Ахли сүннөт акыйдасы (ишеними) (4)

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Aug 1, 2026, 5:27:02 AMAug 1
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Ахли сүннөт акыйдасы (ишеними) (4)

 

Мүнөз өзгөрөт. Жакшы мүнөздүү болууга аракет кылуу керек. Адамдын акыретте ыймандуу болуп-болбой тургандыгы анын акыркы деминде белгилүү болот. Алтымыш жыл капыр болгон адам өлүмүнөн аз убакыт мурда мусулман болсо, акыретте момун (ыймандуу) болуп тирилет. Пайгамбардан жана Бейишке бара тургандыгы билдирилген адамдардан башка эч кимди Бейиштик деп айтууга болбойт. Анткени, жан чыгаарда жагдайдын кандай боло тургандыгы белгисиз. Ыймандуу киши кайтыш болгондон кийин артында кайрымдуу иштери калган болсо, пайдалуу китептери калса, балдары жакшы болуп ага дуба кылышса, ал кишиге сооп жазылат. Адам өлгөндөн кийин анын жакшылык (сооп) жана жамандык (күнөө) дептери жабылбайт. Асхабы кирамдан Саад бин Убада (радыяллаху анх): "Йа, Расулаллах! Энем кайтыш болду. Ага кандай жакшылык кыла алам?” - деп сураганда, Пайгамбарыбыз: "Адамдарга суу садака кылуу, таратуу жакшы болот”, - деп айткан. Дуба кылып, сооп багыштаган кезде момундардын баарынын рухтарына багыштоо керек. Ал баарына жетип барат. Дуба – кырсык жана жамандыктардан сактайт. Садака берүү Аллаху тааланын азабын жумшартат. Ооруп жаткан адамдын ажалы жетпеген болсо даба таап бутуна туруусуна себеп болот. Аллаху таала дуба кылбагандарды жактырбайт.

Ар бир мусулмандын ишеним (итикад) жана амалдагы өз мазхабын үйрөнүүсү важиб. Мазхаб – жол деген сөз. Курани каримде жана хадистердеги жабык маанилүү маалыматтарды мужтахид аалымдар ижтихад кылуу аркылуу чыгарат. Ишенимдеги мазхабыбыз – ахли сүннөт вал жамаат мазхабы. Бул – Расулуллахтын сахабаларынын жана жамаатынын ишеними жана ыйманы дегенди билдирет. Сахабалардын бардыгы мужтахид. Алар Ислам дининин нуру. Мусулмандардын имамдары – алардын жол башчылары жана кармана турган далилдери. Алардын жолунан тайгандар Тозокко барат. Ахли сүннөт тобунун эки имамы бар:

1. Абу Мансур Матуруди (рахматуллахи таала алейх). Ал Имам Азам Абу Ханифанын (рахматуллахи таала алейх) мазхабында жетилген улуу аалым. Ханафи аалымдары итикадда, башкача айтканда, ишенимде анын мазхабында, жолунда.

2. Абул Хасан Ашари (рахматуллахи таала алейх) – Шафии мазхабындагы аалымдардын улуусу. Бул эки мазхаб арасында өтө аз айырмачылык бар.

Азыркы учурда ижтихад аркылуу шариат өкүмүн чыгара ала тургандай жогорку илимдүү мужтахид аалым жок. Ошол себептен ар бир мусулман белгилүү төрт мазхабдын бирин "Илмихал” китебин окуп үйрөнүп, ыйманын жана бардык иштерин ага ылайык орундоого тийиш. Ошентип бир мазхабды карманган болуп эсептелет. Төрт мазхабдын эч бирин карманбаган адам ахли сүннөт боло албайт. Мазхабсыз болот. Мазхабсыз адам же 72 адашкан топтун бирине түшөт же болбосо ыйманынан да ажырап күфүргө түшөт.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages