Кабыр абалдары (1)

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Dec 10, 2025, 5:30:22 AM12/10/25
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Кабыр абалдары (1)

 

Өлгөндөр кабырда төрт абалда болушат. Кээ бири таманы менен отурат. Көзү чыгып, денеси ысып, денеси топуракка айланганга чейин ошол бойдон турат. Андан соң руху периштелер ааламына чыгат.

Кээ бирине Аллаху таала уйку берет. Биринчи сур үйлөнгөндө чейин эмне болуп жаткандыгынан кабары болбойт. Биринчи сур үйлөнгөндөн кийин ойгонуп, кийин кайра өлөт.

Кээ бири кабырында эки же үч ай турат. Кийин руху Бейиш кушуна минип, Бейишке барат. Муну билдирген хадиси шарифтер сахих хадистер болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам: "Мусулмандын руху куш менен бирге болот. Бейиш бактарынын биринде конуп турат”, - деген. Ошол сыяктуу шейиттердин рухтары тууралуу суралганда: "Шейиттердин рухтары жашыл куштардын ичинде болуп, Бейиш бактарына конуп турат”, - деп жооп берген.

Кээ бир адамдар каалаган учурда орундарынан көтөрүлөт. Кээ бирлери сур үйлөнгөнгө чейин ошол жерде калат.

Төртүнчү абалда боло тургандар – набилер менен олуялар. Алардын кээ бири кыяматка чейин учуп жүрөт жана көпчүлүгү түнү көрүнөт. Абу Бакр Сыддык жана Омар-ул Фарук ошолордун бири болуп эсептелет.

Пайгамбарыбыз:"Адамдар уйкуда, өлгөн кезде ойгонот”, - деп айткан. Бул хадис үчүнчү өмүрдү, башкача айтканда, кабыр жашоосун билдирет.

Кабыр жашоосундагы жагдайлар өлгөндөрдүн акыйкаттары менен сыпаттары ачыла турган кезиндеги жагдайлар болуп саналат. Өлгөндөрдүн кээ бири бир орунда калат. Кээ бири кыдырып жүрөт. Кээ бири катуу азапка тартылат. Буга далил: "Мумин” сүрөсүнүн 46-аяты: "Нар (от) күнөөкөрлөрдүн үстүнө таңда жана кечинде берилет. Кыямат күнүндө да Тозокто милдет аткаруучу периштелерге Фираунду ээрчигендерди азаптын эң коркунучтуу жерине таштагыла деп буйрук берилет”.

Өсүмдүктөр көмүртек диоксиди газын жана топрактан суу менен тузду алып, аларды бириктирет. Ушунун негизинде органикалык заттар калыптанат. Жылдар бою улана турган химиялик реакциянын катализатор аркылуу бир заматта жүзөгө аша тургандыгы белгилүү.

Мына ошол сыяктуу эле Аллаху таала мазарда суу, көмүртек диоксити жана топурак заттарын бириктирип, органикалык заттарды, жандуу мүчөлөрдү бир заматта жаратат. Ушул сыяктуу тириле турганыбыз тууралуу Мухаммед (алейхиссалам) кабар берет. Табият таануу илимдери анын бул дүнүйөдө да жүзөгө ашып жаткандыгын көрсөтүп турат.


(Уландысы бар...)



www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages