Таваккул (тобокел) деген эмне? (2)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jun 4, 2026, 6:00:32 AM (14 days ago) Jun 4
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Таваккул (тобокел) деген эмне? (2)

 

Харем бин Хаййан Вейсел Караниден: "Кайсы жакка барайын?” - деп сурайт. "Шамга (Дамаск)”, - деп жооп берет. "Шамда тиричилик кылуу кандай?” - деп сураганда Вейсел Карани: "Ырыскысына шектенген жүрөктөргө өкүнүчтөр болсун. Аларга насаат пайда бербейт”, - дейт.

Таваккул, башкача айтканда, тобокелчилик – бул жүрөктүн аткара турган иши, ал ыймандан пайда болот. Ыймандын да түрлөрү бар. Ал эми, таваккул эки нерсеге таянат. Алар таухидге ыйман келтирүү жана ырайымдуулук менен Аллахтын мээриминин чексиздигине ынануу.

Таваккул жүрөктө таухидге жана Аллаху тааланын мээримдүүлүгүнүн чексиздигине ишенүү аркылуу пайда болот. Бул абал адамдын чын жүрөктөн өз өкүлүнө толук ишенүү жана аны менен көңүлүнө тынчтык берүү деген сөз. Мындай адам дүнүйө мүлкүнө таянбайт. Дүнүйөлүк иштеринин бузулуусуна убайымданбайт. Аллаху тааланын кайдан болсо да милдеттүү түрдө ырыскы жибере тургандыгына ишенет. Ошол абалда болгон адамды төмөндөкү мисал менен оңой түшүнүүгө болот: Бир адамга жалаа жабылып, сотко тартылса, ал өзүнө адвокат жалдайт. Үч нерседе адвокатка толук ишенсе, ал адамдын көңүлү тынч болот. Биринчиси, адвокаттын жалпы жагдайды, жабылган жалаа тууралуу бардык окуяны жакшы түшүнгөн болуусу. Экинчиси, билгендерин түшүндүрүп берүү үчүн чындыкты айтуудан тартынбоосу жана ачык сүйлөй билүүсү. Үчүнчүсү, адвокаттын ал адамга мээримдүүлүк кылып, анын укугун коргоого чын пейилден киришүүсү. Адвокатына ушундай чексиз ишенсе, өзү да адвокаттан бөлөк бул маселе менен алектенип убара болбойт. "Али Имран” сүрөсүндөгү: "Аллаху таала бизге жетиштүү. Ал кандай жакшы камкорчу - өкүл”, - деген 173-аятты жакшы түшүнгөн адам: "Бардык нерсени Аллаху таала жасайт. Андан башка эч ким эч нерсе жасай албайт”, - деп, Анын илиминде, кудуретинде кемчилик жоктугуна жана рахматынын чексиздигине ишенген адам чаралар менен себептерге таянбайт.

"Ырыскы бөлүнгөн, жазылган, убакты келгенде мага да жетип келет. Аллаху таала өзүнүн улуулугуна, ырайымдуулугуна жарашкан иштерди кылат”, - деп эсептейт. Мындай ишенген адам көп экендигине карабастан, көпчүлүгүнүн ичинде кандайдыр бир убайым, коркунуч, үмүтсүздүк болот. Дагы да көп адамдар болот. Алар бир нерсеге ишенет. Бирок, табияттары ишенген ыйманына эмес, убайымдаган күмөнү жакка оолак болот. Дал убайымынын, күмөнүнүн туура эместигин, орунсуздугун билип туруп ошолорго баш ийет. Таваккул үчүн күчтүү ыйман жана күчтүү жүрөк керек. Ошондо гана жүрөгүндө эч кандай күмөн калбайт. Эгер ишеним менен өзүн өкүлүнө тапшыруу ишенимдүүлүгү толук болбосо таваккул да толук болбойт. Анткени, таваккул – жүрөктүн ар кандай иште Аллаху таалага өзүн толук тапшыруу жана күмөнсүз ишенүү болуп эсептелет.

Ибрахим алейхиссаламдын ыйманы, ишеними толук эле. Бирок, жүрөгүнүн тынычтануусу үчүн: "Эй, Раббим! Өлгөндөрдү кантип тирилтесиң? Мага көрсөтчү”, - дейт. Бакара сүрөсүнүн 260-аятында билдирилгендей: "Ишенген жоксуңбу?” – деп суралганда, Ибрахим пайгамбар: "Ишендим. Бирок, жүрөгүм тынчтык тапсын”, - деп айтат. Бирок, жүрөгүндө ыйманы, ишеними бар болчу. Ал жүрөгүнүн рахат болуусун, тынчтык табуусун каалады. Анткени, жүрөктүн тынчтык табуусу алгач сезим менен кыялга баш ийет. Андан соң жүрөк да ошол якийнге баш ийип, ачыктан-ачык көрүүгө муктаж болбойт.



www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages