islamd...@gmail.com |
Тагдырга ишенүү кандай болот? (4)
Пенделерге Аллаху таала жакшылык, мээримдүүлүк кылып, аларга буйруктарын аткара тургандай жана өздөрүнө керектүү боло тургандай деңгээлде күч-кубат, энергия берген. Мисалы, ден-соолугу жакшы, акчасы жетиштүү адам өмүрүндө бир жолу ажылыкка бара алат, жылына бир жолу орозо кармай алат, күнүнө беш маал намаз окуй алат, зекет бере алат. Мындан белгилүү болуп тургандай, адам өз эрктүү иштерин кааласа кылат, каалабаса кылбайт. Аллаху тааланын улуулугу ошол жерден байкалат. Жахил (сабатсыз) адамдар тагдыр тууралуу эч нерсе түшүнбөгөндүктөн ахли сүннөт аалымдарынын сөзүнө ишенишпейт. Кулдардын күчү менен каалоосуна шектенет. Адамды эрктүү иштеринде күчсүз жана мажбур деп эсептешет. Кээ бир иштерде кулдардын каалоосу жүрбөгөндүгүн көрүп ахли сүннөткө тил тийгизишет. Алардын бул айткандарынын өзү аларда каалоонун, тандоонун бар экендигин көрсөтүп турат. Бир нерсени кылууга же болбосо кылбоого күчтүн жетүүсү "кудурет” деп аталат. Кылууну же кылбоону тандоо "ыктыяр” (тандоо) деп аталат. Тандалган нерсени кылууну тилөө, "ирада” (каалоо) деп аталат. Бир нерсени кабылдоо, ага каршы келбөө – "риза” (ыраазылык, макулдук, жактыруу) деп аталат. Иштин орундалуусуна милдеттүү түрдө таасир кылуу шарты менен ирада менен кудуреттин биригүүсү "халк” (жаратуу) деп аталат. Ал эми, таасирлүү болбой биригүү "касб”деп аталат. Бир ишти ыктыяр кылган, тандаган ар адамдын халык, б.а., жаратуучу болуусу милдетүү эмес. Ошол сыяктуу ар бир кааланган нерсеге ыраазы болуу да милдеттүү эмес. Аллаху таала халык (жартуучу) жана мухтар (каалоочу), ал эми, кул болсо касиб (орундоочу) жана мухтар (каалоочу) деп аталат. Аллаху таала кулдардын жакшы жана жаман иштерин каалайт жана аны жаратат. Ал эми, Ал жакшы, соопту иштерден ыраазы. Жаман, күнөө иштерден ыраазы болбойт жана жактырбайт. Бардык нерсе Анын жаратуусу менен бар же жок болот. "Эн’ам” сүрөсүнүн 102-аятында "Андан башка илах жок. Бардык нерсенин Жаратуучусу бир гана Ал”, - деп билдирилген. "Мутазила” сектасындагылар ирада менен ыраазылык арасында айырмачылык жок деп эсептеп, тагдыр жана казага каршы болушуп, ишенишпейт. "Жабрия” сектасындагылар адамдын тандоого укугу жок деп ойлоп, адамды ташка, отунга теңдештирет. Адамдар күнөө иш кылбайт. Бардык жаман нерселерди кылдыра турган Аллаху таала деп эсептешет. Эгер "жабрия” өкүлдөрүнүн айтканындай адамда ирада жана ыктыяр болбосо, жамандыктар менен күнөөлөрдү Аллах кыйнап кылдырып жаткан болсо, колу- буту байланган адамдын тоодон төмөн карай жыгылуусу менен өз буту менен тегеректи кыдырып, басып баратып тоодон жыгылуунун арасында айырмачылык болбошу керек эле. Ал эми, биринчисинин жыгылуусу мажбурлуу түрдө, ал эми экинчисинин жыгылуусу ирада жана ыктыяр, б.а., өз каалоосу менен жүзөгө ашып отурат. Бул айырмачылыкты көрбөгөндөр – аң-сезими төмөн болгондор. Дагы алар аяттарга да ишенбеген болуп чыгат. Аллаху тааланын буйруктарын орунсуз деп эсептеген болот. Аллаху таала дүйнөдө бүткүл адамзатка мээримдүүлүк кылууда. Адамдарга кажеттүү нерселерин жаратып, баарына берүүдө. Дүйнөдө тынч өмүр сүрүү жана акыретте түбөлүк бакытка жетүү үчүн эмне кылыш керек экендиктерин ачык айкын билдирүүдө. Напсилерине, жаман досторуна, зыяндуу китеп, гезит, теле-радио берүүлөргө алданып, куфр жолуна түшкөндөрдүн ичинен каалаганын туура жолго салууда. Аларды туура жолго тартууда. Азгын, заалым адамдарга мындай ниматтарды бербөөдө. Аларды өздөрү жактырган, каалаган, өздөрү түшкөн куфурлук баткагында калтырууда. Каза жана тагдыр зээндүү адамдардын көп такала турган маселеси болуп саналат. Бул анын туура түшүнбөөсүнөн улам пайда болот. Тагдырдын эмне экени жакшы түшүнүлө турган болсо, эч бир адамдын көңүлүндө күмөн калбайт жана ыйманы бекемдейт. Ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллаху таала жараткан жана жарата турган нерселердин баарын эзелден соңсузга чейин чоң-кичине бардыгын, заттарды, маанилерди бир арада жана бир мезгилде билет. Ар бир нерсени жаратпастан мурда эле билчү. Ахли сүннөт вал-жамаат мусулмандар тагдырга ишенген, тагдырга ишенүүнү ыймандын шарты деп эсептеген. Б.а., тагдырга ишенбеген адам момун деп эсептеген. Тагдырдын ачуусу менен таттуусу, жаманы менен жакшысы – баары Аллахтан. Анткени, тагдыр – билген нерселерин жаратуу деген сөз. Улуу Ислам аалымы Имам Бегави "Тагдыр илими – Аллаху тааланын өз пенделеринен жашырган сырларынын бири. Бул илимди эң жакын периштелери жана дин ээси болгон пайгамбарларына да ачып билдирген эмес. Бул илим – чоң дарыя. Эч ким бул тууралуу сүйлөбөшү керек. Бир гана мына буларды билүү жетиштүү: Аллаху таала адамды жаратат. Алардын бир канчасы күнөөкөр. Алар Тозокко барат. Бир канчасы Бейишке барат. Бир киши Хазрети Алиден тагдыр тууралуу сурайт. "Ал – караңгы жол. Ал жол менен барба”, - деп жооп берет. Дагы сурайт. "Терең деңиз”, - дейт. Дагы сурайт. Бул жолу: "Тагдыр –Аллаху тааланын купуясы. Аны сенден жашырган”, - деп жооп берет”. Адамдын эрктүү аракети мына ушул төрт нерсе аркылуу жүзөгө ашат: 1. Ошол нерсени оюнда элестетүү. 2. Ошол нерсени жактырып, жакшы сезимге бөлөнүү. 3. Ошол нерсени кылууну чын жүрөктөн каалоо, б.а., аракет кылууну тилөө.
4. Аракеттин пайда болушу. Биринчи жана экинчилерди Аллаху таала жаратат. Себеби, ойлоо менен жактыруу бар нерселер. Бар нерселер жаратылууга муктаж. Ал эми каалоо менен тандоо – пендеден. Аракетти жарата турган – Аллаху таала. Пендеде каалоо менен ирадаи жузийанын (тандоо эрки) пайда болушу алгач пендеде аны ойлоо жана жактыруу деген нерселердин жаратылуусунан кийин ишке ашат. Мисалы, бир адам садага берүүнү жана сообун ойлосо, ошол нерсе тууралуу анда кызыгуучулук же жек көрүүчүлүк пайда болот. Ошол амалды кылууну же болбосо кылбоону тандайт. Жактыруу, кызыгуучулук бул каалоо эмес. Жек көрүү, жаман ойдо болуу да пенденин каалоо укугун колдонбоосу дегендик эмес. |
www.islamdini.kg |