islamd...@gmail.com |
Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер (2)
21- Өкмөттүн жана устазынын исламиятка каршы болбогон сөзүн орундабоо. Каршы болгон буйруктарына каршы чыгуу. 22- Кимдир бирөөнү тажрыйба кылбастан жакшы адам деп айтуу. 23- Жалганды уланта берүү. 24- Аалымдардан качуу. [Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окубоо.] 25- Муруттарын сүннөт болгон өлчөмдөн артык узартуу. 26- Эркектердин жибек кийүүлөрү. Аралаш жибек жана ич каптамы жибек, тигүүсү пахта болсо жаиз. 27- Гыйбат кылууну улантуу. 28- Капыр болсо да коңшусуна кыйынчылык туудуруу. 29- Дүнүйөлүк нерселерден улам ачуулануу. 30- Риба, пайызга акча алып-берүү. 31- Мактануу үчүн көйнөгүнүн жеңдерин жана этектерин ашыкча узартуу. 32- Сыйкыр кылуу. 33- Мусулман жана салих болгон туугандарды зыярат кылып турууну таштап коюу. 34- Аллаху таала сүйгөн адамды сүйбөө жана Исламды бузуу үчүн алектенген адамдарды сүйүү. 35- Момун бир тууганына үч күндөн артык кек сактоо. 36- Зина кылууну улантуу. 37- Ливата кылып, тообо кылбоо. Ливата – бул зекерин биринин аркасына киргизүү. Эркектердин заара чыккан жери зекер, аялдардыкы болсо ферж деп айтылат. 38- Азанды фыкх китептери билдирген убакыттарда жана сүннөткө ылайык окубоо жана сүннөткө ылайык окулган азанды уккан кезде ага урмат көрсөтпөө. 39- Мункар (харам) иш кылган адамды көрүп, күчү жетип турса да жумшак тил менен андан кайтарбоо.
40- Аялынын, кызынын жана насаат айтууга акысы болгон аялдардын башы, колдору, буттары ачык, жасанып, атыр себинип көчөгө чыгуусуна жана жаман адамдар менен көрүшүүлөрүнө ыраазы болуу. |
www.islamdini.kg |