islamd...@gmail.com |
Бейиш жана Тозок (2)
Андан кийин: "Нафакасын терип жеш үчүн эмгектенип, тер төккөн, тапканына канаат кылган кедейлер кайда?" – деп суралат. Аллаху таала аларды чакырып, саламдашат. "Кош келдиңер! Эй, дүнүйө өздөрүнө зындан болгон адамдар”, - дейт. Алар да Бейишке жиберилет. Алар үчүн болсо бир сары туу байланып, Иса алейхиссаламга берилет. Иса алейхиссалам аларга имам болот. Андан соң: "Байлар, башкача айтканда, шүкүр кылган, мал-мүлкүн, акчасын динди кубаттандырууга, мусулмандарды заалымдардан коргоого жумшаган байлар кайда?” – деп суралат. Аллаху таала берген байлыктарынын эсебин беш жүз жыл сурайт. Алар үчүн түрдүү түстүү туу алып келинет. Аларга Сулейман алейхиссалам имам болот. Алар да Бейишке барышат. Чоң күнөө кылган адамдардын жүрөгүндө ыйман бар болсо, азабын тартып бүтүп, анан шапаатка жетишет. Аллаху таала аларга ырайым кылып, миңдеген жылдардан кийин аларды Тозоктон чыгарат. Тозоктогулордун терилери күйүп бүткөндөн кийин кайрадан жаратылат. Улуу олуялардын бири болгон Хасан Басри: “Мен дагы ошондой кишилердин катарынан болсом го”, - деген. Хасан Басри акырет тууралуу өтө жакшы билген адам эле. Кыямат күнү бир мусулман келет. Анын энчисинде эч кандай кылган жакшылыгы болбойт. Аллаху таала анын ыйманынын урматына ырайымы менен ага айтат: "Адамдарга бар, сага жакшылыгын жана сообун бере турган адам изде. Ошол аркылуу сен Бейишке киресиң”. Ал адамдардын арасына кирет. Адамдар арасына кирип дартына чара боло турган адамды издейт. Кимге айтса да: "Менин дагы жакшылыктарым жетпей калат деп корком. Мен соопко сенден да көбүрөөк муктажмын”, - дейт. Ал таарынып кетип калат. Андан кийин жанына бир адам келип: "Эмне каалайсың?” – деп сурайт. Баягы киши: "Мага сооп керек. Канча адамдан сурадым, бардыгы бир шылтоо айтат”, - дейт. Ошондо жанагы киши: "Мен Аллаху тааланын алдына бардым. Менин амал дептеримде болгону бир гана сооп бар экен. Ал дагы мени куткарууга жетпейт. Ошону сага берейин”, - деп айтат. Ал кубанып, ыраазы болуп, таразанын башына келет. Аллаху таала ал пендесин абалын билип турса да: "Кандай келдиң?” - деп сурайт. Ал болгон окуяны айтып берет. Өзүнүн сообун берген адамга Аллаху таала: "Ыймандууларга Менин жоомарттыгым, сенин жоомартыгыңан, жакшылыгыңан алда канча көп. Досуңдун колунан карма, Бейишке киргиле”, - деп айтат. Таразанын эки тарабы да тең болуп калса, Аллаху таала айтат: "Бул кул Бейиште да эмес, Тозокто да эмес”. Ошол кезде бир периште таразанын күнөө жагына бир барак алып келип коёт. Ал баракта "уф” деген сөз жазылган болуп, ошол тарап оор басып кетет. Анткени, "уф” деген сөз эне-атага каршылыкты билдире турган сөз. Ал кишинин Тозокко ыргытылуусу буйрулат. Ал адам эки жагына карап турат. Аллаху тааланын чакыруусун каалайт. Аллаху таала аны чакырат. "Эй, күнөөкөр кул! Менин чакыруумду эмне үчүн кааладың?” – деп сурайт. "Эй, Раббим! Эне-атамга каршы чыкканым үчүн Тозокко бара жатамын. Алардын азабын мага кошуп бер, аларды Тозоктон куткар”, - дейт. Аллаху таала айтат: "Эне-атаңа дүнүйөдө каршы чыктың. Акыретте сыйладың. Алардын колунан карма, чоогу Бейишке киргиле”, - деп айтат. Бейишке жиберилбегендерди периштелер кармайт. Анткени, периштелер акырет өкүмдөрүн өтө жакшы билишет. Ал эми, акыреттен насиби жок элге алардын Тозок отуну экендиктери айтылат. Алар Тозокту толтуруу үчүн жаратылган. Аллаху таала "Саффат” сүрөсүнүн 24-аятында: "Аларды токтоткула! Алардан сурак суралат”, - дейт. Алар ошол жерде туткунда калышат. "Саффат” сүрөсүнүн 25-аятында билдирилгендей: "Силерге эмне болду, бири-бириңерге жардам кылбайсыңарбы”, - деп айтылганга чейин кармалып турушат. Алар күнөөлөрүн моюндарына алышат. Бардыгы Тозокко жиберилет. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн чоң күнөө кылгандары да ушинтип алып келинип, кары, жаш, аял, эркек баары бир жерге жыйналышат. Тозоктун күзөтчүсү Малик: "Силер жаман топтонсуңар. Бирок, колдоруңар байланган эмес. Жүзүңөр карайган эмес. Тозокко киргендердин арасында силерден өткөн сулуу эч ким жок”, - деп айтат. Алар: "Эй, Малик! Биз Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүбүз. Бирок, кылган күнөөлөрүбүз бизди Тозокко алып келди. Бизди койо бер, кылмыштарыбызга ыйлайлы”, - дешет. Малик аларга: "Ыйлагыла! Бирок, эми ыйлаганыңардын эч кандай пайдасы жок”, - деп айтат. Алардын бардыгы харамга баткан өмүрлөрүнө өкүнүп ыйлашат..
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |