islamd...@gmail.com |
Афали мукаллафин (1)
Ыймандуу, акылдуу, балагатка жеткен эркек жана аял адам "мукаллаф" (милдеттүү) деп аталат. Ислам динин билдирген буйрук жана тыюулар "Ахками исламия", башкача айтканда, "Ислам өкүмдөрү" деп аталат. Ислам өкүмдөрүн үйрөтүүчү илим фикх деп аталат. Алар буйруктар, тыюулар жана мубахтар болуп үчкө бөлүнө тургандыгы сыяктуу, парз, важиб, сүннөт, мустахаб, мубах, харам, макрух, муфсид болуп сегизге бөлүнөт. Булар "афал-и мукаллафин" (мукаллафтын милдеттери) деп да аталат. 1. Парз: Курани каримде аткарылуусу ачык буйрук кылынган нерселер парз деп аталат. Парз – күмөнсүз далил менен белгилүү болгон, башкача айтканда, аяттан анык түшүнүлө турган болуусу керек. Ага ишенбеген жана маани бербегендер капыр болот. Ыйман келтирүү, даарат алуу, намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, ажылыкка баруу, гусул алуу, өзүнө керектүү илимди үйрөнүү – ушуга жатуучу амалдар. Парздын үч түрү бар: 1. Фарзы даим, фарзы муаккад жана фарзы алал-кифая. Фарзы даим – "Аманту биллахи”ни аягына чейин жаттап, маанисин түшүнүп, ар дайым ишенип жүрүү. Ыйман тууралуу илим "келам илими" деп аталат. Фарзы муаккад – убакыты келгенде орундай турган парз амалдары. Мисалы, беш убак намаз окуу, Рамазан айында орозо кармоо, жашоосуна кажет болгон диний жана дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүү сыяктуу. Фарзы алал кифая – элүү же жүз адамдан бири орундаса, калгандарынын орундоосу кажет болбогон амалдар. Мисалы, саламга жооп берүү, жаназа намазын окуу, өлүктүү жуу, каары болуу, сарф, нахв илимдерин окуу, вужух илимин үйрөнүү, жашоосуна керектүү болгондон артык диний жана дүнүйөлүк илимдерин үйрөнүү. 2. Важиб: Аткарылуусу парз сыяктуу айкын буйруктар. Бул буйруктардын Курани каримдеги далилдери парздыкындай ачык эмес. Булар күмөндүү, ачык болбогон далилдерге таянат. Витир намазын жана Айт намаздарын окуу, витир намазында Кунут дубасын окуу, алы-жагдайы болгондо курмандык чалуу, фитр-садака берүү, сажда аяты окулганда тилават саждасын кылуу важиб амалдарга жатат. Важибдин өкүмү парздыкындай. Важибди аткарбоо тахриман макрух. Бир нерсенин важиб экенине ишенбеген капыр болуп эсептелбейт. Бирок, аткарбаган адам Тозок азабына татыктуу болот. 3. Сүннөт: Аллаху таала ачык билдирбеген, бирок, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мактап, өзү туруктуу түрдө аткарган же башкалар жасап жатканда тоскоол болбогон нерселер сүннөт деп аталат. Сүннөттү жактырбоо куфур. Жактырып, бирок, аткарбаган адамга азап кылынбайт. Бирок, себепсиз эч аткарбаган адам күнөөлөнүүгө жана сооптон куру калууга татыктуу болот. Мисалы: азан айтуу, коомат келтирүү, жамаат менен намаз окуу, даарат алганда мисвак колдонуу, үйлөнгөн түнү тамак берүү (той берүү) жана уулун сүннөткө отургузуу. Сүннөттүн эки түрү бар: Суннати муаккада жана Суннати гайр-и муаккада. Суннати муаккада: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дайыма аткарган күчтүү сүннөттөр. Багымдат намазынын сүннөтү, бешим намазынын алгачкы жана акыркы сүннөтү, шам намазынын сүннөтү, куптан намазынын акыркы эки рекет сүннөтү мына ушундай. Багымдат намазынын сүннөтүн важиб деген аалымдар да бар. Буларды эч качан себепсиз аткарбоого болбойт. Жактырбаган адам капыр болот. Суннати гайр-и муаккада: Булар Пайгамбарыбыздын ибадат максаты менен кээде аткарган амалдары. Аср жана куптан намазынын төрт рекеттик алгачкы сүннөттөрү мына ушундай. Булар бир нече жолу орундалбаса, эч нерсе болбойт. Себепсиз түрдө таптакыр аткарылбаса, күнөөлөнүүгө дуушар болуп, шапааттан куру калууга себеп болот. Даарат алуу, тамак жеп ичүү жана ар бир пайдалуу ишти баштоонун астында "бисмиллах” деп айтуу сүннөт. Даарат алганда мисвак колдонуу да сүннөт. 4. Мустахаб: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өмүрүндө бир же эки жолу болсо да аткарган жана сүйгөн, жактырган нерселер. Мындай амалдарды аткаргандарга көп сооптор берилет, ал эми аткарбагандар азапка тартылбайт. Атүгүл, шапааттан да куру калбайт. Мисалы, нафил намаз окуу, нафил орозо кармоо, нафил ажылык, нафил садака берүү сыяктуу. 5. Мубах: Аткарылуусу буйрук кылынбаган, бирок, тыюу да салынбаган нерселер "мубах" деп аталат. Башкача айтканда, күнөө же ибадат эмес экендиги билдирилбеген иштер. Жакшы ниет менен аткарылуусунда сооп, жаман ниет менен аткарылуусунда азап бар. Уктоо, түрдүү халал тамак жеп-ичүү, түркүн халал кийим кийүү сыяктуу иштер мубах. Булар Исламга баш ийүү, буйруктарга жармашуу максаты менен орундалганда сооп болот. Ден-соолуктуу болуп, ибадат кылууга ниет кылып жеп-ичүү мына ушуга жатат.
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |