islamd...@gmail.com |
Тозок күйгүзбөйбү?
Суроо: "Акыйдасы туура болгон момун Тозокко кирсе дагы азап көрбөйт”, - деп айтылууда. Бул туурабы? Жооп: Ооба, туура. Имам Раббани хазреттери акыйдасы туура, башкача айтканда, Ахли сүннөт акыйдасында болгон жана куфурга түшүп калбаган момундардын күнөөлөрү көп болсо да, Тозокко такыр кирбей тургандыктарын билдирүүдө. "Такыр кирбейт” дегени "Кирсе дагы азап көрбөйт” дегендик. Үч хадиси шариф: "Жакшы-жаман бардык адамдар (Тозоктун үстүнө курулган Сыраттан) өтүшөт. Ибрахим алейхиссаламга оттун салкын болгондугу сыяктуу, бир гана момунга салкын жана саламаттык болот. Тозок "Момундун нуру отумду өчүрүп жатат” деп кыйкырат. Андан кийин Аллаху таала такыбаа адамдарды куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат.” (Ибни Мажа) "Кыяматта Тозок момунга "Тезирээк өткүн эй момун! Нуруң отумду өчүрүп коёт” деп кыйкырат.” (Табарани) "Момундарга Тозоктун ысыгы мончонун ысыгы сыяктуу болот.” (Абу Нуайм)
Ишенген жана моюн сунган адамга эмне үчүн азап кылынат?
Суроо: Ыйман келтирип, буйруктарды орундап, тыюулардан сактангандарга акыретте азап болобу? Жооп: Жакшылык кылганга рахмат айтыла турганын ар бир адам билет. Бул адамгерчиликтен. Жакшылык кылгандарга сый-урмат көрсөтүлөт, немат ээлери улуу деп билинет. Ошондуктан да, ар бир нематтын чыныгы ээси болгон Аллаху таалага шүгүр кылуу адамгерчиликтен. Ниса сүрөсүнүн 147-аятынын маанисинде: "Аллахтын нематтарына шүгүр кылып жана ыйман келтирсеңер Аллах силерге эмнеге азап кылсын?” – деп билдирилүүдө. Аллаху таала карим жана рахим болгондой, азабы да катуу. Бул дүнүйөдө көп адамдарды жакырчылык жана кыйынчылыктарда жашатып жаткандыгы көрүлүүдө. Канча-канча кулдарын такыр тартынбастан азаптарда жашатууда. Өтө карим жана раззак экендигине карабастан, дыйканчылыктагы кыйынчылыктар тартылбай турган болсо бир бөлүк да нан бербөөдө. Ар бир адамды жашаткан Ал болгонуна карабастан жебеген, ичпеген адамды жашатпоодо, дары колдонбогон оорулууга шыпаа бербөөдө. Жашоо, ооруп калбоо жана мал-мүлк ээси боло алуу сыяктуу дүнүйө нематтарынын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашпагандарга ырайым кылбастан, дүнүйө нематтарынан куру калтырган. Акырет нематтарына жетүү дагы ушундай. Четке кагып ишенбөөнү жүрөктү жана рухту өлтүрүүчү уу кылган. Жалкоолук да рухту оору кылат. Буларга дары колдонулбай турган болсо рух ооруга чалдыгат, өлөт. Четке кагып ишенбөөнүн жана жахилдиктин жалгыз дарысы – бул илим. Жалкоолуктун дарысы да – бул ар ибадатты орундоо. Бир адам дүнүйөдө уу ичсе жана Аллах рахим, уунун зыянынан мени коргойт десе, ооруп калат жана өлөт. Диабет менен ооруган киши да таттуу жана камырдан жасалган тамактарды жесе оорусу күчөйт. Маъун сүрөсүнүн маанисинде айтылат: "Эй, Расулум! Кыямат күнүн четке каккан, жетимдерге оройлук көрсөтүп жана кыйнап акыларын тартып алган, жакырларды тойгузбаган жана башкаларды да жакырларга жакшылык кылууга үгүттөбөгөн ошол адамды көрдүң беле? Намаздарын гафилдик менен окугандарга жана рия кылгандарга, мактангандарга жана зекетин бербегендерге катуу азап бар.”
Аллаху тааланын билдиргендерине ыйман келтиргендер, буйруктарын орундап, тыюуларынан сактангандар дүнүйөдө да, акыретте да рахатта бөлөнүшөт. Четке кагып ишенбегендер, каршы чыккандар болсо азап тартышат. Нахл сүрөсүнүн 33-аятынын маанисинде айтылат: "Аллаху таала кулдарына зулумдук кылбайт. Алар өздөрүн азапка, жапаага сүйрөгөн бузук пикирлери, жаман амалдары менен өздөрүнө зулумдук жана жапаа кылышууда.” |
www.islamdini.kg |