islamd...@gmail.com |
Жерден суу чыкты
Саад сүрөсүндө билдирилгендей Жабрайил алейхиссалам Хазрети Аййубдун бутун жерге уруусун айтты. Бутун жерге урганда жерден туп-тунук бир суу чыкты. Бул суу ичкенде муздак, жуунганда жылуу акчу. Бул суудан бир ууртам ичип, бираз башына төккөндө оорусу дароо кетти, күч-кубатка толду. Жаш жигит болду. Хазрети Жабраил ага таза жана баалуу кийимдерди кийгизди. Бир канча убакыт өтүп, жубайы шаардан тамак-аш менен кайтканда аны төшөктө көрбөй, ыйлай баштады. "Оорулуума эмне болду, жапайы айбандар жеп кетти бекен?” – деп кыйкырып жатканда Хазрети Аййуб ага сүйлөп: - Эй аял, сен кимди издеп жатасың? - Оорулуу бир күйөөм бар эле. Аны жоготуп алдым. - Аты ким эле? - Сабырдуу Аййуб эле. - Көрүнүшү кандай эле? - Ден-соолугу чың кезинде сага окшош эле. - Эй, Рахима, мына ошол балээге дуушар болгон Аййуб менмин. Жубайы менен Аллаху таалага шүгүр кылып, көпкө ыйлашты. Шаарга кайтып келишкенде эски үйүнүн жаңы салынганын, мурда өлгөн жети уулу менен үч кызынын тирилгенин, кырылган төөлөрүнүн, койлорунун жана башка малдарынын баары кайтарып берилгенин көрүштү. Ал тургай кампасынын алтын менен күмүшкө толо экенин да көрүштү. Жубайы дагы жашарды жана 26 балалуу болду. (Р. Насыхин, Тибйан) Суроо: Хазрети Аййуб ооруп жатканда жараларынын курттап кеткени чынбы? Жооп: Ооба, чын. Айрымдар Пайгамбарларга мындай оору келбейт деген болушса да, Пайгамбарлардын жарасына курт түшпөйт деген нерсе жок. Пайгамбарлардын жети сыпаты бар: 1- Аманат 2- Сыдк 3- Таблиг 4- Адалет 5- Исмат 6- Фатанат 7- Эмнул-азл Жараларынын курттап кетиши пайгамбарлык сыпаттарына каршы эмес. Аййуб алейхиссаламдын жараларынын курттап кеткени тууралуу улуу аалым Алауддин-и Аттар хазреттери дагы билдирген. (С. Абадиййа) |
www.islamdini.kg |