islamd...@gmail.com |
Шапаат
Махшар күнүндө шапааттын боло тургандыгы чындык. Тообо кылбай кайтыш болгон мусулмандардын чоң-кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн пайгамбарлар, олуялар, такыбаалуу кишилер, периштелер, Курани карим, Аллаху таала тарабындан уруксат берилген башка кулдары да шапаат кылышат жана шапааттары кабыл кылынат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи вассаллам) бир хадисинде: "Үммөтүмдүн ичинен чоң күнөө кылгандарга шапаат кыламын”, - деп айткан. Беш түрдүү шапаат бар. Биринчиси: Кыямат күнү махшарда адамдын көптүгүнөн, көп күтүүдөн чарчаган күнөөлүүлөр ызы-чуу салышып, тезирээк эсептин башталуусун каалашат. Эсептин тезирээк башталуусу үчүн шапаат кылынат. Экинчиси: Сурактын, эсепке тартуунун оңой жана тез болуусу үчүн шапаат кылынат. Үчүнчүсү: Күнөөсү бар мусулмандардын Сыраттан Тозокко кулабоосу, Тозок азабынан коргонуулары үчүн шапаат кылынат. Төртүнчүсү: Күнөөсү көп мусулмандардын Тозоктон чыгарылуулары үчүн шапаат кылынат. Бешинчиси: Бейиште чексиз нематтар берилип, тубөлүк кала турган жер болсо да, ал жердеги лаззаттар бөлөк-бөлөк сегиз даражада болот. Ар бир кишинин даражасы, орду ыйманы жана амалдарынын санына байланыштуу болот. Бейиштегилердин даражаларынын көтөрүлүүсү үчүн дагы шапаат кылынат. |
www.islamdini.kg |