Асри сани (асрдын экинчи убактысы) Намаз убакыттарынын ичинде "асри сани” термини экинчи аср деген маанини билдирет. Асри аввал – биринчи аср деген сөз. Бешим намазынын убактысы Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин жана калган үч мазхабдын өкүмү боюнча асры аввалга чейин уланат. Башкача айтканда, бардык нерсенин көлөкөсү бешим намазынын баштапкы убактысындагы узундугунан өзүнүн боюна чейин, мисалы, 100 см талдын көлөкөсү бешим убактысынын башында 10 см болсо, бул көлөкө 110 см болгон кезде бешим убактысы бүтөт. Азыр айрым мусулман өлкөлөрдө аср намазынын азаны ошого карап окулат. Ошондуктан, кээде биздин мекендештерибиздин "баланча мамлекетте азандар эртерээк окулабы?” деген орундуу суроолорун угуу мүмкүн. Имам Азамдын "рахметуллахи алейх” өкүмү боюнча бешимдин убактысы асри саниге чейин. Башкача айтканда, бардык нерсенин көлөкөсү өз боюнан эки эсе узарганга чейин уланат. (Орто Азияда аср намазын Имам Азамдын ижтихады болгон убакытта окуу адат болуп калган. Башкача айтканда, ата-бабалардан калган метод боюнча шамга дал 2 саат калганда аср кирет деп кабылданган. Бирок, бул Кыргызстанда бир гана кыш айларында туура болот.) Жогоруда айтылган талдын көлөкөсү 210 см болгон кезде аср убактысы кирет. Калган үч мазхабда бешим менен асрдын убактысы Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин өкүмү сыяктуу. Башкача айтканда, бул мазхабдарда асри сани убактысы жок. Бул календарьдагы аср убакыттары ошол эки имамдын өкүмү боюнча берилген. Аср сыяктуу куптанда да эки убакыт бар. Ал ишаи аввал жана ишаи сани деп аталат. Иша – куптан дегенди билдирет. Куптан намазынын убактысы эки имамдын айтымында, ишаи аввалдан, б.а., батышта көрүнгөн горизонт сызыгында кызарган нерсе кеткенден кийин башталат. Кыргызстанда дал ошол өкүм боюнча куптан азандарын батышта кызыл түс жоголгондо окуу адат болгон. Калган үч мазхабда да ошондой. Имам Азамдын ижтихады боюнча ишаи саниден, б.а., агарган нерсе кеткен соң башталат. Кызылдын кеткен кези күндүн үстүнкү жээгинин горизонттон 17 градуска түшкөн кези. 19 градуска түшкөндө агаруу да кетет. Кандайдыр бир себеп менен бешим намазын эки имам көрсөткөн убакыт – асри аввалга чейин окуй албаган адам намазын каза кылбай, Имам Азамдын айтымы боюнча, асри саниге чейин окуп алууга тийиш. Мындай жагдайда ошол күнкү аср намазын Имам Азам көрсөткөн убакыттан мурда окубаш керек. Кыскасы, бешимди асри аввалда окуган адам асрды ишаи саниде жана шамды ишаи аввалда окуган адам куптанды ишаи саниде окууга тийиш. Имам Азамдын да, эки имамдын да өкүмүнө шайкеш болуу үчүн асрды асри саниде, ал эми куптанды ишаи саниде окуган абзел. |
| Жазылуу учун Mail группасынан чыгуу учун Mail гуруппасынын баракчасы www.islamdini.kg Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg+unsubscr...@googlegroups.com |
Бешим менен асырды, шам менен куптанды жам кылуу (бириктирүү) Суроо: Кээде зарыл абал болгондо бешимди окуй албай калуудамын, асыр убактысы киргенде асыр менен бириктирип окуудамын. Асыр менен бириктире алуу үчүн кандайча ниет кылуум керек? ЖООП Асыр менен бешимди бириктирип окуу үчүн алгач бешимди убагында окуй албасам асри аввалда окуйм, асри аввалда да окуй албасам асри саниде асыр менен жам кылам (бириктирип окуйм) деп ойлоо керек. Кийин бешимди кечиримдүү бир себеп менен бешим убактысында окуй албай калганда Имам Азам хазреттеринин кавилине уйуу менен асри аввалда окууга аракет кылуу керек. Асри аввалда да окуу мүмкүндүгү табылбаса анда асри саниде Ханбали мазхабы таклид кылынып асыр менен жам кылынып окулат. Бүгүнкү бешим намазын жам кылып асыр намазы менен бирге окуудамын деп ниет кылынат. Шам намазын да убагында окуй албай калган киши куптан менен жам кылу алуусу үчүн ушундайча ниет кылынат. Асыр намазындагыдай эле куптанда да эки убакыт бар. Бул - иша-и аввал жана иша-и сани. Иша – куптан дегенди түшүндүрөт. Иша-и сани иша-и аввалдан Сентябрдан Март айына чейин 10-12 мүнөт кийин болот. Апрелде 12-14, Майда 14-18, Июнда 18-19, Июлда 15-19, Августта болсо 12-15 мүнөт кийин болот. Имам Азам хазреттеринин дагы, Имамейндин дагы кавилине уйган болуу үчүн асырды асри саниде, куптанды болсо иша-и саниде окуса жакшы болот. |
Имамга уйганда Беш нерсени имам кылбаса жамаат да кылбайт: 1. Имам «Кунут» окубаса, жамаат дагы окубайт. 2. Имам Айт намазындагы такбирлерди кылбаса, жамаат дагы кылбайт. 3. Имам төрт рекеттик намаздын экинчи рекетинде отурбаса, жамаат дагы отурбайт. 4. Имам сажда аятын окуп, сажда кылбаса, жамаат дагы сажда кылбайт. 5. Имам сахв саждасын кылбаса, жамаат дагы кылбайт. Төрт нерсени имам кылса жамаат кылбайт: 1. Имам экиден көп сажда кылса, жамаат кылбайт. 2. Имам Айт намазынын такбирин үчтөн ашык кылса, жамаат кылбайт. 3. Имам жаназа намазында төрттөн ашык такбир кылса, жамаат кылбайт. 4. Имам бешинчи рекетке турса, жамаат турбайт,имамды күтөт, бирге салам беришет. Он нерсени имам кылбаса да жамаат кылат: 1. Ифтитах такбиринде колду өйдө көтөрүү. 2. «Субханака» окуу. 3. Рукуга ийилип жатканда такбир айтуу. 4. Рукуда таспих окуу. 5. Сажда кылып, өйдө туруп жатканда такбир айтуу. 6. Саждаларда таспих окуу. 7. «Самиаллаху» деп айтпаса да «раббана лакал хамд» деп айтуу. 8. «Аттахиййатуну» акырына чейин окуу. 9. Намаздын акырында салам берүү. 10. Курман Айтта жыйырма үч фарздан кийин салам берээри менен дароо такбир окуу. Бул жыйырма үч такбир «ташрик такбирлери» деп аталат. |
Масбуктун намазы Суроо: Намазга кеч келип, имамга ар кандай рекеттерде үлгүргөн адам намазын кантип толуктайт. Ар бирин мисал менен түшүндүрө аласызбы? ЖООП Имамга уюган адамдар төрт түрдүү болот. Булар: Мудрик, Муктади, Масбук жана Лахык. Мудрик– ифтитах такбирин имам менен бирге келтирген адам. Муктади– ифтитах такбирине үлгүрбөй калган адам. Масбук– имамга биринчи рекетте жетише албаган адам. Лахык– ифтитах такбирин имам менен бирге алган, бирок, кийин даараты бузулуп, кайрадан даарат алып имамга уюган адам. Бул адам баштагыдай эле кыраатсыз, руку жана сажда таспихтерин келтирип намаз окуп баштайт. Эгер ал даарат алып келүүдө дүнүйөгө байланыштуу сөз сүйлөбөгөн болсо имамдын аркасында турган болуп эсептелет. Бирок, мечиттен чыкканда жакын жерден даарат алуусу керек. Себеби, көпалыска кетсе намазы бузулат деп да айтылды. Масбук имам эки тарапка салам бергенден кийин өйдө туруп, үргөрбөй калган рекеттерди толуктайт жана кырааттарды (окумаларды) биринчи, экинчи, үчүнчү рекет окуп жаткандай окуйт. Отурууну болчо төртүнчү, үчүнчү жана экинчи рекет ирети менен, башкача айтканда, акырынан баштагандай орундайт. Мисалы: 1-Бешим, асыр жана куптандын парзынын экинчи рекетине үлгүргөн, башкача айтканда, бир рекетти гана өткөрүп жиберген адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отуруп, Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп, салам берет. 2- Бешим, асыр жана куптандын үчүнчү рекетине үлгүргөн, башкача айтканда, эки рекетин өткөрүп жиберген адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат. (Башка бир кавил боюнча отурбаса да намазы сахих болот.) Аттахиятуну окугандан кийин турат. Фатиха, зам сүрө окуйт, руку жана саждадан кийин отурат. Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп салам берет. 3- Бешим, асыр жана куптандын төртүнчү, б.а., акыркы рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат. Аттахиятуну окугандан кийин турат, Фатиха жана зам сүрө окуйт, руку жана саждадан кийин отурбастан турат. Фатиха окуйт, руку жана саждадан кийин отуруп Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп, салам берет. 4-Шамдын экинчи рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат, Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп салам берет. Шамдын үчүнчү рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат. Аттахиятуну окугандан кийин туруп, Фатиха жана зам сүрө окуйт, Руку жана саждадан кийин отуруп намазын аяктайт. 5-Багымдаттын 2чи рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отуруп намазын аяктайт. |
Тадили эркан Намаздын важиптеринин бири тадили эркан. (Бул туманинат деп да айтылат.) Адамдардын көпчүлүгү тадили эрканга маани бербей намаз окушат. Тадили эркан – намаздын беш жеринде, б.а., руку, эки сажда, кавма жана жалсада бардык мүчөлөрдүн бир аз убакыт кыймылсыз туруусу. Эң азы бир жолу “Субаханаллах” деп айта турганчалык убакыт кыймылсыз туруу. Мисалы, рукуга ийиле салып дароо туруп кетүүгө болбойт, рукудан турганда да бир аз убакыт кыймылсыз туруу, белин тик кармоо керек. Эки сажда арасында “субханаллах” деп айта тургандай убакыт кыймылсыз отуруу керек. Ушулар тадили эркан деп айтылат. Үч жолу таспихтерди айтканда тадили эркан өлчөмүн күткөн болуп эсептелебиз. Кавмада “Раббана лакал хамд” дегенде да күткөн болуп эсептелебиз. Башкача айтканда, тадили эркан орундалган болот. Бирок, тоок жем чокугандай өтө тез намаз окуган адамдар бар. Мындай адамдар тадили эрканга маани кылышпайт. Кавмада жана жалсада белин толук тик кармашпайт, аз убакыт турушпайт. Эки сажда арасында “Субханаллах” деп айта тургандай өлчөмдү күтүшпөйт. Булар важипти орундабаган болуп саналышат. Намаздын важиптеринин бирин таштоо тахриман макрух. Мындай намазды кайра окуу важип болот. Тадили эркан – Имам азам менен Имам Мухаммеддин ижтихады боюнча важип, ал эми Абу Юсуфтун ижтихады боюнча парз деп айтылган. Ислам Ахлагы аттуу китепте тадили эрканга маани бербей окуунун 16 зыяны жазылган. Ошолордун биринде “Кыямат күнү окуган намазы эски чүпүрөккө айланып, бетине урулат” делген. Ошондуктан, динибиздин тиреги болгон намазды аксатпай окуган жакшы. |
Масбуктун намазы 6-Имам акыркы рекетте отурганда масбук Аттахиятуну жай окуйт, эгер эрте бүтүрүп койсо имам салам бергенге чейин Калимаи шахадатты кайталайт. Эч нерсе айтпастан отурбайт. Бул тууралуу башка кавилдер да болгону менен аалымдар ушуну тандашкан. 7-Акыркы рекетти да өткөрүп жиберген адам имамга ташаххудда үлгүрсө дагы эле жамаат сообуна жетет. 8-Ифтитах такбирин имам менен бирге айтуунун сообу көп. Ал үчүн имам менен бирге такбир алууга аракет кылуу керек. 9-Эч бир рекетке үлгүрбөгөн адам саламдан мурда, мисалы, акыркы ташаххудда имамга уйган адам имам салам бергенде туруп, такбир албастан жаңыдан башынан окугандай окуйт. Окумаларды баштан, отурууларды акырынан кылып окуса да жаиз. 10-Муким адам сафари имамга уйса болот. Сафари болгон адам 4 рекеттик парздарды окууда да муким имамга уйса болот. Үлгүрбөй калган рекет бар болсо имам салам бергенден кийин төрт кылып толуктайт. Себеби, сафари болгондун намазы алмашы, имамдын намазы сыяктуу 4 рекет болот. 11-Сафари болгон адам бешим, асыр жана куптан намазын окуй албай казага калтырса, казаны эки рекет окуусу керек болгондуктан ошол эле намаздын казасын окуган имамга уйууга болбойт. Себеби, муким имамдын экинчи рекеттин акырында отуруусу парз эмес. Сафари болгондуку болсо отуруусу парз болгондуктан муким имамга уйа лбайт. 12-Жамаатка келген адам имамды рукуда турганын көрсө тик турганда такбир алып рукуга ийилет. Эгер такбирди ийилип жатып айта турган болсо намазы сахих болбойт. Ийиле электе имам түзөлсө ал рекетке үлгүрбөгөн болот. 13-Имам үнүн чыгарып окуп жатканда имамга уйган адам Субханаканы окубайт, имамды тыңдайт. Себеби, Субханаканы окуу – сүннөт, имамды тыңдоо болсо – важиб. Субханаканы окуудан куру калбоо үчүн имам такбир алгандан кийин дароо имамга уйууга аракет кылуу керек. Имамга уйуу үчүн васваса кылып кечигүү туура эмес. Сүннөт окугандан кийин сапка кирип жатканда ниет кылуу жетиштүү. Колдорун кулактарына көтөрүп, «көңүлүмдү жыйнай элекмин» деп васваса кылып ниетти кечиктирген адам ушундай улам Субханаканы окууну өткөрүп жиберет. Буга жол бербөө керек. 14-Имам парзды баштап жатканда же камат окулуп жатканда мечитке келген адам жамааттын арасында сүннөт окууга турбоосу керек. Багымдат намазынан сырткары калган намаздарда дароо имамга уйуусу керек. Багымдат намазында болсо сүннөттү мечиттин кире бериш бөлүгүндө окуй салуусу керек, эгер андай бөлүгү жок болсо бир тиректин аркасында окуйт. Тирек да жок болсо дароо имамга уйуусу керек. Парздан кийин багымдаттын сүннөтү окулбайт. 15-Мечитке кеч келген адам туш келди бир жерге турбоосу керек. Эгер сүннөттү окуп жатканда алдынан бирөө өтсө өзүнө да күнөө болот. Бир тиректин артына туруусу керек. (Раддул мухтар, Халеби) |
Масбуктун намазы Суроо: Имамга рукуда үлгүрүү үчүн шашылып такбир айтып ийилдим. Такбирди рукуга барганда бүтүрдүм. Имам менен рукуда бираз турууга үлгүрдүк. Ал рекетке үлгүргөн боломбу? ЖООП Рекетке үлгүрүү бул жерде турсун, намазыңыз да сахих болгон жок. Себеби, ифтитах такбирин тик турганда алуу шарт. Ифтитах такбирин тик турганда алып, кийин имам менен рукуда бираз болгонуңузда намазыңыз да сахих болуп, рекетке да үлгүргөн болор элеңиз. Рекетке үлгүрөйүн деп мындай катага түшпөө керек. Рекетке үлгүрбөсө да намазга уйуусу сахих болуусу керек. Мунун үчүн такбирди тик турганда алуу шарт. Суроо: Имамдын сахв саждасын кылбай тургандыгын салли бариктерди окугандыгынан байкаган масбук имам оңго салам бере турчу кезде өйдө турса зыяны барбы? ЖООП Зыяны жок. Оңго салам берүү менен намазы бүткөн болот. Солго салам берип жатканда өйдө турса болот. Суроо: Имам салам бергенде масбук болгон адам намазын толуктоо үчүн өйдө турууда. Мечитке жаңы келген кишилердин парз окуп жаткан бул масбукка уйуулары жаизби? ЖООП Масбукка уйуу жаиз эмес. Суроо: Шам намазынын 2чи рекетинде жамаатка үлгүргөн жана имамдын биринчи рекетте Фалак сүрөсүн, экинчи рекетте Нас сүрөсүн окугандыгын көргөн адамдын жалгыз толуктай турчу 1чи рекетте кайсы сүрөнү окуусу ылайык болот? ЖООП Каалаган сүрөнү окуса болот. Мисалы Кавсар, Фил, Бакара сүрөлөрүн окуйт. |
Масбуктун намазы Суроо: Масбук имамга биринчи отурушта үлгүрдү. Имамга уйууга ниеттенди, такбир алды, колдорду байлабастан отуруусу керекпи же колдорду байлап отуруусу керекпи? Такбирди кантип алса намазы бузулат? ЖООП Колдорду байлабайт, дароо отурат. Ийилип жатып такбир алса намазды баштабаган болот. Суроо: Асыр намазынын акыркы рекетине үлгүргөн сафари масбук эгер имамдын муким экендигин ойлоп төрт рекет кылып окуса зыяны барбы? ЖООП Атайылап окубагандыктан зыяны жок. Суроо: Масбуктун парз отуруусу өзүнүн акыркы отурушубу? ЖООП Ооба. Суроо: Намазга кеч келип биринчи рекетке үлгүрө албаган киши имам салам бере электе өйдө тура алабы? ЖООП Имамдын саламын күтүү важиб. Имам салам бере электе туруу тахриман макрух. Эгер масбук дагы күтсө намазы фасид боло турган болсо ошол кезде гана турат. Мисалы, өз намазын толуктап жатканда күн чыгып кетүү коркунучу бар болсо же масхтын масх мөөнөтү өтүп кете турган болсо же үзүрлүү болуп, убакыт чыгып намаз бузула турган болсо, дагы буга окшогон себептер менен ташаххуд өлчөмүндөй отургандан кийин имамдын саламын күтпөстөн турат. (Халеби) |
Имам болуунун шарттары (1)Имам болуу үчүн алты шарт талап кылынат: Бул шарттардын бирине жооп бере албаган имамдын аркасында окулган намаз кабыл болбойт. 1. Мусулман болуу. Хазрети Абу Бакр Сыддык менен Хазрети Омардын (радыйаллаху анхума) халифа болгондугуна ишенбеген, Миражга, кабыр азабына ишенбеген адам имам боло албайт. 2. Балагатта болуу. 3. Акыл-эси ордунда болуу. Мас же акылынан тайган адам имам боло албайт. 4. Эркек болуу. Аял киши эркектерге имамдык кыла албайт. 5. Эң кеминде Фатиха менен бир аятты туура окуй билүү керек. Бир аят жаттабаган же жаттаса да тажвид менен окуй албаган адам имам боло албайт. 6. Үзүрлүү болбошу керек. Себеби, үзүрлүү адам үзүрсүз адамдарга имам боло албайт. Имамдын Курани каримди тажвид менен окуусу зарыл. Кырааты жакшы дегендик тажвид менен окуу дегендикти билдирет. Намаздын шарттарына маани бербеген имамдардын аркасында намаз окулбайт.«Салих жана (фажир) күнөөкөр ар адамдын аркасында намаз окугула», -деген хадиси шариф мечит имамдары үчүн эмес Жума намазын окуткан амирлер менен валилер (башчылар) үчүн айтылган. Имам болууга сүннөттү, б.а., диний маалыматтарды эң мыкты даражада билген мусулман адам татыктуу. Бул жагынан деңгээлдери бирдей адамдар болгон болсо анда алардын Курани каримди эң мыкты окуганы имам болот. Мында дагы тең болсо такваасы күчтүүрөөгү болот. Эгер мында да тең болсо жашынын улуулугу боюнча тандалат. Кул, бедуин, фасык, азиз жана никесиз төрөлгөн адамдын имам болуусу макрух. Имам намазды жамаатты чарчатып, кыйнап жибергидей созбойт. Аялдардын өзүнчө жамаат менен намаз окуулары макрух. Имамдын жанында ага уюган бир адам бар болсо имамдын оң тарабына турат. Эки адамга имам болсо алдыга чыгат. Эркектер намазда аялга, кичинекей балага уйуулары туура эмес.
Имамдын аркасына адегенде эркектер, анан балдар, алардан кийин аялдар сапка турат. |
Имам болуунун шарттары (2) Имам аялдарга да имам болууга ниет кылган болсо, ошол эле намазда турган аял бир эркек менен бир сапта намазга турса эркектин намазы бузулат. Эгер имам бул аялга имамдык кылууга ниет кылбаган болсо жанында турган эркекке анын зыяны тийбейт. Бирок, аялдын намазы туура болбойт. Өйдө туруп намаз окуган адам отуруп окуган адамга уюса болот. Муким (жергиликтүү) болгон адам сапарда болгон имамга уйуса болот. Фарзды окуган адам нафил намазды окуган адамга уйуса болбойт. Ал эми нафил окуган адам фарзды окуган адамга уйуса болот. Имамга уйуп намаз окугандан кийин имамдын даараты жок болгондугун билген адам намазын кайрадан окуйт. Рагаиб, Бараат жана Кадыр намаздарын жамаат менен окуу макрух. Жамааттын каалоосу боюнча фарз окутуп жаткан имамдын кыраат менен таспихтерди сүннөттөн көп окуусу тахриман макрух. Имамга рукуда жетише албаган адам ал рекетти имам менен бирге окуган болуп саналбайт. Имам рукуга ийилгенде келген адам ниет кылат жана өйдө турган бойдон такбир келтирип, намазды баштайт. Дароо рукуга ийилип, имамга уйат. Эгер ал ийилгенче имам рукудан түздөлсө рукуга жетишпеген болот. Имамдан мурда рукуга ийилүү, саждага баруу же андан мурда туруу тахриман макрух. Фарз намаздарды окуп бүткөндөн кийин сапты бузуу мустахаб. Бир момун беш маал намазын күн сайын жамаат менен окуса бардык Пайгамбарлар (алейхимуссалам) менен бирге окугандай сооп алат. Жамаат менен окулган намаздын жогоруда саналып өткөн артыкчылыктары имамдын намазы кабыл болгон жагдайда гана орундалат. Эгерде кимдир бирөө жамаатты себепсиз таштаса Жаннаттын жыпар жытынан куру калат. Жамаатты себепсиз таштап койгон адамдар төрт китепте тең малун (лаанатталган) деп сыпатталган. Беш маал намазды жамаат менен бирге окууга аракет кылуу керек. Кыямат күнү Аллаху таала жети кат жер, жети кабат көк, Аршты, Курсини жана бардык макулуктарды таразанын бир тарабына, ал эми шарттарына ылайык жамаат менен окулган бир маал намаздын сообун экинчи тарабына койсо, жамаат менен окулган намаз салмактуу болот. |
Дуба текке кетпейтСуроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: "Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, -деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде? Жооп: Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси: "Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд] "Аллаху таала айтты: "Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани] Аллаху таала: "Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, -деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз. Китептерде билдирилет: Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй: "Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами] "Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат.” [Дара Кутни] Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди: "Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын”, - деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: "Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, - деп буюрат.” [Ибни Нажжар] Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: "Дуба кылдым да кабыл болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим] |
Ыймандын кетпеши үчүн1- Кайыпка ыйман келтирүү. 2- Кайыпты бир гана Аллаху таала жана ал билдирген адамдар биле тургандыгына ишенүү керек. 3- Харамды харам деп билип ишенүү керек. 4- Халалды халал деп билип ишенүү керек. 5- Аллаху тааланын азабынан дайыма коркуу керек. 6- Аллаху тааладан үмүт үзбөө керек.
- Муртад боло турган нерсени моюнга албоо да тообо болот. Муртад тообо кылбастан өлүп кетсе түбөлүк Тозок отунда азап чегет. Ошон үчүн АЗ СҮЙЛӨӨ керек. Хадиси шарифте: «Дайыма жакшы, пайдалуу нерселерди сүйлөгүлө. Же унчукпагыла!» - деп айтылды. Оор басырыктуу болуп, ойноок болбоо керек. Акыл-эске, адамкерчиликке сыйбаган нерселерди кылбоо керек. Өзүн куфурдан сактоо үчүн Аллаху таалага көп дуба кылуу керек. |
Жаш балдарга куурчак алууСуроо: Жаш балдарга куурчак, оюнчук аюу алып берүү жаизби? Жооп: Ооба, жаиз. Суроо: Куурчак ачыкта турган болсо ал жерге рахмат периштелери киреби? Ал бөлмөдө намаз окуу макрух болобу? Жооп: Кыбыла жакта болбосо макрух болбойт. Рахмат периштелери да кирет. Суроо: Жаш балдардын кардан аяз ата жасоосу жаизби?
Жооп: Ооба, жаиз. Оюнчук өкүмүнө жаткандыктан жаиз болот. |
Соода-сатыкта төрт негиз Соода-сатык маалыматтарын билбеген адам арамга түшөт. Харамга түшкөндүгүнөн кабары дагы болбойт. Кылган ишинин динге ылайык орундалгандыгын билбегендиги үчүн сурап билип алайын деп дагы ойлонбойт. Ошондуктан, соода-сатык тууралуу маалыматты жакшылап үйрөнүп алуу зарыл. Соода-сатыкта мына ушул төрт нерсеге абдан дыкат көңүл бөлүү зарыл: 1-Сатылып жаткан товарды өз абалынан артык мактабоо керек. Себеби, жалган сүйлөгөн жана зулумдук кылган болот. Соода-сатыкта чын болсо дагы ант ичпөө керек. Соода-сатыкта Аллаху тааланын ысымын айтуу урматсыздык болот. 2-Сатылып жаткан товардын кемчилигин кардардан жашырбоо керек, кандай болсо ошондой абалда көрсөтүү керек. Кемчилигин жашыруу кыянаттык болуп саналат. Товардын бир гана жакшы тарабын көрсөтүү зулумдук, куулук болот. Ар кесипте куулук кылбоо – парз. Бузуку иш кылуу жана муну жашыруу – арам. 3-Таразага тартууда куулук кылбоо керек, туура тартуу керек. Аллаху таала Мутаффифин сүрөсүндө: "Берип жатканда кем, алып жатканда артыкча тарткандарга ачуу азаптарды кыламын”, - деген мааниде буюрууда. 4-Сатуу баасында куулук кылбоо керек. Базар баасын билбегендерге жогору баада товар сатуу – арам. Ишине чоочун мамиле кылып, товар сатууну билбегендиги үчүн товарын байкабай арзан сатып жаткан кишиден товар сатып албоо керек. Соода-сатыкта өзүнө карата кылынуусун каалабаган мамилени башкаларга кылбоосу керек. Ар ким товар сатып алууда алданып калбоого аракет кылуусу керек. Сатып жаткан киши дагы алуучу кардарды алдап койбоо үчүн аракет кылса зулумдук кылуудан кутулган болот. |
Үйгө кирип-чыгуудаСуроо: Үйгө кирип баратканда же үйдөн чыгып баратканда кайсы дубаларды окуу керек? Жооп: Үйгө "Аят-ал курси” менен "Ихлас” сүрөлөрүн окуп кирүү керек. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: "Үйгө кирип баратканда Ихлас шарифти окуган адам жакырчылык көрбөйт.” [Э. О. Илмихалы] Сахабалардан Сухайл радыйаллаху анх бул сунушка ылайык амал кылып бай болгон. Үйгө оң бут менен кирип, салам берүү керек. Үйдө эч ким болбосо: "Ассаламу алайна ва ала ибадиллахиссалихин”– деп айтуу керек. Үйдөн чыгып баратканда да Аят-ал курсини окуу керек. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Үйдөн чыгып баратканда "Бисмиллах, таваккалту алаллах, Ла хавла ва ла куввата илла биллах” деген адам кооптуу нерселерден коргонот, шайтан андан алыстайт.” [Тирмизи] Үйдөн чыгып баратканда Аят-ал курсини окуган адам бардык иштеринде ийгиликтүү болот. Үйгө келгенде дагы окуса эки Аят-ал курсинин арасындагы иштер кайырлуу болот. Хадиси шарифтерде айтылды: "Кимде-ким үйүнөн чыгып баратканда Аят-ал курсини окуса жетимиш периште үйүнө кайтып келгенге чейин ага дуба менен истигфар кылат.” [Э. О. Илмихалы] Күндө эртең менен: "Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн ырыскысын халалдан таап, эч кимге муктаж болбоо, ибадаттарымды ылайыгы менен орундай алуу жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн жумушума бара жатам”, - деп ниет кылуу керек. Үйгө кирип баратканда дуба Суроо: Үйгө кирип баратканда окуу керек болгон Аят-ал курси менен Ихлас сүрөлөрүн качан окуу керек? Бир досум: "Үйгө киргенде окулат”, - деди, ал эми башка бирөө болсо: "Кире электе окулат”, - дейт. Дагы бири: "Көп кабаттуу үйдүн эшигинен кирип баратканда, лифтке кирип жатканда окулат”, - деди. Кайсынысы туура?
Жооп: Үч абалда тең окуса болот. |
Ислам тамгаларыСуроо: Араб алфавити эмнеге Ислам тамгалары деп аталат? Жооп: Албетте, Ислам тамгалары деп аталат. Арабдардын Ислам тамгаларын колдонуулары бир гана Араб тамгалары болот дегендик эмес. Ислам тамгаларын жүз жылдардан бери кыргызча сүйлөгөн кыргыздар да колдонгон. Фарси тилде сүйлөгөн Иран дагы Ислам тамгаларын колдонууда. Дагы башка бир канча өлкөлөрдө да Ислам тамгалары колдонулууда. Курани карим тамгаларынын Ислам тамгалары экендиги тууралуу бир канча далилдер төмөндөгүдөй: 1– Үч хадиси шарифтин мааниси: "Аллаху таала Аршты жаратканда үстүнө "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазды.” [И. Рафии] "Аллаху таала Лавхи махфузда алгач Бисмиллахиррахманиррахимди жазды.” [Дайлами] Жер-көк жаратылуудан эки миң жыл мурда Бейиштин эшигинде "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазылган болчу” [Укайл, И. Нажжар] 2– Адам алейхиссалам Бейиште жүргөндө Бейиштин ар жеринде жана Арштын үстүндө "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазылганын көрдү. Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху тааланын эң сүйүктүү кулу экенин ошондон түшүнгөн эле. Булар Ислам тамгалары менен жазылган эле. Ал тамгаларды адам баласы ойлоп тапкан эмес. Дүнүйө жана Адам алейхиссалам жок кезде ал тамгалар бар эле. Самави болгон бардык китептер жана сахифалар Ислам тамгалары менен жиберилген. (С. Абадиййа) Адам алейхиссалам Бейиштен жер бетине түшүрүлгөндө өзүнө жиберилген китептер Бейиште үйрөнгөн Ислам тамгалары менен жазылган эле. 3– Адам алейхиссалам жана бардык нерсе Мухаммед алейхиссаламдын урматына жаратылган. Арш, асмандар жана Бейиштерге Ислам тамгалары менен ыйык ысымы жазылган. (Мавахиб-и ладунниййа) 4– Худ алейхиссаламга келген китеп дагы Ислам тамгалары менен жазылган эле. (Хадика, Латаиф-ул-ишарат) 5– Мусхафты такыр окубаса дагы жакшылык жана береке үчүн үйдө сактоо сооп. Бир капырдын атын жазып акарат кылынбайт. Анткени, Ислам тамгаларын урматтоо керек. (Ф. Хиндиййа) 6– Лавх-и махфузда алгач жазылган нерсе - Бисмиллах. Адам алейхиссаламга алгач келген нерсе - Бисмиллах. Бейишке чакыруу кагазында Бисмиллах жазылган. (С. Абадиййа) |
Ыйман дубасыХадис аалымдарынан Мухаммед Тирмизи айтат: "Кимде-ким таң намазынын сүннөтү менен фарзы арасында бул дубаны ичинен окуса ыйман менен кайтыш болот: Йа хаййу йа каййуму зал жалали вал икрам. Аллахумма инни ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика абадан йа Аллах, йа Аллах, йа Аллах жалла жалалух”. Расулуллах (алейхиссалам) айтат: "Эй, үммөттөрүм жана сахабаларым, таңда туруп мына бул дубаны окугула: Субханаллахи ва бихамдихи субханаллахил азим”. Бул дуба ошол күндөгү күнөөлөргө каффарат (күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп) болот. Дагы бир хадиси шарифте: "Кимде-ким бул дубаны күнүнө он жолу окуса, Аллаху таала ал адамга кырк миң сооп жазат: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лаху илахан вахидан самадан лам йаттахиз сахибатан ва ла валадан валам йакун лаху куфуван ахад”, - деп билдирилген. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айтат: "Катышкан мажлисиңерден (чогулуш) чыгаарда мына бул дубаны окугула: Субханака аллахумма ва бихамдика, ашхаду ан ла илаха илла анта вахдака ла шарика лака ва астагфирука ва атубу илайка. Ошол мажилистеги күнөөлөр кечирилет”. Жүрөктү өлтүрбөө (сезимсиз, таш жүрөк кылбоо) үчүн мына бул дубаны оку! Бул дубаны Расулуллах осуят кылган: "Йа хаййу, йа каййум йа бадиассамавати вал арди йа зал жалали вал икрам, йа ла илаха илла анта ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика йа Аллаху йа Аллаху йа Аллаху жалла жалалух”.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам кайтыш болоор кезинде бул дубаны окуган: "Субханаллахи ва бихамдихи астагфируллаха ва атубу илайх”. |
Сынган нерсе Суроо: Үйдө бир нерсе сынса жамандыктын алдын алат деп айтылып жүрөт. Өзүнөн өзү эч нерсе сынбаса атайылап сындыруу керекпи? ЖООП: Жамандыктын алдын ала тургандыгы туура, бирок, сындыруу ысырап болот. Суроо: Кыш күндөрү ванна бираз жылысын деп ысык сууну агызып коебуз. Жана сууну жапкан кезде, мисалы, багымдат намазга турганда ысык суу бираз агызгандан кийин келет, ысык суу келгенге чейин суу бекерге агып турат. Булар ысырап болобу?
ЖООП: Жок, мындай кажеттүүлүк себеби менен болгондо ысырап болбойт. Кумар үчүн болсо ысырап болот. Ысык суу келүүсү үчүн мажбур абалда агызууга болот. Кажеттүүлүк үчүн, мажбур болгон абалдарда ысырап болбойт. |
Сүннөткө ылайык гусул алууСуроо: Сүннөткө ылайык гусул кантип алынат? ЖООП: Гусул алуу өтө оңой. Оозду жана мурунду суу менен жууп деңиз же көлгө кирип чыккан, душта денесин толук суулаган адам гусул алган болот. Алгач даарат алып, анан дене толугу менен жуулса сүннөткө ылайык гусул алынган болот. Гусул алуу үчүн ниет Ханафи мазхабында сүннөт, башка мазхабдарда болсо фарз. Гусул алып жатканда ниетти унутуп койгон адамдын дагы гусулу өтөт. Гусул алып жатканда "бисмиллах" окулат. Жада калса, калима-и шахадатты дагы окуса жакшы болот. Сүннөткө ылайык гусул алуу үчүн алгач таза болсо дагы эки колду жана аврат жерлерди жууш керек. Анан денесинде нажасат бар болсо аны тазалап жууп, анан гусулга ниет кылып толук даарат алуу керек. Андан соң денеге баштан аяк үч жолу суу төгүү керек. Алгач үч жолу башка, анан үч жолу оң ийинге, анан үч жолу сол ийинге суу төгүлөт. Сууну ар төккөн сайын ошол жак толук сууланууга тийиш. Биринчи төккөндө жышуу керек. Гусулда бир мүчөгө төгүлгөн сууну башка мүчөлөргө агызуу жаиз болуп, ал жерлер да тазаланган болот. Анткени, гусулда бүткүл дене бир мүчө болуп саналат. Даарат алып жатканда бир мүчөгө төгүлгөн суу менен башка мүчө сууланса ал мүчө жуулган болуп эсептелбейт. Гусул бүткөндө кайрадан даарат алуу - макрух. Гусул алып жатканда даарат бузулса гусулга зыяны жок. Бирок, намаз окуу үчүн жаңыдан даарат алыш керек болот. Гусул алып жатканда самын менен денесин жышып жуу жакшы эмес. Кирден тазалануу ишин гусулдан кийин же мурда кылуу керек. Эки иштин бир эле убакытта кылынуусу ылайык эмес. Гусулда ашыкча суу колдонулган болуп, макрух болот. Маликиде болсо мувалатка (тыным албай жууганга) тоскоол болсо гусул өтпөйт. Мончого киргенде алгач гусул алынат. Анан кирден тазалануу үчүн жуунат. Кирден тазалануу үчүн жуунуп жатканда керегинчелик көп суу колдонууга болот. Гусул алып жатканда намаз дааратын буза турган жагдайлар болуп калса (мисалы; кан чыкса, жел, заара чыкса ж.б.) гусул калган жерден улантыла берет. Дааратты буза турган нерсе гусулду бузбайт. Бир гана бул даарат менен намаз окулбайт, кийин намазга даарат алууга тийиш. Жунуп кезде аврат жерлерди жана колтукту кыруу, чач, тырмак алуу - макрух. Хайз кезде булар макрух эмес. Ошондуктан, жунуп кезде гусулдан мурда буларды кылбаш керек. Же гусулдан кийин, же башка убакытта кылуу керек. |
Карызды кечиктирүүнүн күнөөсүСуроо: Карызды төлөбөй кечиктирүү күнөөбү? ЖООП: Карызын убагында төлөбөгөн адамдын келип мөөнөтүн узартууну сурануусу керек. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан карызын кечиктирүү – күнөө. Хадиси шарифтерде мындай делген: «Кимде ким мүмкүнчүлүгү болуп туруп карызын төлөбөй кечиктирсе [карызын бергенге чейин] ар күнү амал дептерине зулумдук кылуу күнөөсү жазылат.» [Таберани] «Төлөбөө ниети менен карызданган адам Кыяматка ууру болуп келет.» [И.Маже] «Алган карызын төлөөнү каалабаганга Аллаху таала кыяматта «Мунун акысын сенде калтыра тургандыгымды ойлодуңбу?» деп буюруп, анын жакшы амалдарын алып тигиге берет. Эгер карызын бербегендин жакшы амалы жок болсо карыз бергендин жаман амалдарын, күнөөлөрүн карызы барга жүктөйт.» [Таберани] «Байдын [төлөө мүмкүнчүлүгү бар болгондун] карызын төлөбөй, качуусу – зулумдук.» [Бухари] [Карызды маалында төлөбөө зулумдук, төлөбөгөн киши болсо заалым делген.] «Аллаху таала заалым байды сүйбөйт, аны жаман көрөт.» [Беззар] Карызы бар адам карызын өтөбөй жатып садага бербөөсү керек. Себеби, хадиси шарифте: «Карызы бар болуп туруп берилген садага кабыл болбойт», - делди. (Бухари) Берилбеген зекет дагы – карыз. Карызды төлөө, зекет берүү – парз. Зекет карызы болгондун берген садагасы кабыл болбойт. Алгач бул карыздарды төлөшү керек. Мына ушул сыяктуу парз карызы бардын нафил намаздары да кабыл болбойт. Сүннөттөр да нафил деп аталат. (Н.Фыкхыййе)
Карызданбоого өтө дакыт болуу керек! Хазрети Локман Хаким: «Карыз жүгүнүн алдында эзилгенден көрө таш ташууну тандаймын», - деген. Себеби, карыздануу адамды куфурга чейин алып жетелейт. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Йа, Рабби, куфурга түшүүдөн жана карызга батуудан сага сыйынам», - деп, карыздануунун өтө жаман экендигин билдирген. (Несаи) |
Расулуллахты тастык шартСуроо: Бир адам Аллахка ишенсе, жада калса, Пайгамбарыбыздан башка бардык пайгамбарларга ишенсе, Амантунун башка шарттарына да ишенсе бул адам дагы эле тозоктук болбобу? Жооп: Ооба, дагы эле тозоктук болот. Себеби, Аллаху таалага чындап ишенген эмес. Аллаху талаа тарабынан билдирилген нерселердин бардыгына ишенүү шарт. Бирөөнө болсо дагы ишенбегендик ыйман боло албайт. Ажылык ибадаты фарз болуудан мурда Расулуллах алейхиссалам мындай деп билдирген болчу: "Силерге ушуларды буйрук кылуудамын: 1 – Аллахга ыйман. Аллахга ыйман эмне экенин билесиңерби? Аллахтан башка мабуд (кудай) жоктугуна жана Мухаммеддин Анын пайгамбары экенине шахадат кылуу. 2 – Намаз окуу. 3 – Зекет берүү. 4 – Рамазан орозосун кармоо. 5 – Алган табылгаларыңардын бештен бирин Аллах үчүн берүү. Буларды силерден кийинкилерге дагы билдиргиле.” [Бухари, Муслим, Тирмизи, Насаи, Абу Давуд, Ибни Хиббан, Табарани]
Көңүл бурула турган болсо, Мухаммед алейхиссаламдын Аллахтын Пайгамбары экендигин кабыл кылуу шарты билдирилүүдө. Кабыл кылуу болсо жактырып Ага моюн сунуу дегенди билдирет. |
Аятал курсини окууДаанышман заттар айтышкан: Аятал курсини ыклас менен окугандын адам жана айбан акылары жана фарз карыздарынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Башкача айтканда, тооболору кабыл болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Бир момун бир Аятал курси окуп бардык өлгөндөрдүн рухтарына багыштаса момундардын кабырлары көз көрө албай тургандай кеңейет жана өлгөндөр дагы анын рухуна дуба кылышат”, - деп айткан. Хазрети Али дагы: "Кабыр азабынан кутулуу үчүн Аятал курсини көп окуш керек”, - деген. Дин улуктары дайыма үйдөн чыгарда сөзсүз Аятал курсини окушчу. Аятал курси сөзсүз коргоочу. Бир күнү Имам Раббани хезреттери жубайы менен отурганда терезеден өткөн-кеткен адамдарды карап жатып күлөт. Жубайы: "Эмне үчүн күлдүң?” – деп сураганда айтат: "Бир мусулманды көрдүм, өтүп бара жатканда шайтан оң жагынан кол салды, ал жердеги периште башына бир чокмор урду, сол тарабына өттү. Ал жерден дагы кол салды, сол жактагы периште дагы чокмор урду, алдына өттү. Дагы бир чокмор жеди, аркасына өттү. Ал жерден да бир чокмор жегенде маскара болду, качып жок болду. Ал адамга зыян бере албады. Себеби, бул момун үйүнөн чыгып жатканда Аятал курси окуган эле. Аятал курси окулганда периштелер анын айланасында бир айлана курат, шайтан жолой албайт. Жатарда окуса да шайтан жакындай албайт. Кол салгысы келгендерди дагы периштелер мына ушундай кылат. Ошондуктан, үйгө кирип-чыгарда, жатарда Аятал курсини окуу керек.” Бир зат дагы жумуштап башка мамлекетке барат. Аялы ал күнү кир жууп, күн бою чарчап жатат. Уурулар: "Кандай болсо да үй ээси жок, бул түнү үйдү тонойлу”, - дешет. Түнү барып карашса үйдүн тегереги жартысына чейин дубал менен курчалганын көрүшөт. Канча аракет кылышса да үйгө кире алышпайт. Экинчи түнү келишет, бул сапар үй төбөсүнө чейин дубал менен курчалганын көрүшөт. Дагы эле эч нерсе кыла алышпай кайтышат. Үчүнчү күнү уурулар үй ээсин базарда көрүп жанына келип: "Аксакал, бизди кечир, таң каларлык нерсе болгондуктан сага айтып жатабыз. Сен кеткенде үйүңдү тонойлу деп бардык, бирок, тоной алган жокпуз. Күндүз үйдүн айланасында дубал жок эле. Түнү келгенде тегерегинде жарым дубал бар болчу. Экинчи күнү барсак бул жолу дубал үйдүн чокусуна чейин болуп калыптыр”, - дешет. Тиги адам үйүнө келип уккандарын аялына айтат. "Кандай дуба окудуң эле бул окуя болду?” – деп сурайт. Аялы: "Биринчи күнү абдан чарчаган элем, Аятал курсини толуктай электе уктап калыпмын. Экинчи күнү толук окуп жаттым”, - дейт. Ошондуктан, ар мүмкүнчүлүктө Аятал курси окууну калтырып койбоо керек. |
Ийгиликтин сыры Суроо: Ийгиликтүү болуунун сыры эмне? ЖООП: Ислам аалымдары билдиришкен: 1-Күнөөлөрдөн сактануу, харам иш кылбоо, 2-Аллаху тааланын кулдарына мээрим жана жакшылык кылуу, 3-Сабыр кылуу, 4-Жылуу жүздүү болуу. Бул төрт нерсени орундаган кишинин ийгиликсиз болуусун ойлоп болбойт. |
Тарбия жаратылышка байланыштуу
Өкүмдарлардын бири вазирине уулунун устазы тууралуу даттанат: - Уулумдун илим үйрөнүүсү, менин ордума жакшы өкүмдар болуусу менин тилегим. Ал болсо дайыма ыр-музыка менен алектенип жүрөт. Демек, устазы ага жакшы багыт бере албай жатат. Вазир айтат: - Өкүмдарым, устаздын колунда эч нерсе жок. Баланын зээни, кабылдоо күчү эмнеге карата болсо бир гана ошол нерседе өнүгүүсүнө, жетилүүсүнө жардам бере алат. Адамдын табиятын өзгөртүүгө болбойт. Тарбия жаратылышка байланыштуу. Өкүмдар болсо тарбия менен жаратылышты башкарып багыт берүүгө боло тургандыгын тастыктап жаткан эле. Муну далилдеш үчүн бир кеч сарайында оюн-зоок уюштурат. Оюн-зоокто үйрөтүлгөн мышыктардын көргөзмөлөрү дагы орун алат. Мышыктар жондоруна коюлган бир табактын ичинде жагылган шамды түшүрбөстөн басышат. Өкүмдар бул вазирге мышыктарды көрсөтүп айтат: - Көрүп турасыз, тарбиянын күчү эмнеге гана жетпейт. Вазир жооп айтпайт. Дагы бир күнү боло турчу оюн-зоок кечесин күтөт. Күткөн маал келип, бул сапар вазир өзү менен бирге бир канча чычканды жашырып ала келет. Мышыктар көргөзмөгө чыккан кезде бул чычкандарды мышыктардын ортосуна коё берет. Мышыктар жонундагы табактарды унутуп, шамдары менен туш тарапка тоголотуп, чычкандардын аркасынан жүгүрүшөт. Жанып турган шамдардан жердеги килемдер тутанып өрттөнөт. Бир заматта баш-аламанга айланат. Дал ошол учурда вазир падышага жакындап:
- Көрдүңүзбү падышам, тарбия жаратылышка байланыштуу – деп айтат. |
Төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне? Суроо: Көзү ачыктык, төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне? Буларга ишенүүнүн өкүмү кандай?
ЖООП: Көзү ачыктык жиндердин бири менен достошуп, болуп өткөн нерселер тууралуу андан сурап, андан үйрөнүп билүү жана буларды башкаларга билдирүү болуп саналат. Жин менен таанышкан төлгөчүлөр "Жылдызнаманы” карап, суралган ар нерсеге жооп бергендер мына ушундай. Буларга жана сыйкырчыларга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү, кээде туура чыгып калса да Аллахтан башкасынын ар нерсени биле тургандыгына жана ар каалаганын кыла ала тургандыгына ишенгендик болот, бул болсо куфур. (Хадика) Хадиси шарифте мындай деп билдирилди: "Ырым-жырымга ишенген, көзү ачыктык кылган, көзү ачыктарга барган, сыйкыр кылган жана кылдырган жана буларга ишенген адам бизден эмес, Курани каримге ишенбеген болот.” [Беззар] Ибни Аби Зейд хазреттери мындай дейт: "Жинчи тарикатчыга ишенүү, адамды жинден куткара тургандыгына ишенүү, ага акча берүү жаиз эмес. Сыйкырды жандырган адамга дагы акча берүү жаиз эмес.” "Биргиви Васиятнамасында”: "Бир адам уурдалган, жоголгон нерселерди билемин деп айтса, айткан адам дагы, ага ишенген адам дагы каапыр болот. "Мага жин кабар берүүдө, ошондуктан билемин” деп айтса дагы каапыр болот. Себеби, жин дагы кайыпты билбейт. Кайыпты бир гана Аллах билет”, - деп айтылууда. |
Унутчаактык жана чарасы
Суроо: Унутчаактыкка эмнелер себеп болот? Жооп:Унутчаактыкка себеп болгон көп нерсе бар. Айрымдары төмөндөгүдөй: Күнөө кылуу. "Күнөөсү көп болгон адамдын унутчаактыгы көп болот”, - деп билдирилген. Багымдат намазынын убактысында уктап жатуу, дүнүйөлүк нерселерге көп кайгылануу, дүнүйөлүк нерселер менен көп алектенүү, туздуу эт жеш, тамакты ысык жеп-ичүү, көп тамашалашуу, көрүстөндө күлүү, мазар таштарын окуу, туалетте даарат алуу, көп убакытка жунуп бойдон жүрүү, колдорун кийимине аарчуу, мечитке сол буту менен кирүү, аврат жерлерин кароо, көп ачка болуп жүрүү, көп ток болуп жүрүү, иштеринин тартипсиз болуусу, жаман жыттуу нерселерди жеш, баңгизат колдонуу, кычкыл алма жеш унутчаактыкка себеп болот. Зээнди ача турган жана унутчаактыкты кетире турган нерселер: Сельдерей, мейиз, зире жеш, койдун сүтүн ичүү, башты розанын майы менен майлоо, бадам жеш, миск менен гвоздика колдонуу, зире унун жыттоо, бал жеш. Хаиси шарифтерде айтылды: "Хажамат акылды арттырат, эсти күчтүү кубаттандырат.” [Хаким] "Эсти кубаттандыруу үчүн бал жегиле!” [М. Насихат] "Ашкабак мээни азыктандырат, акылды арттырат.” [Дайлами, И. Мунави] Унутчаак болбоо үчүн күнөө кылбоо керек. Дайыма Аллаху тааланы эстеп жүрүү керек, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга салават айтуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды: "Айта турган нерсесин унутуп койгон адам аны эстөө үчүн мага салат-у салам келтирсин!” [Ибни Сунни] |
Бисмиллах сөзүСуроо: Бисмиллах сөзүн айтуунун өкүмү кандай? Жооп: Айтылган ордуна карай бисмиллахтын өкүмү өзгөрөт. Мисалы: Фарз болгон жерлер: Малды мууздап жатканда бисмиллахты айтуу фарз. Бисмиллах айтылбай мууздалган малдын этин жеш харам. Важиб болгон жерлер: Намаздын сыртында Фатиха окууну баштардын алдында бисмиллахты айтуу важиб. Шафии мазхабында болсо ар дайым Фатиха окууну баштардын алдында бисмиллахты айтуу фарз болуп саналат. Сүннөт болгон жерлер: Намазда ар бир рекетте Фатихадан мурда, гусул алуудан мурда жана даараттын алдында, жеп-ичүүнүн алдында, кат жазып жатканда жана бардык пайдалуу иштердин башында бисмиллахты айтуу сүннөт. Намаздын сыртында Фатихадан башка сүрө окуп жатканда дагы бисмиллахты айтуу сүннөт болуп саналат. Мустахаб болгон жерлер: Намазда, Фатиха менен замм-ы сүрөнүн арасында бисмиллахты айтуу жаиз жана мустахаб болот. Мубах болгон жерлер: Басуунун, отуруунун, туруунун алдында жана ар мубах ишти баштап жатканда бисмиллахты айтуу мубах. Макрух болгон жерлер: Аврат жерин ачып жатканда, нажасат бар болгон жерге кирип жатканда, "Бэраэ” сүрөсүн мурдагы сүрөгө кошуп окуп жатканда, тамеки тартуу жана ушул сыяктуу жаман жыттуу болгон мисалы, пияз, сарымсак сыяктуу нерселерди жештин алдында жана сакал алып жатканда бисмиллахты айтуу макрух. Харам болгон жерлер: Харам иш кылып жатканда бисмиллахты айтуу харам болуп саналат. Харам экенин билип туруп кылса харам болот, харамга маани бербей же халал деп эсептеп кылса куфур болот. Куфур болгон жерлер: Өзү харам болгон, мисалы, арак ичүү, зина кылуу, чочконун этин жеш сыяктуу харам болгон нерселерди баштап жатканда бисмиллахты айтуу куфур болот. Бул жерде харамды халал деп эсептегени үчүн же харамга көңүл бурбаганы үчүн куфур болууда. |
Табылган нерселер
Суроо: Жерден таап алган нерселер биздики болобу? Жооп: Табылган нерселер менен селде, дарыяда агып келген жана көчөгө ыргытылган нерселердин өкүмү бири-биринен айырмаланат. Табылган нерселер көбүнчө баалуу нерселер болот. Ээси аны таштаган эмес, жоготуп алган болот. Табылып, бирок, ээси билинбеген нерселер "луката” деп аталат. Ээсин таап, кайтарып берүүгө көзү жеткен адамдын ал нерсени алып сактап коюусу сүннөт. Ал жерде калып кетип, кандайдыр бир зыян тийүү же жок болуу ыктымалы бар болсо алуу фарз болот. Эгер бар болсо эки күбөнүн жанында: "Издеген адам болсо мага жөнөткүлө”, - деп айтат. Көпчүлүктүн жанында тапкан нерсени айтып, ээсин издейт. Табылган нерсени ээси чыкканга чейин же туруп бузулганга чейин сактап турганда жок боло турган болсо ал нерсени төлөбөйт. Ээси табылбай турганына көзү жетсе же бузула турганын билсе ээсин издебейт. Таап алган адам бай болсо бир кедейге садага кылып берет. Же болбосо кедей болгон эне-атасына, баласына же жубайына садага кылып берет. Эгер алар алган нерселерди берген адамга хадийе (белек) кылып берсе өзү дагы колдоно алат. Ээси кийинчерээк чыга турган болсо буларды өзү төлөйт же алган кедейге төлөтөт. Селде агып келген мөмө, бак жана талдардын өкүмү башка. Дарыяда, селде агып келген тактай, бактарды, талдарды, мөмөлөрдү, бай болсо дагы бардык адамдардын алуусу, топтоосу жаиз болот. Суроо: Табылган акчаны алуу бай адамга харам экен, а эмнеге кедей адамга халал болот? Харам байга да, кедейге да бирдей харам эмеспи? Жооп: Динибиздин өкүмү ушундай. Эмнеге мындай өкүм коюлган деп айтылбайт. Зекет кедейдин акысы болуп саналат. Бай адам зекетин башка бир бай адамга берсе кабыл болбойт. Байдын же бир күндүк жегенге тамагы бар кедейдин кайыр тиленүүсү харам. Зекет кедейдин акысы болгон сыяктуу табылган акча дагы ээси чыкпаса кедейдин акысы болот. Харам аралашкан халал акчаны каалаган бир адамга белек кылып берүү жаиз. Бардыгы харам болгон акчаны алуу эч кимге жаиз эмес. Бир адам харам акчаны бир кедейге берсе, кедей ал акчаны харам экенин билбесе кедейге күнөө болбойт. |
Жин менен шайтан Суроо: Шайтан өзү жалгызбы же көппү? Шайтандар жиндер сыяктуу көбөйүшпөйбү? Жин дагы адамды азгырабы? Жин менен шайтандын ортосундагы айырмачылык кандай? ЖООП: Иблис жин тайпасынан. Шайтан – адаштыруучу, туура жолдон чыгаруучу деген сөз. Ушул себептен Иблистин балдары шайтан делет. Курани каримде шайтандардын көп экендиги билдирилген. Мисалы,«Ысырап кылуучулар – шайтандардын тууганы» делинген. (Исра 27) Шайтан менен жин арасында аз гана айырмачылык бар. Шайтандар дагы жиндер сыяктуу от менен абадан жаратылган. Алгачкы адам топурактан жаратылган болсо да топурак эмес эт-сөөктөн куралган. Жин дагы от менен абадан жаратылган болсо да от менен аба эмес. Жин менен шайтандар эң кичине жерлерден өтөт, адамдын ичине кирет. Шайтандын васвасасынан кутулуу үчүн динге моюн сунуу керек. Хадиси шайрифте мындай делинет: «Иблис шайтандарга айтат: "Эт, аял жана ичкилик менен адамдарды алдоого аракет кылгыла! Булардан таасирдүү башка эч нерсе жок.» (Дайлами) Ашыкча эт жештин зыяндуу экени ушул хадиси шарифтен дагы түшүнүлүүдө. Жинге үйлөнүү Шафии мазхабында жаиз, Ханафиде жаиз эмес. Жинден көбөйүү газ (аба) аркылуу жүзөгө ашат. Ошондуктан, жинге үйлөнүү чыныгы үйлөнүү эмес. Жинден, жиндер менен алектенгендерден узак жүрүү керек. Ар адамдын жанында эң аз дегенде бир капыр жин, бир шайтан болот. Хадиси шарифте мындай делинет: «Ар мусулманга жүз алтымыш периште өкүл. Эгер адам бир заматка болсо да жалгыз калтырылганда шайтандар ага чабуул коюшмак.» (Табарани) |
Бир ата кызын үйлөндүрө турчу кезде эмнелерге көңүл буруусу керек? Суроо: Бир ата кызын үйлөндүрө турчу кезде эмнелерге көңүл буруусу керек?
ЖООП: Кызын ала турчу эркектин салих мусулман болуусуна, Ахли сүннөт ишениминде болуусуна, намаз окуусуна, ичкилик ичпөөсүнө, б.а., Исламиятка баш ийүүсүнө жана нафака таап келе ала тургандай иш ээси болгондугуна көңүл буруусу керек. Кызын мындай эркек менен үйлөндүрбөгөн адам аны жамандыкка түрткөн, Жаханнамга ыргыткан болот. Хадиси шарифте айтылган: «Кызын фасык эркек менен үйлөндүргөн адамга күн сайын миң лаанат түшөт, анын ибадаттары жана дубасы кабыл болбойт, фарз жана нафили кабыл кылынган болбойт.» [Шир’а шархы] [Фасык – ачыктан ачык күнөө иш кылган адам дегенди билдирет. Мисалы, намаз окубаган, тасаттурга маани бербеген фасык болуп саналат.] «Кызын же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин ичкилик ичкен адамга берген адам аны отко ыргыткан болот.» [Дайлами] «Күнөөкөр эркек менен үйлөнүүгө ыраазы болгон аял киши кабырынан туруп жатканда маңдайында «Аллахтын мээриминен үмүтүн үзгөн» деген жазуу болот.» [М. Жинан] «Кызын үйлөнтүү аны колдон чыгаруу болуп саналат. Андай болсо, кызыңарды үйлөндүрүүдө каерге берип жаткандыгыңарга көнүл бөлгүлө!» [Байхаки] «Кызын фасыкка берген
адам Аллаху тааланын аманатына кыянат кылган болот. Аманатка кыянат кылган
адамдын бара турчу жери - Жаханнам» [С.Эбедиййе] «Шафаатыма жеткиси келген адам кызын фасыкка бербесин!»[Шир’а] |
Азан менен коомат кайсы учурларда айтылат?
1- Талаада жалгыз же жамаат менен каза намаз окуурда эркектердин азан менен кооматты бийик үн менен айтуулары сүннөт. Азанды уккан адамдар, жиндер, таштар кыямат күнү күбө болушат. Бир нече каза намазын бириктирип окуй турган адам адегенде азан менен коомат айтат. Андан кийинки окуган намаздарында коомат гана келтирет. 2- Үйдө жалгыз же жамаат менен ошол маалдын намазын окуган адам азан жана коомат айтпайт. Себеби, мечитте айтылган азан менен коомат үйдө дагы айтылган болот. Бирок, айтылса дагы жакшы болот. Кварталдык мечиттерде жана жамааты белгилүү адамдар болгон мечиттерде маал намаздарын жамаат менен окугандан кийин, жалгыз окуган адам азан менен коомат айтпайт. Жолдордо болгон же имамы, азанчысы жок жана жамааты белгилүү болбогон мечиттерде ар кайсы маалдарда келгендер бир убакыттын намазы үчүн өзүнчө-өзүнчө жамаат болушуп ар жамаат үчүн азан жана коомат айтылат. Мындай мечитте жалгыз намаз окуган адам дагы өзү уга тургандай үнүн чыгарып азан менен коомат айтат. 3- Сафарда жүргөндөр өз араларындагы жамаат менен да, жалгыз окуп жатканда да азан жана коомат окуйт. Жалгыз окуган адамдын жанында шериктери бар болсо азан окубаса да болот. Сапарда болгон адам бир үйдө намазын жалгыз окуурда да азан жана коомат айтат. Себеби, мечитте окулган азан жана коомат ал адам үчүн эмес. Сапарда болгондордон кээ бири үйдө азан айтса кийин намаз окуй тургандар айтпайт. Акыл-эстүү бала, көздөрү сокур, зинадан туулган адам жана азан менен коомат айтууну билген сабатсыз адам азан айта алат. Жунуп болгон адамдын азан айтуусу, даараты жок адамдын жана аялдын, фасыктын, мас адамдын, акылсыз баланын азан айтуулары жана отуруп азан айтуу тахриман макрух. Булардын айткан азандары кайрадан айтылат. Азандын туура болуусу үчүн азанчынын мусулман жана акылы бар болуусу керек. Микрофон менен азан айтуу сахих болбойт. Фасык адамдын ибадаттарда сөзү кабыл кылынбагандыгы үчүн мунун азаны сахих болбойт. Фасык адамдын жана микрофондон айтылган азан менен намаз убактысынын киргендигине ишенүүгө болбойт. Мунун азаны менен же ал берген бир белги менен орозо бузулбайт, (ооз ачылбайт). Азанга урмат кылгандар анын тамгаларын, сөздөрүн өзгөртпөй, бузбай, таганни кылбастан (б.а. музыка ноталарына салбастан), мунарага чыгып сүннөткө ылайык айткандар жогорку даражаларга ээ болушат. Бирок, эгерде азан сүннөткө ылайык айтылбаган болсо, мисалы, айрым сөздөрү өзгөртүлүп, которулса, кээ бир жерлеринде таганни кылынып окулса же болбосо үн күчөткүчтүн жардамы (микрофон) менен айтылса (Себеби, үн күчөткүчтөн чыккан үн имам же азанчынын үнү эмес. Алардын үнү электр жана магниттик абалга айланууда. Үн электр менен магниттен пайда болуп угулат.) аны уккан адам эч бир бөлүгүн кайталабайт. |
Алкогол, адеколон жана атырСуроо: Алкоголдун бардык түрү нажиспи? Жооп: Бир гана этил алкогол (этил спирт) харам жана нажис болуп саналат. Башкаларынын химияда дагы аталышы алкогол. Алар нажис эмес. Намаз окуп жатканда этил алкоголу тийген жерлерди тазалаш керек. Адеколон жана атырлар Суроо: Адеколон, йод тундурмасы жана атыр сыяктуу алкоголдуу аралашма себилген кийим менен намаз окуу жаизби? Жооп: Жаиз. Алкогол дары, атыр жана суу сыяктуу нерселерге бир пайдалуу максат үчүн аралаштырылса аралашма таза болот. (И. Ахлагы)
Демек, алкогол адеколон, йод тундурмасы жана атыр сыяктуу нерселерге бир пайдалуу максат үчүн аралаштырылгандыктан намазга тоскоол эмес. Эч бир пайдалуу максатсыз аралаштырылса аралашма таза болбойт. Мисалы, сууга алкогол кошуп, аны кийимге сээп, бул дагы аралашма деп, мындай кийим менен намаз окууга болбойт. |
Сүннөт менен фарздын арасында сүйлөө
Суроо: Сүннөт менен фарздын же фарз менен сүннөттүн арасында сүйлөө, саламдашуу, дуба кылуу, таспих тартуу, Куран окуу бидатпы? Багымдат намазынын сүннөтүн үйүндө окуп келген адам мечитте таспихин алып, калима-и тавхид же салават-и шарифа окуса же сүйлөсө эмне болот?
Жооп: Меракыл-фалах китебинин Тахтави хашийасынын котормосу болгон Нимат-и Ислам китебинин "Нафил Намаздары” бөлүмүндө мындай деп айтылат: "Фарз менен сүннөт же сүннөт менен фарздын арасында сүйлөө сүннөттү жокко чыгарбайт. Бирок, сүннөттүн сообун азайтат. Эсах (эң туура) болгон кавилде болсо сүннөттү кайра окуу керек. Ар түрлүү дуба дагы сүйлөө сыяктуу.” Жогоруда айтылгандар Дурр-ул-мухтар китебинде дагы бар. Эсах болгон кавил сүннөт кабыл болбойт, мурдагы сүннөттү кайра окуу керек. Бул маселе Дурр-ул-мухтар китебинин арапча түп нускасынын 457-чи, айрым басылмаларында 711-чи бетинде жазылган. Ибни Абидин хазреттери Дурр-ул-мухтар китебиндеги ал маселенин түшүндүрмөсүндө ар түрлүү окуулар дагы бул өкүмгө жатат деп билдирди. Андай болсо сүннөт менен фарздын арасында дуба, сүрө же үч Ихлас окубаш керек. Айрыкча, муну көнүмүш адат кылып алуу бидат болуп саналат. Ибадаттарга кошумча кылуу динди өзгөртүү болот. Хадиси шарифте: "Ибадаттарды биз сыяктуу кылбагандар бизден эмес”, - деп билдирилди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кандай кылган болсо, мазхабыбыз муну кандай билдирген болсо ошондой ибадат кылынат. "Муну дагы кылалы, аны дагы кошумча кылалы” деп айтуу динде реформа жасагандык болот. Эч качан жаиз болбойт. Сүннөт менен фарздын арасында бир нерсе окуунун сүннөттү жокко чыгара тургандыгы Бахр-ур-раык китебинде да жазылган. Багымдат намазын үйүндө окуп келген адам мечитке келгенде сүйлөбөйт, үнүн чыгарып бир нерсе окубайт. Эриндерин кыймылдатпай ичинен калима-и тавхид окуса болот же тафаккур кылат. Эгер каза намазы бар болсо каза намазын окуйт. Курани карим окулуп жаткан болсо тыңдап отурат. Мечитте сүннөттү окуп, фарзды күтүп жатканда сырттан кирип келген адамдын саламына жооп берүү да сүннөт менен фарздын арасында бир нерсе окуу же сүйлөө сыяктуу сүннөттүн сообун жок кылат. |
Колуна, белине жана тилине ээ болуу
Суроо: Колуна, белине, тилине ээ болгон адам кутулат деген мааниде бир хадиси шариф барбы?
Жооп: Андай бир хадиси шарифтин бар экенин билбейбиз, бирок, колуна, белине жана тилине ээ болгон адамдын кутула тургандыгы тууралуу башка хадиси шарифтер бар. Айрымдарынын мааниси төмөндөгүдөй: "Тилин жана фаржын [ар-намысын] коргогон мусулманга Бейишти убада кыламын.” [Бухари] "Арафа күнү колуна, тилине, көзүнө жана кулагына ээ болгон адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Хатиб] "Адамдар тилиңен жана колуңан салим болмоюнча [камил, толук] момун боло албайсың.” [Аскери] "Хасадчынын [көралбастык кылган адамдын] хасады колуна жана тилине чыкмайынча зыян кыла албайт.” [Абу Нуайм] "Колу жакшылыктуу, тили чынчыл, жүрөгү таза, тамагына жана фаржына [намысына] ээ болгон адам илимде расих болот [чыныгы илим ээси болот].” [Табарани] "Аллаху таала мага мындай деп вахий кылды: Менин мечиттериме жалгыз салим [бекем, кемчиликсиз] жүрөк менен, садык [ишенимдүү] тил менен, таза кол жана таза ар-намыс менен киришсин.” [Хаким] "Ушул алты нерсеге сөз бергиле, мен дагы силерге Бейишти сөз берейин: 1 – Тилиңерге ээ болгула [куфур сөз, жалган, ушак, лаанат, пайдасыз сөздөр сыяктуу.] 2 – Сөзүңөрдөн кайтпагыла. 3 – Аманатка кыянат кылбагыла. 4 – Көзүңөргө ээ болгула. [Харамдарды карабагыла] 5 – Колуңарга ээ болгула. [Харам иш кылбагыла, харамды кармабагыла] 6 – Фаржыңарга [ар-намысыңарга] ээ болгула.” [Хаким] |
Таасири анык болгон дарыларСуроо: Ооруп калганда таасири анык болгон дарыларды колдонбоо күнөөбү?
Жооп: Албетте, күнөө. Кээ бир дарылардын, мисалы, антибиотиктердин, сульфамиддердин бактерияларга каршы таасири нандын ачкалыкты, суунун суусоону кетирүүсү сыяктуу. Суу менен отту өчүрүү дагы ушундай. Таасири анык болгон ушул сыяктуу дарыларды колдонбоо тобокел эмес, акмактык жана арам болот. Хадиси шарифтерде айтылды: "Ар бир оорунун дабасы бар. Жалгыз өлүмгө гана чара жок.” [Табарани] Хазрети Муса ооруп калганда "Дарысыз да Аллаху таала шифаа берет” деп дары колдонбоду. Аллаху таала: "Дары колдонбосоң шифа ихсан кылбаймын”, -деп билдирди. Дары колдонгондон кийин айыкты. Бирок, анын себебин кызыгып сурады. Аллаху таала: "Тобокел кылуу үчүн менин адатымды, хикматымды өзгөртүүнү каалап турасыңбы? Албетте, таасирлерди жаратуучу менмин”, –деп айтты. (С. Эбедиййе) Доктурга кайрылуу жана дары колдонуу зарыл. Бирок, дабаны доктур же дарыдан эмес Аллаху тааладан күтүү керек. Курани каримде мындай деген мааниде билдирилди: "Ыйманыңар бар болсо Аллаху таалага тобокел кылгыла!” [Маида сүрөсү, 23] Дары колдонуу, аят-и карима окуу жана дуба окуу, аны жанында алып жүрүү адамдын өмүрүн узартпайт, өлүмгө тоскоол болбойт жана ажалды кечиктирбейт. Өмүрү бардын дарттарын, ооруларын кетирип, чын ден-соолукта, ыракат жана көңүлдүү жашоосуна себеп болот. Дары колдонсо дагы айыгып кетпей, операция столунан турбай өлгөндөр аз эмес. Ошондуктан, дарыга же доктурга эмес Аллаху таалага ишенүү керек. Аллаху талаага ишенген мусулман болсо динибиздин буйругун аткарып, доктурга кайрылат жана дары колдонот. |
Кайтыш болгон эне-атанын акысы кантип орундалат?
Суроо: Кайтыш болгон эне-атанын акылары кантип орундалат? Жооп: Төмөндөгүлөрдү аткарууга аракет кылуу керек. Намаздардан кийин дуба кылып, сообун алардын рухтарына багыштоо керек. Хадиси шарифтерде мындай деп билдирилди: "Эне-атасына күнөөкөр болуп калган адам алар кайтыш болгондон кийин алар үчүн дуба кылса Аллаху таала аны эне-атасына баш ийгендерден кылып жазат.” [Ибни Абиддунйа] Сообун аларга деп орозо кармоо керек. Сообун аларга деп ажылык кылуу керек. Аалымдардын көпчүлүгү эне-ата үчүн ажылык кылуу жаиз деп билдирген. Хадиси шарифтерде: "Кайтыш болгон эне-атанын атынан ажылык кылган адамга өзү үчүн дагы жана эне-атасы үчүн дагы ажылык сообу жазылат. Эне-атасынын рухуна сүйүнчүлөнөт.” [Дара Кутни] Сообу аларга тийсин деп садага берүү керек. Хадиси шарифтерде мындайча билдирилген: "Садага берип жатканда сообун эмне үчүн мусулман эне-атаңардын рухуна багыштабайсыңар? Багыштасаңар берген садагаңардын сообу алардын рухуна бериле тургандыгы сыяктуу эч кемитилбестен ошол сооптон силерге дагы жазылат.” [Табарани] Кабырларын зыярат кылып, Курани карим окуу керек. Хадиси шарифтерде мындайча билдирилген: "Эне-атасынын же биринин кабырын ыклас менен жана кечирим үмүт кылып зыярат кылган адам кабыл болгон ажылык сообун алат. Муну адат кылып алган адамдын кабырын дагы периштелер зыярат кылышат.” [Хаким] Кабырларын Жума күндөрү зыярат кылуу керек. Хадиси шарифтерде айтылган: "Эне-атасынын кабырын Жума күндөрү зыярат кылган адамдын күнөөлөрү кечирилет, акыларын өтөгөн болот” [Тирмизи] Зыярат кылганда дуба жана Курани карим окуу менен алек болуу зарыл. Орунсуз нерселерди сүйлөбөө керек. Көзү тирүү кезинде таарынган болсо баласы салих болгондо ыраазы болушат. Алар үйрөткөн жакшы нерселерге ылайык амал кылган сайын сообу аларга да барып турат. Эгер алардан жаман нерселерди үйрөнүп ошол нерсени кылган сайын аларга да күнөө жана азап жазылат. Ошондуктан, алардан жаман жолду үйрөнүп алган болсо муну ташташ керек, бул жаман амалдары менен аларга да кабырда азап тарттырбоо керек. |
Жеп-ичүү арам болгон нерселер
Суроо: Жеп-ичүү арам болгон нерселер эмне? Арам кылынууларынын себеби эмне?
ЖООП: Динибиз арам кылгандыктан кээ бир жаныбарлардын эти желбейт. Албетте, мунун кээ бир хикматтары (себеби, сыры) бар. Мусулман адам андагы хикматты билбесе дагы динибиз тыюу салган нерсени кылбайт. Тамак-аштардын адамга жакшы жана жаман таасир кыла тургандыгы талашсыз. Энеси жаман болсо же жаман аялдын сүтү менен тамактанган бала тентек болот. Мындайларды сүтү бузук дешет. Өз пайдасын ойлогон адам динибиз адал кылган нерселерди жеп, тыюу салган нерселерден алыс болуусу керек. Жеп-ичүү арам болгон нерселер: 1- Туруш менен өзү арам болгон нерселер. [Тарп, чочконун эти жана шарап, арак сыяктуу.] 2- Өзү арам эмес, бирок, тартылып алынган, уурулук, паракорлук жолу менен алынган нерселер. 3- Тойгондон кийин жеш. 4- Аллергия кылган нерсени жеш. [Мисалы, балык, эт, сүт, жумуртка, салат, маринат, бүлдүркөн ж.б., зыян берип жаткан болсо булар ким үчүн зыян болгон болсо ошол адамга үчүн гана арам, зыян бербеген адамга мубах болот.] 5- Зыяндуу нерселерди жеш. [Мисалы, ылай, топурак, айнек сыяктуу.] 6- Уулуу нерселерди жеш. [Уулуу өсүмдүк, жыттанып кеткен эт сыяктуу.] 7- Наркотикалык заттарды жеш. [Врачтын сунушу менен дарылык максатта колдонуу жаиз.] 8- Таза, бирок, жийиркеничтүү нерселерди жеш. [Курбака, каны болбогон курт-кумурскалар, жемиштин, сырдын жана эттин курттары сыяктуу.] Курани каримде мындай мааниде айтылган: «Тарп, аккан кан, ыплас чочко жана Аллахтан башканын аты менен союлган жаныбарларды жеш арам.»[Энъам 145] Аяти каримада саналган бул арамдардан башка жогорудагы сегиз бөлүктө билдирилген нерселердин дагы арам экендиги Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» тарабынан билдирилген. |
Арамдан садага берилеби?Суроо: Арамдан садага берилсе эмне болот? Жооп: Арамдан садага берилсе, алган кедей да арамдан экенин билип туруп, садаганы берген адамга "Аллах ыраазы болсун” же "Аллах кабыл кылсын” десе жана берген адам да "Амин” деп айтса, экөө тең куфурга кирет. Бир адамдын колундагы мал-мүлктүн арам мал-мүлк экени билинмейинче уурдалган же кумардан алынган болсо дагы колундагы бул мал-мүлктүн анын адал мүлкү деп кабыл кылынат. Муну бергенде мулк-и хабис болсо дагы алуу жаиз болот. Берилген нерсенин арамдан экени анык билинсе, ошондо гана алуу жаиз болбойт. Арамдан табылган мал-мүлктү хадийа (белек) кылып берүү жаиз болбойт. Арамдан табылганын билген адамдын дагы аны алуусу жаиз эмес. Колуна арам мал-мүлк, мисалы, акча түшкөн адам муну ээсине кайтарып берүүсү зарыл. Ээси табылбаса, бир кедейге садага кылып берүүсү керек. Башка жерге берүү күнөө болот. Бул мал-мүлктү алуу кедейден башка адамга жаиз болбойт. Жалгыз мураскордун гана арам мал-мүлк экенин билсе дагы мурасты алуусу жаиз болот. Садага катары бир кедейге берген болсо, ал кедей арам мал-мүлктү өзүнө хадийа кылса, муну өзү дагы колдоно алат. Мал-мүлкүнүн көбү адал деп эсептелген адамдын берген хадийасын алуу жаиз болот. Мал-мүлкү арам болсо жаиз болбойт.
Ылай суу таза деп кабыл кылынат. Себеби, суунун өзү таза болуп саналат. Нажис (ыплас) экендиги болсо күмөндүү. Табышынын көбү арамдан болгон адамдын берген мал-мүлкүнүн арамдан экени анык билинмейинче бул мал-мүлктү алуу арам болбойт, макрух болот. Мал-мүлкүнүн көбү алал болгон адамдын хадийасын алууга болот. Көбү арам болсо адал деп бергендерин алууга болот. Берип жатып эч нерсе дебеген болсо, изилдеп көрүп, эмне пикирге келсе, ошого ылайык амал кылат. |
Аятал курсинин пайдалары
Суроо: Ар дайым окуп жүрүү сунушталган Аят-ал курсинин [Бакара сүрөсү 255] пайдалары эмнелер?
Жооп: Аятал курси окуунун абдан көп пайдалары бар. Бир канча хадиси шарифтин маанилери төмөндөгүдөй: "Аятал курси - аяттардын сеййиди. Бир жерде окулганда шайтан ал жерде тура албай сөзсүз качат.” [Хаким] "Аятал курси Курани каримдин төрттөн бири.” [Абу-ш-шайх] "Үйүндө Фатиха жана Аятал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян кыла албайт. Назар (көз) тийбейт.” [Дайлами] "Жатаар алдында Аятал курси окуган адамга шайтан жолой албайт.” [Шавахид-ун-нубувва] "Ар фарз намаздан кийин Аятал курси окуган адамдын Бейишке кирүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок.” [Насаи, Ибни Хиббан, Байхаки, Табарани] "Үйүнөн чыгып баратып Аятал курси окуган адамга жетимиш периште үйүнө кайтып келгенге чейин дуба жана истигфар кылат.” [Эй, Уул Илмихали] (Унаага түшкөндө Аятал курсини окуу балээ жана кырсыктардын алдын алат) Аятал курсини ыкылас менен окуган адамдын адам жана жаныбарлар акысынан жана фарз карызынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Б.а., тооболору кабыл болот. (Ислам Ахлагы) Хазрети Али: "Кабыр азабынан кутулуу үчүн Аятал курсини көп окуу керек”, - деп билдирди. (Зухра-тур-Рийаз) Эй, Уул Илмихали китебиндеги хадиси шарифте: "Намаздан кийин Аятал курсини окуган адамга ар тамгасы үчүн 40 сооп берилет.” "Бир киши намаздан кийин дароо бир жолу Аятал курсини окуса, ал аят Арш-ы алага чейин барат жана ал жерде тынбай аракет кылып: "Эй, Рабби! Мени окуган кулуңду кечире көр!”, - дейт. Аллаху таала аянттан жана кандайдыр бир тараптан муназзах болуп: "Эй, периштелерим! Күбө болгула, намаздан кийин Аятал курсини окуган кулумдун күнөөлөрүн кечирдим”, - деп айтат.” |
Орозо кармоо пайдалуу
Суроо: Орозо кармоо денеге зыян береби?
ЖООП: Жок, себеби, Аллаху таала зыяндуу болгон нерсени буйрук кылбайт. Медицина адистери айтышат: Орозолуу адамдарда адреналин жана кортизон гармондору канга жеңил аралашат. Бул гармондор рак клеткаларына таасирин тийгизет. Ушундайча бул гармондор ракка каршы калкан ролун ойноп, рак клеткаларынын көбөйүүсүнө тоскоол болууда. Орозо кармаган дене өзгөчө кароого алынган сыяктуу болуп, ички органдарды орогон майлар ээрийт, дененин сергектиги артат, иммунитет күчтөнөт, ашказан, бөйрөк, шекер, жүрөк жана боор ооруларына каршы туруштугу көбөйөт. Боор орозо кармаган кезде 3-5 саат демалат, азык бириктирүү ишин бир мөөнөткө токтоткон болот. Бул учурда коргонуу системасын күчтөндүрүүчү глобулиндерди даярдайт. Ашказан булчуңдары жана секрет бөлүп чыгаруучу клеткалар бир канча саат демалат. Кан басымы азайгандыктан жүрөк дагы демалат. Азык калдыктары жакшы ээримейинче тамырларды бузат. Ээрибеген майлар тамырларды тарайтат, атеросклероз деген ооруга себеп болот. Кечке карай денеде тамак калбайт. Б.а., бардык азыктар ээрип сиңген болот. Бул жагынан алып караганда кээ бир ооруларга, өзгөчө атеросклерозу бар адамдарга орозо кармоо пайдалуу болууда. Орозолуу маалда дененин калган органдары дагы демалган болот. Аз тамак жеш жана орозо кармоо ден-соолук үчүн маанилүү. Зекет мал-мүлктүн кири болот. Зекетин берген адам мал-мүлкүн коргогондой эле орозо кармаган адам дагы дененин зекетин берген болот, оорулардан аны коргогон болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бардык нерсенин зекети бар, дененин зекети болсо – орозо. Орозо кармагыла, ден-соолук тапкыла!” – деп буюрган. (Ибни Маже, Таберани) Орозонун пайдалары көп. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай: "Орозо этти ээритет жана Жаханнам отунан алыстатат. Көз көрбөгөн, кулак укпаган жана эч кимдин оюна келбеген ниматтар бир гана орозо кармаганга насип болот.” [Таберани] "Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаган адамды Аллаху таала бул бир күндүк орозосу себеби менен Жаханнам отунан 70 жыл узак кармайт.” [Бухари] Орозонун сообу калган ибадаттарга караганда дагы да көбүрөөк. Хадиси кудсиде: "Ар бир жакшылыкка 10 эседен 700 эсесине чейин сооп берилет, бирок, орозо мага тийиштүү, анын сыйлыгын мен берем, себеби, кулум мен үчүн шахватын жана жеп-ичүүсүн таштады”, - деп айтылган. (Бухари) Ар жакшылыктын сообун Аллаху таала берген болсо да орозонун сообу тууралуу "Мен берем” деп буюруусунун хикмат сыры бар. Жер жүзү толугу менен Аллаху тааланын мүлкү болсо да Каабаны "Байтуллах” дегени, б.а., "Аллахтын үйү” дегени ага өзгөчө кадыр бергендиги үчүн. "Орозо мага тийиштүү”деп билдирүү менен ага өзгөчө кадыр берген. Орозо кармаган адамга бериле турчу сооптун белгилүү бир өлчөмү жок. Орозолуунун абалына карата көп сооп берилет. Башкалар тамак жеп жүрүшкөн кезде орозо кармоо өтө сооптуу. Хадиси шарифте: "Орозолуу адамдын жанында орозосуздар тамак жешкен кезде периштелер орозолууга дуба кылышат”, - деп айтылды. (Тирмизи) Кандайдыр бир себеп менен нафил орозо кармай албаган адам шүгүр кылуусу керек, конокторго, кедейлерге тамак берүү керек. Хадиси шарифте: "Шүгүр кылып тамак жегизген адам сабыр кылып орозо кармаган адам сыякуу”, - деп айтылган. (Тирмизи) Шүгүр кылгандарга көп сыйлык берилет. Шүгүр Исламиятка моюн сунуу дегенди билдирет. Имам Раббани хазреттери: "Рамазанда нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган фарздар сыяктуу. Бул айда кылынган бир фарз башка айларда кылынган жетимиш фарз сыяктуу. Бул айга урматсыздык кылган адамдын, бул айда күнөө кылган адамдын жылы толугу менен күнөө кылуу менен өтөт”, - деп айтууда. Ошондуктан, айрыкча, Рамазан айында күнөө кылуудан ого бетер сактануу керек. Мубарек жерлерде кылынган ибадаттарга дагы көп сооп берилет. Хадиси шарифте: "Меккеде бир Рамазан орозо кармоо башка жерде кармалган миң Рамазан орозосунан жакшыраак”,- деп айтылды. (Беззар) Жума күнү кылынган ибадаттарга да эсе-эсе көп сооп берилет. Жума күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе болуп жазылат. Баалуу күндөрдүн кадырын билүү жана керек болгон нерселерди орундоо керек. |
Карылык ниматыСуроо: Мусулман болуп карыгандык өтө фазилаттуу делүүдө. Бул тууралуу түшүндүрмө бере аласызбы?
ЖООП: Мусулман – ниматтарга конгон адам. Бир адамдын мусулман болуп жашап чачын агартуусу андан да чоң нимат. Хадиси шарифтерде буюрулду: «Аллаху таала буюрууда: Карылык – нурум. Нурума нарым менен [Жаханнам оту менен] азап кылуудан уяламын. Андай болсо силер дагы менден уялгыла!» [Абушшейх] «Хак таала мусулман болуп карыган адамга азап кылуудан тартынат». [Хатиб] «Аллаху таала 40 жашка келген мусулманды жиннет, жуззам, барас сыяктуу оорулардан сак кылат. 50 жашка келгенде эсебин жеңилдетет. 60 жашка жеткенде аны кереми менен ырыскыландырат. 70 жашка келгенде аны көктөгүлөргө сүйдүрөт, 80 жашка келгенде жакшылыктарына сыйлык берет, жамандыктарын кечирет. 90 жашка барганда анын өткөн жана келе турчу күнөөлөрүн магфират кылат жана өзүн үй-бүлөсүнө шапаатчы кылат, бир үн ага: «Бул - дүнүйөдө Аллаху тааланын коргоосуна кирген адам», - дейт. [Абу Йа’ла] «Мусулман болуп карыган адамды сыйлаган Нух алейхиссаламды сыйлаган сыяктуу сооп алат. Нух алейхиссаламды сыйлаган адам болсо Аллаху тааланы сыйлаган болот.) [Хатиб] «Такбири, тахмиди, таспихи себеби менен мусулман болуп карыган бир момундан да жакшы бирөө жок.» [И.Ахмед] [Такбир – Аллаху акбар, тахмид – Алхамдулиллах, таспих– Субханаллах, тахлил – ла илаха иллаллах деп айтуу.] 1- Кырк жашка чыккан мусулман жиннет, жуззам, жана барас ооруларынан сак болот. 2- Элүү жашка келген адамдын эсеби жеңилдейт. 3- Алтымышка кирген салих мусулман шейит болуп өлөт. 4- Жетимишке киргенди Аллаху таала жана периштелери сүйөт. 5- Сексенге киргендин күнөөлөрү жазылбайт, сооптору жазылат. 6- Токсонго киргенден эсеп суралбайт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө шапаатчы болот. (Дайлами, Абу Йа’ла) «Аллаху таала ант кылып: «Мусулман болуп карыган адамга азап кылуудан уяламын», - деп буюрду». Расулуллах алейхиссаламдын ыйлаганы көрүндү. Себеби суралганда: «Аллаху таала андан уялып жаткан болсо да Андан уялбаган адамга ыйлоодомун», - деди.(Байхаки)[Бул жерде билдирилгендер кул акысы жана парз карыздарынан башка күнөөлөрү үчүн.] |
Агарган чачтарды бойоо Суроо: Карыгандыгыбызды көрсөтпөш үчүн агарган чачтарыбызды бойоо же ак чачтарды жулуу жаизби? ЖООП: Бир адамдын мусулман абалда чачынын агаруусу жакшы. Хадиси шарифтерде буюрулду: «Агарган кылдарды жулбагыла! Себеби, бир адамдын мусулман болуп агарган ар кылы кыяматта өзү үчүн бир нур болот. Ал кыл себеби менен бир күнөөсү кечирилет, бир сооп жазылат.»[Тирмизи] «Агарган кылдарды жулбагыла! Ал – мусулмандын нуру».[Тирмизи] «Карылыкты жашыруу үчүн жулунган ак кылдар кыяматта ага сайылыш үчүн шиш болот.» [Дайлами] «Чачын, сакалын мусулман болуп агарткан кечирилет.» [М. Раббани] Мусулман болуп каруу мына ушундай жакшылык болуп турса эч себепсиз чачтарды бойоо жакшы эмес. Хадиси шарифтерде буюрулду: «Аллаху таала чачы-сакалын карага бойогондун бетин кыяматта карабайт.» [Ибни Саид] «Чачы-сакалын жулгандын же карага бойогондун Аллах алдында насиби жок. [Таберани] Ислам аалымдары эркектердин чачын, сакалын карадан башка бойокко бойоолорунун жаиз экендигин билдиришкен. Жада калса, жамалдуу болуу үчүн карага бойоонун жаиз экендигин билдирген аалымдар да бар. Хадиси шарифте: «Аллах жамил, жамил ээлерин сүйөт.» [Б.а., Аллаху таала жамалдуу жана жамалдуу болгондорду сүйөт.] Текебердик үчүн кийинүү же бул максатта чачын бойоо – харам. Жамал үчүн болсо жаиз. Жамал – бирөөлөрдүн жийиркенүүсүнө себеп боло турчу нерселерди кылбоо, буларды жок кылуу дегенди түшүндүрөт. (Хадика, Энвар, Бахр) |
Күнөө кылгандын орозосу
Суроо: Кээ бир адамдар: "Намаз окубаган, ичкилик ичкен, ачык кийинип жүргөн же башка күнөө кылгандар бекер эле орозо кармашпасын”, - деп айтышат. Бул сөз туурабы?
ЖООП: Жок, динге каршы келген сөз. Бир канча күнөө кылган адамдын сөзсүз эле калган күнөөлөрдү да кылуусу керек эмес. Орозо кармап, ошол эле убакта күнөө кылган адам орозо кармоо менен пайда болчу чоң соопко ээ боло албайт, бирок, акыретте "эмне үчүн орозо кармабадың” делип эсепке тартылбайт. Орозо карызын өтөгөн болот, жада калса, орозонун берекеси менен башка күнөөлөрдөн дагы арылууга мүмкүнчүлүк болот. Имам Раббани хазреттери буюрууда: "Бардык күнөөлөргө тообо кылып, бардыгынан качуу чоң нимат. Муну кыла албаса кээ бир күнөөлөргө дагы тообо кылуу нимат. Булардын берекети менен балким бардык күнөөлөргө тообо кылуу насип болот. Бир нерсе толугу менен колго тийбесе бардыгын тең колдон чыгарып жибербөө керек.” Намаздын динибиздеги орду орозого караганда дагы да маанилүү болгону менен бир адамга намаз окубагандыгы үчүн "орозо да кармаба” деп айтууга болбойт. Тескерисинче, "Намазыңды окубасаң жок дегенде орозоңду таштаба” делүүсү керек. Намаз окубоо менен чоң күнөөгө кирген адам орозо кармабаса күнөөсү дагы да көбөйөт. Бир нече күнөөгө баткан адам биринен баш тарткысы келсе ага: "Калгандарын таштабагандан кийин бул күнөөңдү да уланта бер” деп айтуу туура эмес. Күнөөсү канчалык азайса ошончолук жакшы болот. Аллахтан коркуп бир күнөөдөн баш тартуу ыймандын белгиси. Хадиси шарифте: "Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстеген же Андан корккон мусулман Жаханнамдан чыгат”, - деп айтылды. (Тирмизи) Күнөө кылган адам орозо кармап же зекетин берип жаткан болсо: "Абайла, буларды колдон чыгарып алба” деш керек! Бул ибадаттарды да орундабаса динден толугу менен алыстап кетиши мүмкүн. Коркутуудан көрө сүйүнчүлөгүч болуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аллахтын ырайымынан үмүт үздүрүп, динден жийиркенткендерге лаанат болсун! Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла”, - деп буюрган. (Бухари) Бир жаш жигит Пайгамбарыбызга алейхиссалам: "Бул үч күнөөнү таштай албай жатам”, - деди. Ал үч күнөө – жалган, зина жана ичкилик. Расулуллах алейхиссалам: "Бул үч күнөөдөн жалганчылыкты мен үчүн ташта”, - деп буюрду. Ал жаш жигит муну кабыл кылып кетет. Кийин калган эки күнөөнү кылгысы келгенде: "Бул күнөөлөрдү кылып Расулуллахтын каршысына чыкканда "Мен кылбадым” десем жалган айткан болом. Эгер кылгандыгымды айтсам мени жазаландырат” деп ойлонот. Калган эки күнөсүнөн да баш тартат. (Шира) Калимаи шахадатты тил менен айтып көңүлү менен тастыктаган адам – мусулман. Күнөө кылган адам мусулмандыктан чыккан болбойт. Бир хадиси шарифте айтылды: "Жабраил алейхиссалам: "Үммөтүңө сүйүнчүлө, мушрик болуп өлбөгөн Жаннатка кирет”, - деди. Мен "Зина жана уурулук кылган дагы Жаннатка киреби?” деп үч жолу сурадым. "Ооба, зина жана уурулук кылган дагы Жаннатка кирет”, - деди. Кийин: "Ичкилик ичсе дагы акыры Жаннатка кирет”, - деди.” [Бухари] Бул - Ахли сүннөт ишеними. Болбосо, күнөөлөрдү жеңил көргөндүк эмес. Бул ишеним адамды күнөөгө алып барбоосу керек! Ар күнөө көңүлдү карайтат, адамды ыймансыздыкка жетелеп, Жаханнамда түбөлүк калууга себеп болушу мүмкүн. Ар бир күнөөдөн качуу керек, себеби, Аллахтын гадабы (каары) күнөөлөрдүн ичинде катылуу. Белам-ы Баура көп ибадат кылган чоң аалым болуп туруп бир күнөөсүнүн айынан ыймансыз өлдү. Күнөө кылган адам дароо тообо кылуусу керек! (К.Саадат) |
Соодада куулук берекени кетирет Суроо: Соода-сатыкта куулук кылуу ырыскыны көбөйтөбү? Соодага кыянаттык аралашуусу эмнени түшүндүрөт?
ЖООП: Куулук менен ырыскы көбөйбөйт. Балким, оокаттын берекесин кетирет. Куулук менен аз-аздан жыйналган нерселер күтпөгөн жерден келген бир балээ менен дароо жок болуп, артында бир гана күнөөлөрү калат. Анысы кандай, бир сүтчү саткан сүтүнө суу кошчу эле. Бир күнү көз-ачып жумгуча бир сел келип саан уйун агызып кетет. Атасы эмне кыларын билбей дабдырап калганда баласы: «Ата, сүткө кошкон сууларыбыз жыйналып отуруп уйубузду агызып кетти», - деген экен. Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам» мындай деп буюрган: «Соодага кыянаттык аралашканда береке кетет». Береке – бул аз оокаттын көп пайдалуу болуусу, көп ишке жароосу деген сөз. Аз оокат берекелүү болгондо көп кишинин ырахат табуусуна, көп жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Берекелүү болбогон көп оокат бар, ээсинин дүнүйөдө жана акыретте балээге учуроосуна себепчи болот. Андай болсо оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек. Береке ишенимдүү адамдарда болот. Жада калса, молдук дагы ишенимдүү соодагерлерде болот. Себеби, ар бир кардар ишенимдүү болгон соодагерге барат. Куулук кылгандарга эч ким барбайт. Ойлоп көрүңүз, бир соодагер болсо, өмүрү жүз жылдан көп эмес. Ал эми акыреттин соңу жок. Бир канча күндүк өмүрүнүн алтын менен күмүшүн көбөйтүш үчүн түбөлүк жашоосун зыянга киргизүүнү ким каалайт. Ушуну ойлогон бир сатуучу кыянаттык кыла албайт. Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Ла илаха иллаллах дегендер дүнүйөнү динден жогору кармашпаса Аллаху тааланын ачуусунан, азабынан кутулушат. Динди таштап, дүнүйөгө жармашышса, бул калима-и тавхидди айтканда Аллаху таала аларга «жалган айтып жатасың!» деп буюрат.» Ар кесипте дагы куулук кылбоо парз. Чирик иш кылуу жана аны жашыруу – харам. Имам Ахмед Ибни Ханбелден «рахметуллахи таала алейх» жашыруун жамаачы тигүүнү сурашат. «Өзүнүн кийүүсү жана кардардын кийүүнү каалоосу менен жаиз болуп, куулук менен кылуу, б.а., жашыруун жамаачыны жаңы деп сатуу күнөө. Алган акча -харам болот», - деп буюрду. (Сеадет-и Эбедиййе, 841 б,. ) |
Орозону бузган нерселерИлмихал китептеринде орозону буза турган жана кафарат талап кыла турчу жагдайлар тууралуу жалпы эреже билдирилген. Азык же болбосо дары иретинде пайдалуу бир нерсени жеп-ичүү, лаззат бере турчу нерсени ооздон өткөрүү жана жима (аялы менен кошулуу) орозону бузат. Орозону буза турчу бул нерселер билип туруп жасалса казасы дагы, кафараты дагы орундалыш керек болот.
Орозону бузуп казасын жана кафаратын талап кылчу жагдайлардын бир нечеси мына булар:
1- Орозо экендигин билип туруп жеп-ичүү. 2- Кан алдыруу, гыйбат кылуу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы маалым нерселерден кийин орозом бузулду деп билип туруп жеп-ичүү. 3- Тамакка кирген жамгырды, карды өз каалоосу менен жутуу. Өз каалоосусуз тамакка кирип кете турган болсо бир гана казасын орундашы керек болот. 4- Тамеки тартуу.
Рамазан орозосун бузуп, бир гана казасын кылууну талап кылган нерселер булар:
1- Жаңылыштык менен бузуу, мисалы, даарат алганда тамакка суу качса. 2- Тамагына кар же жамгыр суусу кирсе. 3- Мурунга суюк дары куйса. 4- Астманын спрейин колдонуу. 5- Кыйнап буздурулса. 6- Мурунга адеколон тартса. [Жыттаса бузбайт] 7- Муким кезде орозо кармап, сапарга чыккан кезде жеп-ичсе. 8- Башка адам тарткан тамекинин түтүнүн өзү каалап жыттаса. 9- Кулактын ичине дары тамчылатуу, кулакты дары суу менен жуу. 10- Теридеги ачык жарага сүртүлгөн суюк дары ичке кирсе. 11- Денеге ийне менен дары куйса. 12- Каалап, кыйнап ооз толтура кусуу. 13- Тиши канаган адам оозундагы канды жутса же түкүрүк өлчөмү менен барабар болгон аралаш канды жутса. 14- Имсак убактысынын бүткөндүгүн билбестен жеп-ичсе. 15- Күн батты деп ойлоп орозосун бузса. 16- Тиштеринин арасында калган нокот менен тең нерсени жутса. 17- Мурунга тартылган суунун ооздон чыгуусу. 18- Даарат алып жатканда тамакка суу жүгүрүп кетсе. 19- Кагаз, таш, пахта, чөп, бышпаган күрүч сыяктуу дары жана азык болбогон нерсени жутса. 20- Арткы тешиктен же аялдардын алды жагынан свеча колдонуулары. 21- Орозолуу экендигин унутуп тамак жеп алса, орозо бузулду деп ойлоп кийин билип туруп тамактанууну улантуу. 22- Имсак убактысынан кийин ниет кылган адамдын күн ичинде орозосун атайын бузуусу. 23- Деңизге киргенде же гусул алып жатканда арткы тешиктен суу кирсе. [Ханбалиде бузбайт.] 24- Тилдин алдына коюлган дарыны эмсе. 25- Арткы тешикке коюлган пахта же башка нерсе толугу менен ичине кирсе. 26- Геморрой этчелери тахараттанып тазалангандан кийин ным бойдон ичке кирсе. 27- Мастурбация кылуу. 28- Денеге кирген ультра же эндоскопиялык аппаратында дары, мазь бар болсо. 29- Клизма кылдыруу. [Маликиде бузбайт]. 30- Атайын суунун буусун мурунга тартуу. 31- Ным манжаны алды же арка тешикке киргизүү, [Ханбалиде бузбайт.] 32- Мурундан мурун көндөйүнө кеткен канды жутуу. 33- Ачтыкка же суусуздукка чыдай албай жеп-ичүү. 34- Эсинен танган адамды ойготуу үчүн жана уктап жаткан адамдын оозуна суу агызуу. 35- Сапарда жүргөн адам атайылап орозосун бузса кафарат керек эмес, бир гана казасын өтөөсү керек. Себеби, сапарда орозо кармоо фарз эмес. 36- Атайылап орозосун бузган адам кийин орозо кармоону мубах кыла турган бир абал башына келе турган болсо, мисалы, аялдын хайзы башталса же орозо кармай албай турганчалык ооруп калса бир гана казасы керек болот. Бирок, орозосун бузуп сапарга чыкса кафарат керек болот. Себеби, сапарга чыгуу самавий үзүр (себеп) болуп саналбайт. 37- Орозо кармап жаткан адамдын оозуна кирген көз жаш же тер көп болуп, туздуулугу ооздун бардык жагында сезилсе жана жутса орозосу бузулат. Жутпастан түкүрө турган болсо бузулбайт. |
Бала акысы тууралуу түрдүү суроолорСуроо: Бала туулган кезде эмне кылыш керек? ЖООП: Жетинчи күнү ат коюп, чачын алып, чачынын салмагынчалык алтын же күмүштү садага берүү жана мүмкүн болсо акыйка малын союу мустахаб болуп саналат. (С.Эбедиййе) Чачын албастан дагы болжолдоп берсе болот. Алтын жана күмүштүн ордуна кагаз акча менен берсе болот жана жетинчи күндөн кийин да берилсе болот. Суроо: Динибизде уул бала көбүрөөк жактырылабы? ЖООП: Жок, кыз бала көбүрөөк жактырылат. Суроо: Баламан баш тарта аламбы? ЖООП: Ата балагатка кирген уулунан жоопкер болуудан баш тарта алат. Балалыктан баш тартуу, четке кагуу деген нерсе жок. Амри маруф кылууну, тообосун, зыяратка келүүсүн, белегин жана мураскор болуусун четке кага албайт. Четке кактым, баш тарттым десе дагы өтпөйт. |
Рамазан жана орозо Исламдын беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу. Рамазан айына урмат кылуу керек. Орозо кармаганына карабастан гыйбат кылган, жалган сүйлөгөн, көңүл ооруткан, харамдардан сактанбаган адам Рамазан айына урмат кылбаган болот. Хадиси шарифтерде айтылган: "Көңүл бургула! Рамазан айындагы сооп жана күнөөлөр кат-кат болуп жазылат. Рамазанда көп намаз окугула! Көп Курани карим окугула!” "Рамазан айынын келүүсүнө кубанганды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркуусунан коргойт.” "Рамазанды өтө урматтоо керек. Анын ырайымы момундарды кубантуучу. Ал ошондой бир ай, алгачкы күндөрү ырайым, ортосу кечирим жана акыры Жаханнам отунан кутулуу.” "Эгер пенделер Рамазан-ы шариф айындагы фазилат жана ихсандарды билишкенде жылдын толугу менен Рамазан болуусун каалашмак. Себеби, мында көп сооп бар.” "Рамазан айында бир күнөө кылуудан баш тарткан адамдын он бир айлык күнөөсүн кечирет.” "Рамазан Айт күнү периштелер жолдордун четтерине турушуп, Айт намазына бара жаткандарга мына бул сүйүнчүнү беришет: Эй момундар жамияты, силерге сыйлык, жакшылык жана мол-мол ниматтарды бере турчу керем жана ихсан ээси Раббиңерден тилегиле! Себеби, Ал силерге түндү ибадат менен өткөрүүнү буйрук кылды, силер орундадыңар. Ал силерге күндүз орозо кармоону буйрук кылды, силер кармадыңар. Ал силерге Раббиңерге моюн сунууну буйрук кылды, силер болсо моюн сундуңар. Андай болсо сыйлыгыңарды алгыла! Намаздан кийин бир периште мындай деп нида кылат (үн салат): Эй, момундар, билгиле, бүгүн шексиз сыйлык күнү, күнөөлөрдөн кутулуу күнү жана айыптардан тазалануу күнү.” Орозонун фарздары Орозонун үч фарзы бар: 1- Ниет кылуу 2- Ниетти алгачкы жана соңку убакыт аралыгында кылуу. 3- Имсак убактысынан күн батканга (шамга) чейинки аралыкта орозону буза турчу нерселерден тыйылуу. Орозого ниет Рамазан жана нафил орозого ниеттин алгачкы убактысы күн баткандан (шамдан) кийин башталат. Соңку убактысы эртеси күнкү түшкү намазга бир саат калганга чейин болот. Ал эми каза жана кафарат орозолорунун ниети шамдан имсак убактысына чейин уланат. Рамазандагы орозого ниет кылганда шамдан имсак убактысына чейин "Аллах ыраазылыгы үчүн эртең орозо кармоого ниет кылдым”, имсактан кийин "Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүн орозо кармоого ниет кылдым”, - деп айтылат. Жаңылышып ката айтылса да орозо кармай турган күн маалым болгондуктан зыяны жок. Рамазанда бир айлык орозосу үчүн жалпылап бир жолу ниет кылууга болбойт, ар күн үчүн бөлөк-бөлөк ниет кылуу фарз болуп саналат. Түндө жатарда тамактанып же тамактанбастан ниет кылса кийин түндө ойгонгондо, сахурга турганда тамактануунун зыяны жок. Жада калса кечки тамактануу маалында эртеңки орозого ниет кылып кою жакшы болот. Ниеттен кийин имсак убактысына чейин ичип-жештин зыяны жок. Рамазанда "эртең тишим оорубаса орозо кармайм, ооруса кармабайм” деген сыяктуу күмөндүү ниет менен орозо кармоо сахих болбойт. Ооз ачарда Күн батканы анык болгондон кийин алгач аузу-бисмиллах айтып: "Аллахумма йа васиал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумул хисаб”дубасы окулат. "Эй, кечирими мол Аллахым! Кыямат күнү эсепке тартканда мени, эне-атамды, устазымды, аял-эркек бардык мусулмандарды гафу кыл” деген маанини билдирет. Артынан "Йа Раббим, Сен үчүн орозо кармадым жана Сенин берген ниматтарың менен орозомду ачканы турам. Мени эне-атамды жана бардык мусулмандарды кечире көр” деп айтып, мүмкүн болсо хурма менен же болбосо сүт же суу менен ооз ачкан жакшы. Бир-эки жутум нерсе жегенден кийин "Захабаззама вабталлатил урук ва сабатал ажр иншаллаху таала” дубасын окуп, тамактанууну баштайт. Бул ооз ачар (ифтар) дубасынын мааниси: "Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын суу менен кезигүү маалы келди. Иншаллах сооп жазылат.” Өз шаарыңыздын орозо календарын мына бул шилтеме аркылуу көрө аласыз. Принтер аркылуу чыгарып алсаңыз болот. Бул календарда көрсөтүлгөн "имсак” убактысы оозду жабуу убактысы болуп саналат. Б.а., орозо кармай турган адам "имсак” убактысына чейин оозун бекитүүсү керек. Жана "шам” убактысы – оор ачар убактысы. Б.а., календардагы "Имсак” менен "Шам” деген убакыттардын арасында орозо кармалат. Орозону буза турчу жана бузбай турчу, б.а., орозо кармаган адам кыла алчу жана кыла албай турчу нерселерди мына бул шилтемеден көрө аласыз. "Орозону буза турган нерселер” "Орозону бузбай турган нерселер” |
АЯЛДАРДЫН ХАЙЗ КҮНДӨРҮНДӨ (1)
Суроо: Рамазанда бир аялдын хайзы (этек кири) келсе, кармаган орозосун ачып жиберсе болобу? Хайзы токтогондо жеп-ичсе күнөө болобу? Жооп: Рамазанда бир аялдын хайзы имсак (ооз жаба турган) убактысынан кийин токтосо ошол күнү кечке чейин орозо кармагандай эч нерсе жебей жүрөт. Имсак убактысынан кийин хайзы башталган аял ошол күнү жашыруун ичип-жей алат. Эки жагдайда тең ошол күндүн орозосун кийин каза кылат (казасын кармайт). Бир намаз убактысынын ичинде намаз окуудан мурун хайз көргөн аял ошол убакыттын намазынын казасын окубайт. Имсак убактысынан мурун кан токтой турган болсо багымдат намазынын убактысына чейин жалгыз гусул алып кийимин кийе тургандай убакыт болсо, жада калса, “Аллаху акбар" дей тургандай убакыт да калбаган болсо, ал күндүн орозосун кармайт. Бирок, куптан намазынын казасын окуу керек болбойт. Такбир айта тургандай да убакыт бар болсо куптандын дагы казасын окуу керек болот. Ифтардан (ооз ачардан) мурда хайз башталса орозо бузулат. Рамазандан кийин казасын кармайт. Намаз ичинде хайз баштала турган болсо намаз бузулат.
Суроо: Бир аял кечинде эртеңки орозого ниет кылса, эртеси күнү хайзы башталса ошол күнү орозо кармайбы? Жооп: Хайз башталган кезде орозо бузулган болот, ичип-жей алат. Бирок, орозо кармагандардын көзүнчө эч нерсе жебеш керек!
Суроо: Бир аял түндө ниет кылган орозосун түшкү убакта бузган болсо, түштөн кийин хайз көрсө, казасын кармоого тийишпи? Жооп: Хайз болбогондо каффарат зарыл болмок. Хайз болгону үчүн каза керек. Бир адам орозосун бузса, кийин орозо кармай албай тургандай даражада ооруп калса да каза керек.
Суроо: Хайзы келген аял Рамазан орозосун кармоосу жаизби? Жооп: Жок, жаиз эмес. |
АЯЛДАРДЫН ХАЙЗ КҮНДӨРҮНДӨ (2)
Суроо: Орозонун казага калып кетпеши үчүн хайзды дарынын жардамы менен кечиктирүү жаизби? Жооп: Ооба, жаиз.
Суроо: Адат күнү 13 жана 15 болгон Малики мазхабын таклид кылган аял онунчу күндөн кийин Рамазан орозосун кармай алабы? Жооп: Ооба, орозо кармоого тийиш. Он күндөн кийин эмес, негизги адаты канча болсо ошол кундөн кийин орозо кармоосу керек. Ханафи мазхабы боюнча адат мөөнөтү бүткөн болуп эсептелет жана гусул алып орозо кармайт. Гусул албаса да орозосу сахих болот (өтөт). Бирок, албетте, гусул алып орозо кармоо жакшыраак болот. Малики мазхабы боюнча дагы кан токтогондо, башкача айтканда, 15 күн өткөн соң гусул алуу керек.
Суроо: Каза орозосун кармаган күнүмдө хайз башталды. Хайзым бүткөндөн кийин жартылай болуп калган орозом үчүн бөлөк дагы бир күн кармашым керекпи? Жооп: Андан бөлөк орозо кармабайсыз. Каза орозоңуз жартылай калды. Ошону гана жаңыдан кармайсыз.
Суроо: Өзү Ханафи болгон, бирок, кээ бир маселелерде Малики мазхабын таклид кылуучу аялдын көп убактан бери хайз күндөрү ар убакта 15 күн болот. 15 күн таза жүрөт. Ханафиде хайздын эң узагы 10 күн деп кабылданган. Эми жанагы аял хайзынын 10 күнүн өткөргөн соң дагы эле хайзы келип жаткан болсо орозо кармай алабы? Жооп: Орозодо Малики мазхабын таклид кылбагандыгы үчүн 10 күндөн кийин орозосун кармайт. |
Орозо кармабоону мубах кылган кечиримдүү себептерСуроо: Орозо кармабоону мубах кылган үзүр себептер эмнелер? ЖООП: Орозо кармабай казага калтырууну мубах кылган себептер булар: 1-Оору: Ооруган же орозо кармаганда оорусу күчөгөн адам орозо кармабайт, кармап жаткан болсо бузса болот. Оорулуу адамды караган адам орозо кармаганда оорулуу адамды кароо ишинде кыйнала турган болсо ал дагы орозо кармабаса болот. 2- Сафар: 104 км алыс жерге барган адам 15 күндөн аз калчу жерде сафари болот. Жолчулукта кыйынчылык болуп, иш аксап же казага себеп боло турчу бир жагдай болсо орозону казага калтыруу жаиз болот. Хадиси шарифте: «Сапарда кыйынчылык ичинде орозо кармоо такыбаа саналбайт», - деп буюрулду. (Бухари) 3- Кош бойлуу жана бала эмизүү: Өзүнө же баласына зыян келе турган болсо кош
бойлуу жана бала эмизген аял орозо кармабайт. Хадиси шарифте: «Аллаху таала кош
бойлуу жана бала эмизген аялга орозо кармабоосу үчүн уруксат берди, орозосун
техир кылды», - деп айтылууда. (Абу Давуд,
Тирмизи, Несаи) 4- Ачкалык жана суусуздук: Өзүндө өтө кыйын ачкалык же суусуздук пайда болгон
адам өлүм коркунучу бар болсо же акылы кете турган болсо же ооруп калып бир
зыянга дуушар боло турган болсо орозосун буза алат.
6- Икрах: Орозолуу адам
«Орозоңду бузбасаң сени өлтүрүп же бир дене мүчөңдү кесебиз» делип коркутулган
болсо, алардын айткандарын кылууга күчү жетсе жана муну сантырак сөз катары
айтып жатпаган болсо орозону бузуу мубах болот. |
Жумуш себеби менен орозо кармабоо жаизби? Суроо: Биз иштеген жер өтө ысык. Орозолуу болуп туруп иштөө мүмкүн эмес. Уруксат дагы беришпейт. Иштебей турган болсом бала-чакам нафакасыз калышат. Орозо кармабай, муну кышында казасын кармасам жаизби? ЖООП: Иштеп жатканда абдан чарчоодомун деп орозону казага калтырбоо керек. Бирок, чындап эле зарыл абал бар болсо анда жаиз болот.
Нафакага муктаж адам иштегенде ооруп кала тургандыгын түшүнсө орозосун бузат. Акысына иштөөгө убадалашкан болсо жана иш ээси Рамазанда уруксат бербесе өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасы белен бар болгон адам орозону бузбайт, себеби, мындай жагдайдагы адамдын тиленүүсү харам. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасына ээ эмес болсо орозого зыян бербей турчу башка жеңил иш табуу керек. Жеңил иш таба албаса мурунку ишинде иштеп орозосун бузуусу жаиз болот. Бул сыяктуу эгин оргон адамга Рамазан айынын орозосу зыян берсе, б.а., орозонун айынан эгинин жыйнай албай эгин кырыла турган болсо же уурдалса [же куруп жаткан там курулбай жамгырдан жыгылып калуу коркунучу сөзсүз бар болсо] жана буларды өзүнүн ордуна акчага кыла турчу бирөө табылбаса орозо кармабай бул иштерин кылуусу жаиз болот. Иш бүтөр замат орозосун кармайт жана Рамазандан кийин кармай албаган күндөрүнүн казасын кармайт. Күнөө болбойт. Суусуздуктан ооруп калуусу, өлүп калуусу сөзсүз белгилүү болгондун баары орозосун бузуп казасын кармаса болот. Мындай абалда кафарат талап кылынбайт. (Радд-ул-мухтар) |
Орозону казага калтыруу
ЖООП: Диний бир себеби болбостон орозону казага калтыруу – арам, чоң күнөө. Орозо ибадаты диний бир себеп менен казага калтырылса казасын кармаганда ал киши бир гана жазасынан кутулган болот. Рамазанда бериле турчу соопко ээ боло албайт. Өмүр бою орозо кармаса Рамазанда калмалган бир күндүк орозо сообуна жете албайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан: «Аллаху таала менин үммөтүмө ыйык Рамазанда беш нерсе ихсан кылат, буларды эч бир пайгамбардын үммөтүнө берген эмес: 1- Рамазандын биринчи түнү орозо кармоого турганга Аллаху таала рахмет менен назар кылат. Рахмет менен назар кылган кул рахметке ээ болгон болот, эч бир коркунуч жок. 2- Ифтар маалы орозолуунун ооз жыты Аллаху таалага бардык жыттан дагы жакшы. 3- Периштелер Рамазандын ар күнү, күнү-түнү орозо кармагандардын кечирилүүлөрү үчүн дуба кылышат. Периштелер күнөөсүз болгондуктары үчүн дубалары кабыл болот. 4- Аллаху таала орозо кармагандарга тийиштүү Жаннатта бир сарай ихсан кылат.
5- Ыйык Рамазандын акыркы күнү орозо кармаган момундардын бардыгын кечирет.» [Байхаки] «Аллаху таала Рамазандын ар түнү ифтар мезгилинде бир миллион кишини Жаханнамдан азат кылат.» [Дайлами] |
Ыйманын сактап өлгөн кутулат Суроо: "Ыймандуу болуп өл, калганына аралашпа”, - деп айтылууда. Андай болсо күнөөлөрүбүз эмне болот? Жооп: Бул сөз - хадиси шариф. Ыймандуу болуп өлүү бул – Ахли сүннөт ишениминде өлүү дегенди билдирет. Бидат ишениминде өлгөн адам ал ниматка жете албайт. Дин улуктарыбыз: "Туура ыйман менен өлгөнгө шапаат көп, ошондуктан, коркуу жок”, - деп билдиришкен. Акыретте шапаат көп. Пайгамбарлар шапаат кылышат, периштелер, аалымдар, салихтер, шейиттер, ажылар шапаат кылышат, окулган Курани карим шапаат кылат. Дагы канча деген көп шапааттар болот. Ал үчүн эң негизгиси туура ыйман менен өлүү керек. Тообо кылынган күнөөлөр ансыз деле кечирилет. Тообо кылынбаган күнөөлөр канчалык көп болсо дагы шапаат менен кечирилет. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Чоң күнөө кылган ар бир момунга шапаат кыламын.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи]
Белгилүү болуп тургандай ыйманын сактап өлгөн адам шапаатка жетет. Эң негизгиси туура ыйман менен өлүү. Анык шапаатка жетем деп, күнөө кылууну улантпоо керек. Анткени, күнөөлөр убагы келип адамды куфурга түшүрөт. Куфурга түшкөн (ыйманын жоготкон) адамга шапаат кылынбайт. Ыйман күнөөлөрдөн тыйылып, ибадат кылуу менен гана сакталат. |
Ооруга чалдыгуу
Суроо: Ооруп
калган кезде кайгыруу керекпи же кубануу керекпи? ЖООП Оорунун келүүсү
жакшы болгону менен оорунун келүүсү үчүн дуба кылынбайт. Ден-соолукка жетүү
үчүн дуба кылынат. Ислам аалымдары: "Ооруда шифаа бар. Дене канчалык
кыйынчылык тартса рух ошончолук ырахаттык сезет. Бул денеге оору берген бардык
нерсе адамдын алсыздыгын түшүнүүсүнө, Аллаху таалага жүзүн буруусуна себепчи
болот. Ушул себептен улам калб (көңүл) үчүн шифа болот”, - деп буюрушкан. Бир
хадис-и шарифтин мааниси мындай:
"Оорулуу адамдын онтоосу таспих, кыйкыруусу тахлил, дем алуусу жана дем
берүүсү садака, уктоосу ибадат, бир тараптан экинчи тарапка оодарылуусу жихад
болуп саналат. Аллаху таала периштелерге: "Кулума ден-соолуктуу кезинде
аткарган эң жакшы амалын жазгыла!” – деп буюрат. Жакшы болгондо күнөөсүз болуп
бутка турат.” [Хатиб] Пайгамбарыбыз: "Аллахумма инни асалукассыххате вал афийете”, -деп
буюурууда. Б.а., "Йа Рабби, мага сыххат [ден-соолук] афийет бер” деп дуба
кылган. (Таберани) Демек, Аллаху тааладан
ден-соолук жана афийет тилешибиз керек. Келген кыйынчылык болсо Аллаху тааладан
деп сабыр кылабыз, жада калса, жакшылыктарыбыз үчүн да шүгүр кылабыз.
Ден-соолукта болуу оорудан, нимат ичинде жашоо балээден жогору. Расулуллах
(алейхиссалам) дубасында дүнүйө жана акырет кыйынчылыгынан Аллаху таалага
калкаланган. Ар Пайгамбар мындай деп дуба кылышчу: "Эй, Раббибиз, бизге дүнүйөдө жана акыретте дагы хасана бер!”. [Бакара
201] |
Орозолууга макрух болгон жана макрух болбогон нерселерСуроо: Орозолууга макрух болгон жана болбогон нерселер эмнелер? ЖООП: Макрух болгондор мына булар: 1- Тиштерди тиш пастасы менен щеткалоо макрух, тиш пастасы жок щеткаласа макрух болбойт. 2- Дары менен ооздуу чайкоо макрух. Эгер ооздогу жара намазда окууга тоскоол болсо дары менен чайкоо макрух болбойт, себеби, үзүр абалы бар. 3- Жунуп болуу ыктымалы болсо аялын өбүү. 4- Рамазан күнү укол алуу, өз каалоосу менен оозу толо кусуу сыяктуу бир себеп менен орозо бузулса, сапардагы жолчу адам шаарына келсе, аялдын хайзы токтосо шамга чейин орозолуу адам сыяктуу сактануулары керек, ичип-жеши макрух болот. Макрух болбогондор: 1- Түнү ихтилам болуп (гусулу сынып) сахурга турганда имсак убактысына аз калган болсо алгач оозун жууп тамак жесе, имсак чыккандан кийин гусул алса, б.а., орозону жунуп кезде баштаган болсо сахих болот. Кийин гусул алуу жаиз. 2- Бузулса кафарат болбосун деп Рамазан орозосуна имсак убактысынан кийин ниет кылуу жаиз. 3- Рамазанда куптандан кийин аялы менен бирге болсо, кийин кеч маалда уктап бираздан кийин гусул алабыз десе, ойгонгон кездеринде күн чыгып кеткен болсо орозолоруна зыян келбейт, бирок, намаз окуу үчүн биринчи мүмкүнчүлүктө жуунуш керек.
4- Орозонун аксабоосу үчүн хайзды дары менен кечиктирүү жаиз. |
Орозо кармоо үчүн жеңилдиктер Суроо: Орозо кармоо үчүн төмөндөгү жеңилдиктерден пайдалануу жаизби? 1- Суусаганда чаңкоону азайтуу үчүн оозду суу менен чайкоо, сериндөө үчүн башка муздак суу төгүү, муздак суу менен жуунуу. 2- Тамекиге муктаждык сезген кезде тамеки пластырын жабыштыруу. 3- Оорута турган, ревматизм бар жерлерге спрей себүү же мазь сүртүү, жүрөк оорусунда көөдөнгө коюла турчу дары, пластырь колдонуу. 4- Ачкалык сезген кезде эмдөөдө колдонула турган ийнелерди батырып ачкалык сезимин кетирүү же ачкалык лентасын колдонуу (булар ачкалык сезимди дагы кетирет, ары салмак таштоого көмөктөшөт.) 5- Рамазанды аксатпоо, толук кандуу кармоо максаты менен хайзды кечиктирүү үчүн дары колдонуу.
ЖООП Булардын бардыгы жаиз. Бирок, биринчи болуп саналган жагдай Имам азамдын өкүмүнө карата танзихан макрух, себеби, мындай аракет ибадаттын кыйнагандыгын көрсөтүшү мүмкүн. Имам Абу Юсуфка карата мунун зыяны жок, себеби, мындай кылуу менен ибадатка жардам кылынып, кыйынчылык бир өлчөмдө азайган болот. Имам Абу Юсуфтун кавлына уюлуп, жогорудагылардын бардыгын кылууга болот. |
Өтө тез намаз окугандар Суроо: Өтө тез намаз окугандар болууда. Минтип тез окулган намаз сахих болобу? ЖООП: Намазды тез окуган адам эгер кырааты туура болсо жана тадил-и эрканды сактай алып жаткан болсо намаздары сахих болот. Бирок, жалпысынан намазын тез окуган адам тадил-и эрканга маани бербейт. Кавма менен жалсада белин толук түздөбөйт. Тадил-и эрканды сактоо – важиб. Намаздын важибдеринен бири ташталып кетсе ал намазды кайрадан окуу важиб болот. Бул жагынан алып караганда шашылбастан, парзына, важибине, сүннөт жана адептерине маани берүү менен окуу керек. Василат-ун-нажат китебиндеги хадиси шарифтерден бир нечеси мындай: «Уурулардын эң чоңу – намаздан уурдаган. Б.а., намаздын эрканын сактабайт, руку жана саждаларын толук орундабайт.» «Алтымыш жыл намаз окуса да намазы кабыл болбогон бирөө бар, ал намазда руку жана саждаларды толук орундабайт.» «Намаз окуган көп адам бар, намаздарынан ондо бирден артык жазылбайт. Ар кимдин намазында көңүлдүн даяр болгон бөлүктөрү жазылат.» «Көңүл менен окулбаган намазга Аллаху таала назар салбайт.» «Намаз – ыймандын башы, диндин тиреги, момундун миражы, көктүн нуру жана Жаханнамдан куткаруучу.» Ошондуктан, динибиздин тиреги болгон намазды окуп жатканда шашылбоо керек, Аллаху тааланы унутуудан алыс болуп окууга аракет кылуу керек. |
Даарат учурунда тыюу салынган нерселерДаарат алып жатканда тыюу салынган он эки нерсе бар. Буларды кылуу харам же макрух. Алар төмөнкү нерселер: 1- Дааратканада, талаада заара ушатып жатканда кыбылага кароо же аркасын багыттоо. 2- Аврат жерин жуу үчүн башка бирөөнүн жанынды аврат жерин ачуу харам. 3- Оң кол менен аврат жерин жуубоо керек. 4- Суу жок жерде азык зат, тезек, сөөк, мал жеми, көмүр же башка бирөөнүн оокаты, чопо, керамика бөлүгү, камыш жана жалбырак, кездеме, кагаз менен аврат жерди тазалоо макрух. 5- Даарат алган идишке түкүрбөө жана чимкирбөө керек. 6- Даарат учурунда жууган мүчөсүн талапталган чектен ашык же кем, үчтөн аз же көп жуубоо керек. 7- Даарат мүчөсүн аврат жерин кургатканда колдонулган чүпүрөк менен кургатпоо. 8- Бетти жууп жатканда сууну жүзгө урбастан, маңдайдын үстүнөн ылдый көздөй жүгүртүү керек. 9- Сууну үйлөбөө. 10- Оозду жана көздөрдү бекем жумбоо. Эриндин көрүнүп турган бөлүгүндө жана сурмасында нымдалбаган кичине жер калса даарат кабыл болбойт. 11- Оң кол менен чимкирбөө керек.
12- Башты, кулакты жана желкени масх кылганда колду өзүнчө-өзүнчө суулабаш керек. |
Бисмиллах менен баштоо Суроо: Ар бир кайырлуу ишти Бисмиллах менен баштоо керек болгондой эле каттарды, почталарды дагы Бисмиллах менен баштоо керек эмеспи? Жооп Бисмиллахты Ислам тамгалары менен жазуу керек. Бирок, Бисмиллах азыркы каттарда жерлерге ташталып кетүү ыктымалы болгондуктан каттарга жазбаган жакшыраак болот. Почталарда жана каттарда Ислам тамгалары менен жазылган түрүн латын тамгалары менен аралаштырып жазбаш керек. Ислам тамгалары менен жазылган каттарды жана Ислам тамгалары менен жазылган почталарды окуп жатканда Бисмиллахты айтуу сүннөт. Улуу Ислам аалымы Дост Мухаммед Кандихари хазреттери 29-чу катында мындай дейт: "Пайгамбарыбыз алейхиссалам каттарынын башында Бисмиллахиррахманиррахимди жазчу. Мисалы, Дыхйа-и Калби хазреттери аркылуу Рум башчысы Гераклиус жиберген катты Бисмиллах менен баштады. Капырга дагы жазылган катты Бисмиллах менен баштоо сүннөт. Худайбийа тынчтык келишиминде Хазрети Алиге Бисмиллахты жазуусун буюрду. Ар бир кайырлуу ишти Бисмиллах менен баштоо керек. |
Берекелүү болсунСуроо: Эл арасында "Табышы аз, бирок, берекелүү” жана "Берекелүү болсун, берекесин көр” деген сыяктуу сөздөр айтылып жүрөт. Берекенин динибизде орду кандай? Жооп: Береке аз мал-мүлүктүн көп пайдалуу болуусу, көп нерсеге жароосу дегенди билдирет. Аз мал-мүлк беркелүү болгондо көп адамдын жыргоосуна жана көп жакшы иштердин орундалуусуна себеп болот. Берекесиз ушундай көп мал-мүлктөр бар; ээсинин дүйнөдө жана акыретте бактысыздыгына себеп болот. Андай болсо мал-мүлктүн көп болушун эмес, берекелүү болушун тилөө керек! (К. Саадет) Берекенин динибизде зор маанилүүлүгү бар. Хадиси шарифтерде айтылды: "Соода-сатыкта көп ант берүү мал-мүлктүн берекесин кетирет.” [Муслим] "Соодада берекет бар, соодага жалган, кыянат аралашканда береке кетет.” [Бухари] "Үйүнөн эрте чыккан адамдын жумушу берекелүү болот.” [Баззар] "Намаз окуган адамдын ырыскысы берекелүү болот, окубаган адамдыкы болсо берекесиз болот.” [М. Жанна] "Мөөнөттүү соода-сатыкта, карыз берүүдө жана арпа аралаштырылып жасалган нанда береке бар.” [Ибни Мажа] "Ырчы жана сүткордун табышында береке болбойт.” [Дайлами]
"Ырыскысына ыраазы болгон адамдын берекети артат, ыраазы болбогон адамдыкы болсо берекесиз болот.” [Ахмед] |
Сүрөтү бар жайнамаздар
Суроо: Ислам тамгалары менен жазылган, Кааба же мечиттин сүрөтү бар жайнамаздын үстүндө намаз окууга болобу? Жооп: Үстүндө Ислам тамгалары менен жазылган жазуу, жада калса, бир тамга да бар болгон жайнамазды жерге жайуу тахриман макрух болот. Буларды кандай максатта болсо дагы жерге жайуу аны кордогондук жана ага урматсыздык кылынган болот. Кордоо, урматсыздык кылуу максатында жерге жайуу куфур болот. Үстүндө Каабанын, мечиттин сүрөтү бар же Ислам тамгалары менен жазылган жайнамаздарды намаз окуу үчүн жерге жайуу да жаиз (уруксат) эмес. (Хадика 2-том, 633-бет) Каабанын, мечиттин сүрөтү бар жана Ислам тамгалары менен жазуусу бар болгон жайнамазды жерге жайуу (урматсыздык, кордук болгондуктан) жаиз эмес. Бирок, үстүндө сүрөтү бар жууркандар андай эмес. Ибни Хажари Мекки хазреттери фатвасында: “Жандуу нерсенин сүрөтүн урмат кылынчу жерлерде колдонуу жаиз эмес, урмат көрсөтүлбөй турган нерселерде болсо жаиз болот”, - деген. Жууркан жерге жайылганда андагы жандуу сүрөткө урмат көрсөтүлбөгөн, кордолгон болот. Сүрөт сажда кылынчу жерде болбосо мындай жууркандын үстүндө намаз окуунун зыяны жок. Жандуу нерсенин сүрөтү киндиктен өйдө болсо, ал жерде намаз окуу макрух болот. Жандуу нерсенин сүрөтү бут баскан, отурулган жерде болсо макрух болбойт. Намаз окуп жаткан адамдын артында киндиктен өйдө жерде болсо танзихан макрух болот. (Раддул мухтар) Демек, жандуу нерсенин сүрөтү бар болгон нерселерди жерге жайган кезде сүрөткө урматсыздык көрсөтүү, кадырсыз деп саноо болгондуктан, намаз макрух болбойт. Ал эми Каабанын, мечиттин сүрөттөрү бар болгон нерселерди жерге жайуу да сүрөткө ураматсыздык болгондуктан жаиз эмес. (С.Эбедиййе)
Суроо: Мунаранын сүрөтү бар болгон жайнамазда намаз окуу макрух болобу? Жооп: Макрух эмес.
Суроо: Арстан, бугу сыяктуу жандуулардын сүрөтү бар болгон жууркандын, килемдин үстүндө намаз окуу макрух болобу? Жооп: Сүрөт намаз окуп жаткан адамдын таман астында, отурулган жерде болсо же сажда кылынуучу жерде болбосо, мындай сүрөтү бар болгон жууркан, жайнамаз үстүндө намаз окуу макрух эмес. Сүрөт жерде жаткандыктан кадырсыз деп эсептелүүдө. Бирок, сажда кылынуучу жерде болсо же бут баскан, отурулган жерде болсо, адамдын денесинде, кийиминде сүрөт бар болгондой өкүмдө болот жана намаз макрух болот. Ошондуктан да, сүрөттүү кийимдер менен намаз окубоо керек! (Заважир) |
Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт
“Бир мусулман күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет.” Абдуррахман ибни Аттаб Куртуби хазреттери малики мазхабы фикх аалымы болуп, 433 (1041) жылы Андалусиянын (Испаниянын) Куртуба (Кордоба) шаарында туулган. 520 (1126) жылы ошол жерде кайтыш болгон. “Шифа-ус-судур” аттуу китебинде төмөндөгүчө маалымдайт: “Хадиси шарифтерде айтылды: “Кыямат күнү силерден даражасы мага эң жакын болгонуңар - эң көп салават окуганыңар”. Табарани Хазрети Энестен (радыяллаху таала анх) риваят кылды. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буюрду: “Жабраил жаңы эле мага Раббинин кабары менен келди: Жер жүзүндө сага бир жолу салават окуган мусулманга мен жана периштелерим он салаат кылабыз”. Дагы Хазрети Энес кабар берет. Расулуллах алейхиссалам айтат: “Аллаху тааланын (периштелеринен) бир периште бар. Анын бирөөсү чыгышта, экинчиси батышта болгон эки канаты бар. Бир кул сүйүү менен мага салавати шарифа окуган кезде периште сууга кирет, анан силкинет. Аллаху таала периштеден тамган ар бир тамчыдан бир периште жаратат. Бул периштелер мага салават окуган кишиге Кыяматка чейин истигфар кылышат”. Ыйык хадисте айтылды: “Кимде-ким өзүнөн Аллаху таала ыраазы болгон абалда Аллаху таалага жетүүнү кааласа мага көп салават окусун. Анткени, кимде-ким күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет, каталары өчүрүлөт, кубанычы дайым болот, дубасы кабыл болот, үмүт кылган нерселерине жетет, душмандарына каршы өзүнө көмөк берилет, жакшылык кылуу жаатында өзүнө жардам кылынат, Бейиште Пайгамбарга дос болот”. Расулуллах алейхиссалам айтты: “Күндөрдүн биринде мага Аллаху тааланын төрт улуу периштеси Жабраил, Микаил, Исрафил жана Азраил (алейхимуссалам) келишти. Жабраил (алейхиссалам) мага минтип айтты: “Йа, Расулаллах! Сенин үммөтүңөн бир киши сага күндө 10 жолу салават окуса эртең Кыямат күнү мен анын колунан кармап, Сырат көпүрөсүнөн куштай жеңил алып өтөмүн”. Микаил (алейхиссалам) болсо минтип айтты: “Мен ал кулду сенин Кавсар сууңдан тойгончо ичиремин”. Исрафил (алейхиссалам) айтты: “Йа, Расулаллах! Ал кулдун кечирилүүсү үчүн башымды саждага коёмун. Аллаху таала аны кечирмейинче башымды саждадан көтөрбөймүн”. Азраил (алейхиссалам) дагы айтты: “Йа, Расулаллах! Сага күндө 10 жолу салават окугандын рухун пайгамбарлардын рухун алгандай кылып аламын”. Салавати шарифа окуу – “Аллах жана периштелери Пайгамбарга дайым салават окушат. Эй, ыйман келтиргендер! Силер дагы ага көптөн-көп салават айткыла жана толук таслимият (берилүү) менен салам бергиле” (Ахзаб сүрөсү, 56-аят) буйругуна амал кылуу болуп эсептелет. Күнөөлөрдүн кечирилүүсүна себеп болот. |
Намаз бүткөндө орундала турчу адептер Суроо: Намазды бүтүргөндө, мисалы, бешим намазынын соңку сүннөтүн да окугандан кийин эмнелер окулат, бул окулгандардын кезеги барбы, эмнелерге көңүл бөлүү керек? Жооп: Бул темада Мифтах-ул Жаннат китебинде намаздын адеби түшүндүрүлүп жатканда мындайча айтылган: 1-Жалгыз же имам менен бирге окуганда саламдан кийин Аллахумма антассаламу ва минкас-саламу табаракта йа зал-жалали вал-икрам деп айтуу. Мындан кийин үч жолу Астагфирул-лахал'азим аллази ла илаха илла хув алхаййалкаййума ва атубу илайх деп айтуу. Бул Истигфар дубасы деп аталат. 2-Мындан кийин Аятал курси окуу. 3-Отуз үч жолу Субханаллах деп айтуу. 4-Отуз үч жолу Алхамдулиллах деп айтуу. 5-Отуз үч жолу Аллаху акбар деп айтуу. 6-Бир жолу Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах лахул мулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шай'ин кадир деп айтуу. 7-Колдорду алдыга созуп, алакандарды дубанын кыбыласы болгон Арш'ка ачып, дуба кылуу. 8-Дубанын акырында амин деп айтуу. 9-Дубанын акырында алаканын жүзүнө сүрүү. 10-Кийин ар биринде Бисмиллах айтып, он бир Ихлас шариф окуу. Кийин бир жолудан Кул'а'узу окуу жана 67 Астагфируллах деп жетимишке толуктоо, он жолу Субханаллах ва би-хамдихи субханаллахил'азим деп айтуу. Кийин Субхана Раббика.. аятын окуу. Булар Меракыл-фалах китебинде да жазылган. Хадиси шарифте: «Беш убакыт парз намаздан кийин кылынган дуба кабыл болот», - деп буюрулган. Бирок, дуба ойгоо көңүл менен үнсүз кылынуусу керек.
|
Шаввал айында орозоСуроо: Рамазан айынан кийин Шаввал айында орозо кармоонун кандай мааниси бар? ЖООП: Орозо кармоо дайыма сооптуу. Хадиси шарифте:«Орозо Жаханнам отунан коргой турчу калкан», - делинген. (Бухари) Шаввал айында орозо кармоонун да сообу көп. Хадиси шарифте мындай делинет: «Рамазандан кийин Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам энесинен туулган күндөгүдөй күнөөсүз болот.» (Табарани) «Рамазан орозосу менен Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам бир жыл орозо кармаган болуп саналат.» (Ибни Маже) «Рамазан айынын орозосу он айга, Рамазандан кийин кармалган 6 күн орозо болсо эки айга барабар болот, ушундайча бир жыл орозо кармоо сообуна жетет.» (Ибн Хузайма) Бул алты күн орозону убакыт өткөрбөстөн айттан кийин дароо кармоонун жакшы боло тургандыгы билдирилген. Арасын үзүүгө, башка-башка күндөрдө кармаса да болот. Бул орозолорду казага ниет кылып кармоо керек. Нафил же каза орозолорду Дүйшөмбү же Бейшемби күндөрү кармоо жакшыраак болот. Хадиси шарифтерде мындай делинет: «Амалдар Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Аллаху таалага сунулат. Мен орозо кезимде амалымдын сунулуусун каалаймын.» (Тирмизи) «Дүйшөмбү жана Бейшемби күнөөлөр кечириле турчу күндөр болгондуктан орозо кармаймын.» (Муслим) Суроо: Шаввал айында кармалган 6 күндүк орозону ошол айдын кайсы күнү кармаса да боло береби?
ЖООП: Ооба, 30 күндүн ичинде 6 күн орозо кармалса болду. |
Жыл бою орозо кармаган болуу Суроо: Эң аз бирге он сооп бериле тургандыктан Рамазан айында бир ай орозо кармаган адам 300 күн, Шаввал айында да 6 күн орозо кармаган адам 60 күн орозо кармаган сыяктуу боло тургандыгы б.а., жыл бою орозо кармаган болуп эсептеле тургандыгы айтылууда. Фарз болгон Рамазан орозосу менен нафил болгон Шаввал айынын орозосу бирдей болмок беле? Жооп: Ар айда 3 күн орозо кармаган адамдыкы да жыл бою орозо кармаган сыяктуу эсептеле тургандыгы китептерде билдирилүүдө. Бул жерде фарз болгон Рамазан айы орозосу менен нафил орозо салыштырылган жок. Жыл бою орозо кармагандыгы эмес, өкүмү боюнча орозо кармаган сыяктуу эсептеле тургандыгы билдирилүүдө. Антпесе, өмүр бою нафил орозо кармаса да Рамазан айында кармалган бир күндүк орозонун сообуна жетпейт. Эч кандай себепсиз Рамазан айында бир күн орозо кармабаган адам өмүр бою нафил орозо кармаса, Рамазан айындагы бир күндүн сообун таба албайт. Жада калса, орозо айындагы фарз болгон орозосунун казасын орундагандан кийин ар күнү орозо кармаса, Рамазан айында кармалган бир күндүк орозонун сообуна жете албайт. Казасын орундаганда бир гана карызынан кутулган болот. Рамазан айында кармаган сыяктуу сооп таба албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: "Рамазан айында бир күн орозо кармабаган адам анын ордуна жыл бою орозо кармаса, ал бир күндүк орозонун сообуна жете албайт.” [Тирмизи] Суроо: Шаввал айында кармала турчу орозонун ордуна өткөн Рамазан айында кармай албаган орозолордун казасына ниет кылып кармаса болобу? Эгер боло турган болсо кантип ниет кылынат?
ЖООП: Албетте, болот. Жада калса, Рамазан орозолорун толук кармай албаган аялдар дал ушундай кылуулары керек. Ар бир орозо кармай турчу күндүн Имсак убактысынан мурда «Ниет кылдым Аллах ыраазылы үчүн Шаввал айынын нафил орозосу менен акыркы казага калган Рамазан орозомдун казасын кармоого» деп ниет кылынып, канча күндүк карызы бар болсо ошончо күн Шаввал айынын ичинде кармалат. Кааласа арасын үзбөстөн, кааласа ыңгайына карап, кыскасы ушул бир айдын ичинде кармаса болот. |
Хадистер - аяттардын түшүндүрмөлөрү
Суроо: Курани каримди Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын хадистерисиз түшүнүү мүмкүнбү? Жооп: Бул маселеге байланыштуу Мизан-ул-кубра китебинде айтылат: “Сүннөт, башкача айтканда, ыйык хадистер Курани каримди түшүндүрүүдө. Мазхаб имамдары сүннөттү түшүндүрүп беришкен. Дин аалымдары да мазхаб имамдарынын сөздөрүн түшүндүрүп беришкен. Кыяматка чейин дагы ушундай болот. Сүннөт (ыйык хадистер) болбогондо сууларды, дааратты, намаздардын канча рекет экендигин, руку менен саждада окулчу зикирлерди, айт жана жаназа намаздарынын кантип окула тургандыгын, зекеттин нисабын, орозонун, ажылыктын парздарын жана нике, укуктук маалыматтарды бир да аалым Курани каримден таба алмак эмес жана үйрөнө алмак эмес. Имран бин Хусейн хазреттерине бир адам: - Бизге жалгыз Курандан гана айтыңыз! – дегенде, - Эй, акылсыз! Курани каримде намаздардын канча рекет экендигин таба аласыңбы? – деп сурады. Хазрети Омарга: - Парз намаздарын сапарда канча рекет окула тургандыгын Курани каримде таба алган жокпуз, - деп айтышканда, - Аллаху таала бизге Мухаммед алейхиссаламды жиберди. Биз, Курани каримде таба албаган нерселерибизди Расулуллах алейхиссалам хазреттеринен көргөнүбүздөй кылуудабыз. Ал сапарда төрт рекет парздарды эки рекет кылып окучу. Биз дагы ушундай кылабыз, - деп жооп берди. Дин имамдарынын эч бир сөзү Исламдын сыртында эмес. Себеби, алардын ар бири чындыкта дагы, Ислам өкүмдөрүндө дагы аалым. |
Курандын маанисин үйрөнгүсү келген адам
Суроо: Курани каримде билдирилген нерселерди түшүнө алуу жана үйрөнүү үчүн эмне кылуу керек?
Жооп: Аллаху таала Курани каримди сүйүктүү Пайгамбарына Жабраил аттуу периште аркылуу 23 жылда жиберди. Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин Хазрети Абу Бакрдын буйругу менен бир китеп кылып жыйналды жана бул китеп “Курани карим” (Ыйык Куран) жана “Мусхаф” деп аталды. Курани каримдин бардыгы арапча. Маанисин ар бир адам түшүнө албайт. Калами илахиден (Аллахтын сөзүнөн) мурады илахийди (Аллахтын муратын, максатын) жалгыз Мухаммед алейхиссалам гана түшүнгөн жана кутман сахабаларына түшүндүрүп берген. Мухаммед алейхиссаламды өз көзү менен көргөн мусулман “Сахаба” деп айтылат, бардыгы “Асхаб” деп айтылат. Кутман сахабалар Расулуллах хазреттеринен үйрөнгөндөрүнүн бардыгын шакирттерине үйрөтүшкөн. Алар дагы үйрөнгөндөрүн чечмелеп, миңдеген китептерине жазып калтырышты. Булар “Ахли сүннөт аалымдары” деп аталат. Төрт мазхаб имамдары жана Имам Ахмед Раббани, Мухаммед Масум хазреттери Ахли сүннөт аалымдары. Белгилүү болуп жаткандай, Курани каримдин маанисин туура үйрөнүүнү каалаган адам Ахли сүннөт аалымдарынын Фыкых жана Ыйман китептерин жана Имам Раббани хазреттеринин “Мектубат”китептерин окууга тийиш. Ыйман китептеринде жүрөк аркылуу ишениле турган маалыматтар жазылган. Фыкых китептеринде болсо дене менен аткарыла турган иштер, ибадат, муамалат илимдери жазылган. |
Гусулду кечиктирүү
Суроо: Куптанды окугандан кийин жунуп болгон (гусулу сынган) адам канча убакытка чейин гусулсуз жүрсө күнөө болбойт? Жооп: Куптан намазын окугандан кийин жунуп болгон адамдын багымдат намазына чейин гусул даарат алууну кечиктирүүсү жаиз (уруксат) болсо да, дароо жуунганы албетте өтө жакшы болот. Имам Газали хазреттери: “Жунуп болуп, гусул албастан бир намаз убактысын өткөрүп жиберген адамга оттон кийим кийгизилет”, - деген. Намаз окуган жана окубаган ар бир адам да бир намаз убактысын өткөрүп жиберсе катуу азапка дуушар болот. Мисалы, бешимдин азанынан кийин жунуп болгон адам бешим намазын окубаган болсо асырдын убактысына бешимди окуй тургандай убакыт калганда гусул алуусу парз болот. Парз амалын орундоо чоң сооп, орундабаса чоң күнөө. Ыйык хадистерде мындай деп айтылат: “Жунуп болгон кезде дароо гусул алуу керек! Анткени, кираман катибин периштелери жунуп бойдон жүргөн адамга таарынышат”. (Эй балам илмихали) “Жандуунун сүрөтү, ит жана жунуп бирөө бар болгон бөлмөгө ырайым периштелери кирбейт”. (Насаи) “Жунуп, мас адамга ырайым периштелери жакын жолобойт”. (Баззар) “Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан (б.а., абдан көп) көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу. Аллаху таала периштелерге: «Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдун күнөөлөрүн кечирдим», - деп айтат”. |
Туура ыйман жана ыйманды коргоо
Суроо: Акыретте кутулуу эмнеге байланыштуу? Жооп: Айрым адамдар “Аллахка ишенген ар бир адам Бейишке кирет” деп эсептешет. Бул өтө жаңылыш. Амантудагы алты негиздин бирине болсо да ишенбеген адамдын ыйманы өтпөйт. Ошондуктан, ишенүү эмес, туура ишенүү маанилүү. Акыретте кутулуу ибадаттын көп болуусуна эмес туура ыйманга байланыштуу. Ыкыластуу амалы аз болсо да, жада калса, бир да амалы болбосо, кымындай туура ыйманы бар болсо, ал адам Бейишке кирет. Бир ыйык хадисте айтылат: “Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар болгон адам Тозокто түбөлүк калбайт”. (Бухари, Муслим) Ар бир адам дүнүйөдөн акыретке карай сапарга чыккан. Ар бир адам кандайдыр бир унаага минип, сапарга чыккан. Ал эми, туш келди бир унаага эмес, туура унаага минүү маанилүү. Жаңылыш унаага минген адам өзү каалаган жерге эмес, унаа бара турган жерге жетет. Каабага баруу үчүн ниет кылып чыгып, Парижге уча турчу учакка минген адамдын ниети канчалык туура болгону менен Каабага бара албайт. Аллаху таала акыйкатка, туурага аз да кызыккан, аз да болсо издеген адамга туура жолду, башкача айтканда, чыныгы Исламды насип кыла турганын убада кылган. (Анкабут 69, Шура 13) Аллах убадасынан кайтпайт. (Али Имран 9) Демек, жаңылыш жолдогу адамдар кызыгуу түгүл, аны кичине болсо да ойлоп коюшпайт. Аллаху таала ырыскыга кепил, бирок, ыйманга кепил эмес. Туура ыймандуу болууга аракет кылуу зарыл. Итикад (ишеним) туура болбосо ибадат кылуунун пайдасы жок. Туура итикад – ахли сүннөт итикады! Туура итикад 1 санына окшойт. Ыкыластуу ибадаттар оң жагына коюлган нөл санына окшойт. Бир нөл коюлса 10, эки нөл коюлса 100 болот. Он жагына канча көп нөл коюлса баасы арта берет. 1 саны алынып салса баары нөл болот. Ыкылассыз (рия менен) кылынган амалдар да сол жактагы нөл сыяктуу, тактап айтканда, 1 санынын сол жагына коюлган нөл сыяктуу эч бир куну жок. Итикад туура болгондо ибадаттарды арттыруу адамдын кайратына, ыкыласына, илимине байланыштуу. Каалаганча арттырат. Бирок, туура итикад (ахли сүннөт итикады) жок болсо, ибадаттардын бир да пайдасы болбойт, сол жактагы нөл сыяктуу кунсуз болот. Мутазила жана ушул сыяктуу акылга гана таянган (рационалист) топтор “амал ыймандын бир бөлүгү” деп ишенишет. Алардын ою боюнча күнөө кылган жана парздарды орундабаган адам капыр болот имиш. Башкача айтканда, ыйман х амал деп эсептешет. Булардын бирөөсү нөл болсо чыга турган жыйынтык да нөл болот деп айтышат. Ал эми ахли сүннөт ишеними боюнча амалсыз ыйман өтөт, ыймансыз кылынган амал өтпөйт. Ахли сүннөттө “амал х ыкылас” деп айтууга болот. Бирок, амал болбостон ыкылас менен да сооп табууга болот. “Эгер акчам болгондо мына бул кедейге көмөктөшмөкмүн” деп, ыкылас менен ойлогон адам, акча бербесе да, амал кылбаса да, ыкыластуу ниетинен улам сооп алат. Адамдын ыкыласы канчалык көп болсо, амалына көбөйтүлсө, жыйынтыгы да ошончолук көп болот. Мисалы, биздин ыкыласыбыз бирге тең болсо, 1000 кедейге бирден нан берип чыксак, 1х1000=1000 сооп жыйнайбыз. Сахабалардын ыкыласы өтө кубаттуу болгондуктан, мисалы, алардын ыкыласы 1 миллион болсо, бир кедейге бир нан берсе, бир миллион сооп алышат. Анткени, ыйык хадисте минтип айтылган: “Ант берип айтамын, бир киши Ухуд тоосундай алтын садака берсе да, сахабамдын биринин берген бир ууч арпа садакасынын сообуна жете албайт”. (Бухари) Сахабалардын ыймандары өтө кубаттуу жана ыкыластары өтө жогору болгондуктан ошондой үлкөн соопторго жетишкен. Сахабалардын даражалары да бирдей эмес эле. Бирөөсү экинчисинен үстөм болгон. Ошондуктан, Хазрети Абу Бакрдын берген бир ууч хурмасынын сообу менен башка сахабалардын берген садакасынын сообунун арасында тоодой айырмачылык бар. Бир ыйык хадисте минтип айтылган: “Менден кийин сахабаларымдын өзара келише албаган маселелери тууралуу сурадым. Раббим мага: “Сенин сахабаларың менин алдымда көктөгү жылдыздар сыяктуу. Кээ бирлери башкаларынан да жаркыныраак. Алардын бирөөсүн ээрчиген адам туура жолду табат”, - деп буюрду”. (Дайлами) |
Кааба сүрөтү бар жайнамаз
Суроо: Кааба жана мечит сүрөтү түшүрүлгөн жайнамазды жерге жайуу макрух экендигине ишенбеген адам куфурга түшүп калабы? Жооп: Куфурга түшүп калбайт. Мындай жайнамазды (намаз окуу ниети менен) жерге жайуу макрух. Андай жайнамаздарды колдонуп жаткан мусулмандар мечит сүрөттөрүн урматсыздык кылуу, кордоо максатында жерге жайышпайт, жада калса, мунун туура эмес экенин да билишпейт. Билбегендиктери үчүн куфур болбойт. Муну көпчүлүк билбейт.
Суроо: Жайнамаз эскирип кеткенде аны таман алдына, адамдар өтчү жерлерге жайып койуу туура болобу? Жооп: Туура болбойт, урматсыздык болот.
Суроо: Жайнамаздын сажда кылынчу жерин тепселөө макрухпу? Жооп: Макрух эмес. Бирок, адепсиздик болот.
Суроо: Колдо тигилген жана саймаланган жайнамазда намаз окуу жаизби? Азыр көңүлдү тартчу өтө кооз жайнамаздар арбын. Булардын үстүндө намаз окуу макрухпу? Үйүбүздө кыбыла тарабындагы дубалда ар түрдүү жасалга буюмдар бар. Буларды карап намаз окууга болобу? Жооп: Көңүлдү тартчу, ойду бөлчү нерселердин үстүндө, мисалы, саймалуу жайнамазда намаз окуу макрух. Жайнамаздар жөнөкөй болууга тийиш же жерге терсинен жайып окуу керек. Азыр айрым мечиттерде ар кыл формадагы жайнамаздар хушу (намазды берилип окуу) менен намаз окууга тоскоол болууда. Түз жана сүрөтү жок жайнамаз (килем) колдонуу керек. Мечиттин же намаз окулчу бөлмөнүн кыбыла дубалында да аят, хадис, диний рамка болбошу керек. Рамкаларды, аяттарды мечиттин оң жана сол дубалдарына асуу керек. |
Оорулууну зыярат кылуу (1)
Суроо: Оорулууну заярат кылуу парзбы? Жооп: Оорулууну зыярат кылуу – сүннөт. Оорулууну караган адам жок болсо важиби кифая болот. Ыйык хадистерде айтылат: “Мусулмандын мусулмандын үстүндө беш акысы бар: Саламына жооп берүү, ооруп калганда зыярат кылуу, жаназасына катышуу, чакырганда баруу, чүчкүрүп “алхамдулиллах” дегенде, “ярхамукаллах” деп айтуу”. (Муслим) “Бирөө менен достошкондо жакшы таанышып алгын! Ооруп калганда зыяратына, көзү өтсө жаназасына барасың”. (Байхаки) “Бейтапты зыярат үчүн бир миля (1609 м), эки кишини элдештирүү үчүн эки миля, Аллах үчүн достошкон адамыңды зыярат үчүн үч миля алыста болсо да баргын!” (Ибни Аби-д-дуня) “Аллаху таала бирөөгө: “Мен ооруп калдым, мени зыярат кылууга келбедиң”, - деп айтат. Ал: “Йа, Рабби! Сени кантип зыярат кылуумду билбей жатамын”, - дегенде, “Баланча мусулман ооруп калганда зыярат кылганыңда мени тапмаксың”, - деп айтат”. (Муслим) “Бир оорулууну зыярат кылган адамдын кепили Аллах болот”. (Хаким) “Кошуна акылары мына булар: Ооруп калганда зыярат кылуу, каза болгондо жаназасына катышуу, карыз сураганда берүү, жакырчылыкка батып калса ар жерде айта бербөө, кандайдыр жакшы бир нерсеге жетишкенде куттуктоо, башына бир кыйынчылык келгенде сооротуу, тамды анын тамынан бийик кылып салбоо, кошунага берилбей турган болсо тамактын жытын ага билдирбөө”. (Жами-ус-сагир) “Оорулууну зыярат кылуунун толук болуусу – колун анын бетине койуу же колунун үстүнө койуу жана жагдайын суроо менен. Араңардагы саламдашуунун толук болуусу – мусафаха кылуу менен”. (И. Мажа, И. Ахмет) “Ооругандарды зыярат кылгыла. Дуба кылууларын сурангыла. Шексиз-күмөнсүз оорулуулардын дубасы кабыл болот, күнөөлөрү да кечирилген”. (Дайлами) “Оорулууларды зыярат кылуунун сообу жаназаларга катышуунун сообунан көбүрөөк”. (Дайлами) “Кимде-ким бир оорулууну зыярат кыла турган болсо кайтып келгенге чейин Бейиш бакчасынын ичинде болот”. (Муслим, Тирмизи, И. Ахмет) “Сүннөткө ылайык даарат алып, ооруп калган мусулман боордошун Аллах ыраазычылыгы үчүн зыярат кылган адам жетимиш жылдык жол аралыгында Тозоктон алыстайт”.(Абу Давуд) “Оорулууларды да зыярат кылгыла”. (Бухари) “Оорулууну зыярат кылуу – жакшы амал”. (Табарани) “Ооруп калган бир мусулманды эртең менен зыярат кылган адамга кечке чейин, кечинде зыярат кылган адамга болсо таңга чейин жетимиш миң периште дуба жана истигфар кылат. Бейиште дагы ага бир бакча берилет”. (Тирмизи) “Оорулууну зыярат кылган адамга 70 миң периште эртеси күнү дал ошол убакка чейин истигфар кылат”. (Ширази) “Оорулууну зыярат кылып барган адам Аллаху тааланын ырайымына кирет, анын жанында отурганда да ошол ырайымга көмүлөт”. (Байхаки, И. Ахмет) |
Оорулууну зыярат кылуу (2)
“Жалгыз Аллах ыраазычылыгы үчүн гана досун же бир оорулууну зыярат кылган адам үчүн Аллаху таала айтат: Кандай сонун иш кылдың! Бейиште өзүңө бир хансарай даярдадың”. (Бухари) “Бир оорулууну зыярат кылып, жанында кичине отурган мусулманга кымындай күнөө кылынбаган бир жылдык амалдын сообу берилет”. (Абу Нуайм) “Оорулууну зыярат кылуу үч күндөн кийин болот. Зыяратты да сейрек кылгыла! Комада болсо зыярат керек эмес”. (Дайлами) “Оорулууну зыярат кылган адам мусафаха кылсын жана колун бейтаптын чекесине коюп, жагдайын сурасын, ага шыпаа жана узун өмүр тилесин, андан дуба да сурасын. Анткени, оорулуунун дубасы периштелердин дубасы сыяктуу”. (Байхаки) “Бир күндө мына бул беш нерсени кылган адам Бейиш элинен болот: Оорулууну зыярат кылган, жаназага барган, Жума күнү орозо кармаган, Жума намазына барган жана кайыр-садага берген адам”. (Абу Яъла) (Жума күнү орозо кармамакчы болгон адам Бейшемби же Ишенби күнү менен кошо кармоого тийиш!) Пайгамбарыбыз алейхиссалам зыяратчыга өтө көп сооп бериле турганын айтканда ал жерде отургандар оорулууга да сооп берилеби деп сурашты. “Оорулууга эсе-эселеп көп сооп берилет”, - деп буюрду. (Табарани) Бирөө ооруп калганда дароо зыярат кылып барбоо керек. Улам бара берүү дагы туура эмес. Эң көп эки күндө бир жолу баруу мүмкүн. Зыяратка жаңы кийим менен эмес күндөлүк кийилчү кийим менен барууга тийиш! Оорулуунун баш тарабында эмес, буту тарабында отуруу керек! Зыяратта оорулуунун жүзүнө карабастан, оңго-солго кароо же ары жактарга карай берүү ылайык болбогондугу сыяктуу, оорулуунун жүзүнө тынбай карай берүү дагы туура эмес. Оорулуунун жанында кабагын бүркөп турбаш керек! Жакшы нерселер тууралуу айтуу керек, айыгып кетүүсү үчүн дуба кылуу керек! Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир оорулууну зыярат кылганда: “Абалың жакшы экен, Кудай кааласа бул ооруң күнөөлөрүңдү тазалайт”, - деп айткан. (Бухари) Зыяратта оорулуунун жанында көпкө отуруу туура эмес. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Оору зыяратын кыска кылуу сооп”, - деп айтты. (Беззар) Ооруган киши дагы абалына даттанбоого тийиш! Бир ыйык хадисте айтылды: “Кайыр-садаганы жашыруун берген, кайгысын жашырган, жагдайын Аллаху таалага даттанган адамга Аллаху таала айтат: Кулум мен берген кыйынчылыкка сабыр кылды. Зыяратчыларга мени даттанган жок. Мен дагы анын денесин андан да мыкты кыламын. Күнөөсүз болуп айыгат. Каза боло турган болсо ырайымыма жетет”. (Табарани) Оорулуу жагдайына даттанбоосу керектиги сыяктуу “Мени зыярат кылып келишпей жатат” деп дагы даттанбашы керек! Зыярат кылып келбегендин бир себеби бар болушу мүмкүн экенин ойлоо керек, ага карата жаман ойдо болбош керек, таарынып калбашы керек! |
Фатиха сүрөсүнүн пайдасы
Суроо: Ар намазда окулган Фатиха сүрөсүнүн мааниси кандай?
Жооп: Умм-ул-Куран деп дагы аталган Фатихаи шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:
"Мээримдүү жана ырайымдуу Аллаху тааланын ыйык ысымын окуп баштаймын. Ааламдардын Раббиси – Аллахка хамд-мактоо болсун! Аллаху таала дүнүйөдө жана акыретте кулдарына өтө ырайымдуу, мээримдүү. Кыямат күнүнүн малики [ээси, падышасы] жалгыз гана Ал. Биз жалгыз гана Сага ибадат кылабыз [Сенден башка ибадатка ылайык жана акысы болгон эч бир нерсе жок] жана жалгыз Сенден сурайбыз. Бизди [ишенимибизде, иштерибизде, сөздөрүбүздө жана ахлагыбызда орто жол болгон] туура жолдо кыл! [Бул жолдо бизди бекем кыл!] Бизди өздөрүнө [фадл жана ихсаның менен] нимат бергендериңдин [пайгамбарлардын, олуялардын жана сыддыктардын] жолунда болтур! [Хакты кабылдабай] сенин каарыңа туш болгондордун жана жолдон тайгандардын жолунда болтурба! [Амин].) [Ж.Веремеди Китеби]
Фатихаи шарифтин пайдалары тууралуу бир канча хадиси шарифтин мааниси: "Фатиха жана Аят-ал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян бере албайт, назар (көз) тийбейт.” [Дайлами] "Пайдасы эң көп болгон сүрө – Фатиха, ар дартка шифаа.” [Байхаки] "Эң пайдалуу сүрө – Фатиха.” [Хаким] "Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын ачуусун кайтарат.” [Шир’а] "Фатиха сүрөсү ууларга шифаа.” [Абу-ш-шайх] Сахабалардын бири Фатиха сүрөсүн окуганын айтканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди: "Ант берип айтамын, Аллаху таала Тооратта да, Инжилде да, Забурда да жана Фурканда да ал сүрөнүн окшошун түшүргөн эмес. Ал намаздарда кайталанган жети аят болуп, мага берилген Курани азимден.” [Тирмизи] Пайгамбарыбыз Жабраил алейхиссалам менен бирге отурганда бир периште келип айтты: "Сенден мурда эч бир пайгамбарга берилбеген жалгыз сага гана берилген эки нурдун куш кабарын билдирүүдөмүн. Алар Фатиха сүрөсү менен Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяттары. Бул экөөнү окусаң тилегениң сөзсүз берилет.” [Муслим] Сахабалардын бири жылан чагып алган бир уруунун башчысына Фатиха сүрөсүн окуганда Аллаху тааланын уруксаты менен айыкты. Уруу башчысы отуз койду белек кылып берди. Сахаба зат жаиз болобу же жокпу деп Пайгамбарыбыздан сурады. Расулуллах: "Эмне окудуң эле?”– деди. Ал да Фатиха сүрөсүн окуганын айтканда ага мындай деди: "Фатиханын шифаа экенин кантип билдиң? Ал койлорду жаныңардагылар менен бөлүшкүлө жана мага да бир хисса бөлүп койгула!” [Бухари] Дуба окулушу билдирилген жерлерде Фатиханы окуу жакшыраак болот. Фатиха сүрөсү дубалардын эң жакшысын билдирүү үчүн түшүрүлгөн. Имам ал-Фатиха дегенде ар кимдин үнсүз окуусу жакшы болот. Анткени, дубалардын аягында хамд кылуу мустахаб. Хамд кылуунун эң жакшысы да Фатиха окуу. (Барика) |
Сүннөттүн түрлөрү
Суроо: «Сүннөтүмдү таштаганга шапаатым харам болду» деген хадиси шарифин ислам аалымдары кандай ачыктап түшүндүрүшкөн? ЖООП: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын өзүнөн болгон буйруктары, аткарган ибадаттары «сүннөт» деп аталат. Сүннөт экиге бөлүнөт: 1-Сүннети худа 2-Сүннети заваид 1-Сүннети худа: Бул «Сүннети муаккада» деп да айтылат. Бул сүннөт Ислам дининин жүзү, өзгөчөлүгү, башка диндерде жок. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ар дайым аткарып жүргөн, таштаган убакыттары өтө аз болгон. Таштагандарга эч нерсе деген эмес. Ал эми анда-санда ташталган сүннөттөр «Гайри муаккада» деп аталат. Муаккада сүннөттөрүн себепсиз тез-тез таштоо макрух болуп, кичине күнөө болот. Ал эми намаздын ичиндеги муаккада сүннөттөрүн таштоо тахриман макрух болот. (Реддул Мухтар) Динибиздеги бардык өкүмдөр Курани каримден алынат. Ал өкүмдөр үчкө бөлүнөт: А) Маанилери ачык болгон жана аалымдар тарабынан чыгарылган өкүмдөр. Б) Мужтахиддер тарабынан ижтихад менен чыгарылуучу өкүмдөр. (Даараттын парзы Ханафиде төрт, Ханбалиде он. Ушул сыяктуу өкүмдөр. В) Үчүнчү бөлүгү жашыруун. Аллаху таала билдирмейинче эч ким түшүнө албайт. Булар жалгыз гана Пайгамбарыбызга билдирилген. Бул өкүмдөр Курани каримден алынса да сүйүктүү Пайгамбарыбыз тарабынан ачыкталып билдирилгендиктен «сүннөт» деп аталат. (Мектубат Раббани, 2-том, 55-мектуб) Азан айтуу, жамаат менен намаз окуу сыяктуу сүннөттөр «Сүннети худа» деп аталат. (Хадика) 2-Сүннети заваид: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ибадат ирээтинде эмес, адат ирээтинде аткарып жүргөн иштери «Сүннети заваид» деп айтылат. Заваид сүннөттөрүн аткарбай калтыруу макрух эмес. Пайгамбарыбыздын кийинүүсү, жакшы иштерди оң жактан баштоосу сыяктуу иштери «Сүннети заваид» деп аталат. (Реддул Мухтар) Хадиси шарифте мындай деп айтылган: «Парзга байланыштуу болгон жана байланышы болбогон сүннөт бар. Парздагы сүннөттүн негизи Аллахтын китебинде. Бул сүннөттү (сүннети худаны) алуу хидаят, ал эми таштап коюу адашуучулук. Башка сүннөттү(сүннети заиданы) алуу фазилет(кундуу), ал эми таштап коюу күнөө болбойт». (Табарани) Пайгамбарыбыздын адат ирээтинде аткарган иштерин аткарбоо бидат болбойт. Аларды аткаруу же аткарбоо элдердин жана улуттардын өз адаттарына байланыштуу болуп, диний өкүмдөрдөн эмес. Ар эми элдердин адаттары ар түрлүү болот. Жада калса, улуттун адаттары убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Ошол үчүн адатка байланыштуу нерселерде да (үзүр, кыйынчылык туулбаса) Пайгамбарыбызга баш ийүү дүнүйөдө жана акыретте адамдын көп нерселерге жетүүсүнө жана ар түрдүү бакытка жол ачат. (Мектубат Раббани, 2-том, 55-мектуб) Китеп жана сүннөт дегенде бул жердеги «сүннөт» сөзү хадиси шариф деген маанини билдирет. Парз жана сүннөт делген кезде бул жердеги «сүннөт» сүйүктүү Пайгамбарыбыздын аткарган иштерин билдирет. Сүннөт сөзү жалгыз колдонулса «Ислам» дегенди билдирет. Бул сүннөткө моюн сунгандар «Ахли сүннөт» деп аталат. (Жавхара) Шейхул Ислам ибн Кемал Пашазада хазреттери «Шахри хадиси арбаин» китебинде «Сүннөтүмдү таштаганга шапаатым харам болду» хадиси шарифинин түшүндүрмөсүндө мындай деди: «Бул хадиси шарифтеги сүннөт «Ислам дини» дегенди билдирет. Анткени, момун чоң күнөө кылса да шапааттан куру калбайт. Хадиси шарифте мындай делет: «Үммөтүмдөн чоң күнөө кылгандарына шапаат кыламын». (Абу Давуд) Мындан түшүнүлгөн нерсе - Ахли сүннөттөн айрылгандар шапаатка жетише албайт деген маани» (Шира) «Үммөтүмдүн арасында фитна, бүлүк жайылган кезде сүннөтүмө жабышкан адамга жүз шейиттин сообу берилет» деген хадиси шариф бүлүк чыккан кезде ахли сүннөт вал жамаат ишениминде болуп, беш убакыт намазды жамаат менен окуганга жүз шейиттин сообу бериле тургандыгын билдирүүдө. (Риядун Насихин) Ошондуктан, алгач ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйманга келүү, андан соң харамдардан сактануу, кийин парздарды орундоо, кийин макрухтардан сактануу, кийин муаккада сүнөттөрүн, андан соң мустахабдарды орундоо керек. |
Оорулууну зыярат кылууга барганда
Суроо: Оорулууну зыярат кылууга барганда гүл көтөрүп баруу христиан салтыбы?
Жооп: Мубах иштерде мусулмандардын салтын колдонуу күнөө болбойт. (Хадика) Зыяратка баратканда гүл көтөрүп баруу күнөө эмес. Хадиси шарифте: “Кимдир бирөөгө жыпар жыттуу гүл берилсе кайтарбасын, аны алып жыттасын” жана “Кызыл гүлдү (кызыл розаны) жыттаганда мага салават айтпаган адам мага азап тарттырган болот”, - деп айтылды. (Ширъа)
Суроо: Бир досум ооруп калганда зыярат кылып барбаганым үчүн мага таарынып калган болчу. Оорулууну зыярат кылуу парзбы? Жооп: Оорулууну зыярат кылуу – сүннөт. Анын эч кими жок болсо – важип. Сүннөт болгон оорулуу зыяратын аткарбаган адамга таарынуу – арам. Хадиси шарифте айтылды: “Мусулманга үч күндөн артык таарынып сүйлөбөгөн адам Тозокко кирет”. (Насаи)
Суроо: Оорулууну зыярат кылып барганда эмнелерге көңүл буруу керек? Жооп: Оорулуунун жанына Аъузу бисмиллах менен салам берип кирүү керек, мүмкүн болсо оң тарабына отуруу керек, дуба кылуу үчүн ал-абалын суроо керек, кандайдыр бир муктаждыгы барбы-жокпу деп сураш керек, бар болсо жардам берүү керек. Ага да угузуу үчүн калима-и шахадат айтуу керек. Жанында көп отурбаш керек. Эгер ооруп турган киши кааласа дагы кичине отуруу керек. Кетип баратканда да тезирээк айыгып кетүүсү үчүн дуба кылуу керек.
Суроо: Ооруп калган бирөөнү зыярат кылып барганда эмне кылуу керек, эмнелерге көңүл буруу керек, кантип мамиле кылуу керек? Жооп: Ооруп калган бирөөнү зыярат кылып барганда эшикке жакындаганда ичке кирүүгө уруксат суроо керек, уруксат алуу керек. Уруксат берсе бисмиллах айтып кирүү керек, мүмкүн болсо ооруган кишинин оң тарабына отуруу керек, ичке киргенде салам берүү керек, оорулуунун ал-ахыбалын суроо керек. Оорусуна билсе бир дары же тааныган бир доктурду сунуштоо керек. Калима-и шахадат айтып, ага угузуу керек жана тезирээк айыгып кетүүсүн тилеш керек. Оорулуунун жанында көп отурбаш керек. Муктаждыгы бар болсо жардам берүү керек. Кетип баратканда кыска убакта айыгып кетүүсу үчүн дуба кылуу керек.
Суроо: Карай турчу адамы бар болгон же болбогон оорулууну зыярат кылуунун өкүмү бирдейби?
Жооп: Карай турчу адамы бар болгон оорулууну зыярат кылуу – сүннөт. Эч кими жок болсо зыярат кылуунун важип экендиги Мишкат китебинин хашиясында жазылган. |
Ихлас сүрөсүнүн пайдалары
Суроо: Ихлас сүрөсүн окуунун кандай пайдалары бар? Жооп: Ихлас сүрөсүн [Кул хуваллаху ахад...] окуунун абдан көп пайдалары бар. Хадиси шарифтерде айтылды: "Ихлас сүрөсүн окуу Курани каримдин үчтөн бирин окууга барабар.” [Бухари] "Он жолу Ихласты окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [И. Ахмед] "Жатаар алдында жүз жолу Ихлас окуган адам Бейишке кирет.” [Тирмизи] "Багымдат намазынан кийин 11 жолу Ихлас окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [Хараити] "Багымдат намазынан кийин 12 жолу Ихлас окуган адам Курани каримди төрт жолу хатмкылгандын сообун алат.” [Баззар] "Эртең менен жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды (Фалак менен Нас сүрөлөрүн) окуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.” [Тирмизи] "Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.” [Т. Куртуби] "Ихласты окуган мусулманга Бейиш важип болот.” [Насаи] "Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихлас окуса Аллаху таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт.” [И. Нажжар] "Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң жолу Ихласты окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх] "Миң жолу Ихлас окуган адам өзүн Аллаху тааладан сатып алган болот.” [Рафии] "Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана Муаввизатайнды окуган адам бир жума кырсыктардан, балээлерден жана жамандыктардан коргонот.” [Ибни Сунни] "Жатаар алдында Фатиха жана Ихлас окуган адам өлүмдөн башка бардын нерсенин зыянынан коргонгон болот.” [Ибни Абдилбар] "Ушул үч нерсе кимде болсо Бейишке каалаган эшиктен кирет: Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамын кечирип өлгөн адам.” [Барика] "Жанга, мал-мүлккө, намыска кол салбай, арактан да сактанып, Ихлас сүрөсүн жүз жолу окуган мусулмандын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” [Байхаки] "50 жолу Ихлас сүрөсүн окуган мусулмандын 50 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дарими] "Жатаар алдында Фатиха менен Ихласты окуган адам өлүмдөн башка бардык нерседен коргонгон болот.” [Баззар] "Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуган адамды Аллах кийинки жумага чейин жамандыктардан коргойт.” [Ибни Сунни] Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жери ооруганда Фалак менен Нас сүрөсүн окуп үйлөчү жана ооруган жерин масх кылчу. (Бухари) Эскертүү: Жогорудагы хадиси шарифтер шартсыз билдирилген. Шартсыз билдирилген бир ибадаттын кабыл болушу үчүн кээ бир шарттар бар: 1 – Мусулман болуу, 2 – Ишеними туура болушу, бидатчы болбоо, 3 – Харамдардан, күнөөлөрдөн сактануу керек. Мисалы, намаз окубоо чоң күнөө. |
Туура ыйман деген эмне? (1)
Суроо: Ыймандын туура болуусу үчүн керектүү шарттар эмнелер?
Жооп: Ыйман туура болмоюнча ибадаттарга сооп берилбейт. Ошондуктан, алгач туура ыйманды үйрөнүп, ошого ылайык ыйман келтирүү шарт. Ыймандын туура болуусу үчүн керектүү шарттардан айрымдары төмөндөгүчө: 1 – Ыйманда туруктуу болуу: “Үч жылдан кийин мусулманчылыкты таштап, христиан боломун” деген адам ошол замат динден чыгып, капыр болот. 2 – Хавф менен ражанын (коркуу менен үмүттүн) арасында болуу: Башкача айтканда, Аллахтын азабынан коркуу жана ырайымынан үмүт үзбөө керек. 3 – Жан чыга электе ыйман келтирүү: Жан чыгып жатканда акыретке тийиштүү нерселерди көргөндөн кийин капырдын ыйманы өтпөйт. Бирок, ошол маалда да мусулмандын күнөөлөрүнө тообосу өтөт. 4 – Күн батыштан чыгаардан мурда ыйман келтирүү: Күн батыштан чыккан кезде тообо эшиги жабылат. 5 – Кайыпты жалгыз Аллаху таала билет: Аллах билдире турган болсо бир пайгамбардын жана олуянын да биле тургандыгына ишенүү керек. 6 – Ыймансыздыкка себеп боло турган бир нерсени колдонбоо жана айтпоо: Мисалы, крест тагынуу, тамашалап болсо да “Мен капырмын” деп айтпоо керек. 7 – Диний бир өкүмгө шектенбөө: Мисалы, “Намаз жана хижаб парзбы, шарап арамбы?” деп шектенбеш керек. 8 – Итикадын (ишенимин, ыйманын) Ислам дининен алуу: Тарыхчылардын, философтордун эмес, Расулуллах алейхиссаламдын жана ахли сүннөт аалымдарынын билдиргени боюнча ыйман келтирүү. 9 – Амантудагы алты негизге ишенүү: Жакшынын, жамандын жана бардык нерсенин Аллахтан экендигине ишенүү керек. Адамда ирада-и жузиййа (тандоо укугу, эрк) бар. Кылган күнөөлөрүнө жоопкер. Ыймандын шартын бешке кыскарткан жана жетиге чыгарган адашкандар бар болсо да, ыймандын шарттарынан бирөөсүн болсо да четке каккан же жаңы шарт кошкон адам капыр болот. 10 – Хубб-и филлах, бугд-и филлахта болуу: Жакшы көрүүсү же жек көрүүсү жалгыз Аллах үчүн болуу. Аллахтын душмандарын жакшы көрүү, алар менен дос болуу, Аллахтын досторуна душман болуу куфурга себеп болот. Мисалы, ыймансыз болгон Сократты жакшы көрүү Имам Газалиге душман болуу сыяктуу. 11 – Ахли сүннөт вал жамаатка шайкеш итикад (ишенүү). |
Туура ыйман деген эмне? (2) |
11 – Ахли сүннөт вал жамаатка шайкеш итикад (ишенүү). |
Бул итикаддан кээ бирлери төмөндөгүчө: 1 – Аллаху таала замандан, мекенден аруу. “Аллах асманда же Аршта” деп айтуу куфур болот. 2 – Аллаху таала эч нерсеге окшобойт. Мисалы, “Колу бар, буту бар, басат, түшөт, чыгат” сыяктуу адамдарга окшоштуруу куфур болот. 3 – Мухаммед алейхиссалам акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. “Наби келбейт, бирок, расул келет” деген сыяктуу нерселерди айтуу куфур болот. 4 – Ахли кыбыланы намаз окуган жана куфурга себеп болгон ишеними болбогон мусулманды) кылган күнөөлөрүнөн улам капыр деп айтуу. Ибадаттар ыймандын бир бөлүгү эмес. Тактап айтканда, ибадат кылбаган жана күнөө кылган момунду капыр деп айтылбайт. Аллаху таала кааласа кичине күнөөдөн улам азап бериши мүмкүн, чоң күнөөлөрүн да кечирип жибериши мүмкүн. 5 – Бейиштеги мусулмандар Аллаху тааланы көрүшөт. Мутазила сектасы буга ишенбейт. 6 – Ыйман же бар же жок. Артып-кемибейт. Жаркындыгы, кубаттуулугу артып-кемийт. 7 – Курани карим макулук (жаратылган) эмес. 8 – Маасынын үстүнө масх тартуу жаиз. 9 – Мираж окуясы рух жана дене менен бирге ишке ашкан. 10 – Мужиза менен керемет чындык. 11 – Сахабалардын бардыгын сүйүп, эч бирин жамандабаш керек. Анткени, бардыгы бейиштик. 12 – Абу Бакр Сыддык сахабалардын эң үстөмү. 13 – Рух өлбөйт. 14 – Кабыр зыяраты жаиз. Кабырдагы пайгамбар, шейит жана олуя заттардан көмөк суроо жаиз. 15 – Кабыр суроосу жана азабы чындык. Кабыр азабы рух менен денеге болот. 16 – Шапаатка, сырат көпүрөсүнө, эсепке жана мизан таразасына ишенүү. 17 – Окулган Курани каримди жана берилген кайыр-садаганын сообун өлгөндөргө багыштоо жаиз. Бул сооптор жана дубалар өлгөндөргө жетип барып, азаптарынын жеңилдөөсүнө жана жок болуусуна себеп болот. 18 – Өлтүрүлгөн, өзүн өзү өлтүргөн да өз ажалы менен өлгөн болот. 19 – Пайгамбарлар, чоң-кичинекей болсун, бир да күнөө кылышпайт. 20 – Бейиш менен Тозок түбөлүк. Бейиш менен Тозок азыр да бар. Күнөөкөр момундар Тозокто түбөлүк калышпайт, капырлар түбөлүк калышат. 21 – Бүгүн төрт хак мазхабдын биринде болуу шарт. Бирөөсүндө да болбогон адам Ахли сүннөттөн чыгат. 22 – Кыяматтын белгилеринен болгон Дажжалдын, Даббат-ул арздын, Хазрети Махдинин келе тургандыгына, Хазрети Исанын асмандан түшө тургандыгына, күндүн батыштан чыга тургандыгына жана башка билдирилген нерселерге шексиз-күмөнсүз ишенүү керек. 23 – Султанга, халифага баш көтөрүп, каршы чыгуу жаиз эмес. (Бул маалыматтар Фыкх-ы акбар, Нухбат-ул-лаали, Р. Насихин, Мактубат-и Раббани, Ф. Фаваид китептеринен алынган.) |
Ыйманына шектенүү
Суроо: Китептерде “Азыр ыйманым барбы же ыйманым уланабы деп шектенүү куфур болот” деп айтылып жатып, “Акыркы демде ыймансыз кетүүдөн коркуу керек, коркпогон ыймансыз кетет” деп айтылууда. Бул экөө бирдей эле нерсе эмеспи? Жооп: Жок, бирдей нерсе эмес. Ибадаттарын орундаган адам ыйманынын бузулуусуна шектенсе жа күнөөм көп, ибадаттарым мени куткарбайт деп ойлосо, ыйманынын кубатуу экендиги белгилүү болот. Ыйманынын улана тургандыгына шектенген адам капыр болот. Шектенүүнү жактырбаса момун экендиги белгилүү болот. (Баззазия) Ыйманы бар экенине жана дайым боло тургандыгына шектенүү жаиз эмес, куфур болот. Момун азыркы жана келечектеги ыйманы тууралуу бир да шектенбөөгө тийиш. Өлгөнгө чейин ыймандуумун деп айтууга тийиш. Акыркы дем үчүн болсо коркуу менен үмүттүн арасында болууга тийиш. Акыркы демде ыймансыз кетүүдөн коркуу шек эмес, ыймандын белгиси. Ахли сүннөт аалымдары: “Акыркы демде ыймансыз кетүүдөн коркпогон адам ыймансыз өлөт”, - деп билдиришкен. Анткени, акыркы демге чейин ыйманды коргоп калуу же жоготуу анык эмес. Ошондуктан да, дайым коркуу ичинде жашоо, арамдардан сактануу, динибиздин бардык буйруктарын орундоо жана Аллахтын ырайымынан да үмүт үзбөө керек. |
Унутулган сүннөттөр жана парздар (1)
Суроо: Бүгүнкү күндө унутулган сүннөттөр жана маани берилбеген парздар кайсылар? Жооп: Сүннөт эки түрдүү болот: 1 – Суннати худа (Муаккад сүннөттөр). 2 – Заваид сүннөттөр (Каада-салтка, адатка байланыштуу сүннөттөр) Унутулган бир сүннөттү кайра ортого чыгаруу өтө баалуу. Бир ыйык хадистин мааниси: “Унутулган бир сүннөтүмү кайра ортого чыгарган адамга жүз шейиттин сообу бар”.(Хаким) Унутулган муаккад сүннөттөрдүн айрымдары төмөндөгүчө: 1 – Эки киши болсо да парз намазды жамаат болуп окуу. 2 – Намаздарды селде же такыя (топу) кийип окуу. 3 – Дааратта колду жана буттарды үч жолу жуу. 4 - Даарат алып жатканда башка алакандар менен масх тартуу (Малики жана Ханбалиде парз). 5 – Мисвак колдонуу. 6 – Күн чыккандан кийин окулчу намазды, Аввабин, Тахажжуд, Таххыятул масжид, Субха намаздарын окуу. 7 – Истишара жана истихара кылуу. 8 – Чүчкүргөндө Алхамдулиллах деп айтуу. 9 – Карыз берип жатканда эки күбөнүн болуусу же кагазга жазып койуу. Муну важип деп айткан аалымдар да бар. 10 – Сүннөткө шайкеш салам берүү. 11 – Жума күнү гусул алуу. 12 – Дуба кылып жатканда колдорду сүннөткө ылайык ачуу. 13 – Пайдалуу бир ишти баштап жатканда Бисмиллах айтуу. 14 – Төшөккө даараттуу жатуу. 15 – Өлүм же кандайдыр бир жаман кабарды укканда “Инна лиллахи ва инна илайхи ражиъун” деп айтуу.
Заваид сүннөттөрдүн айрымдары төмөндөгүчө: 1 – Сакалды бир ууч өстүрүү. 2 – Мурутту каштардай узартуу. 3 – Тамакты туз менен баштап, туз менен бүтүрүү. 4 – Дасторкондо сирке (уксус) болуусу. 5 – Кайлула кылуу (түштөн мурда кичине уктоо). 6 – Так санга маани берүү (1, 3, 5, 7... сыяктуу). 7 – Мусулмандын үйүнө оң бут менен кирип, сол буту менен чыгуу. (Мечитке да ушундай кирип-чыгылат. Мубах болгон жерлерге оң бут менен кирилет жана сол бут менен чыгылат. Туалетке сол бут менен кирилет жана оң бут менен чыгылат.) 8 – Кесилген тырмак, чач жана тиштерди көмүү. 9 – Жума күндөрү жаңы жана таза кийим кийүү. 10 – Тамактан мурда жана кийин колдорду жуу. (Тамактан мурда жуулган колдорду кургатпоо – сүннөт. Тамактан кийин жуулган колдорду кургатуунун зыяны жок.) |
Унутулган сүннөттөр жана парздар (2)
Көпчүлүк адамдар тарабынан маани берилбеген парздардын айрымдары: 1 – Парздарды жана арамдарды үйрөнбөө. (Билбеген адам дайым күнөө кылат.) 2 – Туура акыйда ээси болуу. (Ахли сүннөт акыйдасын үйрөнүү.) 3 – Аллахтын досторун дос, душмандарын душман деп билүү. 4 – Намаз окуу жана үшүр садага берүү. 5 – Аврат жерлерди жабууга маани берүү. 6 – Салам берген адамдын саламына жооп берүү. 7 – Чүчкүрүп “Алхамдулиллах” деген адамга “Ярхамукаллах” деп айтуу. 8 – Адалдан таап, адалдан жеп-ичүү. 9 – Ырыскыга Аллаху тааланын кепил экенине ишенүү. 10 – Тобокел жана канаат кылуу. 11 – Аллаху таалага берген нематтары үчүн шүгүр кылуу, башкача айтканда, аларды динге шайкеш колдонуу. 12 – Аллаху тааладан келген балээ-кыйынчылыктарга сабыр кылуу, башкача айтканда, каршы чыкпоо. 13 – Күнөөлөргө тообо кылуу. 14 – Эне-атага жакшылык кылуу. 15 – Амри маруф кылуу. (Бул парзы кифая) 16 – Күнөөлөрдөн сактанып, ибадат кылуу. 17 – Ааламга сабак алуу менен кароо. 18 – Тилин жаман сөздөрдөн коргоо. 19 – Эч кимди маскаралабоо. 20 – Арамды карабоо. 21 – Кулагын музыкалык аспаптардан коргоо. Бир сүннөттү ортого чыгарган адамга жүз шейиттин сообу бериле турган болсо бир парзды ихйа (тирилткен, чыгарган) адамга канчалык көп сооп бериле турганын ойлоо керек! Өзгөчө парздарды колдон чыгарбаш керек. |
Динде жеңилдик деген эмне? (1) Суроо: Мусулманчылыкта кыйноо жок. “Жеңилдеткиле, татаалдаштырбагыла, толеранттуу болгула!” деп айтылууда. Мас болбой тургандай ичүүгө болбойбу? Аврат жерлерди жабууга толук амал кылуунун мааниси эмне? Намаздын ордуна кедейлерди тойгузууга болбойбу? Телевизор көрүп жатканда отургучта намаз окууга болбойбу? Жооп: Курани каримде бир аяттын маанисинде минтип билдирилет: “Аллаху таала динде силерге эч бир кыйынчылык жүктөгөн эмес”. (Хаж, 78) “Жеңилдеткиле” дегени – “Силерге кыйын болуп жаткан ибадаттарды кылбагыла, аларды каалаганыңардай өзгөрткүлө” дегендик эмес. “Динибиз билдирген жеңилдиктерден пайдалангыла” дегени. Доорго, жерге жана адамдардын жагдайларына жараша кээ бир уруксаттар каралган. Жогорудагы суроолорго жооп берели: Ичкиликтин мас кылбаса деле бир тамчысынын арам экендиги сыяктуу, аврат жерди жабуу да парз. Жеңилдетүү же татаалдаштырууга эч кандай тийешеси жок. Кедейди тойгузуу менен намаз окулган болуп эсептелбейт. Андай болгондо, диндин ээси “Намаз окугандын ордуна кедейлерди тойгузгула” деп айтмак. “Өйдө туруп намаз окуй албаган адам отуруп окусун, отуруп да окуй албаган адам жатып окусун” деп билдирилүүдө. Чиркөөлөрдөгүдөй “Скамейкага же отургучка отур!” деп айтылып жаткан жок. Динибиз эмнелерде кандай жеңилдик бар экенин билдирген. Өз акылыбызга карата иш кыла турган болсок динге моюн сунбаган болобуз. Мисал үчүн: 1 – Суу жок болсо же суу бар болгондо да колдонуу зыяндуу болсо, мисалы, ооруп кала турган болсо таяммум кылат. 2 – Оорулу же алсыз адам отура албаса намазды жатып, ишарат менен окуйт. Отургучка отуруп окубайт. 3 – Рамазан айында мусулмандарга орозо кармоо парз. Бирок, бирөө ооруп калса же үч күндүк жолдон алысыраак бир жерге сапарга чыкса орозо кармоо ал үчүн убактылуу парз болбойт. Кийинчерээк ыңгайлуу бир убакытта кармай албаган орозосунун казасын кармайт. 4 – Сапарда төрт рекеттик парз намаздар эки рекет кылып окулат. Сапарда орозо кармоо кыйын болсо кармалбайт, сапар бүткөндө казасы кармалат. 5 – “Динде кыйынчылык жок” дегендин башка мааниси да бар. Мисалы, күн сайын орозо кармоого, түнү уктабастан таңга чейин намаз окууга өзүн кыйноо, үйлөнбөө динде жок. Аллаху тааланын пенделерине кылган ихсандары жана буйруктары баарына бирдей эмес. Мисалы, кээ бир момундарга байлык берет, аны ажыга барууга буюрат. Кээ бирлерге да кедейлик берип, аны ажыга барууга буюрбайт. Байга зекет берүүнү буйрук кылат, кедейлерге буйрук кылбайт. Күч-кубаты, саламаттыгы мыкты болгон адамга орозо кармоону буйрук кылат. Ден-соолугу начар болгондорго орозону кечиктирүүгө уруксат берет. Ар бир адамга жагдайына жараша буйрук берет. Кимдир бирөөгө нисап өлчөмүндө байлык берип, зекет берүүсүн жана кедей болгон туугандарынын нафакасында жардамчы болуусун буйрук кылат. Кимдир бирөөгө кедейлик берип, зекет алууга акылуу кылат. Кимдир бирөөлөргө көп ихсан кылат. Алар дагы нематка шүгүр кылып, шүгүр кылгандардын мартабасына жетишет. Кимдир бирөөлөргө азыраак ихсан кылат. Алар дагы сабыр кылышат жана сабыр кылгандардын даражасына жетишет. Хадиси шарифте айтылды: “Аллаху таала эч кимге күчү жетпеген нерсени буюрбайт”. (Насаи)
(Уландысы бар...) |
Динде жеңилдик деген эмне? (2) Адам мүмкүнчүлүгүнө жараша ибадат кылууга тийиш, уруксаттардан да зарыл болгондо пайдаланууга тийиш, кыйынчылык туудурбаш керек, эч кимди динден суутпоо керек. Хадиси шарифте айтылат: “Жеңилдеткиле, татаалдаштырбагыла, сүйүнчүлөгүлө, кубанткыла, жек көргүзбөгүлө! Бири-бириңер менен жакшы мамиледе болгула, өзара чатакташбагыла!” (Бухари) Динибизде ифрат жана тафритке, башкача айтканда, аша чаап, чектен чыгып кетүүгө орун жок. Динибиз орто жолдо болууга буйрук кылат. Бир ыйык хадисте: “Иштердин кайырлуусу васат болгону”, - деп айтылат. (Васат – ифрат жана тафриттен алыс болгон орто жол дегенди билдирет. Ифрат – нормадан көп, тафрит – нормадан аз деген маанини билдирет. Мисалы, көп уктоо – ифрат, аз уктоо – тафрит. Көп жеп-ичүү – ифрат, өтө аз жеш – тафрит.) Ифрат кылып, алы жетпей тургандай даражада ибадат кылууга аракет кылуу, мисалы, түндөрү такыр уктабастан ибадат кылып чыгуу, күндүзү дайым орозо кармоо, аялынан узак болуу, эт, сүт, таттуулар сыяктуу азыктарды такыр жебей койуу жакшы мусулман болуу дегенди билдирбейт. Бир хадиси шариф: “Оңой бир дин менен жиберилдим. Динибизде монахтык жок. Эт жегиле, аялыңар менен мубашарат (жакындык) кылгыла! (Напил) орозо да кармагыла! Кармабаган күнүңөр да болсун! (Напил) намаз да окугула! Уктагыла дагы! Мен ушуларга буйрук кылындым”. (Табарани) Жеп-ичпестен, уктабастан ибадат кылуу кыйын. Бир ыйык хадисте: “Дин бул – жеңилдик. Динде аша чапканды дин жеңип коёт”, - деп билдирилди. (Насаи) Андан башка, тафритке берилип, “Динде жеңилдик бар” деп, динди бузгандар кездешет. Реформачылардын китептери ушундай каталарга толо. Бир канча мисал берели: 1 – Масынын үстүнө масх тартылат деп лактын үстүнө масх тартуу жаиз болбойт. 2 – Нейлон байпактарга масх тартуу жеңилдик болгону менен диндин буйругу өзгөргөн болот, намаздар сахих болбойт. 3 – Суу табылбаса таяммум кылынат, бирок, реформачылар айткандай суулар токтоп калганда “Суу издеп отурбай эле дароо таяммум алгыла!” деп айтуу динде жеңилдик эмес, динди өзгөртүү. 4 – Рамазан айы жайга туш келгенде кармабай коюп, кышка калтыруу жаиз болбойт. 5 – Намаздарды убагында окубастан баарын түндө жатаардын алдында окуу дагы динди өзгөртүү болот. 6 – Ханафиде гусулда ооздун ичин жуу парз болсо да, башка эки мазхабда парз эмес деп, ооздун ичин жуубоо мазхабсыздык болот. Динде кыйынчылык жок дегендик “Динибизде берилген уруксаттардан пайдалангыла” деген маанини билдирет. Антпесе “Ар ким өзү жактырган нерселерди кылсын, жактырбаган нерселерди кылбасын, ибадаттарды каалагандай өзгөртсүн” дегендик эмес. Динде кичине болсо да өзгөртүү жасоо динсиздик болот. Бир ыйык хадисте: “Динибизде болбогон бир нерсе чыгарыла турган болсо ал нерсе мардуд (кабыл кылынбайт)”, - деп айтылды. (Бухари) Ыйык аяттын да маанисинде: “Диндерин оюн-тамашага айлантып алган адамдардан оолак бол!” – деп айтылды. (Анъам, 70) |
Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу Суроо: Тамактан мурун дуба кылуу жаизби? Жооп: Ооба, тамактан мурун дагы дуба кылуу жаиз. Бисмиллах айтуу жана жакшылык-береке үчүн дуба кылуу да жеп-ичүүнүн сүннөттөрүнөн. Ибни Аббас хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын: “Тамакты баштаганыңарда Аллахумма барик лана фихи ва атимна хайран минху деп айткыла”, - деп айтканын риваят кылган. Анъам сүрөсүнүн “Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле!” маанисиндеги 121-аятты Бисмиллахсыз союлган айбандардын өлүмтүк (тарп) боло тургандыгын жана жегенге болбой тургандыгын билдирүүдө. Кээ бир аалымдар “Башка азыктарды жеп жатканда дагы Бисмиллахты айткыла” деген маанинин да бар экенин билдиришкен. Бул жерде Аллахтын ысымынын эскерилүүсү желе турчу тамактын касиетин, жакшылыгын жана дайымалыгын улантуу үчүн. Ушинтип Аллаху тааланы эскерген жана бул нематтардын дайымалыгын жана жакшылыгын камсыз кылган болобуз. Тамак желген учур адамдардын эң көп гафилдикке туш болчу учуру. Анткени, тамак ачка болгон напсини өзүнө эң көп тарткан, ага бардык нерсени унуттурган нерсе болуп эсептелет.
Тамактан мурда колдорду жууганга да маани берүү керек! Ыйык хадисте айтылды: “Үйүнүн жакшылыгын каалаган адам тамактан мурда жана кийин колун жуусун”. (Ибни Мажа) Суроо: Тамактан кийин кантип дуба кылынат? Жооп: Тамакты баштап жатканда бисмиллах айтуу (Бисмиллахиррахманиррахим) жана аягында “Алхамдулиллах” деп айтуу сүннөт. Хадиси шарифтерде айтылды: “Тамактан кийин “Ал-хамду-лиллахиллази атъмана хазаттаама ва разакана мин гайри хавлин минна ва ла куввах” дубасын окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет”. “Тамактанып бүткөн соң “Ал-хамду-лиллахиллази атъмани ва асбаъани ва сакани ва арвани” дубасын окуган адам энесинен төрөлгөн күндөгүдөй күнөөсүз болот”. Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамактан кийин “Ал-хамду-лиллахиллази атъмана ва сакана ва жаъалана муслимин” дубасын окучу. Тамактан кийин жогорудагы дубаларды дагы ичине камтыган мына бул дубаны окуу жакшыраак болот: |
Ыйманды коргоо үчүн (1)
Суроо: Эң баалуу немат - ыйман. Бул ыйман нематын коргоо үчүн эмне кылуу керек?
Жооп: Ыйманды коргоо үчүн төмөндөгү нерселерге маани берүү керек: 1 – Кайыпка ыйман келтирген болуу керек. Периштелерди, Бейишти, Тозокту көргөзүшсө өз көзүбүз менен көргөндүгүбүз үчүн “Бейиш, Тозок бар” деп айтуу ыйман болбойт. Мусулман эместердин бардыгы жаны чыгып жатканда Бейишти, Тозокту көрүшөт. “Ыйман келтирдик” деп айтышат, бирок, кабыл болбойт. Момундар даңкталып жатканда “Алар кайыпка ишенишет” деп айтылууда. (Бакара, 3) 2 – Кайыпты жалгыз Аллаху таала билет деп ишенүү. Пайгамбар, периште, жин кайыпты билбейт. Жалгыз Аллаху таала кааласа гана билдириши мүмкүн. Ошондуктан, мужизаны, кереметти четке кагып, ишенбөө жаиз эмес. 3 – Арамды арам, адалды адал деп билүү, башкача айтканда, кабыл кылуу. Атайылап арамды адал, адалды арам деген адам динден чыгат. 4 – Аллаху таала азап бербейт деп анын азабынан ишеничте болбостон коркуу керек. Курани каримде Раббинин азабынан корккондордун Анын азабынан ишенимде болушпагандыктары билдирилүүдө. (Маариж 27-28) 5 – Бир адам канчалык көп күнөө кылган болсо да өзүн сөзсүз Тозоктук деп билбеши керек. Бир кудси хадистин маанисинде: “Кулум асмандарга жете турганчалык күнөө кылса, бирок, ырайымыман үмүтүн үзбөстөн менден кечирим сураса кечиремин”. (Тирмизи) Бир аяттын мааниси: “Эй, көп күнөө кылууда аша чапкан пенделерим, Аллахтын ырайымынан (бизди кечирбейт деп) үмүтүңөрдү үзбөгүлө! Анткени, Аллах (ыймандуулардын) бардык күнөөлөрүн шексиз-күмөнсүз кечирет. Албетте, Ал чексиз кечирим жана ырайым ээси”. (Зумар, 53) 6 – Аллахтын азабынан коркуу керек, ырайымынан да үмүт үзбөө керек! Бир ыйык хадистин мааниси: “Момун хавф менен ражанын (коркуу менен үмүттүн) арасында болсо, Аллаху таала ал кулдун үмүт кылган нерсесин берет жана корккон нерсесинен аны коргойт”. (Тирмизи) 7 - Хубб-и филлах, бугд-и филлахта болуу. Башкача айтканда, Аллах үчүн жакшы көрүү, Аллах үчүн жаман көрүү. Бул – ыймандын негизи. Бир хадиси шарифтин мааниси: “Ыймандын негизи мусулмандарды сүйүү жана Аллахтын душмандарын сүйбөө”. (И. Ахмет) Аллаху таала Хазрети Исага айтты: “Жер менен асмандардагы бардык макулуктардын ибадаттарын кылсаң, досторумду жакшы көрмөйүнчө жана душмандарыма душмандык кылмайынча бир да пайдасы болбойт”. (К. Саадат) 8 – Ыймандын кабыл болуусу жана коргонуусу үчүн керектүү шарттардын кээ бирлери төмөндөгүчө: Аллаху таала важиб-ул-вужуб жана чыныгы мабуд жана бардык нерселердин жаратуучусу. Дүнүйө жана акыретте болгон бардык нерсени, материасыз, замансыз жана окшошсуз кылып жоктон бар кылган - жалгыз Аллаху таала гана. Тобокел кылуу – парз. Зарыл жана ижма менен билинген ишениле турган нерселерде кыяс болбойт. Буларда ижтихад же кыяс кылып жаңылган адам капыр болот. Зарыл жана ижма менен билдирилбеген ыйман маалыматтарында ижтихад кылып жаңылган адам капыр болбосо да, бидат ээси болот. Ыйман артып жана кемибейт. Тактап айтканда, ыйман келтирилиши керек болгон нерселер жагынан артып-кемибейт, бирок, якин жана тастык жагынан нурдуулугу, кубаты артып-кемийт. Момундар ыйман жана тавхид маселесинде бири-бирилерине тең. Бирок, амал жагынан бири-бирилеринен айырмаланат. Итикадын Ислам дининен алуу. Расулуллах алейхиссалам тарабынан билдирилген түрдө ыйман келтирүү. Күнөө кылган, бирок, тообо кылбай момун болуп өлгөн адамды Аллаху таала кааласа Тозокто азап кылат, кааласа кечирет жана бир да азапка учуратпайт. Периштелер ыймансыздар айткандай, Аллаху тааланын ортоктору жана кыздары эмес. Күнөө кылышпайт. Периштелер эркек, аял болушпайт.
(Уландысы бар...) |
Ыйманды коргоо үчүн (2)
Курани каримдеги же жана башка диний китептерибиздеги диний бир өкүмгө шектенбөө. Мисалы, хижаб парзбы деп шектенбөө. Адал да, арам да ырыскы. Ар бир адам өзүнүн гана ырыскысын жейт, бирөө башканын ырыскысын жей албайт. Алфаз-ы куфурдан бир сөздү маанисин кабыл кылбаса да айткан адам капыр болот. (Тактап айтканда, тамашалап же күлдүрүү үчүн айтса да куфур болот. Мисалы, тамашалап мен пайгамбармын десе куфур болот.) Мас кезде алфаз-ы куфур айткан адамды капыр дебеш керек. Бул аалам кийин жаратылган. (Философтор муну четке кагышат, аалам ушундай келген жана ушундай кетет деп ыймансыз болушууда.) Ахли кыбыланы такфир кылбаш керек. Башкача айтканда, намаз окуп жаткан мусулманды кылган күнөөлөрүнөн улам капыр дебеш керек. (Ахли кыбыла делген адамдын бир ишеними мааниси өтө ачык жана так болгон бир далилге кайчы болсо анда куфур болот. Мындай адам намаз окуса да, ибадаттын баарын кылса да ыймансыз болот.) Тасаввуфту четке какпоо. (Авариф-ул-маариф) Пайгамбарлардан кийин адамдардын эң пазилеттүүсү – Хазрети Абу Бакр, анан кезеги менен үч халифа. Кутман сахабалардын бардыгы Бейиштик. (Хадид сүрөсү, 10) Аллаху тааланын кутман сахабаларга ыраазы экени Курани каримде билдирилүүдө. Алардын бирөөсүн болсо да жамандоо ошол ыйык аяттарга ишенбөө болуп саналат. (Татхир-ул-жанан) Адамдарда келген жакшылык менен жамандык, пайда менен зыяндын бардыгы Аллаху тааланын тагдыр кылуусу (жаратуусу) менен болот. Тагдыр – Аллаху тааланын азали илими менен адамдардын жана башка макулуктардын кыла турган иштерин билүүсү жана тилөөсү. Мунун жаратылуусу каза, экөө тең каза менен тагдыр деп аталат. Аллаху таала каалаганын бир лутуф катары туура жолго салып коёт. Каалаганын да адилетине жараша адаштырат. Анткени, адамдардын иштерин Аллаху таала жаратат, бирок, адамга ирада-и жузия да берген, кылган ишине жоопкер кылган. Өлтүрүлгөн да, өзүн өзү өлтүргөн да өз ажалы менен өлгөн болот. Ажалсыз өлүм болбойт. Курани каримде бир аяттын маанисинде минтип билдирилет: “Эч ким ажалынын алдын ала албайт жана аны кечиктире албайт”. (Араф, 34) Өз өмүрүнө кол салган мусулманга жаназа намазы окулат. (Дурр-ул-мухтар) Өлгөндөн кийин ар бир адам тирилет. Кабыр сурагы кабырда рухтун денеге кайтарылуусу жана капырлар менен күнөөкөр момундар үчүн кабыр азабы бар. Момундардын Бейишке кирүүсү Аллахтын фазлынан (жакшылыгынан). Анткени, эч ким амалы менен Бейишке татыктуу боло албайт. Адамдар тирилгенден кийин эсепке тартылышат. Амалдар мизан таразасында тартылат. Пайгамбарлар, аалымдар жана салихтер күнөөкөрлөргө шапаат кылышат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын шапааты чоң күнөө кылгандар үчүн. Тоолордой өтө чоң күнөөлөрү бар болсо да, аз же көп болсун шапаатка жетишет. Кечирим менен шапаатка жеткендерден башка бардык күнөөкөрлөр күнөөлөрүнүн жазасын тартышат. Хадиси шарифте айтылды: “Ар бир пайгамбардын мустажаб (кабыл болгон) бир дубасы бар. Мен дубамды үммөтүмө шапаат кылуу үчүн акыретке сактап койдум”. (Бухари) Шапаатка ишенбей, четке кагуудан сактануу керек. Анткени, ыйык хадисте: “Шапаатыма ишенбеген адам ага жете албайт”, - деп билдирилди. (Ширъа) Кыямат белгилерине ишенүү: Хадиси шарифте айтылды: “Ушул белгилер чыкмайынча Кыямат башталбайт: Күн батыштан чыгат, үч жер батат, Иса асмандан түшөт, Түтүн, Даббатул арз, Дажжал, Яжуж Мажуж жана Аденден бир өрт чыгат”. (Муслим) Хазрети Махдинин келе тургандыгына ишенүү дагы Ахли сүннөт акыйдасынан. Хадиси шарифте айтылды: “Кыямат башталардан мурда Аллаху таала менин урпагыман бирөөнү жаратат. Аты менин атым сыяктуу болот, атасынын аты менин атамдын аты сыяктуу болот. Андан мурда дүнүйө зулумдукка баткан болот, анын доорунда адилеттүүлүккө толот”. (Тирмизи, И. Асакир) (Бул маалыматтардын бардыгы Фыкх-ы акбар, Эмали, Р. Насихин, Мактубат-и Раббани, Фараидул фаваид китептеринен алынган. Башка китептерден алынган маалыматтардын булагы аягында билдирилген.) |
Курани карим жана балык (1) Суроо: Хадистерге жана мазхабыбыздын өкүмүнө карап отурбай эле балык жештин жаиз экендигин Курани каримден түшүнүүгө болобу? Жооп: Жалгыз Куранга гана карап түшүнүү мүмкүн эмес. Курани каримде Нахл сүрөсүнүн 14-ыйык аятынын маанисинде айтылат: “Таза эт жешиңер жана тагынчак чыгарып алууңар үчүн деңизди силерге моюн сундурган - Ал”. Ханафи мазхабы боюнча таза эттен максат желбеген деңиз жаныбарлары эмес бир гана балык жана балык сымалдар. Кайсы жаныбарлардын кантип жеш керек экендиги да төмөндөгүчө билдирилген: “Майта (тарп, өлүмтүк), кан, доңуздун эти жана Аллахтан башкасынын атына атап союлгандар силерге арам кылынды. Өлө элек болгонун мууздап алганыңардан башка, муунуп өлгөн, урунуп өлгөн, бийиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тарабынан тиштеп-тытып өлтүрүлгөн айбандардын эттери да арам”. (Маида, 3) Андан кийинки аятта дагы мууздап жатканда Аллахтын ысымын эстөө, башкача айтканда, бисмиллах айтуу керек экендиги билдирилүүдө. Майта – мууздалбастан, динге ылайык союлбастан өлгөн жаныбар, тарп дегендик. Бир жаныбар башка бир жаныбарды өлтүрсө динге ылайык мууздалбагандыгы үчүн аны жегенге болбойт. Аятка карай турган болсок, балыктын да мууздалышы керек экендиги түшүнүлөт. Бирок, балыктарды эч ким мууздабайт. Ошондой эле бисмиллах айтпай эле кармоого болот. Аятта айтылганга амал кыла турган болсок балыкты мууздабастан жана бисмиллах айтпастан жеген жаиз болбойт. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Балыкты мууздоо керек эмес”, жада калса,“Бисмиллах айтуу да керек эмес”, - деп айтууда. Балыктарды динамит менен же башка нерселер менен өлтүргөндө да жегенге болот. Жада калса, бир балык башка балыкты жесе эки балыкты тең жегенге болот. Ал эми арстан бир бугуну тиштеп өлтүрсө ал кийиктин этин жегенге болбойт. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын түшүндүрмөсү болбосо буларды Курани каримден түшүнүү мүмкүн эмес. Аятта кандын да арам экендиги билдирилип жатат. Көк боор дагы кан. Аятка карап көк боорду жеген арам деп айткан жахилдер да болгон. Пайгамбарыбыз алейхиссалам эки кандын адал экенин айткан. Бул эки кандын бирөөсү - көк боор, экинчи - боор. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Деңиздин суусу таза, майтасы (кандайдыр бир себептен улам өлтүрүлгөнү) адал” жана“Өзү өлүп калып, суунун үстүнө калкып чыккан балыкты жебе, суусу тартылып, ачыкта калып кетип өлгөн болсо аны же! Ушундай бир себептен улам деңизде өлүп калганды да же!” – деп билдирди. Суунун ичинде өзүнөн өзү өлүп, курсагы асманды карап калган балыкты жегенге болбойт. Ал эми тузак, тор, дары, ток, динамит же кандайдыр бир нерсе менен өлгөн балык желет. Суунун тартылып кургап калуусунан улам, ашыкча ысыктан же ашыкча сууктан улам өлгөн же куштар тарабынан өлтүрүлгөн, суунун ичинде байлап коюлгандыгы үчүн өлүп калган, муздун арасында кысылып калып өлгөн балыктар желет. Деңиздин ичинде өлгөн же суудан чыгарбай туруп келтек, союл сыяктуу нерсе менен чаап өлтүрүлгөн же бычак менен башы кесилген балыктар да желет. Таза болбогон суулардагы балыктарды жууп-тазалап жеш жаиз. Ууланган балыктын ичинен чыккан балык таза болсо желет.
(Уландысы бар...) |
Курани карим жана балык (2) Суроо: Бисмиллахсыз кармалган балыкты жегенге болобу? Жооп: Балык кармаган адамдын мусулман болуусу жана Бисмиллах айтып кармоосу шарт эмес. Суроо: Ичин тазалабастан скумбрия сыяктуу балыктарды кургатып жатабыз. Сардина балыктарын тууздап жатабыз. Мындай балыктарды жесе эч нерсе болбойбу? Жооп: Ичин тазалоо керек. (Тахтави) Суроо: Сууда өлгөн балыкты жесе эч нерсе болбойбу? Жооп: Балык өзүнөн өзү өлүп калган болсо оорудан улам өлгөн болушу мүмкүн. Ошондуктан, желбейт. Бирок, бир жерге кысылып калып же муздун арасында калып кетип же ток сыяктуу нерселерден улам өлгөн болсо желет. Суроо: Кайырмак менен балык кармоонун динибизде өкүмү кандай? Жооп: Кайырмак менен балык кармоонун зыяны жок. Динамит менен өлтүрүп кармоо дагы жаиз. Бычак менен кесип өлтүрүлгөн болсо да желет. Койлорду да бычак менен сойуу аларды кыйноого жатпайт. Суроо: Ичи тазаланбастан жасалган консерваны кийин жеп жатканда ичи тазалана турган болсо жеш жаизби? Жооп: Ооба, жаиз. Ичи тазаланбастан бышырылган балык желбейт. Бирок, туздалганын ичин тазалап жегенге болот.
Суроо: Балык жандуу кезде башын кесип тазалоо жаизби? Жооп: Өлө электе башын кесүү ылайыктуу эмес. Кесилген болсо да жеген жаиз.
Суроо: Дары менен өлтүрүлгөн балыкты жеген жаизби? Жооп: Адамга зыяны жок болсо жаиз.
Суроо: Балыктын ичинен чыккан икраны жегенге болобу? Жооп: Ооба, болот. (Барика) |
Сөөмөйдү көтөрүүСуроо: Намаз окуп жатканда ташаххудда шахадат манжасын (сөөмөйүн) көтөрүүгө, ишара кылууга болобу? Кээ бир адамдар бул маселе боюнча хадис бар деп сөөмөйүн көтөрүшүүдө. Бул жаизби (уруксатпы)? ЖООП:
Шафииде сөөмөйдү көтөрүү
сүннөт, Ханафиде жаиз эмес (болбойт, уруксат эмес.) Сөөмөйдү көтөрүүнү мужтахид
аалымдардын бир бөлүгү макрух, бир бөлүгү сүннөт дешкен. Динде бир эреже бар.
Бир иш сүннөт же макрух деп айтылган болсо ал иш аткарылбайт. Фатвалар
бири-бирине дал келбесе, б.а., (жаиз же жаиз эмес, адал же арам) деген сыяктуу
болгондо жаиз эмес жана арам деген фатваларга баш ийүү негиз болуп эсептелет.
Ушундайча, макрух же арам ишти кылуудан сактанган болот. Сүннөт же бидат делген
нерсени кылбоо керек экендиги Барика, Хадика жана Ибни
Абидиндебилдирилген. "Ишара кылуу сүннөт дегендер болгондой эле мустахаб дегендер да бар. Туурасы ишара кылуу – арам". (Фатава-и гараиб)
"Сөөмөй менен ишара кылууга болбойт. Фатва ушундай". (Гыясиййа, Беззазийа) "Ишара кылынбайт жана сөөмөй бүгүлбөйт. Фатва дагы ушундай. Мудмерат, Велвалжиййа, Хуласа жана дагы башка китептерде дагы ушундайча жазылган". (Жами-ур-румуз) "Сөөмөй
менен ишара кылынбайт. Фатва дагы ушундай". (Дурр-ул-мухтар)
Бардык
аалымдар: "Сөөмөйлөрдү күчүнүн жетишинче кыблага каршы кармоо
сүннөт. "Намазда ар бир дене мүчөңдү күчүңдүн жетишинче кыбылага
каршы карма" деген хадиси шариф муну ачыкча буйрук кылууда", -
дешкен. |
Соодалашуу сүннөт
Суроо: Алышуу-беришүүдө соодалашуу шартпы?
Жооп: Шарт эмес. Муктаждык бар болсо соодалашат. Соодалашуу – сүннөт. Алышуу-беришүүдө мусулмандын алданып калуусу жаиз эместиги сыяктуу алдоосу да жаиз эмес. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө: “Мусулманды алдаган бизден эмес”. (И. Рафии) “Бизди алдаган бизден эмес”. (Табарани) “Алдаган адам Бейишке кирбейт”. (Тирмизи) Жакырлардын товарын көбүрөөк акча менен сатып алуу керек, аларды кубантуу керек. Бирок, байдан товар алып жатканда алданып калуу сооп эмес, жаман. Малды зыянга учураткан болуп саналат. Мүмкүн болсо соодалашып, арзан алууга аракет кылуу керек. Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейн алган ар бир нерсесинде соодалашып, арызаныраак алууга аракет кылышчу. Алардан: “Бир күндө бир канча садага берип жатасыңар. Ал эми, бир нерсе сатып алып жатканда эмнеге көп соодалашып, өзүңөрдү чарчатып жатасыңар?” – деп сурашат. Ошондо алар: “Бергендерибизди Аллах ыраазычылыгы үчүн берип жатабыз. Канча көп берсек ошончо аз. Бирок, алышуу-беришүүдө алданып калуу акылдын жана малдын кем болуусунан”, - деп жооп беришти. (Кимя-и саадет)
Соодалашуу
Суроо: Соодалашуу сүннөт болгондуктан, биз ушул баага бересиңби десек, сатуучу макул болбосо эмне кылабыз?
Жооп: Соодалашуу сөзсүз арзан алуу дегендик эмес. Ушул баага бересиңби деп айтуу аркылуу соодалашкан болот, сүннөт орундалган болот. |
Өлүм азабын кимдер сезбейт? Суроо: Өлүм азабын ар бир адам сезеби? Жооп: Өлүм азабы дүнүйөдөгү азаптардын бардыгынан да катуураак. Бир ыймансыз уйку дарысын ичип же денесинин ар бир жерине наркоз берилгенден кийин өлсө да өтө катуу болгон өлүм азабын сезет. Бирок, салих момун ок жамгырынын астында калып кетсе да, бул азапты сезбейт. Хадиси шарифте айтылды: “Аллаху таалага ант берип айтамын, өлүм периштесин көрүү миң кылыч соккусунан да катуураак. Дагы Аллаху таалага ант берип айтамын, момун кулдун ар бир тамыры өлүм азабын сезмейинче жаны чыкпайт”. (Абу Нуайм) “Шейит өлүм азабын сезбейт”. (Байхаки) “Шейит өлтүрүлүү азабын болгону бүргө чаккандай сезет”. (Насаи) Өлүм азабы 70 жолу кылыч менен туурап салгандан да катуураак. Бирок. Аллаху таала сүйгөн кулдарына бул азапты сездирбейт. Өлүм азабы кабыр азабынын жанында эч нерсе болбой калат. Кабыр азабы махшар азабынын жанында эч нерсе болбой калат. Махшар азабы да Тозок азабынын жанында эч нерсе эмес. Салих момун өлүм азабын да, кабыр азабын да жана Тозок азабын да сезбейт. Сырат көпүрөсү Тозоктун үстүнө курулат. Сырат көпүрөсүнөн ар бир адам өтөт. Эки хадиси шарифтин мааниси: “Жакшы-жаман бардык адамдар (Тозоктун үстүнө курулган Сыраттан) өтүшөт. Ибрахим алейхиссаламга оттун салкын болгондугу сыяктуу, бир гана момунга салкын жана саламаттык болот. Тозок “Момундун нуру отумду өчүрүп жатат” деп кыйкырат. Андан кийин Аллаху таала такыбаа адамдарды куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа) “Кыяматта Тозок момунга “Тезирээк өткүн эй момун! Нуруң отумду өчүрүп коёт” деп кыйкырат”. (Табарани) Салих момун жаны чыгып жатканда ырайым периштелерин жана Пайгамбарыбыз алейхиссаламды көрүп, жан берүү азабын сезбейт. Бул таң калыштуу нерсе эмес. Мисалы, Мысыр аялдары Юсуф алейхиссаламдын сулуулугуна айран-таң калышып, өздөрүн толук унутуп коюшкандыктан колдорун кесип алгандыктарынан кабары да болгон жок эле. Өлүм азабынын катуулугу Суроо: Өлүм азабынын миң кылыч соккусунан да оор экендиги хадисте айтылган. Бул мусулмандарга да тийиштүүбү?
Жооп: Ооба, мусулмандарга да тийиштүү. Бирок, момундар бул азапты сезишпейт. Аллаху таала ар бир мусулманга өлөөрдө Расулуллах алейхиссаламды көргөзөт жана Анын сулуулугун көрүп, рухун кантип тапшырганын да билбей калат. Юсуф алейхиссаламды көргөн аялдар анын сулуулугунун жанында манжаларын бычак менен кесип салганын байкашпаганы сыяктуу, мусулмандар да өлүм азабын сезишпейт. Андай болсо туура ыйман менен өлүүгө аракет кылуу керек. |
Мусулмандар Тозокко киреби? Суроо: Муминун сүрөсүнүн “Сооп таразасы жеңил келгендер - өздөрүнө зыян кылгандар жана алар тозок отунда түбөлү калышат” маанисиндеги 103-аяты Тозокко кирген мусулмандардын деле түбөлүк Тозокто кала тургандыктарын көрсөтүп жатпайбы? Жооп: Жок, Тозокто түбөлүк кала тургандар ыйман келтирбегендер. Күнөөсү көп болгон мусулмандар кечиримге жана шапаатка жетпей турган болушса, жазасына жараша Тозокто калышат. Бул жаңылыш пикир - мэъал (Курандын котормосун) окуунун, Курани каримден жеке көз карашы менен маани чыгаруунун натыйжасы. Ар бир адам Тозокко кирет. Кээ бирөө эч кандай азап тартпастан чыгат, кээ бирөө аз, кээ бирөө көп, бишка бирөө да түбөлүк калат. Бир ыйык аяттын мааниси: “Араңарда Тозокко кирбей турган эч ким жок. Бул Раббиң анык өкүм кылган иш. Аллахтан корккондорду ал жерден куткарат, заалымдарды (капырларды) да чөгөлөгөн абалда ал жерде калтырабыз”. (Мариям 71, 72) “Ыйман келтирип, ыймандарына ширк аралаштырбаган адамдар Тозокто түбөлүк калышпайт. Алар үчүн бул коркуу жок”. (Анъам 82) Тозокко кирип, ал жерден чыккан адам түбөлүк бейиштик. Бир ыйык аяттын да мааниси төмөндөгүчө: “Ар бир инсан өлүмдүн даамын татат. Кыямат күнү сооп-сыйлыгыңар силерге толук-түгөл берилет. Ал эми, Тозоктун отунан четтетилип, Бейишке киргизилген адам чындыгында кутулган болот”. (Али Имран 185) Ыйык аяттарды түшүндүрүп берген Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат: “Аллаху таала ыйман ээлерине Тозокто күнөөлөрүнө жараша азап берет. Анан ыймандары себептүү түбөлүк Бейишке киргизет”. (Абу Нуайм) “Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар болгон адам Тозокто түбөлүк калбайт жана Тозоктон чыгарылат”. (Бухари, Муслим) “Тозокко киргендердин бир бөлүгү же өлүп кутулбайт, же азаптан кутулбайт, же тирилбейт. Бир бөлүгү да өлүп, көмүргө айланып калат. Ошол кезде шапаатка уруксат берилет. Алар Бейиштин жээктерине чейин алып келинет. Бейиш элине: “Буларды өмүр өзөндөрүндө жуунткула”, - деп айтылат. Жуундурулгандан кийин жаңы өнүп чыккан өсүмдүк сыяктуу тирилишет”. (Муслим, Ибни Мажа, Дарими) “Тавхид элинен кээ бирлери күнөөлөрүнөн улам Тозокко киришкенде бутка сыйынгандар аларга: “Аллахка ишенгениңердин силерге пайдасы болгон жок” деп айтышканда, Аллаху таала каарданат. Ыйман элин Тозоктон чыгарып, өмүр өзөнүндө жуунтат. Таптаза болуп Бейишке киришет”. (Абу Нуайм) “Жакшы-жаман ар бир адам Тозокко кирет. Жалгыз момунга гана салкын жана саламаттык болот, Ибрахимге оттун салкын болгондугу сыяктуу. Аллах такыбаа кишилерди куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа) “Шапаат кылганды улантамын жана шапаатым кабыл да болот. “Йа, Рабби! Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп айткан ар бир адамга шапаатымды кабыл кыла көр”, - деп айтамын. Ушинтип кымындай ыманы бар болгон бир адам Тозокто калбайт”. (Дайлами) “Сансыз көп адам Тозокко кирет. Мага болсо шапаат кылууга уруксат берилет. Саждага жыгылып шапаат тилеймин. Ошол кезде: “Башыңды көтөр, шапаатың кабыл болду”, - деп айтылат”. (Табарани) “Аллахка ант берип айтамын, Тозокко кирген момун ал жерде 80 жылдай калмайынча чыкпайт”. (Дайлами) Имам Раббани хазреттери да айтат: “Ыйман эли күнөөлөрү себептүү Тозокко киргенде беттери кара болбойт жана чынжырга байланбайт. Жазаларын өтөп бүткөн соң Тозоктон чыгарылат”. (2/67) |
Тозок күйгүзбөйбү?
Суроо: “Акыйдасы туура болгон момун Тозокко кирсе дагы азап көрбөйт”, - деп айтылууда. Бул туурабы? Жооп: Ооба, туура. Имам Раббани хазреттери акыйдасы туура, башкача айтканда, Ахли сүннөт акыйдасында болгон жана куфурга түшүп калбаган момундардын күнөөлөрү көп болсо да, Тозокко такыр кирбей тургандыктарын билдирүүдө. “Такыр кирбейт” дегени “Кирсе дагы азап көрбөйт” дегендик. Үч хадиси шариф: |
“Жакшы-жаман бардык адамдар (Тозоктун үстүнө курулган Сыраттан) өтүшөт. Ибрахим алейхиссаламга оттун салкын болгондугу сыяктуу, бир гана момунга салкын жана саламаттык болот. Тозок “Момундун нуру отумду өчүрүп жатат” деп кыйкырат. Андан кийин Аллаху таала такыбаа адамдарды куткарат, заалымдарды болсо ал жерде түбөлүк калтырат”. (Ибни Мажа) “Кыяматта Тозок момунга “Тезирээк өткүн эй момун! Нуруң отумду өчүрүп коёт” деп кыйкырат”. (Табарани) |
“Момундарга Тозоктун ысыгы мончонун ысыгы сыяктуу болот”. (Абу Нуайм) Ишенген жана моюн сунган адамга эмне үчүн азап кылынат? Суроо: Ыйман келтирип, буйруктарды орундап, тыюулардан сактангандарга акыретте азап болобу? Жооп: Жакшылык кылганга рахмат айтыла турганын ар бир адам билет. Бул адамгерчиликтен. Жакшылык кылгандарга сый-урмат көрсөтүлөт, немат ээлери улуу деп билинет. Ошондуктан да, ар бир нематтын чыныгы ээси болгон Аллаху таалага шүгүр кылуу адамгерчиликтен. Наса сүрөсүнүн 147-аятынын маанисинде: “Аллахтын нематтарына шүгүр кылып жана ыйман келтирсеңер Аллах силерге эмнеге азап кылсын?” – деп билдирилүүдө. Аллаху таала карим жана рахим болгондой, азабы да катуу. Бул дүнүйөдө көп адамдарды жакырчылык жана кыйынчылыктарда жашатып жаткандыгы көрүлүүдө. Канча-канча кулдарын такыр тартынбастан азаптарда жашатууда. Өтө карим жана раззак экендигине карабастан, дыйканчылыктагы кыйынчылыктар тартылбай турган болсо бир бөлүк да нан бербөөдө. Ар бир адамды жашаткан Ал болгонуна карабастан жебеген, ичпеген адамды жашатпоодо, дары колдонбогон оорулууга шыпаа бербөөдө. Жашоо, ооруп калбоо жана мал-мүлк ээси боло алуу сыяктуу дүнүйө нематтарынын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашпагандарга ырайым кылбастан, дүнүйө нематтарынан куру калтырган. Акырет нематтарына жетүү дагы ушундай. Четке кагып ишенбөөнү жүрөктү жана рухту өлтүрүүчү уу кылган. Жалкоолук да рухту оору кылат. Буларга дары колдонулбай турган болсо рух ооруга чалдыгат, өлөт. Четке кагып ишенбөөнүн жана жахилдиктин жалгыз дарысы – бул илим. Жалкоолуктун дарысы да – бул ар ибадатты орундоо. Бир адам дүнүйөдө уу ичсе жана Аллах рахим, уунун зыянынан мени коргойт десе, ооруп калат жана өлөт. Диабет менен ооруган киши да таттуу жана камырдан жасалган тамактарды жесе оорусу күчөйт. Маъун сүрөсүнүн маанисинде айтылат: “Эй, Расулум! Кыямат күнүн четке каккан, жетимдерге оройлук көрсөтүп жана кыйнап акыларын тартып алган, жакырларды тойгузбаган жана башкаларды да жакырларга жакшылык кылууга үгүттөбөгөн ошол адамды көрдүң беле? Намаздарын гафилдик менен окугандарга жана рия кылгандарга, мактангандарга жана зекетин бербегендерге катуу азап бар”. Аллаху тааланын билдиргендерине ыйман келтиргендер, буйруктарын орундап, тыюуларынан сактангандар дүнүйөдө да, акыретте да рахатта бөлөнүшөт. Четке кагып ишенбегендер, каршы чыккандар болсо азап тартышат. Нахл сүрөсүнүн 33-аятынын маанисинде айтылат: “Аллаху таала кулдарына зулумдук кылбайт. Алар өздөрүн азапка, жапаага сүйрөгөн бузук пикирлери, жаман амалдары менен өздөрүнө зулумдук жана жапаа кылышууда”. |
Акыйдасы жаңылыш болгондордун жагдайы Суроо: Акыйдасында, ыйманында жаңылыштык бар болгондор четке кагып ишенбегендер сыяктуу Тозокто түбөлүк калышабы? Жооп: Бул маселеге байланыштуу Имам Раббани хазреттери Мактубат китебинде айтат:
“Хадиси шарифте бул үммөттүн 73 топко бөлүнө турганы, алардын 72 тобунун Тозокко кете тургандыктары билдирилди. Бул хадиси шариф 72 топтун Тозок отунда азап көрө турганын билдирүүдө. Тозокто түбөлүк калат деп билдирген эмес. Тозок отунда түбөлүк азапта калуу ыймансыздар (капырлар) үчүн. 72 топ акыйдасы бузук болгондугу үчүн Тозокко кирет жана акыйдасындагы бузуктукка жараша калат. 73-болгон бир топтун акыйдасы туура болгондуктан Тозок отунан кутулат. Бул топто болгон адамдардын арасында жаман иш кылгандар бар болсо жана ал жаман иштерине тообо жана истигфар кылбаган болсо же шапаат менен кечирилбеген болсо, алардын да күнөөлөрүнө жараша Тозокто калуулары жаиз. 72 топтон болгондордун бардыгы Тозокко кирет. Бирок, эч бири түбөлүк калбайт. Бир топто болгондордун бардыгы Тозокко кирбейт. Булардан жалгыз жаман иш кылгандар гана Тозокко кирет. Тозокко кире тургандыгы билдирилген 72 бидат топтору Ахли кыбыла болгондугу үчүн алардын баарына ыймансыз деп айтпаш керек. Деген менен булардын динде ишенүү зарыл болгон нерселерге ишенбегендери жана Ислам өкүмдөрүнөн бардык мусулмандар уккан, билген нерселердин тавилин билбестен четке каккандары ыймансыз болот. Ахли сүннөт аалымдары билдиришет: “Бир мусулмандын бир сөзүнөн же бир ишинен жүз нерсе түшүнүлсө, булардын токсон тогузу ыймансыздыкка себеп болсо жана бирөөсү гана мусулман экенин көрсөтсө, бул бир нерсени түшүнүү, аны ыймансыздыктан куткаруу керек”. Бардык нерсенин туурасын Аллаху таала билет. Эң бекем сөз - Анын сөзү”. |
Перзенттин күнөөлөрү менен сооптору Суроо: Бир перзенттин алган сооптору эне-атасына да жазылат экен. Күнөөлөрү да жазылабы? Кабылдын кылган кунөөлөрү атасы Адам алейхиссаламга да жазылабы? Жооп: Ооба, перзенттин тапкан сооптору мусулман эне-атасына да жазылат. Күнөө кылууну үйрөткөн эне-атага баласынын күнөөсү да жазылат. Ибадатты үйрөтсө анын сообу да эне-атасына жазылат. Хадиси шарифте: “Бир мусулмандын перзенти ибадат кылганда тапкан сообу канча болсо ошончо сооп атасына да берилет. Бир адам баласына күнөө ишти үйрөтсө, ал бала канчалык күнөө кылса ошол күнөөнү үйрөткөн атасына да ошончолук күнөө жазылат”, - деп билдирилди. (С. Эбедиййе) Күнөөнү үйрөтпөгөн Хазрети Адамга бир тууганын өлтүргөн Кабылдын күнөөсү жазылбайт. Пайгамбарлар күнөө кылышпайт. Бирөөнүн күнөөсү башкасына жазылбайт. Хадиси шарифте: “Эч ким башка бирөөнүн күнөөсүн албайт”, - деп билдирилди. (Хаким) Курани каримде ошол маанидеги бир ыйык аяттын мазмуну төмөндөгүчө: “Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөө жүгүн көтөрбөйт”. (Анъам, 164) Элди адаштыргандар, адашуучулукта алдыда болгондор өздөрүнүн күнөөлөрүн ала тургандыктары сыяктуу ошол адамдардын да күнөөлөрүн алышат. (Нахл, 25, Байдави) Бир адам кандайдыр бир жакшылыкты кылууга алы жетпей жаткан болсо, бирок, ошол жакшылыктын кылынуусуна себеп боло турган болсо, ошол жакшылыкты кылгандай сооп алат. Хадиси шарифте айтылды: “Жакшылыкка себепчи болгон адам ошол жакшылыкты кылгандай сооп табат”. (Байхаки) Суроо: Салих (жакшы) перзент тарбиялап чоңойтон адам анын пайдасын өлгөндөн кийин дагы көрөбү? Жооп: Албетте, көрөт. Момундардын ыкылас менен кылган жакшы иштеринин сооптору Кыяматка чейин алардын амал дептерине жазылат. Хадиси шарифтерде айтылат: “Адам өлгөндөн кийин амал дептери жабылат. Бирок, мына бул үчөө андай эмес: Садака-и жария, пайдалуу илим жана артынан жакшы дуба кылуучу салих перзент калтырган адам”. (Бухари) “Өлгөндөн кийин сообу токтобогон жакшы иштердин бири да салих перзент жетилдирүү. Эне-атасы өлгөндөн кийин андай перзенттин кылган дубалары эне-атасына жетип турат”. (Муслим) “Төмөндөгү жети нерсени кылган адам өлгөндөн кийин да токтоосуз сооп табат: 1 – (Динге ылайыктуу) илимий бир эмгек жазган, 2 – Суу чыгарып берген, 3 – Суу кудугу казып берген, 4 – Бир хурма дарагы тиккен, 5 – Бир мечит салган, 6 – Бир Мусхаф жазган, 7 – Өлгөндөн кийин артынан дуба кыла турган салих бир перзент жетилдирген адам”. (Байхаки, Абу Давуд) Суроо: Балагат жашына толбогон мусулман перзент күнөө кылса күнөө жазылабы? Же куфурга себеп болгон сөздөрдү колдонсо ыйманы кетеби? Жооп: Балагат жашына толбогон бала али мукаллаф (жоопкер, милдеттүү) эмес. Күнөө жазылбайт. Куфур сөз айтса капыр болуп калбайт. Эне-атасы күнөө, куфур болгон нерселерди кылдырбашы керек. Антпесе эне-атага күнөө болот. |
Жакшы перзенттин пайдасы Суроо: Перзенттин жасаган жакшылыктарынын ыймансыз өлгөн эне-атасына да пайдасы болобу? Жооп: Албетте, пайдасы болот. Эки хадиси шариф: “Куран окуган адамдын эне-атасы капыр болсо дагы азаптары жеңилдейт”. (Танбих-ул-гафилин) “Бисмиллах жазылган бир кагазды буттун астында тебеленбесин деп урмат менен жерден көтөргөн адам сыддыктардан деп жазылат. Эне-атасы капыр болсо дагы азаптары жеңилдейт”. (И. Суюти) Баланын сындырган нерсесин төлөө Суроо: Баланын сындырган нерсесин эне-атасы же велиси (опекуну) төлөөгө тийишпи? Жооп: Бала бирөөнүн бир нерсесин зыянга учуратса баланын мүлкүнөн төлөнөт. Баланын мүлкү жок болсо мүлкү богонго чейин күтүлөт. Велиси төлөөгө мажбур эмес. (Межелле, 916-пункт) Бирок, мумаййиз (акылдуу, жакшы-жаманды айырмалай алган) бала бир нерсени зыянга учуратса төлөйт. Бир бала сатып алган бир нерсенин жеке мүлкү боло турганын жана сатканда жеке мүлкүнөн чыга турганын түшүнсө, мындай баланы мумаййиз, башкача айтканда, акылдуу бала деп атайт. Суроо: Эне-ата күнөө болгон бир нерсени жаш балдарына жасатса бул күнөө балагабы же эне-атасына жазылабы?
Жооп: Улууларга, башкача айтканда, эне-атага арам болгон нерселерди өз перзентине да жасаткан адам арам, күнөө кылган болот. |
Жиндер Бейишке киришеби? Суроо: Жиндерди четке кагып ишенбеген адам капыр болобу? Жиндер дагы Бейишке киришеби? Жооп: Жиндер ар кыл формага кире алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат. Мусулман жана капырлары болот. Алар да динге моюн сунууга милдеттүү. Бар экендиктери Курани карим менен хадиси шарифтерде айтылган. Четке кагып ишенбеген адам капыр болот. Курани каримде, ыйык аяттардын мындайча төмөдөгүчө билдирилет: “Мен жиндер менен инсандарды бир Өзүмө гана ибадат кылышсын деп жараттым”. (Зарият, 56) “Тозокту инсан жана жиндер менен толтурамын”. (Худ 119, Сажда 13) “Жана бир кезде бир жамаат жиндерди Курани каримди угуш үчүн сага жиберген элек”. (Ахкаф, 29) Ибни Масуд хазреттери билдирет: “Түндөрдүн биринде Расулуллах биз менен бирге эле. Бир кезде көздөн кайым болду. Ар жакты издедик, бирок, таба алган жокпуз. Ошол түндү убайым менен өткөрдүк. Таң атканда Хира тараптан келе жатканын көрдүк. “Йа, Расулаллах, сизди издедик”, - деп айттык. “Мага жиндерден бирөө чакырып келиптир. Аны менен бирге кеттик. Аларга Курани карим окудум”, - деп жооп берди. (Тафсир-и Куртуби) Бир хадиси шарифте: “Азан окуп жатканыңарда үнүңөрдү бийигирээк кылып окугула! Анткени, азан окуган адамдын үнүн уккан бардык адамдар менен жиндер Кыяматта ага күбөлүк кылышат”, - деп билдирилди. (Бухари) Жиндер тууралуу кавилдер: Жиндердин капырлары бардык аалымдардын пикирлеринче Тозокко киришет. Момун жиндер тууралуу ар түрдүү кавилдер бар: 1 – Адамдар сыяктуу мамиле көрүшөт. 2 – Тозокко киришпейт, топуракка айландырылат. 3 – Бейиштин “Рабад” делген жеринде болушат. Дүнүйөдөгүнүн тескериси болот. Тактап айтканда, адамдар аларды көрүшөт, бирок, алар адамдарды көрө албайт. Жиндер көп жолу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын даргейине келип тыңдашкан. Расулуллах аларга Рахман сүрөсүн таблиг (насаат) ниетинде окуган. “Эй, инсандар менен жиндер, Раббиңердин кайсы нематтарын четке кага аласыңар?” сөзү өткөн ыйык аяттан кийин: “Раббибиздин эч бир нематын четке кага албайбыз, эй, Раббибиз сага хамд болсун”, - дешкен болчу. Бул сүрө алардын да диний буйрук жана тыюуларга милдетүү экендиктерин ишарат кылат. Анткени, бул сүрө “Сакалайн” (инсан менен жинге) карата айтылууда. Курани карим аяттары менен хадиси шарифтер алардын да сыйлык жана жаза үчүн тирилтиле турушканын ишарат кылууда жана момундарынын Бейишке, капырларынын болсо Тозокко кете турганы белгилүү болууда. Имам Бухари хазреттери айтат: Жин сүрөсүнүн: “Чындыгында биз туура жолго баштаган Курани каримди укканыбызда ага ыйман келтирдик. Раббине ыйман келтирген бахстан жана рахактан коркпойт”, - деген маанидеги 13-аятындагы бахс – сыйлыктын кем берилүүсү, рахак – татыктуу болбогон жазаны көрүү дегендик. Бул ыйык аят алардын жакшылыктарына жооп катары сыйлыктарынын кемитилбестен бериле турганына жана күнөөлөрүнө карата артыкча жаза берилбей турганына ишарат кылат. (Авн-ул-мурид) |
Жиндердин зыяндары
Суроо: Жин адамга зыян тийгизеби, адамдын келбетине кире алабы? Зыянынан коргонуу үчүн эмне кылуу керек?
Жооп: Там Илмихал Сэадети Эбедиййе китебинде кыскача айтылат: Жиндердин мусулман болгондору жана болбогондору бар. Мусулман болгон жиндерден адамга эч кандай зыян келбейт. Булар бир гана ибадат кылышат. Ахли сүннөт аалымдары аларды таанышат. Салих адамдар сыяктуу көрүнүшөт жана маектешишет. Капыр жиндер адамдарга ар түрдүү көрүнүштө зыян тийгизет. Адамдардан айрылбастан ар түрдүү формага кире алышат. Мисалы, микроп формасына кирип, адамдын тамырларында айланып жүрөшөт. Бир гана момундун жүрөгүнө кире алышпаса да жүрөгүнө васваса беришет. Эчкинин, жыландын, мышыктын формасына киришкендиги көп көрүлгөн. Капыр жиндер жакшы адамдын формасына дагы кирип, жакшы жана пайдалуу нерселерди да кылышат. Капыр жана фасыктар менен достошкондо такыр айрылбастан аларды күнөөгө жана куфурга үндөшөт. Жиндер менен шайтандар түштө да көрүлүшү мүмкүн. Сулуу көрүнүштө көрүнүп, ихтиламга себеп болушат. Ар бир адамдын капыр бир жин досу болот. Периштелер адамдарды жиндердин зыянынан коргошот. Аяти карима жана дуба окуп, Аллаху таалага сыйынгандарга да жиндер эч нерсе кыла алышпайт. Адамдарга оорулардын дабаларын жана керектүү дарыларды үйрөтүшкөндүгү, талма оорусуна чалдыккан адамдын денесине кирип, ага зыян тийгизгендиги, адамдарга назарларынын тийгендиги тууралуу окуялар китептерде жазылган. Жиндер үч топто болушат: 1 – Шамал жана аба сыяктуу болгондор. 2 – Жердеги коңуз жана курт-кумурскалар сыяктуу болгондор. 3 – Диндин буйрук жана тыюуларына амал кылуу менен милдеттүү болгондор. Буларга эсеп жана азап бар. Жин от менен абадан жаратылгандыгы үчүн абдан жеңил болот, өтө ылдам кыймылдайт, жеңил эле тийип кетүүдөн өлүп калат. Өмүрлөрү кыска, диний илимдери аз жана текебер болушат, бири-бирилери менен дайым мушташып, согушушат. Жиндин өлүмү жер бетинен кайым болуу менен ишке ашат. Карылары жашарат, жаш балага айланышат жана өлүп жер бетинен жок болушат. Капыр жиндер жинчи жана сыйкырчылар тарабынан көргөзүлгөн адамдарга сыйкыр кылышат. Хадика китебиндеги ыйык хадисте: “Сыйкыр кылган, кылдырган жана ага ишенген адам бизден эмес”, - деп билдирилүүдө. Жинчилер, төлгөчүлөр жана жылдыз нааманы карап, суралган бардык суроолорго жооп берген адамдар сыйкырчы тобуна жатат. Мындай адамдарга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү, кээде туура чыгып калса да, Аллахтан башкасынын бардык нерсени биле тургандыгына жана каалаган бардык нерсесин кыла тургандыгына ишенүү болот жана бул куфур. Өткөн нерселерди жинден суроо жаиз. Келечекте боло турган нерселерди суроо жаиз эмес. Анткени, келечек менен кайыпты жалгыз Аллаху таала гана билет. Капыр жиндер калпычы болушкандыктан болуп өткөн нерселерди көрбөгөн болушса да көрдүк деп айтышы мүмкүн. Жинчиге барып, адамды жинден куткара тургандыгына ишенип, ага акча берүү жаиз эмес. Жинден кутулуу үчүн эң таасирдүү курал - Калима-и тамжит (Ла хавла ва ла куввата илла биллахил ълиййил ъазыйм) жана истигфар дубасы. Бул дубаларды окуган адамдан жиндер качышат жана сыйкыр бузулат. Жин мектубу делген дубаны дайым жанында алып жүргөн жана үйүндө сактаган адамга жин келбейт, ээлеп алган жин дагы кетет. Аятал күрси, Ихлас, Муаввизатайн жана Фатиха сүрөлөрүн дайым окуп жүрүү да адамды жинден коргойт. Бул ыйык аяттарды окуп, бул мектупту жанында алып жүрүп, шыпаа аяттарын окуп жана жазып суусун ичип пайдаланууну каалагандардын Ахли сүннөт акыйдасына шайкеш болгон туура ыйман ээси болуулары шарт. Буларды жазган жана колдонгон адамдын акыйдасы туура болбосо жана арам иштерди кыла берсе пайдасын көрбөйт. Жин жана шайтандын жамандыгынан кутулуу үчүн жана талма оорусуна, сыйкырга каршы коргоочу аят делген “айат-ы хырзды” 7 күн окуу керек жана бул аяттарды алып жүрүү керек. Олуянын рухтары, көрүнүп же көрүнбөй, сүйгөндөрүнө пайдалуу болот жана жамандыктардан коргойт. Аларды таанууга, сүйүүгө жана алардын да сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылуу керек. (Кеңирээк маалымат үчүн Сэадети Эбедиййе китебин кароо керек.) Жин менен шайтан Суроо: Жин менен шайтандын жаратылышы жагынан эмне айырмачылыгы бар?
Жооп: Шайтан да жин сыяктуу от менен абадан жаратылган. Бирок, жинде аба, шайтанда болсо от көбүрөөк. Жиндердин капырлары бар болгондугу сыяктуу мусулмандары да бар. Шайтандардын бардыгы капыр. (Кашкул рисаласы) |
Истигфар кылуу
Суроо: “Өлүүлөрүңөр үчүн истигфар кылгыла!” - деп айтылууда. Өлүүлөр үчүн кантип истигфар кылынат? Истигфар кылуу менен истигфар окуу бөлөк нерселерби? Жооп: Ооба, бөлөк нерселер. Истигфар окуу “Астагфируллах” деп айтуу же истигфар дубасын окуу. Истигфар кылуу кайрымдуулук, жакшылык кылып, күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себепкер болуу дегендик. Сообу өлгөндөр үчүн деп курмандык чалуу, Куран окуу, мечит салуу жана суу чыгаруу сыяктуу кайрымдуулук иштерин кылуу же башкасына кылдыруу истигфар кылуу болот. Бир киши: “Йа, Расулаллах, кайтыш болгон эне-атамдын күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн эмне кылышым керек?” – деп сурады. Ага: “Алар үчүн дуба кыл, Куран оку жана истигфар кыл!” – деп жооп берди. (Эй, Балам, Илмихали)
Күнөөгө себепкер болуу
Суроо: Бир аят жана бир хадисте: “Бирөө башка бирөөнүн күнөөсүнүн азабын тартпайт”, - деп айтылып жатканда башка бир хадисте: “Жамандыкка себепкер болгон адам ал жамандыкты кылгандын күнөөсүнүн азабын тартат”, - деп айтылууда. Бул бири-бирине кайчы эмеспи? Муну кандай түшүнсө болот? Жооп: Бири-бирине кайчы эмес. Акыркы хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө: “Динибизде бир “Сүннөтү хасана” чыгарган (жакшы бир жол ачкан) адам анын сообун жана аны менен амал кылгандардын сообун алат, ал жол менен кеткендердин сообунан да эч нерсе кемибейт. Кимде-ким динибизде бир “Сүннөтү саййиа” чыгарса (жаман бир жол ачса) анын күнөөсү жана ал жол менен кеткендердин күнөөлөрү да ага берилет. Ал жаман жол менен кеткендердин кунөөлөрүнөн да эч нерсе кемитилбейт”. (Муслим) Бир ыйык хадисте жакшылыкка себепкер болгон адамдын сооп ала тургандыгы, жамандыкка себепкер болгон адамдын күнөө ала тургандыгы билдирилүүдө. Күнөөгө себепкер болгон адам өзүнүн күнөөсүнүн азабын тартат. Күнөө кылган адамдын күнөөсү кемибейт, анын күнөөсү башкасына жүктөлбөйт. Күнөөгө себепкер болгон адам дагы ошол эле күнөөгө орток болууда. Эч ким башка бирөөнүн күнөөсүнүн азабын тартпайт, ар бир адам кылган күнөөсүнүн азабын тартууда.
Муртад болуп өлсө
Суроо: Бир адам бизге дуба кылса, акыларын кечирип, соопторун багыштаса, кийин өзү муртад болуп өлсө, анын бизге багыштаган сооптору бизден кайра алынабы? Жооп: Жок, кайра алынбайт.
Куран окуп багыштоо
Суроо: Окуган Курани каримди кимдерге багыштаган туура болот? Жооп: Алгач Пайгамбарыбыз алейхиссаламга, башка пайгамбарларга, Ахли байтка, кутман сахабаларга, табииндерге, мазхаб имамдарыбызга, Силсилаи алиййага, машайыхы изамга жана бардык момундарга багыштап, белек кылган жакшыраак болот. |
Тилават саждасы (1)
Суроо: Сажда аяттары кайсы сүрөлөрдө? Жооп: Төмөндөгү сүрөлөрдө. Жанына аяттын номурлары да жазылган:
Аъраф 206, Раъд 15, Нахл 49, Исра 107, Мариям 58, Хаж 18, Фуркан 60, Намл 25, Сажда 15, Саад 24, Фуссилат 37, Нажм 62, Иншикак 21, Алак 19.
Суроо: Тилават саждасы эмне, качан жана кантип кылынат? Жооп: Оңой түшүнүлүүсү үчүн пункттар менен билдирели: 1 – Тилават – Куран окуу дегенди билдирет. Сажда аяты окулганда кылынган сажда тилават саждасы деп аталат. 2 – Намаз окуусу парз болгон бир адам Курани каримде болгон 14 жердеги сажда аятынын бирин окуса жана укса, маанисин түшүнбөсө дагы бир сажда кылуусу важип. 3 – Тилават саждасын кылуу үчүн ниет кылынат. Ниет шарт. Ниетсиз сахих болбойт. Даараттуу болуп, кыбыланы карап өйдө туруп, колдорун кулактарына көтөрбөстөн Аллаху акбардейт жана сажда кылат. Саждада үч жолу Субхана раббиял-аъла деп айтат. Анан Аллаху акбар дейт жана өйдө турат. Ушинтип сажда тилаваты орундалган болот. 4 – Сажда аятын уккан жунуп же дааратсыз киши жуунгандан кийин тилават саждасын кылат. Бирок, хайз жана нифас абалындагы аялга тазалангандан кийин да тилават саждасын кылуу керек эмес. 5 – Бир отурушта бир сажда аятын бир канча жолу окуган жана уккан адам бардыгы үчүн бир сажда кылат. 6 - Бир отурушта канча сажда аяты окулган болсо ошончо тилават саждасын кылуу керек. Мисалы, үч сажда аяты окула турган болсо үч сажда керек. 7 - Намаз окуп жатканда сыртта бирөөнүн окуган сажда аятын угуп калган адам намаздан кийин тилават саждасын кылат. 8 – Намазда окуганда дароо бөлөк руку же сажда кылып, өйдө турат. Окуусун улантат. Сажда аятын окугандан эки-үч аят кийин намаздын рукусуна ийилсе жана тилават саждасына ниет кыла турган болсо намаздын руку же саждалары тилават саждаларынын ордуна өтөт. 9 – Сажда тилаватынын казасы чукул эмес. Кечиксе күнөө болбойт. Бирок, эч кандай себепсиз, зарылдыксыз кечиктирүү танзихан макрух. (Уландысы бар...) |