Кыяматтын чоң белгилери (2)

0 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jan 22, 2026, 2:04:34 AMJan 22
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Кыяматтын чоң белгилери (2)

 

5-    Яжуж жана Мажуж коому чыгат.

Курани каримде мындай делинген:

«Яжуж менен Мажуждун дубалы кулап, алар ар бир дөбөдөн агылып келет.» (Анбия, 96)

 Хадиси шарифте болсо мындайча билдирилген: «Яжуж менен Мажуж коому кыяматтын алгачкы белгилеринин бири болот.» (Ибни Жарир)

6-    Дүнүйөнү түтүн каптайт.

Курани каримде:

«Асмандан түтүн чыга турган күндү күткүлө!» - делинген. (Духан, 10) 

Хадиси шарифте мындай делинет:

«Түтүндүн таасири мусулмандарга тумоо сыяктуу жеңил, ал эми капырларга өтө оор тийет.» (Абу Давуд)

7-    Күн батыштан чыгат.

Хадиси шарифте мындай делинген:

«Күн батыштан чыкмайынча кыямат болойт. Ал кезде бардык адамдар ыйман келтирет. Бирок, ыймандары өздөрүнө пайда бербейт.» (Бухари, Муслим)

Курани каримде мындай делинген:

«Раббиңдин кээ бир аяттары (белгилери) келген күнү мурунтан ыйман келтирбеген же ишенимде бир жакшылык сурабаган адамдын ыйманы ал күнү пайда бербейт.» (Анъам, 158)

Аалымдар бул аяттагы белгилердин бири – күндүн батыштан чыгуусу деп билдиришкен. Жогорудагы хадиси шариф дагы муну көрсөтүүдө.

8-    Өрт чыгат.

Хадиси шарифте мындай делинди:

«Хижаздан чыккан өрт Басрадагы төөлөрдүн моюндарын жаркыратат.» 

9-    Жерлер чөгөт.

Хадиси шарифте мындай делинген:

«Чыгыш менен батышта жана жазиратул-арабда жердин чөгүүсү, батуусу көрүлөт.» (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибни Мажа)

10- Кааба кулатылат.

Хадиси шарифте мындай делинген:

«Кара тукумдуу адам каабаны кулатат. Дал азыр анын кара колдору менен Каабанын таштарын бирден-бирден бузуп жатканын көрүп турамын.»  (Бухари, Муслим)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages