Таваккул (тобокел) деген эмне? (1)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jun 1, 2026, 5:00:36 AMJun 1
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Таваккул (тобокел) деген эмне? (1)

 

Аллаху таалага жакындагандардын өтө турган тепкичтин бири бул – таваккул. Анын даражасы өтө жогору. Ал эми, таваккулду үйрөнүү өтө кыйын. Аны орундоо андан да кыйын. Анткени, кимде-ким иштеринде Аллаху тааладан башка бирөөнүн таасири боло тургандыгына ишенсе, ал адамдын таухидинде (бир Аллахка ишенүүсүндө) кемчилик бар. Эгерде эч кандай себеп керек эмес деп айтса, Ислам дининен чыгат. Эгерде себептерди арага кою кажет эмес десе акылга да кайчы болот. Эгер кажет десе себептерге таваккул кылган болуп, бул болсо, таухидде кемчилик болот. Демек, таваккулду акылга, Исламга, ары таухидге ылайык түшүнүш керек. Ал үчүн терең илим кажет.

Таваккулдун фазилети: Аллаху таала бардык адамдарга таваккул кылууну буюрган. "Таваккул – ыймандын шарты”, - деген аят ушул буйруктардын бири. "Маида” сүрөсүнүн 23-аятында: "Эгер ыйманыңар бар болсо, Аллаху таалага таваккул кылгыла!”, "Ал-и Имран” сүрөсүнүн 159-аятында: "Аллаху таала таваккул кылгандарды албетте сүйөт”, - деп билдирилген. "Талак” сүрөсүнүн 3-аятында: "Ким Аллаху таалага таваккул кылса Аллаху таала ага жетиштүү болот”, - деп билдирилген. Ушундай маанидеги көптөгөн аяттар бар.

Расулуллах мындай деген: "Үммөтүмдүн бир бөлүгү мага көрсөтүлдү. Алардын өтө көп экендигине таң калып, кубандым. "Кубандыңбы?” - деп сурады. "Ооба”, - деп айттым. "Булардын бир гана жетимиш миңи сураксыз Бейишке кирет”, - деп айтты. "Алар кимдер?” - деп сураганымда: "Иштерине сыйкыр, пал сыяктуу нерселерди аралаштырбай, Аллаху тааладан башкага таваккул кылбагандар, Аллахтан башкага таваккул кылбаган, сүйөнүп ишенбегендер”, - деп жооп берди”. Угуп отургандардын ичинен Укаша «радыйаллаху анх» туруп: "Йа, Расулуллах! Дуба кылыңыз, мен дагы ошолордун бири болоюн”- дейт. Расулуллах: "Йа, Раббим! Муну ошолордун катарына кош!” - деп дуба кылат. Дагы бирөө туруп ошондой дуба тилегенде, Расулуллах ага: "Укаша сага караганда ылдамыраак аракет кылды”, - дейт.

Бир хадисте: "Аллаху таалага толук таваккул кылсаңар, куштарга ырыскы бергени сыяктуу силерге дагы жиберер эле. Куштар таң эртең ачка чыгышат. Кечинде болсо тоюп кайтышат”, - деп билдирилген. Дагы бир хадиси шарифте: "Кимде-ким Аллаху таалага сүйөнсө, Аллаху таала анын бардык иштерине жардам берет. Күтпөгөн жерден ага ырыскы жиберет. Кимде-ким дүнүйөсүнө ишенсе аны дүнүйөсү менен жалгыз калтырат”, - деп кабар берилген. Капырлар Ибрахим алейхиссаламды отко ыргытабыз деп жатканда: "Хасбияллаху ва нимал вакил (Мага Аллахым жетет. Ал эң жакшы камкор - өкүл)”, - дейт. Отко түшкөн кезде Жабраил алейхиссалам келип: "Тилегиң барбы?” - деп сурайт. Ал: "Бар, бирок, сенден эмес”, - деп жооп берет. Ошентип "хасбиаллах” сөзүндө тургандыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу "Ваннажми” сүрөсүнүн: "Сөзүнө турган Ибрахим”, - деген аяты менен макталган. Аллаху таала Давуд алейхиссаламга: "Ким бардык нерседен үмүтүн үзүп, бир гана Мага ишенсе, жер бетиндеги жана асмандагы бардык нерсе ага каршы чыкса, зыян келтирүүгө аракет кылса да Мен аны куткарамын”, - деген аятты жиберет.

Улуу олуя Ибрихим Эдхем (куддиса сиррух) бир поптон: "Кантип күн көрүп жүрөсүң?” - деп сураганда, поп: "Кайдан жибериле тургандыгын ырыскы берүүчүдөн сура, мен билбейм”, - деп жооп берет. Бир адамдан: "Күн бою Аллахка ибадат кыласың, эмне жеп-ичесиң?” - деп сурайт. Ал жооп катары тишин көрсөттү. Башкача айтканда: "Тегирменди жасаган анын суусун да жиберет”, - демекчи болгон… 




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages