islamd...@gmail.com |
Курмандык чалуу кимдерге важиб
Суроо: Курмандык чалуу кимдерге важиб? ЖООП: Муну бир канча пункттар менен билдирели: 1- Курмандык деп кой, эчки, ача туяк бодо мал же төөнү Курман айттын алгачкы үч күнүндө курмандык ниети менен союуну айтышат. Курмандык важиб милдетин орундап, сооп табуу үчүн союлат. Муким болгон, акыл эстүү, балакат жашына келген эркин жана мусулман эркек менен аялдын өз зарылчылыгынан артык болгон нисап өлчөмүндө (96 гр алтын) мал-оокаты же акчасы бар болсо Курман айт үчүн ниет кылып, белгилүү күндөрдө белгилүү малдарды курмандыкка чалуусу важиб болот. Диний өкүм боюнча күйөөсү менен аялынын кайсынысы бай болсо курмандыкты ошол чалат, экөө тең бай болсо экөө тең чалат, экөө тең кедей болсо экөө тең чалбайт. Кедей курмандык чалууга милдеттүү эмес, бирок, чалса өтө сооптуу болот. Курмандык дүнүйөдө важиб милдетти орундоо жана акыреттеги сообуна ээ болуу үчүн чалынат. Атанын баласы үчүн, баласынын байлыгынан да курмандык чалуусу керек эмес. Акылсыз адам менен эсин жоготкон адам жаш бала өкүмүнө жатат. Чоңойгон баласы же аялынын уруксатысыз алардын атынан курмандык чалууга болбойт. 2- Муким, акыл эстүү жана балакат жашындагы мусулмандын зарылдыгынан артык нисап өлчөмүндө мал-оокаты же акчасы бар болсо курмандык чалуусу важип болот. Курмандык чалуунун важиб болушу үчүн айттын үчүнчү күнүнө көңүл бурулат. Айттын биринчи же экинчи күнү бай-кедей, муким-мусаапыр, акылдуу-акылсыз, эстен танган-эстүү болушуна каралбайт. Айттын үчүнчү күнү нисапка ээ болсо жана башка шарттар да бар болсо курмандык чалуу важиб болот. Демек, айттын экинчи күнү балакатка кире элек болсо үчүнчү күнү балакатка кирген адамга, айттын алгачкы күндөрү кедей болуп, үчүнчү күнү бай болгон адамга, айттын алгачкы күндөрү сапарда болуп, үчүнчү күнү муким болгон адамга башка шарттар да бар болсо курмандык чалуу важиб болот. 3- Айттын алгачкы күнү комада болуп, үчүнчү күнү өзүнө келген адамдын башка шарттар да бар болсо курмандык чалуусу важиб болот. Айттын экинчи күнү эстен танып, үчүнчү күнү күн баткандан кийин өзүнө келген бай адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт. 4- Кедей адам айттын биринчи же экинчи күнү бир курмандык чалса жана айттын үчүнчү күнү бай болсо дагы бир курмандык чалуусу керек болот. Анткени, биринчисин важиб болбосо дагы чалган болчу. Бирок, Беззазиййа сыяктуу ишеничтүү китептерде жана кийинки аалымдар: "Кедей адам айттын биринчи күнү курмандык чалса, үчүнчү күнү бай болсо кайра курмандык чалуусу керек эмес”, - деп билдиришкен. 5- Үчүнчү күнү бай боло турганын билген адамдын биринчи күнү курмандык чалса болот. 6- Бир бай адам айттын биринчи жана экинчи күнү курмандык чалбастан өлсө курмандык карызы менен өлгөн болбойт. 7- Курман айттын үчүнчү күнү кедей боло турганын же сапарга чыга турганын билген адамдын биринчи күнү курмандык чалуусу важиб болбойт. Эгер чала турган болсо важиб катары өтөгөн болот. 8- Муким кезде айттын биринчи жана экинчи күнү сапарга чыккан адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт. Андан мурда чалган болсо важиб сообун алат. Чалбаган болсо сапарга чыккандыгы үчүн карыз мойнунан алынган болот. 9- Муким бир бай адам сапардагы бир өкүлгө курмандык чалдырса важип сообун алат. 10- Туткун кезинде үчүнчү күнү боштондукка чыккан адамдын башка шарттар да бар болсо курмандык чалуусу важиб болот. Эркин болуп туруп, айттын үчүнчү күнү туткунга түшүп, күн батканга чейин туткунда калган адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт. 11- Талаасынан алган түшүм же талаасынын, үйүнүн, дүкөнүнүн (отельесин, грузовигинин) бир жылдык аренда акчасы канча көп болсо дагы үй-бүлөсүнүн бир жылдык муктаждыктарын же бир айлык кирешеси жана алган айлыгы бир айлык муктаждыгын жана карыздарын камсыз кыла албаган адам Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча кедей болуп саналат. Фатва да ушундай. Шейхайндын (Имам Азам жана Имам Абу Юсуф) өкүмү боюнча бай болуп саналат. Өз мүлкү болгон талаасынын жана бул кыймылсыз мүлктөрүнүн куну зарылчылыгын жаап жана нисап өлчөмүнө да жете турган болсо, ал адамдын аренда акчасынан ар алганда бир бөлүгүн жыйнап, фытра берүүсү жана курмандык чалып чоң соопко жетүүсү керек. Мындай адам фытра бербесе жана курмандык чалбаса Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча күнөөдөн кутулат. Талаасынан эч кандай түшүм албаган, арендага да бербеген адам жана зарылчылыгынан артык мал-оокаты болуп, бирок, акчасы болбогон адам Имам Мухаммедге уюп, фытра бербейт жана курмандык чалбайт. Фытра берип, курмандык чалса экинчи ижтихад боюнча фытра жана курмандык сообуна ээ болот. Алган арендасы менен алсыз турган адам нисапка ээ болсо акча жыйнап, фытра берүүсү жана курмандык чалуусу керек. Эттин бардыгын кууруп, бир канча ай эттин акчасынан жыйнап, келерки жылдын фытра жана курмандыктын акчасы катары сактоосу зарыл. Ушинтип, фытра менен курмандык сообунан куру калбоо керек. Үй-бүлөсүндө киши көп болуп, жагдайы кыйын болгон адамдын курмандыктын этин үйүнө калтыруусу мустахаб. Бирден көп үйү болгон эркектин нисаптан түшүрө тургандай карызы болбосо курмандык чалуусу керек. |
www.islamdini.kg |