islamd...@gmail.com |
Тагдырга ишенүү
Ишенүүгө тийиштүү алты нерсенин алтынчысы - тагдырга, жамандык менен жакшылыктын Аллаху тааладан экендигине ишенүү. Адамдарга келе турган жакшылык жана жамандык, пайда жана зыяндын баары Жараткандын жазуусу менен жүзөгө ашат. Тагдыр: сөздүк мааниси "көп нерсени өлчөө”, "өкүм” жана "буйрук”, "чоңдук”, "көптүк” болуп эсептелет. Аллаху тааланын бир нерсенин болуусун эзелтеден каалоосу "тагдыр” деп аталат. Каза – тагдырдын, башкача айтканда, "бар болсун” деп каалаган нерсенин бар болуусу. "Каза” жана "тагдыр” сөздөрү бири-биринин ордуна колдолуна берет. Демек, "каза” деген сөз эзелден чексиз акырына чейинки жаратыла турган нерселерди Аллаху тааланын эзелден каалап коюусу. Ушул нерселердин баарын казага ылайык түрдө жаратылышы "тагдыр” деп аталат. Аллаху таала боло турган нерселердин баарын эзелден билет. Ушул илими "Каза жана тагдыр” деп аталат.
Тагдырга ишенүү кандай болот?
Тагдырга ишенүү үчүн мына ушуларга жакшы ишенип, билүү керек. Аллаху таала бир нерсени жаратууну эзелтеден кааласа, аз да көп да эмес, дал ошол каалаганыдай болууга тийиш. Бар болуусун каалаган нерселердин жок болуусу жана жок болуусун каалаган нерселердин бар болуусу мүмкүн эмес. Бардык жандуулардын, өсүмдүктөрдүн, жансыз нерселердин, катуу, суюк, газ түрүндө бардык нерсенин, асмандагы объекттердин, молекуланын, атомдордун, электрондордун, электромагниттик толкундардын козголуусу, химиялык жана физикалык кубулуштар, ядро реакциялары, энергиялык алмашуулар, физикалык кыймылдар, пенделердин жакшы жана жаман иштери, дүйнө жана акыретте жасаган иштеринен жоопко тартылуу – бардыгы Аллаху тааланын илиминде эзелтеден бар эле. Аллах эзелтеден чексиз акырына чейин бар боло турган заттарды, алардын сыпаттарын, кыймыл-аракеттерди, кубулуштарды эзелдеги илимине ылайык жаратууда. Адамдардын жакшы-жаман, эрктүү-эрксиз бардык иштерин, мусулман болууларын, ыймансыз болууларын Аллаху таала жаратат. Жаратуучу, бар кылуучу тек гана Ал. Себептердин таасири менен жүзөгө аша турган бардык тиричилик Анын жаратуусу менен болот. Бардык нерсени бир себеп менен жаратат. Мисалы, от күйгүзөт. Бирок, күйгүзгөн Аллаху таала. Оттун күйгүзүү менен эч кандай тийешеси жок. Ал эми, Аллаху тааланын адаты (белгилеген мыйзамы) боюнча бир нерсеге от тиймейинче күйгүзүүнү жүзөгө ашырбайт. От тутануу температурасына чейин ысытуудан башка эч нерсе кылбайт. Органикалык заттардын курамындагы көмүртекти, суутекти, кислородду бириктирип, электрондорду алмаштыра турган от эмес. Акыйкатты көрүүгө кудурети жана илими жетпегендер буларды от аткарат деп ойлойт.
(Уландысы бар ...) |
www.islamdini.kg |