Жума күнү жана түнү эмне окуу керек
Суроо: Жума күнү жана түнү эмнелерди окуса жакшы болот? ЖООП: Хадиси шарифте айтылат: “Жума түнү Кахф сүрөсүн окуган адам Кыяматта жерден асманга чейин бир нур менен жаркырайт. Эки Жуманын арасында кылган күнөөлөрү да кечирилет.” [Тергиб] “Жума күнү 80 салават окуган адамдын 80 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дара Кутни] “Жума күнү же түнү Духан сүрөсүн окуган адамга Бейиште бир ак сарай ихсан кылынат.” [Таберани] “Жума түнү Ясин сүрөсүн окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани] “Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Таберани] “Жума күнү багымдат намазынан мурун "Астагфируллах аллази ла илаха илла хувал каййума ва атувбу илайх” окуган адамдын деңиздин көбүгүндөй болсо да күнөөлөрү кечирилет.” [Ибни Сунни] “Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана муаввизетейн окуган адамды Аллаху таала бир жума балээ-кырсыктан, жаман иштерден сактайт.” [И. Сунни] |
Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |