Бейиш жана Тозок (3)

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jan 13, 2026, 6:14:42 AM (7 days ago) Jan 13
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Бейиш жана Тозок (3)

 

Аллаху таала: "Эй, Малик! Буларды биринчи Тозокко жибер”, - деген буйрук келет. Тозок аларды ичине алайын дегенде алар: "Лаа илаха иллаллах”, - деп кыйкырышат. Тозок бул сөздү укканда беш жүз жылдык алыска качат. (Бир нерсенин көптүгүн билдирүү үчүн чоң сандар менен сыпаттоону Арабстанда адат экендиги Ибни Абидиндин "Радд-уль-мухтар” китеби "ал-хазар вал ибаха” бөлүмүндө жазылган. Башкача айтканда, диний адабияттардагы сандар анык өлчөмдөрдү эмес, көптүктү билдирет.) Дагы бир үн угулат: "Эй, Тозок! Буларды ал! Эй, Малик! Буларды биринчи кезекте Тозокко ташта!” Ошол кезде күндүн күркүрөгөнүндөй бир добуш чыгат. Тозок алардын жүрөгүн өрттөмөкчү болгондо Малик ага кедерги болуп: "Эй, Тозок! Ичинде Курани карим бар, ыймандын мекени болгон жүрөктү күйгүзбө! Рахман болгон Аллахка сажда кылган маңдайды күйгүзбө!” – деп айтат. Ошол бойдон бул коом Тозокко ташталат. Ошол кезде Тозоктон бир адамдын башкалардан да катуураак үн менен кыйкырып ыйлаганы угулат. Аны Тозоктон чыгарат. Анын териси эле күйүп үлгүргөн болот. Аллаху таала андан: "Сага эмне болду? Эң көп кыйкырып ыйлаган сенсиң?” – деп сурайт. Ал: "Эй, Раббим! Мени эсепке тарттың. Сенин ырайымыңан алиге чейин үмүт үзгөн жокмун. Сенин мени уга тургандыгыңды билем. Ошондуктан, кыйкырып ыйладым”, - деп айтат. Алаху таала: "Кимде-ким Аллаху тааланын ырайымынан үмүтүн үзсө ал адашкан адам”, - деген маанидеги "Хижр” сүрөсүнүн 56-аятын көрсөтүп: "Бар, сени кечирдим”, - дейт.

Акыреттин таң калардык жагдайы – ар бир адамды Аллаху таала эсепке тартат. Ар бир адамдын сооптору менен күнөөлөрү тартылат. Ар бир адам ошол кезде Аллаху таала бир гана өзүнүн эсеби менен алектенип жатат деп ойлойт. Бирок, Аллаху таала бир убакыттын ичинде санын өзүнөн башка эч ким билбеген көп адамды эсепке тартат.

Ал жерде кээ бир адамдар кээ бирөөлөрдү көрбөйт. Бири экинчисинин сөзүн укпайт. Балким, ар бири Жараткандын пардалары астында болоор. Кандай чоң кудурет! "Лукман” сүрөсүнүн 28-аятында: "Силердин дүнүйө жана акыретте жаратылууңар бир дем алгандай убакытта жүзөгө ашат”, - деп айтылат. Аллаху тааланын бул сөзүндө сырлар бар, бул – мекенсиздик жана убакытсыздык сыры. Анткени, Аллаху тааланын иштеринде чек менен кедерги жок. Аракеттеринин эч бири башка иштерди жасоосуна кедерги боло албайт.

Ал кезде адам өзүнүн баласына: "Эй, балам! Мен сени кийинттим, жедирдим, ичирдим. Сага динди, ыйманды үйрөттүм. Сени Куран окутуп үйрөтүүчү устазга бердим. Бирок, кыяматтын азабын көрүп турасың. Күнөөмдүн көп экенин да билесиң. Ошонун биразын сен жүктөн. Күнөөм азайсын. Мага бир сооп бер. Сообум оор бассын”, - деп айтат. Баласы андан качып: "Ошол бир соопко мен сенден дагы көбүрөөк муктаж болуп турам”, - деп айтат.

Ушундайча, бала менен эненин арасында, күйөөсү менен аялынын арасында ошол сыяктуу ангемелер болуп өтөт. Мына, Аллаху таала "Абаса” сүрөсүнүн 24-аяты аркылуу ошону кабарлайт: "Ал күндө адам бир тууганынан, эне өз баласынан качат”.


(Уландысы бар...)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages