Илимден бир тамчы - Рамазан айы жакындаганда

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Mar 30, 2022, 2:43:29 AM3/30/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Рамазан айы жакындаганда

 

Башталышына кыска убакыт калган Рамазан айын урматтоого тийишпиз. Урматтоо үчүн Аллаху тааланын буйруктарын орундап, тыюуларынан сактанууга тийишпиз. Орозо кармап, ушак айткан, жалган сүйлөгөн, адамдарды таарынткан, арамдардан сактанбаган адам Рамазан айын урматтабаган болуп саналат. Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулат:

"Абайлагыла. Рамазан айындагы сооп менен күнөөлөр эсе-эсе жазылат. Рамазанда көп намаз окугула. Көп Курани окугула. Анткени, Рамазанда окулган Курани Каримдин ар бир тамгасы үчүн Аллаху таала Бейиш бакчаларынан бир бакча берет.”

"Рамазанды урматтоо керек. Анын ырайымдуулугу момундарды кубантат. Анын алгачкы күндөрү ырайымдуулук, ортосу кечирим жана соңу Тозок отунан кутулуу.”

"Эгер кулдар Рамазан айындагы жакшылыктарды билгенде жылдын бардык айынын Рамазан болуусун каалашмак. Анткени, анда көп сооп бар.”

"Рамазан айында бир күнөө кылган адам эки азап алат. Рамазанда бир жакшылык кылган адам эки сооп алат.”

"Рамазан айынын күндүзү менен түнүндө Курани каримден бир аят окуган адамга ар бир тамгасы үчүн бир шейиттин сообу берилет.”

"Рамазанды урматтаган адам Аллаху тааланы урматтаган болот.”

"Аллаху таала Рамазан айында күнөө кылбаган адамдын он бир айлык күнөөсүн кечирет.”

"Рамазан айт күнү периштелер жолдун четинде турушуп, айт намазына бара жаткан адамдарга мына бул нерсени сүйүнчүлөшөт: "Эй, момундардын коому! Силерге жакшылыктар, мол нематтар бере турган ырайымдуу Раббиңерден тилегиле! Анткени, Ал силерге түндү ибадат менен өткөрүүнү буйрук кылды, силер орундадыңар. Ал силерге күндүз орозо кармоону буйрук кылды, силер кармадыңар. Ал силерге Раббиңерге баш ийүүнү буйрук кылды, силер баш ийдиңер. Андай болсо, алардын жообун алгыла!” Намаздан кийин бир периште мындай дейт: "Билип алгыла, эй момундар. Бүгүн күмөнсүз сый кайтаруу күнү, күнөөлөрдөн кутулуу күнү жана айыптардан тазаруу күнү.”


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн:  

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages