Жиндер тууралуу

4 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Oct 8, 2025, 4:12:42 AMOct 8
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Жиндер тууралуу

 

Жиндин бар экенинен күмөн саноо адамдын мусулманчылыктан чыгуусуна себеп болот. Башкача айтканда, жиндердин бар экенине ишенбеген адам мусулман эмес.

Жиндер аба менен оттон жаратылган. Оттун жалыны көрүнбөйт. Курамындагы катуу молекулалар ысыкта жалтырап көрүнөт. Ошондуктан, жиндер көзгө көрүнбөйт. Жалын экиге бөлүнөт: "зулманий” жана "нураний”. Экөөнү тең көз менен көрүү мүмкүн эмес. Зулманий жалындан жиндер, нураний жалындан периштелер жаратылган. Топурактан (ар түрдүү элементтерден) жаратылган адамдагы элементтердин органикалык түрлөргө кире турганы сыяктуу, периштелер менен жиндердеги оттун да түрү өзгөрүп, каалаган бир сыпатка кире алат.

Жиндердин да мусулманы жана капырлары болот. Периштелер менен жиндер жаратылышы жагынан бир-бирине жакын. Периштелер кадырлуу, ал эми жиндер кадырсыз. Периштелерде жарык жагы, ал эми жиндерде от жагы басымдуулук кылат. Периштелердин жиндерге жакындыгы адамдын жаныбарларга болгон жакындыгына окшош. Адамдардын улуулары периштелерден кадырлуу, жиндер да жаныбарлардан кадырлуу болуп эсептелет. Философтордун бир тобу жана Кадария сектасындагылардын (тагдырды адам жаратат деп ишенгендердин сектасы) кээ бир өкүлдөрү жин менен шайтанга ишенишпеди. Ошондуктан, алар Ислам дининен чыгышкан.

Курани каримдин "Зарият” сүрөсүнүн 56-аятында: "Адамдарды жана жиндерди Мени таанып, кулчулук кылуулары үчүн жараттым”, - деп билдирилген. "Ар-Рахман” сүрөсүнун 74- аятында жиндердин Бейишке бара тургандыгы тууралуу айтылат. Башкача айтканда, мусулман жиндер Бейишке барат. "Ар-Рахман” сүрөсүнүн 31-аятындагы "Сакалейн” сөзү да "Эй, адамдар менен жиндер” дегенди билдирет. "Нас” жана "Жин” сүрөлөрү да жиндердин бар экенин ачык түрдө далилдөөдө. Жиндин бар экенин көрсөткөн аяттарды башка мааниде чечмелегендер Ислам дининен чыгат. Жиндер тууралуу Сеййид Абдулхаким Арвасинин "Кашкул” китебинен алынып, "Саадат-и Абадиййа” китебинде кеңири маалымат берилген.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages