islamd...@gmail.com |
Аллахты суракка алуу (2)
Аллах ырайымдуубу? Аллах ырайымдуубу деп сурагандай жаманыраак башка эмне болушу мүмкүн? Андан өткөн ырайымдуу башка ким болушу мүмкүн? Ар бир адамдын ырайымы чектелүү. Раббибиздин ырайымы болсо чексиз. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй: "Аллахтын боорукердиги, ырайымы чексиз.” [Фуркан, 70] Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө: "Аллаху тааланын момунга болгон ырайымы, мээрими, боорукердиги бир эненин баласына болгон мээриминен да жогору турат.” [Бухари] "Аллаху таала өзү жараткан жүз мээриминин бирин макулуктарына берген. Ушул себептен эне баласына мээримдүүлүк кылат, айбандар балдарын жакшы көрөт жана бардык макулуктар бири-бирине боорукердик кылат.” [Абу Яъла] Демек, адамдар менен жаныбарлардын ортосундагы ырайымдуулук да Аллах тарабынан берилген бир ырайымынын натыйжасы. 99 ырайымы болсо өзүндө. Бисмиллахдагы Рахман жана Рахим ысымдары да пенделерине жакшылык кылуучу, боорукер, ырайымдуу деген маанини туюнтат. Кудай сактасын, "Аллах калп айтат, Ал ырайымсыз” деген адам өзүнүн сабатсыздыгын ашкерелеген болот. Фуркан сүрөсүнүн жетимишинчи аяти каримасында бир капыр мусулман болсо, анын бардык күнөөлөрүн, жасаган бардык жаман иштерин Аллаху таала соопко айлантат жана ага Бейишин берет. Мындан да өткөн чоң ырайымдуулук башка кандай болушу мүмкүнбү? Майып же сокур кылып жараткан мусулмандарга да үч күндүк дүнүйөдө тарткан бул кыйынчылыктарга сыйлык катары түбөлүк Бейиш нематтарын ихсан кылат. Эч бир пендесине бербеген соопторду бул пенделерине ихсан кылат. Түбөлүк тозоктон куткарат. Жамандыктарга эмне үчүн тоскоол болбой жатат? Атеист айтат: "Эгер Кудай бар болсо жана бардык нерсеге күчү жетсе, анда эмне үчүн жамандыктарга тоскоол болбой жатат? Эмне үчүн адамдарга жамандык кылууга уруксат берүүдө?” ЖООП: Аллаху таала күнөө жана жамандык кылбаган жандыктарды да жараткан. Мисалы, периштелер жамандык кылбайт, күнөө кылбайт. Ал адамдарды жана жиндерди башкача жараткан. Жакшылык жана жамандык кылуу сапаттары менен жаратып, өз эрктерине калтырган. Эгер жакшылык кылсаң сооп-сыйлык бар, жамандык кылсаң жаза бар деген. Биз билбеген көптөгөн себептер жана сырлардан улам пенделерин сынакка алган. Эгер адамга эркиндик бербесе суроо, эсеп болбойт. Күнөөнү да, соопту да өз эрки, өз каалоосу менен кылышы керек. Эгер кыйнап сооп иш жасатылса, кыйнап күнөөдөн кайтарылса анда сооп-сыйлыкка кантип татыктуу болот? Аллаху таала сынабастан эле пенделеринин эмне кыларын, кылмыш, күнөө кыларын билет. Бирок, ал кылмыш жасай электен мурда жазаланса: "Күнөөм жок болуп туруп, сынабай туруп мени жазалооң туура эмес”, - деп айтмак. Ушул сыяктуу себептерден улам адамдарды сыноо үчүн дүнүйөгө алып келген. Моюн сунган менен моюн сунбаган, кылмыш жасаган менен жасабаган белгилүү болсун деп кээ бир тыюулар коюлуп, кээ бир ибадаттарды аткаруу мажбур кылынган. Адамдар эмне үчүн тең эмес? Адамдын жаралуу максаты белинмейинче дүнүйөдөгү окуялардын себебин түшүнүү мүмкүн эмес. Адам жансыз нерсе сыяктуу, чөп же айбан сыяктуу эмес, кулчулук жана сыноо үчүн жаратылган. Эгер адам муктаждыксыз, кыйынчылыксыз жана бардык жагынан кемчиликсиз жаратылганда, сыноо жана дүнүйө маанисиз болуп калмак. Эгер адамдардын, жаныбарлардын жана ааламдагы башка жандуу-жансыз макулуктардын кыймыл-аракеттери жана акылды таң калтыруучу системалары изилденип көрүлсө, бардык нерсеге күчү жеткен Раббибиздин дүнүйөнү максатсыз жаратканы ойго да келмек эмес. Имам Раббани хазрети мындай дейт: Эгер адамдар бул дүнүйөдө бир нече күн азап тартпаганда Бейиштин түбөлүк рахат жана афиет нематтарынын баркын билишмек эмес. Ачка болбогон адам тамактын даамын түшүнбөйт. Азап тартпаган адам ырахаттыктын баркын билбейт. (Мектубат, 2/99) Эгер ар бир адам бардык жагынан бирдей жаратылганда чоң кырсык болмок, коомдор болмок эмес. Эгер адамдар бой, өң, келбет, акыл, байлык, ден соолук, күч, сулуулук, ахлак сыяктуу бардык жагынан станоктон чыккандай тең, бирдей, башкача айтканда, бири-бирине окшош болсо, миллиарддаган адамдарды бири-биринен айырмалоо мүмкүн эмес болуп калат. Күйөөсү менен аялы бири-бирин тааный албайт, адам аялын кызынан ажырата албайт, жашоо токтоп калат. Жалаң бул форманын окшоштугунан улам эле миңдеген көйгөйлөр пайда болот. Башка тармактардагы теңдиктер көрүлө электе эле, жашоодо орун ала электе эле жашоо бүтөт. Эгер ар бир адам билими жана маданияты жагынан да бирдей болгондо, гезитке, китепке, киного муктаждык калмак эмес. Күрөш, чуркоо, сууда сүзүү сыяктуу спорттор, жарыштар болмок эмес. Анткени, ар кимдин жөндөмдүүлүгү бирдей. Жакшынын баркы жаман менен билинет. Ар бир адам жакшы болсо, жакшынын баркы калбайт. Көрксүздүк жок болсо, суулукту түшүнүү мүмкүн эмес. Оору жок болсо ден-соолуктун баркы билинбейт. Адам окуп, бардык жагынан кемчиликсиз адам болгусу келет. Эгер баары бирдей болсо ким кимден жогору болот? Башчысыз, кызматчысыз, жумушчусуз коом болбойт. Байлар зекет бере турган кедейди таба алышпайт. Бардык жагынан теңдиктин, окшоштуктун зыяндары сансыз көп. Ошондуктан, Аллаху таала бүткүл нерсени акылмандык менен жана адилеттүү жараткан. Адилеттүүлүк болгондо гана иш бир калыпта жүрөт. Мисалы, беш манжа бирдей болгондо, баш бармак башкалардын арасында болгондо, азыркыдай натыйжалуу иш кыла алмак эмес, чоң кемчилик болмок.
Адилеттүү жаралууну бирдей жаралуу менен салыштыруу мүмкүн эмес. Бир эне-атадан акыл жана жөндөмү ар кандай балдардын жаралуусу, миллиарддаган адамдардын бири-бирине окшош эместиги, ал тургай манжаларынын издеринин ар башка болушу да Аллаху тааланын кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө. Анын кудурети, күчү чексиз, даңкы өтө бийик. |
www.islamdini.kg |