Биз камил (толук, жетик) ыйманга ээбизби?

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
May 12, 2025, 6:04:51 AM5/12/25
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Биз камил (толук, жетик) ыйманга ээбизби?

 

Суроо: Биз жетик ыйманга жеткенибизди биле алабызбы? 


ЖООП: Ооба, кээ бир белгилери бар. Адам ушуларды карап, жетик ыйман ээси болгонун же болбогонун түшүнө алат. Мисалы, Хасан бин Мухаммед бин Хасан хазреттери мындай дейт: 

Ушул үч нерсени орундаган адам толук ыйман ээси болот: 

1-Сүйөт, бирок, сүйүүсү батылга (адашууга, жаңылыштыкка) кабылтпайт. 

2-Ачууланат, бирок, ачуусу хактан ажыратпайт. 

3-Күчтүү болгондо да акысы жок нерсеге кол сунбайт. 

Асхабы кирам: "Биз адамдардан келчү кыйынчылыктарга сабыр кылбагандарды толук ыймандуу деп эсептечү эмес элек”, - дешет. Бир аяттын мааниси: 

"Чыныгы, асыл жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ишенүү, Аллахтын ыраазылыгы үчүн туугандарга, жетимдерге, кембагалдарга, жолдо калып кеткендерге, саилдерге (муктаж болуп сурагандарга), мукатеб (өз башын азат кылууну каалаган) кул [жана туткундарга] жакшы көргөн малынан сарптоо, намаз окуу, зекет берүү, келишимдеги убадаларын аткаруу, кыйынчылык, оору жана согушта сабыр кылуу.” [Бакара, 177] 

Жогорудагы аяти каримада адамды жетилдирген негиздер ачык билдирилген. Булар: бекем ыйман, жакшылык, жардам жана напсини тарбыялоо. Бул касиеттерге ээ болгон бир адам ыйман жана итикады боюнча сыдк менен сыпатталган, такыбаа менен макталган. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бул аятта билдирилген нерселерге амал кылган адам камил ыйман ээси болот”, - деп буюрду. (Тибян) 

Арамдардан сактанган жана ибадаттарын кылган адам камил ыйманга ээ болот. 

Ибадаттарын кылып, ыйманыма бир зыян келип калбасын деп корккон адам жана "күнөөлөрүм көп, ибадаттарым мени куткарбайт” деп ойлогон адамдын ыйманы күчтүү дегендик. (Баззазиййа) 

Маселеге байланыштуу хадиси шарифтердин айрымдары төмөнкүдөй: 

"Бул үч адамдын ыйманы кемалга жеткен: 

1-Эч кимдин айыптоосунан коркпой Аллахтын жолунда жүргөн. 

2-Амалына рия аралаштырбаган.

3-Дүнүйө жана акыретке байланыштуу эки иштен дүнүйөгө эмес акыретке байланыштуу болгонун тандаган адам.” [Дайлами] 

"Төмөндөгү нерселерди кылган адам камил ыймандуу: 

1-Аллах үчүн жакшы көргөн, Аллах үчүн жек көргөн. 

2-Тили менен да Аллахты эстеген. 

3-Өзүнө жаккан нерсени башка бирөөгө да жактырган. 

4-Өзү үчүн каалабаган бир нерсени башкага да каалабаган. 

5-Жакшы нерсени гана сүйлөгөн же унчукпаган.” [Табарани] 

"Жакшы көргөн нерсесин Аллах үчүн гана жакшы көргөн адамдын ыйманы камил болот.” [Байхаки] 

"Аллахтын досторун сүйгөн жана душмандарын душман деп эсептеген адамдын ыйманы толук болот.” [Абу Давуд] 

"Ихсан ээси болгон адамдын ыйманы толук болот.” [И.Ахмед] 

"Ыйманы толук болгон момун – көркөм ахлакка ээ болгон адам.” [Табарани, Дайлами] 

"Каерде болсо да Аллаху тааланы унутпоо толук ыйманды көрсөтөт.” [Байхаки] 

"Аллахты жана Анын Расулун баарынан көп сүйгөн, сүйгөнүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана сүйгөн жана отко түшүүдөн көрө капырлыкка түшүп калуудан корккон адамдын ыйманы толук болот.” [Бухари] 

"Балээ-кыйынчылыкты немат, молчулук жана ырахаттыкты коркунуч деп эсептебеген адамдын ыйманы толук болбойт.” [Табарани] 

"Кошунасы зыянынан ишенимдүү болбогон адамдын ыйманы толук болбойт.” [Баззар] 




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages