islamd...@gmail.com |
Муртад мусулман болсо
Суроо: Муртад (мусулманчылыктан чыккан адам) кайра мусулман болгондо муртад болбостон мурун окубаган намаздарынын казасын окуусу керекпи? Жооп: Мусулман болгон муртад адам мусулман кезинде кылбаган ибадаттарынын казасын орундашы керек. Анткени, намаз менен орозону таштап коюу күнөө жана күнөө кайра мусулман болгондон кийин да кала берет. (Дурар ва Гурар) Муртаддын муртад болуудан мурунку ибадаттары жана сооптору жок болот. Кайра ыйманга келгенде эгер бай болсо кайрадан ажыга баруусу зарыл болот. Намаздарынын, орозолорунун жана зекеттеринин казасы керек эмес. Муртад болуудан мурун казага калтыргандарынын гана казасын орундашы керек болот. Себеби, муртад болгондо мурунку күнөөлөрү жок болбойт. (Ислам Ахлагы) Муртаддын муртад кезиндеги окубаган намаздарынын казасын окуусу керек эмес. (Хиндиййа) Хиндиййада жалгыз муртад кезинде окубаган намаздарынын казасын гана окубайт деп айтылууда. Бул жерде муртаддыктан мурунку окубаган намаздарынын казасын окуу керектиги түшүнүлөт. Динден чыккан бир адам муртад кезиндеги окубаган намаздарынын казасын окубай тургандыгы сыяктуу андан мурун окуган намаздарынын да казасын окубайт. Бул маселеде бир гана ажылык андай эмес. (Дурр-ул-мухтар) Бул маселени түшүндүрүп берген Ибни Абидин хазреттери: "Андан мурун окубагандарынын казасын окубайт”, - деп айтууда. Бул жерден да окубагандарынын гана казасын окуу керектиги түшүнүлүүдө. Анткени, Дурар ва гурар китебинде бул маселе так билдирилген.
Муртад тообо кыла алат
Суроо: "Бир аятта бир мусулман муртад болсо, кийин тообо кылып мусулман болсо, кийин кайра муртад болсо, андан кийин тообо кылса да ал башка кечирилбейт”, - деп айтылган экен. Бул туурабы? Жооп: Туура эмес. Ал аяттын мааниси төмөндөгүдөй: "Ыйман келтирип кийин ыйманын жоготкондорду, кийин дагы ыйман келтирип кайра ыйманын жоготкондорду, кийин дагы ыймансыздыктарын арттыргандарды Аллах кечирбейт, туура жолго да салбайт.” [Ниса сүрөсү 137]
Бул жерде: "Ыймандан кайткандан кийин тообо кылгандар кечирилбейт”, - деп айтылган жок. "Ыймансыздыктарын арттыргандар, башкача айтканда, ыймансыз бойдон калгандар кечирилбейт”, - деп айтылууда. Бир адам канча жолу муртад болсо дагы эң акырында тообо кылса мусулман болот. Башкача айтканда, миң жолу тообосун бузган болсо дагы эң акырында тообо кылган болсо, акыркы абалы эсепке алынат. Өкүм натыйжага карап берилет. Имам Куртуби хазреттери дагы айтты: "Бул аяти каримага ылайык, Муса алейхиссаламга ыйман келтирип, кийин Узайр алейхиссаламдан баш тартып ыймансыз болгондорду, кийин Узайр алейхиссаламга ыйман келтирип, кийин Иса алейхиссаламдан баш тартып ыймансыз болгондорду, анан дагы Мухаммед алейхиссаламдан баш тартып ыймансыздыктарын арттыргандарды Аллах кечирбейт. "Кийин дагы ыймансыздыктарын арттыргандар” сөзүнүн мааниси "Ыймансыздыктарында бекем туруп алгандар” дегенди билдирет.” (Куртуби Тафсири) |
www.islamdini.kg |