Илимден бир тамчы - Ифтарды (ооз ачарды) кечиктирүү жаизби?

11 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Apr 20, 2022, 4:46:04 AM4/20/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Ифтарды (ооз ачарды) кечиктирүү жаизби?

 

Суроо: Кандайдыр бир иш себеби менен ифтарды канчага кечиктирүү жаиз болот?

ЖООП: Эгер шамдын убагы киргени анык билинсе алгач хурма, суу сыяктуу нерсе менен орозо ачылып, андан соң намаз окулат. Тамакты тез жеп алып, анан намаз окуса да жаиз болот. Бирок, ифтар дасторконунда түрдүү тамактар болгондуктан шам намазы кечиктирилиши мүмкүн. Намаз макрух убакытка калып кетиши мүмкүн. Бул жагынан алгач намазды окуп алып, анан тамакты шайпай жеген орундуу. Эгер убакыт киргени так белгилүү болбосо алгач намазды окуу керек. Эгер убакыт кире электиги кийин түшүнүлсө намазды кайра окуса болот. Бирок, убакыт кире электе орозо ачылса орозо бузулган болот. Ордуна келтирүү да мүмкүн болбойт. Эгер убакыт киргендиги анык билинсе адегенде орозосун ачып, намазды окугандан кийин тамак жеш керек.

Хадиси шарифте: “Ифтарда шашылгыла”, - деп айтылган. (Хаким) Шашылуунун (тездетүүнүн) акыркы убактысынын ишенимдүү китептерде жылдыздар көрүнгөнгө чейин экени айтылат. Бул болсо болжол менен шамдын убактысы киргенден кийин жарым сааттан кийин. Хадиси шарифте: “Жылдыздар көрүнө электе ооз ачкан адам менин сүннөтүм менен амал кылган болот”, -  деп айтылган. (Ибни Хиббан)

 

Шам намазын кечиктирбөө керек

 

Суроо: Маанилүү бир ооз ачарга чакырылып барылганда шамдын парзын же сүннөтүн тамактан кийин окуса жаиз болобу?

ЖООП: Эгер убакыт киргени анык белинсе алгач орозону ачып, андан кийин шам намазын окуу керек. Андан кийин тамактануу керек. Намазды макрух убакытка калтырбоо керек. Шам намазын жылдыздар көрүнгүчө [болжол менен жарым саат] кечиктирбөө керек. Акыркы сүннөтү болгон намаздарда парздан кийин акыркы сүннөттү дароо окубоо да макрух. Ифтарды шылтоо кылып кандайдыр бир зарылдык болбой туруп шамдын сүннөтүн таштоо жаиз эмес.

 

Суроо: Ифтарда шашылуу керек делүүдө. Бул шашылуунун максаты эмне? Эмне кылуу керек, эмне кылганда шашылган болот?

ЖООП: Ифтарды тездетүү жана соорду таң атуудан мурун болуу шарты менен кечиктирүү сүннөт. Расулуллах алейхиссалам бул эки сүннөттү аткарууга өтө кылдат мамиле кылчу. “Дурер”де мындай деп айтылат:

“Саар убагында желген тамак "сахур" деп аталат. Саар убагы – түндүн акыркы алтыдан бири.”

Сахурду кечиктирүү жана ифтарды тездетүү адамдын алсыздыгын көрсөткөндүктөн сүннөт болгон. Ибадат алсыздыкты жана муктаждыкты көрсөтүү дегенди билдирет. “Нур-ул-Изах” китебинде;

“Булутсуз түндөрдө ифтарды тездетүү мустахаб”, - делүүдө. Бул китептин түшүндүрмөсүндө да:

“Булуттуу түндөрдө орозонун бузулуусунан сактануу үчүн этият болуу керек, башкача айтканда, ифтарды бираз кечиктирүү керек. Жылдыздар чыга электе ооз ачкан адам шашылган (тездеткен) болот”, - делүүдө.

“Тахтави”де болсо:

“Орозону намаздан мурун ачуу мустахаб. “Бахр” китебинде жана “Ибни Абидин”де айтылгандай, ифтарда шашылуу – жылдыздар чыга электе ооз ачуу дегенди билдирет”, - делүүдө. Шам намазын да бул убакытта, тагыраагы, эрте окуу мустахаб. Күн баткандыгы так билингенде, алгач Аузу менен Бисмиллахты окуп:

“Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Бир-эки тиштем ифтардык жеп:

“Захабаззамаа вабталлатил-урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” делет жана тамак башталат. Хурма же суу, зейтун же туз менен ооз ачылат. Андан кийин мечитте же үйдө жамаат менен шам намазы окулат. Андан кийин кечки тамак желет. Дасторкондо тамактарды жеш өзгөчө Рамазанда көпкө созулгандыктан шам намаздын эртерээк окулуусу жана тамакты шашпай, жайлуу жеш үчүн аз бир нерсе менен ооз ачып, тамакты дубадан жана намаздан кийин жеш керек. Ошентип, орозо эрте ачылып, намаз да эрте окулган болот. Жогорудагы ифтар дубасынын мааниси:

“Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын сууга жетүү убагы келди.  Иншаллах, сооп пайда болду” дегендик.


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн: 
 

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages