Илимден бир тамчы - Напси

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Mar 11, 2022, 1:37:13 AM3/11/22
to islamd...@googlegroups.com



header-logo.png

Напси

 

1 – Жан.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду:

Ар бир напси өлүмдү татуучу. (Ал-и Имран , 185)

2 – Адамдын өзү, киши, дене.

Адам мен дегенде өз напсин көрсөтүүдө. (Имам Раббани)

3 – Акыйкат, гаухар, асыл, өз. Адамда жана жинде шер, жамандык кубаты. Шариятка, башкача айтканда, динге туура келбеген каалоолордун булагы. Бул нафс-и аммара да деп аталат.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду:

Аллаху тааланын хузурунан коркуп, өз напсин (шариятка каршы) напсиден келген арзуулардан (каалоолордон) тыйган адамдын бара турган жери – албетте Жаннат. (Назиат сүрөсү, 40)

Напсиңе душмандык кыл! Анткени, ал менин душманым. (Хадиси кудси-Мектубати Раббани)

Акылдуулуктун белгиси: напсини жеңүү, ээ болуу, өлгөндөн кийин зарыл боло турган нерселерди даярдоо. Акылсыздыктын белгиси: напсиге моюн сунуп, Аллахтан кечирим жана ырайым күтүү. (Хадиси шариф-Барика)

Напсин баалаган адам динин жыккан болот. Напсин кордогон адам динин баалаган болот. (Мужахид бин Жабр)

Напсинин жаратылуусу – адамдардын жашоосу, көбөйүүсү жана дүнүйө үчүн эмгектенүүлөрү үчүн. Аллаху таала напсини көптөгөн пайдалар үчүн жаратты. Бирок, бардык адамдарга мээримдүүлүк кылып напсиге уйууга жолтоо болуулары, ага ээ болуп, зыяндарынын алдын алуулары үчүн адамдарда акыл дагы жаратты. (Шерефеддин Яхйа Мунири)

Напсиге моюн сунуудан кутулуу – дүнүйө нематтарынын эң чоңу. Анткени, напси Аллаху таала менен пенденин ортосундагы пардалардын эң чоңу. (Абу Бакр Тамистани)

Напсинин күнөөлөрдөн сактануусу ибадат кылуудан да кыйын. Ошондуктан, күнөөдөн сактанууң көбүрөөк сооптуу. (Имами Раббани)

“Эй, Раббим! Напсимди мага мусаллат кылба (азгырба)! Ага каршы мени жардамсыз калтырба! Напсим мени аябоодо. Мага сен мээримдүүлүк кыл!”

“Эй, напсим! Каалоолоруңду эч качан унутпайсың. Бирок, кулчулук милдетиңди аткарууну таптакыр каалабайсың. Эй, напсим! Өзүң эсепке тартыла турган кыямат күнү абалыңдын кандай боло турганынан эч коркпойсуң. Түбөлүктүү жана түгөнгүс нематтардын ордуна убактылуу нерсени тандайсың. Эй, напсим! Эч кандай амалсыз, эмгектенбей акыретте ырахатка жетүүнү каалайсың. Соңу жок арзуу жана каалоолордун артынан кубалап, тообону тынымсыз калтырып кечиктиресиң.” (Авн бин Абдуллах)

Аллахтын жолунда напси менен жүргүсү келген адам биринчи кадамында эле ката кетирген болот. Эгер напсини таштап, чын жүрөктөн ар бир нерседе Аллаху тааланын ыраазылыгын ойлоп жолго чыкса, Аллаху таала аны өзүнө жеткире турган рахбарды (жол көрсөтүүчүнү) тааныштырат. (Али Музеййен)

Напси душман. Душмандын сөзү менен иш кылуу акылга сыйбайт. (Али Хафиз)

Макулуктардын эң акмагы бул – напси. Анткени, ал дайыма өзүнө каршы болгон нерселерди каалайт. (Сеййид Абдулхаким Арваси)


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн:

islamd...@gmail.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages