![]() |
Сүннөт деген эмне? Аллаху таала ачык билдирбеген, бирок, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мактап, өзү туруктуу түрдө аткарган же башкалар жасап жатканда тоскоол болбогон нерселер сүннөт деп аталат. Сүннөттү жактырбоо куфур. Жактырып, бирок, аткарбаган адамга азап кылынбайт. Бирок, себепсиз эч аткарбаган адам күнөөлөнүүгө жана сооптон куру калууга ылайык болот. Мисалы: азан айтуу, коомат келтирүү, жамаат менен намаз окуу, даарат алганда мисвак колдонуу, үйлөнгөн түнү тамак берүү (той берүү) жана уулун отургузуу (сүннөт кылуу). Сүннөттүн эки түрү бар: Суннати муаккада жана Суннати гайр-и муаккада. Суннати муаккада: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) дайыма аткарган күчтүү сүннөттөр. Багымдат намазынын сүннөтү, бешим намазынын алгачкы жана акыркы сүннөтү, шам намазынын сүннөтү, куптан намазынын акыркы эки рекет сүннөтү мына ушундай. Багымдат намазынын сүннөтүн важиб деген аалымдар да бар. Буларды эч качан себепсиз аткарбоого болбойт. Жактырбаган капыр болот. Суннати гайр-и муаккада: Булар Пайгамбарыбыздын ибадат максаты менен кээде аткарган амалдары. Аср жана куптан намазынын төрт рекеттик алгачкы сүннөттөрү мына ушундай. Булар бир нече жолу орундалбаса, эч нерсе болбойт. Себепсиз түрдө таптакыр аткарылбаса, күнөөлөнүүгө дуушар болуп, шапааттан куру калууга себеп болот. Даарат алуу, тамак жеп ичүү жана ар бир пайдалуу ишти баштоонун астында "бисмиллах” деп айтуу сүннөт. Даарат алганда мисвак колдонуу да сүннөт.
|
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com |
![]() |
Курани каримди кантип түшүнөбүз Суроо: Курани каримди түшүнүү үчүн эмне кылуубуз керек? Жооп Курани каримдин чыныгы маанисин түшүнүүнү каалаган бир адамдын дин аалымдарынын калам жана ахлак китептерин окуусу керек. Бул китептердин бардыгы Курани каримден жана хадиси шарифтерден алынган. Курандын котормосу деп жазылган китептер туура маанини бере албайт. Окугандарды буларды жазган адамдардын көз караштарына жана максаттарына туткун кылып, динден чыгууларына себеп болот. Кураны каримди эч бир тилге которуу мүмкүн эмес. Жада калса, кандайдыр бир ырды дагы башка тилге толук которуу мүмкүн эмес. Анын түшүндүрмөсүн гана жазууга болот. Курани каримдин маанисин котормосунан түшүнүүгө болбойт. Бир аяттын маанисин түшүнүү деген сөз Аллаху тааланын ушул аят аркылуу эмне демекчи экенин түшүнүү дегенди билдирет. Бул аяттын кандайдыр бир котормосун окуган адам мурад-ы илахини (илахи максатты) үйрөнө албайт. Котормочу эмнени түшүнгөн болсо, ошону гана үйрөнөт. Курандын эч бир котормосунан дин үйрөнүлбөйт. Динин үйрөнүшү үчүн бир адамдын колуна эң мыкты деп билинген котормону берүү океандын ортосунда болгон адамга бир жыгачтын сыныгын бергенден да жаман. Анткени, бул бир сынык жыгач менен адам жээкке чыга алышы да мүмкүн, чыга албаса өлөт жана ыймандуу болсо Бейишке барат. Бирок, котормодон динди үйрөнүүгө аракет кылган адам ыйманын жоготуп алышы мүмкүн. Же болбосо деңизде сүзгөн адамдарды карап: "Сууда сүзүү оңой, баары сүзө алат”, - деп эсептеп, сүзгөндү билбеген бир жаш жигитти океандын ортосуна таштоо Куранга маани берүүнүн жанында жеңил болуп калат. Себеби, сүзгөндү билбеген адам чөгүп өлөт, бирок, Курани каримге жаңылыш маани берген адам куфурга түшүп, Тозокко кетет. Ансыз деле, биз сыяктуулардын динди үйрөнүүбүз үчүн тафсир жана хадис окуубуз туура эмес. Себеби, Куран жана хадисти жаңылыш түшүнүп алуу же шектенүү ыйманды кетирет. Бул ичке маселени абдан жакшы билгендиктен Хазрети Абу Бакр: "Куранды жеке көз карашым менен тафсир кылууга тырышсам мени кайсыл жер көтөрөт, кайсыл асман көлөкөлөйт”, -деп айтты. (Шир’а) Чыныгы аалымдар жазган тафсир китептерин түшүнө алуу үчүн жыйырма негизги илимди мыкты үйрөнүү зарыл. Тафсир илимин билбеген адамдын хадис жана тафсир окууга аракет кылуусу ашказаны ооруган адамдын кубат алуу үчүн майлуу тамактарды жегенине окшойт. Негизи бул адам алгач диета кармап, анан гана күчтүү тамактарды жеши керек. Негизги илимдерди окубаган адам динди үйрөнүү үчүн Курандын котормосун, тафсир, хадисти окууга тырышса, жаңылыш түшүнүп алып, динин да, ыйманын да жоготуп алат. Белгилүү тафсирлер дагы адисинен башкасына зыяндуу болот. Курани каримди түшүнө алуу үчүн Расулуллахтын түшүндүрмөлөрүн билүү зарыл. Сүннөттү да түшүнө алуу үчүн сахабалардын жана аалымдардын түшүндүрмөлөрүн билүү зарыл. Сатылып жаткан кыргызча тафсир китептерде жеке көз караштар жазылган. Окуган адамга зыяны пайдасынан көбүрөөк. Айрыкча, Ислам душмандарынын, динсиздердин, бидатчылардын атайын Курани каримдин маанисин бузуу үчүн жазган тафсирлери уу болуп саналат. Мындай тафсирлерди окуган жаш зээндерде бир топ күмөн жана каршылыктар пайда болот. Курандын чыныгы тафсирин жасаган, туура маанисин берген киши жалгыз гана Мухаммед алейхиссалам жана Анын хадиси шарифтери. Бул хадиси шарифтерди дагы жалгыз сахабалар менен мужтахид аалымдар гана түшүнө алышкан. Мусулмандар болсо бул аалымдардын түшүнгөндөрү менен амал кылышкан. Ушундай экенине карабастан Курандан, хадистен жана булардын котормолорунан дин үйрөнүү мүмкүн эмес. Ар бир мусулман динин ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен даярдалган илмихал китептеринен үйрөнүүгө тийиш. Айрым адашкандар: "Түшүнбөй эле Куранды окугандын пайдасы болбойт, котормосун окуш керек”, - деп айтышууда. Имам Газали хазреттери айтат: "Имам Ахмед бин Ханбал Аллаху тааланын: "Түшүнсө дагы, түшүнбөсө дагы Куранды окуган адам менин ыраазылыгымды табат”, - деп айтканын билдирди.” [Ихйа] Фыкх илими Суроо: Фыкх үйрөнүү Курандын маанисин үйрөнүүдөн да артык сооппу? Жооп Фыкх - жашоонун жан тамыры. Мусулмандын фыкхсыз жашоосу болбойт. Имам Азам хазреттери фыкх тууралуу: "Өзүнө пайда жана зыян болгон нерселерди билүү”, -деп айткан. Пайдасын, зыянын билбей туруп бир иш кылган адамды жинди деп айтышат. Динде дагы пайдасын, зыянын билбегендик балакет. Фыкхты билбей ибадат кылынбайт, ыйман да корголбойт. Базардагы котормолор бири-бирине дал келбейт. Эң туура делген котормодон дагы фыкхты үйрөнүү мүмкүн эмес. Мисалы, Курани каримде "Намаз окугула” деп буйрук кылынат, бирок, кантип намаз окулуусу, намаздын фарздары, намазды буза турган нерселер сыяктуу маселелерди Курани каримден таба албайбыз. Курани каримди Пайгамбарыбыз алейхиссалам хадиси шарифтери аркылуу түшүндүрүп берген. Хадиси шарифтерди да Ислам аалымдары түшүндүрүп берген. Ошондуктан, Курани каримдин чыныгы маанисин түшүнүүнү, үйрөнүүнү каалаган адам котормосун эмес, Ислам аалымдарынын калам, фыкх жана ахлак китептерин окуулары керек. Бул китептердин бардыгы Курани каримден жана хадиси шарифтерден алынган. Мухаммед Хадими хазреттери айтат:"Бизге тафсир китептери боюнча амал кылуу буйрук кылынган эмес. Фыкх китептерине моюн сунуубуз буйрук кылынды.” (Барика) |
![]() |
Жеп-ичүү харам болгон нерселер Суроо: Жеп-ичүү харам болгон нерселер эмне? Харам кылынууларынын себеби эмне? ЖООП Динибиз харам кылгандыктан кээ бир жаныбарлардын эти желбейт. Албетте, мунун кээ бир хикматтары (себеби, сыры) бар. Мусулман адам андагы хикматты билбесе дагы динибиз тыюу салган нерсени кылбайт. Тамак-аштардын адамга жакшы жана жаман таасир кыла тургандыгы талашсыз. Энеси жаман болсо же жаман аялдын сүтү менен тамактанган бала тентек болот. Мындайларды сүтү бузук дешет. Өз пайдасын ойлогон адам динибиз халал кылган нерселерди жеп, тыюу салган нерселерден алыс болуусу керек. Жеп-ичүү харам болгон нерселер: 1- Туруш менен өзү харам болгон нерселер. [Тарп, чочконун эти жана шарап, арак сыяктуу.] 2- Өзү харам эмес, бирок, тартылып алынган, уурулук, паракорлук жолу менен алынган нерселер. 3- Тойгондон кийин жеш. 4- Аллергия кылган нерсени жеш. [Мисалы, балык, эт, сүт, жумуртка, салат, маринат, бүлдүркөн ж.б., зыян берип жаткан болсо булар ким үчүн зыян болгон болсо ошол адамга үчүн гана харам, зыян бербеген адамга мубах болот.] 5- Зыяндуу нерселерди жеш. [Мисалы, ылай, топурак, айнек сыяктуу.] 6- Уулуу нерселерди жеш. [Уулуу өсүмдүк, жыттанып кеткен эт сыяктуу.] 7- Наркотикалык заттарды жеш. [Врачтын сунушу менен дарылык максатта колдонуу жаиз.] 8- Таза, бирок, жийиркеничтүү нерселерди жеш. [Курбака, каны болбогон курт-кумурскалар, жемиштин, сырдын жана эттин курттары сыяктуу.] Курани каримде мындай мааниде айтылган: «Тарп, аккан кан, ыплас чочко жана Аллахтан башканын аты менен союлган жаныбарларды жеш харам.»[Энам 145] Аяти каримада саналган бул харамдардан башка жогорудагы сегиз бөлүктө билдирилген нерселердин дагы харам экендиги Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» тарабынан билдирилген. |
![]() |
Ооздогу кан жана даарат Суроо: Тиш канаса, бирок, кан ооздон сыртка чыкпаса даарат бузулабы? Жооп Ооздон сыртка чыкмайынча бузулбайт. Бардык фыкх китептеринде ооздон кан чыкканда, кан кусканда даарат бузулат деп айтылган. Эч бир китепте канды жутканда даарат бузулат деп айтылган эмес. С. Эбедиййе китебинде айтылат: Ооздун ичи даараттын бузулуусунда ички орган болуп саналат. Орозонун бузулуусунда дененин сырты болуп саналат. Ошондуктан, тиш эттериндеги же ооздогу кан сыртка чыкмайынча даарат бузулбайт. Ооздон сыртка чыкканда кан түкүрүктөн көп болсо даарат бузулат. Баштан келген коюу кан көп болсо дагы дааратты бузбайт. Ашказандан, боордон келген кан суюк болсо Шейхайндын (Имам Азам менен Имам Абу Юсуфтун) өкүмү боюнча аз болсо дагы дааратты бузат. Бир нерсени тиштегенде ал нерсенин үстүндө кан көрсө даарат бузулбайт. Мисвак, тиш чукугучтун үстүндө кан көргөндө оозуна тийбеген болсо бузулбайт. Бирок, ал жерге бармагын коюп бармагында кан көрсө бузулат. (Себеби, кан ооздон сыртка чыккан болууда.) (Дааратты буза турган нерселер тууралуу) Ооздо пайда болгон кан ооз толтура болбосо мунун пайда болуусу жана муну жутуу дааратты дагы, намазды дагы бузбайт. Кусуу дагы ушундай.(Намаздын макрухтары тууралуу) Ооз кээде дененин ичи болуп саналат. Ошондуктан. орозо кармаган адам түкүрүгүн жута турган болсо орозосу бузулбайт. Адамдын ичиндеги нажасаттын ашказандан ичегиге өтүшү сыяктуу болот. Ооздогу жарадан же тиш алдырганда, укол сайган жерден же ашказандан оозго кан чыкса дааратты дагы, орозону дагы бузбайт. Бул канды түкүргөндө же сыртка чыгарбаганда түкүрүк кандан көп болсо. б.а., сары болсо анда дагы бузулбайт. Ашказандан келчү башка нерселер оозго келгенде дагы ушундай болуп, даарат жана орозо бузулбайт. Ооз толтура болуп, ооздон сыртка чыкса гана экөө тең бузулат. Ооздун ичи кээде дененин сырты сыяктуу болот. Оозго суу алганда орозо бузулбайт. Белгилүү болуп тургандай, тиш жулдурганда кан көп келсе, бирок, жутпай түкүрүп салса орозо бузулбайт. Жута турган болсо анда орозо бузулат. (С. Эбейдиййе) Дурр-ул-мухтар китебинде айтылат: Ооз толтура сафра, коюу кара кан, тамак же суу кусуу дааратты бузат. [Кусканда б.а., ооздон сыртка чыккандыгы үчүн бузулууда.] (Даарат тууралуу) Дааратты бузган нерсе кирдин чыгышы саналат. Бобосо чыгуу шарты менен кирдин өзү эмес. Желдин дааратты бузуусу желдин өзү нажис болгондуктан эмес, нажасат ордунан жылып келгендигинен. (Ибни Абидин) Кан жана башка нажис нерселер денеден сыртка чыкмайынча дааратты бузбай тургандыгы ушул жерден дагы белгилүү болууда. Бир адамдын кандуу геморройу болсо, бирок, каны сыртка чыкпаса даараты бузулбайт. Даараттын бузулушу үчүн өлчөм нажасаттын денеден сыртка чыгуусу болуп саналат. Кан же ириң түкүрүктөн көп болсо же түкүрүк менен тең болсо дааратты бузат. Эгер түкүрүк көп болсо дааратты бузбайт. (Дурер ве Гурер) [Бул жерде дагы ооздон сыртка чыгуу ишарат кылынууда. Эч бир китепте канды жутуу дааратты бузат деп айтылып жаткан жок.] Ооздогу канды жутуу дааратты бузбагандыгы сыяктуу намазды дагы бузбайт. Намаз окуп жаткан адам тиштеринин арасындагы канды жута турган болсо бул кан түкүрүктөн көп болсо дагы намаз бузулбайт. Намаз окуп жаткан бир адам атайын же унутуп бир нерсе жеп-ичсе намазы бузулат. Бирок, намаз окуп жатканда тиштеринин арасынан чыккан канды жута турган болсо бул кан ооз толтура эмес болсо намаз бузулбайт. (Хиндиййе) Ооздон түкүрүк менен тең же көп өлчөмдө кан чыкса даарат бузулат. (Нимет-и Ислам) [Ооздон кан чыгуусу деп айтылууда, ооздо пайда болгон кан тууралуу айтылып жаткан жок.] Кан баштан кулакка же мурунга акса, эгер ал кан гусулда жуулуусу керек болгон мурундун тешиктеринин же кулактын тешигине акса, бирок, сыртка чыкпаса дааратты бузбайт. (Халебийи сагир) Бул жерде дагы кандын пайда болуусу эмес сыртка чыгуусу дааратты бузат. Ооздун ичи даараттын бузулуусунда дененин ичи болуп саналгандыктан тиштер канаса, бирок, кан сыртка чыкмайынча дааратты бузбайт; жутулса дагы бузбайт. |
![]() |
Орозону бузган нерселер Илмихал китептеринде орозону буза турган жана кафарат талап кыла турчу жагдайлар тууралуу жалпы эреже билдирилген. Азык же болбосо дары иретинде пайдалуу бир нерсени жеп-ичүү, лаззат бере турчу нерсени ооздон өткөрүү жана жима (аялы менен кошулуу) орозону бузат. Орозону буза турчу бул нерселер билип туруп жасалса казасы дагы, кафараты дагы орундалыш керек болот. Орозону бузуп казасын жана кафаратын талап кылчу жагдайлардын бир нечеси мына булар: 1- Орозо экендигин билип туруп жеп-ичүү. 2- Кан алдыруу, гыйбат кылуу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы маалым нерселерден кийин орозом бузулду деп билип туруп жеп-ичүү. 3- Тамакка кирген жамгырды, карды өз каалоосу менен жутуу. Өз каалоосусуз тамакка кирип кете турган болсо бир гана казасын орундашы керек болот. 4- Тамеки тартуу. Рамазан орозосун бузуп, бир гана казасын кылууну талап кылган нерселер булар: 1- Жаңылыштык менен бузуу, мисалы, даарат алганда тамакка суу качса. 2- Тамагына кар же жамгыр суусу кирсе. 3- Мурунга суюк дары куйса. 4- Астманын спрейин колдонуу. 5- Кыйнап буздурулса. 6- Мурунга адеколон тартса. [Жыттаса бузбайт] 7- Муким кезде орозо кармап, сапарга чыккан кезде жеп-ичсе. 8- Башка адам тарткан тамекинин түтүнүн өзү каалап жыттаса. 9- Кулактын ичине дары тамчылатуу, кулакты дары суу менен жуу. 10- Теридеги ачык жарага сүртүлгөн суюк дары ичке кирсе. 11- Денеге ийне менен дары куйса. 12- Каалап, кыйнап ооз толтура кусуу. 13- Тиши канаган адам оозундагы канды жутса же түкүрүк өлчөмү менен барабар болгон аралаш канды жутса. 14- Имсак убактысынын бүткөндүгүн билбестен жеп-ичсе. 15- Күн батты деп ойлоп орозосун бузса. 16- Тиштеринин арасында калган нокот менен тең нерсени жутса. 17- Мурунга тартылган суунун ооздон чыгуусу. 18- Даарат алып жатканда тамакка суу жүгүрүп кетсе. 19- Кагаз, таш, пахта, чөп, бышпаган күрүч сыяктуу дары жана азык болбогон нерсени жутса. 20- Арткы тешиктен же аялдардын алды жагынан свеча колдонуулары. 21- Орозолуу экендигин унутуп тамак жеп алса, орозо бузулду деп ойлоп кийин билип туруп тамактанууну улантуу. 22- Имсак убактысынан кийин ниет кылган адамдын күн ичинде орозосун атайын бузуусу. 23- Деңизге киргенде же гусул алып жатканда арткы тешиктен суу кирсе. [Ханбалиде бузбайт.] 24- Тилдин алдына коюлган дарыны эмсе. 25- Арткы тешикке коюлган пахта же башка нерсе толугу менен ичине кирсе. 26- Геморрой этчелери тахараттанып тазалангандан кийин ным бойдон ичке кирсе. 27- Мастурбация кылуу. 28- Денеге кирген ультра же эндоскопиялык аппаратында дары, мазь бар болсо. 29- Клизма кылдыруу. [Маликиде бузбайт]. 30- Атайын суунун буусун мурунга тартуу. 31- Ным манжаны алды же арка тешикке киргизүү, [Ханбалиде бузбайт.] 32- Мурундан мурун көндөйүнө кеткен канды жутуу. 33- Ачтыкка же суусуздукка чыдай албай жеп-ичүү. 34- Эсинен танган адамды ойготуу үчүн жана уктап жаткан адамдын оозуна суу агызуу. 35- Сапарда жүргөн адам атайылап орозосун бузса кафарат керек эмес, бир гана казасын өтөөсү керек. Себеби, сапарда орозо кармоо фарз эмес. 36- Атайылап орозосун бузган адам кийин орозо кармоону мубах кыла турган бир абал башына келе турган болсо, мисалы, аялдын хайзы башталса же орозо кармай албай турганчалык ооруп калса бир гана казасы керек болот. Бирок, орозосун бузуп сапарга чыкса кафарат керек болот. Себеби, сапарга чыгуу самавий үзүр (себеп) болуп саналбайт. 37- Орозо кармап жаткан адамдын оозуна кирген көз жаш же тер көп болуп, туздуулугу ооздун бардык жагында сезилсе жана жутса орозосу бузулат. Жутпастан түкүрө турган болсо бузулбайт.
|
![]() |
Орозо кармабоону мубах кылган кечиримдүү себептер Суроо: Орозо кармабоону мубах кылган үзүр себептер эмнелер? ЖООП 1-Оору: Ооруган же орозо кармаганда оорусу күчөгөн адам орозо кармабайт, кармап жаткан болсо бузса болот. Оорулуу адамды караган адам орозо кармаганда оорулуу адамды кароо ишинде кыйнала турган болсо ал дагы орозо кармабаса болот. 2- Сафар: 104 км алыс жерге барган адам 15 күндөн аз калчу жерде сафари болот. Жолчулукта кыйынчылык болуп, иш аксап же казага себеп боло турчу бир жагдай болсо орозону казага калтыруу жаиз болот. Хадиси шарифте: «Сапарда кыйынчылык ичинде орозо кармоо такыбаа саналбайт», - деп буюрулду. (Бухари) 3- Кош бойлуу жана бала эмизүү: Өзүнө же баласына зыян келе турган болсо кош бойлуу жана бала эмизген аял орозо кармабайт. Хадиси шарифте: «Аллаху таала кош бойлуу жана бала эмизген аялга орозо кармабоосу үчүн уруксат берди, орозосун техир кылды», - деп айтылууда. (Абу Давуд, Тирмизи, Несаи) 4- Ачкалык жана суусуздук: Өзүндө өтө кыйын ачкалык же суусуздук пайда болгон адам өлүм коркунучу бар болсо же акылы кете турган болсо же ооруп калып бир зыянга дуушар боло турган болсо орозосун буза алат. 6- Икрах: Орозолуу адам «Орозоңду бузбасаң сени өлтүрүп же бир дене мүчөңдү кесебиз» делип коркутулган болсо, алардын айткандарын кылууга күчү жетсе жана муну сантырак сөз катары айтып жатпаган болсо орозону бузуу мубах болот. Жумуш себеби менен орозо кармабоо жаизби? Суроо: Биз иштеген жер өтө ысык. Орозолуу болуп туруп иштөө мүмкүн эмес. Уруксат дагы беришпейт. Иштебей турган болсом бала-чакам нафакасыз калышат. Орозо кармабай, муну кышында казасын кармасам жаизби? ЖООП Нафакага муктаж адам иштегенде ооруп кала тургандыгын түшүнсө орозосун бузат. Акысына иштөөгө убадалашкан болсо жана иш ээси Рамазанда уруксат бербесе өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасы белен бар болгон адам орозону бузбайт, себеби, мындай жагдайдагы адамдын тиленүүсү харам. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасына ээ эмес болсо орозого зыян бербей турчу башка жеңил иш табуу керек. Жеңил иш таба албаса мурунку ишинде иштеп орозосун бузуусу жаиз болот. Бул сыяктуу эгин оргон адамга Рамазан айынын орозосу зыян берсе, б.а., орозонун айынан эгинин жыйнай албай эгин кырыла турган болсо же уурдалса [же куруп жаткан там курулбай жамгырдан жыгылып калуу коркунучу сөзсүз бар болсо] жана буларды өзүнүн ордуна акчага кыла турчу бирөө табылбаса орозо кармабай бул иштерин кылуусу жаиз болот. Иш бүтөр замат орозосун кармайт жана Рамазандан кийин кармай албаган күндөрүнүн казасын кармайт. Күнөө болбойт. Суусуздуктан ооруп калуусу, өлүп калуусу сөзсүз белгилүү болгондун баары орозосун бузуп казасын кармаса болот. Мындай абалда кафарат талап кылынбайт. (Радд-ул-мухтар) |