islamd...@gmail.com |
Тагдыр өзгөрөбү?
Суроо: Дуба менен тагдыр өзгөрүшү мүмкүнбү? "Кудай жазган болсо бузсун” деген сөздүн мааниси кандай? Дуба кылууну каалоо дагы тагдырданбы? Тагдырдын өмүрү кайсы жерге чейин? Ал эзелийби же түбөлүктүүбү? Тагдырдын дагы бир тагдыры барбы? ЖООП: Алгач каза менен тагдырды жана алардын түрлөрүн билүү керек. Тагдыр – бул Аллаху тааланын боло турган нерселерди эзелде билүүсү. Каза – тагдырдагы нерселерди убагы келгенде жаратуусу. Башкача айтканда, тагдыр эмгек акысы баракчасы сыяктуу. Каза болсо бул айлыктын бөлүштүрүлүшү. Аллаху таала ар кимдин эмне кыларын, кайда, кантип өлөөрүн билет. Бул тагдыр, буйрук, бакыт, насип, таалай, жазмыш, бешене, маңдайга жазылган жазуу деп аталат. Эгер бир фильм кайра-кайра көрсөтүлсө, аны мурда көргөн адам экинчи-үчүнчү жолу көрүп жатып: "Башкы ролду ойногон актёр аттан жыгылып өлөт”, - десе, ал айткан үчүн фильмдеги актёр өлөбү же айткан адам аны мурда көргөнү үчүн билеби? Аллаху таала дагы адамдарга эмне болорун билгендиктен бул нерселерди лавх-и махфузга жазган. Бир аяттын мааниси төмөнкүдөй: "Аллах ар бир жандуунун турган жерин жана акыры бараар жерин билет. Алардын баары ачык китепте [лавх-и махфузда].” [Худ, 6] Тагдырдын өзгөрө турганы да, өзгөрбөй турганы да бар. Мисалы, өзгөрбөгөн ажал ажал-и мусемма деп аталат. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй: "Өлүм бир көз ирмемге кечикпейт жана өз убагынан мурун да келбейт.” [Аараф, 34] Адамдын амалына жараша өмүрү жана ырыскысы өзгөрүшү мүмкүн. Курани каримде мындай мааниде айтылат: "Аллах каалаганын өчүрөт, каалаганын өзгөртпөйт. Умм-ул китаб [лавх-и махфуз] Анда.” [Раад, 39] Умм-ул-китаб – эзелий болгон келам-и Илахи (Аллахтын сөзү) жазылган китеп. Периштелер муну түшүнө алышпайт. Убактылуу эмес. Аллахтан башка эч ким билбейт. Ал эч качан жок болбойт. Лавх-и махфузда өзгөрүү болот. Муну периштелер көрүшөт. Адамдын амалына жараша өмүрү жана ырыскысы өзгөрөт. Жакшылар жаман, жамандар жакшы катары өзгөртүлүшү мүмкүн. Башка бир аяттын мааниси да төмөнкүдөй: "Ар кимдин өмүрү жана өмүрлөрдүн кыскарышы албетте китепте жазылган.” [Фатыр, 11] Өзгөрүшү мүмкүн болгон каза-тагдыр каза-и муаллак деп аталат. Эгер бир адам жакшы амал кылып, дубасы кабыл болсо, ал каза өзгөрүшү мүмкүн. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: "Каза-и муаллакты эч нерсе өзгөртпөйт. Дуба гана өзгөртөт.” [Хаким] "Тагдыр тадбир менен, сактануу менен өзгөрбөйт. Бирок, кабыл болгон дуба балээ-кырсык келип жатканда коргойт.” [Табарани] "Сыла-и рахм өмүрдү узартат.” [Табарани] Тагдырдын лавх-и махфузда жазылганы каза деп аталат. Эгер бир адамга тагдыр кылынган балээ-кырсык каза-и муаллак болсо, ал адамдын дуба кылуусу да тагдыр кылынган болсо, ал дуба кылат, дубасы кабыл болгондо балээ-кырсыктын алдын алат. Дубанын балээ-кырсыктын алдын алуусу да каза жана тагдырдан. Колчатыр жамгырга каршы калкан болгон сыяктуу, дуба да балээ-кырсыкка каршы калкан болот. Ажал-и мусемма өзгөрбөйт, бирок, ажал-и каза өзгөрүшү мүмкүн. Мисал: Эки адам Хазрети Давудга бири-биринин үстүнөн арызданышты. Азраил алейхиссалам келип: "Бул эки адамдын биринин ажалына бир жума калды. Экинчисинин өмүрү болсо бир жума мурун бүткөн эле, бирок, өлгөн жок”, - деди. Хазрети Давуд таң калып себебин сураганда жооп катары айтты:
"Экинчисинин бир тууганы бар эле. Ага таарынып жүргөн эле. Бул барып анын көңүлүн алды. Ушул себептен Аллаху таала мунун өмүрүн 20 жылга узартты.” [Лавх-и Махфуз жана Уммул-ул-китаб китепчеси] |
www.islamdini.kg |