Эртең Бараат түнү!

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Feb 1, 2026, 1:03:56 AM (10 days ago) Feb 1
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Эртең Бараат түнү!

 

Эртеңки түн (02.02.2026) – Бараат түнү. Бардык мусулмандарга касиеттүү Бараат түнү маарек болсун! 

СурооБараат түнү качан, мааниси кандай?

ЖООП: Бараат түнү Шабан айынын 15-чи түнү. Тафсирлерде Курани каримдин Лавх-ил-махфузга ушул күнү түшүрүлгөндүгү билдирилүүдө. Аяти каримада мындай мааниде билдирилген:

«Апачык болгон Китепке ант болсун, биз аны [Куранды] мубарек бир түндө түшүрдүк. Албетте, биз адамдарды эскертүүдөбүз.» [Духан 2,3]

Ар жылы Шабан айынын он бешинчи Бараат түнү ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр, өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, башкача айтканда, бардык нерсе Лавх-и махфузда жазылат. Аллаху таала эч нерсе жаратпастан мурда жарата турган нерселеринин бардыгын каалады. Алардын бир жыл ичинде боло тургандарын ушул түнү периштелерге билдирди. Бул кечте ырайымдуулук эшиктери ачылып, дубалар кабыл боло турган төрт түндүн бири. Расулуллах бул түнү көп ибадат жана дуба кылчу

 Шабан айында эмне үчүн орозо кармагандыгы суралганда Расулуллах мындай деди:

"Шабан айы өтө пазилеттүү ай, адамдар бул айдын үстөмдүгүнөн гафил (кабарсыз). Бул айда амалдар ааламдардын Раббине арыз кылынат. Мен дагы амалымдын орозо кармаган абалда арыз кылынуусун каалаймын.” [Насаи]

Бул тууралуу хадиси шарифтерден кээ бирлери мындай:

«Бараат түнү асмандардын эшиктери ачылат, периштелер момундарга сүйүнчү беришет жана ибадатка үндөшөт.» [Насаи, Байхаки, А, Мунзири]

"Рамазандан кийинки эң пазилеттүү орозо - Шабан айында кармалган орозо.” [Тирмизи]

«Шабан айында үч күн орозо кармаганга Хак таала Жаннатта бир жер даярдайт.» [Эй балам Илмихалы]

"Мына бул түндөрдө кылынган дуба кайтарылбайт. Рагаиб түнү, Бараат түнү, Жума түнү, Рамазан Айт жана Курман Айт түндөрү.” [И.Асакир]

«Аллаху таала Шабан айынын 15. түнү рахматы менен тажалли кылып, өзүнө ширк кошкон жана мусулман боордошуна кек сактагандардан сырткары баарын кечирет.» [Ибни Мажа]

"Шабандын он бешинчи түнүн ибадат менен, күндүзүн орозо менен өткөргүлө. Ал түнү Аллаху таала мындай дейт: "Кечирилгиси келген адам жокпу, күнөөлөрүн кечирейин? Ырыскы сурай турган адам жокпу, ырыскы берейин? Дартка даба издеген адам жокпу, ден-соолук берейин? Ким эмне кааласа берейин”. Бул абал таң атканга чейин уланат.” [Ибни Мажа]

"Шабан айынын 15-чи түнү Аллаху тааланын рахматы дүнүйөнү каптайт, баары кечирилет. Бир гана акысыз түрдө мусулмандарга душмандык кылган жана Аллаху таалага шерик кошкон кечирилбейт.” [Байхаки]

"Жабраил алейхиссалам келип: "Тур, намаз оку жана дуба кыл! Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деди. Бул түндү ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү, сараңдарды, кекчилдерди, мушахиндерди (ахлибидат), ичкилик ичкендерди, пайызчы жана зинакорлорду кечирбейт." [Таберани]

"Бул түнү мусулман боордошу менен байланышын үзгөн, өзүн жогору санаган жана ата-энесине каршы чыккандар кечирилбейт.” [Байхаки]

"Жабраил алейхиссалам мага келди. "Тур, намаз оку жана дуба кыл. Бул түн Шабандын он бешинчи түнү”, - деди. Бул түндү ибадат менен өткөргөндөрдү Аллаху таала кечирет. Бир гана мушриктерди, сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү, сараңдарды, кекчилдерди, мушахиндерди (ахлибидат), ичкилик ичкендерди, пайыз бергендерди жана зинакордук жасагандарды кечирбейт. [Таберани]

"Рахмат (ырайымдуулук) эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба кайтарылбайт. Рамазан жана Курман Айттын биринчи түнү, Бараат жана Арапа түнү.” [Исфахани]

"Аллаху таала Бараат түнүндө капырлардан башка момундарды кечирет. Кекчилдерди бул жаман мүнөздөрүн койгонго чейин кечирбейт.” [Табарани, Байхаки]

"Аллаху таала Шабандын 15-чи түнүндө мушрик жана мушахинден (бидатчыдан) башка бардыгын кечирет.” [Ибни Мажа]

"Аллаху таала Шабандын ортосунун [Бараат] түнүндө дүнүйө асманында тажалли кылат. Баникалб уруусунун койлорунун кылдарынан да көп адамдын күнөөлөрүн кечирет”. [Ибни Маже, Тирмизи]

"Төрт түндүн күндүзү да түнү сыяктуу пазилеттүү. Аллаху таала ал күндөрдө дуба кылгандын тилегин кайтарбайт, аларды кечирет жана алар бул күндөрдө мол ихсанга ээ болушат. Булар: Кадыр түнү, Арапа түнү, Бараат түнү жана Жума түнү менен күндөрү.” [Дайлами]

«Аллаху таала Шабан айынын 15. түнү рахматы менен тажалли кылып, өзүнө ширк кошкон жана мусулман боордошуна кек сактагандан сырткары баарын кечирет.» [Ибни Мажа]

«Аллаху таала ушул төрт түндү жакшылыктар менен кооздойт: Курман, Рамазан айт түнү, Арапа түнү, бул Шабандын жартысынын [Бараат] түнү болуп, анда ажалдар, ырыскылар жазылат.» [Дайлами]

 «Салих тууганды таштаган, эне-атага аси (каршы) болгон адам Бараат түнү кечиримге жете албайт.» [Байхаки]

Ичкилик ичүү, сараңдык кылуу, кек сактоо сыяктуу күнөөлөрдү жасаган адам капыр болбойт. Ыйманы түз болсо күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин Жаннатка кирет. Сооптору күнөөлөрүнөн да көп болсо Жаханнамга кирбестен Жаннатка кирет.

Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Расулуллахтын эч бир айда Шабан айынан да көп орозо кармагандыгын көрбөдүм. Кээде Шабан айынын толугун орозо менен өткөрчү.» (Бухари)

Бул түндү чоң олжо деп билип, тообо истигфар кылып, каза намаздарды окуп, Курани карим окуп, айрыкча илим үйрөнүү керек. Эң баалуу илим туура жазылган илмихал маалыматтары болуп саналат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Бараат түнү "Аллахуммарзукна калбан такыййан минаш-ширки бариййан ла кафиран ва шакыййа” дубасын көп окучу. Улуу заттар Бараат түнү мындай деп дагы дуба кылышчу:

«Йа, Рабби, Курани каримиңде: «Аллах тилегенин өчүрөт, тилегенин сабит калтырат, Лавх-и махфуз Анын катында», - деп буюруудасың. Эгер менин ысымым саиддер [жаннаттыктар] дептеринде болсо ошол жерде сабит (бекем) кыл! Ысымым шакилер [жаханнамдыктар] дептеринде болсо ысымымды ал жерден өчүрүп, саиддер дептерине жаз! Эй, улуу Аллахым, көңүлдөрдү жакшыдан жаманга, жамандан жакшыга өзгөрткөн бир гана Сенсиң. Көңүлүмдү диниңде сабит кыл, диниңен кайтарба, айырба!»

Хазрети Аиша энебиз: "Йа, Расулаллах, Аллаху таала сизди күнөө кылуудан сактаса да эмне эмне үчүн Бараат түнү көп ибадат кылдыңыз?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз жообунда мындай деп буюрду:

"Шүгүр кылуучу кул болбоюнбу? Бул жылы туула турчу бардык бала ушул түнү дептерге жазылат. Бул жылдын өлө тургандарынын ысымдары ушул түнү жеке дептерге жазылат. Ушул түнү бардык адамдын бир жылдык ырыскысы бөлүнөт. Ушул түнү бардык адамдын кылган иштери Аллаху таалага сунулат.” [Гунйа]

"Бараат түнүн олжо, мүмкүндүк деп билгиле! Анткени, ал – белгилүү бир түн. Шабандын 15-чи түнү. Кадыр түнү өтө кадырлуу болсо да кайсы түн экендиги белгисиз. Бул түнү көп ибадат кылгыла! Антпесе, кыямат күнү өкүнөсүңөр!” (С. Абадиййа)

Нафил ибадаттардын сообуна жете алуу үчүн Ахли сүннөт акыйдасында болуу керек, харамдардан качып, күнөөлөргө тообо кылуу керек, фарздарды кемчиликсиз орундоого тырышуу керек жана ал амалды ибадат иретинде орундоого ниет этүү керек.

Хазрети Хасан Басри Шабандын 15-чи күнү мазардан чыккандай болуп жүзү абдан соолуккан абалда көрүнчү. Бул кайгылуу абалынын себебин сурагандарга: "Илми якин менен билемин, күнөөм бар. Күнөөм кечирилбесе, соопторум да кабыл болбосо абалым эмне болот деген коркунучтан улам жүзүм саргаюуда”, - деп жооп берди.

Суроо: Орозо Шабандын 14-чү күнү кармалабы же 15-чи күнү кармалабы?

ЖООП: Он бешинчи күнү кармалат. Денеси зайып адам Шабандын 15нен кийин орозо кармабай, парз болгон Рамазан орозосуна даярдануусу жакшы болот. Дени сак адам болсо Шабан айынын көбүн, атүгүл толугун орозо менен өткөрө алат.

 

Бараат түнү эмнелер кылынат

 

Суроо: Бараат түнү эмнелерди кылуу керек?

ЖООП: Дин улууларыбыз буларды кылууну сунушташкан:

1-Түнү бир саатчалык ибадат кылуу менен түндүн адеби өтөлгөн болот. Бирок, убактысы болгон адам түнү азыраак уктоосу керек.

2-Мүмкүн болсо дин улууларыбыздын кабырларын зыярат кылып, пейздерине ээ болуу керек. Алар үчүн көп дуба кылуу керек.

3-Өзүбүз жана бүткүл момундар үчүн дуба жана истигфар кылуу керек. Намаздан кийин көп дуба кылуу керек, өзгөчө кайырлуу дуба кылуу керек. Дубаны көп кайталоо керек. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Бараат түнү окуган "Аллахуммарзукна калбан такыййан минаш-ширки бариййан ла кафиран ва шакыййан” дубасын көп окуу керек.

4-Үй-бүлөсүндөгүлөр менен мээримдүү сүйлөшүп, аларга жакшы мамиле кылуу керек.

5-Курани карим окуп, өзгөчө Раббана атина жана Аманаррасулу’ну көп окуу керек.

6-Эң маанилүүсү, илим үйрөнүү керек. Бул үчүн Ахли сүннөт аалымдары жазган илмихал китептерин окуу керек.

7-Казасы болбосо да көп каза окуу керек. Намаздан тышкары сажда кылып, саждада дуба жана истигфар кылып, мүмкүн болсо топуракка сажда кылуу керек, сажданы көп кылуу керек.

8-Жакшы жыт себинүү керек.

9-Аллаху таалага хамд жана шүгүр кылуу керек.

10-Эртеси күнү болсо орозо кармоо керек.

 




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages