АЛЛАХУ ТААЛА БАР ЖАНА БИР, АНДАН БАШКА БАРДЫК БОЛМУШТАР ЖОК БОЛЧУ, КАЙРА ЖОК БОЛОТ (2)
Заттардын химиялык реакцияга кирүүсү, б.а., бири-бирине таасир этүүсү эң кичинекей бөлүктөрү аркылуу ишке ашат. Заттардын ошол эң кичинекей бөлүктөрү "Жавхар-ул-фард" же "Атом" деп аталат. Ар бир дене атомдордон түзүлгөн. Башкача айтканда, атомдордун жыйнагы болуп саналат. Атомдордун түзүлүшү бири-бирине окшогону менен алардын көлөмү менен салмагы ар түрдүү болот. Азыркы учурда атомдун 105 түрү белгилүү. Эң чоң атомдун өзү эң күчтүү микроскоп менен көрүнбөй тургандай деңгээлде кичинекей. Бири-бирине окшош атомдордун биригүүсү аркылуу "Жөнөкөй зат" же "Элемент" пайда болот. 105 түрдүү атом бар болгондуктан 105 түрдүү жөнөкөй зат бар. Темир, күкүрт, сымап, кислород газы, көмүр - булардын ар бири өз алдынча элементтер. Ар түрдүү атомдордун биригүүсү аркылуу "Татаал зат" пайда болот. Жүз миңдеген татаал заттар бар. Суу, спирт, туз, акиташ - татаал заттар. Татаал заттар эки же андан көп элементтердин бири-бири менен биригүүсү натыйжасында пайда болууда. Жөнөкөй заттардын биригүүсү атомдордун бири-бири менен биригүүсүнүн натыйжасында пайда болот. Бардык денелер, мисалы, тоолор, деңиздер, түрдүү өсүмдүктөр менен жаныбарлар, баары ошол 105 элементтен пайда болгон. Жандуу-жансыз ар дененин түзүлүшү ошол 105 элемент. Бардык денелер ошол 105 элементтин биринин же бир канчасынын атомдорунун биригүүсүнөн түзүлөт. Аба, топурак, суу, жылуулук, жарыктык, электр жана микробдор татаал заттардын бөлүктөргө бөлүнүүсүнө же денелердин биригүүсүнө себеп болот. "Себепсиз эч кандай өзгөрүш болбойт." Бул өзгөрүштөрдө элементтер, б.а., ошол болмуштардын түзүлүшү денеден денеге орун которот же денеден бөлүнүп эркин абалга өтөт. Биз денелердин жок болуп кеткенин көрүп жатабыз. Көргөнүбүз боюнча корутунду чыгарып алдануудабыз. Анткени, биз жок болуп кетти жана пайда болду деп айтып жаткан нерсе - заттардын өзгөрүүсүнөн башка нерсе эмес. Бир дененин, мисалы, өлгөн адамдын кабырдагы денесинин жок болуусу жаңы денелердин, мисалы, суунун, газдардын жана топурак заттарынын пайда болуусу түрүндө жүзөгө ашат. Бир өзгөрүштө пайда болгон жаңы заттар сезүү органдарыбызга таасир этпесе алардын пайда болгонун бир түшүнө албайбыз. Ошондуктан, өзгөрүшкө учураган биринчи затты жок болуп кетти деп ойлойбуз. 105 элементтин ар биринин түрлөрүнүн өзгөргөнүн, ар элементте физикалык жана химиялык кубулуштар болгонун көрүп жатабыз. Бир элемент татаал заттын түзүлүшүнө кошулган кезде ион түрүнө өтөт. Башкача айтканда, атомдорду электрон берет же алат. Ошентип, бул элементтин ар түрдүү физикалык жана химиялык касиеттери өзгөрөт. Ар бир элементтин атомдору бир ядро жана "Электрон" деп аталган ар түрдүү өлчөмдө өтө кичинекей бөлүктөрдөн түзүлгөн. Ядро атомдун борборунда жайгашкан. Водороддон башка бардык атомдордун ядролору "Протон" жана "Нейтрон" деп аталган бөлүктөрдөн түзүлгөн. Протондордун заряды оң (плюс), ал эми нейтрондордо заряд болбойт. Электрондор терс заряддалган болуп, ядронун тегерегинде айланып турат. Электрондор ар дайым өзүнүн орбитасында айлангандай эле орбитасын өзгөртүп да турат. |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg+unsubscr...@googlegroups.com |