Илимден бир тамчы - Кадыр түнүнүн белгилери

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Apr 27, 2022, 3:06:05 AM4/27/22
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Кадыр түнүнүн белгилери

 

Суроо: Кадыр түнүнүн белгилери эмнелер? Өзгөчө Кадыр түнүнө кез келүү үчүн Рамазандын түндөрүн кандайча өткөрүү керек?

ЖООП: Рамазандын ар бир түнүнө Кадыр түнү деп мамиле кыла турган болсо Кадыр түнүнө кез келген болот. Күндө эң аз мына буларды аткаруу керек:

1-Куптан намазында заммы сүрө катары Кадыр сүрөсүн окуу.

2-Мына бул дубаны окуу керек: "Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул афва фафу анни".

3-Бир канча бет Курани карим окуу.

4-Илмихалдан бир канча бет окуу.

5-Аз болсо да Исламиятты туура жайылткан инсандарга, уюмдарга жардам көрсөтүү же садака берүү.

6-Түнү соор убагында эки рекет намаз окуп, силсиле-и алиййаны окуп, ал аалымдардын урматына деп дуба кылуу.

7-Күндүзү дагы түнү сыяктуу баалуу болгондуктан күндүзүн ибадат менен өткөрүү керек.

 

Кадыр түнүнүн белгилери:

Кадыр түнү ачык жана тынч болот, ысык да суук да болбойт. Эртеси таңда күн кызыл болуп, шооласыз атат. Кадыр түнү иттин үнү угулбайт деген аалымдар дагы болгон. Убейд бин Омар хазреттери айткан: "Кадыр түнү деңизде элем, деңиздин суусун ичтим, туздуу эмес эле, таттуу жана жагымдуу эле.”

Хадиси шарифтерде айтылган:

"Кадыр түнү ачык жана жумшак болот. Суук жана ысык эмес, таң эрте дагы күн алсыз жана кызыл болуп чыгат." [Таберани]

"Кадыр түнү ачык болот, ысык жана суук эмес. Булут болбойт. Жамгыр жана шамал болбойт. Ал түндүн таңынын белгиси - күндүн шооласыз чыгышы." [Таберани]

"Кадыр түнү эртеси күн шооласыз чыгат. Бийиктегенге чейин чоң табак сыяктуу болот." [Муслим]

 

 

Кадыр түнү кантип өткөрүү керек?

 

Кадыр түнү тууралуу даанышман заттар мындай дешкен:

Курани карим Лавх-и махфузга Бараат түнү бир жолкусунда түшүрүлдү. Лавх-и махфуз 7 кабат асманда, Жаннат 6 кабат асманда. 1 кабат асманга Кадыр түнү түшө баштады. 20 жылда түштү. Биринчи «Икра» аяты менен 23 жыл созулду. Биринчи аяти каримадан кийин 3 жыл аят келбеди.

Бул түнү бардык момундар кечирилет, бирок, бул беш топтогу адамдар кечирилбейт:

1- Төлгөчүлөр, көзачыктык кылгандар, жылдызнаама сыяктуу китептерге карап келечектен кабар бергендер.

2- Сыйкыр кылгандар жана кылдыргандар.

3- Эне-атага каршы болгондор.

4- Ичкилик ичүүдөн тыйылбагандар.

5- Зына кылгандар, намахрам аялдар менен отуруп-тургандар.

Булардан бул күнөөсүнө тообо кылгандар гана кечирилет.

Дагы бир Рамазан айы келип-кетүүдө. Кадыр түнү чоң мүмкүнчүлүк, аны кадырлап, жакшылап өткөрүү керек. Ханафи мазхабында бир түндү ибадат менен өткөрүүнүн эң жакшы жолу – илим үйрөнүү, тагыраагы, илмихал китеп окуу. Экинчи маанилүү нерсе – бул түнү күнөө кылбоо.

Кимде ким Кадыр түнүн ибадат менен өткөрсө көңүлү өлбөйт жана ал түндү ибадат менен өткөргөн адамды Аллаху таала кечирет. Кадыр түнүндө жана күндүзү көп ибадат кылуу керек, себеби, күндүзү кылынган ибадатка дагы түнү кылынгандай сооп берилет. Бул түндүн Рамазан шариф айында болгондугу анык. Аны Аллаху таала бул айга жашырган жана ар жылы өзгөрөт. Кубаттуу ыктымал 20-нан кийин. Жашырылуусундагы максат  - бир гана ал түндү эмес айда толугу менен ибадат кылынуусу үчүн. Бул түнү мындайча дуба кылуу керек:

Йа, Рабби, сен бизди шайтандын жамандыгынан, душмандын жамандыгынан жана нафси аммарабыздын жамандыгынан корго, үйлөрүбүзгө жакшылык бер, халал жана кайырлуу ырыскыларды ихсан кыл. Оорулууларыбызга шыпаа, дарттуу болгондорубузга дабаа, карыздууларыбызга карыздарын адаа ихсан ихсан кыл. Бизди Жума күнүнүн жана Кадыр түнүнүн шапаатына, берекесине ээ кыл. Жума күнү жана Кадыр түнүнүн урматына күнөөлөрүбүздү кечир. Жаннатта дагы Жамалык менен мушарраф кыл, кемчиликтерибизди кечир!

Расулуллах алейхиссалам Кадыр түнү «Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул афва фафу анни» дубасын дагы көп окучу. «Йа, Рабби, сен кечирүүчүсүң, каримсиң, кечирүүнү сүйөсүң, мени да кечир» дегенди билдирет. Бул түнү Кадыр сүрөсүн жана Курани карим окуу керек. «Кадыр түнүнө туш келген бир түндү ибадат менен өткөргөн адам Кадыр түнүн ибадат кылгандай сооп табат» деген хадиси шарифти ойлоп, көп туш болгон 27-чи түн ибадат менен өткөрүлсө, ал түнү Кадыр түнү болбосо дагы чоң соопко жетет.

 

Кадыр түнү

 

Суроо: Кадыр түнү эмне үчүн баалуу, кадырлуу? Калган түндөрдөн айырмасы, өзгөчөлүгү кандай?

ЖООП: Баасыз, кадырсыз болгон бир нерсе кадырлуу бирөөнүн берүүсү менен кадырлуу болот. Кадыр түнү бардык түндөр сыяктуу бир түн болуусуна карабай, Аллаху таала аны кадырлагандыгы үчүн миң айдан да кадырлуу болгон. Чындыгында, Кадыр сүрөсүндө:

«Биз Куранды сага Кадыр түнү түшүрдүк. Кадыр түнү миң айдан да кайырлуу», - деген мааниде буюрулууда.

Курани карим Рамазанда түштү. Кадыр түнү бул айда. Курани каримде бүткүл үстөмдүктөр камтылууда. Бул айда дагы ошол үстөмдүктөрдөн пайда болгон бүткүл жакшылыктар камтылууда. Мындан улам Курани карим бул айда түшүрүлдү. Бакара сүрөсүнүн 185-чи аятында:

«Курани карим Рамазан айында түшүрүлдү», - деген мааниде буюрулду. Кадыр түнү бул айда. Бул айдын өзү. Кадыр түнү данектин ичи сыяктуу. Рамазан айы болсо кабыгы сыяктуу. Ушул үчүн ким эгер бул айды сый-урмат менен жакшы өткөрүп, бул айдын жакшылыктарына, берекелерине жетсе бул жылды жакшы өткөрүп, кайырлуу жана берекелүү болот. Аллаху таала бардыгыбызды бул мубарек айдын жакшылыктарына, берекелерине жеткирсин.

Кадыр түнү ыйык Рамазан айы ичиндеги бир түн. Имам Шафии хазреттери 17., Имам Азам Абу Ханифа хазреттери болсо 27. түн болуусу көп көрүлөт деген. Жыйырма менен отузунчу түндөрү арасында издегиле делди. Курани каримде макталган эң баалуу түн. Курани карим Расулуллах алейхиссаламга бул түнү келе баштады. Равда-тул-улама китебинде Кадыр түнүнүн пазилети түшүндүрүлүп жатып мындай делген: «Аллаху таала Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө Рамазан айында беш нерсе берет, алардан башка эч кимге берген эмес. Беш нерседен бешинчиси – Аллаху таала аларга Кадыр түнүн берет. Атүгүл, эгер бир адам ал түндө Аллаху таалага ибадат кылса күнөөлөрүн кечирет. Ал түндө Жаханнамдан азат болот. Ал түндө бүткүл Рамазан айы бою азат болгондорчолук момун азат болот.»

Бул түндү Курани карим окуп, таравих жана каза намаздарын окуп, истигфар кылып өткөрүү керек, акыретке көчкөн жакындарыбызды дагы эскерип, аларга да дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Хазрети Айша энебизге сунуштаган мына бул дубаны көп окуу керек:

«Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул афва фафу анни.»


www.islamdini.kg

Диний сурооңуздар үчүн: 
 

islamd...@gmail.com


Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages