Илимден бир тамчы

37 views
Skip to first unread message

islamdini.kg

unread,
Jan 22, 2014, 2:38:36 AM1/22/14
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Намаз окуп жатканда күн чыкса

Суроо: Ислам Ахлагы китебинде: "Багымдат намазын окуп жатканда күн чыга баштаса бул намаз сахих болбойт. Асырды окуп жатканда күн батса бул намаз сахих болот” жана С. Эбедиййеде дагы: "Багымдат намазынын сыртында башка убакыттарда убакыт чыга электе ифтитах текбирин алган, Маликиде жана Шафииде болсо бир рекет окуган адам намазды убагында окуган болот” – деп айтылууда. Эмне үчүн багымдат намазынын сыртында деп айтылууда? Кечинде күн батканда асырдын убактысы чыкканына карабастан бул намаз сахих болууда. Бирок, таңда күн чыкканда багымдаттын дагы убактысы чыккан болсо да эмне себептен багымдат намазы сахих болбойт?

Жооп

Бул маселеде китептерде мындай деп билдирилген:

Өз каалоосу менен намаздан чыгуу Имам Азамдын өкүмү боюнча фарз. Имамейндин өкүмү боюнча фарз эмес, важиб. Бир адам намаздын соңунда ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин атайы намазга каршы бир иш кылса, мисалы; күлсө, сүйлөсө, жеп-ичсе намазы сахих болот, бирок, өзү каалабай даараты бузулса бул жагдайда Имам Азамдын өкүмүнө ылайык дароо даарат алып келип салам берип, өз каалоосу менен намаздан чыгуу керек. (Халеби)

Дааратты буза турган бир нерсе салам берүүдөн мурда болсо үч мазхабда тең намаз бузулат. Соңку ташаххудду окууну бүтүрбөй андан мурда болсо Ханафиде дагы бузулат. (И. Ахлагы)

Багымдант намазы күн чыга электе башталып, бирок, намаз бүтө электе күн чыкса намаз батыл болот. Эгер ташаххуддун убагынча убакыт отурган адамдын намазынын бул жагдайда батыл болуп же болбой тургандыгы тууралуу ихтилаф бар. (Мезахиб-и эрбаа)

Тартип ээси (намаз казасы жок адам) намаз окуп жатканда окубаган бир намазын эстеп калса же Имам Азамдын өкүмү боюнча багымдат намазын окуп жатканда күн чыкса же Жума намазын окуп жатканда асырдын убагы кирип калса; бул жагдайлар ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин же сахв саждасын кылып жатканда дагы болуп калса анда ал адамдын намазы батыл болот. Эгер бул имам болсо аркасындагы жамааттын дагы намазы батыл болот. (Фетава-и Хиндиййе) Имамейндин өкүмү боюнча ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин салли бариктерди окуп жатканда күн чыкса ал намаз сахих болот.

Даарат алып жатканда же намаз окуп жатканда үзүрү токтоп, кийинки экинчи убакыттын аягына чейин такыр келбесе, үзүрлүү кезинде алган дааратты кайра алат, намазды да кайра окуйт. Үзүрү намаз бүткөндөн кийин же ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин токтосо намазын кайра окубайт. (С. Эбедиййе)

Ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин дааратын бузса намазы толук болот. Ташаххуддун убагынча убакыт отургандан даараты өзү каалабай бузулса дароо даарат алып, важиб болгон саламды берсе же даарат албай намазды буза турган бир нерсе кылса мисалы; салам берсе, намазы толук болот. (С. Эбедиййе)

Намаздын рукундарын толуктагандан кийин [Аттахыййатуну окугандан кийин], өйдө туруу сыяктуу өз каалоосу менен намаздан чыгара турган бир нерсе кылган адамдын намазы сахих болот. (Редд-ул мухтар)

Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com
header.jpg

islamdini.kg

unread,
Jan 23, 2014, 12:17:32 AM1/23/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Намаз окуп жатканда күн чыкса (2)

Бир адам ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин атайы намазды буза турган бир нерсе кылса, кааласа даараты бузулгандан кийин болсун, намазы толук болот. Анткени, фарздар толук аткарылган болууда. Ооба, салам берүү важиб болгондуктан намаз кайта окулат. Намазды буза турган кыймыл-аракет атайы эмес, отуруудан мурда жүзөгө ашса, намаз иттифак менен бузулат. Отургандан кийин жүзөгө ашса, Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат. Имамейндин өкүмү боюнча болсо сахих болуп саналат. (Дурр-ул мухтар)

Багымдат намазында күн чыгышы менен, Жума намазында асырдын убагы кириши менен, намаздын ичинде үзүрлүүнүн үзүрү токтошу менен, жаранын айыгып, бинттин түшүшү менен, нажасат менен намаз окуган адамдын нажасатты кетире турчу нерсени ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин табуусу менен, каза намазы окуган адам үчүн макрух убакыттын кирүүсү менен пайда болгон жагдайлар Имам Азамдын өкүмү боюнча намазды бузат. Имамейндин өкүмү боюнча бузбайт. (Дурер ве гурер)

Намаздын аягында ташаххуддун убагынча убакыт отуруп, анан өз каалоосу менен намаздан чыккан адамдын намазы сахих болот. (Дурер ве гурер)

Ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин атайы үнүн чыгарып күлсө намазы толук болот. (Редд-ул мухтар)

Адамдардын бир бөлүгү кемеде жамаат менен намаз окуса, бир бөлүгү кеменин сыртында бул жамаатка уйса, ташаххуддан кийин салам бере электе кеме жүрсө кеменин сыртында имамга уйгандардын намазы Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат, Имамейндин өкүмү боюнча болсо бузулбайт. Багымдат намазынын фарзын окуп жатканда Аттхыййатуну окуп, салам бере электе күн чыкса Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат, Имамейндин өкүмү боюнча бузулбайт. (Таргиб-ус-салат)

Масбуктун имамы ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин үнүн чыгарып күлсө, имамдын жана масбук эместердин намаздары толук болот. Масбуктун намазы бузулат; анткени, намаздын рукундары толук болбой намаз бузулду. (Редд-ул мухтар)

Тартип ээси бир адам намазда турганда каза намазы бар экенин эстеп калса; ташаххуддун убагынча убакыт отурбай эстеген кезде намазы иттифак менен бузулат. Ташаххудун убагынча убакыт отуруп, салам берүүдөн мурда эстесе Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат, Имамейндин өкүмү боюнча бузулбайт. (Редд-ул мухтар)

Жыйынтык: Ханафи мазхабындагы үч имамга тең уйа алуу үчүн намаздын рукундарын толуктагандан кийин өз каалообуз менен намаздан чыгуубуз керек. Өзүбүз каалабай намаздан чыкпаган болсок Имамейндин кавлине ылайык намазыбыз дагы сахих болот. Маликини таклид кылгандардын өз каалоолору менен намаздан чыгуулары фарз болгондуктан Имам Азамдын кавлине уйуулары керек болот.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Jan 24, 2014, 12:46:21 AM1/24/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Дааратсыз намаз окуу

Суроо: Дааратсыз намаз окулабы?

Жооп

Албетте, окулбайт. Даарат - намаздын шарттарынын бири. Даараттын фарздары, сүннөттөрү, адептери жана тыюу салынган нерселери бар. Дааратсыз экенин билип туруп атайы зарылдыксыз намаз окуган адам капыр болот.

Даараты жок деп эсептөө

Суроо: Дааратым жок деген күмөндүн көп болушуна карабастан намаз окудум. Кийинчерээк дааратым анык бар болгонун эстедим. Даараттуу окуган бул намазым сахих болдубу?

Жооп

Дааратсыз экенин эсептеп, намаз окуп, анан даараты болгонун эстеген адамдын кайра намаз окуусу керек. Кыбыланы аныктабай, убакыттын киргенин билбей туруп дагы намазга турууга болбойт.

Дааратсыз окугандыгын эстеген адам

Суроо: Бешим намазын окуп бүткөндөн кийин дааратсыз экенимди эстедим. Кайра окуум керекпи?

Жооп

Ооба, кайра окуу керек. Намаздын убактысы чыккандан кийин эстесе анда казасын окуйт. Дааратым бар деген ой менен дааратсыз окулган намаз сахих болбойт; бирок, ниетине жараша көп сооп берилет. Таза деп ойлоп, нажис суу менен даарат алып окулган намаздын шартында кемчилик болгондуктан сахих болбосо дагы ниети үчүн сооп берилет. Шарттарына ылайык болгондугу үчүн сахих болгон бир намаз рия менен, башкалар көрсүн деп окулса сооп болбойт. (Эшбах)

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Jan 27, 2014, 12:33:47 AM1/27/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Намаз окуу кимдерге фарз?

Намаз окуу акыл-эси толгон жана балагатка кирген ар бир эркек жана аял мусулман үчүн фарз. Намаздын фарз болушу үчүн үч шарт зарыл:

1- Мусулман болуу.

2- Акыл-эси ордунда болуу.

3- Балагатка жетүү.

Динибизде акыл-эске толбогон жана жашы жетилбеген кичине балдар намаз окууга милдеттүү эмес. Бирок, ата-энелер балдарына диний маалыматтарды үйрөтүп, ибадат кылууга көндүрүүлөрү керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар! Чабан үйүрүн кандай коргосо, силер дагы үйүңөрдөгү жана кол астыңарда болгондорду Тозоктон коргошуңар керек! Аларга мусулманчылыкты үйрөтүшүңөр керек! Эгерде үйрөтпөсөңөр жооптуу болосунар».Башка бир хадиси шарифте:«Бардык наристелер мусулманчылыкка ылайык жана ийкемдүү болуп төрөлөт. Аларды кийин ата-энелери христиан, еврей жана динсиз кылат», - деп айтылган.

Демек, ар бир мусулмандын биринчи милдети балдарына Ислам динин жана Курани карим окуганды, намаз окуганды, ыймандын жана Исламдын шарттарын үйрөтүүсү керек. Баласынын мусулман болушун каалаган жана бул дүйнө менен тиги дүйнөдө тынч жашоого умтулган ата-энелер, адегенде, бул милдетин аткарыш керек. Себеби, ата-бабаларыбыз: «Тал жаш кезинде ийилет», -деп айтышкан. Жашы өткөндөн кийин ийемин деп аракет кыла турган болсоң сынып кетиши мүмкүн, зыяны тийет.

Ислам маалыматтары жана Ислам адеп-ахлагын үйрөнбөгөн бала жаман жолдо болгондорго бат алданат. Ата-энесине, мамлекетине жана элине зыяндуу болот.

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Jan 28, 2014, 2:00:09 AM1/28/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ооз ачарда

Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек?

Жооп

Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал - тазалоочу.” [И. Маже]

Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй:

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен, ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу.” [Тирмизи]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт менен дагы аччу.” [Даре Кутни]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу.” [Абу Йа’ла]

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Jan 29, 2014, 12:44:49 AM1/29/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ифтар дубалары

Суроо: Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай дуба кылышыбыз керек?

Жооп

Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф:

"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” [Ибни Маже]

"Орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт.” [Тирмизи]

"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт.” [Бейхеки]

Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп "Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси:

"Эй, кечирими кенен болгон Аллахым! Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!”

Бираз жеп-ичкенден кийин: "Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана тамак башталат. Кыскача мааниси: "Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна да жеттик.” [Ибни Маже]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба кылчу:

"Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака антас-самиул алим.” [Мааниси: "Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл кыл! Албетте,сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың.”] (Абу Давуд)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде ифтар кылганда да мындай дуба кылчу:

"Дасторконуңарда орозо кармагандар ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн истигфар кылсын!” [И. Ахмед]

header.jpg

islamdini.kg

unread,
Jan 30, 2014, 12:12:23 AM1/30/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Тагдырга ишенүү

Ишенүүгө тийиштүү алты нерсенин алтынчысы -  тагдырга, жамандык менен жакшылыктын Аллаху тааладан экендигине ишенүү. Адамдарга келе турган жакшылык жана жамандык, пайда жана зыяндын баары Жараткандын жазуусу менен жүзөгө ашат.

Тагдыр: сөздүк мааниси "көп нерсени өлчөө”, "өкүм” жана "буйрук”, "чоңдук”, "көптүк” болуп эсептелет. Аллаху тааланын бир нерсенин болуусун эзелтеден каалоосу "тагдыр” деп аталат.

Каза – тагдырдын, б.а., "бар болсун” деп каалаган нерсенин бар болуусу. "Каза” жана "тагдыр” сөздөрү бири-биринин ордуна колдолуна берет. Демек, "каза” деген сөз эзелден чексиз акырына чейинки жаратыла турган нерселерди Аллаху тааланын эзелден  каалап коюусу. Ушул нерселердин баарын казага ылайык түрдө жаратылышы "тагдыр” деп аталат. Аллаху таала боло турган нерселердин баарын эзелден билет. Ушул илими "Каза жана тагдыр” деп аталат.

header.jpg
Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages