Тафаккур деген эмне? (1)

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Sep 22, 2025, 2:59:49 AMSep 22
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Тафаккур деген эмне? (1)

 

Суроо: Тафаккурдун диндеги орду кандай?

ЖООП: Тафаккур динибизде маанилүү ибадаттардын бири. Тафаккур – күнөөлөрү, макулуктар жана өзү тууралуу ойлоонуу, ой жүгүртүү, Аллаху таала жараткан нерселерден ибрет (сабак) алуу. Курани каримде жакшылар макталганда мындай деп айтылат:

"Алар турганда, отурганда, жамбаштап жаткан абалында да дайыма Аллахты эстешет, асмандардын жана жердин жаратылуусу жөнүндө терең ой жүгүртүшөт. Алар: "Оо, биздин Раббибиз, Сен буларды жөн жараткан жоксуң. Сен [бекер, маанисиз нерселерди жаратуудан] муназзахсың (аруусуң). Бизди Тозок азабынан сактай көр”, - дешет.” [Аал-и Имран, 191]

Хадиси шарифтерде дагы мындайча айтылат:

"Аллаху тааланын улуулугу, Бейиш жана Тозок жөнүндө бир көз ирмем тафаккур кылуу (ой жүгүртүү) түндү ихйа кылгандан (тирилткенден) жакшыраак.” [Абушшейх]

"Тафаккур – ибадаттын жартысы.” [И. Газали]

"Тафаккур сыяктуу баалуу ибадат жок.” [Ибни Хиббан]

"Бираз тафаккур бир жылдык [нафил] ибадаттан баалуураак.” [К. Саадат]

("Асмандар менен жердин жаралышында, түн менен күндүн алмашып турушунда [узарып, кыскарышында] акылдуу адамдар үчүн албетте ибрет берүүчү далилдер бар” [А. Имран, 190]  аяты бар кезде мен кантип ыйлабайын? Бул аятты окуп туруп тафаккур кылбаган адамга убалдар болсун!) [И. Хиббан]

"Аллаху тааланын жараткандары тууралуу ойлонгула, Анын заты тууралуу ойлонбогула!” [Байхаки]

"Унчукпоосу тафаккур, кароосу ибрет болуп, көп истигфар кылган адам кутулат.” [Дайлами]

Аалымдар айтышат:

Тафаккур – адамды билимдүү кылат. Билимдүү болгон адам болсо амал кылат. (Вахб бин Мунаббих)

Тафаккур - жакшылык менен жамандыгыңды көрсөтүүчү күзгү. (Фудайл бин Ияд)

Аллаху тааланын улуулугун ойлогон адам Ага каршы чыга албайт. (Бишр-и Хафи)

Тафаккур зээнди ачат. (Имам-и Шафии)

Дүнүйөнү ойлонуу акыретке парда. Акыретти ойлонуу гафлеттен куткарып, хикметти (даанышмандыкты) сүйлөтөт. (Абу Сулайман Дарани)


(Уландысы бар...)




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages