Илимден бир тамчы

40 views
Skip to first unread message

islamdini.kg

unread,
Oct 24, 2013, 1:43:13 AM10/24/13
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Ыйман дубасы

Хадис аалымдарынан Мухаммед Тирмизи айтат: "Кимде-ким таң намазынын сүннөтү менен фарзы арасында бул дубаны ичинен окуса ыйман менен кайтыш болот: Йа хаййу йа каййуму зал жалали вал икрам. Аллахумма инни ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика абадан йа Аллах, йа Аллах, йа Аллах жалла жалалух”.

Расулуллах (алейхиссалам) айтат: "Эй, үммөттөрүм жана сахабаларым, таңда туруп мына бул дубаны окугула: Субханаллахи ва бихамдихи субханаллахил азим”. Бул дуба ошол күндөгү күнөөлөргө каффарат (күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп) болот.

Дагы бир хадиси шарифте: "Кимде-ким бул дубаны күнүнө он жолу окуса, Аллаху таала ал адамга кырк миң сооп жазат: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лаху илахан вахидан самадан лам йаттахиз сахибатан ва ла валадан валам йакун лаху куфуван ахад”, - деп билдирилген.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айтат: "Катышкан мажлисиңерден (чогулуш) чыгаарда мына бул дубаны окугула: Субханака аллахумма ва бихамдика, ашхаду ан ла илаха илла анта вахдака ла шарика лака ва астагфирука ва атубу илайка. Ошол мажилистеги күнөөлөр кечирилет”.

Жүрөктү өлтүрбөө (сезимсиз, таш жүрөк кылбоо) үчүн мына бул дубаны оку! Бул дубаны Расулуллах осуят кылган: "Йа хаййу, йа каййум йа бадиассамавати вал арди йа зал жалали вал икрам, йа ла илаха илла анта ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика йа Аллаху йа Аллаху йа Аллаху жалла жалалух”.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам кайтыш болоор кезинде бул дубаны окуган: "Субханаллахи ва бихамдихи астагфируллаха ва атубу илайх”.

Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com
header.jpg

islamdini.kg

unread,
Oct 25, 2013, 12:02:41 AM10/25/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Жыл бою орозо кармаган болуу

Суроо: Эң аз бирге он сооп бериле тургандыктан Рамазан айында бир ай орозо кармаган адам 300 күн, Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам 60 күн орозо кармаган сыяктуу боло тургандыгы б.а., жыл бою орозо кармаган болуп эсептеле тургандыгы айтылууда. Фарз болгон Рамазан орозосу менен нафил болгон Шаввал айынын орозосу бирдей болмок беле?

Жооп

Ар айда үч күн орозо кармаган адамдыкы да жыл бою орозо кармаган сыяктуу эсептеле тургандыгы китептерде билдирилүүдө. Бул жерде фарз болгон Рамазан айы орозосу менен нафил орозо салыштырылган жок. Жыл бою орозо кармагандыгы эмес, өкүмү боюнча орозо кармаган сыяктуу эсептеле тургандыгы билдирилүүдө. Антпесе, өмүр бою нафил орозо кармаса да Рамазан айында кармалган бир күндүк орозонун сообуна жетпейт. Эч кандай себепсиз Рамазан айында бир күн орозо кармабаган адам өмүр бою нафил орозо кармаса, Рамазан айындагы бир күндүн сообун таба албайт. Жада калса, орозо айындагы фарз болгон орозосунун казасын орундагандан кийин ар күнү орозо кармаса, Рамазан айында кармалган бир күндүк орозонун сообуна жете албайт. Казасын орундаганда бир гана карызынан кутулган болот. Рамазан айында кармаган сыяктуу сооп таба албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Рамазан айында бир күн орозо кармабаган адам анын ордуна жыл бою орозо кармаса, ал бир күндүк орозонун сообуна жете албайт.” [Тирмизи]

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Oct 26, 2013, 1:43:57 AM10/26/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Бардык жамандыктардын жалгыз дарысы

Суроо: Чоң күнөөлөрдөн кутулуунун чарасы барбы?

Жооп

Бардык жамандыктардын жалгыз дарысы бар. Бул дары Курани каримде ачык билдирилүүдө. Бул дарыны колдонгон ар бир мусулман көнүмүш болуп калган чоң күнөөлөрдөн сөзсүз кутулат. Анкебут сүрөсү 45-аятында: "Намаз мункар жана фахштан [адепсиздиктен, акылга сыйбаган жана динге туура келбеген, баңгизат, ичкилик, зина, ливата сыяктуу ар түрлүү жамандыктардан] кайтарат.” деп билдирилди.

Бир жаш жигит намаз окучу, бирок, ар түрдүү жамандыктарды да кылчу. Бул жаш жигиттин абалы тууралуу Расулуллахка билдиришти. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бир күн келет, намаз аны башка күнөөлөрдү кылуудан кайтарат”,- деп айтты. "Харам иш кылып жаткан болсо, намаз окубасын” деп айтпады. "Намаз окууну улантсын”, -деди. Арадан көп убакыт өткөн жок. Ал жаш жигит күнөөлөрүнө тообо кылды, жакшы абалга ээ болду. Ошондуктан, сөзсүз намаз окуу зарыл!

Намаз окуунун пайдалары абдан чоң. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Бейиштин ачкычы – намаз.” [Дарими]

"Намаз окуган адам Кыяматта кутулат, окубаган адам куруйт.” [Табарани]

"Намаз Аллаху таала жактырган амалдардын эң фазилаттуусу. Сыраттан чагылган сыяктуу өткөрөт. Ыймандын башы жана Тозоктон куткаруучу.” [Мифтах-ул-Жанна]

"Аллаху таала беш маал намазды фарз кылды. Кемчиликсиз орундаган адамды Бейишке киргизе турганын убада кылды. Намаз окубаган адамга эч кандай убадасы жок. Мындай адамга кааласа азап берет, кааласа Бейишке киргизет.” [Абу Давуд]

"Мусулман адам намаз окуганда күнөөлөрү башынын үстүнө коюлат. Ар сажда кылганда башынан төгүлөт. Намазды окуп бүткөндө эч бир күнөөсү калбайт.” [Табарани]

"Момун Аллах ыраазычылыгы үчүн намаз окуганда бактан жалбырактардын төгүлгөнү сыяктуу күнөөлөрү төгүлөт.” [И. Ахмед]

"Ар намаз убактысы келгенде периштелер: "Эй, адамдар! Күнөөңөрдөн улам пайда болгон отту намаз окуп өчүргүлө!” – деп айтышат.” [Табарани]

Бир адам: "Ыйман келтирип, намаз окуп, зекет берип, орозо кармап жана башка ибадаттарды орундасам кимдерден болом?” –деп сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Сыддык жана шейиттерден болосуң” – деп жооп берди. [Баззар]

Намазды окубай таштап коюунун жазасы

Намаз окуу ушундай чоң бир ибадат болгондуктан окубай таштап коюу да өтө чоң күнөө. Ханбалиде намазды окубай таштап койгон адам куфурга киргендиктен, Шафии жана Маликиде чоң күнөө кылган болуп саналгандыктан жазасы катары өлтүрүлөт.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Кыяматта кулдан биринчи сурала турган ибадаты намаз. Намаз толук болсо, башка амалдар кабыл кылынат. Намаз толук болбосо, эч бир ибадаты кабыл кылынбайт.” [Табарани]

"Намаз окубаган адам Кыяматта Аллаху тааланы ачуулуу түрдө көрөт.” [Баззар]

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Oct 28, 2013, 12:22:41 AM10/28/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Харамдан садага берилеби?

Суроо: Харамдан садага берилсе эмне болот?

Жооп

Харамдан садага берилсе, алган кедей да харамдан экенин билип туруп, садаганы берген адамга "Аллах ыраазы болсун” же "Аллах кабыл кылсын” десе жана берген адам да "Амин” деп айтса, экөө тең куфурга кирет.

Бир адамдын колундагы мал-мүлктүн харам мал-мүлк экени билинмейинче уурдалган же кумардан алынган болсо дагы колундагы бул мал-мүлктүн анын халал мүлкү деп кабыл кылынат. Муну бергенде мулк-и хабис болсо дагы алуу жаиз болот. Берилген нерсенин харамдан экени анык билинсе, ошондо гана алуу жаиз болбойт.

Харамдан табылган мал-мүлктү хадийа (белек) кылып берүү жаиз болбойт. Харамдан табылганын билген адамдын дагы аны алуусу жаиз эмес. Колуна харам мал-мүлк, мисалы, акча түшкөн адам муну ээсине кайтарып берүүсү зарыл. Ээси табылбаса, бир кедейге садага кылып берүүсү керек. Башка жерге берүү күнөө болот. Бул мал-мүлктү алуу кедейден башка адамга жаиз болбойт. Жалгыз мураскордун гана харам мал-мүлк экенин билсе дагы мурасты алуусу жаиз болот. Садага катары бир кедейге берген болсо, ал кедей харам мал-мүлктү өзүнө хадийа кылса, муну өзү дагы колдоно алат.

Мал-мүлкүнүн көбү халал деп эсептелген адамдын берген хадийасын алуу жаиз болот. Мал-мүлкү харам болсо жаиз болбойт.

Ылай суу таза деп кабыл кылынат. Себеби, суунун өзү таза болуп саналат. Нажис (ыплас) экендиги болсо күмөндүү. Табышынын көбү харамдан болгон адамдын берген мал-мүлкүнүн харамдан экени анык билинмейинче бул мал-мүлктү алуу харам болбойт, макрух болот. Мал-мүлкүнүн көбү халал болгон адамдын хадийасын алууга болот. Көбү харам болсо халал деп бергендерин алууга болот. Берип жатып эч нерсе дебеген болсо, изилдеп көрүп, эмне пикирге келсе, ошого ылайык амал кылат.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Oct 29, 2013, 1:03:39 AM10/29/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Зекет качан берилет?

Суроо: Зекет качан берилет?

ЖООП

Зекет фарз болгондон кийин берилет. Нисабга жеткен адам бай болгон убагын камерий айга карата бир жерге жазат. Мисалы, 3-Ражабда бай болгон болсо бир жылдан кийин 3-Ражабга келгенде дагы нисаб өлчөмүндө акчасы жана соода мал-мүлкү болсо зекетин берет. Рамазан айын күтпөйт.

Күнү келе электе да зекетин берүүнүн коркунучу жок, өтө жакшы болот, жада калса, келе турчу бир нече жылдын зекетин алдын ала берүу дагы жаиз. Зекетин жаңылыш эсептеп, бир алтын берүүсү керек болгон жерде эки алтын берген адам муну билген кезде экинчи жыл бере турчу зекеттен ушул бир алтынды кемитсе болот.

Зекетти шашылбастан бир жыл ичинде бериш керек деген аалымдар болгону менен тездетип эрте берүү важиб. Себепсиз кечиктирүү макрух болот. Шафии жана Маликиде зекет фарз болгондо дароо берүү фарз. Хадиси шарифте: "Зекет берүүдө шашылгыла!” - деп буюрулду. (Ибни Маже)

 

Суроо: Зекет Рамазан айында гана берилеби?

ЖООП

Динде ар бир бай болуп эсептелген адамдын зекет берүү айы жана күнү ар кандай болот. Рамазан айын күтпөйт. Эгер Шаввалдын 23дө бай болгон болсо келерки жылдын Шаввалынын 23дө зекет берет. Шавваль айы келе электе Рамазан айында берсе да болот. Бирок, Шавваль айынын 23дө кайрадан мал-мүлкүн эсептейт. Аз берген болсо үстүнө толуктайт. Көп берген болсо артык бергени нафил болот. Б.а., зекетти күнү келе электен мурда берсе да жаиз. Бирок, ошол күн келгенде кайрадан эсептеш керек.

Суроо: Бир устаз: "Зекет бир гана Рамазан айында берилет. Майрамдан мурда бериш керек. Майрамдан кийинкиге таштоого болбойт”, - деди. Зекет күнү толо электер эмне болот?

ЖООП

Бир жаңылыштык бар. Балким фытыр садаканы айткан чыгар. Ар кимдин зекет берүү убактысы ар кандай болот.

Суроо: Мал-мүлкүбүз нисабга жеткенден кийин бир жыл толгондо дароо зекетин берүү жаизби? Бүгүн же эртең зекет берем деп жатып өлсө мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн бериш керекпи?

ЖООП

Зекетти фарз болоору менен дароо бериш керек эмес. Берүүдөн мурда кайтыш болгон болсо мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн берилбейт. Кээ бир аалымдарга карата зекетти кечиктирүү макрух болуп саналат, биринчи мүмкүнчүлүк болор замат берүү керек.
Суроо: Бай болгон күнүбүз белгилүү болбосо, б.а., эстей албасак зекетти качан беришибиз керек?

ЖООП

Кайсы болжол басымдуу ойлонулган (занн-ы галиб кылынган) болсо ошого карап бир убакыт кабыл кылынат. Мындан кийин ошол убакыт негиз кылып кабыл алынат.

Суроо: Нисаб убактым 1-Рамазан. Колумда бар болгон мал-мүлкүм нисаб өлчөмүмдөн ашууда. 1-Рамазан күнү кайсы сааттан тарта зекет мага фарз болот?

ЖООП

Шари күн имсак менен башталат. Имсак убактысынан тарта зекет сизге фарз болот.

Суроо: Зекет бере турган күнү түш ченде акчамды же алтынымды уурдатсам имсак убактысынан кийин зекет берүү мага фарз болгондуктан зекет өлчөмүн кийинирээк колго тийген кезде төлөшүм керекпи?

ЖООП

Жок. Өзүңүз жок кылбагандыктан берүүңүз керек эмес.

Суроо: Зекет күнү келип зекетин бербеген адам кийин кедей болуп, колунда эч акчасы калбаган адамдын зекет карызы кечирилеби?

ЖООП

Мал-мүлктү өзү жок кылса зекет карызы кечирилбейт, акча өзүнөн өзү жок болсо зекет кечирилет. Б.а., мал-мүлктү өзү сарптаса же жок кылса карызы кечирилбейт. Мисалы, биржада акчасын жок кылса же машина, холодильник сыяктуу буюмдарды алып акчасынын бардыгын сарптаса зекет кечирилбейт, зекетин бериши керек болот. Мал-мүлкү уурдалса, жоголсо, өрттөнүп жок болсо же карызга, аманатка берип кайра алалбаса анда зекет бериш керек эмес.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Oct 31, 2013, 12:50:07 AM10/31/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ахли сүннөт ишеними (акыйдасы) (1)

Имам Мухаммед Газали (рахметуллахи алейх) "Кимйаи саадат” китебинде мындай дейт: "Мусулман болгон адам эң алгач Ла илаха иллаллах, Мухаммадун расулуллах сөзүнүн маанисин билип, ишенүүсү керек. Бул сөз калимаи таухид деп аталат. Ар бир мусулмандын таухид калимасынын мааанисине күмөн келтирбей, бир гана ишенүүсү жетиштүү. Аларды аят-хадистер менен далилдөөсү жана акылга салуусу керек эмес. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) арабдарга далил менен билип, бул далилдерин айтууну, күмөндөрүн талкуулоолорун буйрук кылган жок. Бир гана ишенүүнү, шектенбөөнү буюрган. Ар бир адам ушундай ыйман келтирсе, бул жетиштүү. Ал эми, ар бир шаарда бир нече дин аалымынын болушу "Фарзы кифайа” болуп саналат. Алардын далилдерди билүүсү, шектерди жоюулары, суроолорго жооп берүүлөрү – важиб. Алар бир жагынан мусулмандарга ишеним (ыйман) илимин үйрөтөт. Экинчи жагынан дин душмандарынын жалааларына жооп беришет.

Калимаи таухиддин маанисин Курани карим билдирген. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) аларды түшүндүрүп берген. Сахабалардын бардыгы ошол түшүндүрмөлөрдү үйрөнүп, өзүнөн кийинки урпактарга билдиришкен. Сахабалардын билдиргендерин өзгөртпөстөн, ошол бойдон китептерине жазып, бизге жеткирген дин аалымдары "ахли сүннөт” деп аталат. Ар бир адамдын ахли сүннөт ишенимин үйрөнүүсү, ошол жолдо бардыгы биригүүсү керек. Түбөлүк бакыттын булагы ушул ишеним болуп саналат.

Калимаи таухиддин маанисин ахли сүннөт аалымдары мындай түшүндүрөт: "Адамдар жок болчу. Алар кийин жаратылган. Адамдардын бир жаратуучусу бар. Жаратылган нерселердин бардыгын Ал жаратты. Анын шериги, окшошу жок. Ал ар дайым бар эле. Бар болуусунун башталышы жок. Ар дайым бар. Бар болуусунун соңу жок. Эч качан жок болбойт. Ар дайым да бар болууга да тийиш. Бар болуусунда эч нерсеге муктаж эмес. Ал эч кандай себепке муктаж эмес. Ага бардык нерсе муктаж. Ар бир нерсени бар кылган жана барлыкта кармап турган күч - Аллах. Ал материя эмес, дене да эмес. Бир жерде эмес. Түрү жок, өлчөнбөйт. Аны кандай деп суроого болбойт. "Аллах” дегенде акылга, ойго, кыялга келген нерселердин бардыгы Ал эмес, алар жараткандары. Ал өзү жараткан нерселерге окшобойт. Акылга, ойго келген бардык нерсени Ал жараткан. Жогоруда да, төмөндө да эмес. Орду жок. Орунга муктаж эмес. Бардык жаратылган нерселер Арштын астында. Ал эми, Арш Анын кудуретинде. Ал Арштын үстүндө. Бирок, бул "Арш Аны көтөрүп турат” деген сөз эмес. Арш Анын кудурети менен бар. Ал эзелтеде кандай болсо, азыр да ошондой. Аршты жаратуудан мурда кандай болсо түбөлүккө ошондой болуп кала берет. Ал өзгөрбөйт, Анын Субути сыпаттары сегиз: хаят, илим, сам, басар, кудурет, ирада, келам, таквин. Бул сыпаттарында да эч кандай өзгөрүү болбойт. Өзгөрүүгө дуушар болуу алсыздык жана кемчилик болуп саналат. Аллаху таала кемчиликсиз. Жараткан бардык жандуу-жансыз нерселеринин эч бирине окшобосо дагы Анын дүйнөдө өзү билдирген даражада билүү жана Аны акыретте көрүү бар. Дүйнөдө кандай экенин белгисиз түрдө билингени сыяктуу, Акыретте да кандай боло турганы түшүнүксүз абалда көрүнөт”.

Аллаху таала кулдарына пайгамбарларды жиберди. Ошол улуу адамдар аркылуу кулдарына бакыттын жолун көрсөттү. Пайгамбарлардын эң улуусу соңку пайгамбар – Мухаммед алейхиссалам. Ал жер жүзүндөгү бардык адамзат баласына пайгамбар катары жиберилген. Бардык адамдардын, периштелердин жана жиндердин пайгамбары. Дүйнөнүн бардык жериндеги адамдар ага моюн сунуусу керек.

Улуу аалым жана камил муршид Абдулхаким Арваси (рахметуллахи алейх) айтат: " Расулуллахтын үч түрдүү милдети бар эле:

Биринчиси – Курандын өкүмдөрүн жана фикх өкүмдөрүн бүткүл адамзатка "таблиг кылуу” б.а., угузуу, билдирүү. "Ахками фикхийа” деп аталган фикх өкүмдөрү – аткарылуусу буйрулган жана тыюу салынган нерселерден турат.

Экинчи милдети – Курани каримдин руханий өкүмдөрүн, б.а., Аллаху тааланын заты жана сыпаттарына таандык болгон жогору марифат – илимдерди үммөтү ичиндеги улууларынын жүрөгүнө салуу. Бул милдетти биринчи вааз кылуу милдети менен чаташтырбоо керек. Мазхабсыздар ушу экинчи милдетти кабылдашпайт. Ал эми, Абу Хурайранын (радиаллаху анх) билдирген кабарында: "Расулуллахтан эки түрдүү илим үйрөндүм. Булардын бирин силерге айттым. Экинчисин айтсам мени өлтүрөсүңөр”, - дегендиги "Бухари”, "Мишкат” жана "Хадика” китептеринде жана "Мактубати Раббани” китебинин 267-катында жазылган.

Үчүнчүмилдети – фикх өкүмдөрүн вааз менен насаат аркылуу аткарбаган мусулмандарга күч менен аткартуу.

Расулуллахтан кийин төрт халифанын (Хазрети Абу Бакр, Умар, Осман, Али (радиаллаху анхум) ар бири ушул үч милдетти толук орундашкан. Хазрети Хасандын (радиаллаху анх) имамдыгы кезинде бөлүнүүлөр, бидаттар көбөйдү. Ислам үч тарапка жайылды. Расулуллахтын нуру жер бетинен алыстады. Сахабалар (радиаллаху анхум) азайды. Бул үч милдетти бир адам аткара албай турган абалга келип калды. Ошондуктан, ошол үч милдет башка-башка үч топко бөлүндү. Илимде "Усул жана Фуру өкүмдөрү деп аталган ыйман жана фикх өкүмдөрүн үйрөтүү милдети дин имамдарына, б.а., мужтахиддерге жүктөлдү. Алардан ыйманды үйрөтө тургандары "Мутакаллимин”, фикхты үйрөткөндөр "Фукаха” деп аталды. Экинчи милдет – каалаган мусулмандарга Курандын руханий жогорку өкүмдөрүн үйрөтүү милдети ахли бейттин он эки имамы жана тасаввуф (сопулук) жолундагы аалымдарга жүктөлдү. Улуу олуялар Жунайд Багдади менен Сырри Секати – алардын катарына кирет.

Үчүнчү милдет – диний өкүмдөрдү күч жана бийлик аркылуу орундатуу иши падышалар менен султандарга, б.а. өкмөт ээлерине жүктөлдү. Биринчи топтун бөлүмдөрү "Мазхаб”, экинчиси "Тарикат”, үчүнчүсү "Мыйзам” деп аталды. Ыйманды билдирген мазхабдар "Итикадда мазхаб” (б.а., ишенимдеги мазхаб) деп аталат. Итикад мазхабдарынын 73 топко бөлүнө тургандыгын, алардын бирөө гана туура, калгандарынын жаңылыш экенин Пайгамбарыбыз кабар берген эле. Ал дал ошондой болду. Туура жолда экендиги кабар берилген топ "Ахли сүннөт вал жамаат” мазхабы деп аталат. Туура эместиги айтылган 72 топ "бидат топтор” деп аталат. Булардын бардыгы мусулман болуп саналат. Ал эми, 72 бидат жолдун бирин карманган адам Куран жана хадистерде ачык билдирилген жана мусулмандар арасында жайылган илимдин бирине ишенбесе, капыр болот. Азыркы кезде ахли сүннөт мазхабынан чыгып, жолдон тайган же капыр болгон, мусулман деп аталган адамдар көп кездешет.

Имам Мухаммед Биргивинин "Тарикат-уль-Мухаммадиййа” деп аталган китебинде жана ошол китептин шархы (түшүндүрмөсү) болгон "Барика” жана "Хадика” китептеринде мындай айтылган: "Имам Бухари жана Имам Муслим тарабынан билдирилген хадисте: "Бир заман келет, менин үммөтүм Исраил уулдары (б.а., яхудилер жана християндар) сыяктуу болушат. Бир жуп бут кийим сыяктуу аларга окшош болушат. Алардын бири өз энеси менен зина кылса, үммөтүмдөн да ошол сыяктуу иштерди жасагандар кездешет. Исраил уулдары 72 топко бөлүндү. Менин үммөтүм 73 топко бөлүнөт. Алардын 72си жаңылыш ишенимдерине байланыштуу Тозокко барат. Бирөө гана Тозокко барбайт. Ал – менин жана сахабаларымдын жолун кармангандар”, -деп айтылган. Исраил уулдарынын Муса алейхиссаламдан кийин 71, Иса алейхиссаламдан кийин 72 топко бөлүнгөндүгү тууралуу "Милал ва Нихал” жана "Барика” китептеринде жазылган. Ишенимдерине байланыштуу Тозоктон кутула турган жалгыз топ "Ахли суннат вал жамаат” деп аталат. 72 топтун ар бири өзүнүн ахли сүннөт экендигин айтып кубанууда. Бейишке бара тургандыгына ишенүүдө. Ал эми, карманган жолун туура деп ойлоо, айтуу адамдын туура жолдо экенин көрсөтпөйт. Чыныгы туура жолдо болуу сөздөр менен иштердин аяттарга жана сахих хадистерге ылайык болуусу менен түшүнүлөт.

Уландысы бар...

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Nov 1, 2013, 12:16:02 AM11/1/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ахли сүннөт ишеними (акыйдасы) (2)

Ахли сүннөт мазхабы Матуруди жана Ашари болуп эки бөлөк ысым менен аталса да, экөөнүн негизи бир болгондуктан жана бири-бирине каршы келбегендиктен бир деп эсептелет. Ахли сүннөт тобу ибадатта жана башка иштерде төрт мазхабга бөлүнөт. Төртөөнүн имамдары бирдей болгондуктан бардыгы бир жол. Алар аяттар жана хадиси шарифтерде ачык билдирилбеген өкүмдөр маселесинде бири-биринен бөлүнгөн. Төртөө да бул өкүмдөрдү түшүнүү үчүн ижтихад кылган, күч жумшаган (Ислам укугунда "ижтихад” – аяттар менен хадиси шарифтерден маанилери ачыкча билдирилбегендерин ачык билдирилген башка диний өкүмдөр менен салыштыруу аркылуу жана өкүмдөр чыкарууга аракет кылуу, күч жумшоо болуп саналат). Аны ар бири ар кандай түшүнгөн. Бул мазхабдардын Курани карим менен хадиси шарифтерде ачык айкын билдирилген өкүмдөрдө бири-биринен айырмачылыгы жок. Маанилери ачык түрдө билдирилген аяттар жана хадистерде ижтихад кылынбайт. Ыйманга байланыштуу өкүмдөр арасында ачык билдирилбеген маселелерде ижтихид кылам деп жаңылган адам кечирилбейт. Ушундай жаңылган, ишеними бузулган 72 топ "бидат ээси” деп аталат. Бирок, алар "капыр” деп аталбайт. Ислам дининде ачык айкын билдирилген өкүмдөрдүн бирине ишенбөө - адамдын ыйманын кетирет. Ал адам капыр болот. Жаңылыш өкүм чыгарып, ыймандан айрылгандар "мулхид” деп аталат. Адашкан жетимиш эки топтун ичиндеги Батини, Мужассима, Мушаббиха жана Ваххабилердин бир бөлүгүнүн жана Ибахи тобунун мулхид экендиги "Радд-ул-мухтар” жана "Нимат-и Ислам” китептеринде жазылган.

Жогорудагы хадисте айтылгандай, адамдар ыймандуу жана ыймансыз болуп экиге бөлүнөт. Ыймандуу болгон мусулмандар дагы хак жолдогу ахли сүннөт мазхабынан жана адашкан бидат жолдордон турат. Булардан ахли сүннөт мазхабында болбогондордун, б.а., мазхабсыз адамдардын адашкан жана ыйманынан айрылган адам экени маалым болот.

Ар бир мусулмандын ыйман келтирүүгө тийиш болгон нерселерди ахли сүннөт аалымдары кандай билдирген болсо, ушундай үйрөнүп, анын негизинде ишенүүсү, б.а., ыйман келтирүүсү шарт. Жогоруда билдирилгендерге кыскача ыйман келтирген адам момун, ыймандуу болот. Бир гана ыймандуулуктун себептерин үйрөнбөгөндүгү, издебегендиги күнөө болот. Ыйманга байланыштуу өкүмдөрдү себептери менен үйрөнүү буюрулган. Аткарылуусу жана колдонулбоосу тийиш болгон өкүмдөрдүн далилдерин, себептерин изилдөө буйрук кылынган жок. Б.а., амалдарга байланыштуу өкүмдөрдүн себептерин билбөө күнөө эмес.

Чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетпейт. Харам нерсеге адал десе, ыйманы кетет. Күнөөлөр чоң жана кичине болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөөлөрдүн башында бул жети күнөө турат: 1. Бир нерсени Аллахка шерик кылуу (ширк). Ширк – куфурдун эң жаманы. 2. Бир адамды же өзүн-өзү өлтүрүү. 3. Сыйкыр кылуу. 4. Жетимдин мал-мүлкүн жесе. 5. Пайыз алып берүү 6. Согушта душмандан качуу. 7. Таза аялдарга намыссыз деп жалаа жабуу.

Каалаган бир күнөө чоң күнөөлөр катарында болуп калуусу да ыктымал. Ошол себептен улам, алардын баарынан узак туруу керек. Кичине күнөөнү дайым кыла берсе чоң күнөө болот. Чоң күнөө тообо кылган кезде кечирилет. Адам тообо кылбай кайтыш болсо, Аллаху таала кааласа шапаат аркылуу же шапаатсыз да кечирет. Кечирилбесе адам Тозокко кетет.

"Зуннар” деп аталган поптордун белге байлаган жипти, крест жана ошого окшогон куфурлук белгилерин колдонуу, буттарга урмат көрсөтүү, дин китептерине урматсыздык кылуу, дин аалымдарын мазактоо, куфурга себеп болгон бир сөз айтуу, кыскасы, Ислам дини боюнча урмат көрсөтүү керек болгон нерселерди кордоо, тескерисинче урматтоого тыюу салынган нерселерди урматтоо куфур болуп саналат. Булардын баары Ислам динине ишенбөөнүн, ага болгон каршылыктын белгилери болуп саналат.

Аллаху таала тообо кылган адамдарды жакшы көрөт. Аларды кечирет. Анан ал кайра ошол күнөөнү кылса, тообосу бузулбайт. Экинчи жолу тообо кылуусу керек болот. Тообо кылган адам бир күнөөсү эсине түшкөндө, ошол күнөөнү кылгандыгына кубанса кайрадан тообо кылышы керек. Акысы калган адамдардын акысын берүү, ушактаган адамынан кечирим суроо, анын ыраазычылыгын алуу, кылбаган фарздарынын казасын орундоо – фарз. Булар тообонун шарттары болуп саналат. Бир тыйынды өз ээсине кайтаруу миң жыл нафил ибадат кылгандан жана жетимиш нафил ажылыктан артык. Күнөө кылгандан кийин: "Бул күнөөнү кайра жасап койсом биринчи тообом бузулат”, - деген ой менен тообо кылууну кечиктирүү туура эмес. Бул шайтандын васвасасы жана жахилдик (сабатсыздык) болот. Ар бир күнөөнү кылгандан кийин дароо тообо кылуу керек. Тообону бир саат кечиктирүү күнөөнү эки эсеге көбөйтөт. Мындан белгилүү болуп жаткандай казага калган намаздардын күнөөсү ар бир намаз маалы өткөн сайын эки эсеге көбөйө берет.

"Тообо кылдым”, - дегени менен тообо кылынды деп эсептелбей. Тообонун кабыл болуусу үчүн үч шартты орундоо керек: 1. Дароо күнөө ишти токтотуу. 2. Күнөө кылганына Аллахтан коркуп, уялуу жана өкүнүү. 3. Бул күнөөнү кайра кылбайм деп чын көңүлдөн сөз берүү. Аллаху таала шарттарына ылайык кылынган тообону кабыл кыла тургандыгына сөз берген. (Кул акысы бар күнөөнүн тообосу үчүн акысы бар адамдын кечирүүсү керек).

Мүнөз өзгөрөт. Жакшы мүнөздүү болууга аракет кылуу керек.

Адамдын акыретте ыймандуу болуп-болбой тургандыгы анын акыркы деминде белгилүү болот. Алтымыш жыл капыр болгон адам өлүмүнөн аз убакыт мурда мусулман болсо, акыретте момун (ыймандуу) болуп тирилет. Пайгамбардан жана Бейишке бара тургандыгы билдирилген адамдардан башка эч кимди Бейиштик деп айтууга болбойт. Анткени, жан чыгаарда жагдайдын кандай боло тургандыгы белгисиз. Ыймандуу киши кайтыш болгондон кийин артында кайрымдуу иштери калган болсо, пайдалуу китептери калса, балдары жакшы болуп ага дуба окушса, ал кишиге сооп жазылат. Адам өлгөндөн кийин анын жакшылык (сооп) жана жамандык (күнөө) дептери жабылбайт. Асхабы кирамдан Саад бин Убада (радиаллаху анх): "Эй, Расулуллах! Энем кайтыш болду. Ага кандай жакшылык кыла аламын?” - деп сураганда, Пайгамбарыбыз: "Адамдарга суу садага кылуу, таратуу жакшы болот”, -деп айткан. Дуба кылып, сооп багыштаган кезде момундардын баарынын рухтарына (арбактарына) багыштоо керек. Ал баарына жетип барат. Дуба – кырсык жана жамандыктардан сактайт. Садага берүү – Аллаху тааланын азабын жумшартат. Ооруп жаткан адамдын ажалы жетпеген болсо даба таап бутуна туруусуна себеп болот. Аллаху таала дуба кылбагандарды жактырбайт.

Ар бир мусулмандын ишеним (итикад) жана амалдагы өз мазхабын үйрөнүүсү важиб. Мазхаб – жол деген сөз. Курани каримде жана хадистердеги жабык маанилүү маалыматтарды мужтахид аалымдар ижтихад кылуу аркылуу чыгарат. Ишенимдеги мазхабыбыз – ахли сүннөт вал жамаат мазхабы. Бул – Расулуллахтын сахабаларынын жана жамаатынын ишеними жана ыйманы дегенди билдирет. Сахабалардын бардыгы мужтахид. Алар Ислам дининин нуру. Мусулмандардын имамдары – алардын жол башчылары жана кармана турган далилдери. Алардын жолунан тайгандар Тозокко барат. Ахли сүннөт тобунун эки имамы бар:

1. Абу Мансур Матуруди (рахметуллахи таала алейх). Ал Имам Азам Абу Ханифанын (рахметуллахи таала алейх) мазхабында жетилген улуу аалым. Ханафи аалымдары итикадда, б.а., ишенимде анын мазхабында, жолунда.

2. Абул Хасан Ашари (рахметуллахи таала алейх) – Шафии мазхабындагы аалымдардын улуусу. Бул эки мазхаб арасында өтө аз айырмачылык бар.

Азыркы учурда ижтихад аркылуу шариат өкүмүн чыгара ала тургандай жогорку илимдүү мужтахид аалым жок. Ошол себептен ар бир мусулман белгилүү төрт мазхабдын бирин "Илмихал” китебин окуп үйрөнүп, ыйманын жана бардык иштерин ага ылайык орундоого тийиш. Ошентип бир мазхабды карманган болуп эсептелет. Төрт мазхабдын эч бирин карманбаган адам ахли сүннөт боло албайт. Мазхабсыз болот. Мазхабсыз адам же 72 адашкан топтун бирине түшөт же болбосо ыйманынан да ажырап куфурга түшөт.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Nov 2, 2013, 2:40:05 AM11/2/13
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ажылык сапарда кайтыш болгон адам

Суроо: Ажылык сапарга бара жатып, ооруп кайтыш болгон кедей адам ажы болобу?

Жооп

Ажылыкты орундабаган адам ажы боло албайт. Бирок, ниетине карай көп сооп алат. Себеби, ажылык ибадатты орундоо ниети менен жолго чыккан. Хадиси шарифте: "Жакшылык кылууга аракет кылып, бирок, кыла албаган адам ошол жакшылыкты кылган сыяктуу сооп алат”, - деп билдирилген. Оору же башка себептерден улам жихадга бара албай Мединада калган сахабалар тууралуу Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Мединада калган ушундай адамдар бар, бул жихадда ала турган сыйлыгыбызда алар бизге орток”, - деп айтты. Анткени, алардын ниеттери жихадга баруу, мал-мүлкүн жана жанын Аллах жолуна жумшоо болчу. Бирок, алардын ал жихадга баруусуна тоскоол болгон нерсе денелерине келген оору болчу.

Суроо: Вужуб жана ада шарттарын өзүндө тапкан, б.а., ажыга баруусу фарз болгон адам ажылык жолунда кайтыш болсо, ордуна өкүл жөнөтүш керекпи?

Жооп

Өзүнө ал жылы ажылык фарз болгон болсо ордуна өкүл жөнөтүү керек эмес. Анткени, ажылыгы сакыт болот (б.а., ажылык милдети мойнунан алынат). Ажылык фарз болгон жылы барбай кийинки жылдарда ажылык жолунда же үйүндө ооруп калып же абакта же майып болуп калса, ордуна башкасын жөнөтүүсү же муну осуят (керез) кылуусу керек. Ордуна бирөөнү жибергенден кийин айыкса өзүнүн да баруусу керек болот. Кийинки жылдарда ажыга бара турган болсо, тахир (кечиктирүү, казага калтыруу) күнөөсү кечирилет.

Ажылык жолунда өлүү нимат. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Ажылыкка бара жатып жолдо өлгөн адамга Кыяматка чейин ажылык, жихадга бара жатып өлгөн адамга Кыяматка чейин жихад сообу жазылат.” [Абу Йа’ла]

"Меккеге бара жатып же ал жерден кайтып жатып өлгөн адамга акыретте тараза курулбайт, суракка тартылбай жана күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани]

header.jpg
Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages