Кыямат жана Акырет - 348

0 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Mar 6, 2020, 11:40:11 PM3/6/20
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

ВАХХАБИЛИКТИН БАШТАЛЫШЫ ЖАНА ЖАЙЫЛУУСУ (33)

 

БИР КАТТЫН КОТОРМОСУ (4) 

Ибни Абиддуния Амр бин Жарирден (рахима-хумуллаху таала) накыл кылып айтат: “Бир адам акыретке кеткен бир дин боордошу үчүн дуба кылса же жакшы амал кылса жана булардын сообун ага багыштаса, бир периште бул соопторду ошол мейитке алып барып: “Досторуңан баланча киши муну сага жиберди”, - деп айтат.” Имам Муслимин (рахима-хумуллаху таала) Абу Хурайрадан (радыяллаху таала анх) накыл кылган ыйык хадисте: “Бир момун кайтыш болгондо бардык амалдары бүтөт. Жалгыз үч амалы бүтпөстөн булардын сообу амал дептерине жазыла берет. Бул үч амал: садака-и жариййа, башкача айтканда, токтобогон жакшы иштери жана пайдалуу китептери жана ага жакшы дуба кылуучу салих перзенттери”, - деп айтылган. Бардык момундарга багышталган дубалар жана сооптор алардын бардыгына жетип барат. Бир адам бир момундун кабырына барып, ага салам бере турган болсо, кабырдагы мейит угуп, саламына жооп берет, өзү билген адам болсо, аны тааныйт. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) кабырларды зыярат кылууну жана кабырдагыларга салам берүүнү буйрук кылды. Абдуллах ибни Аббас (радыяллаху анхума) тарабынан билдирилген ыйык хадисте: “Бир адам өзү тааныган бир момундун кабырын зыярат кылып, ага салам берсе, ал аны тааныйт жана саламына жооп берет”, - деп айтылды. Башка бир ыйык хадисте: “Бир адам дин боордошунун кабырын зыярат кылып, кабырынын жанында отурса, мейит сүйүнөт”, - деп айтылды.

Бир момун Пайгамбарыбызга (саллаллаху таала алейхи васаллам) бир салават-и шарифа окуса, периштелер ошол салаватты алып, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга билдиришет. Ыйык хадисте: “Аллаху тааланын жер жүзүндө кыдырып жүргөн периштелери бар. Үммөтүмүн мен үчүн окуган салаватын мага билдиришет” жана“Эгер бир адам мага салават окуса, анын салаваты мага дароо билдирилет”, - деп айтылган. Бул эки ыйык хадис “Кээ бирлерин периште билдирет, кээ бирлерин мен угамын” деген сөз. Равда-и мукаддасанын жанында окулган салават жана саламды өзү угуп, саламына жооп бергендигин билдирген көп ыйык хадистер бар.

Пайгамбарлардын (алейхимуссалату вассалам) куттуу денелери чирибейт. Муну билдирген өтө көп ыйык хадис бар. Бир ыйык хадисте: “Пайгамбарлар кабырларында тирүү”, - деп айтылган. Кээ бир аалымдар шейиттер да чиришпейт деп айтышкан. Имам Куртуби (рахматуллахи алейх): “Кыйынчылыктарга, дарттарга сабыр кылган момундардын жана Ислам өкүмдөрүнө моюн сунган салихтердин денелери чирибейт”, - деген. Күнөө кылбаган дене чирибейт. Илими менен амал кылган аалымдардын жана (күнөө кылбаган, бидатчы болбогон) хафыздардын жана азанчылардын, олуялардын (каддасаллаху таала асрарахул азиз) денелери чирибейт. Атүгүл, алардын кепендерине да топурак таасир этпейт. Башкалардын денелери чирийт. Бир ыйык хадисте: “Ар мейиттин денесин топурак чиритет. Жалгыз куймулчак деп аталган сөөк чирибейт”, - деп айтылды.

[Мухаммед Куртуби 671 (м.1272) жылы кайтыш болгон.]

[Лакани 1041 (м.1632)-жылы кайтыш болгон.]

(Уландысы бар...)


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages