болот. Мухаммед Хадими “рахима-хуллаху таала” “Барика” китебинде мындай деген: “Хадиси шарифте: “Мурутту кыска, сакалды узун кылгыла”, - деп буюрулган. Ошондуктан, сакалды кырууга, кыркууга жана сүннөт өлчөмүнөн кыска кылууга тыюу салынды. Сакалды бир ууч кылып өстүрүү сүннөт. Сакалды бир уучтан кыска кылуу жаиз эмес. Бир уучтан ашыгын кыскартуу да сүннөт.” Бир ууч дегенибиз – жаактагы сакалдын башталган жеринен төрт бармак узундукта болуу деген сөз. Сүннөт болгон, жада калса, мубах болгон нерсени султан буйрук кылганда аны орундоо важип болот. Султандын жана бардык мусулмандардын орундоосу буйрук деген сөз. Мындай жерлерде сакалды бир ууч узартуу важип болот. Бир уучтан кыска кылуу же кыркуу – важипти таштоо болуп саналат жана тахриман макрух болот. Мындай болбогон жерлерде жана Дар-ул харбда зулумдук көрбөө, нафакасын табуу же амри маруф кыла алуу, мусулмандарга, Ислам динине кызмат кыла алуу, динин, намысын коргой алуу үчүн да сакалды кыскартуу жаиз болбосо да, кыруу жаиз, жада калса, кажет болот. Үзүрсүз кыруу макрух болот. Сакалды бир уучтан кыска кылып коюп, сүннөттү орундаганына ишенүү бидат болот. Сүннөттү өзгөртүү болот. Бидат иш кылуу адам өлтүргөндөн да чоң күнөө болуп саналат. Ушундай кыска болгон сакалды бир уучка чейин өстүрүү важип болот. Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” намаздын макрухтарын баяндаганда мындай деди: “Бир муаккад сүннөттү орундоо бир макрух иш кылууга себеп болсо бул сүннөт ташталат, орундалбайт. Бир нерсенин орундалуусунда сүннөт же бидат экени күмөндүү болсо ал амал орундалбайт, ташталат.” Адатка ылайык сакалды кыскартуу макрух. Фитна чыгарбоо үчүн сакалды кыруу жаиз болот. Ал эми кыска сакал менен сүннөттү орундаганына ишенүү бидат болот. Эки жагдайда тең сакалды кыруу кажет болот.

4)      Жума намазына мүмкүн болушунча эртерээк баруу керек. Алгачкы мусулмандар көп сооп алуу үчүн мечитке Жума намазына таң караңгысында барышчу.

5)      Алдыңкы сапка өтүү үчүн жамааттын ийиндеринен аттабоо керек.

6)      Мечитте намаз окуп жаткан адамдын алдынан өтпөө керек. Дубалдын же тирөөчтүн алдынан өтүү керек.

7)      Эрте барып, биринчи сапка отуруу керек.

8)      Имам минбарга чыккандан кийин эч нерсе сүйлөбөө керек, азанды да кайталабоо керек. Сүйлөгөн адамга белги берип дагы жооп бербөө керек. Имамдын да сүйлөөсү жана хутбадан башка нерселерди айтуусу да арам болуу менен катар, хутба да бузулган болот. Хутба бузулгандыктан Жума намазы да кабыл болбойт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Хутба дегенибиз – эки рекет намаз деген сөз”, - деп айткан. Хутбаны кыска кылуу сүннөт. Узартуу макрух. Хутбада төрт халифанын ысымдарын үнүн бийик чыгарып окуу – Ахли сүннөттүн белгиси, окууну каалабагандардан качуу керек.

9)      Намаздан кийин Фатиха, Кафирун, Ихлас, Фалак жана Насс сүрөлөрүн жети жолуу окуу керек.

10)   Аср намазына чейин мечитте калып, ибадат кылуу керек.

11)   Диндар болгон жана Ахли сүннөт аалымдарынын “рахима-хумуллаху таала” китептеринен окуп айтып берген аалымдардын сабагына катышуу керек. Андай салих бир устаздын сабагына бир саат катышуу миң рекет нафил намаздан жакшыраак.

12)   Жума күнү дубанын кабыл боло турган убакытын издөө керек, ал үчүн үзгүлтүксүз ибадат кылуу керек.

13)   Жума күнү көп салават айтуу керек.

14)   Курани карим жана Кахф сүрөсүн окуу керек.

15)   Аз болсо да, көп болсо да садага берүү керек.

16)   Эне-атасы же алардын жана салих мусулмандардын, олуялардын кабырларын зыярат кылуу керек. Олуялардын рухтарынан пейз алуу керек.

17)   Жубайынын жана бала-чакасын тамактарын мол жана даамдуу кылып даярдоо керек.

18)   Көп намаз окуу керек. Намаздан карызы бар болгондор каза намаздарын окуу керек, казасы болбогондор намазды нафил ниети менен окууга тийиш.

19)   Жума күнүн ибадат болгон иштер менен гана өткөрүү керек.

20)   Аср намазынан кийин жайнамазынын үстүндө колдон келишинче “Йа, Аллах, Йа Рахман, йа Рахим, йа Кави, йа Кадир” деп окуп, анан дуба кылуу керек.


162 – Жума күнү жакшы жана жаңы кийимдериңди кий! Жаңы кийимиң болбосо таза кийим кий жана селдеңди отуруп оробо, өйдө туруп оро! Жыпар жыт себинип, Жумага бар. Анткени, периштелер жыпар жытты жактырышат. Жыпар жыт себинүү эркектер үчүн сүннөт, ал эми аялдардын көчөгө чыгарда себинүүсү жана башы менен колдорун ачуусу арам. Анткени, аялдардын атыр себинип көчөгө ачык чыгуусу эркектердин назарын бурат. Аялдар бир гана үйүндө жасанып, атыр себине алышат. Жумага бара жатканда тасбих жана зикир кыл! Ар бир кадамың үчүн он сооп жазылат.


163 – Жума күнү мүмкүн болсо гусул алып мечитке бар. Намазга эрте бар, хутбаны уга ала тургандай жакын жерде отур! Хутба окулуп жатканда эч ким менен сүйлөшпө! Айланаңа караба жана кайрылба! Анткени, хутба окулуп жатканда сүйлөшүү күнөө жана Жуманын пазилетин жоготот. Мечитке кирген кезде каерде орун бош болсо ошол жерге барып отур! Жамааттын тынчын алып, алдыга өтүүгө аракет кылба! Алдыңкы саптарда отур. Кечигип келсең эч кимдин тынчын алба, жамаатты оңго, солго түртүп, алдыга өтүүгө аракет кылба! Алдыга өтөмүн деп дин боордошторуңду кыйнаба. Өзү баса албаган карыялардын жана оорукчандардын Жума намазын окуулары парз эмес.


Ислам Дини

unread,
Sep 3, 2016, 3:05:34 AM9/3/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ААЛЫМДАР МЕНЕН СУКБАТТАШУУ АДЕБИ


164 – Ахли сүннөт ишениминде болгон жана арамдан сактанган аалымдарды зыярат кыл жана сукбаттарына катыш! Итикаддары, ишенимдери бузулган, эки жүздүү, дин жахили болгондордон же Ислам динине моюн сунбагандардан сактан, аларга жакын жолобо! Анткени, [мазхабсыздар жана] эки жүздүүлөр – дин саткындары. Аллаху таала хадиси кудсиде мындай деген: “Досторумду адамдардын арасына жашырамын, аларды эч ким билбейт.” Эгер бул адамдардын сөздөрү, кыймыл-аракеттери жана ибадаттары Ахли сүннөт аалымдарынын “рахима-хумуллаху таала” китептеринде жазылгандарга шайкеш келсе, ошол кезде гана сукбаттарына туруктуу түрдө катыш жана насааттары менен дубаларын алууга аракет кыл!

165 – Динин билген, намаз окуган, арамдардан сактанган, аялы менен кыздарын ачык жүргүзбөгөн жана аял-эркек аралаш отурбаган аалымдар “Ислам аалымы” деп аталат. Алардын жанында адеп менен отур, алардан пайдалануунун мааниси чоң! Алардан ибрет, насаат жана пейз алууга аракет кыл! Пейз алганда жүрөгүң нурданат. Айланага нур чачасың. Алардын алдында отурганда көп сүйлөбө, сүйлөсөң да ордуңду билип сүйлө! Алардын диний билими жогору болгондору – үлкөн казына. Аларды таарынтпа, көңүлдөрүн калтырба, дубасын алууга аракет кыл жана алардын жанынан кетип жатканда салам менен кетүүчү бол, ал-жагдайын сурап тур! Эки киши сүйлөшүп турган кезде сөздөрүнө аралашпа! Бирөө чүчкүрүп “Алхамдулиллах” деген кезде ага “Йархамукаллах” деп айтуунун сообу көп. Көчөдө жүргөндө чоңдордун жана аалымдардын алдында баспа!

[“Фатаваи Хиндиййа” китебинин бешинчи том, 379-чу бетинде мындай деп айтылат: Ар ким менен мудара кылып сукбатташуу керек. Башкача айтканда, дайым таттуу сөздүү, жылуу жүздүү болуу керек. Жакшы жана жаман болсо да, сүннү жана адашкан болсо да, баары менен кездешкен кезде ушундай болуу керек. Бирок, жамандарга жана мазхабсыздарга мудахана кылбоо керек, анын адашкан жолунан ыраазы экен деген ойдо калтырбоо керек.” Мудара – Ислам дининин сыртына чыкпастан адамдардын көңүлүн алуу деген сөз. Мудахана – бирөөнүн көңүлүн алганда Ислам дининин сыртына чыгуу, күнөөгө түшүү деген сөз.]


Ислам Дини

unread,
Sep 8, 2016, 4:39:01 AM9/8/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

КАЗЫЛЫК (СОТ) ЖАНА ДООГЕРЛЕР БӨЛҮМҮ

166 – Сотко бир ишиң түшкөн кезде казынын алдында доогер менен же жоопкер менен талашып-тартышпа! Эмне суралса ошондо гана жооп бер! Эгер күбө катары барган болсоң эч кимдин таасиринде калбастан, эч кимден коркпостон, Аллах ыраазылыгы үчүн чындыкты айт! Заалымдарга чындыкты айтып, мусулмандын мал-мүлкүн, жанын, намысын курутуудан сактан! Болор-болбос бир иш менен дароо сотко чуркай бербе! Ар дайым элдешүү, келишүү тарабын танда! Ошондо өзүң да убара болбойсуң, мусулманды кечирүү сообун да аласың. Ансыз деле, тынчтык – өкүмдөрдүн эң жогорусу.

Ар бир адамдын адамдык касиетине жана даражасына жараша сүйлөө керек. Сабаты төмөн бир адам менен кантип сүйлөшкөн болсоң билимдүү адам менен да ошондой сүйлөшпө! Ар бир адам менен ал түшүнө ала турган деңгээлде сүйлөш жана адамдын жашына, билимине жана аброюна жараша сүйлөш! Сүйлөшкөндө көңүл коюучу бол, кандай болсо ошондой сүйлөбө! Сот жана мамлекеттик кызматкерлер менен сүйлөшүүгө мажбур болсоң анда алдын ала мусулмандар менен акылдаш! Акылдашуу сүннөт болуп саналат жана чоң сооп жана өтө пайдалуу. Алар менен мудара кылып, күлүмсүрөп сүйлөш, катуу сүйлөбө жана сага келген кездеринде аларга тамак-аш же бир нерсе тартуула! Кызматкерлер менен азилдешпе жана алардын урматына ээ бол!


Ислам Дини

unread,
Sep 17, 2016, 8:23:33 AM9/17/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ДОСТУК ТУУРАЛУУ


167 – Дин боордошуңду зыярат кыла турчу кезде анын бош убакытын таап, анын макулдугун ал, ошол макулдашкан убакытта бар! Кечикпе! Анын үйүнө кире турган кезиңде эшик ачык болсо да кирүүгө уруксат сура, уруксат бергенден кийин гана кир. Кирген соң ар тарапты карай бербе. Үйдө музыкалык аспаптар, ичкилик, кумар оюндары бар болсо жана эркек-аял аралаш отурган болсо бир шылтоо таап, ал жерден кетип кал! Бир салих киши тамакка чакырганда акырын жана адептүүлүк менен же! Көп сүйлөбө, анын үйүндө ыракаттанып узак отурба, кетээрде жөнөкөйлүк менен, салам менен коштош!

Мусулман бир таанышың сага келген кезде колуңан келгенче жакшы жана жылуу тосуп ал, даам тартуула! Аны сыртка чыгып тосуп ал! Салам бергенде саламын алып, жылуу сөздөрдү айтып, “Кош келиңиз, келгениңизге кубанычтамын” деп, төргө өткөр! Өзүң төмөн жерде отур! Дин, ибадат, арамдын зыяндары тууралуу жана олуялардын (каддесаллаху таала эсрарахумул азиз) өмүр баянынан айтып бер! Бир нерсе үйрөт! Тамактанып жатканда анын тартынбоосу үчүн да көп же! Кете турчу кезде аны узат, салам айт жана дуба кыл!

168 – Үйүңө жолоочу бир салих мусулман келсе ага жакшы кызмат кыл! Дароо тамагын бер, балким курсагы ачкан чыгаар. Алдында көпкө отурба, балким чарчаган чыгаар! Жатарда ага кыбыла тарапты, даараткананы, жайнамазды көрсөт. Даарат суусун, сүлгү жана башка зарыл нерселерди камсыз кылып бер! Таңда багымдат намазына ойгот. Жамаат болуп бирге окугула! Таңкы тамагын эртерээк даярда, бара турган жери алыс болушу мүмкүн. Кетээрде ага бир дин китебин белек кыл! Ислам дининде кыз менен эркектин достошуусу, сүйлөшүүсү жаиз эмес.


Ислам Дини

unread,
Sep 21, 2016, 5:42:01 AM9/21/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ТАМАКТАНУУ БӨЛҮМҮ


169 – Тамактанарда алгач колдорду жуу сүннөт болуп саналат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тамактанарда жерде оң тизесин көтөрүп, сол бутунун үстүнө отурчу. Үстөлдүн тегерегинде орундукта отуруу да жаиз. Тамактануунун алдында Бисмиллах айтуу сүннөт. Расулуллахтан (саллаллаху алейхи васаллам) тамактануу адеби тууралуу суралганда: “Биз кулбуз, кул сыяктуу жешибиз керек”, - деди.

Тамактанууда төрт парз бар:

1)      Тамакты, ырыскыны Аллаху тааладан деп билүү.

2)      Тамактын адал жана таза болуусу.

3)      Тамак сиңгенге чейин Аллаху тааланын буйругунун сыртына чыкпоо. Бөтөн аялдар менен бирге жебөө.

4)      Тамак сиңгенге чейин андан пайда болгон кубат менен Аллаху таала тыюу салган иштерди кылбоо.

Тамактанууда эки арам бар:

1)      Курсагы тойгондон кийин да кыйнап жеш.

2)      Дасторкон башында музыкалык аспаптар, бөтөн аял, ичкилик, кумар жана башка арам нерселердин болуусу.

Тамактанууда үч сүннөт бар:

1)      Жеген идишиндеги тамактан калдык таштабастан толугу менен жеш жана ошол идишти толук сүртүү.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тамак жеген идишин ыйык манжалары менен сүртүп, манжаларын жалачу. Сен болсо текебердик кылып, тамактын жартысын идишке таштап кетпе! Кийин бул тамактарды эңсеп калышың мүмкүн.

2)      Дасторкон башында алдыңдагы нан күкүмдөрүн жеш тамактын шыпаасынан. Алдыңда кичинекей бөлүк турганда чоңунан баштаба жана күкүмдөрдү жегенден уялба!

3)      Ырахат жүрүүнү кааласаң аз тамак же! Тамактануунун адеби менен сүннөттөрү көп. Бирок, баштаганда Бисмиллах менен баштоо, соңунда Алхамдулиллах деп айтууну унутпа! Баштаганда жана соңунда туз менен башта жана бүтүр.


Ислам Дини

unread,
Sep 22, 2016, 12:49:00 AM9/22/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТТАР


“Фатава-и Хиндиййа” китебинин бешинчи томунда айтылат: “Музыканын бардык түрү, б.а., музыка аспаптары менен, аял жана эркек үнү менен ырдоо жана тыңдоо арам. Капысынан угуп калып, ошол жерден кетип калса күнөө болбойт. Күнөө болбогон нерселерди жогоруда аталгандардан башка үн менен тыңдоо жаиз. Илимден, адептүүлүктөн куралган (обонсуз) ырларды жазуу, окуу жаиз. Көзү тирүү жана ким экендиги маалым болгон бир аял тууралуу сөз, макалалар макрух. Курани карим жана намаз окууга убакыт калтырбай турган мубах иштердин баары макрух. Мечиттерде илахилерды айтып бийлөө, ойноо, айлануу арам. Андай мечиттерге баруу, кирүү, отуруу арам. Азыркы кезде динден кабарсыз болгон фасыктар ушул сыяктуу тарикатчылык кылып жүрүшөт. Тойлордо жана жаш баланы ойнотуу үчүн аял кишинин даф уруусу жаиз. Адал ырларды музыка аспаптарын колдонуп окуу жаиз эмес. Эркектердин майрамдарда доол кагуусу да ушундай. Күнөө сөздөрдү айтпастан жана башкаларды күлдүрүү максатында болбогон азил, анекдот айтуу жаиз. Күч-кубаттуу болуу үчүн күрөшүү жаиз. Оюн-зоок үчүн күрөшүү макрух. Нарда, он алты таш, карта, бридж (карта оюну), бильярд, безик (карта оюну), футбол, волейбол сыяктуу оюндар, акча тигиле турган кумар жана малаяни (убакытты бошко өткөрүү) болгондуктан арам. Илим үйрөнүүгө, намаз окууга тоскоол болгон нерселердин баары арам. Шахмат – кумар менен арам, кумарсыз макрух. Жалган сүйлөө арам. Жалгыз согушта душманга каршы, эки мусулманды элдештирүү үчүн жана заалымдын зулумуна учураган адамды куткаруу үчүн гана жалган сүйлөсө жаиз болот. Кандайдыр бир күнөө иш кылууну ойлоо, аны кылууга ниеттенүү, күнөө кылууга чечим кабыл алуу күнөө эмес. Күнөө ишти кылуу күнөө болот.

Күнөө кылган адамга жылуу сөз менен амри маъруф кылынат, б.а., насаат айтылат. Эгер укпай турган болсо, фитна чыга тургандай болсо, анда эч нерсе айтылбайт. Сөз уга турган болсо катуу айтуу керек. Урушуп, жаман сөздөр менен амри маъруф кылбоо керек. Каршы чыга турган адамга амри маъруф жана нахйи мункар кылынбайт. Каршылыгына сабыр кыла ала турган болсо насаат айтуу жакшыраак болот. Эмирлер кол менен (күч колдонуп), аалымдар тил менен (насааттар менен), аалым болбогондор жүрөк менен амри маъруф кылат. Ар бир адам алгач өзүнө амри маъруф кылууга тийиш. Жахил адам аалым адамга амри маъруф кылбашы керек. Бир күнөө ишти кылууну өзүнө адатка айландырып алган адам ошол күнөө ишти кылып жаткан адамды көрсө, амри маъруф кылат. Күнөө кылып жаткан адамга амри маъруф кыла албай турган адам аны атасына айтат же жазат. Атасы амри маъруф кылбай турган же кыла албай турган болсо атасына билдирбейт. Күйөөсүнө, өкмөткө билдирүү маселеси да ушундай. Тообо кылган адамдын күнөө кылганын башкаларга айтууга болбойт. Ууруну көрүп калган адам уурунун зыянынан коркпосо кабар берет.

Күнөө кылып жүргөн аял насаат айтуу менен тообо кылбаса аны менен ажырашуу важип болбойт. Музыка аспаптарын үйүндө сактоо өзү колдонбосо да макрух болот. Аалымдын жахилдеги акысы устаздын шакирттеки акысы сыяктуу. Күйөөнүн аялына деген акысы булардан да көп. Мубах болгон буйруктарына моюн сунуу жана мал-мүлкүн коргоо да зарыл. Башка жол жок болсо бирөөнүн эгин талаасынан өтүү жаиз болот. Уруксат бербесе өтүүгө болбойт.

Ибадат жана кесип, өнөр илимдерин үйрөнүү парз. Андан артык үйрөнүү абзел. Фикх үйрөнбөстөн туруп хадис, тафсир үйрөнүүгө аракет кылуу адамдын куруй тургандыгынын белгиси. Кыбыла багыты менен намаз убакыттарын аныктоо жана дин жолунда кызмат кылуу үчүн астрономия илимин үйрөнүү жаиз. Бирок, төлгөчүлүктү үйрөнүү арам. Тартышуу, сөз ташуу үчүн келам илимин үйрөнүү макрух. Жахилдердин бидат агымдары, мазхабдар тууралуу сүйлөөлөрү жаиз эмес. Эски грек философторунун жана бидатчылардын, мазхабсыздардын китептерин окуу, үйүндө сактоо жаиз эмес. Андай китептер адамдын ишенимин, ыйманын бузат. Диний билимдерди, ыйманга тийиштүү маалыматтарды “Ахли сүннөт” аалымдарынын китептеринен үйрөнбөй туруп табият таануу, философия илимдерин үйрөнүү жаиз эмес. Ар бир мусулман бала-чакасына алгач Ислам алиппесин, Курани карим окууну, намаз окууну, дин менен ислам ахлагын үйрөтүүгө тийиш. Ошондон кийин гана баласын мектепке жиберип, табият таануу, кесип жана башка зарыл, пайдалуу нерселерди үйрөтүүгө тийиш. Антпесе наадандарга алданып динсиз болот. Оюндардын бардык түрү Малаяни болот, илим үйрөнүүгө тоскоол болот. Ибн Абидин бешинчи томдо: “Араб тили – Бейиштин тили. Башка тилдерден абзел”, -  деген. Араб тилин үйрөнүү жана үйрөтүү ибадат. Илимди Аллах ыраазылыгы үчүн, Ислам динине жана мусулмандарга кызмат кылуу максатында үйрөнүү керек. Мал-мүлккө, мансапка жетүү үчүн, текебердик кылуу үчүн жана таанымал болуу үчүн үйрөнбөө керек. Устаздын акысы эне-атанын акысынан мурда келет. Илимди Ахли сүннөт аалымдарынан же алар жазган китептерден үйрөнүү керек жана салих адамдарга үйрөтүү керек. Илимди жакшы адамдардан кызганбоо керек. [Салих адам дегенибиз – жакшы адам деген сөз. Ахли сүннөт ишениминде болгон жана арам иш кылуудан сактануучу мусулман “Салих” [жакшы адам] деп аталат. Ахли сүннөт ишениминде болбогон мусулман бидатчы же мазхабсыз деп аталат.] Ахли сүннөт ишенимин жана арамдарды үйрөнүү Ихлас сүрөсүн миң жолу окугандан да көбүрөөк сооп. Фикх үйрөнүү хафыз (Курани каримди жаттаган киши, кары) болуудан абзел. Хафыз болуу болсо напил ибадаттан абзел. Ваъз (насаат) айтып жатканда “Аллаху таала” деп айтуу керек. Бир гана “Аллах” деп айтуу урматсыздык болот. Фыск мажилисте (күнөө иштер кылынган жыйында) тасбих, тахмид айтуу, Курани карим, хадиси шариф жана фикх окуу күнөө болот. Күнөөгө тоскоол болуу максатында тасбих айтуу жаиз болот. [Маалым болгондой, музыка аспаптары менен же булардын арасында такбир, салават окуу күнөө болот.] Дуба кылып жатканда алаканды ачуу, эки колдун арасы ачык болуу, колду ийиндин бийиктигинде көтөрүү, дубадан кийин колду жүзгө сүртүү мустахаб болот. Жергиликтүү эл имамга деп эгин эксе түшүм имамга тапшырылбаган болсо, түшүм эгинди эккендердики болот. [Жардам үчүн жыйналган акча, мал-мүлк да ушундай.]

 


Ислам Дини

unread,
Sep 23, 2016, 2:29:14 AM9/23/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

СУУ ИЧҮҮ АДЕБИ


170 – Сууну бир демде ичпе, үч жолу бөлүп ич! Тердеп турганда муздак суу ичпе, уйкунун арасында да суу ичпе, өтө көп суу ичпе! Булардын баарынын денеге зыяндары бар. Бир жыйында суу суралган кезде сууну баш жагынан берип башта, оң жактан бер! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): “Сууну өйдө туруп ичпегиле! Бул денеңерге зыяндуу. Бир гана даараттан артып калган сууну жана замзам суусун өйдө туруп ичүүгө болот”, - деген.

171 – Базарда жүргөндө эч кимдин тынчын алба! Көчөдө чимкирбе, эч кимди мазактаба! Жүрүп бара жатканда жана адамдардын алдында тамак жебе! Эч ким менен талашып-тартышпа, дос менен да, душман менен да тартышпа! Сен саткан нерсени кайтарып алып келишсе каршы болбой кабыл ал! Жалган сүйлөбө! Арам жебе, эч кимди алдоого аракет кылба!

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Кимде-ким базарга киргенде “Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах, лахул мулку ва лахул хамду йухий ва йумит ва хува хаййун ла йамуту бийадихил хайр ва хува ала кулли шайин кадир” дубасын окусун, миң күнөөсү кечирилет.”

Дүкөнүңдү Бисмиллах айтып ач жана ушунтип жап! Азык-түлүк алганда үйгө элге көрө тургандай ачык бойдон алып барба, бир нерсеге ороп, тамагыңды жабык абалда алып бар! Үйгө келгенде балдарыңды бир нерсе менен кубант! Дүкөнүңө кеч барып, эрте жап! [Башка убакыттарыңда илмихал үйрөн жана үйрөт!]

172 – Бир адам менен жолдо достошсоң аны менен бирдей бас. Аны менен сүйлөшкөндө ар тарапты карай бербе! Анын жанынан бир жумуш менен кеткен болсоң эртерээк жанына бар, аны күттүрбө! Досуңдун акысына маани бер, аны таарынтпа! Намаздарды аны менен жамаат болуп бирге оку. Коштошкон кезде аны менен адалдашып кет!

173 – Бир оорулуунун көңүлүн сурап барсаң эшиктин алдына келгенде кирүүгө уруксат сура! Бисмиллах айтып кир, оң жагына отур, киргенде салам бер, ал-абалын сура! Оорусуна каршы кандайдыр бир даары билсең ага айт. Ал уга тургандай кылып калимаи шахадат айт жана кыска убакытта айыгуусун тиле! Оорулуунун жанында көп отурба! Бир муктаждыгы бар болсо камсыздап бер! Кетерде ага кыска убакытта айыгып кетүүсү үчүн дуба кыл!

 


Ислам Дини

unread,
Sep 25, 2016, 10:01:28 AM9/25/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

174 – Жаназага жалгыз барба! Мажбур болгон кезиңде барсаң болот. Жаназа ээсине салам берип, “Аллаху таала сабыр берсин” деп көңүлүн жубат! Мейитти жерге берүү иштеринде көмөктөш! Табытты мейиттин оң жагынан баштап көтөр жана жөө бас. Табыт көтөрүүнүн адеби тууралуу “Сэадети Эбедиййе” китебинде кеңири жазылган. Пайгамбарыбыз жаназага жөө барып, минип кайткан. Мунун себебин сурашканда: “Табытты алып бара жатканда периштелер да бирге басышат, ошондуктан, жөө басуу керек жана бир нерсеге минүүдөн уялуу керек”, - деп жооп берди. [Мейитти капырлар сыяктуу көтөрүү, гүлчамбар коюу, сүрөтүн жана аза белгилерин тагынуу күнөө болот.]

175 – Үй-бүлөңдү (аялыңды) жакшы башкар! Жылуу сөз менен насаат кылып, Аллаху тааланын буйруктарын ага үйрөт! Гусул алуусуна, намазын таштабоосуна катуу маани бер! Бардык муктаждыктарын адал жолдон камсыз кылып бер! Ага арам тамак жегизбе! Анын талаада, фабрикада иштөөсүнө жол бербе! Анын тапкан акчасы – өзүнүн мүлкү болот. Анын макулдугусуз анын акчасын алуу сага арам болот. Үй-бүлөдө ачууланган кезиңде аны уруп-согуп, “Сени менен ажырашамын” деген сыяктуу сөздөрдү колдонбо, жада калса, намыссыз деп да айтпа. Оозун, көзүн сөкпө, капыр болосуң. Аны менен жылуу мамиледе бол. Аны урба! Таяк менен эч кимди уруу жаиз эмес. Үйүңө музыкалык аспап, ичкилик киргизбе! Үйүңө ар аялды киргизип, үй-бүлөңдүн зээнин бузба! Үй-бүлөңдүн сырын башкага айтпа. Андан карызга акча алба!

176 – Үйүңө Бисмиллах айтып кир! Эгер убактың болсо Ихлас сүрөсүн оку! Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Үйгө киргенде Ихлас сүрөсүн окуган адам жакырчылык көрбөйт!” - деген. Сахабалардан болгон Сухайл “радыйаллаху анх” Пайгамбарыбыздын алейхиссалам ушул кеңешин орундап бай болгон. Үйгө келгенде оң бутуң менен кир жана салам бер! Үйдө эч ким жок болсо минтип салам берсең болот: “Ассаламу алайна ва ала ибадиллахиссалихин.” Муну менен кошо бир жолу “Кулхуваллаху” сүрөсүн жана бир жолу “Аятал курси” окусаң үйүңө шайтан кире албайт. Кандай ишти баштасаң да Бисмиллах менен башта! Жумушту жана тамакты оң колуң менен башта! Дасторконго ар дайым адамдар менен бирге отур. Тамактан кийин дуба жана “Кулхуваллаху” сүрөсүн оку! Тамактанган соң бир саат өтпөй туруп суу ичпе, бул денеге жакшы эмес.

 


Ислам Дини

unread,
Sep 26, 2016, 2:13:14 AM9/26/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

177 – Жатар кезиңде Табарака (Мүлк) сүрөсүн оку! Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп айткан: “Уктай турган кезиңде Табарака сүрөсүн окубай жатпа! Анкени, кайтыш болсоң кабырда сага жолдош болот. Ар түнү Табарака сүрөсүн окуган адам Кадыр түнүн ибадат менен өткөргөндөй соопко ээ болот.”

Бир түнү Пайгамбарлардын Султаны Хазрети Айшага “радыйаллаху таала анха”: “Эй, Айша! Курани каримди хатим кылгын, ошондо бардык пайгамбарларды өзүңө шапаатчы жана бардык момундарды өзүңөн ыраазы кылган болосуң”,деди. Хазрети Айша “радыйаллаху анха”: “Эне-атам сизге курман болсун! Аз убакыттын ичинде муну кантип орундай аламын?” – деп сурады. Ошондо Пайгамбарыбыз: “Эй, Айша, үч жолу “Кулхуваллаху” сүрөсүн оку, Курани каримди хатим кылгандай болосуң. Бир жолу “Аллахумма салли ала Мухаммадин ва ала жамиъил Анбийаи вал мурсалин” деп айт, бардык пайгамбарлар сага ыраазы болсун. Бир жолу “Аллахуммагфирли ва ли валидаййа [ва ли-машайихиййа] ва лил муминина вал муминат вал муслимина вал муслимат ал ахйа-и минхум ва амват” деп оку, бардык момундар сага ыраазы болот. Жана бир жолу “Субханаллахи вал хамду лиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар вала хавла вала куввата илла биллахил алиййил азыйм” деп айт, Аллаху таала сага ыраазы болсун”,деп жооп берди.

“Сеадет-и Эбедиййе” илмихалынын 1010-чу бетинде мындай деп жазылган: “Ар түрдүү адамдар Курани каримдин ар түрдүү жүздөрүн окуганда хатимдин сообу пайда болбойт. Хатимди жалгыз бир адам окуусу керек.” Буларга Курани карим окуунун сообу берилет. Буларды да каалаганына багыштай алышат.

178 – Мына ушул сүрөлөрдү эртең менен кечинде үч жолудан оку Бисмиллах менен оку жана аялыңа, бала-чакаңа да окут!

1)      Ихлас (Кулхуваллаху... сүрөсү.) 2) Муаввизетейн (б.а., Фалак менен Нас сүрөлөрү.) 3) Фатиха сүрөсү (б.а., Алхамдулиллах... деп башталчу сүрө.)

Ушул төрт сүрөнү эртең менен кечинде үч жолудан окуган адам мал-мүлкүн, жанын, бала-чакасын бардык балээ-кырсыктардан коргогон болот.

Булардан башка “Кул йа аййухал кафирун...” сүрөсүн эртең менен кечинде окуган адам өзүн ширктен коргогон болот.

Эртең менен кечинде мына ушул дубаны окуган адам сыйкырдан, заалымдардын зыянынан жана балээ-жалаадан сактанат. Дуба төмөндөгүдөй:

“Бисмиллахиррахманиррахим, бисмиллахиллази ла йадурру маъасмихи шай-ун фил арды вала фиссама-и ва хувассамиъул алим.”

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Аллаху тааланын үч ысымы бар, айтуу оңой, ал эми таразада өтө оор. “Субханаллахи вал хамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар вала хавла вала куввата илла биллахил алиййил азыйм.” Мунун ар бир сөзүнө жүз сооп берилет.”

Төшөккө жатарда жана төшөктөн турганда, ар бир намазда [дубадан жана салаваттан кийин] истигфарлардын эң чоңу болгон мына ушул дубаны окусаң күнөөлөр кечирилет. “Астагфируллахал азыйм ал карим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх.”

[Төрт мазхаб фикхынан толук кабардар болгон, улуу аалым Сеййид Абдулхаким Арваси “рахметуллахи алейх” мындай деген: “Төшөгүңө Аъузу жана Бисмиллах айтып жат. Оң жагың менен кыбыланы карап жат. Оң алаканыңды оң бетиңдин астына кой. Аъузу-бисмиллах менен бир жолу Аятал курси оку. Анан ар бирине бисмиллах айтып үч жолу Ихлас, бир жолу Фатиха, анан үч жолу истигфар дубасын, б.а., “Астагфируллахал азыйм аллази ла илаха илла ху” деп оку! Үчүнчүсүнүн соңуна “-ал-хаййал каййума ва атубу илайх” деп кош! Кийин он жолу “Таваккалту алаллах ва ла хавла вала куввата илла биллахи” де! Бул “Калима-и тамжид” деп аталат. Онунчусунда “-хил алиййил азыйм аллази ла илаха илла ху” деп кош! Кийин “Аллахуммагфирли ва ли валидаййа ва лил-муминина вал муминат” дубасын, бир жолу салават, бир жолу “Аллахумма Раббана атина фиддунйа хасанатан ва фил ахирати хасанатан ва кина азабаннар би-рахматака йа Архамаррахимин” дубасын жана үч же он же кырк же жетимиш жолу истигфар, б.а., “Астагфируллахал азыйм” жана бир жолу калимаи тавхид, б.а., “Ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах” деп оку. Кийин каалаган жагыңа карап укта!”] Имам Раббани 174-чү катында мындай дейт: “Калимаи тамжид окуу жин оорудан коргойт. Аалымдарыбыз жиндерди куу үчүн ушул дубаны окушчу.” 174-чү катты караңыз! Эй, улуулардын улуусу – Аллахым! Мухаммед алейхиссалам кабар бергендей сага ишенемин. Мени кабыл кылгын! Мени кечире көр! Мухаммед алейхиссалам сени бизге кабар бербегенде бул кемчиликтүү акылыбыз менен өзүбүз Сени табуу, Сени таануу шарапатына жете алмак эмеспиз. Айбандардан да төмөн болмокпуз. Тозок отунда күйүү жазабыз болмок. Эй, улуу Пайгамбар! Сенин биздин мойнубуздагы акың чексиз. Бизди Аллахыбызды таанытуу менен барктуу кылдың. Мусулман болуу бакытына жеткирдиң. Түбөлүк отто күйүү азабынан куткардың. Ошондуктан, менден сага чексиз саламдар, чексиз дубалар болсун. Эй, улуулардын улуусу Аллахым! Ушул улуу Пайгамбарды бизге тааныткан эне-аталарыбызга, устаздарыбызга жана Ахли сүннөт китептерин жазгандарга жана жайгандарга ырайым кыла көр! Амин!

 


Ислам Дини

unread,
Sep 28, 2016, 11:48:45 PM9/28/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

179 – Аллаху тааланы көп зикир кыл, чыныгы кул болосуң.

Жарым түндөн кийин окулган тахажжуд намазы күндүз окулган миң рекеттен баалуураак. Эки рекет каза намазын окуу тахажжуд окуудан да жакшыраак. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Түндө уйкудан ойгонгон кезде мына бул дубаны окуган адам бардык тилектерине жетет: “Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах, лахул мулку ва лахул хамду ва хува ала кулли шайин кадир субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллалаху валлаху акбар вала хавла вала куввата илла биллахил алиййил азыйм”.”

180 – Үйүңөн чыгып бараткан кезиңде “Аятал курси” оку! Анткени, бардык жумушта ийгиликке жетесиң жана кайырлуу иштерди жасоо насип болот. Расулуллах алейхиссалам мындай деди: “Бир адам үйүнөн чыгып баратканда Аятал курсини окуса Аллаху таала ал адамды үйүнө кайтып келгенге чейин жетмиш периштеге ага дуба жана истигфар кылууларын буйрук кылат.” Үйүңө келгенде да окусаң эки Аятал курси арасындагы иштериң кайырлуу болот жана кедейликтин алдын алган болосуң. Алгач оң бут кийимиңди кий! Анан сол бутуң менен үйдөн, мечиттен чык!

181 – Бисмиллахсыз жима (жыныстык катнаш) кылба! Анткени, арага шайтан аралашат. Курман айт түнүндө, күн нуру астында, жылдыздардын астында, жемиш бактарынын астында, жаш баланын жанында, Кыбыланы карап жана хайз кезинде жакындык кылба. Короз сыяктуу тез жакындык кылба жана узак убакытка токтотуп койбо! Бүткөн соң заара чыгарбай туруп гусул алба! Ачка жана суусап турганда, курсак ток кезде жана сол жагың менен жатканда жакындык кылба! Абзел болгону, тизелеп туруп жакындык кылуу жана болгон соң дароо гусул алуу.

Перзентке диний билим жана Ислам ахлагын үйрөтсөң дүнүйөгө жана акыретке кайырлуу болушат. Имам Газали (рахметуллахи алейх) мындай деген: “Кимде-ким жунуп болуп туруп гусул албай бир намаз убакытын өткөрүп жиберсе ал адамга оттон көйнөк кийгизилет.”

Мончодо узак отурба! Мончодо киндик менен тизе арасын ачпа! Эркектердин жана аялдардын мончодо да аврат жерлерин ачуулары арам. Ачкан адам да, караган адам да – малун.


Ислам Дини

unread,
Sep 30, 2016, 12:07:35 AM9/30/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

АЯЛДАРДЫН ХАЙЗ ЖАНА НИФАС АБАЛДАРЫ


Түшүндүрмө: Ибн Абидин (рахима-хуллаху таала) “Манхал-ул-варидин” китебинде мындай деген: “Ар бир эркек үйлөнөр кезде аялдардын хайз (этек кир) жана нифас абалдарын үйрөнүүгө тийиш. Ар бир мусулманга аялдын хайз жана нифас билимдерин үйрөнүү - парз.”

Осмон мамлекети өстүргөн чоң Ислам аалымдарынын бири Ахшехирли Мустафа Фехим бин Осман (рахметуллахи алейх) “Муршид-ун-ниса” китебинде мындай деген:

“Хайз” – сегиз жашка толгон дени сак кыздын же адат убакыты соңку күнүнөн он беш күн өткөн аялдын алдынан чыккан кан деген сөз. Актан башка бардык түстө жана күңүрт болгону да хайз каны деп аталат. Бир кыз кан көрө баштаганда “Балига” болот. Башкача айтканда, балагатка толот, аял болот. Кан көргөн саатынан токтогон күнүнө чейинки күндөрдүн саны “Адат убактысы” деп аталат. Адат убактысынын эң көбү он күн. Эң азы үч күн. Шафии жана Ханбали мазхабдарында эң көбү он беш, эң азы бир күн.

Хайз канынын токтобой, үзгүлтүксүз агуусу кажет эмес. Алгачкы көрүнгөн кан токтоп, бир канча күндөн кийин кайра көрүнсө арадагы үч күндөн аз болгон таза күндөр сөз бирдиги менен үзгүлтүксүз аккан болуп саналат. Үч күн жана анда да узакка созулган тазалык Имам Мухаммеддин өкүмүнө ылайык хайздын онунчу күнүнөн мурда бүтсө дагы кан акты деп эсептелет. Кан акты деп эсептелген ошол тазалык күндөрү “Фасид тазалык” деп аталат. Бир күн дегенибиз – толук жыйырма төрт саат деген сөз. “Курсуф” деп аталган чүпүрөк же пахтанын бетинде айлар бою күндө кан тагын байкаган кыз ар айдын он күнү хайздуу, кийин жыйырма күн истихазалуу болуп эсептелет. Мурдатан эле адаты ошондой болгон аял болсо адатына ылайык кыймылдайт. Бир кыз үч күн кан көрүп, бир күн көрбөсө, кийин бир күн көрсө, эки күн көрбөсө, бир күн дагы көрүп, бир күн көрбөсө, дагы бир күн көрсө, бул он күндүн баары хайз болот. Ар айда бир күн кан көрсө, бир күн көрбөсө, ушинтип он күн бою бир көрүп, бир көрбөй өткөрсө, көргөн күндөрүндө намаз менен орозону токтотуп турат. Эртеси күндөрдө гусул алып, намаздарын окуйт. “Масаил-и шархи викайа.” Үч күндөн, б.а., жетимиш эки сааттан беш мүнөт болсо да аз болгон; жаңыдан башталган аялда он күндөн узакка уланган; жаңы болбогондордун адаттан көп болуп, он күндөн да ашкан; боюнда болгон жана айиса (кары) аялдардан жана тогуз жаштан кичине кыздардан келген кандар хайз болбойт. Бул “Истихаза” деп аталат. Аял элүү беш жаштарда “Айиса” болот. Адаты беш күн болгон аял күндүн жартысы чыкканда кан көрүп, он биринчи таңда күндүн үчтөн экиси чыкканда кан токтосо, б.а., он күндөн бир канча мүнөт ашкан болсо адат убактысы болгон беш күндөн кийин келгендери истихаза болот. Себеби, күндүн чыгуу убактысынын алтыдан бирине жакын он күн менен он түндү ашкан болот. Он күн толук өткөн соң гусул алып, адаттан кийинки күндөрдө окубаган намаздарынын казасын окуйт.

Истихаза күндөрүндөгү аял заарасын кармай албай турган же токтоосуз мурду канай турган адам сыяктуу кечиримдүү-үзүрлүү жагдайда болот. Андайлардын намаз окуусу, орозо кармоосу кажет болот жана кан келип жаткан болсо да кошулуу (жыныстык катнаш) жаиз болот.

Имам Мухаммеддин (рахима-хуллаху таала) өкүмүнө ылайык бир кыз өмүрүндө биринчи жолу бир күн кан көрсө, кийин сегиз күн көрбөсө жана онунчу күнү кайра көрсө, он күндүн бардыгы хайз болот. Бирок, бир күн көрсө, тогуз күн көрбөсө, он биринчи күнү кайра көрсө, эч бири хайз болбойт. Кан көрүлгөн эки күн истихаза болот. Себеби, онунчу күндөн кийин көрүлгөн кандан мурунку таза күндөрүнүн хайз болуп саналбай тургандыгы жогоруда айтылды. Онунчу жана он биринчи күндөрү кан көрсө арадагы тазалыктар да хайз болуп саналып, он биринчи күнү истихаза болот.

Истихаза каны – оорунун белгиси. Узак убакыт агуусу кооптуу болот. Врачка көрүнүү зарыл болот. Санг-драгон деп аталган кызыл сагызды же мастиканы майдалап, эртең менен жана кечинде бир граммы суу менен жутулса канды токтотот. Күнүнө беш грамм колдонууга болот.

Аялдын хайз жана тазалык мөөнөтү көбүнчө ар айда белгилүү бир күндө болот. Бул жердеги бир ай - бир хайздын башынан экинчи хайздын башына чейин өтө турган убакыт деген сөз. Ар аялдын өзүнүн хайз менен тазалык күндөр мөөнөтүн жана сааттарын, б.а., “Адатттарын” жаттап алуусу зарыл. Адаттары жылдар бою өзгөрбөйт. Өзгөрө турган болсо жаңы адатын, б.а., жаңы хайз жана тазалык күндөрүн жаттап алуусу зарыл.

“Бахр” жана “Дуррул-мунтака” китебинде мындай деп айтылат: “Кан адат убактысынан ашып, он күндөн мурун токтой турган болсо, токтогон соң он беш күндүн ичинде такыр келбесе, ашык келген күндөрдүн хайз боло тургандыгы бир ооздон билдирилди. Бул абалда адат күнү өзгөргөн болот. Он беш күн жана түн ичинде бир жолу кан келсе адатынан ашкандар хайз эмес истихаза болот. Истихаза экендиги маалым болгондо ошол күндөрдө окубаган намаздарынын казасын окуйт.” Адаттан кийин жана он күндөн мурун токтогон аялдын намаз убакытынын соңу жакындаганга чейин күтүүсү мустахаб болот. Ошондон кийин гусул алып, ошол убакыттын намазын окуйт. Мындан кийин кошулуу жаиз болот. Күтүп жүргөндө гусул менен намазды өткөрүп жиберсе намаздын убакыты чыккан соң гусулсуз кошулуу жаиз болот.

“Менхелкитебинде мындай деп жазылган: “Үч күндөн мурун токтосо намаз убактысынын соңу жакындаганга чейин күтөт. Анан гусул албай бир гана даарат алып, ошол намазды окуйт жана мурун окубаган намаздарынын казасын окуйт. Ошол намазды окуган соң кайра кан келсе намаз окубайт. Дагы токтосо убакыт соңуна карай бир гана даарат алып, ошол намазды окуйт жана окубагандары бар болсо казасын окуйт. Үч күн толгонго чейин ушундай кылат. Бирок, гусул алса да кошулуу адал болбойт.”


Ислам Дини

unread,
Oct 4, 2016, 12:59:19 AM10/4/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Кандын келбегени үч күндөн өткөн болсо адаттан мурун токтогон болсо, адат убактысы өткөнгө чейин гусул алган болсо да кошулуу адал болбойт. Бирок, намаз убактысынын соңуна чейин кан тагы көрүнбөсө гусул алып ошол намазды окуйт. Окубагандарынын казасын окуйт. Орозо кармайт. Кан тагын көрбөгөн күнү жаңы адатынын соңу болот. Бирок, кан кайра келе баштаса намазды токтотот. Кармаган орозосунун казасын Рамазан айынан кийин кармайт. Кан токтосо кайра намаз убактысынын соңуна жакын гусул алып, намазын окуйт. Орозо кармайт. Он күнгө чейин ушундайча уланат. Он күндөн кийин кан көрсө да намаз окуйт жана гусул албай туруп кошулуу адал болот. Бирок, кошулуудан мурун гусул алуу мустахаб болот. Таң ата электе кан токтосо таң атууга гусул алып, кийим кийе тургандай гана убакыт калып, Аллаху акбар деп айта тургандай убакыт калбаса ошол күндүн орозосун кармайт. Бирок, куптандын казасын окуусу кажет болбойт. Такбирди айта тургандай убакыт бар болсо куптандын да казасын окуу керек болот. Ооз ачардан мурун хайз башталса орозо бузулат. Рамазандан кийин казасын орундайт. Намаз окуп жатканда хайз башталса намаз бузулат. Тазаланган соң парз намазынын казасын окубайт. Напилдин казасын окуйт. Таң аткан соң ойгонгон кезде курсуфунда кан тагын байкаган аял ошол саатта хайздуу болот. Ойгонгон кезде курсуфунун таза экенин көргөн аял жатарда хайздан кутулган болот. Экөөнө тең куптанды окуу парз. (Фетх) (Заарасын кармай албагандар да ушундай.) Анткени, намаздын парз болуусу убактысынын соңку мүнөтүндө таза болууга байланыштуу. Убакыт намазын окуудан мурун хайз көргөн аял бул намаздын казасын окубайт.

Эки хайз арасында эң аз дегенде он беш күн тазалык болуу керек. Он беш же андан көп күн өтүп, такыр кан келбеген болсо мурдагы жана кийинки кандардын эки бөлөк хайз боло тургандыгы бир ооздон билдирилди. Кан он күндөн мурун токтоп, адат убакытынын өзгөргөнү же өзгөрбөгөнү белгилүү болгон соң ошол адат убактысынан кийин он беш күн өтпөй көрүнгөн кандар “Истихаза” болот, хайз болбойт. Он беш күн саналганда арадагы истихазалуу күндөр да таза болуп саналат. Бул истихазалуу күндөр “Хукми тазалык” күндөрү деп аталат. Белгилүү болуп жаткандай, он күндүк хайз мөөнөтү ичинде кан көрүнгөн күндөр арасындагы тазалык күндөрү хайз деп кабыл кылынууда, ал эми он күндөн кийинки истихазалуу таза болуп кабыл кылынууда. Адат убактысы белгилүү болгон соң башталган он беш күн ичинде кан такыр байкалбаса же кан байкалбаган бир же бир канча күн бар болсо ошол он беш күндөн кийин уланган же башталган кан жаңы хайздын башы болуп эсептелет.

Он беш күн ичинде эч таза күн болбостон кан күнүгө көрүнсө, адатына карай эсептелет. Башкача айтканда, мурунку бир ай ичиндеги тазалык күнүндөй тазалык жана адатындай хайз болуп кабыл кылынат. Кан уланган мөөнөт боюнча, ушундайча жылдар бою эсеп менен амал кылынат. Ушул арада бир жолу кан токтосо кайрадан көрүнгөн күн жаңы хайздын башы болот. Бир кыз беш күн кан көрсө, анан кырк күн эч кан көрбөсө, анан күнүгө туруктуу көрүп турса, бул соңку көрүнгөнү жаңы хайздын башы болот. Адат убактысы беш күн, тазалыгы кырк күн улана турган аялдар да болот. Жаңы хайзы туруктуу болгондуктан мунун алгачкы беш күнү хайз болот. Мындан кийин кырк күн таза, б.а., истихазалуу болуп эсептелет. Адат убактысын унуткан аял “Мухаййира” деп аталат.

“Нифас”  - жаңы төрөгөн аял деген сөз. Нифас убактысынын азы жок. Кан токтогон кезде гусул алып намазын баштайт. Бирок, адаты канча болсо ошончо күн өтө электе жыныстык катнаш кыла албайт. Эң көп убактысы – кырк күн. Кырк күн толук болгон кезде кан токтобосо да гусул алып, намазын баштайт. Кырк күндөн кийин келе турган кан истихаза болот. Биринчи баласында жыйырма беш күндө тазаланган аялдын адаты жыйырма беш күн болот. Бул аялдын экинчи баласында кан кырк беш күн келсе, нифасы жыйырма беш күн болуп саналып, жыйырма күнү истихаза болот. Жыйырма күндүк намаздарынын казасын окуйт. Ошондуктан, нифас күнүн жа жатка билүү кажет. Экинчи балада кан кырк күндөн мурун, маселен, отуз беш күндө токтосо, мунун бардыгы нифас болот жана адаты жыйырма беш күндөн отуз беш күнгө өзгөргөн (алмашкан) болот.  


Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg+unsubscr...@googlegroups.com

Ислам Дини

unread,
Oct 5, 2016, 2:35:51 AM10/5/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Рамазан айында сахурдан (б.а., таң аткандан) соң хайздан же нифастан кутулган аял ошол күнү жеп-ичпейт. Бирок, ошол күндүн казасын кармайт. Хайз жана нифас сахурдан кийин башталса асрдан кийин дагы болсо ал күнү жеп-ичет.

Хайз жана нифас күндөрүндө намаз, орозо, мечиттин ичине кирүү, Курани карим окуу жана кармоо, таваф, жыныстык катнаш төрт мазхабда тең арам. Орозолордун казасын кармайт. Намаздардын казасын окубайт. Намаздары кечирилет. Ар намаздын убактысында даарат алып, жайнамаздын үстүндө ошол намазды окуй турганчалык убакыт отуруп, зикир, таспих айтса эң жакшы окуган намазынын сообун алат.

“Жавхара” китебинде мындай деп айтылган: “Аял хайзынын башталганын күйөөсүнө билдирүүсү зарыл. Күйөөсү сураганда айтпаса чоң күнөө болот. Таза кезинде хайз башталды деп айтуу дагы чоң күнөө. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам”: “Хайзынын башталганын жана бүткөнүн өз күйөөсүнөн жашырган аял – малун”, -  деген. Хайз абалында да, таза кезинде да аялдын аркасынан жакындык кылуу арам, чоң күнөө. Бул “Ливата” деп аталат. Аялына ушундай жакындык кылган адам – малун. Гомосексуалдык, б.а., эркектин эркек менен жакындык кылуусу андан да чоң күнөө. Энбия сүрөсүндө ливата “Ыпылас кылык” деп аталган.


Ислам Дини

unread,
Oct 8, 2016, 1:51:27 AM10/8/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

182 – Эртең менен жана кечинде Амантуну окуп ыйманыңды жаңылап тур! Аманту ыймандын алты шартын билдирет. Амантунун маанисин жатта жана бала-чакаңа да жаттат! Анткени, качан өлө турганыңар белгисиз. Ар дайым калимаи тавхидди айтып жүр жана ишенүү зарыл болгон алты нерсени жакшы үйрөн, аны кабылда, ыраста жана аларга да үйрөт! Буларды билбегендердин ыйманы кетет.

Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” мындай деген: “Бир киши бир мусулманды Ислам динине каршы болгон бир иштен туура жолго чакырып, эскертсе, Кыямат күнү Аллаху таала ал адамды пайгамбарлар менен бирге хашр кылат.”

Түшүндүрмө: Мусулманды Ислам динине каршы бир иштен кайтаруу “Нахйи анил мункар” деп аталат.

Мусулманга Аллаху тааланын буйругун үйрөтүү жана жаттатуу “Амри  бил маруф” деп аталат. Амри маруф жана нахйи мункар өтө чоң сооп. “Адамдардын ниеттерине тийишпөө керек. Олуялар эч кимге аралашчу эмес”, - деп айтып жаткандар бар. Имам Раббанинин мубарек уулу каййуми Раббани, Халифаи илахи аллама на мутанахи Мухаммед Масум “каддесаллаху сиррахул азиз” 1079 [м. 1667] жылы кайтыш болгон. Бул улуу аалым үч томдон турган “Мектубат” китебинин биринчи тому, 29-чу катында ушинтип айткандарга өтө жакшы жооп берген. Бул каттын котормосу “Сэадети Эбедиййе” илмихал китебинде бар.

183 – Эй, уулум! Оорулууларды зыярат кылуу тууралуу 173-чү бөлүмдө айтып өткөн элек. Бир гана төмөндөгүлөрдү эске алуубуз керек, бир оорулуунун үч жагдайы бар:

1)      Бир периште келип оозунун даам сезимин алат.

2)      Бир периште күч-кубатын алат.

3)      Бир периште келип күнөөлөрүн алат.

Оорулуу сакайган кезде оозунун даам сезимин алган периште акырындап кайтарат. Күч-кубатын алган периште да кайтарат. Ал эми күнөөлөрүн алган периште Аллаху тааладан: “Бул күнөөнү эмне кылайын?” - деп сурайт. Ошондо Аллаху таала хадиси кудсиде: “Менин мээримим азабыман өттү. Ошондуктан, ооруган кулумдун күнөөлөрүн кечирдим!” – дейт. Оору, дарт, кайгы күнөөлөрдү өчүрбөйт. Бул кыйынчылыктарга сабыр кылуу күнөөлөрдү алып кетет.

Сага жакшылык кылган адамга жакшылык кыл, жамандык, зулумдук кылган адамдарды кечир, аларга насаат айт! Жаңылыш ишенимдеги, жаман мүнөздүү адамдардан кач! Алар менен достошпо!


Ислам Дини

unread,
Oct 12, 2016, 1:39:51 AM10/12/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

184 – Эй, уулум! Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” Абу Хурайрага мындай деди: Оорулуунун жагдайын суроо үчүн эки километр бас, таарынышып калган адамдарды элдештирүү үчүн төрт километр бас, дин бир тууганыңды зыярат кылуу үчүн алты километр бас, ошончо дагы илим адамынан бир маселе үйрөнүү үчүн бар!” [Бир миль – эки километр]

185 – Бардык адамдарга колуңан келгенче жакшылык кыл! Мусулмандардын илим үйрөнүүсүнө жана ибадаттарына жардам бер! Эң чоң жардам – аларга Ахли сүннөт ишенимин, адалдарды, арамдарды, парздарды үйрөтүү жана эскертүү. Буларды Аллах ыраазылыгы үчүн жаса! Расулуллах “саллаллаху алейхи ва саллам”: “Аллаху таалага Жабраил алейхиссалам сыяктуу ибадат кылсаңар да момундарды Аллах үчүн жакшы көрмөйүнчө жана капырлар менен муртаддарды Аллах үчүн жаман деп билмейинче эч бир ибадатыңар, кылган жакшылыгыңар, кайрымдуулуктарыңар кабыл болбойт!” - деп айткан. Аллаху тааланын эң жакшы көргөн ибадаты – хубби филлах жана бугди филлах. Тактап айтканда, мусулмандарды жакшы көрүп, аларга жардам берүү, дуба кылуу жана Ислам динин жактырбагандарды, Ислам динине жана мусулмандарга душмандык кылгандарды жаман көрүү жана алардын туура жолго, ыйманга келүүлөрү үчүн дуба кылуу.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: “Эй, Абу Хурайра! Мени менен Арштын көлөкөсүндө бирге болууну кааласаң күнүнө жүз жолу салават айт! Махшарда менин хавузуман ичүүнү кааласаң момун бурадарың менен үч күндөн артык араздашпа! Бирок, шарап [же башка алкоголдук ичимдиктерди] иче тургандар жана арам жей тургандар менен сүйлөшпө, алардан узак бол!”

186 – Ислам билимдерин [б.а., дин менен табият таануу илимдерин] үйрөнүүгө катуу маани бер! Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир хадиси шарифинде: “Бешиктен мазарга чейин илим үйрөнгүлө!”, башка биринде: “Илим издегиле, жада калса, илим Кытайда болсо дагы, - деди. [Башкача айтканда, өтө алыс жакта жана капырларда болсо да издегиле деген сөз.]

Ислам илимдери экиге бөлүнөт: Диний илим жана табият таануу илими. Алгач диний илимди, анан табият таануу илимдерин үйрөнүү керек.

Бир риватка ылайык, Имам Ахмед ибн Ханбалдын “рахима-хуллаху таала” [164-242, Багдатта] алдына бир киши насаат сурап келгенде мындай деп насаат айткан болчу:

“Аллаху таала сенин жана бүткүл ааламдын ырыскысына кепил. Ырыскы тууралуу [колуңан келгенче эмгектенген соң] ойлонуунун эч кажети жок. Анткени, Аллаху таала тарабынан ырыскылардын бардыгы бөлүштүрүлгөн. Эмгек кылуу аркылуу өзүңө тийиштүү ырыскыны табасың. Бир садаганын өзүнө он эсе кылып жооп кайтарылган соң, эмгек кылган адамга эмгегинин акысы бериле тургандыгы шексиз. Тозок азабы хак болуп тураса да күнөө кылууга батынууга болобу? Бардык иштер Аллаху тааланын тагдыры менен болот. Сен кедей болсоң башкалардын байлыгын карап кыйналуунун эмне пайдасы бар?”

Бул сөздү тыңдап, кабыл кылган адамга насаат катары ушул жеткиликтүү. Тыңдабай тургандарга ушул сыяктуу миң түрдүү насаат айтсаң да пайдасы болбойт. Анткени, насааттардын бардыгы дээрлик ушулардын ичинде жыйналган.


Ислам Дини

unread,
Oct 13, 2016, 2:49:10 AM10/13/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

187 – Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: “Аллаху таала эмгектенген бир кулуна ырыскыны аз берсе ал кул ызы-чуу салып ыйлабаса жана кедейлигине сабыр кылган болсо, Аллаху таала периштелерине ошол кулу менен мактанып, аларга айтат: “Эй, менин периштелерим! Силер күбө болгула, бул кулумдун ар бир жутум тамагы үчүн Бейиште бир хансарай жана бир даража ихсан кыламын.”

188 – Адамдар менен ар дайым жакшы мамиледе бол! Сен көргөн кичүү-улуу ар бир мусулманга мусулманча салам бер! Адамдар менен жакшы мамиледе бол, өлгөндөн кийин сени ойлоп, кайырлуу дубалар менен эскеришсин! Бир адам момун бурадарына “Селамун алейкум” деп мусулман саламын берсе он сооп жазылат. “Ассаламу алейкум ва рахматуллах” десе, жыйырма сооп жазылат. “Ва алейкум салам” деп жооп берген адамга он сооп жазылат. Салам берген адамдын саламына жооп берүү парз.

“Меракил-фалах” китебинде намаздын муфсиддери башталган жеринде мындай деп жазылган: “Башты же денени ийип салам берүү макрух. Кол менен гана салам берүү жана колду башка көтөрүп салам берүү дагы макрух. Ооз жана кол менен бирге салам берүү макрух эмес. Жашы улуу киши келгенде ордунан туруу, келген киши ушундай орундан турууну жактырбаса макрух болбойт. Жактырса өзүнө гана макрух болот. Зыянынан коркуп ордунан туруу макрух эмес. Кетээрде ордунан туруу да ушундай. Аалымдын, адилеттүү султандын [салих болгон өкмөт адамдарынын], эне-атанын колун өбүүгө болот.”

189 – Жумуштарыңда шашылба жана дароо бир чечим кабыл кылба! Шашылып кабыл кылынган чечимдерге шайтан аралашат. Хадиси шарифте: “Шашылуу – шайтандан, шашылбоо – Рахмандан” деп билдирилген. Напсинин бир каалоосу оюна келгенде шайтан: “Мүмкүнчүлүктү качырып алба, дароо жаса”, - дейт. Ошентип ал жасайт. Көңүлгө келген нерсени жасоого Аллаху таала ыраазы болобу же жокпу ошону ойлоо керек. Муну жасоо күнөөбү же сооппу ошону түшүнүү керек. Күнөө болбосо жасоо керек. Ошентип, шашылбаган болот. Жалгыз беш жерде ган ашашылуу керек:

1)      Конок келгенде алдына тамак кой!

2)      Пендечилик менен бир күнөө кылганда дароо тообо, истиагфар кыл!

3)      Беш маал намаздын баарын убактысын өткөрүп жибербей тез, б.а., эрте оку!

4)      Кыз же уул балдарыңа диний билим жана намаз окууну үйрөт! Балагатка толгондо кечиктирбей үйлөнт.

5)      Кайтыш болгон адамды жерге берүүгө шашыл! [Бирок, бул үчүн беш маал намаздын соңундагы Аятал курси менен тасбихтерди таштаба!]


Ислам Дини

unread,
Oct 14, 2016, 12:58:14 AM10/14/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

190 – Эч бир күнөө ишти кылба! Аллаху тааланын каары кайсы күнөөдө экендиги белгисиз. Сооптуу болгон амалдардын бардыгын жасоого аракет кыл! Анткени, Аллаху тааланын ыраазылыгы кайсы амалда экендиги да белгисиз.

191 – Эки күнөөдөн катуу корк! Биринчиси, кол астыңдагыларга зулумдук кылба! Эң чоң зулумдук – алардын Ислам илимдерин үйрөнүүлөрүнө, ибадат кылууларына тоскоолдук кылуу. Экинчиси, дин менен дүнүйө жолунда саткын болбо! Бардык күнөөлөрдөн корк! Бир адам бир күнөө иш кылууну кааласа, бирок, Аллаху тааладан коркуп, күнөөдөн баш тартса, Аллаху таала ал адамга Бейиште бир хансарай ихсан кылат. Бир мусулман сага зыян тийгизсе, сен ага жакшылык кыл! Эч кимдин айыбын бетине урба!

192 – Колуңан келгенче жолдорду, көчөлөрдү, мечиттерди оңдоого аракет кыл, тартипти сакта, тазалыкка маани бер!

193 – Ибадаттарыңа сооп берилүүсү жана дубаларыңдын кабыл болуусу үчүн адал нафака табуу шарт. Ырыскыңдын адал болуусу үчүн ар бир ишиңде, кыймыл-аракеттериңде чынчылдыктан айрылба! Ислам дининин буйруктарын кемчиликсиз жана толук орунда, куулук менен кыянаттык жолдоруна кирбе, алган акчаң, айлыгың сага адал болсун!

Эртең мененки тамакты эртерээк жештин төрт пайдасы бар:

1)      Ооздун жагымсыз жытын кетирет.

2)      Эртең мененки тамактан кийин суу ичкенде денеге зыяны тийбейт.

3)      Бир жерге бара турган болсоң курсагың ток болот.

4)      Эч кимдин тамагына көз артпайт.

Тамакты аз жеген өтө пайдалуу. Мисалы, аз суу ичирет, аз уктатат. Ал эми көп жеш адамды жалкоо кылат, денени чарчатат, көп суу ичирет жана малаяниге себеп болот. [Малаяни – керексиз, пайдасыз иштер жана сөздөр.]

Жеп-ичүүнү баштарда “Бисмиллахиррахманиррахим” деп айт!

Рамазанда ифтар кылып жатканда, Бисмиллахтан кийин “Захабаззама’ вабталлатил-урук ва сабатал ажр иншааллаху таала” деп оку! Тамактанып бүткөн соң “Алхамдулиллах” деп айт. Анан тишиңди ар нерсе менен чукулай бербе! [Тишти эң жакшы тазалай турган нерсе – мисвак.]

194 – Ушак күнөсүнөн өзүңдү корго! [Ушак – бир мусулмандын жашыруун күнөөлөрүн жана ачык кемчиликтерин артынан айтуу деген сөз. Тартынбай, ашкере кылынган күнөөлөрдү, айрыкча, динди бузууну, мусулмандыкты өзгөртүүнү көздөгөн динде реформачыларды эл-журтка айтуу ушак болбойт. Аларды мусулмандарга билдирүү кажет.] Ушак айтканда күнөөлөрүң көбөйүү менен катар сооптор да жок болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Ушак айтуу – зинадан да оор күнөө”, - деген.


Ислам Дини

unread,
Oct 18, 2016, 12:18:06 AM10/18/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

195 – Жалган сүйлөөдөн жана жалган ант берүүдөн сактан! Анткени, жалган ант бергендердин тукуму кесилет. [Ант тууралуу араб тилинде “Фатава-и Хиндиййа” жана түрк тилиндеги “Сеадети Эбедиййе” китептеринде көп маалымат бар. Кандай сөздөрдүн ант боло тургандыгы жана кандай сөздөрдүн ант болбой тургандыгы кеңири баяндалган.] Рия кылба жана мактанба! Жалган такыбаа болуп көрүнбө! Өзүң кандай болсоң ошондой көрүн! Өзүңдө болбогон нерсени бар кылып көрсөтүп, өзүңө жалаа жаппа! Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айткан: “Өзүн аалым кылып көрсөткөн жахилдер Тозокко кетет.”

Бир мусулмандын айыбын жарыя кылууга аракет кылба, эч кимдин жашыруун жагдайларын издебе! Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: “Мираж түнүндө адамдардын бир тобун көрдүм, өтө коркунучтуу жана оор түрдө өздөрүнө өздөрү азап кылышууда. Жабраил алейхиссаламдан: “Эй, Жабраил, булардын күнөөсү эмне? Эмне себептен алар өзүнө өзү азап кылышып жатат?” - деп сурадым. Жабраил алейхиссалам: “Алар башкалардын айыптарын жарыя кылгандар” деп жооп берди.”

Муса алейхиссалам Тури Сина тоосунда Аллаху тааладан: “Йа, Раббим! Башкалардын айыптарын жарыя кылуунун жазасы кандай?” - деп сурады. Ошондо Аллаху таала: “Тообосуз кете турган болсо барар жери – Тозок”, - деп жооп берди. Имам Газали (рахметуллахи бари) мындай деп айтат: “Үч чоң күнөө бар. Булар:

1)      Сараңдык.

2)      Көралбастык.

3)      Рия.”

Сараңдык – зыкым, катуу баш деген сөз. Мисалы, сараңдык дегенибиз – бир кишинин сага иши түшүп, сага муктаж болгондо, сен кызганып, ал нерсени ага үйрөтпөгөнүң. [Сараңдардын эң жаманы мусулмандарга амри маъруф жана нахйи мункар кылбагандар. Аларга диндерин үйрөтпөгөндөр же жаңылыш үйрөткөндөр.] Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Сараң болгондор канчалык диндар болушса да Бейишке кире алышпайт, - деген.

Ал эми көралбастык – бир адамдын кайырлуу бир иши же үйү, мал-мүлкү, билими болсо, ал кишиден булардын кетүүсүн, андай болбой, өзүндө гана болуусун калоо деген сөз. [Ал адамда болгондой өзүндө да болуусун каалоо көралбастык болбойт. Бул суктануу деп аталат. Бул күнөө эмес.]

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Көралбастык оттун отунду жегени сыяктуу жакшылыктарды (б.а., жакшы амалдарды) жейт.”

Рия болсо – намаз, орозо, садага жана жол, мечит салдыруу сыяктуу кайрымдуулуктарды адамдар көрсүн, жактырсын деген ой менен жасоо деген сөз. Мына ушундай максат менен жасалган иштердин бардыгы рияга жатат. Рия – кичине ширк. Мындай адам тообо кылмайынча такыр кечирилбейт. Илими менен амал кылбоо, амалында ыкыластын болбоосу жана дин аалымдарынын, ибадат кылуучуларды, азанды, ыйык күндөрдү урмат кылбоо да куругандыктын белгиси.

196 – Эй, уулум! Шакилердин белгиси сенде болбосун! Мындай белгилердин биринчиси – зулумдук кылуу. Зулумдук үчкө бөлүнөт:

1)      Аллаху таалага каршы чыгуу.

2)      Зулумдук кылган адамдарга жардам берүү.

3)      Өзүнүн кол астындагыларды кыйноо, азап тарттыруу. Алардын ибадат кылууларына тоскоолдук кылуу.

Түшүндүрмө: Аллаху таалага каршы чыгуу эки түрдүү болот:

1)      Аллаху тааланын буйруктарын, б.а., парздарын орундабоо. Парздарды өзүнө милдет деп санабагандар ыймансыз болот. Милдет деп билип, бирок, жалкоолук менен орундабагандар, б.а., “Казасын окуймун, орундайм” деген ойдо болгондор Ханафи мазхабында ыймансыз болбойт. Бирок, эң чоң күнөө болот.

Аллаху таала тыюу салган, б.а., арам кылган нерселерди кылуу. Арамдан сактанууну өзүнө милдет деп билген болсо да напсиге берилип жасап койгондор жана жасап койгон соң өкүнгөндөрдүн ыйсманы кетпейт. Арам иш кылган мусулман “фасык” деп аталат. Арам иш кылбагандар жана парздарды орундагандар “салих” [жакшы адам] деп аталат. Арамдардан сактануунун сообу парздарды орундоонун сообунан да көп. Арамдардын саны көп эмес. Мисалы, киши өлтүрүү, гыйбат [артынан сөз кылуу], зина кылуу, аялдардын, кыздардын баштары, колдору, буттары ачык түрдө көчөгө чыгуулары, уурулук, жалганчылык, ичкилик ичүү, кумар ойноо, алтын, күмүш колдонуу эркектерге да, аялдарга да арам. Бир гана үй ичинде кооздук үчүн тагуу аялдарга жаиз. Эркектерге бир гана күмүш шакек жаиз. Күмүштөн башкасы арам.


Ислам Дини

unread,
Oct 20, 2016, 12:55:57 AM10/20/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ТИШКЕ ПЛОМБА ЖАНА ПРОТЕЗ САЛУУ


197 – Кыймылдап турган тишти алтын сым менен байлоо Имам Мухаммеддин өкүмүнө ылайык жаиз. Имам Азам болсо, алтын сым менен байлоонун жаиз эместигине ижтихад кылган. Имам Абу Юсуф бир риваятта Имам Мухаммеддин өкүмүнө кошулган, аалым кыймылдап турган тишти алтын менен байлоого уруксат берген. Асхаби кирамдан Арфажа бин Саадга “радыйаллаху таала анх” алтын мурун колдонууга Пайгамбарыбыздын берген уруксатын Имам Азам жалгыз Арфажага гана тийиштүү экенин айткан. Чындыгында, Зубайр менен Абдуррахманга “радыйаллаху таала анхума” жибек кийүүгө уруксат берилген жана бул уруксат жалгыз аларга гана тийиштүү деген. Бирок фатва Имам Мухаммеддин кавлына ылайык берилген.

Кыймылдап турган тиштерди байлап турчу алтын сымдарды жана протез деп аталган алынып кайра салынган тиштерди гусул аларда чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Имамдардын өкүмдөрунүн өзгөчө болуусу байлап турчу сымдын алтын болуусуна байланыштуу. Ал эми гусул маселесинде бардык имамдарыбыздын сөз бирдиги бар. Тактап айтканда, алтын, күмүш жана башка түрдүү пломбалардын астына суу өтпөсө Ханафи мазхабында гусул сахих болбойт. Башкача айтканда, киши жунуптуктан кутула албайт. Анткени, Ханафи мазхабынын аалымдары: “Ооздун ичи башка терибиз сыяктуу эле дененин сыртынан болуп саналат. Теринин бардык жерин жууш - парз”, - деп билдиришкен. Ошондуктан, тырмактарында лак болгондордун, тиштерине пломба жана каптама (коронка) салдыргандардын гусулу сахих болбойт. Гусулу сахих болбогондордун даараттары да, намаздары да сахих (дурус) болбойт.” “Мажмуа-и жадида” аттуу фатва китебинде 1329 [м. 1911] жылкы 2-чи басылмасында Хасан Хайруллах мырзанын “рахима-хуллаху таала” “Пломбанын гусулга зыяны жок” деген фатвасы жазылган. Кээ бир адамдар ошол фатвага таянып тишине пломба жана каптама койдургандардын гусулу сахих болот деп айтышууда. Бирок, аталган фатва ал китептин 1299-жылы чыккан алгачкы басылмасында жок. Төңкөрүшчү революционерлер башкарган доордогу жахилдер, динин саткандар ал жалган фатваны ойдон чыгарып, ал китепке кийинчерээк киргизип коюшкан. Себеби, Хайруллах мырза 1294-жылы шейх-ул-исламдык кызматынан кеткен болчу. Ошол сыяктуу ойдон чыгарылган фатваларга алданып калбаш керек. “Мисбахул-фалах” китебинде мындай деп айтылат: “Мом, сагыз, катуу камыр сыяктуу бир нерсе дененин бир жерине жабышса же кандайдыр бир нерсе тиштин тешигин бүтөп, жууган кезде астына суу өтпөй турган болсо гусул толук болбойт.” “Мажмуа-и Зухдийа” китебинде мындай деп айтылат: “Аз болсо да, көп болсо да, тиштердин арасында калган тамактын калдыктары катуу камыр сыяктуу болуп, астына суу өткөрбөй турган болсо гусулга тоскоол болот. “Халеби” китебинде да ушундай жазылган.” “Ибн Абидин” “рахима-хуллаху таала” мындай деди: “Тиштердин арасында же чуңкурунда калган тамактын калдыктары катып, астына суу өткөрбөсө гусул жаиз болбойт.” Белгилүү болуп тургандай, Ханафи мазхабында гусулдун сахих болуусу үчүн тиштерге жана тиштин чуңкурларына суунун тийүүсү кажет.

Адамды бир ишти кылууга мажбур кылуучу самави себеп, б.а., адамдын өз эркинде болбогон себеп “Зарурат” (зарылдык) деп аталат. Ислам дини тарабынан буйрук кылынган же тыюу салынган болуу же катуу ооруу, бир мүчөгө же өмүргө кооп туудуруу, башка эч нерсе кыла албоо аргасыздыгы сыяктуу себептердин баары зарылдыкка жатат. Бир парзды орундоонун же бир арамдан сактануунун мүмкүн эмес же машакаттуу, кыйын болушу “Хараж” (кыйынчылык) деп аталат. Аллаху тааланын буйруктары менен тыюулары “Ахками исламия” (Ислам өкүмдөрү) деп аталат. Ахками исламиядан бир өкүм аткарыла турган кезде, б.а., бир буйрук аткарылып жатканда же бир тыюудан сактанып жаткан кезде өз мазхабынын аалымдарынын белгилүү болгон, тандалган сөздөрүнө моюн сунуу керек. Бул сөздөргө моюн сунууда хараж пайда болсо, тандалбаган, заиф сөздөрүнө да моюн сунуу керек. Бул моюн сунууда да хараж бар болсо бул өкүм хараж болбогон башка мазхабды таклид кылуу (тууроо, өкүмүнөн пайдалануу) аркылуу орундалат. Башка мазхабды таклид кылууда да хараж бар болсо харажга себеп болгон нерсенин пайда болуусунда зарылдыктын бар же жок экендигине каралат. Зарылдык да бар болсо ошол парзды таштоо же арамды зарыл өлчөмдө кылуу жаиз болот. Зарылдык жок болсо же зарылдык менен бир канча амал кылуу мүмкүн болсо жана алардын арасынан бирин тандоого мүмкүнчүлүк болуп, хараж болгону тандалса, парзды таштоо же арамды кылуу жаиз болбойт. Харажга себеп болгон нерсени кылбоо керек болот.

Каптамасы (коронкасы), пломбасы бар болгон тиштин астына суу өткөрүүнүн хараж (машакат) экендиги белгилүү. Бул хараждан кутулуу үчүн Ханафи мазхабында экинчи жол да жок. Ушу себептен Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылууга кажеттүүлүк туулат. Анткени, гусул алганда бул эки мазхабда ооздун ичин жуу парз эмес, сүннөт. Таклид кылуу мүмкүн болгондуктан зарылдыктын бар же жок экенин изилдөөгө кажет жок. Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылуу мүмкүн болбогондо, зарылдыктын бар-жоктугу ошол кезде изилденмек. Ошондуктан, пломба же каптама жасатмакчы болгондор “Мазхабдар – Аллаху тааланын мээрими” деген хадиси шарифке таянып Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылуулары кажет болот. Башка мазхабды таклид кылууга себеп болуучу бир үзүрү болбогон бардык ханафилердин башка мазхабдарда парыз болгондорду орундоосу жана муфсид болгондорунан сактануусу мустахаб экендиги Ибн Абидинде жана Имам Раббанинин 289-чу катында жазылган. Үзүрү жок болгондордун да башка мазхабдарды таклид кылуусу мустахаб болсо үзүрү бар болгон адамдын таклид кылуусуна каршы чыгуу туура болбойт. Малики же Шафии мазхабдарын таклид кылуу үчүн гусул алганда, даарат алганда жана намазга турганда же унутуп калган болсо намаздан кийин, ниеттин парз экенин билип, “Малики же Шафии мазхабдарын таклид кылып жатамын” деп жүрөгүнөн ниет кылынат. Бул мазхабдарды таклид кылган адамдын гусулу, даараты жана намазы ошол мазхабдарга ылайык сахих болууга тийиш. Шафииде териси махрам болгон он сегиз аялдан башка бир аялдын терисине тийген жагдайда жана алаканы өзүнүн жыныстык мүчөсүнө тийген жагдайда кайрадан намазга даарат алуу керек. Имамдын артында Фатиханы окуу, Фатиха менен зам сүрөдөн мурун Бисмиллахты окуу керек. Үстүндө, денесинде, буттары менен башын койгон жерде, өтө аз болсо да, нажис болбошу керек.


Ислам Дини

unread,
Oct 21, 2016, 7:59:30 AM10/21/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Бул саптарды каптама менен пломбасы бар болгон ханафилердин гусулдары сахих болуусу үчүн жазып жатабыз. Аларга оңой жолун көрсөтмөкчүбүз. “Каптамасы (коронкасы) же пломбасы бар болгон имамга уйбагыла” деп да айтпайбыз. Зарылдык пайда болгондо же зарылсыз жасалган бир себепке байланыштуу өз мазхабына ылайык орундалуусунда хараж (кыйынчылык) бар болгон бир ибадатты башка мазхабды таклид кылып орундоо керек экендиги “Ибн Абидин”, Тахтавидин “Маракил-фалактүшүндүрмөсүндө, түркчө “Нимети ислам” китебинде, молдо Халил Асирдинин “рахима-хуллаху таала” “Ма’фуват” китебинде жазылган. Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” рижи талак тууралуу түшүндүрүп жатканда мындай деген: “Ханафи аалымдары: “Хараж болгон кезде Малики мазхабы таклид кылынат”, - деп айтышкан. Бир амалдын кантип аткарыла тургандыгы Ханафиде билдирилбеген болсо бул амал Малики мазхабын таклид кылуу аркылуу аткарылат. Анткени, Малики мазхабы Ханафиге жакыныраак.” Имамдык тууралуу түшүндүргөн жеринде: “Башка мазхабдагы имамга уйуунун сахих болуусу үчүн имамдын уйган адамдын мазхабынын парздарын да орундоосу жана уйган адамдын муну билүүсү керек. Кубаттуу болгон кавл – мына ушул. Имам бул парздарды орундабаса ага уйуу сахих болбойт. Өз мазхабындагы жамаат бар кезде башка мазхабдагы имамга уйуу макрух болот. Жок болсо жалгыз окуган абзел болот. Кээ бир аалымдар “рахима-хуллаху таала”: Имамдын өз мазхабына ылайык намазы сахих болсо, башка мазхабдагы адамдын ага уйуусу сахих болот”, - дешкен. Тахтавинин “Меракил-фалах” хашиясында да ушундай жазылган. Каптамасы же пломбасы жок болгон ханафинин каптамасы менен пломбасы бар болгон имамга уйуусунун сахих болушу же болбошуна байланыштуу эки кавл (өкүм) бар: Биринчи кавлга ылайык сахих болбойт. Экинчи кавлга ылайык имам салих болсо же Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылса ага уйуу сахих болот. Таклид кылбай тургандыгы маалым болмоюнча каптамасы, пломбасы болбогон ханафилер да ошол имамга уйууга тийиш. Андан таклид кылуу тууралуу суроо, изилдөө жаиз эмес. Ханафи имамдын каптама же пломбасы болбосо да Малики же Шафии мазхабдарына уйууун мустахаб экендиги “Дуррул-мухтар” жана “Меракил-фалах” китептеринде жазылган. Хараж болгон кезде заиф болгон кавл менен амал кылуунун абзел экендиги “Хадика” китебинде фитна бөлүмүндө жазылган. Мазхабдарга маани бербеген, төрт мазхабдын бирин карманбаган адамдын “Бидатчы” адашкан адам же муртад [Аллахка душман] боло тургандыгы түшүнүлөт. Намаздары сахих болбойт. Ага уйуу да сахих болбойт.

Ваиздердин бири каптама тишке байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгүн айтып, натыйжасында чыккан далилдерди төмөндөгүдөй иреттеген:

1)      “Гусул ала турган адамдын оозундагы тиштер капталган же пломбаланган болсо өкүм мунун үстүнө өтөт. Үстүн жуу аркылуу гусул толук болот. Жаракат жана бинттин үстүнө масх кылуу жаиз болуп, өкүм булардын үстүнө өтүүдө, б.а., бир гана үстүн масх кылуунун жетиштүү болушуна окшош. Жаракаттын үстүндөгү бинтти алып салып, астын жууга зарылдык  болбогондугу сыяктуу”, - дейт.

Жогоруда жазылган өкүм толугу менен жаңылыш. Илимий өкүм эмес, ойдон чыгарылган пикир. Мунун туурасы фикх китептеринде, маселен, Ибн Абидинде мындайча көрсөтүлгөн: “Сөөк сынган, чыккан кезде, жаракат, шишик, оору бар болгон жерди же булардын үстүнө коюлган дарыны же үстүнө таңылган бинтти чечип, астындагы терини жуу парз. Суук суу менен жуу зыяндуу болсо жылуу суу менен жуу керек. Бул да зыяндуу болсо жаракаттын үстүнө масх тартылат. Тегерегиндеги соо терини жууйт. Тегерегин жуу жаракатка зыян бере турган болсо тегерегине да масх тартылат. Бул да зыян бере турган болсо жалгыз ошондо гана бинттин үстүнө масх тартуу жаиз болот. Тактап айтканда, жалгыз ошол кезде гана өкүм бинттин үстүнө өтөт. Өкүм бинттин үстүнө өткөндөн кийин бинттин үстүнө масх тартылат. Сак теринин үстүндөгү бинтке жана арасындагы ачык калган соо теринин көбүнүн үстүнө масх тартылат. Бул иш дааратка да, гусулга да бирдей. Бинтти чечүү, алып салуу, жаракат айыккан соң да, жаракатка же тегерегине зыяндуу болсо, жаракаттын каноосуна, агуусуна, жаракаттын чоңоюусуна же чыдай алгыс катуу ооруусуна себеп болсо, же болбосо кайра байлай албаса же байлай турган эч ким болбосо бинтти чечпейт. Үстүнө масх тартат. Буттагы жарыктарга сүртүлгөн май [жана жаракаттын үстүнө жабыштырылган пластырь, коллодий сыяктуу нерселер жана жана жаракаттын үстүндө пайда болгон кабык] да бинт сыяктуу. Масх тартуу да зыяндуу болсо масх тартылбайт. Бинт, май жаракат сакайган соң түшсө, үстүнө тартылган масх сахих (дурус) болбойт. Жаракаттын үстүн жуу кажет болот.”


Ислам Дини

unread,
Oct 22, 2016, 6:26:52 AM10/22/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Белгилүү болуп жаткандай, тиштеги пломбанын, каптаманын үстүн жуу бинттин үстүн жууганга такыр окшобойт. Анткени, бинт жана ушуга окшош нерселер жаракаттын үстүнө кажеттүүлүктөн улам коюлган жана башка мазхабды таклид кылуу мүмкүн болбогондуктан бул жагдай зарылдык болгон. Ал эми ооруган тишти жулдурууну жана жасалма тиш салдырууну адам өзү каалаган жок, пломба же каптама жасатууну каалаган, башка мазхабды таклид кылуусу мүмкүн болгондуктан пломба же каптама жасатуусунда зарылдык болгон жок. Зарылдык болбогон нерсени зарылдык болгон нерсеге окшоштуруу туура эмес.

1)      “Дааратта бетти жуу парз болсо да сакалы кою болгон адамдын сакалынын үстүн жуусу жетиштүү болгону жана сакалынын астын жууганга кажеттүүлүк жок экендиги сыяктуу капталган тиштин астын жууганга да кажеттүүлүк жок” имиш.

Бул сөзү да фикх китептеринин баяндамаларынын жаңылыш түшүнгөнүн көргөзүп турат. Караңыз “Маж’маул-анхур” китебинде кандай жазылган: “Сахих болгон риваятка ылайык, дааратта сакалдын үстүн жуу парз. Анткени, бетти жуу буйрук кылынды. Сакалы кою болгон адамда беттин териси бет болуудан чыккан. Бет - каршысындагы адам караганда адамдын жүзүнөн көрүнгөн жер деген сөз. Сакалы кою болгон адамдын териси эмес ошол теринин үстүндөгү сакал көрүнөт. Ошондуктан, даарат алганда теринин үстүн эмес сакалдын үстүн жуу парз.” “Дурр-ул-мунтака” китебинде мындай деп айтылат: “Имам Азамдан келген ачык риваятка ылайык беттин тегерегиндеги кою сакалдын үстүн жуу парз. Фатва да ушундай. Ээктен түшкөн узун сакалды жуу жана масх кылуу парз эмес. Бетти үч жолу жуугандан кийин манжаларды ылдыйдан жогору карай киргизип, узун сакалды тароо сүннөт. Сейрек сакалдын астындагы көрүнүп турган терини жуу парз.” Жогоруда айтылган сөз ээсинин жаңылыш салыштырмасына ылайык, даарат алганда кою сакалдын бир гана үстүн жуу жетиштүү болгондуктан гусулда да сакалдын бир гана үстүн жуу жетиштүү болуп, сакалдын астын жана кою сакалдын астындагы терини жуу зарыл болбой калат. Ал эми акыйкатта андай эмес. Гусулда кою сакалдын да астындагы терини жуу парз экендиги фикх китептеринде ачык-айкын жазылган. Мисалы, “Марак-ил фалах” китебинде жана анын түркчө котормосу болгон “Нимети Ислам” китебинде гусул бөлүмүндө мындай деп билдирилет: “Сакалы кою болсо да, сакалдын арасын жана астындагы терини жуу парз.” Гусулдагы сакал жуу даараттагы сакалды жууганга окшоштурулбаган соң, гусулдагы тиштерди жууну даараттагы сакалды жууганга кантип окшоштурууга болот? Жогорудагы сөз анын ээсинин илимге таянып эмес сезимге берилип айтканын көргөзөт. Ошол жаңылыш пикирине таянып гусулда сакалдын астын жуубаган болсо өзүнүн да, аны ээрчиген мусулмандардын да гусулдары менен намаздары сахих болгон эмес.

2)      “Тиш да денедеги бир мүчөгө жатат. Бул мүчөнүн бузулбашы үчүн зарылдыкка байланыштуу тишке пломба койдуруу жана каптоо жаиз”, - деген экен. Башкалар чирик тишке пломба жана каптама койдуруу жаиз эмес деп айтып жаткандай айтууда. Ооба, биз да чирик тишке пломба жана каптама койдуруу жаиз деп жатабыз. Бирок, Ханафи аалымдарынын фикх китептеринде жазылган маалыматтарга моюн сунуу да керек экендигин жана анын оңой жолун китептерден таап ачыктап жатабыз.


Ислам Дини

unread,
Oct 26, 2016, 8:30:34 AM10/26/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

4) “Имам Мухаммеддин өкүмүнө ылайык, кыймылдап турган тишти алтын сым менен байлоо, түшкөн жана жулунган тиштердин ордуна алтын тиш салдыруу жаиз. Фатва да ушундай. Тиштерди алтын менен каптоо маселесинде Имам Мухаммеддин ижтихады менен амал кылууга болот”, - деген имиш.

Далил деп айтылган бул сөз чындыгында бул адамга ишенүүгө болбой тургандыгынын далили. Сөз ээсине суроо: Имам Мухаммеддин “рахима-хуллаху таала” “Түшкөн жана жулунган тиштин ордуна алтын тиш салуу жаиз” деп айтканын кайсыл китептен окуду? Албетте, эч бир китептен окуган эмес! Имам Мухаммед “рахима-хуллаху таала”: «Кыймылдап турган же түшүп, кайра ордуна салынган тишти алтын сым менен жанындагы тишке байлоо жаиз болот», - деген. “Татарханийа” фатвасында тиши түшкөн адам имам Мухаммеддин өкүмүнө ылайык алтындан жасалган тиш салдырат деп айтуусу имам Мухаммеддин алтын сым менен байлоо жаиз болот дегендиги үчүн айтылган. Бул фатвада айтылгандар алтын тиш каптама же пломба эмес. Сым менен жанындагы тиштерге байланат. Жулунган тиштин ордуна алтын же башка нерседен жасалып коюлган протез деп аталчу жасалма тил сыяктуу гусулда алып салууга мүмкүнчүлүк бар. Астына су тийе тургандыктан чыгаруунун да кажети жок. Ошондой улуу имамдын айтпаган сөзүн айтты деп айтуу дин адамына жарашабы? Айтылбаган бир сөздү ээрчип, амал кылууга болот деп айтуу сокуда бош абаны соккондук болбойбу?

5) “Каптама менен пломбасы бар болгондордун дааратта жана гусулда Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылуусуна кажет жок. Себеби, имам Мухаммеддин уруксаты бар”, - дептир.

Каптама менен пломбасы бар болгондордун Ханафи мазхабында гусулу сахих болбогондуктан даарат менен гусулда “Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылууга ниет кылуу” кажет деп жатабыз. Анткени, Ханафи мазхабынын аалымдары “Зарылдык болсо да, болбосо да, парзга тоскоол болгон нерсени кылган адам башка мазхабга уюп, бул парзды таштай алат”, - деп айтышкан. Бул фатванын тандоолуу экендиги Ибн Абидинде, намаз убакыттарынын соңунда жазылган. Ошондуктан, көптөгөн иштердин жасалуусуна уруксат берилген. Бул фатва Ханафи мазхабын кармангандарга тишке каптама жана пломба салдыруусуна уруксат берүүдө. Имам Мухаммед “рахима-хуллаху таала” тиштерине каптама салгандардын гусулу сахих болот деп айткан эмес. Кыймылдап турган тиштерди күмүш сым менен байлоо жаиз болгондой, алтын сым менен байлоо да жаиз болот деген. Себеби, байланган тишти оозду жууган кезде чыгарып турууга болот. Астына суу өткөндүгү үчүн чыгарып турууга да кажет жок. “Имам Мухаммед каптама тиши бар болгон адамдын гусулу жаиз болот деген" деп айтуусу бул улуу имамга жалаа жабуу жана мусулмандарды алдоо болуп саналат.

6) Каптама жана пломбасы бар болгондордун гусул алып жатканда “Малики же Шафии мазхабын таклид кылып жатамын” деп ниет кылууларына кажет жок экенин далилдей алуу үчүн Пайгамбарыбыздын “саллаллаху алейхи васаллам” “Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла!” деген хадиси шарифти негиз кылып алуу өтө таң калыштуу. Бул хадиси шариф “Жаиз болбосо деле, силерге оңой болгон нерселерди кыла бергиле” деген мааниге келбейт. “Бир маселеге байланыштуу ар түрдүү ижтихаддар (өкүмдөр) бар болсо же мубах болгон бир амалды орундоонун бир канча жолдору билдирилген болсо алардын арасынан оңойун тандагыла” дегенди билдирет. Тактап айтканда, Ислам дининде уруксат берилген жеңилдиктерди колдонгула дегенди билдирет. Бул хадиси шарифти Абдулгани Наблуси “рахима-хуллаху таала” “Хадика” китебинин эки жүз экинчи (202) жана эки жүз жетинчи (207) беттеринде; Мухаммед Хадими “рахима-хуллаху таала” “Барика” китебинин жүз сексенинчи (180) бетинде түшүндүргөн. Мунафыктар менен мазхабсыздар бул хадиси шарифти негиз кылып алып, Ислам дининин сыртына чыгышууда, мусулмандарды алдоо үчүн тузак катары колдонушууда.

7) “Тишке пломба салдыруу тууралуу Муса Казым Эфенди да фатва берген” деген сөзү далил боло албайт. Фатванын фикх китептеринен алынган болуусу жана алынган китептеги негиз болгон жазуу фатванын астына жазылууга тийиш. Муса Казым андай кылган эмес, өз оюнан чыгарып, өз көз карашы менен көптөгөн жаңылыш фатваларды берген. Конституция жарыяланган соң төңкөрүшчү революционерлер тарабынан даярдалган жахил, жада калса, масон дин адамдары ошондой жаңылыш фатваларды берүүдөн тартынышкан эмес. Мусулмандар өтө сак болууга, масондор менен мазхабсыздардын, мунафыктар менен бидатчылардын, жик салуучу кишилердин жылмайган жүздөрү менен жылуу сөздөрүнө алданып калбоого, алардын жазууларына эмес, “Ахли сүннөт” аалымдарынын “рахима-хумуллаху таала” китептерине ылайык амал кылууга жана ушул китептерге ылайык амал кылган чыныгы дин адамдарына уйууга.

8) Имам Ахмед Раббани хазреттеринин “Мектубат” аттуу китебинин үчүнчү том, жыйырма экинчи катынын соңунда жазылган “Мусулмандарга кысым көргөзүү, аларды таарынтуу – арам. Шафии аалымдары өз мазхабдарында орундалуусу кыйын болгон амалдарды Ханафи мазхабы боюнча орундоого фатва беришкен, мусулмандардын ишин жеңилдетишкен” деген сөздөрү “Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылуу мусулмандарга кыйынчылык туудурат” деп айтып жаткандардын сөздөрүнүн туура экенин билдирбейт. Тескерисинче, бул жазууну дыкат окуган адам тишке каптама менен пломба салуу үчүн Малики же Шафии мазхабына ылайык гусул алууга ниет кылуунун кажет экенин жана бул аракеттин мусулмандар үчүн жеңилдик экенин жакшы түшүнөт. [“Сэадет-и Эбедиййе” китебинин 70-чи бетин караңыз!]


Ислам Дини

unread,
Oct 27, 2016, 1:13:07 AM10/27/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

9) “Каптама менен пломбасы бар болгондордун бул маселеде башка мазхабга өтүүлөрүнө фатва бергендер чыгып жатканы жана ошол маселеде маалыматтар жарыялап жаткандыктарын көрүүдөбүз” деген сөздөрү да жалаадан башка нерсе эмес. Биз эч бир китебибизде тишине каптама жана пломба койдургандардын Ханафи мазхабынан чыгып, Малики же Шафии мазхабдарынын бирине өтүүсү керек деп айткан жокпуз. Алардын бир гана гусул, даарат жана намазга ниет кылганда, б.а., унуткан жагдайда, намаздан кийин эсине түшкөн кезде “Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылууга” ниет кылуу кажет экенин жаздык. Ал эми бул жагдай Ханафи мазхабынан чыгып, Малики же Шафии мазхабдарына өтүү эмес. Тишке каптама же пломба койдуруу Ханафи мазхабанда гусулдун сахих болуусуна тоскоол болот. Ал эми Малики же Шафии мазхабдарында тоскоол болбойт. Ханафи мазхабын карманчу адамдын тишине каптама же пломба койдурган кезде гусулга, дааратка жана намазга ниет кылып жатканда Малики же Шафии мазхабдарынын бири боюнча да ниет кылуу кажет экенин Имам Раббани хазреттеринин жогорудагы каты көрсөтүүсү менен катар фикх китептеринде да жазылган. Мисалы, “Меракил фалах” хашиясында, намаз убакыттары баяндалган жеринде: “Зарылдык болбосо да башка мазхабды таклид кылууга болот. Бирок, ошол мазхабдын шарттарын орундоо зарыл. Себеби, хукми мулаффак (каалаган мазхабдын жактырган жеңил өкүмдөрүн колдонуу) сөз бирдиги менен батыл (жаңылыш) болуп саналат. Шафии мазхабын таклид кылган адамдын имамдын артынан Фатиха окуусу, махрам болбогон аялдын терисине тийген кезде кайра даарат алуусу жана өтө аз нажистан да сактануусу кажет”, - делген. “Дуррул мухтар” китебинде намаз убакыттарынын соңунда мындай деп айтылат: “Зарылдык болгон кезде башка мазхаб таклид кылынат. Бирок, ошол мазхабдын шарттарын да орундоо кажет. Мазхабдарды бири-бири менен аралаштырып жиберүүнүн батыл (туура эмес) экендиги ооз бирдиги менен айтылган.” Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” бул тууралуу түшүндүрүп жатып: “Зарылдык жок болсо да, жада калса, амалды орундаган соң дагы таклид кылууга болот”, - деген. “Фатавал-хадисийа” китебинин 113чү бетинде мындай деп билдирилет: “Имам Субкинин айтымы боюнча шариий бир кажеттүүлүктү кетирүү үчүн башка мазхаб таклид кылынат.” Абдулгани Наблуси “рахима-хуллаху таала” “Хуласатут-тахкик” китебинде мындай дейт: “Шейх Абдуррахман Имади “рахима-хуллаху таала” айткан: “Ханафи мазхабында болгон адам зарылдык болгон кезде башка үч мазхабдын бирин таклид кылуу аркылуу бир парзды таштай алат. Бирок, ошол мазхабдын ошол амалдагы шарттарына моюн сунушу керек. Зарылдык болбосо да таклид кылуу жаиз болот деген аалымдар көп.”

Фикх аалымдарынын “рахима-хумуллаху таала” жогорудагы баяндамаларынан белгилүү болгон нерсе зарылдык менен же зарылдыксыз да кылынган бир амал парздын орундалуусуна тоскоол болсо же арамга себеп болсо жана мунун алдын алууга хараж бар болсо адам өз мазхабындагы жеңилдиктерди пайдаланып, ошол парзды орундайт. Мазхабдын жеңилдиктери менен да ошол парз орундалбаса, ошол амал парз болбогон башка бир мазхабга уюп, бул ибадат орундалат. Ошол амал төрт мазхабда тең парз болсо же башка мазхабдын шарттарына моюн сунуу мүмкүн болбосо ал амал зарылдык менен жасалган болсо да ибадаттагы ошол парзды орундоо милдети адамдан алынат.

Тактап айтканда, орундалбоосу жаиз болот. Бирок, зарылдык менен жасалбаган болсо же зарылдык менен, хараж болгон жана хараж болбогон бир канча амал орундоо мүмкүн болуп, адам ошол амалдардын каалаганын орундоодо тандоо эркиндиги болуп, хараж болгонун орундаса бул жагдайда да башка мазхабды таклид кылат. Таклид кылууга мүмкүнчүлүк болбосо ал парзды орундоо милдети алынбайт. Хараж болбогон амалды орундап, ошол ибадатты толуктоо керек болот. Зарылдык болбой бир гана хараждын болуусунда да ошондой. Харажга, б.а., убаракерчилик, кыйынчылыкка себеп болгон амалды жасабоо керек болот. Тиш чирий баштаганда катуу оору пайда кылат. Буга бөгөт болуу зарылдык болот. Ошондуктан, каптама, пломба койдуруу же протез жасатуу кажет. Протез жасатуу ден соолук жагынан жакшыраак. Азыркы тапта америкалыктар чирий баштаган тишти дароо жулдуруп, ордуна протез же жарым-жартылай же бүтүн таңдай тищтерди жасатышат. Башкача айтканда, жасалма тиш колдонушат. Жасалма тиштерди оозду жууганда чыгарууга болот. Астын жууганга мүмкүнчүлүк бар. Ошол жагынан гусулдун сахих болуусуна тоскоолдук болбойт. Каптама, пломба, протез коюла турган орундарда каптама менен пломба зарылдык болуудан чыгып, бир гана хараж калат. Протез жасатууну каалабай, каптама жана пломба койдургандар гусул алганда Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылууга тийиш. Бул эки мазхабды таклид кылуу мүмкүн болбогондо каптама жана пломба койдурбай эле ооруган тишти жулдуруп, ордуна протез жасатуулары зарыл болмок.

Хараж, б.а., кыйынчылык пайда болгон кезде башка мазхабды таклид кылуу бул мазхаб алмаштыруу деген сөз эмес. Башка мазхабды таклид кылган ханафи киши Ханафи мазхабынан чыккан болуп эсептелбейт. Мисалы, терисинен кан чыкканда да даарат алат жана витр намазын важип катары окуйт. Гусул үчүн таклид кылынганда бир гана гусулда, дааратта жана намазда Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылат. Таклид кылган мазхабынын бир шартын зарылдык болбосо да орундабаса, бул ибадаттары сахих болбойт. Эки мазхабды зарылдыксыз аралаштырган адам “Талфик” кылган болот. Андай адамдын гусулу менен намазы эки мазхаб боюнча да сахих болбойт. Кайталап айтабыз, мазхабды таклид кылуу жалгыз ниет кылуу менен, сөз менен гана ишке ашпайт. Экинчи мазхабдын парздарын, муфсиддерин үйрөнүү жана булардын бардыгына моюн сунуу шарт. 


Ислам Дини

unread,
Nov 2, 2016, 7:50:00 AM11/2/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Тиштериндеги каптама же пломбадан улам Малики же Шафии мазхабдарынын бирин таклид кылган адамдын намаздары ошол мазхабга дагы шайкеш болууга тийиш болгондуктан намаздын ошол мазхабдагы парздарын билүүсү керек. Төмөндөгү жазуулар “Ал-фикху алал-мазахиб-ул арбаа” китебинен которулду:

Намаз – Ислам дининин негиздеринин эң маанилүүсү. Аллаху таала Өзүнө ибадат жана шүгүр кылууну каалагандарга намаз окууну буйрук кылды. Күнүнө беш маал намаз окууну парз кылды. Хадиси шарифте: “Аллаху таала кулдарына күнүнө беш маал намаз окууну буйрук кылды. Бул буйрукту биринчи милдет деп билип орундаган адамды Бейишке киргизүүгө сөз берди, - деп айтылды. Намаздын касиеттүүлүгүн, улуулугун билдирген жана намаз окууга чакырган көп хадиси шарифтер бар. Бул буйрукка маани бербеген жана намаз окууда жалкоолук кылган адамдарга өтө оор азаптарды бериле тургандыгы айтылган. Намаз окуу жүрөктү тазартат. Күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот. Бирок, пендечилик милдети экенин ойлонбой, кумарларын, дүнүйөлүк пайдаларын көздөп окулган намаз шарттарына шайкеш болуп, сахих болсо да дүнүйөдө да, акыретте да пайдасы болбойт. Намаз окуганда Аллаху тааланын улуулугун, Анын буйругун орундап жаткандыгын ойлоо керек. Ушундай окулган намаз гана жүрөктү тазартат. Адамды жамандык кылуудан коргойт. Аллаху таала адамдын жүрөгүн карайт. Сырткы көрүнүшүн, иш-аракеттерин карабайт. Башкача айтканда, таза ниет менен, Аллахтан коркуп жасалган жакшылыктарды кабыл кылат. Намаз окуй турган кезде алгач ниетти түздөө, андан соң парздарына, шарттарына ылайык жана аврат болуп саналган жерлерди жаап окуу керек. Дене, руху менен бирге намаз окуу керек. Намаз окуп жатканда Аллаху тааланын көрүп тургандыгын, окугандарын угуп турганын, оюндагыларды билип турганын унутпоо керек. Мына ушундай болгон кулдун эч кимге зыяны тийбейт. Баарына жакшылык кылып, мекенине, элине пайдалуу болот.

Намаз – сөздүктө жакшылык тилөө, бирөөнүн жакшылыгы үчүн дуба кылуу деген маанини билдирет. Ислам дининде намаз – буйрук кылынган кыймыл-аракеттерди жасап, буйрук кылынган нерселерди окуу деген сөз. Намаз “Ифтитах такбири” менен башталат. Салам берүү менен аякталат.

Ханафи мазхабында төрт түрдүү намаз бар: фарз-ы айн, фарз-ы кифая, важиб жана нафил болгон намаздар. Сүннөттөрдүн баары нафил намаз деп аталат.


Ислам Дини

unread,
Nov 3, 2016, 4:37:56 AM11/3/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

198 - Шафии мазхабында намаздын шарттары экиге бөлүнөт: Вужуб шарттары жана сахих болуу шарттары. Намаздын вужубунун шарттары Шафииде алты, бул алты шарт кимде бар болсо ал намаз окууга тийиш. Булар: Мусулман болуу, намаздын буйрук экенин уккан болуу, акылдуу жана балагат жашка толгон болуу. Хайз менен нифастан таза болуу, уга алуусу жана көрө алуусу. Намаздын сахих болуусу үчүн Шафии мазхабында жети шарт бар: Хадастан тахарат (б.а., даарат алуу, гусул алуу), нажистен тахарат (б.а., дененин, кийимдин жана намаз окуган жердин таза болуусу), сатри аврат (аврат жерлерин жабуу), истикбали кыбла, намаз убакыттарынын кирген болуусу, намаздын парздарын, муфсиддерин (б.а., намазды бузчу нерселерди) билүү жана муфсиддерден сактануу.

Шафии мазхабында даараттын алты парзы бар: Биринчиси: бетти жууп баштаарда ниет кылуу. Колду, оозду, мурунду жууп жатканда кылынган ниет сахих болбойт. Экинчи парз: бетти жуу. Шафииде жаактын астын жана узун сакалды жуу да парз. Сейрек болгон, астындагы териси көрүнүп турган сакалды тарап, астындагы терини сылоо да парз. Коюу сакалды тароо сүннөт. Үчүнчү парз: колду чыканак менен бирге жуу. Тырмактын астындагы кирди тазалап, астындагы терини суулоо керек. Төртүнчү парз: баштын аз болсо да бир бөлүгүнө масх тартуу. Кол менен махс тартуу шарт эмес. Бир бөлүгүнө суу сепсе да болот. Узун чачты масх кылуу сахих болбойт. Бешинчи парз: буттарды Ханафидегидей жуу. Алтынчы парз: тартип, жогоруда аталган төрт мүчөнү иретин бузбай жуу. Ирети бузулса даарат сахих болбойт. Тартип, б.а., ирети менен жуу Ханбали мазхабында да парз. Ал эми Малики менен Ханафиде – сүннөт.

Заара, мези жана ведиден бири чыкканда төрт мазхабда тең даарат бузулат. Никелешүү түбөлүк арам болгон 18 кишиден башка, жада калса, кары эркек, кары аял болсо да терилери бири-бирине тийгенде, бири өлгөн болсо да Шафииде экөөнүн тең даараты бузулат. Маасыны ачык кезинде кийип, кийин боо же башка бир нерсе менен жабуу төрт мазхабда жаиз. Жапкан соң эч бир тешиктин болбоосу Шафииде шарт.

Шафииде гусулдун эки парзы бар: Биринчиси: ниет кылуу. Экинчиси: бүткүл денени жуу. Жууну баштарда ниет кылуу кажет. Андан мурун ниет кылынса гусул сахих болбойт. Аялдын да өрүлгөн чачын чечип, арасын суулоосу парз. Сүннөт терисинин астын жуу парз болгондуктан Шафииде сүннөткө отуруу важип.

Шафииде тарптын бардык мүчөсү, сөөгү, териси, кылдары, канаты, жүнү нажис. Ханафиде сөөгү, тырмагы, куштун тумшугу, туягы, мүйүзү, жүнү таза. Шафииде иттин бардык жери нажис. Кандын бардык түрү жана сары суу, ириң – нажис. Түссүз суу, тер таза. Ханафиде түссүз суу оорудан улам акса нажис. Шишиктерден чыккан суу оорудан улам болбогондуктан таза. Адамдын жана этин жеш арам болгон жаныбарлардын, жада калса, сүт эмген ымыркайдын кири, заарасы, кусундусу бардык мазхабда нажис. Эшек менен качыр да ушундай. Ханафиде аталгандардан куштун нажистери жеңил нажис. Шафииде эти желген жаныбарлардын тезеги менен заарасы да нажис. Ал эми ханафиде жеңил болуп, нажасатын асманда чыгарган, эти желген куштардыкы таза. Шафииде адамдын жана жаныбарлардын мениси таза. Башка үч мазхабда мени, мези жана веди нажис. Мези – лаззат алганда бөлүнүп чыкчу түссүз суюктук. Веди – заара чыгарган соң келчү ак суюктук. Ашказандан келбеген кусундулар эки мазхабда тең таза. Капырдан, фасыктан, жунуптан, эти желген жаныбардан, аттан артып калган нерселер таза. Чочкодон башка этин жегенге болбой турган жаныбарлардын сүтү Ханафиде таза. Башка үч мазхабада нажис. Нажис отто күйүп күл болгондо жана түтүнү менен топуракка айланганда Ханафиде таза болот. Башка үч мазхабда таза болбойт. Жүзүмдөн, хурмадан жана бардык нерседен жасалган мас кылуучу суюктуктардын бардыгы төрт мазхабда тең нажис. [Сыра менен спирттин оор нажис экенин ушундан да түшүнүүгө болот. Анткени, Ханафиден башка үч мазхабда нажистин бардык түрү оор нажис болот. Жеңил нажис жок.]


Ислам Дини

unread,
Nov 4, 2016, 5:33:21 AM11/4/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

[Дааратта жана гусулда колдонулган “Ма-и мустамал” деп аталчу суу үч мазхабда таза. Бирок, тазалоочу эмес. Маликиде болсо таза жана тазалоочу. (Мизан)]

“Маликиде намаз окуй турган адамдын нажисти тазалоосу парз же важип эмес, сүннөт” деп айтылды. Унутуп же тазалоого мүмкүнчүлүгү болбой окулган намаз эки кавл боюнча тең сахих болот. Нажис бар экенин билбестен же билип туруп, маани бербей окуган болсо, биринчи кавл боюнча намаз сахих болбойт. Экинчи кавл боюнча сахих. Башка үч мазхабда тазалоо парз.

Ханафиде мышык менен чычкандын заарасын кийимден тазалоо хараж (машакат) жана зарылдык экени билдирилип, дирхамдан көбү да кечирилди. Нажистен учуп келип кийимге конгон чымындын кийимге калтырган тагы кечирилет. Өлүктү жууган адамдын үстүнө чачыраган мустамал суунун, нажис аралашкан көчөдөгү ылайдын жана жеңил нажистин кийимдин же дененин төрттөн бир бөлүгүнөн аз жерине жукканы кечирилди. Нажистердин бир суюктукка аралашуусунда жеңил же оор болуусуна жана өлчөмүнө каралбайт. Суюктук толугу менен нажис болот.

Шафииде көзгө көрүнбөй тургандай аз нажис жана нажистен оттун таасиринен улам чыккан буунун азы жана от менен ысытылган кезде чыккан буунун көбү кечирилет. Таш менен тазаланган соң калган нажистин изи намазга кедерги болбойт. Көчөдө нажис аралашкан ылайдын кийимге, денеге чачыроосу, мөмө-жемиште жана сырда пайда болгон курттар, сыр жасалчу козунун ашказанындагы нерсе, даары-дармекти жана парфюмерияны жакшыртуу үчүн курамына кошулган нажис суюктуктар кечирилет. Чымындын экскременти; көлмөдөгү балыктын экскременти; уйкудагы адамдын оозунан аккан сары суу; даарат алынчу көлмөдөгү чычкандын аз экскременти; нажис жаракаттын үстүнө коюлган пластырьге жуккан, ымыркайдын оозунан эмчекке тийген нажис; каны акпай өлгөн жаныбар жаткан суу; ийне (укол) сайылган жерден чыккан канга аралашкан даары; мурундан, кулактан, көздөн чыккан кандын аз өлчөмү; шишик, чыйкан же жарадан чыккан кандын, өзү сыгып чыгарбаган болсо жана денеге (териге) жайылбаган болсо, кийимге жуккан көп өлчөмү да, ал эми өзү чыгарган болсо аз өлчөмү жана кан алдырган, ийне сайган соң чыккан кандын көп өлчөмү Шафииде кечирилген.

[Шафии мазхабы боюнча, “үзүрлүү” болгон адамдын ар намаздын убактысы киргенде алгач истинжа кылуусу, анан агымды токтотуу үчүн кебез койуусу же чүпүрөк менен ороосу, андан соң дароо даарат алып, намаз окуусу кажет. Намаз окуп жатканда агым чүпүрөктөн өтүп сыртка чыкса намазы бузулбайт. Даарат аларда “Намаз окуу үчүн даарат алууга” деп ниет кылуу керек. Намаздын убактысы чыкканда жаңыдан истинжа жана даарат алуу керек болот. Шафииде тогуз жаштан кичине кыздан келген жана чоң жаштагыларда 24 сааттан аз жана он беш күндөн көп уланчу кан “Истихаза” каны деп аталат.]

Ханафиде ифтитах такбири намаз убактысы чыга электе алынса намаз убагында окулган болуп эсептелет. Намаздардын баары убактысы чыкканга чейин окулуп бүтпөсө кичине күнөө болот. Малики менен Шафииде бир рекеттин толугу убакыттын ичинде окулбай турган болсо ал намаз өтпөйт, каза болот. Шафии мазхабында да беш маал намазды убактысынын башында окуу абзел. Аял кишинин узун чачтары Шафииде да аврат. Эгер авратын ача турган болсо намазы дароо бузулат. Жука материалдын астындагы теринин түсү белгилүү болсо намазы батыл (бузулган) болот. Кийим териге жабышып, мүчөнүн түрү белгилүү болсо намаз бузулбайт. Кийимсиз жылаңач калган адамдын жамынууга бир нерсе табууга үмүтү бар болсо намаз убактысынын соңуна чейин күтүүсү важип болот.


Ислам Дини

unread,
Nov 7, 2016, 2:42:36 AM11/7/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Намаздан тышкары убакыттарда да аврат жерлерди өзүнөн жана башкалардан жабуу парз. Зарылдык пайда болгондо зарылдык өлчөмүндө ачылат. Мусулман аялдын чоочун эркектердин жана капыр, муртад, фасык аялдардын жанында жамынуусу парз. [Үч мазхабда бир гана бет менен колдордун, ал эми Ханафиде буттарынын да аврат эместиги “Мизан-ул-кубра” китебинде жазылган.] Ханбалиде аял мусулман эмес аялдардын жанында да жамынбайт. Шафииде жаш баланын аврат жери тарбиячысынан башкасына кароо арам. Ханафиде эркектин тизеси аврат. Башка үч мазхабда аврат эмес. Сандары бардык мазхабда тең арам. Меккедеги адамдын намазын Каабанын имаратын карап намаз окуусу парз. Меккеден алыста болгон адамдар үчүн да Шафииде ушундай. Кааба тарапка карагандыгы тууралуу оюу көп болууга тийиш. Кыбыла багыты ишенимдүү болгон бир мусулмандан суроо аркылуу, мечиттин михраптарына, күндүн кыбыла саатына шайкеш келүүсү, жылдыздарга, компаска кароо аркылуу маалым болот. Ушулар аркылуу биле албаса өзү изилдейт. Ошондо да таба албаса намаз окуп жаткандарды ээрчийт. Шафииде намаздын ичинде он үч парз бар: Бешөө ооз менен, сегизи жүрөк жана дене менен аткарылат. Ооз аркылуу орундалчулар: ифтитах такбири, ар рекетте Фатиха окуу, соңку рекетте ташаххуд окуу, салават окуу, биринчи саламды айтуу. Жүрөк жана дене менен орундалчулар: ниет, кыям, руку, кавмада туруу, эки сажданын арасындагы жалсада отуруу, соңку рекетте ташаххуд өлчөмүндө отуруу, буларды ирети менен орундоо. Шафииде ниет кылганда намаздын парз экендигине, намаздын формасын, б.а., намазда отурууну, рукуну, саждаларды, салам берүүнү ойлоо, кайсы намазды окуй тургандыгына ниет кылуу зарыл. Ниет ифтитах такбирин айтаарда кылынат. Ада же каза экенине ниет кылуу шарт эмес. Бул экөөнү бири-биринин ордуна коюп чаташтырса, намазы сахих болбойт. Рекет саны да ушундай. Сүннөттөрдүн да түрүнө, парздан мурун же кийин окула тургандыгына ниет кылуу керек. Жалгыз намаз окуп жаткан адам намаз арасында пайда болгон жамаатка кошула алат. Намазды баштаарда такбир айтуу төрт мазхабда тең парз. Ханафиде такбир катары “Аллаху акбар” деп айтуу важип. Башка үч мазхабда парз. Ифтитах такбиринин сахих болуусу үчүн Шафииде он беш шарт бар: Арабча айтуу, парз намазга өйдө туруп ниет кылуу, Аллаху акбар деп айтуу, “...бар” деген соңун созбоо, “ба” деген тамганы шадда кылып окубоо, эки сөздүн арасында же алдында “вав” тамгасын кошуп окубоо, эки сөздүн арасында токтобоо. “Аллахул акбар” же “Аллахул-азим акбар” деп айтуу жаиз. Өзү уга тургандай добуш менен окуу, намаз убактысынын кирген болуусу, Кыбыланы карап айтуу, имамдан кийин айтуу керек.

Сүннөт менен нафил намаздарды өйдө туруп окуу парз эмес. Ханафиде намазда Фатиха сүрөсүн окуу важип. Башка үч мазхабда парз. Шафииде имамдын артында жамааттын Фатиха сүрөсүн окуусу парз. Ханафи менен Маликиде парз эмес.

Шафииде намаздын сүннөттөрүнүн бири – имамдын жана жалгыз окуй турган адамдын багымдат, шам, куптан намаздарында Фатиха менен зам сүрөлөрдү үнүн чыгарып окуусу. Жанында чоочун эркек болбосо аял киши да үнүн чыгарып (жария) окуйт. Жамаат өздөрү уга тургандай даражада жай үн менен окуйт. Имам үнүн чыгарып (жария) окуган кезде жамаат имам менен бирге жана жанындагы адам уга тургандай үн менен амин дейт. Үнүн чыгарбай (ичинен) окуганда жана жалгыз окуганда аминди ичинен айтат. Имам үнүн чыгарып окуган намаздарда Фатиханы окуган соң жамааттын да Фатиханы окуй тургандай убакыт унчукпай туруп же ичинен бир нерсе окуп, ошондон кийин гана зам сүрөнү баштоосу сүннөт. [Ушул жерден белгилүү болуп жаткандай, имам үнүн чыгарып Фатиханы окуганда жамаат окубастан имамды тыңдап турат. Имам менен бирге амин деген соң Фатиханы окуйт.] Имам Фатиханы окуп бүткөн соң кошулган адам Фатиханы окубайт. Үч мазхабда өзү уга тургандай үн менен окуу парз. Маликиде парз эмес, мустахаб. Колдун үстүнө сажда кылуу үч мазхабда сахих эмес. Ханафиде макрух. Саждада жамбаш баштан жана сырттан төмөн болбой тургандай бийиктикке сажда кылуу жаиз. Ал эми Ханафиде сажда жеринин тизелер коюла турган жерден жарым зра’ [жыйырма беш сантиметр] бийик болуусу жаиз. Бирок, макрух болот. Мечитте бош орун болбосо алдындагы адамдын аркасына сажда кылууга болот. Бирок, алдындагы адамдын бирдей намазды окуп жаткан болуусу жана жерге сажда кылып жаткан болуусу керек. Малики менен Шафииде намаздын важиптери жок. Ханбалиде жана Шафииде намаздын сүннөтү – мустахабы дегенди билдирет. Буларды орундабаган адамга кандайдыр бир жаза берилбейт. Бир гана сообунан куру калат. Үн чыгарып окулчу намаздарда Фатихадан кийин амин сөзү үн чыгарып айтылат. Өйдө турганда колдор киндиктин үстүнө, бираз сол жакка байланат. Өйдө турганда Фатихадан кийин бир сүрө окуу Ханафиде важип, башка үч мазхабда сүннөт. Шафииде ар рекетте “Аузу...” окуу сүннөт жана Фатихадан мурун “Бисмиллах...” окуу парз. Окулбай турган болсо, намаз сахих болбойт. Зам сүрөлөрдү рукуда бүтүрүү төрт мазхабда тең макрух. Ал эми Фатихани бүтүрүү Ханафиде макрух. Башка үч мазхабда намаз бузулат. Көңүлдү алаксытчу, назарды оодарчу кандайдыр бир жандуу кайсы жерде болсо да Шафииде намазды макрух кылбайт. Үзүрлүүнүн үзүрсүзгө жана башка мазхабда болгон адамдын имам болуусу Шафии менен Маликиде сахих. Бир имамга уюп намаз окуп жаткан бир аял эркектин жанында же алдында болсо, үч мазхабда экөөнүн тең намазы бузулбайт. Ал эми Ханафиде эки жанында жана артында болгон эркектердин намаздары бузулат. Бирок, намаз окуп жатып имамга уйган аялга имам же жамааттан бир адам артка өтүүсүн колу менен ишарат кылат, аял артка өтпөсө же имам аялдарга имам болууга ниет кылбаган болсо аялдын намазы бузулган болот, эркектин намазы бузулбайт. Бир сапта бир рукн убакытындай турбаган болсо же бири адамдын боюнан бийик жерде окуп жаткан болсо же араларында кадалган таяк, тирек же бир адам тура тургандай бош жер болсо экөөнүн тең намазы бузулбайт. Экөө бир имамга уйбаган болсо да бузулбайт, деген менен аялга тахриман макрух болот. Дааратты, гусулду, таяммумду, маасы же шакшактын үстүнө тартылган масхты буза турган бир амал салам берүүдөн мурда орун алса, үч мазхабда намаз бузулат. Соңку ташаххудду окууну бүтүрбөй туруп орун алса, Ханафиде да бузулат. Беш маал намаздан кийин дароо бир Аятал курси, токсон тогуз тасбих жана бир жолу тахлил окуу мустахаб. Парздан же соңку сүннөттөн кийин окулат. Шафииде биринчиси, Ханафиде экинчиси жакшыраак. Соңунда дуба кылынат.


Ислам Дини

unread,
Nov 8, 2016, 2:04:02 AM11/8/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

199 - “Ал-фикху алал-мазахиб-ил арба’а” китебинде мындай деп жазылган: “Малики мазхабында дени сак адамдан чыккан заара, мени, мези, веди, истихаза каны, чоң даарат жана жел дааратты бузат. Таш, курт, ириң, сары суу, кан чыкса бузулбайт. Дааратты буза турган нерселер: оорудан улам чыкса жана кармай албаса, мисалы, зааранын агышы бир намаз убактысынын жартысынан көпкө уланып, чыга турган убактысы белгилүү болбосо даарат бузулбайт. Экинчи кавл боюнча ошол үч шарт болбосо да оорулуунун даараты бузулбайт. Чыкпаган кезде даарат алуу мустахаб болот. Ханафи мазхабындагы үзүрлүү оорулуулардын, карылардын даарат алуусунда хараж жана машакат болгон кезде ошол кавылды таклид кылуулары сахих болот. Зааранын токтогон убактысы белгилүү болсо ошол кезде даарат алуу жакшы болот. Истибра убактысы көпкө созулчу же кийинчерээк да тама турган жана бир намаз убактысы боюнча туруктуу акпагандыктан үзүрлүү болбогон ханафи менен шафиилер Малики мазхабын таклид кылышат. Бул үчүн даарат менен гусулду баштаарда ниет кылынат. Дааратта жана гусулда ар мүчөнү колу менен же сүлгү менен жеңил жышуу керек, дааратта баштын бардык жерине масх тартуу керек. Кулактын үстүндөгү тери баштын териси болуп эсептелет. Масх тартуу парз. Бул тери беттин териси деп эсептелип, жуулуу керектиги Ханафи китептеринде жазылган эмес. Ар мүчөнү арасын үзбөстөн жуу парз. Кулакка масх тартуу үчүн колду жаңыдан нымдоо сүннөт. Лаззаттануу максатында никелешүү жаиз болгон аялдын терисине, чачына тийүү жана алаканынын же манжаларынын ичи же капталдары менен жыныстык мүчөгө тийүү, даарат алганына же бузулгандыгына шектенүү дааратты бузат. Гусулда ооз менен мурунду жуу парз эмес, сүннөт. Өрүлгөн чачты чечип, масх тартуу керек. Маасынын үстүнө масх тартуунун мөөнөтү жок. Ар намаз убактысына бөлөк таяммум кылынат. Ит менен чочко нажис эмес. Бирок, жеш арам. Балыктын да каны нажис. Этин жегенге болчу жаныбарлардын заарасы менен тезеги таза. Нажистен тахарат биринчи кавлга ылайык парз, экинчи кавлга ылайык сүннөт. Геморрой, заара, тезек тамчылары денеге, кийимге жукса кечирилет. Адам менен жаныбардын канынын, жара, чыйкандан чыккан суу алакандын ичи өлчөмүндө болсо кечирилет. Намаздын ар бир рекетинде Фатиха окуу, бир ийинин карап салам берүү, эки сажданын арасында отуруу, рукуда, саждаларда туманинет [кыймылдабай бираз токтоо] парз. Имам жашыруун окуган рекеттерде жамааттын Фатиха окуусу мустахаб, үн чыгарып  окуган кезде жамааттын да окуусу макрух. Кыямда оң кол сол колдун үстүнө коюлуп, көкүрөк менен киндиктин арасына коюу же эки колду эки жакка таштап окуу мустахаб. Парздарда “Аузу...” окуу макрух. Фатиханы рукуда бүтүрүү намазды бузат.” Жолоочу менен мукимдин бири-бирине имам болуусу Ханафиде жаиз, Маликиде макрух. Маликини таклид кылган ханафи үч күн калууга ниет кылган жеринде төртүнчү күнү парздарды төрт рекет кылып окуй баштайт. Муким менен жамаат боло алат. Себеби, макрухта өз мазхабына таби (баш ийген) болот.


Ислам Дини

unread,
Nov 10, 2016, 5:12:18 AM11/10/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

200 – Расулуллах (саллалаху алейхи васаллам) мындай деди: “Бир мусулманда үч нерсе болбосо ал – бейиштик:

1.       Кибир (текебердик), 2. Хасад (көралбастык), 3. Кыянат.

Бардык кыйынчылыктарга жана балээ-жалаага сабыр кылып, эч кимге даттанбоо керек. Анткени, сабырсыз адамдардын диндери оңойлук менен жок болот. Дарт менен кыйынчылык тарткандарга сооп берилбейт. Дарт менен кыйынчылыктарга сабыр кылгандарга, буларды Аллаху тааладан экенин билип, Ага жалбаргандарга сооп берилет.

201 – Бир мусулман: Дүнүйөдө кадырлуу, акыретте бактылуу болууну кааласа, төмөндөгү үч мүнөзгө ээ болсун:

1)      Жаратылгандардан эч нерсе күтпөө.

2)      Мусулмандарды [жана зымми мусулман эместерди кайтыш болгон болсо да] ушактабоо.

3)      Башкалардын акысы болгон нерсени албоо.

Аллаху таала үч нерсени өтө жакшы көрөт:

1)      Жоомарттык.

2)      Коркпогон адамдын жанында чындыкты айтуу.

3)      Эч ким көрбөй турган жерде да Аллаху тааладан коркуу.

Аллаху таала Тури Сина тоосунда Муса алейхиссаламга мындай деди: “Бир адамга бирөө “Аллаху тааладан корк” десе, ал адам “Аллахтан коркууну мага сен үйрөтөсүңбү? Сен өзүң Аллахтан корк” десе, ал эң жаман адам.”

202 – Эч кимдин күнөөсүн бетине айтпа! Мусулман болсо да, мусулман эмес болсо да бир адамдын акысын жеп, тообо кылбай, ал адам менен халалдашпасаң (кечирим сурап, ыраазычылыгын албасаң), Расулуллах (саллалаху алейхи васаллам) сага лаанат кылат. Эне-атаңдын жана динди үйрөткөн устаздын күнөө болбогон буйруктарына каршы чыккандар да малун. Аллаху тааланын ыраазылыгынан башка ниет менен, мисалы, баланча кишиге деп курмандык чалгандар да ошол лаанат кылынгандардын катарында. Кызына зина кылдырган, көчөгө жылаңач чыгарган, бала-чакасына ыйманды, арам нерселер эмнелер экендигин үйрөтпөгөн эне-аталар Аллаху тааладан башкасына ибадат жана сажда кылуучулар да малун.       

[Абдулгани Наблуси “рахима-хуллаху таала” “Хадика” китебинде кол менен кылынчу күнөөлөр түшүндүрүлгөн жеринде мындай деген: “Зордук-зомбулук менен тартып алынган, пара катары алынган, уурдалган мүлктөр; аманат катары берилген мал-мүлктү соодада колдонуп, үстүнөн тапкан пайда; Дар-ул-харбда, б.а., мусулман эмес мамлекеттерге барган адамдын [соодагердин, саякатчынын] мусулман эместерден алардын макулдугусуз алган мал-мүлк “Мали хабис” деп аталат. Мындай мал-мүлктү колдонуу арам. Ээлерине кайтарып берүү, ээлери белгисиз болсо кедейлерге садага катары таратып берүү кажет болот. Башка бирөөнүн [жана жетимдин] мүлкүн уруксатсыз колдонуу арам.” Мусулман, жада калса, Дар-ул-харбдагы капырлардын да мал-мүлкүнө, жанына, намысына кол салбайт. Жол кирени төлөйт. Эч кимге кыянат кылбайт.]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди: “Бир адам бирөөгө суу берсе, ал адам ага урмат менен ийилсе Аллаху таалага шерик кошкон болот.” Дагы мындай деген: “Кол көтөрүп салам берүү жана Аллахтан башкасына ант берүү да ширк.” Мисалы, “Атамдын жаны үчүн” деп ант бербөө керек.

[Жогорудагы хадиси шарифте кол көтөрүп салам берүүнүн ширк экендиги билдирилди. Ханафи мазхабынын улуу аалымдары, б.а., ижтихад кылуу даражасына көтөрүлгөн аалымдар ошого окшош хадиси шарифтерди салыштырып, Ханафи мазхабынын усул жана каваид-и мазхабийасына ылайык изилдешкен. Бул хадистин мансух (өкүмү жоюлган) экенин түшүнүшкөн. Алыста турган адамга бир гана кол көтөрүп салам берүүнүн макрух экендигин, сөз менен жана кол менен бирге салам берүүнүн карахатсыз жаиз экендигин түшүнүшкөн. Ушул сыяктуу Ибн Абидинде, намаздын макрухтары бөлүмүнүн соңунда жазылган хадиси шарифте: “Намазыңарды налын менен (бут кийим, байпак менен) окугула. Яхудилерге окшобогула!” - деп айтылган. Ал эми фикх аалымдары бутту жаап окуунун сүннөт, жылаңаяк окуунун макрух экенин билдиришкен. Дагы ошол сыяктуу “Хадика” китебинин экинчи тому, беш жүз сексен биринчи бетинде “Чачын, сакалын карага боёгондор Бейиштин жытын таба алышпайт” деген хадиси шарифти билдирген соң аалымдардын бардыгы , карага боё марух деп айтышты. Жаиз деп айткандар да болду. “Мабсут” китебинде ушундай жазылган. Хазрети Осмон, Хазрети Хусейн, Укба бин Амир, Ибни Сирин, Абу Бурда жана башкалар “рахима-хумуллаху таала” карага боёшчу деп айтылат. “Хадика” китебинин экинчи том, беш жүз сескен сегизинчи бетинде мындай деп жазылган: “Чачты, сакалды боё маселесинде жергиликтүү элдин адатына баш ийүү керек. Өзү жашап жаткан жердин адатына баш ийбөө шохрат (атак-даңкты, таанылууну сүйүүчүлүк) болот. Бул тахриман макрух болот.” “Мишкат” китебиндеги хадиси шарифте: “Мушриктерге каршылык катары сакалыңарды өстүргүлө!” - деп айтылат. Ал эми, Хадими “рахима-хуллаху таала” “Барика” китебинин 1229-чу бетинде: “Сакалды кыруу сүннөткө каршы болот. Амри вужуби болгондо арам болмок. Сакалды бир ууч кылып өстүрүү сүннөт болуп саналат. Бир уучтан кыска кылуу же кыруу жаиз эмес. Кээ бир адамдар “Сакалын кырган же кыскарткан адамдын имам болуусу жаиз боло албайт. Жалгыз окуган намазы да макрух болот. Андай адам малун” деп айтышат. Бул сөздөрдү “Тахави” китебинен алганын айтышат. Мындай сөздөр туура эмес” деп айтылган. Ахли китепке [б.а., яхудилерге, христиандарга] жана мушриктерге, муханнастарга окшоого катуу түрдө тыюу салынууда. Тахтавинин “Маракил фалах” хашиясынын 185-чи бетинде: “Ахли китепке окшоонун даражалары бар. Жеп-ичүү сыяктуу адат болгон зыянсыз нерселерде окшоо жаиз. Жаман, зыяндуу нерселерде аларга окшоого аракет кылуу арам. Аларга окшобосо жаиз болот”, - деп айтылат. Капырлардын диндерине таандык болуп, капырчылыктын белгиси бар болгон нерселерде окшоого ниет кылбаса да куфур болот. Пайдалуу дүнүйөлүк иштерде окшоо жаиз, жада калса, сооп болот.


Ислам Дини

unread,
Nov 11, 2016, 8:20:49 AM11/11/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

203 – Эч кимди каргаба! Себеби, сен каргаган адам каргышка ылайык болбосо айткан каргышың өзүңө кайтат.

Жада калса, жаныбарларга да каргыш айтпа! Анткени, бул жагдайда периштелер сага каргыш айтышат. Намазды таштаган адамга бетине да, артынан да каргыш айтууга болот. Анткени, парз болгон намазды үзүрсүз таштаган адам төрт китепте тең малун. Колуңан келгенче ар дайым амри маруф кыл, б.а., адамдарга Ислам дининин буйруктарын түшүндүрүп, аларды жаман нерселерден тый! Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: “Ахлаки замима [жаман мүнөз] болгон төрт нерседен баш тарт, булардан сак бол:

1)      Көп мал-мүлк жыйнап, аны колдонбоо.

2)      Эч качан өлбөй тургандай дүнүйөгө берилүү.

3)      Сараң болуу.

4)      Канаатсыз болуу.”

Адамда уяттын (ар-намыстын) болуусу – ыймандын белгиси. Уятсыздык – куфурга тартат. Эң алгач Аллаху тааладан уялуу керек.

204 – Кандайдыр бир ишиң тууралуу сараң, б.а., канаатсыз адамдар менен кеңешпе! Анткени, кийин сени адамдардын арасында уят кылат. Салих киши менен кеңеш! Аллаху тааланын махабатына жетүүгө аракет кылган адам “Салих кул” деп аталат.


Ислам Дини

unread,
Nov 14, 2016, 2:12:23 AM11/14/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

САБЫР БӨЛҮМҮ


205 – Сабыр – дарт менен кыйынчылыктарды даттанбоо деген сөз. Дарт менен кыйынчылыктардан кутулуу үчүн “Сэадет-и Эбедиййе” китебинин 110-чу бетин окуңуз. Үч нерсеге сабыр кылсаң бийик даражаларга жетесиң:

1-Кандайдыр бир кыйынчылыкка сабыр кылуунун үч жүз сообу бар. Кыйынчылыкка каршы чаара колдонуу, чечимин издөө, дуба кылуу сабырдын сообун кемитпейт.

2-Ислам илимдерин үйрөнгөн кездеги кыйынчылыктарга жана ибадаттарды орундоодо сабыр кылууга Бейиште алты жүз даража берилет.

3-Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу.

Напсинин каалоолоруна каршы сабыр кылуунун жети жүз даражасы бар. Башка келген кыйынчылык үчүн да ар деми үчүн жеке бир даража жана сооп алат. Мал-мүлктөн, бала-чакадан айрылуу чоң кыйынчылык болуп саналат, буларга сабыр кылгандарды Аллаху таала “Таразанын башына алып келүүгө уяламын” деген. 

 206 – Өлүмдөн коркпо жана өлүмдү каалаба! Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: “Өлүмдү эстегиле жана дуба кылып: Йа, Раббим! Менин өлүмүм кайырлуу болсо мени өлтүр, узак өмүр сүрүү кайырлуу болсо мага узак өмүр бере көр!” - деп сурагыла.”

Жаназаларда кызмат кыл! Аллахтын ыраазылыгы үчүн мейиттин кабырына бир күрөк топурак ташта! Ошол таштаган топурагың Кыяматта таразаңа коюлат. Жаназада аткарылчу кызматтар “Сэадет-и Эбедиййе” китебибизде кеңири жазылган.


Ислам Дини

unread,
Nov 18, 2016, 4:56:16 AM11/18/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

КАБЫР ЗЫЯРАТЫ


207 – Эй, уулум! Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: “Бир момундун кабырын зыярат кылган адам Аллаху тааланын даргейинде бир напил ажылыктан көп сооп алат!” Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн “Аятал курси”, “Фатиха” жана “Ихлас” сүрөлөрүн оку жана сообун өлүүлөрдүн рухуна багышта! Дубаны бардык момундардын рухуна да тартуула! Бардык өлгөн адамдардын санындай сооп аларсың.

208 – “Ваххабилик” деп аталган агымды Абдулваххаб уулу Мухаммед деген Нажддык бир адам аркылуу британдыктар түзгөн. Бул опасыз адам 1206 [м. 1791] жылы өлгөн. Британдыктардын пландарын ишке ашыруу үчүн ал ар түрдүү китептерди жазган. “Китаб-ут-таухид” деген китебине небереси Абдуррахман шарх (түшүндүрмө) жазып, ал китебин “Фатх-ул-мажид” деп атаган. Ал 1258 [м. 1842] жылы өлгөн. Ошол шархтын ар кайсы жерлеринде: “Өлгөн адамда сезим болбойт. Руху да Аллаху тааланын даргейинде. Мулхиддер (динден чыккандар, ыймансыздар) арбак жардамдашат деп, өлгөн адамдардан жардам, шапаат сурап жатышат. Алардын бул иштери – ширк. Периште, пайгамбар, олуя эч кимге жардамдаша албайт. Өлгөн адам же Хазрети Хусейн сыяктуу Бейиш ниматтарынын ичинде же Тижани деген мушрик жана пас адам сыяктуу же Мухиддин араби , Омар ибнул Фарид буттары сыяктуу азапта болот. Аларга кылынган дубалардан алардын өздөрү бейкабар. “Өлгөн адам угат, жардам берет” дегендер ыймандан, динден чыгышат. Аллах уруксат берген адам шапаат кылууга уруксат берилген адамга гана шапаат кыла алат. Өлүккө дуба кылуу менен, ага жалбаруу менен шапаат кылууга уруксат берилбейт. Мысыр элинин эң чоң теңирлери болгон Ахмед Бадавинин кандай жагдайда экени белгисиз. Өлүктөрдүн кабырына күмбөз тургузуу, таазим кылуу – куфур. Адамдар: “Абдулкадир Гейлани өзүнө жалбаргандарды угат, жардам берет”, - дешет. Алардын бул сөздөрү – куфур. Алардын күмбөздөрүнүн ар бири буткана. Баарын жыгуу - важип”, - деп жазылган.

Жогорудагы жазуудан көрүнүп тургандай ваххабилик агымынын пайда болуусу, кийин “Сауд Аравиясы” мамлекетинин курулушу, британдыктардын Ислам динине чабуулундагы жеңиши болду. Алар Ахли сүннөттү, б.а., бизди капыр деп жатышат. Алар “Күмбөз тургузуу – бидат. Расулуллахтын заманында күмбөз жок эле, кийин чыккан”, - дешет. Биздин аларга айтаар сөзүбүз – биз “Ахли сүннөт” мазхабындабыз. Биздин ишенимибиз боюнча “Адилла-и шарийа” (шарияттын далилдери) төртөө. Тактап айтканда, диний маалыматтардын булагы төртөө. Бул төрт булак – китеп, сүннөт, кыясы фукаха жана ижмаи уммат. Китеп – Курани карим. Сүннөт – хадиси шарифтер. Кыясы фукаха – төрт мазхабдын фикх китептери. Ижмаи уммат – алгачкы эки кылымдагы аалымдардын ооз бирдиги. Бул аалымдардын эч бири күмбөздөргө каршы эч нерсе айтышкан эмес. Фикх китептери күмбөздөрдүн жаиз (уруксат) экенин жазууда. Андай болсо, күмбөз салууга жана күмбөздөрдү зыярат кылууга динибизде тыюу салынган эмес. Ваххабилер муну четке кагышууда. Ислам дини – ваххаби жахилдеринин, динде реформачы деп аталган мазхабсыздардын кем акылдары, жаңылтуучу пикирлери жана тартымдуу пикирлери эмес. Ислам дини – “Адилла-и шарийа”дан чыгарылган өкүмдөр. Ваххабиликтин куруучусу Мухаммеддин бир тууган иниси Сулайман бин Абдулваххаб – Ахли сүннөт аалымы эле. Агасы карманган жолдун жаңылыш экенин билдирүү үчүн жана мусулмандардын ага алданып калууларынын алдын алуу үчүн өтө көп китеп жазды. “Саваик-ул-илахиййа фиррадди –алал-ваххабиййа” аттуу китебинде ваххабилерге жооп берүүдө, карманган жолдорунун жаңылыш экенин далилдөөдө. Бул китеп “Хакикат Китеп Үйү” тарабынан Стамбулда жарыяланган. Алтынчы бетинде мындай деп жазылган: “Ооба, ваххабилер шейхул-ислам деп атаган жана жазгандарын далил кылып алган Ибн Таймийа жана анын шакирти Ибнулкаййум Жавзийа кайып жана өлүктөн жардам суроо, ал үчүн назир кылуу же Аллахтан башкасына курмандык чалуу, кабырды өбүү, топурагын алып берекеленүү арам деген. Чоң ширк деген эмес. Эч бир аалым андай кылган адамдын мушрик (капыр) боло тургандыгын айткан эмес. Төрт мазхабдын аалымдары куфурга себеп боло турган нерселерди кеңири баяндаган. Ошол иштерди кылган адамдын муртад боло тургандыгын (динден чыга тургандыгын) эч бири билдирген эмес. Андай кылган адамдардын мусулман экендигин билдирген.” Юсуф Набханинин “рахима-хуллаху таала” “Шавахид-ул-хак” китебинин жүз кырк биринчи бетинде жазылгандарга ылайык, Шафии аалымдарынан Шахабуддин Рамли “рахима-хуллаху таала” фатвасында: “Пайгамбарлар “алейхимуссалавату ваттаслимат” кайтыш болгон соң мужизалары, олуялардын да “каддасаллаху таала асрарахумул азиз” кайтыш болгон соң кереметтери уланат. Ошондуктан, алар кайтыш болгон соң да аларга истигаса (жардам суроо), тавассул кылууга болот”, - деген. Абдулхай Шарнблали да пайгамбарларга “рахима-хуллаху таала” жана олуяларга “каддасаллаху таала асрарахумул азиз” тавассул кылуунун жаиз экендигин узун далилдеген. Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” биринчи томунун соңунда: “Аалымдардын, сейиддердин, олуялардын коомго тийиштүү болбогон жердеги кабырларынын үстүнө күмбөз тургузуу жаиз”, - деген. Бешинчи томдо, лабс бөлүмүндө: “Олуялардын, салихтердин кабырларынын үстүнө сандык сыяктуу төрт бурчтук коргон коюу, жабуулар менен жабуу, селде ороо макрух деп айтылды. Биздин өкүмүбүз боюнча, өлүүгө таазим жана сый-урмат кылууга себеп болуусу, кор кылбоо, гафилдердин аларга карата адептүү болуулары үчүн мындайга уруксат берилет. Амалдар ниетке байланыштуу”, - деп жазылган. Ваххабилер Курани каримге жана хадиси шарифтерге бурмаланган жаңылыш маани берип жатышат. Өздөрүнүн түшүнгөндөрүнө ишенбеген адамдарды капыр деп жатышат. [“Фатх-ул-мажид” деп аталган ваххаби китебинде жазылган жалгандар менен жалааларга “Кыямет ве Ахирет” аттуу китебибизде далилдер менен кеңири жооптор берилип, натыйжада ваххаби китебинин автору маскара болгон.]

Ислам Дини

unread,
Nov 21, 2016, 4:11:08 AM11/21/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

[Түшүндүрмө: Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” бузукулар тууралуу түшүндүрүп жатканда мындай деп айткан: “Харижи деп аталган адамдар күмөндүү болгон (бир канча маани чыгарууга боло турган) далилдерди тавил кылышууда. Тактап айтканда, кээ бир аяти карималарга жана көп адам риваят кылган кеңири тараган хадиси шарифтерге ачык жана белгилүү болбогон маанилерди беришүүдө. Хазерети Алинин “радыйаллаху таала анх” аскеринен бөлүнүп чыгып, ага каршы согушкандар ушундай болчу. “Хаким – жалгыз Аллаху таала. Хазрети Али эки хакемдин өкүмүнө багынып, халифалыкты Муавияга “радыйаллаху таала анх” өткөрүп берүү менен чоң күнөө кылды,” – дешти. Ага каршы согушууга алардын ошол жаңылыш тавилдери себепкер болду. Өздөрү сыяктуу ишенбей тургандарды капыр дешти. Харижилер менен ваххабилер сыяктуу күмөндүү далилдерди жаңылыш тавил кылып, ачык далилдерге моюн сунбай амал кылгандарды мужтахид болгон фикх аалымдары капыр деп аташкан эмес. Моюн сунбоочу, каршы чыгуучу, бидатчы болгонун айтышкан. Түрк тилдеринде бул адашуучулу деп аталат. Ал эми далилдерде анык, (ачык түрдө) түшүнүлө турган жалгыз бир мааниге ишенбеген адам капыр болот. Ааламдын жок боло тургандыгына, өлгөн адамдардын кайра тириле тургандыгына ишенбөө да ушундай. “Али – кудай, Жабраил вахий алып келе жатып адашты” деп айткан адам да капыр болот. Себеби бул сөздөр тавил кылып, ижтихад кылууга аракет кылып түшүнүлө турган маселелер эмес. Бул напсиге моюн сунуудан пайда болот. Хазрети Айшаны “радыйаллаху анха” жамандаган жана анын атасынын сахаба экенине ишенбеген адам да капыр болот. Анткени, бул эки жагдай тең Курани каримле ачык айкын түрдө билдирилген далилди жокко чыгаруу болуп эсептелет. Бирок, Хазрети Абу Бакр менен Хазрети Омарды жамандап тил тийгизген жана халифалыгына ишенбеген адамдын тавили бар болсо капыр болбойт. Мусулмандардын мал-мүлкүнө, жанына зыян келтирүү сыяктуу анык болгон арамдарга тавили болбой адал деген адам капыр болот. Китептен жана сүннөттөн күмөндүү бир далилди тавил кылып айтканда капыр болмок эмес.”

Белгилүү болуп тургандай, мусулман экенин айтып, ибадаттарын орундап жүргөн, б.а., “Ахли кыбыла” деп аталган бир адамдын Ахли сүннөткө ылайык болбогон бир ишеними, мааниси ачык болгон бир далилге каршы болсо, тавил бар болсо да, жок болсо да куфур болот. Ал “Мулхид” деп аталат. Бул ишеним ачык болбой, күмөндүү бир далилге каршы келүү болуп эсептелсе же ачык далилге ылайык болбогон бир иш болсо, тавили бар болсо куфур болбойт. Бидат болот. Тавилден бейкабар болуп, бидатчы аалымдарга окшоо менен же напсиге моюн сунуп, дүнүйөлүк пайда үчүн болсо анда да куфур болот.

Ахли сүннөт болсо да, бидатчы болсо да, динин дүнүйөлүк пайдага ээ болуу үчүн каражат кылып алган, б.а., дүнүйөлүк пайдага жетүү үчүн динин саткан наадандар “Дин саткыны” деп аталат. Өзү ыймансыз болсо да мусулмандарды алдап, ыймандарынан ажыратуу, Ислам динин ичинен ыдыратуу үчүн мусулман көрүнүп, куфурга себеп боло турган нерселерди аныктоо үчүн далилдерди жаңылыш тавил кылган адам “Зындык” деп аталат. Өзүн элге мусулман жана табият таануу илимдеринин аалымы деп таанытып, динди, ыйманды бузуучу нерселерди табият таануу илими деп айткан жалганчы капырлар “Манкурт” деп аталат. Манкурттардын да зындык экендиги мурдагы бөлүмдөрдө айтылган болчу. Алар төңкөрүшчү, революционерлер тарабынан иреттөө иштери жарыялангандан бери британдыктардан, масондордон акча, бийлик сыяктуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, Ислам динине чабуул жасашкан. Чыныгы Ислам аалымдары диндеги саткындарга күчтүү жоопторду берип, алардын оозун жабышкан, мусулмандарды алардын зыяндарынан куткарышкан. Ал эми манкурттар Ислам душманы, прогрессчил деп аталган мамлекет адамдарынан колдоо көрүп, каалаган нерселерди тартынбай айтышкан жана жазышкан, бири-бирин мактап, жалгандарын жайылтуу оңой болгон, Ислам динине андан да көбүрөөк зыянын тийгизишкен.] Ислам билимдерине ээ болгон бидатчыларга, мулхиддерге жана булардын жолун карманган сабатсыздар “Мазхабсыз” деп аталат. Мазхабсыздар жана ыйман уурдаган зындыктар “Динде реформачы” катары чыгышууда. Ижма далил эмес деген адам капыр болбойт. Бидатчы болот. Харижилер, шиилер, ваххабилер ушундай. Алардын ижмага каршы сөздөрү куфур болбойт.


Ислам Дини

unread,
Nov 22, 2016, 1:03:33 AM11/22/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

209 – Каада-салттар “Шарий далил” боло албайт. Дин адаттарга багынуучу боло албайт. Адаттардын, модалардын Ислам динине ылайык болуусу кажет. Бир иштин Ислам динине ылайык болуусун камсыз кылуу үчүн ошол ишке байланыштуу ар түрдүү кавлдар (өкүмдөр) бар болсо, булардын арасынан заманга жана адамга ылайыктуу болгон кавлга ылайыктуу болууга тийиш. “Өкүм убакыт өтүү менен өзгөрөт” сөзүнүн ушул мааниде айтылгандыгы “Барика” китебинде, фитна бөлүмүндө жазылган.

210 – Бала-чакаңа динин, ыйманын үйрөтүү кул акысына жатат. Эртең буларды үйрөтүүгө убакыт таба албайсың.

211– Беш топтогу адамдар Тозокко түшүшөт:

1-Беш маал намазды үзүрсүз таштаган. Казасын окубагандар.

2-Ичкилик ичип, буга тообо кылбаган адам.

3-Зекет менен үшүр бербеген адам.

4-Эне-атасына каршы чыккан адам.

5-Мечиттерде дүнүйөлүк нерселерге жетүү максатында конференция бергендер, кооз сөздөрдү сүйлөгөндөр. Өзгөчө хутба окуп жатканда жамааттын же имамдын хутбадан башка сөз сөздөрдү айтуусу чоң күнөө.

Акылы кирген жана балагат жашына толгон ар бир мусулмандын күндө убакыты кирери менен беш маал намаз окуусу жана ар бирин өз убагында окуганын билүүсү парз. Жахилдер, мазхабсыздар жасап чыгарган календарларды карап, намазды убактысынан мурун окуу чоң күнөө болот жана бул намаз сахих болбойт. Кыз жана эркек бала жети жашка толгондо намаз окуусун буюруу валиси үчүн важип болот. Орозо кармоону да буюруу керек. Ичкилик ичпөөнү да буюрат. Жакшы амалдарга үйрөтүп, жаман иш-аракеттерди кылбоону буюрат. Он жашка толгондо намаз окутуу үчүн алаканы менен урууга болот. Таяк менен урууга болбойт. Алаканы менен да үч жолудан артык урууга да болбойт. Валисинен башкасына урууга болбойт. [Вали уруксат берсе, устазы колу менен үч жолу ура алат. Дарга таңып, буттарын таяк менен уруу жаиз эмес.] Таяк менен урууга акыл-эси ордунда, балагатка толгон адамдын кылмыш жасаган жагдайында гана (соттун чечими менен) уруксат берилет. [Эркектин аялын таяк менен уруп-согуусу да жаиз эмес.] Он жаштагы балдардын жаткан орундарын бөлүп, бөлөк жаткыруу керек. Эч ким бирөөнүн ордуна милдети болгон намазды окуй албайт. Өзү окуган намазынын жана башка ибадаттарынын да сообун тирүү же кайтыш болгон башка адамдарга багыштоосу жаиз. Аласалуу адамдын аласасын сурабоосу үчүн намаз окуп, сообун ага багыштоосу жаиз эмес. Бир данк, б.а., бир дирхам күмүш кунунун алтыдан бир өлчөмүндөгү [божомол менен эки жарым шарий карат же жарты грамм күмүштөй] карыз үчүн карыздардын шарттарын толук орундап, окуган намаздарынан жети жүз намазынын сообу Кыямат күнү аласасы бар адамга берилет. Береселүү адамдын сооптору калбай калса аласасы бар адамдын күнөөсү ага жүктөлөт. [Аялы менен ажырашкан адамдын дароо махр акчасын ага берүүсү да кул акысына жатат. Эгер бербесе дүнүйөдө жазасы, акыретте азабы өтө оор болот. Кул акыларынын эң маанилүүсү жана азабы эң оор болгону – туугандарына, карамагындагы адамдарга амри маруф кылбоо. Аларга диний билим үйрөтүүнү таштап койуу. Алардын жана бардык мусулмандардын диндерин үйрөнүүсүнө жана ибадаттарынын орундоолоруна зордук-зомбулук же алдоо аркылуу тоскоолдук кылган адамдардын капыр экендиги, Ислам дининин душманы экендиги түшүнүлөт. Бидатчылардын, мазхабсыздардын сөздөрү менен, жазуулары менен Ахли сүннөт ишенимин өзгөртүүлөрү, динди, ыйманды бузуулары да ошондой. Намаздын парз экендигине, биринчи милдет экендигине ишенбеген, маани бербеген адамдын ыйманы кетет.] Парз экенине ишенип, жалкоолук менен үзүрсүз окубаган адам фасык болот. Намаз окуганга чейин же өмүрүнүн соңуна чейин сот тарабынан камакка алынат. Арада насаат айтылып турат. Хадиси шарифте: “Капырды мусулмандан ажыратып турган нерсе – намаз”, - деп айтылган. Ошондуктан, жалкоолук менен намаз окубаган адамдарга Ханбали мазхабында ыйманы жок делет. Таштоо – жалкоолук менен билип туруп окубоо деген сөз. [Үзүрлүү себеп менен өткөрүп жиберүү фавт кылуу деп аталат.] Үзүрлүү себеп менен убактылуу окулбаган намаздарды кыска убакта казасын окуу парз. Үй-бүлөсүнүн нафакасын таба тургандай убакытка кечиктирүү жаиз болот. Ибн Таймийанын “Каза намаздарын окубаган адамдын жакшы амалдары, кайрымдуулуктары каза намазынын ордуна өтөт. Анын казаларды окуусу кажет эмес” деген сөзү – анык адашуучулук.


Ислам Дини

unread,
Nov 23, 2016, 1:15:39 AM11/23/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ЗЕКЕТ БЕРҮҮ


212 – Толук мүлк болгон мүлктүн зекетин жана ушурун берүү парз. Колдонуу жаиз жана мүмкүн болгон мал-мүлк “Толук мүлк” деп аталат. Төрт түрдүү зекет мүлкү бар:

1 – Алтын менен күмүш.

2 – Соода үчүн сатып алынган ар түрдүү буюмдар.

3 – Кырда, жайлоодо жайылып жүргөн төрт буттуу малдар.

4 – Эгин түшүмдөрү, б.а., ушур.

Абу Ханифа “рахима-хуллаху таала” мындай деген:

Жамгыр же өзөндүн суусу менен сугарылган жерден чыккан эгиндин, мөмө-жемиштин, жашылчанын жана балдын көлөмү канча болсо да түшүмдү алар замат сатып,  ондо бирин кедейлерге берүүсү парз. Бул Ушурдеп аталат. Ушурун бербей туруп жеш арам болот.

Алтын менен күмүштүн жана соода буюмдарынын зекетин берүү үчүн нисаб өлчөмүндө болууга тийиш. “Нисаб” – бай менен кедейдин арасындагы чек деген сөз. Нисаб өлчөмү – алтында жыйырма мискал. Күмүштө эки жүз дирхам. Кажеттүү болгон заттардан башка нисаб өлчөмүндөгү ар түрдүү мал-мүлкү бар болгон адам “Бай” деп аталат. Ошол өлчөмдө мал-мүлкү болбогон адам “Кедей” деп аталат. Алтын акчанын, буюмдун жана аялдын зергер буюмдарынын, тиштин бетиндеги алтын каптамалардын, ар түрдүү соода товарларынын салмагынын кошундусу жыйырма мискал болсо, ал эми күмүш буюмдардын кошундусу эки жүз дирхам болсо жана ошол убакыттан хижри бир жыл, б.а., ислами жыл санак боюнча бир жыл колунда калса, бул жагдайда салмактарынын кырктан бирин бөлүп, Курани каримде билдирилген сегиз топтогу адамдардын бирине же бир канчасына берилет. Бул “Зекет” деп аталат. Бир мискал – жыйырма карат. Бир шарии карат – беш арпа, б.а., жыйырма төрт сантиграмм. Бир мискал – төрт бүтүн ондон сегиз [4,8] грамм болот. Жыйырма мискал – токсон алты [96] граммга барабар. Токсон алты грамм алтыны бар болгон адам бир ислами жылдан кийин эки жарым [2,5] грамм алтынды зекет ниети менен бөлүп, каалаган кезинде, каалаган кедейге берет. Бир шарии дирхам –он төрт шарии карат болот. Башкача айтканда, үч грамм үч жүз алтымыш милиграмм [3,360] болуп, күмүштүн нисабы алты жүз жетимиш эки грамм [672 грамм] же жыйырма сегиз мажидияга (Осмон мамлекетинде колдонулган күмүш акча) барабар. Бир мажидия – жүз шарии карат же жыйырма төрт грамм. 96 грамм алтын же 672 грамм күмүш бирдей нисаб өлчөмүн көрсөткөндүктөн куну да бирдей деген сөз. Бул жерден алтындын бирдей салмактагы күмүштөн жети эсе кундуу экени түшүнүлөт. Түркияда колдонулчу бир лиралык алтындардын бардык түрү бир жарым мискал, б.а., отуз карат [7 грамм, 20 сантиграмм] болгондуктан, алтын нисабы [20/1,5=13,33] он үч даана алтын лира жана бир лиранын үчтө бири болот. Башкача айтканда, ошончо даанасы бир лиралык алтын болууда. Урфи дирхам шарии дирхамдан кичирээк болуп, таза үч грамм болчу. Себеби, урфи дирхам он алты урфи карат эле. Ал эми бир урфи карат төрт арпага барабар эле. [Ибни Абидин] Осмондуктар соңку замандарында колдонгон бир карат - жыйырма сантиграмм, бир дирхам – 3,207 грамм эле.

Соода буюмдарынын нисабы эсептелгенде алынган баасы менен, акча катары колдонула турчу тамгалуу алтынга же күмүшкө карай кундары нисаб өлчөмүнө жеткенде, бул соода буюмдарынын зекети алтын же күмүш же болбосо соода буюмдарынын өзүнөн берилет. Азыр соодада колдонулуп жүргөн кагаз акчалар – алтын акчанын баасы болгон кагаздар. Азыркы тапта күмүштүн алтынга караганда куну Ислам дининдеги кунунан, б.а., жетиден бирден алда канча төмөн болгондуктан зекет эсептери жалгыз алтын менен гана баалануусу керек. [“Ибн Абидин” 1271, Булак басмасы, 4 том, 28 жана 182 беттер.]

Аласасы бар болгон бир адамдын колунда вексель бар болсо зекетин берүүсү кажет. Бирок, векселдин кырктан бирин бере албайт. Анткени, векселдер “дейн” болгон, б.а., колдо болбогон мүлктү көрсөтөт. Дейн болгон мүлктүн зекетин берүү керек. Бирок, зекет “айн” катары берилет. Дейн болгон мүлк берилбейт. Башкача айтканда, колунда бар болгон мал-мүлктөн берилет. Кедейге мүлктү колуна берүү керек. Вексель – айн болгон мүлк эмес, болгону бир бөлүк кагаз. Векселде жазылган алтын болсо алтын берүү, күмүш болсо күмүш берүү кажет.

Кагаз акчалар да айн болгон мүлк эмес. Дейн болгон мүлктү көрсөтүүдө. Ал өкмөттөр тарабынан бекитилген бир дейн вексель жана алтындын куну. Күмүштүн куну эмес. Колунда он миң сомдук кагаз акчасы бар болгон киши мунун куну болгон алтынды банкка же зергерге карызга берген адам деген сөз. Колундагы кагаз акча – ошол алтындын вексели деген сөз. Андай болсо, ошол кишинин ошол алтындардын зекетин айн кылып берүүсү жана алтын түрүндө берүүсү керек. Фулустун болсо, б.а., жез акчанын зекети кунунан берилет. Фулус түрүндө берилбейт. Бир мүлктүн куну – базарга карата баасы болгон алтын акчанын саны деген сөз. Ошондуктан, кырк миң кагаз акчасы бар болгон адам гезитте жазылган алтындын бааларынан баасы эң төмөн болгон алтын боюнча нисабын эсептейт. Баасы эң төмөн болгон Хамид алтыны болсо же бир Хамид алтынынын куну бир миң беш жүз кагаз акча болсо, ошол кундун кагаз акчанын зекет нисабы: 13,3x1500=19950 акча болуп, кырк миң акчанын зекетин алтын түрүндө берүү кажет болот. Мунун зекети миң акча. Кедейге миң кагаз акчанын баасы болгон бир жарым алтын акча менен бир чейрек алтын же бир алтындын үчтөн экиси, б.а., болжол менен беш грамм салмагында бир алтындын бөлүгүн, мисалы, билерик же шакек берет.

Ислам Дини

unread,
Nov 24, 2016, 4:02:59 AM11/24/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Мурдагы Ливия өкмөтү Авкаф (Фонддор) башчылыгындагы илимий комиссия тарабынан чыгарылган айлык “Хади-ул-ислами” журналынын 1393 [м. 1973] жылкы Рамазан айындагы санында шейх Милад Жэласинин кол тамгасы менен мындай деп жазылган: “Авраки малиянын, б.а., кагаз акчалардын да зекетин берүү керек. Кагаз акчалардын нисабы зекет берчү адамдын өзү жашап жаткан жериндеги өкмөт чыгарган алтын акча баасындагы кундары менен алтын түрүндө эсептелет. Күмүш менен эсептелбейт. Кагаз акчалардын нисабы алтын акча менен гана эсептелинет. Анткени, кагаз акчалар алтындын куну катары бааланат.” Мысырдагы Ислам аалымдарынан шейх Абдуррахман Жазиринин жетекчилигиндеги бир комиссиянын төрт мазхаб боюнча жазган “Китабул-фикх алал-мазахибил арба’а” китеби беш том болуп, 1392 [м. 1972] жылы басылып чыккан. «Хакикат Китбэви» тарабынан Стамбулда кайра басылган. Кагаз акчалардын алтын куну болгон карыз вексели экендиги ошол китепте кеңири жазылган. Кыскасы, өкмөт тарабынан чыгарылган алтын акчалардан базардагы кунунан эң төмөн болгонунан он үч алтын же үчтөн бир алтындын баасындай өлчөмдө же андан да көп кагаз акчасы бар болгон адамдын бир араби жылдан кийин ошол кагаз акчанын кырктан бири баасында болгон алтынды зекет катары берүүсү керек. [Бул кагаз акчалардын алтын кунунун саны биржага байланыштуу болуп, убакыт өткөн сайын өзгөрүүдө.] Анткени, зекет – кедейлердин алдындагы карыз. Карыздардын бардык түрү зекет мүлкүнөн берилет. Зекет карызы айн болгон мүлктүн өзүн кедейге берүү менен, б.а., кедейдин же анын өкүлүнүн колуна тапшыруу аркылуу орундалат. Кагаз акча менен берүүгө болбойт, кабыл болбойт. Мурда кагаз акча менен берилген зекеттерди алтын менен давр кылуу жолу менен казасын өтөө керек. Мүлкүнүн арасында күмүш да бар болгон адам кедейлерге пайдалуу болуу үчүн нисабды күмүш менен эсептей алса да, бул жагдайда кагаз акчанын зекетин да күмүш кылып берүү кажет болот, ошончо күмүш акча бар болсо да кедейлерге жарабайт. Бир адам жанындагы адамга айтуу аркылуу же алыстагы адамга кат жазуу же бирөө аркылуу кабар жиберүү аркылуу “Мага баланча алтын зекет бер. Анан кайтарып беремин” десе, жанагы адам да алтындарды кедейлерге берсе жаиз болот. Бир адамга он миң кагаз акча берилип же жиберилип, “Бул менин зекетим. Муну Ислам динине ылайык баланча кайрымдуулук фондуна бер!” деген буйрук алган адам ошол күнкү баа боюнча куну эң төмөн болгон алтын акчаны сураштырып билет. Куну эң төмөн болгон алтын акча, мисалы, Хамид алтыны болсо жана мунун ошол күнкү баасы 1500 кагаз акча болсо, он миң акчанын куну 6,6 даана Хамид алтын акчасы болот. Ал адам жети даана каалаган түрдөгү алтын акчаны же алардын салмагына барабар кырк жети жарым грамм же андан көп шакек, билерик сыяктуу алтындарды мекемеден же зергерден сатып алат. Буларды ошол иштерди билген, ишенимдүү бир кедей кишиге берет. Кедей ошол алтындарды кабылдап алган соң ал адамга белек катары берет. Ошентип зекет алтын түрүндө берилген болот. Бул адам анан ошол алтындарды буюрулган кайрымдуулук фондуна берет. Ханафи мазхабынын улуу аалымдарынан Ибн Нужайм Зейнул Абидин Мысри “Ашбах” китебинин соңку бөлүмүндө мындай дейт: “Колундагы мал-мүлктүн зекетин бөлөк бербей, кедейдеги аласасын зекетинин төлөмү кылууну каалаган адам кедейге зекетин [алтын менен] берип, анан карызы катары муну кайра алат. Себеби, айн болгон мүлктүн зекети дейн болгон мүлктөн берилбейт. Ушул сыяктуу, бир кедейдеги аласа же мунун бир бөлүгү башкадагы аласанын зекети болбойт. Бир бай бир кедейдеги аласасын ага бере турган зекетинин ордуна эсептей албайт. Башкача айтканда, кедей карызын өтөгөн болбойт жана бай бул кедейге ошончо зекет берген болуп эсептелбейт. Байдын ошончо зекетти кедейге тапшыруусу, кедейдин ошол алган зекетин кайтарып берип, карызын төлөшү керек. Кедей алган зекетин кайтарып бербесе бай андан күч колдонуп алат. Күч колдонуп ала албаса сот аркылуу алат. Же болбосо береселүү адам зекетин алуу жана муну карыз болгон кишиге берип карызын төлөө үчүн бай көрсөткөн бир адамды өкүл кылып дайындайт. Өкүл зекетти алган кезде кедейдин мүлкү болот. Ал аркылуу кедейдин байдын алдындагы карызын төлөйт. Кедейдин башка бирөөгө да карызы бар болсо, бай берген зекет менен анын карызынын төлөөсүнөн корксо кедей алган зекетин байга белек кылып кайтарып берет. Бай белекти алган кезде кедейдеги аласасын халал кылат, кечип жиберет.” “Фатаваи Хиндийа” китебинин алтынчы, б.а., соңку томунда да ошолор жазылган. Же болбосо “Кедей башка бирөөдөн байдын алдындагы карызы өлчөмүндө алтынды карызга алып, муну байга белек кылат. Бай муну зекети ниети менен кедейге кайтарып берет. Анан аласасын кедейге халал кылат.” Кагаз акчасынын зекетин акчалай таратууну каалаган бай адам да ошондой кылат. Ал үчүн тарата турчу кагаз ачасынын баасында алтынды бир таанышынан карызга алып, буларды жакшы тааныш жана ишенимдүү болгон бир кедейге зекет ниети менен берет. Кедей кабыл алган соң байга белек кылып кайтарып берет. Кийин бай тарата турчу кагаз акчасынын бир бөлүгүн ошол кедейге белек кылып берет. Калганын каалаган кайрымдуулук иштерине жумшайт. Ислам динине моюн сунууда кедерги, фитна бар болгон кезде ошол милдетти аткаруу үчүн оңой болгон бир чаара издөө “Хилаи шарийа” деп аталат. Ислам динине моюн суна алуу үчүн Хилаи шарийа кылуу керек экендиги “Хадика” жана “Хиндийа” китептеринде жазылган. Ислам динине ылайык болуусу үчүн зекетти алтын түрүндө берүү жана кедейлерге жеңилдик болуусу үчүн кагаз акча түрүндө тарата алуу ниети менен жогоруда билдирилген хилаи шарийа кылуу керек. Бирок, кедейден же өкүлүнөн алтындарды кайра алган соң зекет берилди деп кедейлерге, Ислам динине кызмат кылып жаткан жерлерге кагаз акча бербөө, ошентип Ислам динине моюн сунуудан качуу үчүн хилаи шарийа кылуу арам, чоң күнөө болот. Мусулмандарга ошондой арам болгон хилаи шарийаны, б.а., “Хилаи батила” кылууну үйрөтчү фикх китептерин окубоо керек. Жеке көз карашын диний өкүм катары айткан, мусулмандарды мазхабсыз кыла турчу жахил дин адамы “Муфтийи мажин” деп аталт. Муфтийи мажинди соттун айыптоосу, жазага тартуусу керек болот. Соода менен алектенген адам зекетин алтын менен да, соода мүлкүнөн да бере алат. 292-чи жана андан кийинки беттерди караңыз!


Ислам Дини

unread,
Nov 26, 2016, 8:51:19 AM11/26/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

КАЙРЫМДУУЛУК УЮМДАРЫ, КУМАР, КАМСЫЗДАНДЫРУУ


213 – Жашыл ай, Кызыл ай, Балдарды коргоо уюму, Ихлас Вакфы сыяктуу ар түрдүү аталыштар менен курулган кайрымдуулук уюмдары диндин “Хиба” өкүмүнө жатат. Башкача айтканда, булар жардам берүү мекемелери болуп эсептелет. Фонд эмес. Фонддун мүлкү, мүлктү фондго берген адам тарабынан коюлган шарттар боюнча башкарылат. Ал эми кайрымдуулук уюмдары (мекемелери) жетекчилеринин буйруктары менен каалоолору негизинде иш жүргүзөт. Уюмда жыйналган белектер [мал-мүлк, акча] башка бирөөнүн мүлкү. Булар жетекчисинин буйругу менен кедейлерге, кырсыкка, зыянга учурагандарга, ар түрдүү кайрымдуулуктарга жана диний, илимий, адабий китептердин басылып чыгып таратылуусуна, мектептерге, ооруканаларга жумшалат. Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жетекчинин кеңешчилери болуп саналат. Бир ооздон кабыл алынган чечимдер динде башчынын буйругу дегенди билдирет. Акылуу жана акысыз эмгектенгендер, башчынын кызматкерлери, өкүлдөрү болуп саналат. Башка бирөө башчы болуп шайланганда мурдагы башчынын ага бардык мал-мүлктү тапшыруусу кажет. Мекемеге берилген ар бир кайыр башчынын өзүнө хиба кылып берилген болот.

“Ихтияр” китебинде “Хиба” тууралуу мындайча баяндалган: Хиба – белек берүү, кайтарып албоо шарты менен тапшыруу, сыйлык кылып берүү дегенди билдирет. Кайыр берген адамдар “бердим” деп айтат, башчы [же өкүлдөрү] “алдым” дейт жана макулдашкан жерде же хиба кылган адамдын уруксаты менен алышат. Башкача айтканда, кабылдап алышат. Кабылдап алууга чейин сунуштан же кабылдап алуудан баш тарта алат. Ошол сунуш, кабыл кылуу жана алуу иштери жасалган соң кайыр башчынын мүлкү болот. Жаш балага берилген белекти өзү, энеси же валиси алса болот. Бөлүү мүмкүн болбогон мүлктү хиба кылуу жаиз. Мүлктүн өзүн хиба кылууга болот. Андан түшкөн пайда хиба кылууга болбойт. Бир мүлктүн бир гана пайдасын, б.а., колдонуусун хиба кылуу “Арийат” деп аталат. Бул мүлк колдонуучунун колундагы аманат болот. Үйдү туруу үчүн арийат катары берүү жаиз. Бөлүүгө мүмкүн болгон мүлктүн бөлүгү бөлүнгөн соң хиба кылынат. Имараттын бир бөлүгү, бактагы жемиш жана талаадагы эгин ушуга жатат. Эки адамдын орток мүлкү болгон бир мүлктү [мисалы, бир үйдү] бир кишиге хиба кылуу жаиз. Бир адамдын [бир мүлктү] эки [же андан көп] адамга хиба кылуу жаиз болбойт. [Бөлүүгө мүмкүн болсо бөлүп, бөлүктөрдү ар бирине бөлөк-бөлөк берүү керек. Ал үчүн кайырды кайрымдуулук уюмуна эмес уюмдун башчысына берүү кажет. Кайыр өкүм жагынан адамга эмес, чыныгы адамга берилген кезде сахих болот.] [Бир мүлктү] эки кедейге садага катары берүү жаиз. Кедейге хиба кылынган кезде бул садага болот. Байга садага деп берилгени хиба болот. Махрам тууганы же никелеши болбогон адамга хиба кылынган мүлктү кайтарып алуу жаиз. Бирок, кайтарымы берилген же кабыл кылынган болсо, берилген буюм арткан болсо же экөөнүн бири өлгөн болсо  же берилген адамдын мүлкүнөн чыккан болсо кайтарып алынбайт. Жаныбар картайса, чоңойсо, өсүмдүк өскөн болсо, кездеме боёлгон болсо, кесилип бычылган болсо, арткан болуп саналат. Берилген буюмдун санынын же кунунун төмөндөөсү кайра алынууга бөгөт боло албайт. Эквивалентин башка бирөө да бере алат. Эквиваленти экендиги айтылбастан берилген буюм эквиваленти болуп эсептелбейт. Эквиваленти аз же көп болушу мүмкүн. [Хибаны алган адам берген квитанция кайтарым болот.] Белгилүү бир нерсени кайтарым иретинде берүү шарты менен хиба кылуу жаиз. Кайтарымын кабылдап алуудан мурда каалаган бири баш тарта алат. Кабылдап алган соң экөөнүн гана макулдугу менен баш тартууга болот. Бирөөгө “Өлгөнгө чейин үйүмдө жашап тур!” деп айтуу жаиз. Өлгөн кезде үй ээсине, өлгөн болсо мураскоруна кайтарылат. “Үйүмдө тура бер. Экөөбүздөн бирибиз өлгөн кезде үй тирүү калган адамдыкы болсун!” деп айтуу жаңылыш. Бири-биринин өлүмүн күткөндүктөн бул “Рукби” деп аталат. Мүлк ээси болууну өлүмгө жана башка да кооптуу нерселерге байлоо сахих эмес. [Өрт, өлүм, кырсык сыяктуу камсыздандыруулар бул жагынан алып караганда жаиз болбогондой эле кумар болгондуктары үчүн да харам.] Садага катары берилген нерсе эч качан кайра алынбайт. Мал-мүлкүнүн бир бөлүгүнөн садага берүүнү атаган адам бул садаганы зекет мүлкүнөн берет. [Соода мүлкү жок болсо алтын же күмүштөн өтүмдүү болгонун берет.] Башка мүлктөрдөн бере албайт. Санын билдирбеген болсо ар түрдүү зекет мүлкүнөн менчигинде болгондордун баарын берет. [Кагаз жана ар түрдүү металлдан жасалган акча зекет мүлкүнө жатпайт. Алтын менен күмүштөн акча катары өтүмдүү эквиваленти катары колдонула турган векселдер. Булардын ордуна куну өлчөмүндө алтын, күмүш берилет.] Үйүн [же белгилүү бир мүлкүн] садага кылып берүүнү атаган адам ошол нерсени же кунуна барабар алтын, күмүш садага берет. “Ихтияр” китебинен котормо соңуна чыкты.

Ислам Дини

unread,
Nov 28, 2016, 2:41:42 AM11/28/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

214 – Төмөндөгү жазуулар “Мажалла” китебинен алынган:

833) Бир мүлктү бекер берүү “Хиба” деп аталат. Мүлктү кабыл алган кезде ал алган адамдын мүлкү болот.

834) Хиба кылуу максатында бирөөнө алып келинген же жиберилген мүлк “Белек” деп аталат. [Бирөөнө белек жиберүү ага болгон жакшы көрүүнү билдирет. Хадиси шарифте: “Дин бир туугандарыңарды жакшы көрсөңөр жакшы көрө турганыңарды ага билдиргиле!” - деп айтылган. Ошондуктан, белек берүү жана белек кабыл кылуу -  сүннөт.]

835) Сооп алуу максатында кедейге хиба кылынган мүлк “Садага” деп аталат.

836) Бир нерсени бирөөнө акысыз жегенге уруксат берүү “Ибаха” кылуу деп аталат.

839) Эч нерсе дебей акылуу берүү хиба болот.

840) Бирөөнүн жиберүүсү, экинчисинин кабыл кылып алуусу хиба болот.

841) Бирөө: “Мына бул мүлктү сага хиба кылдым”, - десе, ал эми экинчиси ошол жерде аны кабыл кылып алса хиба толук болот.

845) Сатып алуучу мүлктү кабыл албастан башка адамга хиба кылса болот.

847) Бирөө аласасын береселүүгө хиба кылса же береселүүнү “ибра” кылса, б.а., “Аласам жок” десе, карыз калбайт.

849) Мүлктү кабыл алуудан мурун экөөнүн бири кайтыш болсо хиба бузулат.

850) Акыл-эстүү, балагат жашына толгон баласына хиба кылган жагдайда баланын кабыл алуусу кажет.

853) Балагатка толбогон, акыл-эстүү баланын да кабыл алуусу кажет.

854) “Келерки айдын башында мына бул мүлктү сага хиба кылдым” деп айтуу сахих болбойт.

855) Бир адам өз карызын өтөө шарты менен бирөөгө бир буюмду хиба кылган болсо, карыз өтөлгөн соң хиба кажет болот. Өтөлбөсө хибадан баш тартса болот. Өмүрүнүн аягына чейин нафакасын берүү жана өзүнө кызмат кылуу шарты менен үйүн бирөөгө хиба кылып тапшырган жагдайда кызматты баштаса, үйдү кайтарып ала албайт.

856) Хиба кылган кезде мүлктүн бар болуусу шарт. Көзүнө көрүнүп турган болуусу шарт эмес.

857) Башка бирөөнүн мүлкүн ээсинин уруксатысыз хиба кылууга болбойт.

858) Мүлк маалым жана белгилүү болууга тийиш.

859) Хиба кылчу адамдын акыл-эстүү жана балагатка толгон болуусу шарт. [Ошондуктан, кайтыш болгон адамдын күнөөлөрүнүн, карыздарынын искаты үчүн давр кылынганда кедейлердин арасына жаш бала отурбайт.] Бирок, жаш балага хиба кылуу сахих.

860) Жабыр жана мажбур кылуу аркылуу жасалган хиба сахих эмес.

861) Хиба кабыл алынган кезде мүлккө айланат. Сатып алынган мүлк болсо, келишим түзүлгөн кезде кабыл алынбай туруп эле алуучунун мүлкүнө айланат.

862) Кабыл алынбаган хибаны кайтарып алууга болот.

873) Аласасын береселүүгө же башка бирөөгө хиба кылган адам андан баш тарта албайт.

876) Тойлордо алып келинген белектердин кимден келгендиги белгисиз болсо, өлкөдөгү адатка каралат.

879) Өлүм абалында болгон оорулуу мурасчыларынын бир бөлүгүнө хиба кыла албайт. Мал-мүлкүнүн үчтөн бирин мураскорлорунан башкасына хиба жана керез кылууга болот.

Бир адам бир канча адамдын арасынан каалаганына хиба кыла алгандай, алардын арасында жребий кармап, кимге чыкса ошол адамга да кыла алат. Жребий башка адам тарабынан коюлган белекке, жардамга жетүүнү каалагандар арасында кармалат. Жребийге катыша тургандардан кандайдыр бир кайтарым суроого болбойт. Бир нерсе алса алгандарын тараткан болот. Алган нерселери ал адамда аманат болуп, ээлерине кайтарып берүү зарыл эле. Колдонуу арам эле. Ал болсо колдонду жана көбүнүн акысын өтөбөстөн башкаларга берди. Арам кылып бергендерине өз мал-мүлкүнөн да кошту.

Ислам Дини

unread,
Nov 29, 2016, 2:53:25 AM11/29/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

215 – Бир нерсе саткан адам келишим түзгөндө сатып алуучуга белек бере турганын шарт кылса жаиз болбой тургандыгы, бирок, фасид шартты келишимден мурун айтып, келишкен кезде айтпаган болсо жаиз боло тургандыгы “Сэадети Эбедиййе” китебинин “Фасид болгон сатуулар” бөлүмүндө жазылган. Ошол өкүм боюнча, кээ бир кардарларына өзүнчө белек бере турганын жана белек берүүнүн канча сатыш болсо ошончо улана турганын алгачкы сатуудан мурун маалымдап, келишим түзгөн учурда шарт кылбай турган болсо келишимден кийин ошол убадасын айтуусу жана муну орундоосу жаиз болот. Анткени, белекти ушинтип шарт кылуусу келишимден кийин баасынын бир бөлүгүн төмөндөтүү болуп, бул жаиз болот. Эгер акчасы алдын ала алынган болсо бул арзандатуу жаңы келишим болот. Арзандатылган кунунан айырмачылыгы сатып алуучуга кайтарылат. Акчасы алынбаган болсо биринчи келишим арзандатылган баа менен түзүлгөн болот. Эки жагдайда тең белек сатып алуучунун мүлкү болууда. Сатып алуучулардын арасында лоторея ойнотуп, белекти уткандарга гана берүү арам. Себеби, утпагандардын мүлкүн тартып алып, буларды уткандарга берген болот.

Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” “Раддул Мухтар” китебинин төртүнчү тому, Мысырда басып чыгарылган нускасынын жүз жыйырма биринчи бетинде мындай деп айтылат: “Сооданын талабы болбостон сатуучуга же сатып алуучуга пайдасы болгон бир шарт менен кылынган сатуу фасид болот. Сатуучудан буудайды ун кылган соң же мөмө-жемишти жыйнаган соң тапшыруусун же алдын ала соодалашкан кезде акчасын бербей туруп мүлктү тапшыруусун же акчасын башка айылда берүүнү же сатуучунун сатып алуучуга бир нерсени белек кылуусун, мабини (сатып алынып, мүлкү болгон, бирок, али кабыл албай, колдонууга уруксат берилбеген мүлк) белгилүү бир убакыттан кийин тапшыруусун шарт кылуу сооданы бузат. Фасид соода кылуу арам болуп саналат. Мындай соодадан баш тартуу - важип. Бир адам башка жердеги бирөөгө “баланча буюмумду сага баланча акчага саттым” же “сени никеледим” деп жазса же кабарчы жиберсе, ал дагы сунушту түшүнүп, кабыл кылса сахих болот.” Түшүнүлүп тургандай, сатуучунун алуучуларга бир мүлктү белекке бере тургандыгын гезит аркылуу алдын ала жарыялоосу, окугандардын да бул мүлктү ошол себептен сатып алуусу фасид сатуу болбойт. Мисалы, сатып алынган товардын ичинен чыккан кагазда “Сизге баланча белегибиз берилет. Келип алыңыз!” деп жазылган болсо, муну алуусу жаиз болот. Гезитчи алдын ала кабар берип, гезитти сатып алуу учурунда айтылбаса алуусу жаиз болот. Соодагер жана гезитчи шарт кылган белектер илимий китептер болсо амри маруф да болот. 

“Хиндийа” китебинде мындай деп жазылат: “Баланчадан ала турган акчамдын эсебинен деп сатып алуу фасид болот.” Береселүүдөн алган “Боно” деп аталган документти берип, бир нерсе сатып алуунун жаиз эмес экендиги ушул жерден да түшүнүктүү болууда. Өзү жаңыдан жазып берүүсү керек.

216 – Бир канча адам өз ара акча, мүлк жыйнап, лоторея ойноп, утпагандардын уткандарга мүлк, акча берүүгө келишүүсү “Кумар” деп аталат. Оюн, жарыш, куржундан ысым, номер тартып чыгаруу, ичинде өзүнүн ысымы жазылган бир нерсеге жетүү же бир зыянга, кырсыкка кабылуу, бир суроонун жообун таба алуу сыяктуу шарттардын пайда болуусу түрлөрүндө лотореялык оюндар бар. Сатуучулар тарабынан уюштурулган лотореялар жана зыян, балээ-кырсыктарга каршы камсыздандыруулар – элди, кедейлерди, жумушчуларды эксплуатация кылуунун бир каражаты. Анткени, зыян жана белээ-кырсыктарга каршы камсыздандыруулар, кумарканалар менен банкирлери көптөгөн адамдардын мал-мүлкүн колдорунан алып, муну кумар жана пайыз менен башкаларга беришүүдө, башкалардан алган арам акчанын эң чоң үлүшү лоторея уюштургандардын, банкирлердин чөнтөктөрүнө кирип жатат. Жумушчу камсыздандыруусун жогорудагыдай түшүнбөө керек. Камсыздандыруунун бул түрү жана аманатчыда жыйналган жана айлыктардан кармап калынган мүлктөрдүн, акчалардын “Луката” өкүмүнө жата тургандыгын улуу аалым Абдулхаким Эфенди вааздарында айткан. Луката – жердеги мүлк дегенди билдирет. Булар жана хабис мүлктөр ээлерине кайтарып берилет. Ээлери табылбаса кедейлерге берилет. Колуна түшкөн кедейдин мүлкү болот.

Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” бешинчи томунда мындай дейт: “Ок атуу жана ат чабыш жолу менен жарышуу жаиз. Жарышка катышкан эки адамдын бирөөсү гана “Менден өтүп кетсең сага муну беремин. Мен өтүп кетсем сенден эч нерсе сурабаймын” деп айтуусу же бул жарышка катышпаган үчүнчү адам “Экөөңөн ким жеңе турган болсо муну беремин. Утулганга эч нерсе берилбейт” деп айтуу жаиз. “Утулган адам уткан адамга муну берет” десе бул кумар болот. Арам болот. Кумар сөзү “камар” деген сөздөн чыккан. Кумарчылардын ар биринин мал-мүлкүнүн артуу же кемүү ыктымалы бар. Биринин мал-мүлкүнүн бир гана артуу, экинчисинин мал-мүлкүнүн бир гана кемүү ыктымалы бар болсо бул кумар болбойт. Эгер үчүнчү бир адам экөөнүн атынан тең өтүп кетүүсү күмөндүү болгон бир ат менен жарышка катышып, “Силерден өтүп кетсем экөөңөн тең аламын. Силер менден өтсөңөр эч нерсе бербеймин, экөөңөн кимиң жеңсе утулган кишиден алат” деп айтуу жаиз болот. Эки илим адамы бир суроого эки түрдүү жооп айткан кезде мал-мүлккө байланыштуу келишимдери да ушундай. Авкаф (фонддор) башкаруу комиссиясынын төрагасы Камал Атиф бек “рахима-хуллаху таала” 1330 [м. 1912] жылкы “Межелле шархы” китебинин 1151-чи бөлүмүндө мындай дейт: “Жребийдин үч түрү бар: Шериктерден кээ биринин акысын жараксыз кылуу, аны акысынан ажыратуу үчүн жасалгандыктан батыл (жаңылыш) болот. Бул арам болуп саналат. Дал ошондой сыпаттарга, шарттарга ээ болгон адамдардын арасынан бирөөнү тандаганда таарынып калбасын деген ой менен араларында жребий кармоо жаиз. Кандайдыр бир мал-мүлккө биргелешип ээ болгон адамдардан ар бири өз үлүшүн ажыратып алуу үчүн жребий кармоо жаиз.”


Ислам Дини

unread,
Nov 30, 2016, 3:48:40 AM11/30/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

217 – Улуу фикх аалымы Ибн Абидиндин “рахима-хуллаху таала” “Укуд-уд-дурриййа” аттуу фатва китебинде мындай деп билдирилет:

“Бир мечитке вакф (мусулмандардын жалпы колдонуусуна берилген садага) же белекке берилген шамдын жартысынан азы калган болсо имамдын, муаззиндин (азанчынын) аны үйүнө алып кетүү адат болгон жерлерде алуусу жаиз болот.”

Талаадан ала турган түшүмдүн бир бөлүгүн Омарга берем деп убада кылган болсо берүү кажет болбойт. Берсе жакшы болот.

Бөтөн аял менен бир жерде жалгыз калуу “Халват” деп аталат жана бул арам. Бирок, береселүү аял кача турган болсо артынан үйүнө кирип карызды алуу, кары аял менен жалгыз калуу жана арада парда бар болгондо жалгыз калуу жаиз болот.

Бир эркектин никесине алуу түбөлүк арам болгон аялдардын, мисалы, жубайынын энесинин жана чоң энелеринин жана эжесинин (атасынын эжеси же карындашынын), таеэжесинин жана энеси, атасынын эжелеринин, таежелеринин башын жана буттарын шахватсыз кароо жаиз. Сүт аркылуу туугандар да кан аркылуу туугандар сыяктуу. [Акыреттик бир туугандык андай эмес.]

Музыкалык жана оюн-зоок инструменттерин сатуу, сатып алуу жана аларды жана музыкант, ырчы адамдарды жана зина кылуучу аялды жалдоо жаиз эмес.

Олуялардын мазарларына жапкыч, селде коюу, үстүнө күмбөз тургузуу жахилдерди, гафилдерди адептүү, тарбиялуу кыла тургандыктан жаиз болот. Алардын мубарек рухтары мазарында хазыр болот. Андай жерде адептүү, тарбиялуу болгондор алардын рухтарынан пейз, береке алышат. [Мазар сандык, күмбөз салуу, жапкыч, селде коюу өлүүлөр үчүн эмес. Тирүүлөрдүн аларды көрүп, адебин сактап пейз алуулары, пайдалануулары үчүн колдонулат. Түшүнүктүү болуп тургандай, андай нерселер өлүүлөргө эмес тирүүлөр үчүн жасалууда.]

Тирүүлөр кылган дубалардын өлүүлөргө пайда бере тургандыгын аалымдар бир ооздон билдиришкен. Курани карим окуп, сообун өлүүлөрдүн рухтарына багыштаганда аларга пайдасы тийе тургандыгын үч мазхабдын аалымдары билдиришкен.

Айт, ыйык түндөрдө мунараларды жана башка жерлерди көп санда жарыктандыруу жаиз эмес.

Аялдын сулуулугу жана башка арам нерселер жөнүндө жазылган ырларды ырдоо жана обонго салуу арам.

Аалымдын далилдерин билип [динге кызмат кылуу ниети менен] мазхаб алмаштыруусу жаиз. Жахилдин дүнүйөлүк нерсеге, шахватына жетүү үчүн башка мазхабды таклид (тууроо) кылуусу жаиз эмес, макрух. Аалымдын ушундай кылуусу болсо арам. Карманып жүргөн мазхабынын фикх билимдерин үйрөнүү кыйын болгон адамдын үйрөнүү оңой болгон мазхабга өтүүсү важип болот. Анткени, төрт мазхабдан биринин фикх маалыматтарын үйрөнүү сабатсыз калуудан жакшыраак.

Жагымсыз жыттуу нерсе жегендердин жана үстү-башы, жаракаты жагымсыз жыттанган адамдардын мечиттерге жана жыйналыштарга кирүүсү жаиз эмес.

Битти, чаянды жана бардык жандууларды тирүү бойдон отто күйгүзүү жаиз эмес. Ичинде кумурска бар болуу ыктымалы болгон отунду [бир жерге уруп, күбүп түшүргөн соң] жагуу жаиз. Кутурган ит сыяктуу зыяндуу жаныбарларды кыйнабай өлтүрүү жаиз. Башка чарасы болбогон жагдайда күйгүзүү жаиз болот. Зыяны тийбей турган жаныбарларды өлтүрүү макрух.

Сөзүбүздү уга турган, кабыл кылуусу мүмкүн болгон адамга амри маруф кылуу важип. Бул кул акысына жатат.

Хадиси шарифте: «Сакалыңарды өстүрүп, муруттарыңарды кыскартып, мушриктерге каршылык кылгыла!» – деп билдирилди. Үстү-башы, кийими таза, кооз болгон адамдын сөзү, насааты таасирлүү, барктуу болот. Ушундай болуу сүннөт. Ошондуктан, муруттун кыска болуусу сүннөт. [Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” “Раддул Мухтар” китебинде орозонун макрухтары бөлүмүндө мындай дейт: “Хадиси шарифте “Сакалды өстүргүлө!” деп айтылган. Бул буйрук “сакалды бир уучтан кыска кылбагыла жана кырбагыла” дегенди билдирет. Сакалды бир ууч, б.а., төрт манжа узундугунда өстүрүү сүннөт. Андан артыгын кыскартуу сүннөт. Бир уучтан кыска болуусуна эч бир аалым уруксат берген эмес. Бир ууч жаактын астындагы эриндин четинен баштап тутуу аркылуу өлчөнөт. Кырынуу да яхудилерге жана мажусилерге окшоо болуп саналат.” Ыймансыздардын жаман иштерин тууроонун макрух экендиги намаздын макрухтарында жазылган. Заманбап болуу үчүн кырынуу макрух. Сакалды аялдарга окшоо үчүн кылуу арам. Кандайдыр бир үзүрлүү себеп менен кырынуу жаиз. Кээде фитнага себеп болбоо үчүн кырынуу кажет болот. Сакалды бир уучтан кыска кылып, сүннөт болгон сакалды өстүрдүм деп ойлоо бидат болот. Бидат иш кылуу арам. Башкача айтканда, чоң күнөө. Ушундай кыска сакалды бир уучка чейин узартуу важип болот.]

Пайгамбарыбыздын “саллаллаху алейхи васаллам” чоң аталары, чоң энелери, Адам алейхиссаламга чейин бардыгы момун эле. Малики аалымдарынан болгон Абу Бакир Араби “рахима-хуллаху таала” «Расулуллахтын “саллаллаху алейхи васаллам” мубарек атасы Тозокто» деген адам малун”, - деди. Бул ишеним маселеси эмес. Жүрөккө (көңүлгө) эч кандай тийешеси жок. Расулуллахты “саллаллаху алейхи васаллам” таарынта турган сөз айтуу жаиз эмес.

Мужтахид табылбаган кезде алгач кайтыш болуп кеткен мужтахиддин фатвасы менен амал кылуу жаиз. Жеке кызыкчылыгы бар болгон бир нерсенин арам экендиги билдирилбеген болсо ал нерсе мубах болот. Зыяндуу болгон нерсени жеп-ичүү арам. Пайдасы жана зыяны маалым болгон нерсеге адал деп айтылат. Ошондуктан, тамеки тартуу арам деп айтпоо керек. Ошондой эле, ал динде бидат эмес. Каада-салтта бидат. Кээ бир адамдарга зыянын тийгизип жаткан болсо ошолорго гана зыяны тийе тургандай өлчөмдө тартуу арам болот.

Бир нерсенин, убакыттын, мекендин жаман ырымдуу болуусу яхудиликте бар. Ислам дининде жаман ырым деген нерсе жок. Жахилдердин сүннөт же важип деп эсептей турган нерселерин кылуу макрух болот.


Ислам Дини

unread,
Dec 1, 2016, 4:34:24 AM12/1/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Авамдын, б.а., сабатсыздардын фикх китептерине ылайык амал кылуулары кажет. Аяти карималардан жана хадиси шарифтерден өкүм чыгаруулары жаиз эмес. 199-чу бетти караңыз! Фикх китептерине ылайык болбогон бир аяти карима же хадиси шариф кездешкенде анын мансух же тавилдүү же маржух болгонун түшүнүү керек. Ошондуктан, имам Азам Абу Ханифанын “рахима-хуллаху таала” бир сөзү бир хадиси шарифке шайкеш келбесе “Бул хадиси шарифти билбеген экен” деп айтуу жаиз эмес. Себеби, “Бул хадиси шарифти уккан, бирок, сахих экенине ишенбеген же тавил кылуу кажет болгонун түшүнгөн” деп айтуу керек. [Бул саптар “Барика” китебинин 94-чү бетинде да жазылган. Ваххабилердин, Сейит Кутубчулардын жана Таблиги жамаат деп аталган мазхабсыздардын адашкан жолдо жана жаңылыш пикирде экендигин көрсөтүүдө.]

Жаиз дегенибиз – сахих, адал болот дегенди билдирет.

Ар бир адамдын өзү карманган мазхабына бекем болуусу, ар бир ишин мазхабына ылайык орундоосу важип. Бирок, таассуб – башка үч мазхабды туура эмес деп билүү, аларды таарынтуу деген сөз. Себеби, төрт мазхабдын ар бири хак, туура.

[Бир мазхабды карманган адам башка үч мазхабдагы мусулмандарды бир тууган деп билет. Аларды таарынтпайт. Бири-бирин жакшы көрүп, жардам берет. Аллаху таала мусулмандардын ыйманда биригүүсүн, сахабалар сыяктуу ишенүүсүн буюрат. Асхаби кирамдын “радыйаллаху таала анхум ажмаин” ыймандарын үйрөнүп, китептерине жазгандар “Ахли сүннөт” деп аталат. Бардык мусулмандардын Ахли сүннөт аалымдары “рахима-хумуллаху таала” билдиргендей ыйман келтирүүлөрү кажет. Кийин чыккан салафия жана мазхабсыздык ишенимдеринин жаңылыш экенин билүүбүз кажет.

Ишенимдери бири-бирине шайкеш болбогон жана Асхаби кирамдын “радыйаллаху таала анхум ажмаин” ишенимдерине эч окшобогон адамдардын биригүүсү, бир тууган болуусу акылга сыйбайт. Алар мусулмандарды алдоо үчүн, жаман жолго тартуу үчүн бир туугандык маскасын кийип алып бөлүп-жаруу иштерин жүзөгө ашырып жатышат.

Бардык мусулмандардын жалгыз жана туура болгон Ахли сүннөт ишениминде биригип, Аллаху тааланын буйруктарына моюн сунуулары, ошол орток ишенимден пайда болгон Аллаху тааланын мээримине, боордоштукка, өз ара махабатка жетүүлөрү кажет. Ахли сүннөттүн амалда төрт мазхабга бөлүнүшүн динибиз буйрук кылууда, ал бөлүнүштүн ырайым жана мээримдүүлүктүн натыйжасы экенин билдирүүдө.

Амалда мазхабдардын бирөө гана эмес төртөө болуусунун кажеттүү, пайдалуу экендигин акыл менен дагы оңой түшүнүүгө болот. Адамдардын жаратылышы бири-бирине окшош эместиги менен катар, ысык чөлдө жашагандардын бир мазхабды кармануусу оңой болсо, ал эми уюлдарга жакын аймактарда жашагандардын башка мазхабды кармануусу оңой болот. Тоодо жашаган адамдардын белгилүү бир мазхабды кармануулары оңой болсо, деңизчилердин дал ошол мазхабды кармануулары кыйын болот. Бир ооруга бир мазхаб оңой болсо, башка ооруга башка мазхаб оңой болууда. Талаада эмгектенгендер менен заводдо, армияда кызмат өтөгөндөрдө да ошондой айырмачылык байкалууда. Ар ким өзүнө жеңил болгон мазхабын тандап, таклид кылууда же ошол мазхабга толук өтүүдө. “Таблиги жамаат” деп аталган мазхабсыздар, Мавдудичилер, Абдух менен Сейит Кутб сыяктуулар каалагандай жер бетинде жалгыз бир мазхаб болгондо жана бүткүл адамзатка жалгыз бир мазхабды карманууга мажбур болгондо ал жагдай өтө кыйын, жада калса, мүмкүн эмес болмок.]

Акысын коргоо үчүн жана заалымдын колунан кутулуу үчүн жалган айтуу [жана пара берүү] жаиз болот.

Араб тилинен башка тилде жазылган фикх китептери далил боло албайт. Андай китептерде котормо жаңылыштыктары болушу мүмкүн.

Намаздан кийин айтылчу тасбихтердин дал отуз үч болуусуна маани берүү керек. Ислам дининин буйруктарында хикматтар менен пайдалар бар. Белгиленген ал өлчөмдөр, б.а., сандар дарынын дозасы сыяктуу. Артык же кем болсо күтүлгөн пайдасы да болбойт.

Нанды өбүү – адаттагы бидат. Ниетке байланыштуу мустахаб же макрух болот.

Имам Мухаммед Газали “рахима-хуллаху таала” өзүнүн доорундагы фикх аалымдарынын эң үстөмү болчу. Шафии фикх китептеринин баары анын китептеринен далилдер келтирген.

[Ыймансыздар, мазхабсыздар, ваххабилер сыяктуу ошол улуу Ислам аалымына жана ал сыяктуу башка аалымдарга да “Ислам философу”, алардын эмгектерине жана бардык “Кэлам илими”, б.а., “Акаид” китептерине “Ислам философиясы” деп айтышат. Бирок,  Ислам дининде философия жок. Ислам аалымдары философ эмес. Философия деп  диний, руханий жана коомдук маселелерде ар кимдин жеке пикир айтуусу, ошол билимдерден өзүнүн кыска акылы менен, доорундагы илимий жаңылыктарга карап түшүнгөн нерселерди, б.а., жылдан жылга өзгөрүп турчу жаңылыш пикирлерди айтат. Ал эми Ислам илимдеринин китептери андай эмес, тескерисинче, илим ээлеринин Курани карим менен хадиси шарифтерден чыгарган өкүмдөрүнөн турат. Ислам илимдерин “философия” деп айтуу бермет ташын айнекке окшоштуруу сыяктуу орунсуз иш. Ислам аалымдарын философ деп атоо да арстанды мышыкка окшоштуруу сыяктуу болуп, ошол улуу аалымдарды мазактагандык болуп саналат.]

Хадиси шарифтер Курани каримдин жабык маанилерин түшүндүрөт. Мужтахиддердин ижтихаддары ошол экөөнү ачыктап түшүндүрөт. Ханафи мазхабындагы мужтахиддер Имам Азамдын “рахима-хуллаху таала” сөздөрүн ачыктап түшүндүрүүдө. Фикх жана фатва китептери ошол имамдардын сөздөрүн ачыктап түшүндүрүүдө.

Калган үч мазхабда да ушундай.

Фатва берүү жана илим үйрөтүү фарз-ы кифая.


Ислам Дини

unread,
Dec 2, 2016, 12:40:58 AM12/2/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Мусулмандар арасында жыл санагы хазрети Омардын “радыйаллаху таала анх” буйругу менен башталды. Жыл санактын башталгыч күнүнүн хижри жылы Мухаррам айынын биринчи күнү болушу Асхаби кирамдын “радыйаллаху таала анхум ажмаин” сөз бирдиги менен кабыл кылынды.

Бакчадагы мөмө-жемиш бактары кыйылып сатылса анын үшүрү берилбейт. Мөмө-жемиштеринин үшүрү берилет. Жемиши болбой, бир гана сатуу үчүн өстүрүлгөн бактардын жана пайдаланылган дут жалбырактарынын үшүрү берилет. Бакчадагы мөмө-жемиштердин үшүрү берилбейт.

Намаз карыздарынын искатынын орундалуусун керез кылуу жана искатты өлгөн адам жерге коюлган соң орундоо сахих. [Мазхабсыздардын, ваххабилердин “Динибизде искат деген нерсе жок. Искатты, девирди молдолор ойлоп тапкан” деген сыяктуу сөздөрүнө ишенбөө керек.]

Ажылык ибадатын кылбаган кедейдин башка бирөөнүн ордуна ажыга баруусу жаиз болот, деген менен Каабаны көргөн кезде өзүнүн да ажылык ибадатын орундоосу парз болот. Ошондуктан, Меккеде калып, келерки жылы өзүнүн да ажылыгын орундоосу кажет болот. Алгачкы ажысында мекенине кайтып барбагандыктан өлгөн адамдын ажылыгы толук болбой калат. Ажылыгын орундоого өкүл кылып дайындаган адамга акча берилген кезде “Каалаганыңды кыл!” деп айтылса, анын өлгөн адам үчүн башка бирөөнү өкүл кылуусу жаиз болот.

Балагат жашына толгон, акыл-эси ордунда жана рашида болгон кызды атасы анын уруксатысыз жана өкүлдүгүн албастан никелесе, кыз кабардар болгон кезде каршы болуп, буза алат. Балагатка толгон, акыл-эси ордунда, рашида болгон кыз атасынан, байкесинен уруксат албастан өзүнүн теңи менен никеге тура алат.

Илимге, динге жана диндарлыкка ээ болгон адамдын кызын өкүлү болгон киши бир жахилге, фасыкка (ачыктан ачык күнөө кылган адамга) никелесе жаиз болбойт. Себеби, кыз менен жигиттин тең болуусу кажет.

Кайтыш болгон кишинин аялына иддет убактысында ошол киши калтырган мал-мүлкүнөн нафака берүү кажет болот. [Анткени, ал мүлктө мурасчыларынын да акысы бар.] Иддет убактысы – төрт ай он күн. Иддет убактысы өтмөйүнчө аял башка адам менен үйлөнө албайт.

Аялын таштап качкан адамдын атасынын келинине нафака берүүсү важип болбойт. Аялдын бирөөнөн карыз алуусу, күйөөсү келгенде төлөөсү кажет болот.

Оорулуу аялдын күйөөсү бай болсо аялынын жана кызматчы аялдардын нафакасын берүүсү кажет болот.

Кедей болгон жетимдерге байкелеринин уулдарынын нафака берүүсү кажет эмес. Анткени, алардын мураскору болгону менен махрамдары эмес. Иштей албаган жагдайдагы кедей адамдын кызынын уулдары битир садага бере тургандай деңгээлде бай болсо, анын жана аялынын нафакаларын берет. Кедей жана алсыз болгон аялдын эркек бир туугандарынын жетим уулу бай болсо анын мүлкүнөн аялга нафака берүүсү үчүн керезди кабыл кылган кишиге буйрук кылынат.

Буудайды ун кыла албагандай жана тамак бышыра албагандай жагдайда болгон аялга күйөөсүнүн даяр нан жана тамак алып келүүсү кажет.

Энеси баласын эмизүүнү каалабаса атасынын сүт эне жалдоосу кажет болот. Кызынын бала-чакасын тамактандырган адам жумшалган каражатты атасынан талап кыла алат.

Кедей жана алсыз болгон аялдын напакасын бай болгон уулу же кызы бирдей деңгээлде берет.

Кедей, оорулуу адамдын нафакасын бай болгон бир тууганы берет. Бай тууганы жок болсо Бейт-ул-мал (өкмөт казынасы) берет.

[Оорукчан же карылыктан иштей албаган адам жана аял кедей болсо, бай болгон жети махрам туугандарынын аларга кароосу важип болот. Эгер карабай турган болсо сот дайындаган айлык төлөм ошол туугандардан алынат. Бай болгон туугандары жок болсо мамлекет байт-ул-малдын үшүр жана айбан зекеттеринин куну жыйналган бөлүгүнөн мол акча берет. Дар-ул-Исламда жашаган ар бир мусулман кедейге ошондой жардам берилүүсү Ислам дини тарабынан буйрук кылынат. Ошондуктан, дар-ул-исламда муктаждар жок. Ислам дининин ошол ниматынан пайдалануу үчүн дар-ул-харбдагы мусулмандардын дар-ул-исламга көчүп келүүлөрү важип. Дар-ул-исламдагы жана дар-ул-харбдагы мусулмандардын зекеттерин оңой бере алуулары үчүн “Зекет жыйноо борборлору” кургандары жакшы болот.]

Муртад болгон [динден чыккан] адамдын никеси дароо бузулат. Талак саны кемип калбайт. Нике жаңылабай туруп туулган баласы валади зина (зинадан тулган) болот. [Бир аял менен никелешпей туруп жима (жыныстык катнаш) кылуу зина болот. Зинадан пайда болгон бала “Валади зина” болот. Анын атасы болбойт (Файзиййа). Ал аялды кийин никесине алса ал бала ошол эркектин машру (шариятка ылайык) баласы болот.] Муртад адат боюнча келиме айтып мусулман боло албайт. Ыймансыздыгына себеп болгон сөзүнө тообо кылуусу зарыл. Сөзүнүн ыймансыздыкка себеп боло турганын билбөө үзүр болбойт.

Бөлүп төлөө же кийин төлөө шарты менен жүзөгө ашкан сатууда акчанын куну өзгөрсө келишилген баада төлөө кажет болот. Карызга алуу да ошондой. “Укудуд-дуррийа” китебинен котормо аяктады. Ушул котормонун араб тилиндеги нускасы Хакикат Китаб эви тарабынан басылып чыккан “Хабл-үл-метин” китебинин аягына кошуп басылган. 


Ислам Дини

unread,
Dec 3, 2016, 1:25:56 AM12/3/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ибн Абидин “рахима-хуллаху таала” хазар бөлүмүнүн соңунда мындай дейт: “Кээ бир жерлери алтын же күмүш менен капталган буюмду капталган жерине тийбестен колдонуу жаиз болот. Үстү жалатылган болсо муну кармап колдонуу да жаиз.

Мусулман эмес адамдын мусулмандан сатып алганын айтып берген этин жегенге болот. Мажусиден (отко сыйынуучудан), муртаддан алганын айтса жегенге болбойт. Анкени, бул сөздөрү дүнүйөлүк иштерди кабар берүүдө [Себеби, илгери касапчылар этти өздөрү союп сатышчу.] Бул этти сатып алган болсо, соода батыл (бузулган) болбойт. Кунун мусулман эмес адамга төлөп берет. Бул этти мусулман же муртад сойду деп айтса буга ишенүүгө болбойт, Анткени, бул сөз диний маселени кабар берүүдө. Мусулман эместин, фасыктын муамалаттагы (соода-сатык, карым-катнаштагы) сөзү кабыл кылынат. Диний иштердеги сөзү кабыл кылынбайт. Диний иштерде адилеттүү мусулмандын сөзү кабыл кылынат. Мүлкүн алынышы үчүн кабар берүүчүнүн эки киши болуусу кажет. Фасыктын жана абалы маалым болбогон адамдын муамалаттагы кабарынын туура же туура эмес экендиги “Тахарри” кылынат, б.а., изилденип, ою кайсы тарабына оор басса ошого карап аракет кылынат. Адилеттүү бир киши бир сууну таза десе, адилеттүү экинчи киши нажис десе нажис деп кабыл кылынат. Эки адилеттүү кишинин сөзү бир адилеттүү кишинин сөзүнөн басымдуу болот. Тахтави “рахима-хуллаху таала” “Маракил фалах” хашиясынын башында “Тахарри” бөлүмүндө мындай деген: “[Дарул-харбдагы же эч ким жашабаган бир жердеги] бир этти бир адилеттүү мусулман “Муну муртад сойду” десе, башка бир адилеттүү киши мусулман болуп, “Муну мусулман сойду” десе аны жеш адал болбойт. Себеби, бул жаныбар өлүп же динсиз тарабынан союлуп, атылып, тарп болгондугу негиз кылып алынат. Мусулмандын Ислам өкүмдөрүнө ылайык сойгону маалым болгондо [же ошондой ойлогондо жеш адал болот. Дарул-харбда мусулман касапчыны издөө керек. Андан ошол ниет менен сатып алуу керек.] адал болот. Бул мисалда мусулмандын сойгондугу маалым болбогон, негиз кылып алынган арамдык уланган. Мусулмандар менен динсиздер аралаш болгон бир жерде алынган этти мусулмандын сойгондугу маалым болмоюнча жеш адал болбойт. Анткени, арам болуу ыктымалы негиз кылып алынат. Арам болбоо ыктымалы анык эмес, күмөндүү. Мусулмандар көп болсо жеш адал болот. Бир суунун нажис экендиги күмөндүү болсо таза деп кабыл кылынат. Себеби, суунун негизи таза. Мал-мүлкү арам менен аралашкан адамдын ошол мүлкүн сатып алуу ошол мүлктүн өзү арам экендиги маалым болмоюнча жаиз болот. Анткени, мүлктүн негизинин кандай экендиги белгисиз болууда. Ошондуктан, андан сатып алуу макрух болот.” [Саан уй, кой, тоок сыяктуу эти желген жаныбарлардын этин жеш адал болушу үчүн Ислам өкүмдөрүнө ылайык союлуусу кажет. Башкача айтканда, бир мусулмандын же ахли китептин (китептүү капырдын) сойуусу жана союп жатканда Аллахтын атын айтуусу кажет. Ислам өкүмдөрүнө ылайык союлбаган жаныбар тарп болот. Мунун этин жеш жана сатуу арам болот. Мал сойуучулардын жана эт сатуучу мусулмандардын муну жакшы билүүлөрү кажет. Эт сатып алганда анын кантип союлганын суроо кажет эмес. Себеби, мусулманга хусни зан кылуу керек (б.а., туура союлду деген ойдо болуу керек).]

Той тамагына чакырылган адамдын ага баруусу сүннөт. Башка чакырылган тамактарга баруу мустахаб. Арам ыр, [музыка, кумар, ичкилик, аял], бий, бидат, ушак бар болгон чакырууларга барууга болбойт. Той, майрам күндөрү жерге жибек кездемелерди салуу жана алтын, күмүш зергер буюмдарды текчеге койуу султандын буйругуна баш ийүү үчүн болуп, текебердик кылуу, мактануу үчүн болбосо жаиз болот. Бирок, андай нерселерге тийбөө, колдонбоо керек. Шам, чырак, электр чырактарды жагуу ысырап болгондуктан жаиз эмес. Ушундай нерселерди кылуу өкмөттүн жазасынан, айыптоосунан корккон кезде гана жаиз болот. Арам нерселер бар болгон, эркектер менен аялдар аралаш болгон жерлер “фыск межлиси” деп аталат. Мындай жерлерге баруу да ошондой. Таганни – түз сөздү түз үн менен окуу. Аял, ичкилик, чертилүүчү аспап, ушак аралашкан сөздү же ошолор бар болгон жерде айтуу арам болот. Тойлордо, сахур убактысын билдирүү, мончого чакыруу үчүн барабан согуу жана согушта, расмий жерлерде, белгилүү убакыттарда (музыка, хор менен улуттук жана аскердик) ырларды ырдоо жаиз. Мечиттерде, ибадатканаларда черткич аспаптын бардык түрү арам.”

  218 – Ушул “Эй, уул” китебинде жазылган хадиси шарифтер жана сөздөр сахих. [Латын тамгалары менен басылганда кошулган түшүндүрмөлөр да “Ахли сүннөт” аалымдарынын китептеринен алынган. Бул китепти көңүлүңө жайгаштыр! Мусулманчылыкты мазхабсыздардын китептеринен үйрөнгөн адамдардын сөздөрүнө, жазууларына жана чет элдеги ваххаби китептеринен которулган маалыматтарга алданып, ыйманың менен амалыңда текке кетирбе!]

Бул эмгекти жыйнап даярдаган кезде жазуучу Сулейман ибн Жазанын “рахима-хуллаху таала” пайдаланган адабияттары төмөндө:

Ихйа-и Улум, Жами-ул-Усул, Расул-и Анвар, Бостан-ул арифин, Масабих, Машарик, Иршадуссабирин, Кутул кулуб, Жами-и Тирмузи, Жами-ул-Жинан, Бахжат-ул Анвар, Мавиза-и Муса, Васийат-и Абу Хурайра. Бул он үч китептен кыскартып чыгарылган бул эмгегимди мусулмандардын балдары үчүн даярдадым. 


Ислам Дини

unread,
Dec 5, 2016, 1:39:34 AM12/5/16
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

ЧЫНЫГЫ МУСУЛМАН КАНДАЙ БОЛОТ?


Насааттардын биринчиси - ишенимди Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде билдирилгендей түздөө. Бул аалымдар китептеринде Асхаби кирамдан уккандарын жазып калтырган, өздөрүнүн ойлорунан чыгарып эч нерсе жазышкан эмес. Тозоктон кутула тургандар – жалгыз ошол аалымдарга моюн сунгандар. Аллаху таала ошол улуу адамдардын эмгектерине мол сыйлыктарды берсин! Төрт мазхабдын ижтихад даражасына көтөрүлгөн мужтахид аалымдары жана алар жетилткен улуу аалымдар “Ахли сүннөт аалымы” деп аталат. Ишенимди (ыйманды) түздөп алган соң ахками исламияга (Ислам өкүмдөрүнө) моюн сунуу, б.а., фикх китептеринде билдирилген ибадаттарды үйрөнүү жана орундоо жана тыюу салынган нерселерден сактануу керек. Беш маал намазды эрикпей, жеңил мамиле кылбай, шарттарына жана тадили эрканга маани берип окуу керек. Нисап өлчөмүндө мал-мүлкү жана акчасы бар болгон адам зекет берүүгө тийиш. Имам Азам хазреттери: “Аялдар кооздук катары колдонгон алтын жана күмүштөрдүн да зекетин берүүсү керек”, – деген.

Баа жеткис өмүрдү керексиз мубахтар менен дагы өткөрбөө керек. Арамдар менен өткөрбөө ансыз деле зарыл. Музыка, ыр менен жана черткич аспаптар менен алектенбөө керек, булардын напсиге берүүчү лаззаттарына алданбоо керек. Булар – бал аралаштырылган, шекер менен капталган уу сыяктуу.

“Ушак” айтпоо керек. Ушак - арам. [Ушак – бир мусулмандын же зимминин жашыруун айыбын аркасынан айтуу деген сөз. Мусулман эместердин, бидатчылардын, мазхабсыздардын, ашкере күнөө иш кылгандардын ошол күнөөлөрүн, зулумдук кылуучулардын жана соода-сатыкта алдамчылык кылуучулардын ошол жамандыктарын билдирүү аркылуу мусулмандардын алардын зыяндарынан сак болуусуна жардам берүү, мусулмандыкты жаңылыш жеткиргендердин жана жазгандардын бул жалааларын баарына билдирүү керек. Буларды айтуу ушак болбойт. (Раддул Мухтар: 5-263)]

“Намима” кылбоо керек, б.а., мусулмандар арасында сөз ташыбоо керек. Бул эки күнөөнү кылгандарга ар түрдүү азаптар бериле тургандыгы кабар кылынган. Калп сүйлөө жана жалаа жабуу да арам, мындан сактануу зарыл. Бул эки жамандык бардык диндерде  арам болчу. Жазасы өтө оор. Мусулмандардын айыптарын жашыруу, жашыруун күнөөлөрүн ашкере кылбоо жана кемчиликтерин кечирүү чоң сооп. Кичүүлөргө, кол астындагыларга [аялына, бала-чакасына, шакирттерине, аскерге, кызматкерге] кедейлерге мээримдүү болуу керек. Кемчиликтерин бетине айтпоо керек. Болор-болбос себептер менен аларды таарынтпоо, кол көтөрбөө жана сөкпөө керек. Эч кимдин динине, мал-мүлкүнө, жанына, аброюна, намысына кол салбоо керек, адамдардын жана мамлекеттин алдындагы карыздарды төлөө керек. Пара берүү жана алуу арам. Бир гана заалымдын зулумунан кутулуу үчүн жана кыйнаган, коркуткан жагдайда берүү пара болбойт. Бирок, муну да алуу арам болот. Ар бир адам өзүнүн кемчиликтерин көрүп, Аллаху таалага каршы кылган жаман иштерин, айыптарын ойлоосу керек. Аллаху тааланын жаза берүүгө ашыкпагандыгын, ырыскысын токтотпогондугун билүү керек. Эне-атанын, мамлекеттин Ислам өкүмдөрүнө туура келген буйруктарына моюн сунуу керек, Ислам өкүмдөрүнө туура келбеген буйруктарына каршы чыкпай, бүлүккө (фитнага) себепкер болбоо керек. [Кыскасы, чыныгы мусулман – маданияттуу, дайым алдыга умтулган адам. “Мектубати Масумия” китебинин экинчи тому, 123-катын караңыз!]


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages