Даанышман сөздөр - Жакшы сөздөр

102 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Oct 30, 2021, 2:04:51 AM10/30/21
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Жакшы сөздөр

 

Ахлак тууралуу Ислам аалымдары айтышат:

"Ар имараттын негизи (фундаменти) болот. Исламдын негизи – жакшы ахлак.”

"Жаман ахлак ушундай бир жамандыктын дал өзү, аны менен кылынган канчалаган жакшылык пайд бербейт. Жакшы ахлак ушундай бир жакшылыктын дал өзү, аны менен кылынган бир нече күнөөлөр кечирилет.”

"Жогорулаган бардык адамдар бир гана жакшы ахлактырынын аркасында көтөрүлүшкөн.”

"Жакшы ахлак – бул жарык жүздүү, жоомарт болуу жана эч кимди таарынтпоо.”

”Жакшы ахлак – бул эч бир адам менен араздашпоо жана эч кимди араздаштырбоо.”

”Жакшы ахлак – бул бирөөлөргө кыйынчылык тарттырбоо жана кыйынчылыктарга сабыр кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул кененчиликте жана тарчылыкта адамдарды ыраазы кылууга аракет кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул Аллахтан ыраазы болуу. Башкача айтканда, башына келген жакшылык жана жамандыкты Аллахтан деп билүү, ниматтарга шүкүр кылып, балээлерге сабыр кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул жок эле дегенде кыйынчылыктарга төшүн тозуу, бирөөлөргө кылган жакшылыктарынын каршылыгын күтпөө, бардык адамдарга карата мээримдүү болуу.”

”Жакшы ахлак – бул арам нерселерден качып, дайым адал нерселерди издөө, чоочун адамдар менен болгон сыяктуу эле үй-бүлө мүчөлөрү менен да жакшы мамиледе болуп, аларды ыраазы кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул Жаратканды ойлоп, жаратылган нерселерге кечиримдүү болуу, алардан келген кыйынчылыктарга сабыр кылуу.”

Бир мусулманга бүркөлгөн кабак менен кароо арам. Жарык жүздүү болбогон момундун сыпаты жок. Бардык адамдарга каршы жарык жүздү болуусу керек.

Хадиси шарифте Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылган адамдын мусафырына жана коңшуларына икрам кылуусу (сый көрсөтүүсү), кайырлуу пайдалуу нерсе болсо сүйлөөсү же болбосо унчукпай жүрүүсү буйрук кылынган. (Бухари)

Башка бир адамдын жаман ахлагынан улам ар кимге даттанып арызданып жүргөн адамдын өзү жаман ахлактуу. Башка адамдардын жамандыгын сүйлөп жаткан болсок бул нерсе өзүбүздүн жаман экендигибизге ачык бир белги. Жакшы ахлак – бул кыйынчылыктарды билдирбөө.

Ынсаптуу болуу, достордун кемчиликтерин көрбөө, адамдар тууралуу дайым жакшы ойдо болуу (хусни зан) , жаман ойдон качуу (суи зан), достору тараптан келе турчу кыйынчылыктарга сабыр кылуу, аларды даттанбоо, дайым өз айып-кемчиликтери менен алектенүү, өз нафсин эзүү, жарык жүздүү болуп бардык адамдар менен жумшак сүйлөшүү.

Жакшы ахлактуу адам адептүү болуп дайым аз сүйлөйт. Каталары аз жана эч ушак кылбайт. Аллах үчүн сүйөт, Аллах үчүн душмандык кылат. Коңшу жана досторун дайым коргойт. Бардык жакшылыктардын башы – уяттуу болуу.

Хазрети Хызыр айтты: "Жарык жүздүү бол, ачууланба! Дайым пайдалуу иш кыл, аз болсо дагы зыяндуу иш кылба! Кажетсиз көчөнү кыдырба, болор-болбос нерсеге күлбө, эч бир адамды кемчилиги үчүн айыптаба, күнөөлөрүң үчүн ыйла!”

Улуулардан Эбу Осман Эл-Хайрини тамакка чакырышат. Чакырылган жерге барганда ага: "Кечирип коюңуз, эл көп келди, сени кабыл кыла албайбыз”, - дешет. Кайрылып бираз жолго узап калганда кайрадан чакыртышат. Кайтып келгенде кайрадан эле кабыл кыла албай тургандыктарын айтышат. Ушинтип бр нече жолу чакырып, кайрадан кетиришкенден кийин: "Биз сени сынаш үчүн ушундай кылдык. Чындыгында жакшы ахлактуу экенсиң”, - дешет. Аларга жооп катарында мындай дейт: "Бул ахлакты жакшы деп ойлоп турасыңарбы? Бир итти да чакырып кайра куусаңар кете берет”.


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages