islamd...@gmail.com |
Ахли сүннөт акыйдасы (ишеними) (3) Жогорудагы хадисте айтылгандай, адамдар ыймандуу жана ыймансыз болуп экиге бөлүнөт. Ыймандуу болгон мусулмандар дагы хак жолдогу ахли сүннөт мазхабынан жана адашкан бидат жолдордон турат. Булардан ахли сүннөт мазхабында болбогондордун, башкача айтканда, мазхабсыз адамдардын адашкан жана ыйманынан айрылган адам экени маалым болот. Ар бир мусулмандын ыйман келтирүүгө тийиш болгон нерселерди ахли сүннөт аалымдары кандай билдирген болсо, ушундай үйрөнүп, анын негизинде ишенүүсү, башкача айтканда, ыйман келтирүүсү шарт. Жогоруда билдирилгендерге кыскача ыйман келтирген адам момун, ыймандуу болот. Бир гана ыймандуулуктун себептерин үйрөнбөгөндүгү, издебегендиги күнөө болот. Ыйманга байланыштуу өкүмдөрдү себептери менен үйрөнүү буюрулган. Аткарылуусу жана колдонулбоосу тийиш болгон өкүмдөрдүн далилдерин, себептерин изилдөө буйрук кылынган жок. Башкача айтканда, амалдарга байланыштуу өкүмдөрдүн себептерин билбөө күнөө эмес. Чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетпейт. Харам нерсеге халал десе ыйманы кетет. Күнөөлөр чоң жана кичине болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөөлөрдүн башында бул жети күнөө турат: 1. Бир нерсени Аллахка шерик кылуу (ширк). Ширк – куфурдун эң жаманы. 2. Бир адамды же өзүн-өзү өлтүрүү. 3. Сыйкыр кылуу. 4. Жетимдин мал-мүлкүн жеш. 5. Пайыз алып берүү. 6. Согушта душмандан качуу. 7. Таза аялдарга намыссыз деп жалаа жабуу. Каалаган бир күнөө чоң күнөөлөр катарында болуп калуусу да ыктымал. Ошол себептен улам алардын баарынан узак туруу керек. Кичине күнөөнү дайым кыла берсе чоң күнөө болот. Чоң күнөө тообо кылган кезде кечирилет. Адам тообо кылбай кайтыш болсо, Аллаху таала кааласа шапаат аркылуу же шапаатсыз да кечирет. Кечирилбесе адам Тозокко кетет. "Зуннар” деп аталган поптордун белге байлаган жипти, крест жана ошого окшогон куфурлук белгилерин колдонуу, буттарга урмат көрсөтүү, дин китептерине урматсыздык кылуу, дин аалымдарын мазактоо, куфурга себеп болгон бир сөз айтуу, кыскасы, Ислам дини боюнча урмат көрсөтүү керек болгон нерселерди кордоо, тескерисинче урматтоого тыюу салынган нерселерди урматтоо куфур болуп саналат. Булардын баары Ислам динине ишенбөөнүн, ага болгон каршылыктын белгилери болуп саналат. Аллаху таала тообо кылган адамдарды жакшы көрөт. Аларды кечирет. Анан ал кайра ошол күнөөнү кылса, тообосу бузулбайт. Экинчи жолу тообо кылуусу керек болот. Тообо кылган адам бир күнөөсү эсине түшкөндө, ошол күнөөнү кылгандыгына кубанса кайрадан тообо кылышы керек. Акысы калган адамдардын акысын берүү, ушактаган адамынан кечирим суроо, анын ыраазычылыгын алуу, кылбаган фарздарынын казасын орундоо – фарз. Булар тообонун шарттары болуп саналат. Бир тыйынды өз ээсине кайтаруу миң жыл нафил ибадат кылгандан жана жетимиш нафил ажылыктан артык. Күнөө кылгандан кийин: "Бул күнөөнү кайра жасап койсом биринчи тообом бузулат”, - деген ой менен тообо кылууну кечиктирүү туура эмес. Бул шайтандын васвасасы жана жахилдик (сабатсыздык) болот. Ар бир күнөөнү кылгандан кийин дароо тообо кылуу керек. Тообону бир саат кечиктирүү күнөөнү эки эсеге көбөйтөт. Мындан белгилүү болуп жаткандай, казага калган намаздардын күнөөсү ар бир намаз маалы өткөн сайын эки эсеге көбөйө берет.
"Тообо кылдым”, - дегени менен тообо кылынды деп эсептелбей. Тообонун кабыл болуусу үчүн үч шартты орундоо керек: 1. Дароо күнөө ишти токтотуу. 2. Күнөө кылганына Аллахтан коркуп, уялуу жана өкүнүү. 3. Бул күнөөнү кайра кылбайм деп чын жүрөктөн сөз берүү. Аллаху таала шарттарына ылайык кылынган тообону кабыл кыла тургандыгына сөз берген. (Кул акысы бар күнөөнүн тообосу үчүн акысы бар адамдын кечирүүсү керек)… |
www.islamdini.kg |